Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна) |
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 119, 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата ушул квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даярдалып чыккан.
2. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптар кесиптик билим деңгээлине, иш стажына жана кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
3. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун 65 жаштан ашпаган адам ээлей алат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча уюштуруучу (уюштуруучулар) ректордун кызмат ордун ээлөө мөөнөтүн ал 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.
4. Мамлекеттик, анын ичинде «улуттук» статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна (маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун кошпогондо) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- илимдин кандидаты же PhD доктору окумуштуулук даражасынын болушу;
- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен, анын ичинде «улуттук» статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- илимдин кандидаты же PhD доктору окумуштуулук даражасынын же Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство жаатындагы ардак наамынын болушу;
- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин кызмат ордуна квалификациялык талаптар аларды карамагына алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси төмөнкүлөрдү билиши керек:
- билим берүү мекемелеринин окуу, илимий, өндүрүштүк, чарбалык жана финансылык-чарбалык ишин регламенттөөчү кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын жана илимий ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
- билим берүү системаларын башкаруунун теориясын жана методдорун;
- кесиптик билим берүүнүн адистерин даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерин;
- салык, экономикалык жана экологиялык, эмгек мыйзамдарынын негиздерин;
- кесиптик билим берүү жаатындагы чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин илимий жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбасын.