Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 5-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан финансылык отчеттуулук ырасталгандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 28-майындагы № 90 конституциялык Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 31-майы, № 41) күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |