Загрузка документа…
2025-жылдын 24-марты № 91-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа «КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна № 2 өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Имараттардын регулярдуулугу боюнча классификациялоого карата жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча ченемдерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» (мындан ары – Мамкурулуш) жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа «КР КЧ20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй мазмундагы № 2 өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген курулуш ченемдерине:
- 9.1.21 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1. «Балкондордуташ дубалдары жана курама калкалары менен имараттардан чыгаруу (дубал огунан) 1,5 метрден ашпоого тийиш керек. Металл каркас конструкцияларынан башка бардык конструкциялык схемаларда узундугу 3,0 метрден (огунан) ашкан консолдорго жол берилбейт.»;
- 9.10.2 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Комплекстүү конструкциядагы көтөрүүчү дубалдардын кыш коюусу үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу керек:
- күйгүзүлгөн, бүтүн, же ичи бош 100 жана андан жогорку маркадагы, боштугу 25% ашпаган кыштар;
- боштугу 25% ашпаган, 100 төмөн эмес маркадагы керамикалык таштар;
- В 3,5 төмөн эмес класстагы оор жана жеңил бетондордон жасалган туташ бетон таштар жана майда блоктор.
Коюу үчүн 50 кем эмес маркадагы аралашманы колдонуу керек.»;
- 12.4.3 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Темир-бетондон жасалган шарнирсиз арка көпүрөлөр таяныч массивдүү пайдубалдардын таштак топурактарга таянуу мүмкүнчүлүгү болгондо колдонууга жол берилет. Үстүнөн өтүүчү чоң арка көпүрөлөрдүн арка астындагы курулмаларынаркалар жана өтүүчү бөлүгүнүн плитасы менен монолиттелген мамы-дубалдарды колдонуу менен өтмө кылып долбоорлоо керек.»;
- Е тиркемесинин Е.2 пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
б) антисейсмикалык шовдорду долбоорлоо учурунда жана кабаттардын горизонталдык кыйшыктарын жана ченемдик чектөөлөргө экинчи түрдөгү эффекттерди текшерүү учурунда көңүлгө алынган жылышуу чоңдуктарын аныктоо учурунда (Р-∆ эффекттер) – конструкциялардын элементтеринин толук кесилишин эске алуу менен, бирок бетондун серпилгичтигинин баштапкы модулдарын жана 0,5 коэффициентин төмөндөтүү менен таш коюуну кабыл алуу менен.
7.3 таблицага ылайык аз кабаттуу имараттар жана орто кабаттуу имараттар үчүн, 7.2 таблицага ылайык IV жоопкерчилик классындагы имараттардан тышкары, антисейсмикалык шовдорду долбоорлоодо жана кабаттардын горизонталдык кыйшаюуларынын жана экинчи түрдөгү эффектердин (Р - эффекттердин) ченемдик чектөөгө ылайыктуулугун текшерүүдө эске алынуучу жылышуулардын чоңдугун аныктоодо-конструкциялардын элементтеринин толук кесилиштерин жана темир-бетон жана таш конструкцияларын долбоорлоо боюнча колдонуудагы ченемдик документтерде көрсөтүлгөн бетондун же таш төшөөнүн ийкемдүүлүгүнүн модулунун баштапкы маанилерин эске алуу менен.”
- К тиркемесинин «Имараттарды регулярдуулугу боюнча классификациялоо К.1.4. пунктундагы эскертүү «2» жана «3» пункттары менен толукталсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Э с к е р т ү ү л ө р
1 Атайын техникалык шарттарды түзүү учурунда, имараттардын сейсмикалык туруктуулугуна болгон ашыкча регулярдуулук эмес таасири регулярдуу же азыраак регулярдуу эмес имараттарга таандык болгон жоболорго негизделген линейлүү-серпилме эсептөөлөрдүн жардамы менен гана толугу менен компенсациялана алат.
2 Регулярдуулук боюнча классификация төмөнкүлөр үчүн милдеттүү эмес:
-7.2-таблицада көрсөтүлгөн багытталышы боюнча I жоопкерчилик классындагы объектилер (коомдук коопсуздук үчүн анча маанилүү эмес имараттар жана курулмалар);
- 7.9-таблицада көрсөтүлгөн инженердик курулмалар;
-топуракка жарым-жартылай же толугу менен көмүлгөн, периметри боюнча же периметринин бир бөлүгү боюнча топурак менен байланышта болгон дубалдары бар жана үстүнкү жабуусу жердин пландоо белгисинен 200 см ашпаган паркингдер жана алардын бөлүмдөрү (же аларга окшош курулмалар).
3 План боюнча жана бийиктиги боюнча регулярдуулук имараттын бардык кабаттарында жайгашкан бардык конструкциялык элементтерди пластикалык ишке тартуунун эсебинен сейсмикалык таасирлердин натыйжаларын кайра бөлүштүрүүгө жана термелүүлөрдүн энергиясын диссипациялоого имараттын конструкциялык системасынын жөндөмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизет. Өтө регулярдуу эмес конструкциялык схемада чоң пластикалык деформациялар айрым конструкциялык элементтерде же кабаттарда гана топтолушу мүмкүн.».
- К тиркемесинин 3.2-пунктунун эскертүүсү б) пунктчасынан кийин «2», «3» пункттары менен толукталсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Жертөлө жана цоколь кабаттарынын үстүндөгү жабуулар үчүн ушул курулуш ченемдеринин К.3.1п. "б" жана "в" п.п. жана К.3.2п. "б" жана "в" п.п. талаптарын төмөнкү учурларда аткарбоого жол берилет:
а) эгерде имараттын (блоктун) жертөлө же цоколь кабатында имараттын жалпы системасынын ишине киргизилген жана топурактан басымды кабыл алуучу дубалдар болсо, анда бул дубалдар жайгашкан сейсмикалык таасирдин багыты үчүн "б"жана "в" пункттарынын талаптарын аткарбоого жол берилет;
б) эгерде имараттын жер астындагы бөлүктөрү ушул курулуш ченемдеринин 9.3.3-пунктуна ылайык жанаша курулуштардын конструкциялары менен бириктирилсе, алар өз кезегинде жердин басымын кабыл алуучу дубалдарга ээ.
2 Сейсмикалуулугу 8, 9 жана 9 баллдан жогору болгон курулуш аянттарында аз кабаттуу имараттар жана орто кабаттуу имараттар үчүн ушул курулуш ченемдеринин ”К” тиркемесинин талаптарын аткарбай коюуга жол берилет (7.2-таблицага ылайык багыты боюнча имараттардын жана курулмалардын IV жоопкерчилик класстарынын социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээли менен уникалдуу имараттар жана курулмалардан тышкары).
3 Комплекстүү конструкциядагы имараттар үчүн пландагы кырлар 2м, ал эми монолиттүү темир бетондон, ири панелдүү жана темир бетон каркасы менен имараттар үчүн 6 м ашпоого тийиш. Алардын саны бир окто экиден көп болбошу керек.
2. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, бул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | Н.К. Орунтаев |