Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 22-январы № 49
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ыратуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Авиациялык коопсуздук. 17-КРАЭ” авиациялык эрежелерине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 69-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү маанидеги жаңы редакция менен баяндалсын:
«2) бир дагы адам же транспорт каражаты анын ичинде жүргүнчү болуп саналбаган адам, жүргүнчү, экипаждын мүчөсү, ошондой эле алар алып жүрүүчү/ташыган бардык буюмдар көзөмөлдөнүүчү, стерилдүү аймакка жана чектөө коюлган кайтарылуучу аймакка өткөрмөсү жок же жазуу түрүндө берилген уруксаты жок кирбейт же өткөрүлбөйт.
Бардык адамдар, буюмдар жана транспорт каражаттары чектөө коюлган кайтарылуучу аймакка кирүү алдында, коопсуздук үчүн, бул эрежелерде айтылган кызмат адамдардан жана буюмдардан башкалары текшерүүдөн өтүшөт;»
2) 76-пункттагы «Кирүү мындай зоналарга өтүү үчүн кызматтык зарылчылыгы же башка негиздери бар адамдарга» деген сөздөрдөн кийин “транспорттук каражаттарга” деген сөз менен толукталсын;
3) 85-пункттагы “Өткөрмөлөрдө цифралык же тамгалык же түстүк кодировкалоонун жардамы менен” деген сөздөрдөн кийин “ал жак” деген сөздөр “ошол адамга жана транспорттук каражатка” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 104-пункттагы “мамлекеттик органдардын” сөздөрүнөн кийин “жарандык авиация уюмдардын” деген сөздөр менен толукталсын;
5) 135-пункттагы "аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы аны кылдат текшерет." деген сөздөр “аэропорттун жетекчиси дайындаган кызмат тарабынан кылдат текшерилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 15-бөлүмдү 248¹-пункт менен толуктап жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«248¹. Аба кемелеринин эксплуатанты, аэропорттун эксплуатанты жана жарандык авиация органы тарабынан тастыкталган жердеги тейлөө боюнча уюм, жүктөрдү жана почтаны жеткирүүнүн корголгон жана коопсуз чынжырынын процессин камсыз кылышат. Бул туралы толук маалымат жарандык авиация органы менен макулдашылган уюмдардын авиациялык коопсуздук программаларында баяндалган.»
7)168-пункттагы “алдын ала координацияланат.” сөздөрүнөн кийин төмөнкү маанидеги сүйлөм менен толукталсын:
«Аба кемелеринин эксплуатанттары көздөгөн аэропортту, транзиттик аэропортту (эгерде ыйгарым укуктуу куралдуу кызматкердин учуу маршруту башка аэропортторго которууну караштырса) аба кемесинин бортунда курал бар экендиги жөнүндө кабардар кылуу үчүн чараларды көрүшөт.”;
8) 185-пункттагы “учуп бара жаткан жүргүнчүлөргө” деген сөздөрүнөн кийин “экипаж мүчөлөрүнө” деген сөздөрү менен толукталсын;
9) 209-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
“209. Жарандык авиация уюмдары, анын ичинде аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери, аэропорттор, аба кемелеринин эксплуатанттары жана жарандык авиацияны телөөчү башка уюмдар, ички тобокелдиктеди балоонун негизинде, КМАСтарды коргоо үчүн кеминде бир же төмөнкүдөй чаралардын айкалышын пайдалануу менен акылга сыярлык чараларды киргизишет:
10) 213-пунктагы “ички балоону” деген сөздөн кийин “коркунучтарды жана тобокелдиктерди” деген сөздөрү менен толукталсын;
11) 355-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Транспорттук каражаттарды кароо боюнча авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине өз алдынча иштөөгө уруксат жарандык авиация органы тарабынан берилет.»;
12) 425-пункттагы “башка” деген сөз “кайсыл бир” деген сөзгө алмаштырылсын;
13)444-пункт 5-пунктча менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5) Эл аралык жарандык авиация уюмуна».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык коопсуздук бөлүмүнө:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү аткарууга кабыл алынсын, ошондой эле сапатты көзөмөлдөө боюнча программаларга жана даярдоо программаларына, авиациялык коопсуздук даярдоо программаларына зарыл болгон толуктоолорду киргизишсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т.Төлөгөновго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) жарыяланды
Директордун муа |
| Д.К. Бостонов |