Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-декабры № 824
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу
консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары институтунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын шайлоо органдарына шайланбаган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызматчысы болуп саналбагандар;";
- 1.4-пункттун үчүнчү абзацы, 2.1-пункттун жетинчи, он биринчи, он экинчи абзацтары, 4.4-пункт, VIII, IX главалар, 14.2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1.41, 1.42-пункттар менен толукталсын:
"1.41 Ардактуу консул Кыргыз Республикасы менен өзү турган өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү катышат:
- инвестициялык форумдарды уюштуруу, ишкердик миссияларын өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына чет өлкөлүк инвесторлорду тартат;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына келишимдерди түзүүгө, соода каналдарын жана логистиканы өнүктүрүүгө, өзү турган өлкөдө ишкер өнөктөштөрдү издөөгө, соода жана инвестициялык тоскоолдуктарды жеңүүгө, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт;
- өзү турган өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзөт жана даярдайт, алардын Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин болжолдойт;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына өзү турган өлкөдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат жана консультация берет.
1.42 Ардактуу консул өзүнүн милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун иши жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн расмий интернет-баракчага же веб-сайтка ээ болушу керек. Расмий интернет-баракча же веб-сайт аркылуу мамлекеттик жана расмий тилдерде байланыш маалыматтары, иштөө режими, ардактуу консул өткөргөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар, анын ишине байланыштуу расмий билдирүүлөр жана жаңылыктар, ошондой эле экономика, бажы, паспорттук-визалык саясат, чек ара жана башка маселелер (өзү турган/аккредитацияланган өлкөнүн) жаатындагы маалыматтык-аналитикалык жана мыйзамдык база берилет. Көрсөтүлгөн веб-сайттын мазмунун жалпы координациялоо, анын ичинде маалыматтын актуалдуулугун жана шайкештигин камсыздоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 1.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ардактуу консул жыл сайын алдыдагы календардык жылга Иш-чаралар планын иштеп чыгат, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана өзү турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен оз ара аракеттенүү менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылат. Бекитилген Иш-чаралар планын натыйжалуу аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, алар жок учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлөт.";
- 2.1-пунктта:
бешинчи, алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- тапшырылган консулдук функцияларды жана зарыл болгон учурда, анын ичинде ардактуу консулдун кеңсесинин ишине тартылган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин жана башка жумушчуларын каржылоо боюнча функцияларды кынтыксыз аткарууга даярдыгын ырастаган, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү милдеттенме, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акы же башка сыйлык алуудан баш тартуу;
- паспорттордун бардык түрлөрүнүн түстүү көчүрмөсү (бардык беттери жөнөтүлөт);";
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзү турган мамлекеттин мамлекеттик органынан ардактуу консул кылып дайындоого сунушталган адамдын бийик моралдык принциптеринин жана кадыр-баркынын болушу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен пикир-сунуштама;";
- 2.2-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн ардактуу консулдун кеңсесине Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери жана башка жумушчулары жөнөтүлүшү мүмкүн. Ардактуу консул бул функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, материалдык-техникалык базаны камсыздоо жана күндөлүк чыгымдарды каржылоо үчүн жооптуу.
Ардактуу консулдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алардын консулдук иши жөнүндө маалыматты кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктарын кийин ар бир беш жылдык мезгилдерге узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылдан ашпоого тийиш.";
- 2.7-пункттагы ", кассаны" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5 Ардактуу консул зарыл болгон консулдук реквизиттерге ээ болууга тийиш.";
- 5.1, 5.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен, мындай жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча, эгерде бул өзү турган мамлекеттин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде тыюу салынбаса, анын консулдук округунда жүргөн ата-эненин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарына камкордук жана көзөмөлдүк белгилөөдө компетенттүү органдарга көмөк көрсөтөт жана ар тараптуу жардам көрсөтөт, ошондой эле алардын жеке жана мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.
5.2 Ардактуу консул эгерде бул өзү турган мамлекеттин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде тыюу салынбаса, аракетке жөндөмсүз же жарым-жартылай аракетке жөндөмсүз Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандарына, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу өз укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаган жана милдеттерин аткара албаган аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жарандарына камкордук же көзөмөлчүлүк белгилөөдө компетенттүү органдарга көмөк көрсөтөт жана ар тараптуу жардам көрсөтөт.";
- XIV главанын аталышында "финансылык" деген сөз алып салынсын;
- 14.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14.1 Ардактуу консул өзү түздөн-түз жетекчилиги астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жылына эки жолу туруктуу негизде (6 айдан кийин жана 12 айдан кийин) консулдук иш тууралуу маалыматтарды берип турат.
Берилген маалымат Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун бекитилген Иш-чаралар планына ылайык төмөнкүлөргө байланышкан маалыматтарды камтууга тийиш: консулдук округда турган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жардам көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары бузулган учурлар тууралуу (кармоо, камакка алуу, эмгек укуктарынын бузулушу жана башка окуялар), Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өзү турган мамлекеттин бийлик органдары, бизнес коомдоштуктары, коомдук уюмдары менен болгон жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана өз ара аракеттенүүлөр, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчеттор, өзү турган өлкөдө иш жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына же юридикалык жактарга таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзү турган мамлекеттин мыйзамдарындагы жаңылоолорго жана өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүлөргө, маданий, билим берүү жана гуманитардык иш-чаралар, консулдук округга келген Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба кемелеринин экипаждары тууралуу маалыматтар.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жарым жылдык жана жылдык отчетунда ардактуу консулдун иши тууралуу отчет берет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |