Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январы № 45
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
21-ноябрындагы № 805 «2025-жылга чейинки мезгилге
Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын аймагында шаар куруу ишик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Бишкек шаарынын башкы планын жана тиешелүү шаар куруу документтерин ишке ашыруу процессинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 20-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 «2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы «2025-жылга чейинки» деген сөздөр «2025-жылдын 31-декабрына чейинки» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
1) Бишкек шаарынын мэриясына шаар куруу документтерин иштеп чыгууга жана долбоордук иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жана лицензияларды тариздөөдө көмөк көрсөтсүн;
2) Бишкек шаарынын мэриясына шаар куруу функциясын жүзөгө ашырууда методикалык, уюштуруучулук, консультациялык көмөк көрсөтсүн;
3) архитектура, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен адамдардын барган күнүн, убактысын, ошондой эле тизмесин алдын ала макулдашуу шартында Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура аймактык органында сакталган архивдик материалдарга Бишкек шаарынын мэриясынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын;
4) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |