Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/14
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын Жобосун жана
Типтүү курамын бекитүү жөнүндө жана эски редакциясын жокко
чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Укук бузуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 5-бөлүгүн 1-пунктунун 451-беренесинин жана 492-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын Жобосунун жана Типтүү курамынын долбоорун угуп, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө Жобо №1 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиянын Типтүү курамы № 2 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Москва районунун Беловодское айылдык кеңешинин "Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө Жобону жана Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын Типтүү курамын бекитүү тууралуу" №76 22.01.2019-ж. жана №131 04.05.2023-ж. токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиянын Типтүү курамын түзүү укугу Нарзан айыл өкмөтүнө берилсин.
5. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия уюштуруу учурунда Жобону жана "Укук бузуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексин жетекчиликке алсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде аракеттенсин.
6. Аткарылып жаткан иштер жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешине маалымат берилсин.
7. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |
| Макулдашылды
Тиркеме 2 “17” 01 2025 жылдын № 01-3/14 Нарзан айылдык кенешинин |
ТИПТҮҮ КУРАМЫ
бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын
Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчысы;
Комиссиянын төрагасынын орун басары – айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Комиссиянын катчысы – айыл өкмөтүнүн коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
айылдык кеңештин депутаты;
айылдык өкмөтүнүн юристи;
коомдук уюмдардын өкүлү;
райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү;
адис экономист статист;
киришелер боюнча башкы адис.
Башчы | И.Э.Оскомбаев |