Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 22-майы ПТ № 166
Өздүк курамды антка, ар-намыска жана милдетке бекем болууну билдирген Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын рухунда тарбиялоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси, аскердик ар-намыстын, эрдиктин жана даңктын символу катары Күжүрмөн туу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусуна Кыргыз Республикасынын Президентинин грамотасы тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |