Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 402-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-марты № 182-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга кабыл алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 230-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 617-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу ПЛАНЫ
№ | МЖӨ долбоорунун аталышы | МЖӨ долбоорунун мамлекеттик өнөктөшү/аткаруучусу | Инвестициянын суммасы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
МЖӨ жөнүндө кол коюлган макулдашуулар | |||||
1 | Заманбап базарды куруу | Бишкек шаарынын мэриясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 12,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
2 | Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу жана башкаруу | Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 0,6 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
3 | Программалык-аппараттык комплекс. "Ранекс" крипто-контролдоо системасы | КР ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, "Ранекс Кейджи" ЖАК | 0,8 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
4 | Кыргыз Республикасында отунду милдеттүү маркалоону ишке ашыруу | "Учкун"ААК, Nanolumi Pte.Ltd | 4,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
Муниципалдык инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөр | |||||
5 | "Ошшаарсууканал" МИнин саркынды суулардын калдыктарын кайра иштетүүчү атайын ишкананы куруу | Ош шаарынын мэриясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 0,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке практикалык киргизүү ашырууну |
6 | Ош шаарында Ош юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу (Ленин көчөсү 312) | КР ЮМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
7 | Үчтөн кем эмес мектепке чейинки мекемелерди куруу | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 5,0 млн. АКШ долл. ашык эмес | 2025-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
8 | Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында КТКны утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү уюштуруу | Жалал-Абад шаарынын мэриясы, ЖӨБО, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 515 миң АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
9 | Бишкек шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо | "Бишкексууканал" МИ, Бишкек шаарынын мэриясы | 55,9 млн. долл АКШ. | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
10 | Калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн электр кубаттоочу станцияларын орнотуу | Баткен шаарынын мэриясы, "ЭВИОН" ЖЧКсы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 300 миң АКШ долл. ашык эмес | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
11 | Ош шаарында "Дельфин" бассейнин реконструкциялоо | Ош шаарынын мэриясы | 465 миң АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
12 | Ош шаарында эс алуу борборун түзүү | Ош шаарынын мэриясы | 300 миң АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
13 | Ош шаарынын мэриясынын "Ош автобекети" МИнин айрым жайларын реконструкциялоо | Ош шаарынын мэриясы | 100,0 млн. сомдон ашык эмес | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
14 | Кант, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында КТКны утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү уюштуруу | Кант, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" МИ | 3,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Саламаттык сактоо | |||||
15 | Ош облустар аралык ооруканасында магниттик-резонанстык томографиясы боюнча медициналык диагностикалык борборун түзүү | КР ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1,4 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык киргизүү |
16 | М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборду реконструкциялоо жана кайра жабдуу | ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 10,0 млн. АКШ долл. кем эмес | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоо башталды |
17 | Перинаталдык скрининг кызмат көрсөтүүлөрүн түзүү | ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 14,2 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоону башталды |
18 | Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун Балдардын кардиохирургия бөлүмүн өркүндөтүү | ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 4,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
19 | Мамлекеттик стоматологиялык бейтапканаларда рентген-диагностикалык кабинеттерди уюштуруу | ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 2,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
20 | Окуу-клиникалык комплекстерди түзүү жана алардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу КР саламаттык сактоосунун практикалык секторунун потенциалын жогорулатуу | ССМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1,2 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Транспорт жана байланыш | |||||
21 | "Кыргыз почтасы" ААКтын инфраструктурасын реконструкциялоо (Бишкек ш., Матросов көч., 48, 31-бөлүм) | "Кыргыз почтасы" ААК, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1,3 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
22 | Ош облусунун Кара-Суу районунда соода-логистикалык борбордун курулушу | Маммүлк, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 72,9 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
23 | Чолпон-Ата жана Жалал-Абад шаарларында корреспонденттик пункттардын (телевизиондук борборлордун) курулушу | Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 323,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
24 | Жыйымдарды электрондук түрдө алуунун маалыматтык системасын киргизүү | ТКМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 40,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурсту өткөрүү |
25 | "Бишкек - Күн-Туу - Белогорка - Суусамыр" автожолунун курулушу | ТКМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 433,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | Алдын ала ТЭН даярдоону аяктоо |
26 | Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бажы-логистикалык комплексти каржылоо, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо | МБК, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 20,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
27 | Ош шаарында индустриалдык-логистикалык соода борборун уюштуруу | Ош шаарынын мэриясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 550 миң АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
28 | Хан-Тенири айыл аймагында логистикалык борборду уюштуруу | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1,0 млн. АКШ долл. ашык эмес | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Энергетика | |||||
29 | 150 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу | ЭМ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 120,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
30 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Арал дарыясында чакан ГЭСти куруу | Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, "Минур" ӨИ ЖЧКсы | 1,2 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык баштоо |
Туризм | |||||
31 | "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын пансионатынын курулушу | "Кыргыз темир жолу" УК" МИ, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 1 млрд. АКШ долл. ашык | 2025-жылдын IV кварталы | МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо |
32 | "Достук" пансионатын реконструкциялоо | КР МК караштуу ЖАМК, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 2,8 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык баштоо |
33 | "Алтын-Көл" пансионатын реконструкциялоо жана башкаруу | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 12,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык баштоо |
34 | "Поларис" курорттук комплексин куруу жана башкаруу (мурдагы "Архитектор" пансионаты) | Иш башкармасы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 39,5 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
35 | "Университет" пансионатынын аймагында мейманкана жана коттедж шаарчасын куруу | Маммүлк, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 11,4 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
36 | "Сандык" туристтик комплексин түзүү | Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, "ИУАга караштуу МЖӨ борбору" ММ | 1 млрд. АКШ долл. көп эмес | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Өнөр жай | |||||
37 | Акылдуу үйлөр үчүн тетиктерди чыгаруу боюнча заводду куруу жана иштетүү | "SBS Holding" компаниясы | 30,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын III кварталы | МЖӨ долбоорун демилгелөө |
38 | Каракол шаарында терезе заводун куруу | Каракол шаарынын мэриясы, ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | 30,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Кызмат көрсөтүүлөр | |||||
39 | Корей жана азия ашканасы боюнча ашпозчу курстары | № 4 кесиптик лицей | 60 миң АКШ долл. | 2025-жылдын I кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Спорт | |||||
40 | Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун бассейнин реконструкциялоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Спорттук курулуштарды башкаруу жана спортту колдоо" ММ, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 7,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
41 | Көп функционалдуу спорт комплексин куруу | Маммүлк | 7,0 млн. АКШ долл. | 2025-жылдын II кварталы | Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу |
Кыскартуулардын тизмеси
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
Иш башкармасы | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
КР МК караштуу ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
Маммүлк | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
ИУАга караштуу "МЖӨ борбору" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
ММ | - | мамлекеттик мекеме |
МК | - | муниципалдык мекеме |
ӨИ | - | өндүрүштүк ишкана |
ЖАК | - | жабык акционердик коом |
ЖЧК | - | жоопкерчилиги чектелген коом |
ААК | - | ачык акционердик коом |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
УК | - | улуттук компания |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме |
КТК | - | катуу тиричилик калдыктары |
МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык башталышы | - | МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди баштоо, анын ичинде долбоорлоо, куруу жана башка жумуштар, ошондой эле МЖӨ объектин ачуу |
АКШ | - | Америка Кошмо Штаттары |