Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 10-февралы № 86-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» № 82-чуа буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» (мындан ары – Мамкурулуш) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13, 14-пункттар менен толукталсын:
«
№ | Лицензиат | Лицензия берген чет мамлекет | Лицензия берген чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы | Иштин түрү | Лицензиянын номери, берилген күнү |
12 | «Чайна Рэйлвей Интернэшнл» (China Railway International Co., Ltd.) ЖЧКсы | Кытай Эл Республикасы | Муниципальное бюро по надзору за рынком и администрирования Пекина | Шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери | Бирдиктүү коомдук кредиттик коду 9111000071784557XG 2024-жылдын 1-ноябры |
13 | «Чайна ВТР Интернэшнл Дизайн компани» ЖЧКсы | Кытай Эл Республикасы | Чэнду шаарынын Цзиньцзян районунун башкаруу жана бекитүү бюросу 3101040061112 | Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери | Социалдык кредиттөөнүн бирдиктүү коду 91510000667428320U 2021-жылдын 17-августу |
14 | «Кэчжоу Куйюань Строительство» ЖЧКсы | Кытай Эл Республикасы | Кызылсу-Кыргыз автоном округунун базарын жөнгө салуу башкармалыгы 6530010007802 | Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери | Бирдиктүү коомдук кредиттик коду 91653022MA7789Q34Q 2024-жылдын 1-августу |
2. Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.К. Станбековго:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин;
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
| Н.К. Орунтаев |