Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-февралы № 79
Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер
участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө
Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан суу фондунун жер участокторун натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-статьясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-статьясына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына калктын тиричилик, ден соолукту чыңдоо жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталуучу башка муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу курулмаларды көрктөндүрүү, күтүү, куруу жана эксплуатациялоо үчүн төмөнкү участоктор жана суу коргоо зоналары 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берилсин:
- Ала-Арча суусу - Семетей көчөсүнөн У.Жапаров көчөсүнө чейин;
- Аламүдүн суусу - жогорку Көк-Жар көчөсүнөн түндүк айланма жолуна чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын балансынан төмөнкү участоктор жана суу коргоо зоналары калктын тиричилик, ден соолукту чыңдоо жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталуучу башка муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу курулмаларды көрктөндүрүү, күтүү, куруу жана эксплуатациялоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга белгиленген тартипте өткөрүп берилсин:
- Чыгыш Чоң Чүй каналы - Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Түштүк Чоң Чүй каналы - Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Чоң Чүй каналы - Курманжан Датка көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейин;
- Кичи Чүй каналы - Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн суу объекттеринин жер участокторун (мындан ары - суу объекттеринин жер участоктору) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тартипте ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө ыйгарым укук берилсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- суу объекттеринин жер участокторун пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер, суу, шаар куруу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына гана ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш деп;
- Бишкек шаарынын мэриясы суу объекттеринин жер участокторунда максаттуу багытын бузуу менен, зарыл болгон уруксат берүү документтерин албастан, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен курулган объекттерди аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт деп.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. Бишкек шаарынын мэриясына мамлекеттик менчикте турган, Бишкек шаарынын мэриясына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын бекитүү боюнча.".
6. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча):
- суу объекттеринин жер участокторун 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга белгиленген тартипте кабыл алсын:
- суу объекттеринин жер участокторун убактылуу пайдалануу укугун каттасын;
- суу объекттеринин жер участокторун көрктөндүрүүнү, күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзсүн;
- суу объекттеринин жер участокторунда максаттуу багытын бузуу менен, зарыл болгон уруксат берүү документтерин албастан, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен курулган объекттер аныкталган учурда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Бишкек шаарынын мэриясына суу объекттеринин жер участокторунун бардык болгон документтерин өткөрүп берсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 615 "Бишкек шаарынын чектериндеги суулардын жана каналдардын участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |