Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-марты ПЖ № 92
Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар
атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу
менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз
эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.
Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун иши үчүн жагымдуу укуктук жана башка шарттарды түзүү боюнча комплекстүү системалуу чаралар ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа кабыл алынды.
Бирок эл аралык финансылык-экономикалык системасындагы өзгөрүүлөрдүн жогорку интенсивдүүлүгүнүн шарттарында, инвестициялык капиталды тартуу максатында түзүлгөн механизмдердин глобалдык атаандаштыгы кырдаалында, ошондой эле банктык, финансылык жана соода-экономикалык процесстер чек аралар жана/же юрисдикциялар менен байланышпаган кырдаалда ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде финансылык, банктык, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана башкаларда инвестициялык жагымдуулукту андан ары өркүндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү зарыл деп эсептелсин.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топко төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
- жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу жана ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо;
- эксперттердин жана консультанттардын сунуштарын эске алуу менен ушул Жарлыкты ишке ашырууда иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кароо жана жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
- өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык зонаны жайгаштыруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоо жана чек араларды аныктоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борбордун карамагына киргизилиши мүмкүн болгон талаш-тартыштардын категорияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү (англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен);
- эл аралык консультанттарды жана эксперттерди ишке тартуу;
- башка уюштуруу чараларын иштеп чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык зонаны түзүүнү камсыз кылуучу улуттук мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну жана кабыл алууну кошкондо, бул Жарлыкты ишке ашырууга токтоосуз киришсин;
- зарыл болгон учурда англис укугун, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен арбитраждык жол-жоболорго адистешкен эл аралык консультанттарды жана эксперттерди ишке тартсын;
- бул Жарлыкты ишке ашырууга багытталган тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды, анын ичинде эл аралык консультанттарга жана эксперттерге чыгымдарды бөлүүнү камсыз кылсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Тиркеме |
Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укукгук режим бар
атайын инвестициялык аймакты түзүү маселелери боюнча
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президептинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуң төрагасының орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеггик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.