Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдары үчүн пробалардын түрлөрүн, пробалардын минималдуу маанилеринин өлчөмдөрүн жана Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамга салуу тартибин белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар - баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган, белгиленген минималдык пробадан төмөн эмес пробасы болгон, анын ичинде декоративдик иштетүүнүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен, асыл таштардан, табигый же жасалма тектеги башка материалдардан чөгөрүлгөн же аларсыз (эмиссиядан өткөн тыйындарды жана статусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо) жасалга, тиричилик предмети же табынуу жөрөлгөлөрүн жана каада-салттарды аткаруу үчүн предмети катары колдонулуучу буюмдар, ошондой эле юбилейлик жана эстелик медалдар жана белгилер, баалуу металлдардан жасалган тыйындар;
2) проба - баалуу металлдын эритмесинин 1 (бир) миңдик массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн саны;
3) мамлекеттик пробалык эн тамга - баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга коюлуучу жана мындай буюмда камтылган баалуу металлдын пробасын күбөлөндүрүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үлгүдөгү белги;
4) баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: чийки заттагы, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, зер жана башка буюмдардагы, сыныктардагы жана калдыктардагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий);
5) асыл таштар - табигый алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер, александриттер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет жана белгиленген критерийлерге ылайык өзгөчө янтардык түзүлүштөр;
6) баалуу металлдын эритмеси - жок дегенде бири баалуу болуп саналган, эки же бир нече металлды эритүү менен алынган бир өңчөй катуу аралашма;
7) баалуу металлдарга экспертиза жүргүзүү - баалуу металлдардын сапаттык жана (же) сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
8) асыл таштарга экспертиза жүргүзүү (идентификациялоо) - белгиленген классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
9) баалуу металл менен каптоо (плакировкалоо) - баалуу металлдан жасалган бүтүндөй буюмга же анын бөлүгүнө химиялык, электрохимиялык, механикалык же башка физикалык ыкма менен жалатылган баалуу металлдын же баалуу металлдын эритмесинин катмары;
10) пробалоо - зер жана башка буюмдарда баалуу металлдардын эритмесинин пробасын аныктоо же тастыктоо;
11) эн тамгасын басуу - баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга механикалык, лазердик жана электручкун методдору менен мамлекеттик пробалоо эн тамгасынын изин түшүрүү;
12) күбөлүк белгиси (литер "А") - зер жана башка буюмдарга эн тамгасын басууда негизги пробалык эн тамгасы (литер "Б") (зер жана башка буюмдардын пробасын, анык пробалык эн тамгасын (литер "Б") тастыктоодо) жана (же) алардын бөлүктөрүнүн негизинде негизги пробалык эн тамгасын (литер "Д") басууга мүмкүн болбогон тиешелүү пробадагы зер жана башка буюмдарга эн тамгасын басууда кошумча пробалык эн тамгасы (литер "Д") менен айкаштырууда колдонулуучу пробалык эн тамгасы;
13) негизги пробалык эн тамгасы (литер "Б") - зер жана башка буюмдарга басууда өз алдынча мааниси бар пробалык эн тамгасы;
14) кошумча пробалык эн тамгасы (литер "Д") - зер жана башка буюмдарга эн тамга басууда өз алдынча же пробалык эн тамгасынын бири менен айкаштырып колдонулуучу пробалык эн тамгасы;
15) зер буюмдарын өндүрүүчүлөр - баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
16) энчилүү белги - изи даярдоочу тарабынан өзү даярдаган бардык баалуу металлдардан зер жана тиричилик буюмдарына коюлуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жана шифрленген түрдө анын даярдоочусу жөнүндө маалыматты камтыган атайын белги;
17) талдоо - буюмдар даярдалган баалуу металлдардын жана алардын куймаларынын химиялык курамын, анын ичинде бул буюмдун бүлүнүүсү каралуучу методдорду колдонуу аркылуу аныктоо;
18) каңдооч - даярдалган бөлүктөрдү бириктирүү үчүн каңдоодо колдонулган жана эрүү температурасы бириктирилип жаткан металлдардыкынан төмөн болгон металл же эритме.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын сактоочусу жана пайдалануучусу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасында жасалган жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөрдөн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сатуу үчүн ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген пробаларга ылайык келүүгө жана ушул Жобонун тиркемесинде каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасы басылууга тийиш.
ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн сатуу үчүн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна товарлардын жайгаштырылгандыгын тастыктаган тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пробалоого, талдоого жана эн тамгасын басууга тапшырылат.
Тергөө иш-чараларынан кийин кайтарып берилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар мамлекеттик контролго алынууга, проба коюлууга жана эн тамга басылууга тийиш.
Пробалоо жана эн тамга басуу үчүн пробалык жыйымдын бекитилген ставкаларына ылайык өлчөмдө пробалык төлөм алынат.
41. Кыргыз Республикасынын аймагынан аталган товарларды кийин экспорттоо шарты менен баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды импорттоодо, импорттоочу төмөнкү шарттарды сактаса, эн тамгасын басуу жол-жобосун жүргүзүү талап кылынбайт:
– Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген КНС шарттуу эсептөө режими колдонулганда;
– пробалык жыйым төлөгөндүгү жөнүндө квитанция болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоого, талдоого жана эн тамга басууга кабыл алуу өтүнмөнүн (арыздын) жана алардын келип чыгышын ырастаган документтердин негизинде ишке ашырылат.
6. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарын пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга басуу, пробалык жыйым алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. ЕАЭБдин бажы аймагына ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоого жана эн тамга басууга кабыл алуу, мындай ташып киргизүүнү ишке ашырган жак тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды чыгаруу жана мамлекеттик контролдон өткөндүгүн ырастоочу тийиштүү документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
Мамлекеттик контролдоо актысы электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
8. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар даярдалган эритмелердин баалуулугу, баалуу металлдар эритмесинин 1 миң массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн санын көрсөтүүчү проба менен аныкталат.
9. Кыргыз Республикасында зер жана башка буюмдар үчүн баалуу металлдардын төмөнкүдөй пробалары белгиленген:
1) платинадан:
950 (тогуз жүз элүүнчү);
900 (тогуз жүзүнчү);
850 (сегиз жүз элүүнчү);
585 (беш жүз сексен бешинчи);
2) алтындан:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу);
958 (тогуз жүз элүү сегизинчи);
916 (тогуз жүз он алтынчы);
875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи);
750 (жети жүз элүүнчү);
585 (беш жүз сексен бешинчи);
583 (беш жүз сексен үчүнчү);
500 (беш жүзүнчү);
375 (үч жүз жетимиш бешинчи);
333 (үч жүз отуз үчүнчү);
3) күмүштөн:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу);
960 (тогуз жүз алтымышынчы);
925 (тогуз жүз жыйырма бешинчи);
875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи);
830 (сегиз жүз отузунчу);
800 (сегиз жүзүнчү);
750 (жети жүз элүүнчү);
4) палладийден:
850 (сегиз жүз элүүнчү);
500 (беш жүзүнчү).
10. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар үчүн мындай буюмда көрсөтүлгөн белгиленген пробадан терс четтөөгө жол берилбейт, буга жеке жактардын заказы боюнча 583 пробадагы алтындан жасалган буюмдарды аларга таандык алтын буюмдардан даярдоо кирбейт.
11. Баалуу металлдардан жасалган буюмдарды каңдоодо колдонулуучу каңдооч баалуу металлдардан жасалган буюмдардын эритмелери сыяктуу ошол эле баалуу металлдардын негизинде даярдалууга тийиш.
Платинадан, палладийден, алтындан жасалган зер жана башка буюмдар үчүн каңдооч буюмдардын негизги эритмесинин пробасындай болууга тийиш.
Платинадан жана палладийден жасалган зер жана башка буюмдарда ак алтындын 585 жана 750 пробадагы каңдоочтун болушуна жол берилет. Күмүштөн жасалган зер жана башка буюмдар үчүн каңдооч 650-пробадан төмөн болбошу керек.
Станок-автоматтарда жасалган чынжырча, билерик жана кольени каңдоо үчүн аталган буюмдардын белгиленген пробасы камсыздалган шартта баалуу металлдар камтылбаган атайын каңдоочту пайдаланууга жол берилет.
12. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарда баалуу эмес металлдарды камтыган бөлүктөрү болбоого тийиш, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) автокалем саптын, автокалемдин, зажигалканын механизмдери жана ушуга окшош механизмдер;
2) сааттардын, саатты жүргүзүү механизмдери;
3) бычак мизи, штопорлордун бурама бөлүктөрү жана ашкана приборлору, дүрмөтсүз куралдын ушундай бөлүктөрү ж.б.;
4) пружиналар, пружиналык өзөк;
5) кулпулардагы магнит;
6) шарнирлердин октору, ар кандай бекиткичтердин төөнөгүчтөрү, бурамалар, оймолонгон бириктиргичтер, зым каркастар ж.б.;
7) брошь, галстук кычкачтары, төш белгилер жана ушул сыяктуу буюмдар үчүн төөнөгүчтөр;
8) белгилер, төш белгилер жана башка ушул сыяктуу буюмдар үчүн ажыратылуучу бекиткичтер.
13. Баалуу жана баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөрдүн айкалышын билдирген зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу үчүн берилген учурда, эгерде көрсөтүлгөн буюмдарды даярдоо техникалык шарттарда каралса же мындай зер жана башка буюмдардын бөлүктөрү техникалык себептер боюнча баалуу металлдардан даярдалышы мүмкүн болбосо, мындай зер жана башка буюмдарда "металл" белгиси (жазуусу) же ушул сыяктуу белги ("мет.", "нерж.", "steel" ж.б.) же болбосо алар баалуу эмес металлдан жасалгандыгын көрсөтүүчү атайын белги, алар мындай зер жана башка буюмдарды даярдоочу же импорттоочу тарабынан баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөргө жазылат.
Баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөрүндө "металл" деген белги (жазуу) болбогон учурда, мындай буюмдар эн тамгасын басууга жатпайт.
Зер жана башка буюмдарды күчөтүү, оорлотуу, туруктуулугун жакшыртуу же көңдөйлөрүн толтуруу максатында зер жана башка буюмдарда баалуу эмес металлдарды жана башка материалдарды колдонууга жол берилбейт.
14. Негизги эритмеси боюнча эн тамгасын басуу шартында бир баалуу металлдын эритмесинен жасалган буюмдарды башка баалуу металл менен каптоого (плакировкалоого) жол берилет.
15. Баалуу металлдардан зер жана башка буюмдарды жасаган менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке ишкерлер өндүрүүчү тарабынан бардык буюмдарда изи түшүрүлүүчү энчилүү белгиге ээ болууга тийиш.
Өндүрүүчүлөрдүн энчилүү белгисин эсепке алууну (реестрин) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган өндүрүүчүнүн энчилүү белгисин пайдаланууга тыюу салынат.
16. Ыйгарым укуктуу органда төмөнкүлөргө эн тамгасы басылбайт:
1) пробасы ушул Жободо белгиленген минималдык маанилерден төмөн болгон баалуу металлдардын эритмелеринен жасалган буюмдарга;
2) бүтпөгөн, чогултулбаган (кандайдыр бир бөлүктөрү болбогон) түрдөгү буюмдарга;
3) баалуу металлдардан жарым фабрикаттар жана куймаларга;
4) баалуу чулу металлдар, анын ичинде баалуу металлдардан жасалган зер жана тиричилик буюмдарда жасалга катары (чөгөрүү, чегелөө жана асма) пайдаланылгандар;
5) кагаздай жука баалуу металлдар;
6) жүгүртүүдөн алынгандарды кошкондо, эмиссиядан өткөн баалуу металлдардан тыйындар;
7) мамлекеттик сыйлыктар;
8) баалуу металлдар капталган баалуу эмес металлдардан жасалган буюмдар;
9) автокалем саптар үчүн баалуу металлдардан канаттар;
10) тарыхый же археологиялык мааниге ээ болгон баалуу металлдардан жасалган буюмдар, ошондой эле орден, медалдар;
11) куралдарда, вазаларда, табактарда, шкатулкаларда, диний табынуу буюмдарындагы алтындан жана күмүштөн майда кертиктер (инкрустациялар);
12) алтын тиш протездөө дисктери;
13) баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган жана илимий, өндүрүштүк, медициналык, стоматологиялык, ветеринардык жана башка атайын максаттар үчүн арналган приборлор, лабораториялык идиштер жана башка буюмдар.
2-глава. Эн тамгасын басуу үчүн арналган баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарына негизги талаптар
17. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан сунушталган баалуу металлдардан жасалган жаңы жана реставрацияланган буюмдардын негизги бөлүгүндө энчилүү белгинин даана изи болууга тийиш.
Зер буюмдарынын негизги бөлүгү болуп буюмдун арналышын аныктаган, мисалы сөйкөлөрдө - швенза, шакектерде - шинка ж.б. эсептелет.
Энчилүү белгинин издери өндүрүүчү тарабынан коюлат.
Пробалык эн тамгасынын изи буюмду өндүрүүчүнүн энчилүү белгисинин изинин оң жагына коюлат.
18. Эн тамгасын басуу үчүн сунушталган буюмдар кургатылууга, шилендилерден, кирден, майлуу тактардан кылдат тазаланууга, ошондой эле ысытылып иштетилүүгө тийиш.
Баалуу металлдардан жасалган буюмдар өндүрүүчүлөр тарабынан эн тамгасын басуу үчүн бардык бөлүктөрү кураштырылып бүткөрүлгөн түрүндө гана тапшырылууга милдеттүү. Буюмга кураштырылган түрүндө эн тамгасын басууга мүмкүн болбогон учурда, өндүрүүчүгө буюмга эн тамгасын басуу үчүн бардык бөлүктөрү бар, бөлүктөргө ажыратылган түрүндө тапшырууга уруксат берилет.
19. Пробалык эн тамгасын басуу үчүн арналган аянтча эн тамгасынын ачык жана рельефтүү изин алуу максатында кылдат (жылмаланып) даярдалууга тийиш.
20. Пробалык эн тамгасынын жана энчилүү белгинин издери аяккы жасалгалоо учурунда майышып бузулууга дуушар болбошу керек.
Пробалык эн тамгасынын издери жылмаланып жана майышып калган учурда кайра эн тамгасын басуу жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
3-глава. Эн тамгасын басуу тартиби
21. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга эн тамгасын басуу пробалык ташта пробалоонун же контролдук талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында пробалык эн тамгасынын изин басуу үчүн лазердик, механикалык жана электручкун методдору колдонулат.
22. Бардык ата мекендик өндүрүштөгү жаңы буюмдар тийиштүү металл жана пробанын "Б" литеринин эн тамгасы менен негизги бөлүгүнө басылат.
Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын негизги бөлүгүнө "Б" литеринин эн тамгасын басуу мүмкүн болбогондо, энчилүү белгинин жайгашкан жерине тийиштүү пробадагы "А" литеринин жана "Д" литеринин эн тамгасы басылат. Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрүнө (эгер алар ажыратылса) "Д" литеринин эн тамгасы басылат. Экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрдүн өлчөмдөрү жана жайгашуусу "Д" литеринин эн тамгасын басууга мүмкүндүк бербеген учурда, баалуу металлдын курамы мындай бөлүктөрүндө пробалык эн тамгасын басуу менен ырасталбайт жана эритменин бул бөлүктөрүндөгү проба үчүн жоопкерчиликти ушул буюмдун даярдоочусу тартат.
Бир эритмеден каңдалган жана ажыратылбаган экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрү бар буюмдар бир бүтүн буюм катары каралат жана буюмдун негизги бөлүгүнө гана эн тамгасы басылат.
23. Эн тамгасын басуу үчүн сунушталган Баалуу металлдардан жасалган буюмдар же алардын айрым бөлүктөрү пробасына шайкеш келбеген жана уруксат берилген четтөөнүн чегинен чыккан учурда аларга "НП" (пробага чыкпагандык) эн тамгасы басылгандан кийин буюмдар өндүрүүчүлөргө кайтарылып берилет же буюмдун өндүрүүчүсүнүн макулдугу менен белгиленген пробадан төмөн жакынкы пробасынын эн тамгасы басылат.
24. Белгиленген минималдуу пробадан төмөн пробадагы буюмдарга баалуу металлдардан жасалган буюмдар катары эн тамгасы басылууга жана сатылууга жатпайт. Аталган буюмдарга бижутерия катары сатуу үчүн "НП" литеринин эн тамгасы басылат.
|
| Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Пробалык эн тамгасынын сыпатталышы
1. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамга белгиси бекитилет.
2. Мамлекеттик пробалык эн тамгасынын элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) күбөлөндүрүү белгиси - түндүктүн сүрөтү;
2) проба (үч орундуу сан) - баалуу металлдын эритмесинин 1 миңдик массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн саны.
"Түндүк" күбөлүк белгиси - тегерек формадагы күндүн сүрөтүн элестетет, анын айланасында бири-биринен бирдей аралыкта жайгашкан кырк нур чачырап турат. Күндүн алкагынын ичине боз үйдүн түндүгүнүн символикалык сүрөтү тартылган, ал тегерек алкактуу торчо түрүндө болот:
сүрөт
Кыргыз Республикасында эн тамгасы басылууга тийиш болгон баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар үчүн пробалардын төмөнкүдөй минималдык маанилери белгиленет:
585 - платина эритмелери үчүн;
333 - алтын эритмелери үчүн;
500 - палладий эритмелери үчүн;
750 - күмүш эритмелери үчүн.
3. Пробалык эн тамгасынын түрлөрү:
1) "А" литериндеги эн тамгасы (негизги) - күбөлөндүрүү белгиси түндүктүн сүрөтү менен тегерек формага ээ, "Д" литеринин эн тамгасы менен айкаштыруу менен жергиликтүү өндүрүштөгү алтын, күмүш, платина жана палладий буюмдарына, ошондой эле экспертизадан өткөн буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат;
2) "Б" литериндеги эн тамгасы (негизги) - күрөк түрүндө, жергиликтүү өндүрүштөгү алтын буюмдарына эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; түндүктүн сүрөтү тартылган жана 333, 375, 500, 583, 585, 750, 875, 916, 958, 999 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
3) "Б" литериндеги эн тамгасы (негизги) - бурчтары кыйылган тик бурчтук түрүндө, платинадан жасалган жергиликтүү өндүрүштөгү буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; түндүктүн сүрөтү тартылган жана 585, 850, 900, 950-пробанын цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
4) "Б" литериндеги эн тамгасы (негизги) - жогорку жана төмөнкү жактары томпок тик бурчтук түрүндө, жергиликтүү өндүрүштөгү күмүш буюмдарына эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; түндүктүн сүрөтү тартылган жана 750, 800, 830, 875, 925, 960, 999 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
5) "Б" литериндеги эн тамгасы (негизги) - кесилген сүйрү форма түрүндө, жергиликтүү өндүрүштөгү палладий буюмдарына эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; түндүктүн сүрөтү тартылган жана 500, 850 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
6) "Д" литериндеги эн тамгасы (кошумча) - тик бурчтуу формага ээ, алтындан жасалган чет өлкөлүк өндүрүштөгү буюмдарга жана эски буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; 333, 375, 500, 583, 585, 750, 875, 916, 958, 999 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
7) "Д" литериндеги эн тамгасы (кошумча) - бурчтары кыйылган тик бурчтук формасында, платинадан жасалган чет өлкөлүк өндүрүштөгү буюмдарга жана эски буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; 585, 850, 900, 950-пробанын цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
8) "Д" литериндеги эн тамгасы (кошумча) - жогорку жана төмөнкү жактары томпок болгон тик бурчтук формасында, күмүштөн жасалган чет өлкөлүк өндүрүштөгү буюмдарга жана эски буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; 750, 800, 830, 875, 925, 960, 999 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
9) "Д" литериндеги эн тамгасы (кошумча) - тегерек формага ээ, палладийден жасалган чет өлкөлүк өндүрүштөгү буюмдарга жана эски буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат; 500, 850 сыяктуу белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат:
сүрөт
10) "НП" литеринин эн тамгасы - тик бурчтук формасында, ушул Жободо белгиленген пробаларга шайкеш келбеген буюмдарга эн тамгасын басуу үчүн колдонулат:
сүрөт