Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 117 Мыйзамы менен кабыл алынган |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 126, 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Биринчи абзац Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын жалпы укуктарын жана милдеттерин жана алардын ортосундагы өз ара мамилелерди, бригаданын (батальондун) жана анын бөлүкчөлөрүнүн негизги кызмат адамдарынын милдеттерин, ошондой эле ички тартиптин эрежелерин аныктайт.
Ушул Уставды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелеринин (мындан - ары аскер бөлүктөрү), Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары жетекчиликке алат.
Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандарга (мындан ары - аскер кызматчылары) жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
АСКЕРДИК АНТ
Мен, (аты-жөнү), Кыргызстандын элине ишенимдүү кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант беремин.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, аскердик уставдардын талаптарын, командирлер менен зардалдардын буйруктарын аткарууга ант беремин.
Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн өз күчүмдү, эгерде керек болсо өмүрүмдү да аябоого ант беремин.
АСКЕР БӨЛҮГҮНҮН КҮЖҮРМӨН ТУУСУ
1. Аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусу аскер бөлүгүнүн аскердик багытынын өзгөчөлүгүн, тарыхын жана сиңирген эмгегин айырмалап, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүп турган өзгөчө ардак белги.
Аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелип, ар бир аскер кызматчысына баатырдык каада-салттар жана Ата Мекенди коргоонун ыйык парзы тууралу эскертип турат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык, өзгөртүүлөр расмий тилде киргизилген.
2. Күжүрмөн Туу аскердик бөлүктөргө алар түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан тапшырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3. Күжүрмөн Туу аскер бөлүгүнүн аталышынын жана номерлеринин өзгөргөндүгүнө карабастан аскер бөлүгүндө ар дайым сакталат. Аскер бөлүгүнүн аталышынын жана номерлеринин өзгөрүшү Күжүрмөн Тууну тапшыруу учурунда берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасына жазылат.
4. Күжүрмөн Туу ар дайым өзүнүн аскер бөлүгү менен бирге болот, ал эми согуш талаасында - аскер бөлүгү согуш аракеттерин жүргүзгөн жерде болот.
5. Аскер бөлүгүнүн бүткүл өздүк курамы согушта Күжүрмөн Тууну кайраттуулук жана эрдик менен коргоого жана анын душмандардын колуна түшүшүнө жол бербөөгө милдеттүү.
Күжүрмөн Туу жоголгондо аскер бөлүгүнүн командири жана мындай маскарачылык үчүн тикелей күнөлүү болгон аскер кызматчылары соттолууга, ал эми аскердик бөлүк жоюлууга тийиш.
6. Аскер бөлүгү жоюлганда Күжүрмөн Туу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы жана реликвия катары аскер бөлүгүндө сактоодо турган табериктер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивге тапшырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Аскер кызматкерлеринин аскер бөлүктөрүндөгү күндөлүк жашоосу жана иши ички кызматтын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ички кызмат аскердик бөлүктүн ар дайым күжүрмөн даярдыкта болушун, өздүк курамдын окуусун, алардын күндөлүк иштеги башка милдеттерди уюшкандык менен аткарышын жана аскер кызматчыларынын саламаттыгын камсыз кылуучу ички ырааттуулукту жана аскердик тартипти кармап туруу үчүн арналган. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюсуз сактоо менен ушул Уставдын жоболоруна ылайык уюштурулат.
2. Ички кызмат аскер кызматчыларынын каалоосуна карабастан алардан уюмдашкан аракеттерди талап кылат.
Ички кызматтын талаптарын аткаруу аскер кызматчыларынын жоопкерчилик сезимин, өз алдынчалыгын, тыкандыгын жана ак ниеттүүлүгүн өнүктүрөт. Өз ара түшүнүшүү, жакшы мамиле жана бири-бирине жардам берүүгө даяр болуу аскердик жолдошчулуктун бекемделишине жана аскер жамааттарынын ширелишине көмөк көрсөтүп, күндөлүк иштин милдеттерин аткарууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, согуштук жагдайда оор сыноолорго чыдоого да мүмкүнчүлүк берет.
3. Ар бир аскер кызматчысы ички кызматтын талаптарын билүүгө жана ак ниеттүүлүк менен аткарууга милдеттүү.
Аскер кызматын өтөөнүн башталышында аскер кызматчысы өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Командирлер (зардалдар) тараптан катуу контролдук жана алардын жеке үлгүсү аскер кызматчысына ички кызматтын эрежелерин тезирээк түшүнүүгө жардам берет.
4. Аскер бөлүгүндөгү ички кызматка жетекчилик аскер кызматчысынын командири, ал эми кичи бөлүктүн карамагында кичи бөлүктүн командири тарабынан жүзөгө ашырылат. Бир имаратта командирлеринин жалпы тикелей зардалы болбогон бир нече кичи бөлүк жайгашканда, аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен ички кызматка жетекчилик кылуу ушул кичи бөлүктөрдүн биринин командирине жүктөлөт. Аскер бөлүгүндөгү ички кызматты тикелей уюштурууну штабдын зардалы, ротанын карамагында - ротанын зардалы ишке ашырат.
Өздөрүнө баш ийген аскерлердин ички кызматынын абалы үчүн жоопкерчилик бардык тикелей зардалдарга жүктөлөт. Алар баш ийген аскер бөлүктөрүнө жана кичи бөлүктөргө ички кызматтын талаптарынын аткарылышын уюштурууга жана камсыз кылууга жардам көрсөтүүгө жана анын абалын үзбөй текшерип турууга милдеттүү.
БИРИНЧИ БӨЛҮК. КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИ
1-глава. Аскер кызматчыларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
Жалпы жоболор
5. Кыргыз Республикасынын граждандары Мекенин коргоого укуктуу жана милдеттүү.
Аскердик кызмат - мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү. Аскер кызматынын өзгөчө мүнөзүнө негизденүү менен анын Кыргыз Республикасынын граждандарынын мамлекеттик кызматынын башка түрлөрүнөн жана башка иштеринен артыкчылыгы аныкталат.
Аскер кызматчыларына төмөнкүлөр кирет:
- контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана солдаттар;
- кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелеринин курсанттары;
- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана солдаттар (мындан ары - мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары).
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын шарттары менен жана колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен аныкталуучу чектөөлөр менен катар Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат. Аларга конституциялык, башка жалпы граждандык милдеттер, ошондой эле жалпы, кызматтык жана атайын милдеттер жүктөлөт.
7. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аскер кызматчыларынын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин мазмуну жана көлөмү алардын аскердик кызмат милдеттерин (кызматтык милдеттерди) аткарып жүргөндүгүнө же жүрбөгөндүгүнө жараша болот.
Аскер кызматчылары тарабынан аскер кызматынын милдеттерин аткаруу деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- согуш аракеттерине катышуу;
- жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди аткаруу;
- машыгууларга катышуу;
- аскердик жыйындардан өтүү, жыйындар өтүүчү жерге баруу жана келүү;
- эгерде бул кызматтык зарылчылык менен байланышкан болсо, кызматтык убактысынын белгиленген иш тартибинин ичинде же башка убакытта аскердик бөлүктүн аймагында болуу;
- кызматтык иш сапарда болуу, иш сапары белгиленген жерге баруу жана келүү;
- кызматта болуу, кызматка баруу жана келүү;
- дарыланууда болуу, дарылануучу жерге баруу жана келүү;
- өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана келүү;
- туткунда, барымтага кармалган же камалган абалда болуу;
- аскер кызматчы дайынсыз жоголду деп таанууга же мыйзамда белгиленген тартипте каза болду деп жарыялаганга чейин дайынсыз жоголуу;
- инсандын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо;
- адамдын өмүрүн, ден соолугун жана ар-намысын коргоо, укук тартибин сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарына жардам көрсөтүү;
- сот тарабынан коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жасалган деп таанылган, аскер кызматчысынын башка аракеттерди жасаганы;
- өзгөчө кырдаалдар жана аскердик абалдагы шарттарда, ошондой эле куралдуу чыр-чатактар шарттарында тапшырмаларды аткаруу;
- тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга катышуу жана аймактык коргоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу.
- терроризмге каршы операцияларга катышуу.
Өзүлөрүн өз эрки менен алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалга келтирген; жазык мыйзамдарында каралган коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган; эгерде көрсөтүлгөн аракеттер оорулуу абалдан же өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүүдөн улам келип чыкпаса, өзүн-өзү өлтүргөн же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салган; аскер бөлүгү жайгашкан жерден тышкары эс алууда, убактылуу бошотууда жүргөндө, ошондой эле туткунда, барымтага алуу же камакка алуу абалында болгон учурлардан, сот тарабынан коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган деп таанылган башка аракеттерден тышкары, кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн аймагынан же аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары өзү билип жүргөн аскер кызматчылары аскердик кызматынын милдеттерин аткарды деп эсептелбейт.
Зарыл учурда аскер кызматчысы командирдин (зардалдын) буйругу боюнча аскер кызматынын милдеттерин аткарууга кайсы гана убакта болбосун киришүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болушат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Аскер кызматчыларынын укуктары
8. Аскер кызматчыларынын укуктары жана аларды аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
Эч ким аскер кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында кепилдикке алынган укуктарын чектей албайт.
9. Аскер кызматчыларынын өз укуктарын пайдаланышы коомдун, мамлекеттин укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, аскер кызматына, башка аскер кызматчыларынын жана бөлөк граждандардын укуктарына зыян келтирбөөгө тийиш.
10. Мамлекет аскер кызматчыларын социалдык жана укуктук жактан коргоону кепилдикке алат, аларга жетиштүү жана татыктуу жашоо деңгээлин түзүү, кызматтык жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
Аскер кызматчыларынын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сотторго, укук коргоо органдарына, аскердик башкаруу органдарына жана командирлерге (зардалдарга) жүктөлөт.
Аскердик антты бергенге чейин аскер кызматчысы күжүрмөн тапшырмаларды (күжүрмөн аракеттерге катышууга, күжүрмөн кезметчиликти, күжүрмөн кызматты, кароол кызматын өтөөгө) жана өзгөчө абалдын режимин киргизүүдө тапшырмаларды аткарууга тартылбайт; аскер кызматчыларына курал-жарак жана аскердик техника бекитилип берилбейт, аскер кызматчыга тартиптик аскер бөлүгүндө камоо түрүндөгү жаза колдонулбайт.
Аскер кызматчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашыруу боюнча милдеттерин аткарбоодо күнөөлүү болгон командирлер (зардалдар) бул үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11. Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда атайын каражаттарды, куралды, аскердик жана атайын техниканы сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга, ошондой эле кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды колдонууга укуктуу.
Аскер кызматчыларынын атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы сактоосунун эрежелери, колдонуусунун шарттары жана тартиби ушул Устав, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат. Атайын каражаттарды, куралдарды, аскердик жана атайын техниканы алып жүрүүдө жана колдонууда аскер кызматчылары алардын сакталышын камсыз кылууга жана бөтөн адамдарга жеткиликтүү болушуна жол бербөөгө милдеттүү.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы жеке өзү же бөлүктүн курамында колдоно алат, ал эми командирлер (зардалдар) зарыл коргонуу абалында өмүрдү, ден соолукту жана менчикти коргоо үчүн же өтө зарыл болгон төмөнкүдөй учурларда баш ийгендерге аларды колдонууга буйрук бере алат:
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, кайтарылуудагы мамлекеттик жана аскердик объекттерге, ошондой эле аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр, аскердик бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары жайгашкан жерлерге, аскердик эшелондорго, машиналардын колонналарына, жалгыз транспорттук каражаттарга жана кароолдорго куралдуу же топтук кол салуулардын майтаруу үчүн;
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, куралды жана аскердик техникаларды күч менен ээлеп алууга болгон аракетке бөгөт коюу үчүн;
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, аскер кызматчыларынын жана жарандык адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан аларды коргоо үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басууга, адамды кармоого же андан куралды алууга мүмкүн болбосо, укукка каршы аракеттерди жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшырып берүү жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн;
- террористтик кооптуулуктун ар түрдүү деңгээлдери жарыяланганда милдеттерди аткарууну камсыздоо үчүн.
Командир (зардал), мындан тышкары, күжүрмөн шарттарда кол алдындагы адам ага ачык баш ийбеген учурда, баш ийбеген адамдын аракети мамлекетке чыккынчылык кылууга же күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну үзгүлтүккө учуратууга багытталганда тартипти жана иретти калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарууда жеке өзү курал колдонууга же курал колдонууга буйрук берүүгө укуктуу.
Атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы колдонуунун зарылдыгы аткарылуучу кызматтык-жоокердик милдеттердин мүнөзүнө жараша тийиштүү командирлер (зардалдар) тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12. Курал-жарак колдонуу ага каршы курал колдонулган адамга бул жөнүндө ачык айтып эскертүү менен коштолушу керек, төмөнкү учурлардан тышкары: курал-жарак колдонууну кечиктирүү аскер кызматчысынын же башка жарандардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн учурда же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо; курал-жаракты согуш жана атайын техникаларын, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды, деңиз же дарыя кемелерин колдонуу менен кол салуунун мизин кайтарууда; кайтаруудан курал-жарак менен же транспорттук каражаттарда качканда, көрүү чектелген шарттарда качканда, ошондой эле транспорт каражаттарында бара жаткан учурда камактан качканда эскертүүсүз колдонулат.
Аскер кызматчылары курал-жаракты айгай белгисин берүү же жардамга чакыруу үчүн, ошондой эле адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларга каршы колдонууга укуктуу.
Курал-жаракты колдонууда жана пайдаланууда аскер кызматчысы айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болгон учурда жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтаруу мүмкүн болбосо, бул адамдар тарабынан аскер кызматчыларынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган куралдуу же топтук кол салуудан башка учурлардан тышкары, аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, эгерде алардын жашы белгилүү болсо, жашы жетелектерге карата курал-жарак колдонууга тыюу салынат.
Курал-жарак колдонуунун жана пайдалануунун ар бир учуру жөнүндө аскер кызматчысы командирге (зардалга) билдирип турат.
(Алтынчы абзац Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)
(Жетинчи абзац Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
121. Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонуудан жана пайдалануудан мурда кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, аскердик жана атайын техника колдонула турган адамга (адамдардын тобуна) так эскертме берилүүгө тийиш, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
- аларды колдонууну кечеңдетүү аскер кызматчысынын же башка жарандардын өмүрүнө тикелей коркунуч түзгөндө же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо;
- кризистик кырдаалдар келип чыкканда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна кол салуучу массалык тартипсиздикке, укук бузуучулардын топтошкон аракеттерине бөгөт коюу үчүн, аскер кызматчыларына, жарандык адамдарга, ошондой эле стратегиялык объекттерге каршы террористтик актыларды болтурбоо үчүн колдонгондо;
- куралды, жоокердик жана атайын техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салууну майтаруу үчүн колдонгондо;
- барымтадагыларды, басып алынган кайтарылуучу объекттерди, курулуштарды жана атайын (аскердик) жүктөрдү бошотуу үчүн колдонгондо;
- аскер бөлүгүнүн аймагына бөтөн адамдар кирип келгенде, террористтик кооптуулуктун деңгээлдери же аскердик абал жарыяланганда; аскер бөлүктөрүнүн жана кайтарылуучу объекттердин үстүнөн жана жанынан жапыс учуучу таанылбаган учуучу аппараттар учуп өткөндө;
- кармалган адамдар (кылмыш жасагандык боюнча шектелип жана айыпталып кармалгандар жана соттолгондор) кайтаруудан качканда.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонгондо жана пайдаланганда аскер кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ден соолукка болушунча аз зыян тийгизүүгө умтулууга, сабырдуулукту көрсөтүүгө;
- айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чараларды көрүүгө, ал эми зарыл учурда, жабыр тарткандарга алгачкы жардамды көрсөтүүгө;
- кармалган адамдын кыймылын чектөөчү каражаттарды (кол кишендерди ж.б.) колдонгондо, анын абалын мезгил-мезгили менен (кеминде эки саатта бир жолу) текшерүүгө.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонууда жана пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- башка ыкмалар жана каражаттар менен кол салууну же каршылык көрсөтүүнү майтарууга мүмкүн болбогон учурларда, төмөндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан аскер кызматчыларынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган куралдуу же топтошуп кол салуу же террористтик акты жасоо учурларын кошпогондо, аялдарга, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жаш курагы айкын же белгилүү болгон жашы жете электерге карата колдонууга, эгерде колдонуунун натыйжасында адамдар кокустан жабыр тартышы мүмкүн болсо, адамдар орчундуу топтолгондо колдонууга;
- бузук, жараксыз жана мөөнөтү өткөн атайын каражаттарды колдонууга;
- атайын каражаттарды жашоо үчүн маанилүү органдарга (баш, моюн, жүрөк, жыныстык органдарга) карата колдонууга;
- атайын каражаттарды колдонууда коопсуздук чараларын бузууга;
- мээлеп ок атууга жана атайын газ каражаттарын колдонуу мезгилинде ал тараган зонада бул затты кайра колдонууга;
- жүргүнчүлөрү бар жалпы пайдалануудагы автотранспортту, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине таандык транспортту мажбурлап токтотуу, ошондой эле жолдордун көрүнүүсү чектелген участокторунда, темир жол өтмөктөрүндө, көпүрөлөрдө, эстакадаларда жана туннелдерде мажбурлап токтотуу үчүн атайын каражаттарды колдонууга.
Кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, аскердик жана атайын техника адамдарга карата колдонулган же пайдаланылган ар бир учур жөнүндө аскер кызматчысы командирге (зардалга) билдирет.
Аскер кызматчылары тарабынан кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, курал, аскердик жана атайын техника колдонулганда жана пайдаланылганда үчүнчү жактардын ден соолугуна залал келген же аларга материалдык зыян келген учурда, командир (зардал) кызматтык териштирүү дайындайт жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарына маалымдайт.
Аскер кызматчысынын кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралдарды, аскердик жана атайын техниканы колдонушунун жана пайдаланышынын укук ченемдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарынын чечими менен аныкталат.
Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылса, аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонууда жана пайдаланууда үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Үчүнчү жактарга мындай зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Атайын каражаттарды сактоонун тартиби ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.
Атайын каражаттарды, куралды, аскердик жана атайын техниканы уурдоонун, жоготуунун, бузуунун же иштен чыгаруунун бардык учурлары жөнүндө аскер кызматчылары өзүнүн тикелей зардалына билдирүүгө милдеттүү.
Аскер бөлүгүнүн командири (зардалы) кызматтык иликтөө дайындайт, ички иштер органдарына, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына жана аскердик прокуратура органдарына куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы уурдоонун же жоготуунун жагдайлары жөнүндө алардын моделин, калибрин, сериясын, номерин, ар бир бирдиктин чыгарылган жылын көрсөтүү менен билдирет жана уурдалган же жоголгон куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы издөө боюнча чараларды көрөт.
Уурдалган же жоголгон курал, атайын каражаттар, аскердик жана атайын техника аскер бөлүгүнө кайтарылган учурда, аскер бөлүгүнүн командири 3 сутканын ичинде курал, атайын каражаттар, аскердик жана атайын техника уурдалганы же жоготулганы жөнүндө мурда билдирилген мамлекеттик органдарга маалымдоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Аскер кызматчыларынын жалпы милдеттери
13. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары кызматтык ишинде мыйзамдардын, аскердик уставдардын талаптарын жетекчиликке алат жана башка саясий максаттарды көздөгөн коомдук, башка уюмдардын жана бирикмелердин иши менен байланышта болбоого тийиш.
Аскер кызматчысы милдеттүү:
- Аскердик антка бек болууга, өз элине кынтыксыз кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын каармандык менен, билгичтик менен, өзүнүн канын жана өмүрүн аябастан коргоого, аскердик парзын аткарууга, аскер кызматынын кыйынчылыктарын туруктуулук менен жеңип чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, аскердик усатавдардын талаптарын аткарууга;
- аскердик кесиптик билимдерге туруктуулук менен ээ болууга, өзүнүн көндүмдөрүн жана аскердик чеберчилигин өркүндөтүүгө;
- өзүнө ишенип берилген куралды, куралдарды жана аскердик техниканы билүүгө жана аларды ар дайым даярдыкта кармоого, алардын сакталышын жана туура пайдаланышын камсыз кылууга, аскердик мүлктү жана башка материалдык каражаттарды сактоого;
- ак ниет, тартиптүү, эр жүрөк болууга аскердик парзды аткарууда жүйөлүү демилге көрсөтүүгө;
- командирлерге (зардалдарга) кынтыксыз баш ийүүгө жана аларды согушта коргоого, аскердик бөлүктүн Күжүрмөн туусун сактоого;
- аскердик жолдошчулукту урматтоого, өзүнүн өмүрүн аябастан кызматташтарын коркунучтан куткарууга, аларга сөз менен да, иш менен да жардам берүүгө, ар бир аскер кызматчысынын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого, өзүнө жана башка аскер кызматчыларына карата оройлукка жана мазактоолорго жол бербөөгө, аларды жагымсыз жоруктардан токтотууга;
- аскердик сылыктыктын жүрүш-туруштун жана аскердик саламдашуунун эрежелерин сактоого, ар дайым үлгү кийим менен жүрүүгө, таза жана тыкан кийинүүгө;
- кыраакы болууга, аскердик жана мамлекеттик сырды бекем сактоого.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14. Аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын коргоочусу деген жогорку наамды татыктуу алып жүрүүгө, Куралдуу Күчтөрдүн ар-намысын жана күжүрмөн даңкын, өзүнүн аскердик бөлүгүнүн жана өзүнүн аскердик наамынын ар-намысын урматтоого тийиш.
15. Аскер кызматчысы патриоттукту көрсөтүүгө, элдердин интернационалдык достугун урматтоого, улуттар менен элдердин ортосундагы боордоштукту чыңдоого көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчыларын окутууда жана тарбиялоодо алардын улуттук сезимдерине, үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мамлекеттик жана расмий тилдери колдонулат. Мамлекеттик тилди же расмий тилди начар билген аскер кызматчыларына окуу куралдары берилет, тилди үйрөнүү үчүн убакыт бөлүнөт жана шарттар түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16. Аскер кызматчылары бири-бирин урматтоого, тартипти жана ырааттуулукту кармоодо командирлерге (зардалдарга) көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчысы өзүнүн милдеттерин аткарууга таасир кылган бардык нерселер жана өзүнө айтылган пикирлер жөнүндө өзүнүн тикелей зардалына билдирип турууга милдеттүү.
Аскердик уставдарда аныкталган аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин эрежелери бузулган учурда, ал тартипке келтирүүгө карата токтоосуз чараларды көрүүгө жана ошондой эле өзүнүн тикелей зардалына билдирүүгө тийиш.
17. Аскер кызматчысы аскер кызматынын коопсуздугунун талаптарын, оорулардын, жаракат алуулардын жана мертинүүлөрдүн алдын-алуу чараларын сактоого, күн сайын дене боюн чыңдоого жана машыгууга, зыяндуу адаттардан (тамеки тартуудан жана ичимдик ичүүдөн) өзүн токтотууга тийиш.
18. Аскер кызматчысы кызматтык жана жеке маселелер боюнча өзүнүн тикелей зардалына кайрылуусу, ал эми зарыл учурда жана анын уруксаты менен - улук зардалга кайрылуусу керек.
(Экинчи абзац Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сунуш киргизүүдө, арыз жана даттануу берүүдө аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын жоболорун жетекчиликке алат.
19. Аскер кызматчысы эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин, жарадарлар, оорулуулар, медициналык персонал, диний адамдар, согуштук аракеттер болгон райондордогу жарандык калк, ошондой эле согуш туткундары менен сүйлөшүүнүн эрежелерин билүүгө жана сактоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20. Аскер кызматчысы согуш аракеттеринин жүрүшүндө, ал гана эмес, өзүнүн аскердик бөлүгүнөн (кичи бөлүгүнөн) ажырап калганда да жана толук курчоодо калганда да туткунга түшүүдөн качуу менен душманга чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө милдеттүү. Ал өзүнүн аскердик парзын акырына чейин аткарууга милдеттүү.
Эгерде аскер кызматчысы өз аскерлеринен ажырап жана каршылык көрсөтүүнүн бардык каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланып бүтсө же оор жаракат же контузия алуунун кесепетинен жардамсыз абалда калган учурда душман тарабынан туткунга алынса, ал өзүн жана өз жолдошторун туткундан бошотуу жана өз аскерлерине кайтып келүү үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктү издөөгө жана пайдаланууга тийиш. Душман тарабынан туткунга алынган аскер кызматчысы сурак мезгилинде өзүнүн аты-жөнүн, аскердик наамын, туулган жылын жана өздүк номерин гана билдирүүгө укуктуу. Ал жоокердин кадыр-баркын кармоого, аскердик жана мамлекеттик сырды ыйык сактоого, туруктуулук жана каармандык көрсөтүүгө, туткунда болгон башка аскер кызматчыларына жардам көрсөтүүгө, аларды душманга көмөк көрсөтүүдөн кармап турууга, душмандын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө зыян келтирүү үчүн аскер кызматчысын пайдаланууга болгон аракетин четке кагууга милдеттүү.
Туткунга алынган аскер кызматчыларынын, ошондой эле бейтарап өлкөлөрдө камакка алынган аскер кызматчыларынын аскер кызматчысы деген статусу сакталат. Аскердик командование жана ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык аталган аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча жана аларды Мекенине кайтарууга карата чараларды көрүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчыларынын кызматтык жана атайын милдеттери
21. Ар бир аскер кызматчысынын кызматтык милдеттери болот, алар ээлеген кызматына ылайык ага тапшырылган функцияларды жана милдеттерди иш жүзүндө аткаруунун көлөмүн жана чектерин аныктайт. Кызматтык милдеттер кызматтык таламдарда гана пайдаланылат.
Бул милдеттер аскердик уставдар, ошондой эле тиешелүү жетектемелер, насааттар, жоболор, нускамалар тикелей зардалдардын же ушул Уставдын талаптарына ылайык келген кат жүзүндөгү буйруктары тарабынан аныкталат.
22. Аскер кызматчылары жоокердик кезметте (жоокердик кызматта), суткалык жана гарнизондук нөөмөттө турганда, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу үчүн тартылганда, башка чукул кырдаалдарда атайын милдеттерди аткарат. Бул милдеттер жана аларды аткаруу тартиби ченемдик укуктук актыларда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында, ошондой эле алардын негизинде иштелип чыгуучу буйруктарда, директиваларда жана тескемелерде белгиленет.
Атайын милдеттерди аткаруу үчүн аскер кызматчылары кошумча укуктарга ээ болушу мүмкүн, алар ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги
23. Аскердик наамына жана кызматына карабастан бардык аскер кызматчылары мыйзам алдында бирдей жана өзүнүн укуктук абалынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген жоопкерчилик тартышат.
24. Аскер кызматчылары аскердик тартипти моралдын ченемдерин жана аскердик ар-намысты бузууга байланыштуу тартиптик жоруктары үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында белгиленген негиздерде жана ыраатта тартип жоопкерчилигин тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25. Аскер кызматчылары жасаган укук бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26. Аскер кызматчылары жарандык мыйзамдарда каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн, мамлекетке, юридикалык жактарга, жарандарга зыян келтиргендиги үчүн жана мыйзамдарда каралган башка учурларда жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат.
27. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекетке келтирген материалдык зыян үчүн Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28. Аскер кызматчылары жасаган кылмышы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29. Жасалган укук бузуулар үчүн аскер кызматчылары, жоопкерчиликтин бир түрүнө тартылышат.
Укук бузуу жасагандыгына байланыштуу тартип жазасына тартылган аскер кызматчылары ушундай укук бузуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.
Материалдык зыян келтирүүгө байланыштуу укук бузуу жасалган учурда, аскер кызматчылары жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартылгандыгына же коомдук таасир көрсөтүү чарасы көрүлгөндүгүнө карабастан зыяндын ордун толтурушат.
Аскер кызматчысына коомдук таасир көрсөтүү чаралары алардын аскердик тартипти же коомдук тартипти бузууга байланыштуу тартиптик жоруктары үчүн колдонулушу мүмкүн.
Жоопкерчиликке тартууда аскер кызматчыларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелер Жеке башкаруу. Командирлер (зардалдар) жана баш ийгендер. Улук жана кичик наамдагылар
30. Жеке башкаруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруунун, ага жетекчилик кылуунун жана аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин, принциптеринин бири болуп эсептелет. Ал баш ийгендерге карата командирдин (зардалдын) толук тескөөчү бийликке ээ болгондугу жана ага мамлекеттин алдында аскердик бөлүктүн, кичи бөлүктүн жана ар бир аскер кызматчысынын турмушунун жана ишинин бардык тараптары үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн билдирет.
Жеке башкаруу жагдайларга ар тараптан баа берүүгө негизденип командирдин (зардалдын) жеке өзү тарабынан чечим кабыл алууну, мыйзамдардын жана аскердик уставдардын талаптарына толук ылайык келе турган тиешелүү буйруктарды берүүнү жана алардын аткарылышын камсыз кылууну билдирет.
Буйрукту талкуулоого жол берилбейт, ал эми буйрукка баш ийбөө же аны башкача аткарбоо аскердик кылмыш болуп эсептелет.
31. Өздөрүнүн кызматтык абалы жана аскердик наамы боюнча бир аскер кызматчылары экинчилерине карата зардал же баш ийүүчү болушу мүмкүн.
Зардал баш ийгендерге буйруктарды берүүгө жана алардын аткарылышын камсыз кылууну талап кылууга укуктуу. Зардал баш ийген аскер кызматчысы үчүн сылык жана сабырдуулук жагынан үлгү болууга жана кербезденүүгө, ошондой эле ыксыз асылууга жол бербөөгө тийиш. Баш ийген аскер кызматчысынын адамдык кадыр-баркын кемсинткен аракеттери үчүн зардал жоопкерчилик тартат.
Баш ийген аскер кызматчысы зардалдын буйруктарын кыңк этпестен аткарууга милдеттүү. Эгерде өзүнө карата туура эмес иш жасалды деп эсептесе, ал буйрукту аткаргандан кийин даттануу бере алат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жарандык кызматкерлери катары иштеген адамдар ээлеген штаттык кызматына байланыштуу өзүнө баш ийгендер үчүн зардал болуп эсептелет.
32. Аскер кызматчылары кызматы боюнча убактылуу болсо да баш ийген зардалдар тикелей зардалдар, болуп эсептелет.
Баш ийген аскер кызматчысына жакын турган тикелей зардал түздөн-түз зардал деп аталат.
33. Өздөрүнүн аскердик наамы боюнча аскердик кызматта турган:
- улук жана кенже офицерлер, прапорщиктер, сержанттар, старшиналар, солдаттар үчүн - генералдар;
- кенже офицерлер, прапорщиктер, сержанттар, старшиналар, солдаттар үчүн - полковниктер;
- прапорщиктер, сержанттар, старшиналар, солдаттар үчүн - полковник, майор аскердик наамындагы улук офицерлер;
- сержанттар, старшиналар, солдаттар үчүн - кенже офицерлер;
- сержанттар, старшиналар, солдаттар үчүн - алар менен аскердик бир бөлүктө болгон прапорщиктер;
- солдаттар үчүн - алар менен аскердик бир бөлүктө болгон сержанттар зардалдар болуп эсептелет.
34. Өздөрүнүн кызматтык абалы жана аскердик наамы боюнча (32 жана 33-пункттары) башка аскер кызматчыларына карата алардын зардалдары же баш ийгендер болуп эсептелбеген аскер кызматчылары улук же кенже аскер кызматчылары болушу мүмкүн.
Улуктук аскер кызматчыларынын аскердик наамдары боюнча аныкталат. Аскер наамы боюнча улук болгондор кенже наамдагы аскер кызматчылары аскердик тартипти, коомдук тартипти, жүрүш-туруш эрежелерин, аскердик атайын кийимди кийип жүрүү эрежелерин жана аскердик саламдашуу эрежелерин аткарбаган учурда алардан бул тартип бузууларды четтетүүнү талап кылууга тийиш. Наамы боюнча кенже болгон аскер кызматчылары аскердик наамы улуктардын бул талаптарын кыңк этпей аткарууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35. Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчылары милдеттерди чогуу аткарганда, алардын кызматтык өз ара мамилелери командир (зардал) тарабынан аныкталбаганда, алардын кызматы боюнча улугу, ал эми кызматтары бирдей болгондо аскердик наамы боюнча улугу зардал болуп эсептелет.
Буйрук (буйрук берүү), аны берүүнүн жана аткаруунун ырааты. Аскер кызматчыларынын демилгеси
36. Буйрук - командирдин (зардалдын) баш ийгендерге кайрылган жана белгилүү аракеттерди милдеттүү түрдө аткарууну, кандайдыр-бир иш-аракетти, абалды белгилеген тигил же бул эрежелерди сактоону талап кылган тескөөсү.
Буйрук кат жүзүндө, оозеки же байланыштын техникалык каражаттары боюнча бир аскер кызматчысына же алардын тобуна берилиши мүмкүн. Кат жүзүндөгү буйрук аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин зардалдары) тарабынан жеке башкаруу укуктарында чыгарылуучу аскердик башкаруунун кызматтык негизги тескөөчү документи болуп эсептелет. Оозеки буйруктар бардык командирлер (зардалдар) тарабынан берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37. Буйрук берүү - командир (зардал) тарабынан баш ийгендерге жеке маселелер боюнча милдеттерди жеткирүүнүн түрү. Буйрук берүү кат жүзүндө же оозеки жүргүзүлөт. Кат жүзүндө буйрук берүү аскер бөлүгүнүн командиринин атынан штабдын начальниги же гарнизондун зардалынын атынан гарнизондун коменданты тарабынан берилүүчү тескөөчү кызматтык документ болуп эсептелет.
Буйрук (буйрук берүү) мыйзамдардын жана аскердик уставдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
38. Командир (зардал) буйрук береер алдында жагдайга ар тараптан баа берүүгө жана анын аткарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды карап көрүүгө милдеттүү. Ал берилген буйрук жана анын натыйжалары, буйруктун мыйзамдарга ылайык келиши, ошондой эле бийлигинен кыянаттык менен пайдалангандыгы жана бийлигин же кызматтык ыйгарым укуктарын берилген буйрукта аша чапкандыгы жана анын аткарылышы үчүн чаралар көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат. Буйрук так жол-жоболоштурулууга, кош түшүнүккө жол бербөөгө жана баш ийген аскер кызматчысынын шектенүүсүн пайда кылбоого тийиш.
39. Буйруктар баш ийүүнүн ырааты боюнча берилет. Өтө зарыл болгондо улук зардал баш ийген аскер кызматчысына анын түздөн-түз зардалын аттап өтүү менен буйрук бере алат. Мындай учур тууралу ал баш ийген аскер кызматчысынын түздөн-түз зардалына билдирет же баш ийген аскер кызматчысына өзүнүн түздөн-түз зардалына бул тууралу билдирүүнү буйрук кылат.
40. Командирдин (зардалдын) буйругу кынтыксыз, так жана мөөнөтүндө аткарылууга тийиш. Аскер кызматчысы буйрук алары менен "Жарайт" - деп жооп берет жана андан кийин аны аткарат.
Өзү берген буйруктун туура түшүнүлгөндүгүнө ынануу зарыл болгондо командир (зардал) аны кыскача кайталоону талап кыла алат, ал эми буйрук алган аскер кызматчысы командирге (зардалга) аны кайталап коюу өтүнүчү менен кайрыла алат.
Алынган буйруктун аткарылгандыгы жөнүндө аскер кызматчысы буйрук берген зардалга жана өзүнүн түздөн-түз зардалына билдирүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчысына аскер кызматына тиешеси болбогон же мыйзамды бузууга багытталган буйруктар жана тескемелер берилиши, милдеттер коюулушу мүмкүн эмес.
41. Эгерде буйрукту аткарып жаткан аскер кызматчысы кызматтык абалы боюнча улук болгон башка зардалдан биринчи буйрукту аткарууга тоскоол болуучу жаңы буйрукту алса, ал бул тууралу экинчи буйрук берген зардалга билдирет жана ал тарабынан ырасталганда кийинки буйрукту аткарат.
Жаңы буйрук берген зардал алгачкы буйрук берген зардалга бул тууралу билдирет.
42. Аскер кызматчысы өзүнө коюлган милдетти ийгиликтүү аткаруу максатында аң сезимдүү демилге көрсөтүүгө милдеттүү. Ал алынган буйрук кескин өзгөргөн жагдайга ылайык келбегенде, ал эми жаңы буйрукту өз убагында мүмкүнчүлүк бербеген шарттар болгондо айрыкча зарыл.
Аскердик учурашуу
43. Аскердик учурашуу аскер кызматчыларынын жолдоштук биримдигинин көрүнүшү, өз ара урматтоонун күбөсү жана жалпы маданиятты билдирүү болуп эсептелет.
Бардык аскер кызматчылары жолугушканда (жанынан өткөндө) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында белгиленген эрежелерди бекем сактоо менен бири-бири менен учурашууга милдеттүү.
Баш ийгендер жана аскердик наамы төмөн болгондор биринчи болуп учурашат, ал эми алардын абалы бирдей болгондо ким өзүн кыйла сылык жана тарбиялуу деп эсептесе, ошол аскер кызматчысы биринчи учурашат.
44. Аскер кызматчылары мындан тышкары:
- Ата Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согуштарда курман болгон жоокерлердин боордоштук көрүстөндөрүнө;
- аскердик бөлүктөрдүн Күжүрмөн Тууларына;
- аскердик бөлүктөр тарабынан коштолгон көмүү процесси менен учурашат.
45. Аскердик бөлүктөр жана анын кичи бөлүмдөрү катарда бара жаткан кезде команда боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилерине жана анын орун басарлары;
- бардык тикелей зардалдар, ошондой эле аскердик бөлүктөрдү (кичи бөлүктөрдү) инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик үчүн дайындалган адамдар менен учурашат.
Катарда турган жерде жогоруда аталган адамдарга салам айтуу үчүн улук зардал "Түз тур", ОҢГО карап түздөнгүлө (СОЛГО карап, ОРТОГО карап түздөнгүлө)" деген команда берет, аларды тосуп чыгат жана баяндама жасайт.
Мисалы: "Жолдош генерал-майор, 110-мотоаткычтар бригадасы (батальону) жалпы бригадалык (батальондук) кечки текшерүүгө тизилди. Бригаданын (батальондун) командири полковник Асанов".
Аскердик бөлүк Күжүрмөн туу менен кошо тизилгенде (парадда, тизип кароодо, Аскердик ант берүү убагында жана башка учурларда) баяндамада аскердик бөлүккө ыйгарылган ардак наамдар жана ордендерди санап өтүү менен аскердик бөлүктүн толук аталышы көрсөтүлөт.
Катарда бара жатып саламдашуу учурунда зардал команда гана берет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
46. Аскердик бөлүктөр жана алардын кичи бөлүктөрү команда боюнча:
- Ата мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согуштарда курман болгон жоокерлердин боордоштук көрүстөндөрү менен;
- аскердик бөлүктөрдүн Күжүрмөн тууларына;
- аскердик кичи бөлүктөр тарабынан коштолгон көмүү процессиялары менен;
- бири-бири менен жолугушканда учурашат.
47. Бир жерде катарда турган аскерлердин Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен учурашуусу оркестрдин "Тосуу маршын" жана Мамлекеттик гимнди аткаруу менен коштолот.
Аскердик бөлүк өз бөлүгүнүн командиринен тартып андан жогорку зардалдар, ошондой эле инспекция (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу үчүн дайындалган адамдар менен учурашууда оркестр "Тосуу маршын" гана аткарат.
48. Сабактардын убагында, ошондой эле сабактардан бош мезгилде катардан тышкары жүргөн аскер кызматкерлери аскердик бөлүктөрдүн (кичи бөлүктөрдүн) зардалдары менен "Түз тур" же "Тур. Түз тур" деген команда боюнча учурашышат.
Штабдарда жана мекемелерде тикелей зардалдар жана инспекция (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу учун дайындалган адамдарга гана команда боюнча салам берилет.
Катардан тышкары сабактарда, ошондой эле жалаң гана офицерлер катышкан кеңешмелерде командирлердин (зардалдардын) аскердик саламдашуусу үчүн "Жолдош офицерлер" деген команда берилет.
"Түз тур", "Тур. Түз тур" же "Жолдош офицерлер" деген команданы ал жерде болгон командирлердин (зардалдардын) чоңураагы же келген командирди (зардалды) биринчи көргөн аскер кызматчысы берет. Ушул команда боюнча ал жерде болгондордун баардыгы туруп, келген командир (зардал) тарапка бурулушат жана тизмектик абалга келишет, ал эми баш кийими бар офицерлер, пропорщиктер мындан тышкары колун баш кийимине такашат.
Ошол жерде болгон командирлердин (зардалдардын) чоңураагы келген адамга жакындап келип ага баяндама жасайт.
Келген командир (зардал) баяндаманы угуп, "Эркин тур" же "Жолдош офицерлер" деген команда берет, ал эми баяндама берген офицер бул команданы кайталайт, андан кийин ал жерде болгондордун баардыгы "эркин туруу" абалына келишет. Баш кийими бар офицерлер, прапорщиктер колун түшүрөт жана андан ары келген командирдин (зардалдын) көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49. "Түз тур" же "Тур. Түз тур" деген команда берүү жана командирге (зардалга) баяндама жасоо аскердик бөлүккө ал алгач келгенде же ошол күнү жүзөгө ашырылат.
Улук командир (зардал) ал жерде болгондо кенже аскер кызматчысынын аскердик учурашуусу үчүн команда берилбейт жана баяндама жасалбайт.
Класста сабак өтүүдө "Түз тур" же "Тур. Түз тур" же "Жолдош офицерлер" деген команда ар бир сабактын алдында же ал бүткөндөн кийин берилет.
"Түз тур", "Тур. Түз тур" же "Жолдош офицерлер" деген команда ал жерде башка аскер кызматчылары болгон учурда командирге (зардалга) баяндама жасаардын алдында берилет, эгерде аскер кызматчылары жок болсо командирге (зардалга) баяндама гана берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
50. Мамлекеттик гимн аткарылып жатканда катарда турган аскер кызматчылары командасыз эле катардагы абалга өтүшөт, ал эми взводдон тартып андан жогорку кичи бөлүктөрдүн командирлери колун баш кийимине такашат.
Катардан тышкары турган аскер кызматчылары гимн ойнолуп жатканда катардагы абалга келишет, ал эми баш кийими болсо ага колун такашат.
51. Аскердик бөлүктөргө жана кичи бөлүктөргө аскердик учурашуу үчүн команда төмөндөгү учурларда берилбейт:
- аскердик бөлүк же анын кичи бөлүгү айгай боюнча көтөрүлгөндө, марш учурунда, ошондой эле тактикалык сабактарда жана машыгууларда;
- башкаруу пункттарында, байланыш түйүндөрүндө жана күжүрмөн күзөт (аскердик кызмат) өтөп жаткан жерлерде;
- ок атуу (кое берүү) учурунда ок атуучу жерде жана ок атуучу (старттык) жайда;
- аэродромдордо учуу мезгилинде;
- курулуш, чарбалык жумуштарды же окутуу максатындагы жумуштарды аткаруу мезгилинде, ошондой эле устаканаларда, парктарда, ангарларда, лабораторияларда сабак өтүү жана иштөө мезгилинде;
- спорттук мелдештердин жана оюндардын жүрүшүндө;
- тамак ичүү учурунда жана "Токтот" сигналы берилгенден "Тургула" кабары берилгенге чейин;
- оорулулар жаткан имарат жайларда, душтарда, мончолордо, дааратканаларда, жуунуучу бөлмөлөрдө.
Жогоруда саналып өткөн учурларда зардал же улук аскер кызматкери келген зардалга баяндама гана жасайт.
Мисалы: "Жолдош майор", 2-мотоаткычтар ротасы үйрөтмө атуулардын экинчи сабагын аткарып жатат. Ротанын командири капитан Сатаров".
Көмүү процессиясына катышкан аскердик кичи бөлүктөр аскердик учурашуу болбойт.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
52. Аскердик бөлүктө өткөрүлгөн салтанаттуу чогулуштарда, конференцияларда, ошондой эле спектаклдерде, концерттерде жана кинодо аскердик учурашуу үчүн команда берилбейт жана командирге (зардалга) баяндама жасалбайт.
Өздүк курамдардын жалпы чогулуштарында аскердик саламдашуу үчүн "Түз тур" же "Тур. Түз тур" деген команда берилет жана командирге (зардалга) баяндама жасалат.
Мисалы: "Жолдош полковник. Батальондун өздүк курамы жалпы чогулушка келди. Батальондун штабынын зардалы майор Бектуров".
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
53. Зардал же улук аскер кызматчысы айрым аскер кызматчысына кайрылганда, алардын ооруларынан башкалары катардагы абалга өтүшөт жана өзүнүн кызматын, аскердик наамын жана аты-жөнүн айтышат. Кол алышканда улук аскер кызматчысы колун биринчи берет. Эгерде улук аскер кызматчысынын мээлейи жок болсо, кенже аскер кызматчысы кол алышуунун алдында оң колунун мээлейин чечет. Баш кийими жок аскер кызматчылары кол алышканда башын бир аз ийкешет.
54. Зардалдын же улук аскер кызматчысынын ("Саламатсыздарбы, жолдоштор") саламына катарда турган же катардан тышкары турган аскер кызматчылары: "Саламаттыгыңызды тилейбиз" деп жооп беришет; эгерде зардал же улук аскер кызматчысы ("Кош болуңуздар, жолдоштор") деп коштошсо, аскер кызматчылары: "Кош болуңуз" деп жооп беришет. Жооп берүүдө "жолдош" деген сөз жана аскерлердин жана кызматтын түрүн атабастан анын аскердик наамы кошулуп айтылат.
Мисалы: жооп берүүдө: сержанттарга, старшиналарга, прапорщиктер менен лейтенанттарга - "Саламаттыгыңызды тилейбиз, жолдош кенже сержант", "Саламаттыгыңызды тилейбиз, жолдош прапорщик", "Кош болуңуз, жолдош лейтенант" жана ушул сыяктуу сөздөр айтылат.
55. Эгерде командир (зардал) кызматтык тартипте аскер кызматчысын куттуктаса же ага алкыш айтса, аскер кызматчысы командирге (зардалга): "Ата мекенге кызмат кыламын" деп жооп берет.
Эгерде командир (зардал) аскердик бөлүктү (кичи бөлүктү) куттуктаса ал үч жолу "Ура" деген сөздү созуп айтуу менен жооп берет, ал эми командир (зардал) алкыш айтса, аскердик бөлүк (кичи бөлүк) Ата мекенге кызмат кылабыз" деп жооп берет.
Инспекция (текшерүү) жүргүзүү үчүн келген командирлерге (зардалдарга) жана адамдарга өзүн тааныштыруунун тартиби
56. Аскердик бөлүккө келген улук командир (зардал) менен бөлүктүн командири гана учурашат. Башка адамдар аларга улук командир (зардал) тикелей кайрылганда гана өзүнүн аскердик кызматын, аскердик наамын жана аты-жөнүн атоо менен учурашат.
57. Аскер кызматчылары өздөрүнүн түздөн-түз зардалдары менен:
- аскердик кызматка дайындалганда;
- аскердик кызматын өткөрүп жатканда;
- аскердик наам ыйгарылып жатканда;
- орден же медаль менен сыйланганда;
- иш сапарына, дарыланууга же өргүүгө кетип жатканда жана кайтып келгенде учурашат.
Өзүнүн түздөн-түз зардалы менен учурашуу учурунда аскер кызматчылары өзүнүн аскердик кызматын, аскердик наамын, аты-жөнүн жана кайрылып жаткан себебин айтат.
Мисалы: "Жолдош майор. 1-мотоаткычтар ротасынын командири капитан Назаров. Мага капитан деген аскердик наам ыйгарылгандыгына байланыштуу сизге кайрылып жатамын".
58. Бригада (батальонго) жаңыдан дайындалган офицерлер менен прапорщиктер бригаданын (батальондун) командирине жана андан кийин анын орун басарларына, ал эми ротага дайындоо алгандан кийин батальондун командирине, ротанын командирине жана алардын орун басарларына кайрылышат.
Полктун (бригаданын) командири жаңыдан келген офицерлерди бригаданын (батальондун) офицердик курамына офицерлердин жакынкы кеңешмесинде же бригада (батальон) тизмекте турганда тааныштырат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
59. Аскердик бөлүктү инспекциялоо (текшерүү) учурунда анын командири келген, инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылган адамга, эгерде ал аскердик наамы боюнча бөлүктүн командири менен бирдей наамда же наамы боюнча андан жогору болсо учурашат; эгерде инспекциялоочу (текшерүүчү) наамы боюнча аскердик бөлүктүн командиринен төмөн болсо, анда ал аскердик бөлүктүн командири менен учурашат.
Инспекциялоонун (текшерүүнүн) алдында аскердик бөлүктүн командири инспекциялоочуга (текшерүүчүгө) инспекцияланып (текшерилип) жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлерин тааныштырат.
60. Инспекциялоочу (текшерүүчү) кичи бөлүктөргө барганда бул кичи бөлүктөрдүн командирлери аны күтүп алышат жана ага баяндама беришет.
Эгерде инспекциялоочу (текшерүүчү) кичи бөлүккө аскердик бөлүктүн командири менен келсе, анда кичи бөлүктүн командири инспекциялоочу (текшерүүчү) аскердик бөлүктүн командири менен бирдей наамда же наамы боюнча андан жогору болгондо ага баяндама жасайт.
Инспекциялоо (текшерүү) учурунда улук командир (зардал) келсе, анда ага докладды аскер бөлүгүнүн (бөлүктөрүнүн) командири жасайт, ал эми инспекциялоочу (текшерүүчү) өзүн тааныштырат.
61. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү аскердик бөлүккө келгенде аскердик бөлүктүн командири аларды тосуп алат, баяндама жасайт жана аскердик бөлүктүн карамагына келген бул адамдарды коштоп жүрөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
62. Аскердик бөлүккө (кичи бөлүккө) аскер кызматчылары улук командирлердин (зардалдардын) айрым кызматтык тапшырмаларын аткаруу үчүн келгенде аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) командири аскердик наамы жогору болгон аскер кызматчысына гана өзүн тааныштырат. Калган учурларда келген адамдар аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) командирине өздөрүн тааныштырат жана өздөрүнүн келишинин максаты жөнүндө баяндама жасашат.
63. Инспекциялоочу (текшерүүчү) же улук командирлердин (зардалдардын) айрым кызматтык тапшырмаларын аткаруучу аскер кызматчыларынын бардык көрсөтмөлөрү аскердик бөлүккө маалымдалат. Аталган адамдар аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) командирине инспекциялоонун (текшерүүнүн) натыйжалары же өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык тапшырманын аткарылышы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) аскер кызматчыларынын сунуш-талаптарын угууда инспекциялоочулар (текшерүүчүлөр) 8-тиркеменин талаптарын жетекчиликке алат.
Аскердик сылыктык жана аскер кызматчыларынын жүрүш-турушу жөнүндө
64. Аскер кызматчылары ар дайым жогорку маданияттын, жөнөкөйлүктүн жана сабырдуулуктун үлгүсү катары кызмат кылууга, аскердик ар-намысты ыйык сактоого, өзүнүн кадыр-баркын коргоого жана башкалардын кадыр-баркын урматтоого милдеттүү. Алар жүрүш-турушу менен жалаң гана өздөрү жөнүндө эмес, жалпы эле Куралдуу Күчтөрдүн ар-намысы жөнүндө пикир жаратаарын эсте тутууга тийиш.
Аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелер бири-бирин урматтоонун негизинде түзүлөт. Кызматтык маселелер боюнча алар бири-бирине "сиз-биз" деп кайрылууга тийиш. Жеке кайрылуу учурунда аскердик наам аскерлердин же кызматтын түрүн көрсөтпөстөн айтылат.
Зардалдар жана улук аскер кызмтачылары өздөрүнө баш ийген кенже аскер кызматчыларына кызмат боюнча кайрылууда алардын аскердик наамы жана аты-жөнү боюнча же наамынан мурун "жолдош" деген сөздү кошуу менен айтышат.
Мисалы: "Катардагы Алымов", "Катардагы жолдош", "Сержант Көлбаев", "Жолдош сержант" жана башка ушул сыяктуу.
Сержанттык, прапорщиктер курамдагы, аскердик наамдары жок аскердик кесиптик билим берүү мекемелеринин курсанттары, ошондой эле үйрөнчүк аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) курсанттарына кайрылууда: "Курсант Ишимов", "жолдош курсант" деп кайрылуу керек.
Баш ийген жана кенже аскер кызматчылары кызматы боюнча зардалдарга жана улук аскер кызматчыларына кайрылууда алардын аскер наамына "Жолдош" деген сөздү кошуу менен кайрылышат.
Мисалы: "Жолдош гвардиянын полковниги".
Кызматтан тышкаркы мезгилде жана тизмектен тышкары жерде аскер кызматчылары бири-бирине аскердик наамы боюнча гана эмес, ошондой эле аты-жөнү боюнча кайрыла алышат. Күндөлүк турмушта офицерлерге "офицердик сөзүм" деген ырастоочу туюнтманы колдонууга уруксат берилет жана бири-бири менен коштошууда "Кош болуңуз" деген сөздүн ордуна "урматтаймын" деп айтышат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жарандык өздүк курамындагы адамдарга кайрылууда аскер кызматчылары алардын аскердик кызматына "жолдош" деген сөздү кошуп айтышат.
Аскердик наамдарды бурмалоо, уят сөздөрдү, лакап аттарды жана тергеме аттарды колдонуу, оройлук жана текебер мамиле аскер кызматчыларынын аскердик ар-намысынын жана кадыр-баркынын түшүнүгүнө ылайык келбейт.
65. Катардан тышкаркы жерде буйрук берүүдө же буйрук алууда аскер кызматчылары катардагы абалга келүүгө, ал эми баш кийимчен болгон учурда колун баш кийимине алып келүүгө жана кайра түшүрүүгө милдеттүү.
Баяндама жасоодо же баяндама алууда аскер кызматчысы колун баш кийиминен баяндама бүткөндөн кийин ылдый түшүрөт. Эгерде баяндаманын алдында "Түз тур" деген команда берилсе, анда баяндама жасоочу зардалдын "Эркин тур" деген командасы боюнча ал команданы кайталайт жана колун баш кийминен түшүрөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66. Командирдин (зардалдын) же улук аскер кызматчысынын көзүнчө башка аскер кызматчысына кайрылууда, андан буга уруксат суроо зарыл.
Мисалы: "Жолдош полковник. Капитан Акматовго кайрылууга уруксат этиңиз".
67. Коомдук жерлерде жана коомдук транспортто бош орундар болбогондо, аскер кызматчысы өзүнүн ордун зардалга (улук аскер кызматчыга) бошотуп берүүгө милдеттүү.
Эгерде жолугушканда зардалдын (улук аскер кызматчысынын) жанынан эркин өтүп кетүүгө болбосо, анда баш ийген (кенже) аскер кызматчысы жол бошотууга жана аны менен учурашып аны өткөрүүгө, зардалдан (улук аскер кызматчысынан) озуп кетүү зарыл болгондо, баш ийген (кенже) аскер кызматчысы бул тууралу уруксат суроого тийиш.
Аскер кызматчылары жарандык калкка карата сылыктыкты сактоого, кары адамдарга, аялдарга жана балдарга өзгөчө көңүл бурууга, жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле кырсыктардын, өрттөрдүн, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын учурунда аларга жардам көрсөтүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
68. Аскер кызматчыларына колун кийиминин чөнтөгүнө салууга, зардалдын (улук аскер кызматчысынын) уруксатысыз анын көзүнчө отурууга же тамеки тартууга, ошондой эле көчөдө бара жатканда жана бул максаттар үчүн бөлүнбөгөн жерлерде тамеки тартууга тыюу салынат.
69. Турмуштун сергек мүнөзү аскер кызматчыларынын жүрүш-турушунун күндөлүк ченеми болуп калууга тийиш. Кызматта жана коомдук жерлерде алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалында жүрүү аскер кызматчысынын ар-намысын жана кадыр-баркын маскаралаган одоно тартип бузуу болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
70. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн кийимдин зарыл болгон түрлөрү белгиленет. Аскердик кийимдин түрү жана ажыратуу белгилери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Бардык аскер кызматчылары, ошондой эле запаста же отставкада жүргөн жарандар, аскер кызматынан аскердик кийимдин түрүн кийип жүрүү укугу менен бошотулгандар аскердик кийимдин түрүн кийип жүрүүгө укуктуу. Аскердик кийимдин түрү Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен эрежелерге так ылайыкталып кийилет.
Аскердик бөлүктүн чегинен тышкары жеринде эс алып жүргөндө, убактылуу бошотууда же өргүүдө аскер кызматчыларына аскердик кийимдин түрүн кийбөөгө уруксат берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
71. Аскердик сылыктыктын, жүрүш-туруштун жана аскердик учурашуунун эрежелери запаста же отставкада жүргөн жарандар аскердик кийимдин түрүн кийген учурда алар үчүн да милдеттүү болуп саналат. Алар аскердик кийимдин түрүн кийип жүрүүнүн белгиленген эрежелерин бекем сактоого тийиш.
3-глава. Бригаданын командирлеринин (зардалдарынын) жана негизги кызмат адамдарынын милдеттери, командирлердин (зардалдардын) жалпы милдеттери
72. Командир жеке зардал болуп саналат, тынчтык жана согуш мезгилде: өзүнө ишенилип берилген аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы үчүн; аскердик бөлүк (кичи бөлүк) тарабынан күжүрмөн милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы үчүн; күжүрмөн даярдык, тарбиялоо, аскердик тартип, өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы үчүн; ички тартип үчүн; курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын абалы жана сакталышы үчүн; техникалык, материалдык, медициналык, социалдык-укуктук жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу, келишимдик-дооматтык жумуш үчүн үчүн жооп берет.
Командир мамлекеттин коргоо жагындагы саясатын бекем жана ырааттуу түрдө турмушка ашырууга, аскердик бөлүктү (кичи бөлүктү) жеке кесиптик даярдоонун жана аны башкаруунун ыкмаларын такай өнүктүрүүгө, кадрлар менен иштиктүү жумуш жүргүзүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
73. Командир (зардал) өзүнө ишенип берилген аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын кармап турууга милдеттүү:
- күжүрмөн мобилизациялык даярдыкты кармап туруу жана өркүндөтүү боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана алардын аткарылышына жетишүүгө, планга зарыл өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду өз убагында киргизүүгө;
- курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык каражаттар менен толук камсыз кылууга жетишүүгө, аларды туура пайдаланууну уюштурууга;
- талаа шартында окутуунун сапатын жогорулатууга, кичи бөлүктөрдү күжүрмөн даярдыктын ар кандай даражаларына келтирүү боюнча сабактарды жана машыгууларды өткөрүүгө, өздүк курамдын өздөрүнүн милдеттерин билишине жана аткарышына жетишүүгө;
- ишенип берилген аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүктүн) чыныгы абалын ар тараптан билүүгө, анын тизмедеги жана накта курамы жөнүндө, ошондой эле курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушу жана абалы жөнүндө так маалыматтарды такай билүүгө;
- аскердик жана мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
74. Командир (зардал) баш ийгендердин күжүрмөн даярдыгына түздөн-түз жетекчилик кылууга милдеттүү:
- күжүрмөн даярдыкты уюштуруу боюнча милдеттерди пландаштырууга жана өз убагында коюуга;
- баш ийген командирлердин кесиптик билимдерин, усулдук чеберчилигин жана педагогикалык маданиятын такай өркүндөтүүгө;
- күжүрмөн окутууга өздүк курамды толук катыштырууга жетишүү менен машыгууларды жана сабактарды жеке өзү өткөрүүгө; машыккан адистерди даярдоону уюштурууга жана текшерүүгө;
- баш ийгендерге күжүрмөн даярдыктын жүрүшүндө контролдукту жүзөгө ашырууга жана зарыл жардам көрсөтүүгө, күжүрмөн окутууга атаандаштыкты, баш ийгендерди окутуу жана тарбиялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү бардык жаңы, алдыңкы нерселерди жайылтууга, чыныгы согуштук аракеттерге жакындатылган окутуунун шарттарын түзүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө.
Командир (зардал) күжүрмөн даярдыктын жүрүшүндө баш ийген аскер кызматчыларын укуктук жактан окутууну жана эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин үйрөнүүнү уюштурууга милдеттүү. Аскер бөлүгү (бөлүкчөсү) тарабынан күжүрмөн тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө командир (зардал) күжүрмөн уставдардын талаптарын жетекчиликке алуу менен эл аралык гуманитардык укуктун ченемдеринин сакталышы боюнча чараларды көрүшү, ал эми алардын бузулушуна күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууга тийиш. Мындай учурда баш ийген адамдардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) кылмыш жана (же) укук бузуу курамынын белгилери аныкталган учурда аскер бөлүгүнүн командири Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык иликтөө дайындайт жана аскер прокуратурасынын органдарына билдирет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
75. Командир (зардал) мамлекетте жана Куралдуу Күчтөрдө чечилип жаткан милдеттердин негизинде баш ийгендерди такай тарбиялоого милдеттүү:
- аларда Ата мекенди коргоого карата моралдык жана психологиялык даярдыкты, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендиги үчүн сыймыктанууну жана жоопкерчиликти калыптандырууга жана кармап турууга, аскер кызматчыларында аскердик парзды аткарууга зарыл болгон сапаттарды, Аскердик анттын ыйыктыгын жана бузулбай тургандыгын түшүнө билүүнү, каармандыкты, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты, кыраакылыкты, аскердик жолдошчулук жана өз ара жардам сезимин өнүктүрүүгө, бул максаттарда өзүнүн тарбиясынын жеке үлгүсүндө, кызматка катаал мамиле кылуунун, ошондой эле аскердик салттардын мисалдарын пайдаланууга (1, 2, 5-9-тиркемелер);
- улуттар аралык карым-катнаштардын маданиятын өркүндөтүүгө аскердик жамаатты баш коштурууга, ар кандай улуттардагы жоокерлердин ортосундагы достукту чыңдоо жөнүндө камкордук көрүүгө, алардын улуттук сезимдерин, салт-санаасын жана үрп-адаттарын эске алууга жана урматтоого;
- баш ийгендерге сезимтал жана көңүл буруп мамиле кылууга, өз ара мамилелерде текеберчиликке жана оройлукка жол бербөөгө, алардын жеке кадыр-баркын урматтоо менен жогорку талап коюучулукту жана принциптүүлүктү айкалыштырууга, аскер кызматчыларынын, аскер кызматынан бошотулган кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө жана аларды укуктук, социалдык жагынан камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө, чыгармачылыктын техникалык жана башка түрлөрүн өнүктүрүү, маданий өнүгүшү жана эс алышы, саламаттыгын жана дене түзүлүшүн чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө, зарыл учурда алар үчүн улук зардалдардын алдында өтүнүч берүүгө.
76. Командир (зардал) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын жоболорун жетекчиликке алып, өздүк курамдын аскердик бекем тартибин жана жогорку моралдык-психологиялык абалын кармап турууга милдеттүү.
Алгачкы текшерүү жүргүзүүдө аскердик бөлүктүн командири Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык процессуалдык кодексин жетекчиликке алат.
77. Командир (зардал) өздүк курамдын курал-жарак жана аскердик техника менен иштөөдө, марш жасоодо, машыгууларды өткөрүүдө, күжүрмөн атууларда (кое берүүлөрдө), учууларда, атайын сабактарда же жумуштарда, кароол жана ички (күзөт) кызматын аткарууда өлүмүн жана мертинишин болтурбай коюу боюнча чараларды көрүүгө, коопсуздуктун зарыл талаптарын белгилөөгө, коопсуздуктун бул маалыматтарын баш ийгендерге жеткирүүгө жана алардын бекем аткарылышын талап кылууга милдеттүү.
Сабактардын, жумуштардын же кызматтык иштин башка иш-чараларынын башталышынын алдында командир бул үчүн коопсуздук шарттары түзүлгөндүгүнө жана камсыз болгондугуна, баш ийгендер өздөрүнө жеткирилген коопсуздук талаптарын өздөштүргөндүгүнө жана аларды аткарууда жетиштүү болгон иш жүзүндөгү көндүмдөргө ээ экендигине жеке өзү ынанууга милдеттүү.
Өздүк курамдын өлүмүн жана мертинишин болтурбай коюу боюнча командир (зардал) тарабынан кабыл алынган чаралар күжүрмөн милдеттин аткарылышын үзгүлтүккө учуратууга алып келбөөгө тийиш.
78. Командир (зардал) өзүнө баш ийген бөлүктөгү (кичи бөлүктөгү) бекем ички тартипти камсыз кылууга милдеттүү:
- штабдын жана өзүнө баш ийген командирлердин (зардалдардын) ишин бардык аскер кызматчылары тарабынан аскердик уставдардын талаптарынын терең үйрөнүлүшүн жана аткарылышын уюштурууга багыттоого;
- кичи бөлүктөрдү аскердик шаарчада жана аскер кызматчыларын турак жай бөлмөлөрүндө туура жайгаштырууну уюштурууга;
- аскердик бөлүктүн күндөлүк ишинде убакытты максатка ылайыктуу бөлүштүрүүнү карап чыгууга;
- өздүк курамды суткалык наряддын кызматын өтөөгө карата ар тараптан даярдоону жүргүзүүгө; ички кызматтын өтөлүшүнө контролдукту уюштурууга, кароолдорду текшерүүгө жеке өзү катышууга, ошондой эле суткалык наряд кызматынын абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- аскер кызматчыларынын бир жерге барып келишинин, аскердик бөлүктүн аймагынан убактылуу бошотулушунун жана өткөрүү режиминин тартибин белгилөөгө жана анын сакталышын талап кылууга;
- парктагы, полигондогу жана кичи бөлүктөр убактылуу жайгашкан башка жерлердеги ички тартипти уюштурууга жана кармап турууга.
79. Командир (зардал) курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды оң абалда жана сакталган абалда кармап турууга, техникалык, материалдык, медициналык, каржылык, социалдык-укуктук жана турмуш-тиричилик жагынан камсыз кылууну уюштурууга жана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аскердик бөлүккө (кичи бөлүккө) келип түшкөн курал-жаракты жана аскердик техниканы кабыл алууну жана катарга киргизүүнү уюштурууга, өздүк курамдын аларды кабыл алууга жана пайдаланууга даярдыгын жеке текшерүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдаланууну пландаштырууга;
- курал-жарактын жана аскердик техниканын техникалык абалына жана пайдаланылышына контролдукту уюштурууга жана жүзөгө ашырууга, кырсыктардын жана кыйроолордун алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы эсепке алууну жана сактоону уюштурууга; материалдык каражаттарды алууну, сактоону жана эсепке алууну, аларды ташып келүүнү жана өзүнө баш ийгендерге берүүнү өз убагында талап кылууга жана уюштурууга, аскердик мүлктү жоготууга, жетишсиз кылууга, бузууга жана уурдоого бөгөт коюуга, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
- өздүк курамга бөлүнүп берилген акчалай жана башка каражаттардын түрлөрүн аларга толук жеткирүүнү камсыз кылууга, материалдык жана акчалай каражаттарды үнөмдүү жана максатка ылайык чыгымдоого, штаттык жана каржылык тартипти сактоого;
- аскер кызматчыларынын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, өздүк курамды медициналык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө; психикалык өнүгүшү жагынан мандеми бар аскер кызматчыларын психиатриялык күбөлөндүрүүгө жөнөтүүгө, ал эми зарыл учурда врач психиатрдын корутундусу боюнча дарылоого жиберүүгө;
- өзүнө баш ийгендердин соода, турмуш-тиричилик жагынан тейленишин жакшыртуу жөнүндө такай кам көрүүгө, мында социалдык адилеттүүлүктүн жана маалымдуулуктун принциптерин сактоого;
- аскердик чарбаны уюштурууга жана ага жеке, штаб, өзүнүн орун басарлары, аскерлердин түрлөрүнүн жана кызматтарынын зардалдары аркылуу жетекчилик кылууга;
- аскердик бөлүк (кичи бөлүк) иш жүргүзгөн чөлкөмдө айлана-чөйрөнү коргоо, бекитилип берилген жер участокторун максаттуу жана сарамжал пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө.
80. Командир (зардал) жеке өзүнүн кесиптик даярдыгын жана аскердик бөлүктү (кичи бөлүктү) башкаруунун ыкмаларын өркүндөтүүгө:
- өзүнүн аскердик, педагогикалык жана укуктук билимдерин жогорулатууга, курал-жаракты, аскердик техниканы, аларды согушта колдонуунун (пайдалануунун), оңдоонун жана эвакуациялоонун тартибин билүүгө;
- өзүнүн кызматтык ишине тийиштүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин билүүгө жана аларга ылайык иштөөгө, ошондой эле баш ийгендерден аларды сактоону талап кылууга;
- өзүндө жана өзүнө баш ийгендерде ишкердикти, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө карата илимий мамилени, өзүнүн ишинин натыйжаларына сын мамилени калыптандырууга, жумушта өзүнө баш ийгендердин сунуштарын эске алууга;
- өзүнө баш ийгендердин ортосунда жумуштарды жана милдеттерди билгичтик менен бөлүштүрүүгө, буйруктардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга; максатка умтулгандыкты, жеке жоопкерчиликти, алдын ала көрө билүү жана байкоочулук сезимин калыптандырууга, өздүк курам менен үзгүлтүксүз байланышты кармап турууга;
- өзүнө берилген укуктардын чектеринде өз алдынча, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалардын жамааттары, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери менен тыгыз байланышта, аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) салттарын колдоо жана көбөйтүү менен аракеттенүүгө милдеттүү. Бул максатта чогулуштар, аскердик оюн-зооктор, спорттук майрамдар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт, аларга эмгекчилер, коомчулуктун өкүлдөрү жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү чакырылат;
- жеке башкарууну ар тараптан бекемдөөгө, офицердик чогулушка таянууга алар менен бирге өздүк курамдын күч аракетин алдыга коюлган милдеттерди активдүү жана чыгармачылык менен аткарууга багыттоого;
- өздүк курамдын жана өзүнө баш ийген кичи бөлүктөрдүн арасында мелдешти уюштурууга, аскер кызматчыларын аскердик бөлүк (кичи бөлүм) тарабынан чечилүүчү милдеттерди ийгиликтүү аткарууга уюштурууга;
- өзүнө баш ийгендер менен аскердик даярдыктын жыйынтыктарын, аскердик тартиптин абалын, ички ыраатты күтүүнүн абалын системалуу түрдө чыгарып турууга жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды аныктоого; аскер кызматчыларынын жашоосунун жана турмуш-тиричилигинин ушул жана башка маселелерин аскер кызматчыларынын жалпы чогулуштарында үзбөй кароого, аларда иштелип чыккан сунуштарды тиешелүү милдеттерди аскердик бөлүктө (кичи бөлүмдө) чечүүдө эске алууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81. Командир (зардал) кадрлар менен билгичтик менен иш алып барууга:
- ар бири менен жеке маектешүү аркылуу өздүк курамды ар тараптан иликтөөгө, өзүнө баш ийгендердин ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аларды тарбиялоо боюнча күн сайын иш алып барууга;
- бул ишке өзүнүн орун басарларын, аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнүн зардалдарын тартуу менен, Офицердик чогулуштун пикирин жана такай иштеген аттестациялык комиссиянын тыянактарын эске алуу менен, офицерлерди, прапорщиктерди тандап алууну, жайгаштырууну жана аттестациялоону жүзөгө ашырууга;
- аскердик кесиптик билим берүүчү мекемелерге өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууга жетекчилик кылууга;
- аскер кызматчыларынын алдыда болуучу орун которууларынын маалымдуулугун камсыз кылууга, тажрыйбалуу жана жаш кадрларды айкалыштыруу менен жетекчиликтин кийинкиге өтүшү үчүн кадрдык резервдерди жана шарттарды түзүүгө;
- өзүнө баш ийгендер менен жекече маектерди өткөрүүгө;
- өзүнө баш ийгендерди эрдиги жана көрсөткөн туура демилгеси, жакшы дымагы жана кызматтагы артыкчылыгы үчүн мактоого жана тартипсиздерден катуу талап кылууга милдеттүү.
Мындан тышкары аскердик бөлүктүн командири айына кеминде эки жолу күн тартибинде белгиленген мезгилде аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке маселелер боюнча кабыл алууга, ал эми кичи бөлүктүн командири өзүнө баш ийгендерди күжүрмөн кезметтен, суткалык наряддагы милдеттерди аткаруудан жана сабактардан бош болгон мезгилде кабыл алууга тийиш.
82. Командир (зардал) илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук жумушка жетекчилик кылууга:
- Милдеттерди аныктоого, илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук жумуштун пландарын уюштурууга жана аткарылышына контролдук жүргүзүүгө, алардын материалдык-техникалык жагынан аткарылышын камсыз кылууга;
- аскер кызматчыларынын чыгармачылыгын аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүктүн) алдында турган милдеттерди аткарууда келип чыккан проблемаларды чечүүгө багыттоодо;
- илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук жумушка жеке өзү катышууга, алдыңкы тажрыйбаны иликтөөгө, жалпылоого жана жайылтууга, конференцияларды, кеңешмелерди, кароолорду жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү уюштурууга жана алардын ишине катышууга;
- мыкты чыгармачыл натыйжаларга жетишкен аскер кызматчыларын сыйлоого милдеттүү.
83. Командир (зардал) жарандык персоналдын эмгектик ишине байланыштуу маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарын, мыйзам менен аскердик кызмат белгиленген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилерине тийиштүү бөлүгүндөгү ченемдик укуктук актылардын негизинде чыккан буйруктарды жетекчиликке алууга милдеттүү.
Ал жарандык өздүк курамдын иш эмгегин туура уюштуруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү үчүн шарттарды түзүү, эмгектик жана өндүрүштүк тартипти камсыз кылуу, эмгекти коргоо эрежелерин сактоо, эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн жооп берет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
84. Убактылуу бир жакка кеткенде командир (зардал) өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн өзүнүн орун басарын калтырат. Өзүнүн штаттык орун басары жок болгондо жана орун басары командир (зардал) тарабынан көрсөтүлбөгөндө, командованиени кызматы боюнча улук аскер кызматчысы, ал эми кызматтар бирдей болгондо аскердик наамы боюнча улук аскер кызматчысы өз колуна алат. Командованиени колуна алган аскер кызматчысы бул тууралу улук командирге (зардалга) баяндайт.
85. Аскердик бөлүктүн жаңыдан дайындалган командири командованиеге улук командирдин (зардалдын) буюртмасынын же буйругунун негизинде өтөт. Командованиеге өткөндүгү жөнүндө аскердик бөлүктүн командири буйрукта жарыялайт жана улук командирге (зардалга) баяндайт.
Аскердик бөлүктүн жаңыдан дайындалган командири аскердик бөлүктүн (кичи бөлүктүн) өздүк курамына улук командир (зардал) тарабынан тааныштырылат.
86. Ротанын командиринен тартып андан жогорку аскердик бөлүктөрдүн, кичи бөлүктөрдүн жаңыдан шайланган командирлери кызматты кабыл алууда аскердик бөлүктүн, кичи бөлүктүн аскер кызматчыларынын арыздарын жана даттанууларын аныктоо жана аларды кийин чечүү максатында аларга суроо менен кайрылат (8-тиркеме).
87. Бригаданын (батальондун) жана өзүнчө батальондун командирлеринин иштерди жана кызматты кабыл алышынын жана өткөрүшүнүн мөөнөтү 10 күндөн ашпаган, бригаданын (батальондун) командиринин курал-жарак жана оорук боюнча орун басарларыныкы - 20 күндөн ашпаган, батальондун командириники жана ротанын командириники - 5 күндөн ашпаган, кызматтардын зардалдарыныкы - 15 күндөн ашпаган мезгилге белгиленет. Башка кызмат адамдарынын иштерди кабыл алышынын жана өткөрүшүнүн мөөнөтү улук командир (зардал) тарабынан, 30 күндөн көп эмес мөөнөткө аныкталат.
Улук командир (зардал) тарабынан тиешелүү актынын бекитилиши иштерди жана кызматтарды кабыл алуунун жана өткөрүүнүн аякталышы деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88. Аскердик бөлүктүн командири иштерди жана кызматтарды кабыл алууну жана өткөрүүнү улук командирдин (зардалдын) өкүлүнүн катышуусу менен жеке жүргүзөт.
Мындан тышкары, иштерди жана кызматтарды кабыл алуу жана өткөрүү үчүн улук командирдин (зардалдын) буйругу менен комиссия дайындалат, ал аскердик бөлүктүн жалпы абалын, курал-жарактын, аскердик техниканын, ок-дарылардын болушун жана алардын эсепке алынышын, ошондой эле аскердик бөлүктүн аскердик жана каршылык чарбасын өзүнчө текшерет жана акт түзөт.
Иштерди жана кызматтарды кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндө актыда: аскердик бөлүктүн тизмедеги жана болгон курамы; согуштук жана мобилизациялык даярдыктын, аскердик даярдыктын, окуу-материалдык базанын абалы; өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы жана аскердик тартиптин абалы көрсөтүлөт.
Курал жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндөгү актыда: документтер боюнча алардын болгон саны, иш жүзүндө болгону; курал-жарактын, аскердик техниканын жана ок-дарылардын сапаттык жана техникалык абалы; аларды күтүүнүн жана сактоонун шарттары көрсөтүлөт.
Аскердик жана каржылык чарбаны кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндөгү актыда: квартиралык, турмуш-тиричилик шарттары, күйүүчү майлардын, азык-түлүктүн, буюмдук, техникалык мүлктүн жана башка материалдык каражаттардын күндөлүк керектөөгө кетүүчү каражаттары да, ошондой эле кол тийгис запастын каражаттарынын да, ошондой эле акчалай каражаттардын болушу, абалы, чыгымдалышынын мыйзамдуулугу, эсепке алынышы жана сакталышынын тартиби көрсөтүлөт.
Актыга кабыл алган жана өткөргөн командирлер, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү кол коет жана улук командирге (зардалга) бекитүүгө берилет.
89. Кичи бөлүктүн командири аскердик бөлүк боюнча буйруктун негизинде иштерди жана кызматтарды кабыл алууну (өткөрүүнү) жеке өзү жүргүзөт.
Иштерди жана кызматтарды кабыл алуу (өткөрүү) жөнүндө кичи бөлүктүн командири аскердик бөлүктүн командирине кат жүзүндө команда боюнча баяндайт.
Кызматты кабыл алуучу баяндама менен чогуу кичи бөлүктү кабыл алуу жөнүндө актыны көрсөтөт, анда: кичи бөлүктүн тизмедеги жана болгон курамы; күжүрмөн даярдыктын, аскердик даярдыктын абалы; өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы жана аскердик тартиптин абалы; курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушу жана абалы; аскер кызматчыларынын турак жай жана турмуш-тиричилик шарттарынын абалы көрсөтүлөт.
Акт кызматты кабыл алуучу жана өткөрүүчү тарабынан түзүлөт жана кол коюулат.
Кызмат адамдарынын, солдаттардын милдеттери бригаданын командири
90. Бригаданын командири Куралдуу Күчтөрдүн негизги тактикалык жана административдик-чарбалык бирдигинин командири болуу менен, тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы үчүн; бригада тарабынан күжүрмөн милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы үчүн; өздүк курамдын аскердик даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы жана аскердик кызматтын коопсуздугу үчүн; ички ырааттуулук үчүн; курал-жарактын, аскердик техниканын жана бригаданын башка материалдык каражаттарынын абалы жана сакталышы үчүн, бригаданын техникалык, материалдык, медициналык, каржылык, социалдык-укуктук жана турмуш-тиричилик жагынан камсыз болушу үчүн жооп берет. Бригаданын командири бригаданын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
91. Бригаданын командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгына жана тарбияланышына жетекчилик кылууга, бригаданы билгичтик менен башкарууга;
- батальондор менен машыгууларды өткөрүүгө, бригаданын штабынын даярдыгын жүргүзүүгө, батальондордун командирлери, батальондордун курамына кирбеген роталардын командирлери, алардын орун басарлары жана бригаданын аскерлеринин жана кызматтарынын түрлөрүнүн зардалдары менен сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле бригаданын кичи бөлүктөрү менен сабактарды өткөрүүгө;
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын, күжүрмөн даярдыгын иштеп чыгууга жана анын пландарын аткарууга жетекчилик кылууга;
- бригаданын өздүк курамын, курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка техникалык каражаттарды ядролук, химиялык жана биологиялык курал-жарактан жергиликтүү жана жарандык коргонууну эске алуу менен коргоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
- кичи бөлүктүн ар бир офицеринин, прапорщигинин жана старшинасынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча офицерлер менен такай иш жүргүзүүгө; Офицердик чогулуштун ишин офицерлердин жамаатын баш коштурууга уюштурууга жана багыттоого, анын сунуштарын жана пикирлерин карап чыгууга жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- аскердик жамааттарда маалымдуулукту, социалдык адилеттүүлүктү, аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө, кичи бөлүктөрдө кемчиликтерге, кайдыгерликке жана пассивдүүлүккө карата келишпес мамиле түзүү жагдайын түзүүгө;
- жаңыдан келген толуктоону кичи бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүүгө жетекчилик кылууга жана аны 1-тиркемеде көрсөтүлгөн тартипте Аскердик антка тартууга;
- кадрларды тандап алууга жана жайгаштырууга, жарандардын ишине жана аскердик кызматка кабыл алууга жетекчилик кылууга, аскердик кесиптик билим берүүчү мекемелерге өтүү үчүн кандидаттарды аныктоого, мында Офицердик чогулуштун жана такай иштеген аттестациялык комиссиянын тыянактарын, сунуштарын жана пикирлерин эске алууга;
- аскер кызматчыларынын өргүүлөрүнүн графигин бекитүүгө;
- күн тартибин жана кызматтык мезгилдин регламентин белгилөөгө, ички тартипти сактоону талап кылууга, аткарылган милдеттерди жана сабактардын тизмесине ылайык өздүк курамдын кийиминин түрүн аныктоого;
- бөлүкчөлөрдү жайгашкан жерди, аны кайтарууну жана аларды коргоону, кароол жана ички кызматтарды контролдоону уюштурууга, алардын өтөлүшүн текшерүүгө;
- укук бузуулардын жана окуялардын алдын-алуу боюнча чараларды көрүүгө, ал эми алар жасалган учурда улук командирге (зардалга) баяндоого, аскер прокуроруна билдирүүгө, кызматтык иликтөө дайындоого; адамдардын өлүмүнө байланышкан же башка оор кесепеттерге алып келген кыйроолорду жана башка окуяларды, ошондой эле аскердик уставдарда аныкталган аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин эрежелери бузулган учурларды иликтөөгө жеке өзү катышууга;
- терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды бригадада уюштурууга, бул максаттар үчүн бөлүнгөн күчтөрдү жана каражаттарды түздөн-түз жетектөөнү ишке ашырууга;
- аскердик даярдыктын, аскердик тартиптин жана ички ырааттуулуктун абалына талдоо жүргүзүүгө, айына кеминде бир жолу жыйынтыктарды чыгарууга жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
- белгиленген корлорду кармап туруу, курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды сактоо, оң абалда күтүү боюнча чараларды көрүүгө, мезгил-мезгили менен алардын бар экендигин, абалын жана күжүрмөн даярдыгын текшерип турууга; жылына кеминде эки жолу курал-жаракты жана аскердик техниканы карап чыгууну өткөрүүгө, кароонун натыйжаларын бригада боюнча буйрукта жарыялоого;
- Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилерин жана анын орун басарларын, бригаданын командиринен улук болгон тикелей зардалдарды жана ущул Уставдын 59-пунктунда аныкталган тартипте инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу үчүн дайындалган адамдарды тосуп алууга, баяндама жасоого жана бригаданын аймагында коштоп жүрүүгө;
- курал-жарак аскердик техника жана ок-дары менен иш жүргүзүүдө, сабактарды, ок атууларды, машыгууларды жана жумуштарды жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырышына;
- аскер кызматчыларынын турмуш-тиричилигин жакшыртуу, алардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча чараларды көрүүгө, жумасына бөлүнгөн продуктылардын кандай бөлүнүшүн карап чыгууга жана бекитүүгө, тамак-аштын сапатына жана толук берилишине күн сайын контролдук жасоого, жума сайын жасалган тамак-аштын сапатын жеке өзү текшерүүгө;
- материалдык жана акчалай каражаттардын мыйзамдуу жана үнөмдүү чыгымдалышын камсыз кылуу менен, бригаданын каржылык жана чарбалык ишине жетекчилик кылууга;
- казармалык-турак жай фондусунун, башка имараттардын жана курулуштардын, бригаданын аймагынын күтүлүшүнө жана туура пайдаланылышына, ошондой эле бригаданын өрттөн сакталышынын абалына көз салууга;
- бригада жайгашкан чөлкөмдө машыгууларды, күжүрмөн даярдыктын жана күндөлүк иштин башка иш-чараларын өткөрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө;
- кызмат адамдарын, ички текшерүү комиссияларын жана коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен кызматтар боюнча аскердик мүлктүн, ошондой эле акчалай суммалыктар менен баалуулуктардын болушун пландуу жана капысынан текшерүүнү жеке өзү жүргүзүүгө; мамлекетке келтирилген материалдык зыян табылганда кызматтык иликтөө дайындоого жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген компетенциясына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
92. Бригаданын командири окутуунун ар бир мезгили башталаардын алдында өзүнө регламенттөөгө укук берилген ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставынын ошол жоболорун аткаруунун тартибин аныктаган кат жүзүндө буйрук берет (11-тиркеме).
Мындан тышкары бригаданын командири тизмектик бөлүк боюнча кат жүзүндөгү буйруктарды, ал эми зарылдыгына жараша күжүрмөн даярдык жана башка маселелер боюнча буйруктарды берет. Буйруктарга полктун командири жана штабдын зардалы кол коет.
Бригаданын командиринин орун басары
93. Бригаданын командиринин орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: күжүрмөн даярдык үчүн; аскердик тартипти жана ички ырааттуулукту кармап туруу үчүн, окуу-материалдык базаны түзүү, аны такай өркүндөтүү жана оң абалда күтүү үчүн; бригада машыккан адистерди даярдоо үчүн; спорттук, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иш үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш ийип, анын биринчи орун басары жана бригаданын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. Бригаданын командири жок болгондо ал анын милдеттерин аткарат.
Бригаданын командиринин орун басарынын кызматы штатта каралбаган аскердик бөлүктөрдө анын милдетин бригаданын штабынын зардалы аткарат.
94. Бригаданын командиринин орун басары күжүрмөн даярдыкты түздөн-түз уюштуруучу болуп эсептелет. Ал төмөндөгүлөргө милдетүү:
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын, бригаданын күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга жана аткарууга катышууга;
- офицерлер жана прапорщиктер менен сабактарды, ошондой эле кичи бөлүктөрү менен машыгууларды жана сабактарды өткөрүүгө;
- бригада дене тарбиясы жагынан даярдоого, спорттук иштерге жана спорт комплексин өнүктүрүүгө жетекчилик кылууга;
- бригада машыккан адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жеке өзү өткөрүүгө;
- бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү күжүрмөн даярдыкты уюштурууну жана анын абалын текшерүүгө, кичи бөлүктөрдүн командирлерине белгилүү болгон кемчиликтерди четтетүүдө, сабактарды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө;
- күжүрмөн окутууга, алдыңкы тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу боюнча ишке жетекчилик кылууга;
- кичи бөлүктүн ар бир офицеринин, прапорщигинин жана старшинасынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча офицерлер менен такай иш жүргүзүүгө;
- аскердик кызматка кабыл алуу үчүн кандидаттарды, ошондой эле аскердик кесиптик билим берүү мекемелерине өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууну жүзөгө ашырууга;
- окуу-материалдык базанын объектилерин жабдуу жана өркүндөтүү боюнча ишке жетекчилик кылууга, бригаданын кичи бөлүктөрүн материалдык каражаттар, күжүрмөн даярдык үчүн арналган окуу жана көрсөтмө куралдар менен өз убагында камсыз кылууга, алардын эсепке алынышына жана күтүлүшүнө көз салууга;
- сабактарды, ок атууларды жана машыгууларды жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын, Айлана чөйрөнү коргоонун нормаларынын жана эрежелеринин аткарылышын текшерүүгө;
- илимий методикалык иштерге, ошондой эле бригада ойлоп табуучулук жана рационализатордук боюнча комиссияга жетекчилик кылууга;
- жумасына кеминде бир жолу суткалык наряддын даярдыгын жана анын кызмат өтөшүн, ошондой эле бригада анын кичи бөлүктөрүндөгү ички тартиптин сакталышын текшерүүгө.
Бригаданын штабынын зардалы
95. Бригаданын штабынын зардалы тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданын кичи бөлүктөрүн башкарууну уюштуруу жана аны кармап туруу үчүн; бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы жана бригада тарабынан күжүрмөн милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы үчүн; күжүрмөн даярдыкты пландаштыруу үчүн; бригаданы башкарууну камсыз кылуучу штабды жана кичи бөлүктөрдүн даярдыгы үчүн; бригада кароол жана ички кызматты уюштуруу үчүн; штабдын өздүк курамынын жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн тарбияланышы, аскердик тартибин жана моралдык-психологиялык абалы, алардын курал-жарак жана аскердик техника менен камсыз болушу үчүн; бригаданын өздүк курамын, курал-жарагын, аскердик техникасын жана ок-дарыларын эсепке алуунун абалы үчүн жооп берет. Бригаданын штабынын зардалы бригаданын командирине баш иет, анын биринчи орун басары жана бригаданын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
Бригаданын командиринин чечимдерин турмушка ашырууда штабдын зардалы бригаданын командирине баш ийгендерге анын атынан буйрук берүүгө укуктуу. Берилген бардык алда канча маанилүү буйруктар жөнүндө штабдын зардалы бригаданын командирине баяндама жасайт.
96. Бригаданын штабынын зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- штабдын жумушун уюштурууга жана ага күн сайын жетекчилик кылууга, аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнүн зардалдарынын ишин макулдашууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүнүн чыныгы абалын жана күч-кудуретин такай билүүгө, ошондой эле аларга коюлган милдеттерди аткаруунун жүрүшүн контролдоого;
- бригада штабынын офицерлери менен сабак өткөрүүгө, батальондордун штабдарын жана бригаданы башкарууну камсыз кылуучу. кичи бөлүктөрдү даярдоого жетекчилик кылууга;
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын планын жана ядролук, химиялык жана биологиялык куралдардан коргонуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга, бригадада мобилизациялык ишине жетекчилик кылууга;
- бригаданын күжүрмөн даярдыгынын планын, бригаданын командирине түздөн-түз баш ийген кызмат адамдары жана штабдын офицерлери тарабынан кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын абалын текшерүү планын, бригаданын аскер кызматчыларынын өргүү графигин иштеп чыгууга, алардын аткарылышын контролдоого;
- ар бир офицердин жана прапорщиктин, ошондой эле штабдын жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн бардык сержанттарынын ишмердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча офицерлер менен такай иш жүргүзүүгө;
- бригадага келген толуктоолорду кичи бөлүктөр боюнча бөлүштүрүүгө;
- бригадада байланышты уюштурууга, байланыш каражаттарынын абалын жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө, жашыруун башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга, башкарууну автоматташтыруунун каражаттарын киргизүүгө;
- бригаданын командиринин жана улук командирлердин (зардалдардын) бардык буйруктарынын кичи бөлүктөргө жана кызматтарга чейин өз убагында жана туура жеткирилишин уюштурууга, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүгө; маанилүү буйруктарды жеке өзү берүүгө жана алардын аткарылышын текшерүүгө;
- бригаданын Күжүрмөн Туусунун жана ордендеринин, ошондой эле ардактуу тууларынын, белгилеринин, желекчелеринин жана алардын документтеринин туура сакталышын жана күтүлүшүн уюштурууга;
- бригадада кароол жана ички кызматтардын даярдыгын жана өтөлүшүн уюштурууга жана жумасына кеминде бир жолу текшерүүгө;
- нарядга турардын алдында бригада боюнча кезметчини, анын жардамчысын, текшерип өткөрүү пункту боюнча кезметчини жана бригаданын штабы боюнча кезметчини, ошондой эле иш сапарына кетип жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлерин (командалардын зардалдарын) инструкциядан өткөрүүгө жана бул кичи бөлүктөрдүн (командалардын) бардык зарыл нерселер менен камсыз болушун текшерүүгө;
- бригадада адамдардын жана курал-жарактардын болушун, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушун жана алардын абалын такай билүүгө, ошондой эле аларды эсепке алууну күн сайын жетектөөгө;
- күжүрмөн даярдыктын эсебин алууга;
- бригаданын тарыхый формулярын жүргүзүүгө;
- курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бар экендигин жана анын абалын, ошондой эле өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдөгү аларды сактоо тартибин уюштурууга жана жылына кеминде эки жолу текшерүүгө, сабактарда жана жумуштарда коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча аскер кызматчылары менен өткөн сабактардын сапатын контролдоого;
- жогору турган штабга зарыл болгон баяндамаларды өз убагында берүүгө;
- мамлекеттик сырларды коргоо жана маалыматтык. коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жеке өзү башкарууга, чечилүүчү тапшырмаларды жана жагдайдын шарттарын эске алуу менен, жашыруун маалыматтар чыгышы мүмкүн болгон каналдарды жабуу боюнча чараларды көрүүгө;
- террористтик коркунуч деңгээлдерине ылайык бригаданын өздүк курамынын аракеттери боюнча документтерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын командиринин өздүк курам менен иш жүргүзүү боюнча орун басары
97. Бригаданын командиринин өздүк курамы менен иш жүргүзүү боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: өздүк курамды тарбиялоо, аскердик тартип, моралдык-психологиялык абал жана коомдук-мамлекеттик даярдык үчүн; аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жарандык өздүк курамды социалдык-укуктук коргоо боюнча жумуштардын таасирдүүлүгү үчүн; бригаданы социалдык-укуктук, маалымат, психологиялык жана маданий эс алуу жагынан камсыз кылуу үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш иет жана бригаданын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
98. Бригаданын командиринин өздүк курам менен иш жүргүзүү боюнча орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын, күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга жана аткарылышын камсыз кылууга катышууга;
- ар бир аскер кызматчысынын улуттук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, билим деңгээлин, динге мамилесин эске алуу менен өздүк курамды тарбиялоону уюштурууга жана өткөрүүгө; аскер кызматчыларында Ата мекенге, аскердик парзга жана Аскердик антка берилгендикти, аскердик жана моралдык-психологиялык жогорку сапаттарды калыптандырууга;
- аскердик тартипти жана укук тартибин чыңдоо, өздүк курамдын ичиндеги укук бузуулардын алдын-алуу, аскердик жамааттарды баш коштуруу; аскер кызматынын коопсуздук шарттарын камсыз кылуу боюнча айкын иш-чараларды өткөрүүнү жүзөгө ашыруу;
- бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү ар бир офицердин, прапорщиктин жана старшинанын ишкердик, моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө;
- аскердик кадрларды иликтөө, алардын аскердик-кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча ишке катышууга;
- аскер кызматчыларынын маанайын, коомдук пикирин жана психологиялык абалын иликтөөгө, бригаданын өздүк курамынын жалпы моралдык психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө, аскер жамааттарында адеп-ахлактык жагымдуу жагдайды кармап туруу боюнча чараларды ишке ашырууга;
- аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жарандык өздүк курамга карата социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүүгө, алардын муктаждыктарын жана сунуш талаптарын билүүгө, негизделген даттанууларды жана арыздарды өз убагында чечүүгө, ошондой эле бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө карата чараларды көрүүгө;
- аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга дүйнөдөгү жана турмуштагы окуялар, армиянын окуу-күжүрмөн иши жөнүндө маалымат берүүгө, өздүк курамга мамлекеттин ички жана тышкы саясатын, аскердик-саясий кырдаалды жана андан келип чыгуучу милдеттерди түшүндүрүүгө; өздүк курамдын коомдук-мамлекеттик даярдыгын уюштурууга; тарбия ишин жүргүзүүгө бөлүктөрдүн командирлерин окутууга;
- окуу процессин, күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматты) кароол жана ички кызматты моралдык-психологиялык жагынан камсыз кылууну уюштурууга;
- бригада иш жүргүзгөн Офицердик чогулуштун, аялдар кеңешинин, кесиптик бирлик уюмунун, кеңештердин жана комиссиялардын өз ара аракетин уюштурууга жана аларга иш жүзүндө жардам көрсөтүүгө;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын коомдук бирикмелери менен социалдык проблемаларды чечүү, өздүк курамды тарбиялоо, жаштарды аскердик кесипке багыттоону уюштуруу жана аскердик кызматты пропагандалоо максатында байланышты кармап туруу;
- аскер кызматчыларынын рухий жана маданий өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө, өздүк курамдын эс алуусун уюштурууга;
- тарбиялоо ишинин процессинде техникалык каражаттарды жана маданий-эс алууга тиешелүү мүлктөрдү туура пайдалануу, мезгилдүү басылмалардын жана почта жөнөтүүлөрүнүн өз убагында жеткирилишин жана өздүк курамга тапшырылышын контролдоого;
- бригадада укук бузууларды, окуяларды жана тартиптик жоруктарды эсепке алууга;
- өздүк курамдын аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык абал жөнүндө бригаданын командирине өз убагында баяндама жасоого.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бригаданын командиринин курал-жарак боюнча (инженердик-авиациялык кызмат) орун басары-техникалык бөлүктүн зардалы
99. Бригаданын командиринин курал-жарак (инженердик-авиациялык кызмат) - боюнча орун басары - техникалык бөлүктүн зардалы тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданы техникалык жагынан камсыз кылуу үчүн; курал-жарактын жана аскердик техниканын өзүнө баш ийген кызматтар боюнча техникалык абалы, туура пайдаланылышы, оңдолушу жана эвакуацияланышы жана алар менен кичи бөлүктөрдүн (авиациядан башка) камсыз кылынышы үчүн; кампалардагы курал-жарактардын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн, ошондой эле техникалык позициялардын атайын курулуштарынын, өзүнө баш ийген кампалардын, парктардын (самолеттор, вертолеттор токтоочу жерлердин) абалы жана аларда ички кызматты уюштуруунун абалы үчүн; бригаданын өздүк курамынын техникалык даярдыгы үчүн; өзүнө тикелей баш ийген кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы үчүн; алардагы өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш иет жана бригаданын бүткүл курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
100. Бригаданын командиринин курал-жарак (инженердик-авиациялык кызмат) орун басары - техникалык бөлүктүн зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын, күжүрмөн даярдыктын пландарын иштеп чыгууга катышууга жана алардын өз адистиги боюнча аткарылышын уюштурууга;
- өзүнө баш ийген кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын күжүрмөн даярдыгына жана ишине жетекчилик кылууга;
- өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдөгү жана кызматтардагы ар бир офицердин, прапорщиктин жана сержанттын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен такай иш жүргүзүүгө;
- бригаданын өздүк курамын техникалык жагынан даярдоого жетекчилик кылууга, бригаданын офицерлери жана прапорщиктери менен айдоо, курал-жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды иликтөө, техникалык жагынан камсыз кылууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча сабактарды, ошондой эле техникалык адистиктер боюнча машыккан адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдаланууну, оңдоону жана эвакуациялоону алардын ар дайым оң болушун камсыз кылуу менен уюштурууга;
- өздүк курамдын курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдалануунун, оңдоонун жана эвакуациялоонун эрежелерин билишин системалуу текшерүүгө;
- кичи бөлүктөрдөгү күйүүчү, майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды туура колдонууга жана үнөмдүү чыгымдоого көз салууга;
- жылына кеминде эки жолу курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын абалын текшерип турууга жана жылына эки жолу ок атуучу куралды текшерүүнү уюштурууга, мында күндөлүк колдонулуучу ок атуучу курал номери боюнча текшерилет; текшерүүлөрдүн натыйжаларын актыларда жана буйруктарда чагылдырууга;
- техникалык позицияларда, парктарда өзүнө баш ийген кампаларда атайын курулуштарды жабдуу, аларды жаратылышты коргоочу жабдуулар, коргоо техникалык каражаттар менен жабдуу, өрткө карата иш-чараларды аткаруу боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга;
- парктарда ички кызматты өтөөнү уюштурууга жана контролдоого; парк боюнча кезметчини нарядга турардын алдында инструкциядан өткөрүүгө;
- запастык тетиктерди, паркка керектүү жабдууларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү өз убагында талап кылууга, аларды алууну, сактоону, бригаданын кичи бөлүктөрүнө берүүнү жана туура пайдаланууну уюштурууга;
- курал-жарак жана аскердик техника менен болгон окуялардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө, алардын себептерине талдоо жүргүзүүгө; курал-жаракты жана аскердик техниканы даярдоодо жана пайдаланууда коопсуздуктун талаптарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- бригаданын курал-жарагын жана аскердик техникасынын түзүлүшүн жана аларды пайдалануунун эрежелерин, алардын болушун жана техникалык абалын билүүгө; белгиленген эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнү уюштурууга жана контролдоого;
- ок-дарылардын жана мото ресурстардын чыгымдалышынын лимитин пайдалануунун натыйжалары жөнүндө бригаданын командирине ай сайын баяндама жасап турууга;
- танкодромду жана автодромду жабдуу жана өркүндөтүү боюнча, окуу-машыгуу каражаттарын оңдоо жана тейлөө боюнча, ошондой эле окуу-материалдык базаны, техникалык даярдыкты өркүндөтүү жана сактоо боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга.
Командирдин курал-жарак боюнча орун басары штатта каралбаган аскердик бөлүктө анын милдеттерин автомобиль кызматынын зардалы же аскер бөлүгүнүн техникалык кызматынын биринин зардалы аткарат. Ал аскердик бөлүктүн командирине баш иет жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
Бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары
101. Бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданын кичи бөлүктөрүнө баш ийген кызматтар боюнча материалдык жана техникалык жагынан камсыз кылуу үчүн; материалдык каражаттардын бардык түрлөрүн жана сууну ташып келүү үчүн; өзүнө баш ийген кампалардын абалы үчүн; бригаданын өздүк курамын соода, турмуш-тиричилик жагынан камсыз кылуу үчүн; казармалык-турак жай фондусун күтүү үчүн; өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүмдөр менен кызматтардын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы үчүн, аларды курал-жарак жана аскердик техника менен жабдуу үчүн, алардагы өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн; бригада өрттөн сактоонун абалы үчүн; айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин сакталышы үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш иет жана бригаданын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
102. Бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын, күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга катышууга жана алардын аткарылышын өзүнүн кесиби боюнча уюштурууга;
- өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын ар бир офицеринин, прапорщигинин жана сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыгын өркүндөтүү боюнча алар менен такай иш жүргүзүүгө;
- бригаданын офицерлери, прапорщиктери менен - ооруктук камсыздоону уюштуруу жана аскердик чарбаны жүргүзүү боюнча, ал эми бөлүктөрдүн старшиналары менен - роталык чарбаны жүргүзүү боюнча сабактарды өткөрүүгө;
- бригаданын кичи бөлүктөрүн өзүнө баш ийген кызматтар боюнча өз убагында камсыз кылууну жана өздүк курамды сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууну уюштурууга, материалдык каражаттардын белгиленген ченемдеринин ар бир аскер кызматчысына жеткирилишине текшерүүгө;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын кампаларындагы жана кичи бөлүктөрүндөгү материалдык каражаттардын болушун жана абалын текшерүү актысын жазуу менен жыл сайын текшерип чыгууга, бүткүл мүлктү жана кызматтар боюнча техниканы инвентаризациялоо өткөрүүгө;
- күйүүчү, майлоочу материалдардын жана атайын суюктуктардын сапатына, туура колдонулушуна жана үнөмдүү чыгымдалышына жана алар менен иш жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырышына, ошондой эле бригаданын командирине аларды чыгымдоонун лимиттеринин пайдаланылышынын натыйжаларын ай сайын баяндап турууга;
- өзүнө баш ийген кичи бөлүктөрдөгү жана кызматтардагы аскердик техниканын болушун жана абалын билүүгө, анын туура пайдаланылышын, өз убагында тейленилишин, оңдонулушун жана эвакуацияланылышын камсыз кылууга;
- ашкана боюнча кезметчини нарядга турардын алдында инструкциядан өткөрүүгө;
- бригаданын кичи бөлүктөрүнө материалдык каражаттардын бардык түрлөрүн алып келүүнү, суу менен камсыз кылууну, ошондой эле жүктөп-түшүрүү жумуштарын механизациялаштырууну уюштурууга; ташып келүүчү автомобиль транспортунун ишин пландаштырууга жана анын туура жана натыйжалуу пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырышууга;
- темир жол (аба жана суу) транспорту менен жеткирилген материалдык каражаттардын өз убагында түшүрүлүшүн жана ташылып кетишин уюштурууга;
- бригаданын ооругунун окуу-материалдык базасын, баш ийген кампалардын жабдылышы жана өркүндөтүлүшү жана аларды кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылышы боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга;
- бардык турак жай жана турак жай эмес имараттардын, суу түтүктөрүнүн, канализациялардын тармактарынын жана курулуштарынын, казармалык шаймандардын жана эмеректин туура пайдаланылышын жана өз убагында оңдолушун, казармалык турак жай фондусун кышка карата өз убагында даярдоону, бригаданы жайгаштырууга бөлүнгөн аймакты, ал жерге келүүчү автомобиль жолдорун, ошондой эле бригаданын өрттөн сакталышын тартиби менен күтүүгө (16-тиркеме); бригаданын объектилерин өрт кабарлагычынын каражаттары менен жабдууга; айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө;
- бригаданын көмөкчү чарбасына жетекчилик кылууга;
- бригаданын өздүк курамынын сырткы турпаты жөнүндө такай камкордук көрүүгө, кийим-кечекти өз убагында берүүнү, аны ылайыктап берүүнү жана оңдоону уюштурууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүн мончо, кир жуу жагынан тейлөөнү уюштурууга;
- экономикалык иш боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аларды өткөрүүнү уюштурууга;
- оңдоо-курулуш жумуштарын аткарууга жана баш ийген кызматтар боюнча техниканы пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылууга;
- белгиленген эсептүүлүктү жана отчеттуулукту уюштурууга жана анын жүргүзүлүшүнө контролдук жүргүзүүгө;
- материалдык каражаттардын запастарын түзүүгө жана сактоого контролду жүргүзүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын артиллериясынын зардалы
103. Бригаданын артиллериясынын зардалы тынчтык жана согуш мезгилинде:
- бригаданын бүткүл артиллериялык кичи бөлүктөрүнүн күжүрмөн колдонулушу үчүн; бригаданын өздүк курамын өз адистигинде даярдоо үчүн; артиллериялык кичи бөлүктөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы, аскердик тартиби жана алардын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалы үчүн; бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрүн курал-жарак жана аскердик техника менен толуктоо, аларды туура пайдалануу жана өзүнө тикелей баш ийген кичи бөлүктөрдө оңдоо, ошондой эле өз адистиги боюнча окуу-материалдык базанын абалы үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш иет жана бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрүнүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
104. Бригаданын артиллериясынын зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын, күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга катышууга жана алардын өз адистиги боюнча аткарылышын уюштурууга;
- бригада артиллериялык кичи бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгына, ошондой эле батальондук артиллериялык кичи бөлүктөрдүн өз адистиги боюнча даярдалышына жетекчилик кылууга;
- бригаданын офицерлерин жана прапорщиктерин артиллерияны согушта колдонуу боюнча даярдоого, ошондой эле бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрү менен өз адистиги боюнча машыгууларды жана сабактарды өткөрүүгө;
- бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрүнүн замбиректеринин (топтун, бөлүмдүн) командиринин, анын ичинде ар бир офицеринин, прапорщигинин жана сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо боюнча алар менен такай жекече иш алып барууга;
- окуу-материалдык базанын жабдууларына өз адистиги боюна жетекчилик кылууга;
- бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрүндө курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоодо жана тейлөөдө өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы үчүн контролдуктун жүзөгө ашырылышына;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын артиллериялык кичи бөлүктөрүндө курал-жарактын, ок-дарылардын техникалык абалын, толуктугун жана эсепке алынышын жана алардын сакталышынын тартибин текшерип турууга;
- өзүнө баш ийгендерге ок атуу, машыгуу жүргүзүүдө, техника менен сабактарды жана жумуштарды өткөрүүдө коопсуздуктун талаптарын жеткирүүгө жана алардын аткарылышына жетишүүгө.
Бригаданын абадан кол салуудан коргонуу боюнча зардалы - дивизиондун командири
105. Бригаданын абадан кол салуудан коргонуу боюнча зардалы - дивизиондун командири тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданын абадан кол салуудан коргонуучу бардык каражаттарынын согушта колдонулушу үчүн; абадан кол салуудан коргоо боюнча кичи бөлүктөрдүн курал-жарак жана аскердик техника менен толукталышы үчүн; бригаданын өздүк курамын даярдоо жана окуу материалдык базасынын өз адистиги боюнча абалы үчүн жооп берет. Ал бригаданын командирине баш ийген жана бригаданын абадан кол салуудан коргонуу боюнча кичи бөлүктөрүнүн жеке курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
106. Бригаданын абадан кол салуудан коргонуу боюнча зардалы - дивизиондун командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын, күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга катышууга жана алардын өз адистиги боюнча аткарылышын уюштурууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүнүн өз адистиги боюнча даярдалышына жетекчилик кылууга;
- бригаданын офицерлери менен прапорщиктеринин абадан кол салуудан коргонуу боюнча даярдыкты жүргүзүүгө;
- окуу-материалдык базанын жабдууларына өз адистиги боюнча жетекчилик кылууга.
Өзүнө баш ийген дивизионго карата алганда ал өзүнүн милдеттерин ушул Уставдын 126 жана 127-пункттарына ылайык аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын кызмат зардалы
107. Бригаданын кызмат зардалы (107-109-пункттардын жоболорун бригаданын кызматтарынын бардык зардалдары, бригаданын чалгындоо зардалы, байланыш зардалы жана дене тарбиясы жана спорт боюнча зардалы жетекчиликке алат) тынчтык жана согуш мезгилинде: бригаданын күжүрмөн (техникалык, ооруктук) камсыз болушунун тиешелүү түрү үчүн; бригаданын кичи бөлүктөрүнүн өз адистиги боюнча даярдалышы үчүн; бригаданын курал-жарак, аскердик техника жана өз кызматы боюнча башка материалдык каражаттар менен камсыз кылынышы, алардын туура пайдаланылышы жана тартип менен жана оң абалда күтүлүшү үчүн; өзүнө баш ийген кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы жана абалы үчүн алардын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик дисциплинасы жана моралдык-психологиялык абалы үчүн, баш ийген кичи бөлүктөрдүн кызмат объектилеринде айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин сакталышы, алардын өрттөн сактоо жана санитардык абалы үчүн; окуу-материалдык базасынын өз адистиги боюнча абалы үчүн жооп берет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
108. Бригаданын кызмат зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын, күжүрмөн даярдыктын пландарын иштеп чыгууга катышууга жана алардын өз адистиги боюнча аткарылышын уюштурууга;
- өзүнө баш ийген кичи бөлүктөрдөгү жана кызматтардагы кызматтардын ишине жана күжүрмөн даярдыкка жетекчилик кылууга, аларда ички тартипти кармап турууга;
- өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдөгү жана кызматтардагы ар бир офицердин, прапорщиктин жана сержанттын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо боюнча алар менен жеке иш алып барууга;
- бригаданын офицерлери, прапорщиктери жана кичи бөлүктөрү менен өз адистиги боюнча сабактарды өткөрүүгө, тиешелүү адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
- курал-жарактын, аскердик техниканын жана өз кызматы боюнча башка материалдык каражаттардын болушун, абалын, ошондой эле түзүлүшүн жана пайдалануунун (колдонуунун) эрежелерин билүүгө; курал-жаракты жана аскердик техниканы жабдууларды жана өзүнө баш ийген кичине бөлүмдөр менен кызматтардын мүлкүн метрологиялык жагынан камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өз убагында жүргүзүүгө; өзүнө баш ийген кампанын, курал-жарактын жана кичи бөлүктүн токтоочу жайда турган техникасын жабдуу жана ишенимдүү коргоону уюштуруу боюнча чараларды көрүүгө;
- бригаданын кичи бөлүктөрүндө жана кампаларында өз кызматы боюнча курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка каражаттардын оң абалда болушуна көз салууга, алардын туура пайдаланылышын (колдонулушун) уюштурууга жана мында коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- күйүүчү жана майлоочу материалдардын курал-жарактын жана кызматтардын аскердик техникасынын үнөмдүү чыгымдалышы жана туура колдонулушу үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга;
- белгиленген эсептүүлүктү жана отчеттуулукту жүргүзүүгө, бригаданын кичи бөлүктөрү жана кампалары менен ай сайын эсептик маалыматтарды текшерүүнү өткөрүүгө; курал-жаракка, аскердик техникага жана өз кызматы боюнча башка материалдык каражаттарга өз убагында өтүнмөлөрдү берүүгө, аларды алууну, сактоону кичи бөлүккө берүүнү жана кол тийгис корду өз убагында жаңылап (жаңыртып) турууга;
- бригада курал-жаракты жана аскердик техниканы (мүлктү) өзүнүн кызматы боюнча оңдоону уюштурууга, аны өткөрүүнүн сапатына жана мөөнөттөрүнө текшерүүгө, өз күчү менен оңдолушу мүмкүн болбогон курал-жаракты жана аскердик техниканы (мүлктү) оңдоого берүүнү өз убагында жүргүзүүгө;
- бригадага келип түшкөн жана бригада жөнөтүлгөн курал-жаракты жана аскердик техниканы өз кызматы боюнча карап чыгууга;
- курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык каражаттар менен болгон окуялардын алдын алуу боюнча өз кызматы боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, мындай окуялардын себептерин аныктоого жана аларды четтетүү боюнча иш-чаралары жүргүзүүгө; өзүнө баш ийген кичи бөлүмдө жана кызматта өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына контролдук жүргүзүүгө, аларда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга жетекчилик кылууга;
- рационализатордук жана ойлоп табуучулук ишине катышууга, аны баш ийген кичи бөлүмдө жана кызматта уюштурууга;
- бригаданын командири тарабынан бекилген графикке ылайык, күжүрмөн кезметчиликтин жана суткалык наряд кызматтын жүрүшүн текшерүүгө;
- өзүнүн адистиги боюнча окуу-материалдык базанын жабдууларына жетекчилик кылууга.
109. Бригаданын кызмат зардалы өзүнүн адистиги боюнча:
- кичи бөлүктөрдүн командирлерине өздүк курамды күжүрмөн даярдоо жана курал-жаракты, аскердик техника менен башка материалдык каражаттарды пайдалануу (колдонуу) жана тейлөө боюнча көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды берүүгө;
- курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушун жана абалын капысынан текшерүүнү жүргүзүүгө;
- окуяларга же катардан чыгууга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер табылганда, ошондой эле коопсуздуктун талаптары аткарылбаганда курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдаланууну токтотууга укуктуу.
Табылган бардык кемчиликтер жана аларды четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө кызмат зардалы өзүнүн түздөн-түз зардалына токтоосуз баяндама жасоого милдеттүү.
Бригаданын инженердик кызматынын зардалы
110. Бригаданын инженердик кызматынын зардалы бригаданын командирине баш иет жана бригаданын инженердик-сапердук кичи бөлүмүнүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданы душмандын ядролук, химиялык жана биологиялык куралынан коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампаларындагы инженердик курал-жарак каражаттарынын болушун жана техникалык абалын текшерүүнү жүргүзүүгө; жыл сайын аларды санактан өткөрүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагынан коргоо кызматынын зардалы
111. Бригаданы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагынан коргоо кызматынын зардалы бригаданын командирине баш иет жана бригаданы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагынан коргоо боюнча кичи бөлүктүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча иретинде ал бригада радиациялык коопсуздук боюнча иш-чараларды аткарууга жооп берет жана:
- радиациялык, химиялык, биологиялык чалгындоо жана байкоо жүргүзүү үчүн арналган химиялык нускоочуларды жана кичи бөлүктөрдү (бөлүкчөлөрдү, экипаждарды, расчетторду) даярдоону уюштурууга;
- бригаданы ядролук, химиялык жана биологиялык куралдан коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга, өз кызматы боюнча алардын аткарылышын уюштурууга, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, бригада дислокацияланган жана согуштук аракеттерди жүргүзгөн чөлкөмдөгү жердин үстүнкү катмарындагы метеорологиялык жагдайды билүүгө;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампалардагы курал-жарактардын жана радиациялык, химиялык жана биологиялык жагынан коргоо каржаттарынын болушун жана техникалык абалын текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын медициналык кызматынын зардалы
112. Бригаданын медициналык кызматынын зардалы бригаданын командирине баш иет жана бригаданын медициналык кызматынын зардалынын тикелей курамы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданы ядролук, химиялык жана биологиялык куралдан коргоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле бригада дислокацияланган чөлкөмдө жайгашкан өтө коркунучтуу объектилерде кыйроо болгон учурлардагы иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;
- дарылоо-алдын алуу жана медициналык кызматка жүктөлгөн жугуштуу оорулууларга каршы иш-чараларды өткөрүүгө; өздүк курамдын окуу-күжүрмөн ишинин коопсуздугун камсыз кылуучу шарттардын абалын иликтөөгө жана аны жайгаштыруунун, тамактандыруунун, суу менен камсыз кылуунун, мончо, кир жуу боюнча тейлөөнүн белгиленген санитардык ченемдеринин аткарылышына көз салууга;
- өздүк курамды медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурууга, амбулаториялык кабыл алууларга катышууга, бригаданын медициналык пунктунда болгон жана дарылоо мекемелерине жөнөтүлүп жаткан оорулууларды карап чыгууга; бригаданын медициналык пунктуна жаткырылган оорулуулардын абалын билүүгө жана алардын дарыланышына контролдук жүргүзүүгө; башка дарылоо мекемелерине жаткырылган оорулуулардын абалын билүүгө, мезгил-мезгили менен аларга барып турууга;
- күжүрмөн даярдык боюнча сабактарда, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүдө бригаданын өздүк курамын медициналык жагынан камсыз кылууну уюштурууга;
- бригаданын өздүк курамынын дене тарбиялык курамына медициналык контролдукту жүзөгө ашырууга жана дене тарбиясы жана спорт боюнча зардал менен биргелешип өздүк курамдын ден соолугун чыңдоо жана дене тарбиясы жагынан өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
- өздүк курамдын аскердик-медициналык даярдыгын уюштурууга; бригаданын командиринин тарбиялоо иштери боюнча орун басары менен чогуу аракеттенип аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында медициналык билимдерди жана сергек жашоо образын пропагандалоону жүзөгө ашырууга;
- тамактануу режимин иштеп чыгууга жана продуктыларды бөлүштүрүүнү түзүүгө катышууга; өздүк курамдын тамак-ашынын сапатына жана суунун сапатынын жогору болушуна системалуу түрдө медициналык контролду жүзөгө ашырууга;
- өнөкөт оорулуу адамдарга медициналык байкоону такай жүргүзүүгө, алардын саламаттыгын чыңдоо боюнча сунуштарды берүүгө, алардын аткарылышын кичи бөлүктөрдүн командирлерине билдирүүгө жана контролдоого; бригаданын командирине диетикалык жана кошумча тамак-ашка муктаж болгон солдаттар менен сержанттарга карата медициналык корутунду берүүгө;
- кичи бөлүктөрдүн командирлери жана алардын тарбиялоо иштери боюнча орун басарлары, бригаданын аскердик психологу менен биргелешип дене түзүлүшү жана психикалык жагынан өнүгүшүндө кемчиликтери бар, аракечтикке, токсикоманияга жана баңги заттарды керектөөгө шыктуу аскер кызматчыларын аныктоого, аларды дарылоо боюнча чараларды көрүүгө;
- бригада жайгашкан чөлкөмдүн, ашканалардын, турак жай имараттарынын жана чарбалык кызматтардын санитардык абалына контролдук жүргүзүүгө; өздүк курамдын мончодо жуунушуна, ага ич кийимдин жана шейшептин, сүлгүлөрдүн, байпактардын жана чулгоолордун өз убагында алмаштырылышына контролдукту жүзөгө ашырышына;
- бригаданын өздүк курамынын дартына талдоо берүүгө, дарттын алдын алуу жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча сунуштар менен бирге талдоонун маалыматтарын бригаданын командирине ай сайын баяндап турууга; бригаданын эпидемиялык абалына таасир тийгизиши мүмкүн болгон жугуштуу оорулар же окуялар жөнүндө жана мертинүүнүн кесепетинен госпиталга жаткырылган ар бир аскер кызматчысы жөнүндө бригаданын командирине токтоосуз баяндама жасоого;
- медикаменттердин, биринчи кезекте уулуу жана баңгилик заттар менен препараттардын эсепке алынышын жана сакталышын уюштурууга, медицинилык мүлктүн багыты жок пайдаланылышына жол бербөөгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын каржы кызматынын зардалы
113. Бригаданын каржы кызматынын зардалы бригаданын командирине баш иет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга карата кошумча түрдө ал бригаданын каржылык жагынан камсыз кылынышы, анын каржылык чарбасынын абалы үчүн жооп берет жана:
- бригаданын каржы чарбасын уюштурууга жана алып барууга; акчалай каражаттарды пландаштырууну, талап кылууну, каржылык эсептин жана отчеттуулуктун тактыгын камсыз кылууга; бригаданын командиринин орун басарлары жана кызматтардын зардалдары менен биргелешип алдыдагы мезгилге акчалай каражаттардын чыгымдалышынын сметасын түзүүгө жана бригаданын командиринин бекитүүсүнө берүүгө; өздүк курамды акчалай каражаттар менен өз убагында канааттандырып турууга;
- акчалай каражаттардын чыгымдалышына, бригаданын кызмат адамдары тарабынан каржылык тартиптин сакталышына, жоготуулар, жетпей калуулар, уурдоолор, материалдык жана акчалай каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын өз убагында жана толук толтурулушуна контролдукту жүзөгө ашырууга; бригаданын отчет берүүчү адамдарын текшерүүгө;
- акчалай документтердин, ишенип берилген акчалай каражаттардын жана баалуулуктардын сакталышын камсыз кылууга; акчалай суммалардын жана баалуулуктардын болушун эсепке алуунун маалыматтары менен күн сайын текшерип турууга милдеттүү;
- эсепке алуу документтерин өз убагында тариздөөгө, материалдык каражаттардын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын болушуна жана кыймылына, ошондой эле аларды эсептен чыгарууга контролду жүзөгө ашырууга. Айкындалган бузуулар жөнүндө бригаданын командирине билдирүүгө;
- кеминде жарым жылда бир жолу кызматтардын эсепке алуу маалыматтарын бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө;
- келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун жеке өзү кароого жана макулдашууга.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1131. Бригаданын квартира-эксплуатация кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын квартира-эксплуатация кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп саналат.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык турак жай жана турак жай эмес имараттарды, суу түтүк-канализациялык тармактарды жана курулмаларды, казармалык шаймандарды жана эмеректерди туура иштетүүнү жана өз убагында оңдоону, казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдоону, бригаданы жайгаштырыш үчүн бөлүнгөн аймакты, ошондой эле суу булактарын, аба жана кабелдик электр тармактарын, жылуулук жана газ менен камсыздоонун тышкы тармактарын өз калыбында кармап-күтүүнү уюштурууга;
- бөлүктөрдү батир мүлктөрү жана отун-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү планын түзүүгө;
- бригаданын отун-энергетикалык ресурстарга, сууга, акчалай жана материалдык каражаттарга болгон керектөөсүн билүүгө, алардын туура жана үнөмдүү чыгымдалышын камсыз кылууга;
- жер участокторунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылышына көз салууга;
- кеминде бир айда бир жолу квартира-эксплуатация кызматынын бөлүктөрдөгү жана бригаданын кампасындагы мүлкүнүн болушун жана абалын текшерүүгө;
- квартира-эксплуатация кызматынын казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларын жана жабдууларын, жер участокторун инвентаризациялоону жана паспорттоштурууну жүргүзүүгө;
- казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды иштетүү үчүн өздүк курамды тандоону жүзөгө ашырууга.
Штатында квартира-эксплуатация кызматынын зардалынын кызмат орду каралбаган бригадаларда (батальондордо), анын милдеттери бригаданын (батальондун) командиринин оорук (материалдык-техникалык камсыздоо) боюнча орун басарына жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын дене тарбия жана спорт боюнча зардалы
114. Бригаданын дене тарбия жана спорт боюнча зардалы бригаданын командиринин орун басарына баш иет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал дене тарбиясы жана спортту уюштуруу үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кичи бөлүктөрдөгү дене тарбиясына жана спорттук иш-чараларга күн сайын контролдук жүргүзүүгө жана бригаданын өздүк курамынын жеке өнүгүшүнө көз салууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүнүн командирине дене тарбия көнүгүүлөрүн жана дене тарбиясы жана спорт боюнча сабактарды өткөрүүнү уюштурууга жана анын методикасы боюнча жардам көрсөтүүгө;
- кичи бөлүктөрдүн штаттан тышкаркы спорттук уюштуруучуларын даярдоону жүзөгө ашырууга, алардын ишин багыттоого жана ага контролдук жүргүзүүгө;
- бригаданын спорттук ишинин планын иштеп чыгууга, бригаданын спорттук мелдештерин, спорттук майрамдарды жана башка спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, бригаданын спорттук командаларына талапкерлерди тандап алууга жана алардын машыгуусуна жетекчилик кылууга;
- бригаданын медициналык кызматынын зардалы менен биргелешип бригаданын өздүк курамынын дене түзүлүшү жагынан өнүгүшүн жана ден соолугунун абалын жакшыртуу, дене тарбиясы жана спорт боюнча сабактарда мертинүүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аларды турмушка ашырууга катышууга;
- бригаданын аскер кызматчыларына спорттук наамдарды, разряддарды, судьялык категорияларды ыйгаруу жана аларды спорттук төш белгилери менен сыйлоо үчүн документтерди жазууга; бригаданын дене тарбиясы жана спорт боюнча натыйжаларынын эсебин алууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын чалгындоо боюнча зардалы
115. Бригаданын чалгындоо боюнча зардалы бригаданын штабынын зардалына баш иет жана бригаданын чалгындоочу кичи бөлүмүнүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- каршы турган Куралдуу Күчтөрдүн топтолушун, бригаданын аракеттеринин мүмкүн болуучу багытын, анын күжүрмөн жана сандык курамын, бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана кичи бөлүктөрдүн уюштуруу-штаттык структурасын, бөлүктөрүн жана кичи бөлүктөрүн, алардын курал-жарагын жана аскердик техникасын, аракеттеринин тактикасын билүүгө;
- душман жана ал жайгашкан жер жөнүндө маалыматтарды чогултууга, талдоо жүргүзүүгө, жалпылоого жана өз убагында бригаданын командирине баяндап турууга;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампаларындагы чалгындоо курал-жарактарынын жана аскердик техниканын болушун жана абалын текшерип турууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын байланыш боюнча зардалы
116. Бригаданын байланыш боюнча зардалы бригаданын штабынын зардалына баш иет жана бригаданын байланыш боюнча кичи бөлүмүнүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал бригада байланышты өз убагында уюштуруу, камсыз кылуу жана анын коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригада үзгүлтүксүз байланышты уюштурууну жана кармап турууну камсыз кылууга;
- байланыш боюнча документтерди жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга, алардын бригаданын өздүк курамы тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүүгө;
- бригада жана кичи бөлүмдөрдөн почталык жөнөтүүлөрдү жөнөтүүнү жана алып келүүнү уюштурууга;
- жылына кеминде эки жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампаларындагы байланыш каражаттарынын жана башкаруунун автоматташтырылган тутумунун болушун жана техникалык абалын тешкерип турууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын метрологиялык кызмат боюнча зардалы
117. Бригаданын метрологиялык кызмат боюнча зардалы бригаданын штабынын зардалына баш иет жана контролдоо-текшерүү пунктунун (өлчөө техникасы пунктунун) өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын башка кызматтарынын зардалдары менен биргелешип метрологиялык камсыз кылууну уюштурууга, татаал жана жооптуу өлчөөлөрдү жүргүзүүгө тикелей жетекчилик кылууга;
- бригаданын курал-жаракты жана аскердик техниканы кабыл алуу жана пайдаланууга киргизүү боюнча комиссияларынын ишине катышууга;
- жылына кеминде эки жолу өлчөө каражаттарынын болушун жана абалын, туура колдонулушун жана сакталышын, курал-жаракты жана аскердик техниканы метрологиялык тейлөөнүн көлөмүн жана толуктугун текшерүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы метрологиялык камсыз кылуунун абалына талдоо жүргүзүүгө, курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдалануунун натыйжалуулугун төмөндөткөн себептерди болтурбай коюу боюнча алдын алуу иш-чараларын уюштурууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын ракеталык-артиллериялык курал-жарактар кызматынын зардалы
118. Бригаданын ракеталык-артиллериялык курал-жарактар кызматынын зардалы бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын ракеталык-артиллериялык курал-жарактар кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал бригаданын кампаларындагы курал-жарактын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ракеталык-артиллериялык курал-жаракты оңдоо жана анын регламенти боюнча жана бригаданын ок-дарыларын карап чыгуу боюнча жумуштарды уюштурууга, аткаруучуларды материалдар, атайын шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылууга;
- кичи бөлүктөрдө курал-жаракты жана ок-дарыларды ок атууга даярдоону такай текшерип турууга жана зарыл учурда командирлерге жардам көрсөтүүгө; чыгымдарды жана ок атуу учурунда от албай калган ракеталардын жана ок-дарылардын эсебин алууга; ок атуудан кийин кичи бөлүмдөрдөн атылган гильзаларды, жараксыз ок-дарыларды кабыл алууну, ошондой эле жарылбай калган ракеталарды, снаряддарды, миналарды жана гранаталарды жардырууну уюштурууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүндө табелдик эмес курал-жарактарды, ок-дарыларды жана аскердик-техникалык мүлктү кармоого жол бербөөгө; курал-жарактын кыйрашынын жана сынышынын себептерин аныктоого, алардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;
- бригаданын артиллериялык кампасындагы курал-жарактын, ок-дарылардын жана аскердик-техникалык мүлктүн туура сакталышын уюштурууга, бригаданын кичи бөлүктөрүндө алардын болушуна жана сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга, жылына кеминде эки жолу алардын техникалык абалын текшерүүгө жана ок атуучу куралды текшерүү жүргүзүүгө, мында күндөлүк колдонулуучу ок атуучу куралдар номери боюнча текшерилип, текшерүүнүн натыйжалары актыга жазылат;
- курал-жаракты жана ок-дарыларды оңдоодо коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- бригаданын бүткүл ракеталык-артиллериялык курал-жарактарынын оңдолушунун жана техникалык жактан тейленишинин пландарынын аткарылышы жана ок-дарыларды чыгымдоонун лимити жөнүндө бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына ай сайын баяндап турууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын брондуу танкалар кызматынын зардалы
119. Бригаданын брондуу танкалар кызматынын зардалы бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын брондуу танкалар кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- брондуу танкалык курал-жаракты жана аскердик техниканы күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана белгиленген мөөнөттөрдө парктан айдап чыгуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- брондуу танкалык курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдаланууну пландаштырууга жана жылына кеминде эки жолу алардын техникалык абалын текшерүүгө;
- парктын жабдууларын өркүндөтүү боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга катышууга, парктагы ички кызматты текшерүүгө жана табылган кемчиликтерди четтетүүгө жетишүүгө;
- бригаданын брондуу танкалык курал-жарактарынын жана аскердик техниканын зыяндарын эсепке алууга;
- брондуу танкалык курал-жаракты жана аскердик техниканы тейлөөдө, пайдаланууда, оңдоодо жана эвакуациялоодо коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле паркта жана машиналарда өрткө каршы иш-чараларды өткөрүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын автомобиль кызматынын зардалы
120. Бригаданын автомобиль кызматынын зардалы бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын автомобиль кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- автомобиль техникасын күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана аларды белгиленген мөөнөттөрдө парктан айдап чыгуу боюнча иш-чарларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- моторесурстарды туура жана үнөмдүү чыгымдоо жана автомобиль техникасынын кызмат кылуу мөөнөтүн узартуу боюнча чараларды көрүүгө, жылына кеминде эки жолу алардын техникалык абалын текшерүүгө;
- автомобиль техникасын пайдаланууну пландаштырууга, аны күндөлүк пайдаланууга наряддарды даярдоого, машиналардын рейске өз убагында оң абалда чыгышына жана паркка кайтып келишине контролдукту жүзөгө ашырууга;
- парктын жабдууларын өркүндөтүү боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга катышууга, парктагы ички кызматты текшерүүгө жана табылган кемчиликтерди четтетүүгө жетишүүгө;
- автомобиль техникасы менен болгон окуяларга талдоо жүргүзүүгө, алардын келип чыгышынын себептерин аныктоого, алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана өткөрүүгө;
- автомобиль техникасын пайдаланууда, тейлөөдө, оңдоодо жана эвакуациялоодо коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын, ошондой эле паркта жана машиналарда өрткө каршы иш-чаралардын өткөрүлүшүн камсыз кылууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын күйүүчү жана майлоочу материалдар кызматынын зардалы
121. Бригаданын күйүүчү жана майлоочу материалдар кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын күйүүчү жана майлоочу материалдар кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө күйүүчү, майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды үнөмдүү чыгымдоо, ошондой эле алар менен иш жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын сакталышы үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- күйүүчү жана майлоочу материалдардын чыгымдалышына текшерүүгө жана алардын бригаданын кичи бөлүктөрүндө үнөмдүү чыгымдалышы боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- айына кеминде бир жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампаларындагы күйүүчү, атайын суюктуктардын болушун жана сапатын, ошондой эле кызматтын техникалык каражаттарынын болушун жана абалын текшерүүгө;
- кызматтын техникалык каражаттарынын туура пайдаланылышын, кичи бөлүктөргө күйүүчү, майлоочу материалдардын, атайын суюктуктардын жана техникалык каражаттардын кабыл алынышы, сакталышы жана берилиши боюнча жумуштарды, ошондой эле май куюу пункттарынын иши боюнча жумуштарды уюштурууга, мында өрткө каршы иш-чараларды өткөрүүнү жана коопсуздуктун талаптарын аткарууну камсыз кылууга;
- иштетилген майларды жыйноону жана өткөрүүнү уюштурууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын азык-түлүк кызматынын зардалы
122. Бригаданын азык-түлүк кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын азык-түлүк кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал өздүк курамды сапаты жакшы тамак-аш менен өз убагында камсыз кылуу, кызматтын объектилеринин санитардык абалы үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир аскер кызматчысын сапаты мыкты тамак-аш менен (анын ичинде диетикалык жана дарылык) жана үлүштүн белгиленген ченемдерин ар бир аскер кызматчысына жеткирүүнү камсыз кылууга; айына кеминде бир жолу ашпозчулар менен тамак-ашты текшерип-көрсөтүп бышырууну жүргүзүүгө;
- бригаданын медициналык кызматынын зардалы, ашкананын зардалы жана ашпозчу инструктор менен биргелишип продуктыларды бөлүштүрүүгө;
- айына кеминде бир жолу бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү, кампаларындагы жана башка кызмат объектилериндеги азык-түлүктүн, кызматтык техниканын жана мүлктүн болушун жана сапаттык абалын текшерип турууга;
- ашкананын, азык-түлүк кампасынын жана көмөкчү чарбанын ишине жетекчилик кылууга, бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары жок болгондо ашкана боюнча кезметчи менен нускоо өткөрүүгө;
- сезон мезгилинде картошканы жана жашылчаларды даярдоону, аларды кайра иштетүүнү жана сактоого коюуну, ошондой эле бригаданын муктаждыктары үчүн музду, чөптү жана саманды даярдоону жүргүзүүгө;
- азык-түлүктөрдү сактоодо жана кайра иштетүүдө, тамак-ашты даярдоодо жана ичүүдө, азык-түлүк кампасын, ашкананын имарат жайларын жана ашканада керектелүүчү идиш-аяктарды күтүүнүн, ошондой эле технологиялык, муздатуучу механикалык эмес жабдууларды күтүүдө санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын камсыз кылууга жана аларды пайдаланууда коопсуздуктун талаптарын аткарууга;
- тамак-аш калдыктарын жыйноо жана жок кылуу үчүн курулуштарды түзүү боюнча жумуштарды уюштурууга, ашканадан чыккан калдыктарды өз убагында жыйноо жана аскердик бөлүктүн көмөкчү чарбасына жеткирүү боюнча чараларды көрүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бригаданын мүлк боюнча кызматынын зардалы
123. Бригаданын мүлк боюнча кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын мүлк боюнча кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. 107-109-пункттарда баяндалгандарга кошумча түрдө ал бригаданы мүлк жана санитардык-чарбалык мүлк менен камсыздоонун ченемдери боюнча камсыз кылуу үчүн, бригаданы мончо, кир жуу жагынан тейлөө жана өздүк курамга кийим-кечекти, бут кийимди жекече ылайыкташтыруу үчүн жооп берет жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын кичи бөлүмдөрү тарабынан мүлктү жана санитардык-чарбалык мүлктү алууну, сактоону жана аларга берүүнү. ошондой эле кичи бөлүмдөрдө табелдик маданий эс алуу жагына тиешелүү мүлктү сактоону жана берүүнү өз убагында талап кылууга жана уюштурууга; кийим-кечекти жана бут кийимди кичи бөлүктөргө берүүдө аларды жекече ылайыктап берүүнү уюштурууга;
- айына кеминде бир жолу бригаданын эсептик маалыматтарына ылайык бригаданын кичи бөлүктөрүндөгү жана кампаларындагы мүлктүн жана чарбалык мүлктүн болушун жана абалын, ошондой эле анын сакталышынын жана үнөмдөлүшүнүн шарттарын текшерип турууга;
- кичи бөлүктөрдүн старшиналары менен буюмдук мүлктү сактоо, үнөмдөө, оңдоо жана аны эсепке алуу боюнча сабактарды өткөрүүгө;
- офицерлерге, прапорщиктер менен аял-аскер кызматчыларына кийим кечекти өз убагында берүүнү (тигүүнү) камсыз кылууга жана кийим-кечектин тигилишинин сапатына текшерүүгө;
- кичи бөлүктөрдүн турмуш-тиричилик жактан тейлөө бөлмөлөрүн чач алуу үчүн, кийим-кечекти жана бут кийимди күндөлүк оңдоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана аспаптар менен камсыз кылууга;
- кичи бөлүктөрдүн өздүк курамын жума сайын мончого алып барууну уюштурууга, аларды жуунучу күндөрдө жууна турган каражаттар, сүлгүлөр менен камсыз кылууга, ич кийимин жана төшөнчүсүн, сүлгүлөрүн, байпактарын жана чылгоолорун алмаштырууга; мончо боюнча кезметчиге нускама берүүгө;
- ич кийимди жана төшөнчүнү, сүлгүлөрдү, байпактарды жана чулгоолорду өз убагында жууп турууну уюштурууга;
- техникалык каражаттарды пайдаланууда коопсуздуктун талаптарын аткарууну камсыз кылууга жана мүлк боюнча кызматтын объектилеринде санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Өзүнчө батальондун командири, өзүнчө батальондун командиринин орун басарлары жана кызмат зардалдары
124. Өзүнчө батальондун командири тынчтык жана согуш мезгилинде өз милдеттерин 90-92-пункттарга ылайыктап аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
125. Өзүнчө батальондун командиринин орун басарлары жана кызматтарынын зардалдары өзүнүн практикалык ишинде бригаданын тиешелүү кызмат адамдары үчүн ушул Уставда каралган милдеттерди жетекчиликке алышат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Батальондун командири
126. Батальондун командири тынчтык жана согуш мезгилинде: батальондун күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы жана анын күжүрмөн милдеттерди ийгиликтүү аткарышы үчүн; өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби, моралдык-психологиялык абалы үчүн; батальондогу ички тартипти кармап туруу үчүн; батальондун курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка материалдык каражаттарынын сакталышы жана абалы үчүн жооп берет. Батальондун командири бригаданын командирине баш иет жана батальондун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
127. Батальондун командири күжүрмөн даярдыктын жана аскердик тарбиялоонун негизги уюштуруучусу болуп эсептелет. Батальондун командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- батальондун өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгына жана тарбияланышына жетекчилик кылууга, батальонду билгичтик менен башкарууга;
- штаб жана офицерлер, прапорщиктер менен сабак өткөрүүгө, ошондой эле батальондун кичи бөлүмдөрү менен машыгууларды жана сабактарды өткөрүүгө;
- батальондун күжүрмөн даярдыгынын планын иштеп чыгууга жана анын аткарылышын жетекчилик кылууга;
- батальондун ар бир офицеринин, прапорщигинин жана сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен жекече ишти такай жүргүзүүгө;
- аскердик жамааттарда социалдык адилеттүүлүктү, аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө, кичи бөлүмдөрдө кемчиликтерге, кайдыгерликке жана кенебестикке келишпес мамиле кылуу жагдайын түзүүгө;
- аскердик кызматка кабыл алуу үчүн, ошондой эле аскердик кесиптик билим берүү мекемелерине өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууну жүзөгө ашырууга;
- кызматка дайындоодо солдаттарды, сержанттарды жана прапорщиктерди тандап алуунун тууралыгын текшерүүгө;
- ички тартипти кармап турууга, батальон жайгашкан жерди коргоону уюштурууга жана батальондун өздүк курамы тарабынан кароол жана ички кызматты өтөөнү текшерүүгө;
- ай сайын күжүрмөн даярдыктын, аскердик тартиптин, ички жана кароол кызматтарынын абалынын жыйынтыгын чыгарууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндө болгон курал-жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды билүүгө; аларды туура пайдаланууну уюштурууга жана үч айда кеминде бир жолу алардын болушун, абалын жана эсепке алынышын жеке текшерип турууга;
- аскердик техниканын кыйрашынын, талкаланышынын, сынышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле сабактарды, ок атууларды, машыгууларды жана жумуштарды жүргүзүүдө курал-жарак, аскердик техника жана ок-дарылар менен иш жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга;
- батальон үчүн бөлүнүп берилген бардык имараттардын жана имарат жайлардын күтүлүшүнө жана туура пайдаланылышына, батальонго бекитилип берилген аймактын участогун таза кармоо үчүн, анын ичинде парктын аймагынын участогун таза кармоо үчүн, ошондой эле батальондогу өрткө каршы иш-чаралардын өткөрүлүшүнө көз салууга;
- батальондун чарбасына жетекчилик кылууга.
Батальондун командиринин орун басары
128. Батальондун командиринин орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: батальондун күжүрмөн даярдыгы үчүн; аскердик тартипти жана ички ыраатты кармап туруу үчүн; окуу-материалдык базасын оң абалда кармап туруу, окутууда аны өркүндөтүү жана туура пайдалануу үчүн; батальондо машыккан адистерди даярдоо үчүн; спорттук-массалык иштер үчүн жооп берет. Ал батальондун командирине баш иет жана батальондун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет. Батальондун командири жок болгондо анын милдеттерин аткарат.
129. Батальондун командиринин орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- батальондун күжүрмөн даярдыгынын планын иштеп чыгууга жана аткарууга катышууга;
- командирдик даярдык боюнча офицерлер, прапорщиктер жана сержанттар менен сабактарды, ошондой эле батальондун кичи бөлүктөрү менен машыгууларды жана сабактарды өткөрүүгө;
- батальондо дене тарбиясы жагынан даярдоого жетекчилик кылууга жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө;
- батальондун кичи бөлүктөрүндөгү күжүрмөн даярдыкты уюштурууну жана анын жүрүшүн текшерүүгө, аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жана кичи бөлүктөрдүн командирлерине сабактарды уюштурууда жана өткөрүүдө жардам көрсөтүүгө;
- батальондун ар бир офицеринин прапорщигинин жана сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен такай жекече иш алып барууга;
- батальондо машыккан адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жеке өткөрүүгө;
- батальондун окуу-материалдык базасын оң абалда кармап турууга жана окутууда анын туура пайдаланылышына көз салууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндөгү курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын күтүлүшүнө жана сакталышына контролдук жүргүзүүгө, аларды карап чыгууга катышууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндө ички ыраатты, аскердик тартипти кармап турууга, суткалык наряддын кызматка даярданышына жана өтөшүнө текшерүүгө;
- батальондогу ойлоп табуучулук жана рационализатордук ишке жетекчилик кылууга.
Батальондун штабынын зардалы
130. Батальондун штабынын зардалы тынчтык жана согуш мезгилинде: батальондун кичи бөлүктөрүн башкарууну уюштуруу жана кармап туруу үчүн; батальондун күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы жана батальондун күжүрмөн милдеттерди ийгиликтүү аткарышы үчүн; күжүрмөн даярдыкты пландаштыруу жана эсепке алуу үчүн; өзүнө түздөн-түз баш ийген өздүк курамдын даярдыгы, тарбиясы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн; батальондун өздүк курамын, курал-жарагын, аскердик техникасын жана ок-дарыларын эсепке алуунун абалы үчүн жооп берет. Ал батальондун командирине баш иет, анын орун басары жана батальондун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
Батальондун командиринин чечимдерин турмушка ашырууда штабдын зардалы батальондун командирине баш ийген адамдарга батальондун командиринин атынан буйрук берүүгө укуктуу. Берилген бардык кыйла маанилүү буйруктар жөнүндө штабдын зардалы батальондун командирине баяндама жасайт.
131. Батальондун штабынын зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын планынын жана батальондун командиринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде батальондун күжүрмөн даярдыгынын планын иштеп чыгууга жана анын аткарылышын контролдоого;
- батальондун кичи бөлүктөрүндөгү чыныгы абалды жана акыбалды, ошондой эле аларга коюлган милдеттердин аткарылышынын жүрүшүн такай билип турууга;
- батальондун өздүк курамы менен сабактарды өткөрүүгө жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн даярдыгына жетекчилик кылууга;
- батальондун ар бир офицеринин, прапорщигинин жана сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен жекече ишти такай жүргүзүүгө;
- батальонго келген толуктоону кичи бөлүктөр боюнча бөлүштүрүүгө;
- батальондо байланышты уюштурууга, байланыш каражаттарынын абалын жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө, жашыруун башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга;
- батальондун командиринин жана улук зардалдардын бардык буйруктарын өз убагында жана туура жеткирүүнү камсыз кылууга, алардын аткарылышын текшерүүгө;
- батальондо ички кызматты өтөөнү уюштурууга, суткалык нарядга дайындалган адамдардын даярдыгын жана алардын кызмат өтөшүн текшерүүгө;
- күжүрмөн даярдыкты эсепке алууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндөгү адамдардын санын билүүгө, аскер кызматчыларынын кызматтык убактысынын эсебин алууга;
- кеминде үч айда бир жолу кичи бөлүмдөрдө курал-жарактын, аскердик техниканын, ок-дарылардын, шаймандардын, уставдардын, көрсөтмөлөрдүн, окуу куралдарынын жана башка материалдык каражаттардын абалын жана эсепке алынышын текшерип турууга, ал эми өздүк курамды ай сайын текшерип турууга; аскер кызматчылары менен өтүлгөн сабактардын сапатына коопсуздуктун жана алардын сабактарда жана жумуштарда сакталышынын талаптары боюнча контролдук жүргүзүүгө;
- контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын негизги өргүүсүнө кошулуп берилүүчү кошумча күндөрдүн саны жөнүндө маалыматтарды жана башка зарыл болгон билдирүүлөрдү даярдоого жана бригаданын штабына өз убагында жөнөтүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Батальондун командиринин өздүк курам менен иш жүргүзүү боюнча орун басары
132. Батальондун командиринин өздүк курам менен иш жүргүзүү боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: өздүк курамдын тарбияланышы, аскердик тартиби, моралдык-психологиялык абалы жана коомдук-мамлекеттик даярдыгы үчүн жооп берет. Ал батальондун командирине баш иет жана батальондун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
133. Батальондун командиринин өздүк курамы менен иш жүргүзүү боюнча орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- батальондун күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын, күжүрмөн даярдыгынын пландарын иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын камсыз кылууга катышууга;
- кичи бөлүктөрдүн өздүк курамы менен ар бир аскер кызматчысынын улуттук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, билим деңгээлин жана динге карата мамилесин эске алуу менен тарбиялоо ишин уюштурууга жана жүргүзүүгө; аскер кызматчыларында Ата мекенге, аскердик парзга жана Аскердик антка ишенимдүүлүктү, жогорку күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга;
- аскердик тартипти чыңдоо, укук бузуулардын алдын алуу, аскердик жамааттарды баш коштуруу, аскердик кызматтын коопсуз шарттарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- батальондун кичи бөлүктөрүнүн ар бир офицеринин, прапорщигинин, сержантынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын, коомдук пикирди, өздүк курамдын маанайын билүүгө, жеке мамилелерди жөнгө салуу боюнча, кичи бөлүмдөрдөгү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш жүзүндөгү чараларды көрүүгө;
- өздүк курамга дүйнөдө жана Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуялар жөнүндө, армиянын, аскердик бөлүктүн, кичи бөлүктүн турмушу жана окуу-күжүрмөн иши жөнүндө маалымат берүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- кичи бөлүктөрдүн офицерлерине, прапорщиктерине жана сержанттарына баш ийгендер менен тарбиялоо иштерин уюштуруу жагынан окутууга жана методикалык жардам көрсөтүүгө;
- окуу процессин, күжүрмөн кезметчиликти, кароол жана ички кызматтарды уюштурууга жана моралдык-психологиялык жагынан камсыз кылууну жүргүзүүгө, эс алуу бөлмөлөрүнүн ишине жетекчилик кылууга;
- аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коомдук уюмдар менен өз ара аракетин уюштурууга;
- аскер кызматчыларына карата социалдык адилеттүүлүктүн принциптеринин сакталышын камсыз кылууга, аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жарандык өздүк курамдын муктаждыктарын жана сунуш-талаптарын билүүгө, алардын даттанууларын жана арыздарын чечүү боюнча чараларды көрүүгө;
- өздүк курамдын рухий керектөөлөрүн канааттандыруу жөнүндө камкордук көрүүгө, анын бош убактысын маданияттуу өткөрүшүн уюштурууга, өздүк курамды мезгилдүү басылмалар жана почта жөнөтүүлөрү менен камсыз кылууга карата чаралар көрүүгө, тарбиялоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттарды жана мүлктү туура пайдаланууну жана сактоону уюштурууга;
- укук бузуулардын, окуялардын жана тартип бузуулардын эсебин алууга;
- өздүк курамдын аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы жөнүндө батальондун командирине өз убагында баяндама жасоого.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Батальондун командиринин курал-жарак (техникалык бөлүк, батальондун автомобиль кызматынын зардалы, батальондун техниги) боюнча орун басары
134. Батальондун командиринин курал-жарак (техникалык бөлүк, батальондун автомобиль кызматынын зардалы, батальондун техниги) боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: курал-жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды техникалык жагынан камсыз кылуу үчүн, алардын туура пайдаланылышы, оңдолушу жана эвакуацияланышы үчүн; өзүнө баш ийген кичи бөлүктүн күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн жооп берет. Ал батальондун командирине баш иет жана батальондун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
Автомобиль кызматынын башчысы (батальондун техниги) өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
135. Батальондун командиринин курал-жарак (техникалык бөлүк, батальондун автомобиль кызматынын зардалы, батальондун техниги) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- батальондун күжүрмөн даярдыгынын планын иштеп чыгууга катышууга жана анын өз адистиги боюнча аткарылышын уюштурууга;
- өзүнө баш ийген кичи бөлүктүн даярдыгына жана ишине жетекчилик кылууга;
- өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктүн аскер кызматчыларынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен жекече ишти такай жүргүзүүгө;
- батальондун өздүк курамынын техникалык даярдыгына жетекчилик кылууга; батальондун офицерлери жана прапорщиктери менен айдоо, курал-жаракты жана аскердик техниканы үйрөнүү, техникалык жагынан камсыз кылууну жүзөгө ашыруу боюнча сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле техникалык адистиктер боюнча машыккан адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы, ошондой эле батальондун окутуу-машыктыруу каражаттарын туура пайдаланууну, оңдоону, тейлөөнү жана эвакуациялоону уюштурууга, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарга жетекчилик кылууга; техникалык даярдык боюнча окуу-материалдык базаны өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
- кичи бөлүктөрдөгү күйүүчү, майлоочу материалдардын жана атайын суюктуктардын туура колдонулушуна жана үнөмдүү чыгымдалышына көз салууга;
- батальондун курал-жарагынын жана аскердик техникасынын түзүлүшүн, пайдалануунун жана оңдоонун тартибин жана эрежелерин, алардын санын, техникалык абалын жана турган жерин билүүгө; үч айда кеминде бир жолу батальондун курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка материалдык каражаттарынын санын жана техникалык абалын жана жылына кеминде эки жолу кичи бөлүмдөрдөгү окуу атуучу куралдарды номери боюнча текшерип чыгууга;
- батальонго бекитилип берилген имараттарды жана парктын аймагынын участокторун жайгаштыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө, ошондой эле аларда ички тартипти кармоону камсыз кылууга;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы талаа шартында колдонууга карата даярдоого жетекчилик кылууга, алардын жүрүшүн жогорулатуу үчүн жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- курал-жарак жана аскердик техника менен болуучу окуялардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, алардын себептерине талдоо жүргүзүүгө, алар жөнүндө жана кабыл алынган чаралар тууралу батальондун командирине токтоосуз баяндама жасоого;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдаланууда, оңдоодо, тейлөөдө жана эвакуациялоодо коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын, ошондой эле парктагы өрткө каршы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга;
- белгиленген эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө.
Батальондун командиринин оорук боюнча (жабдуу) орун басары
136. Батальондун командиринин оорук (жабдуу) боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилине: батальондун оорук кызматтары боюнча материалдык жана техникалык жагына камсыз болушу үчүн; батальонго бекитилип берилген казармалык-турак жай фондусунун күтүлүшү үчүн; өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы үчүн; алардын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн жооп берет. Ал батальондун командирине баш иет, батальондун бүткүл өздүк курамынын зардалы болуп эсептелет.
137. Батальондун командиринин оорук (жабдуу) боюнча орун басары:
- батальондун күжүрмөн даярдыгынын планын иштеп чыгууга катышууга жана анын аткарылышын өз адистиги боюнча уюштурууга;
- баш ийген кичи бөлүктөрдүн ишине жана күжүрмөн даярдыгына жетекчилик кылууга;
- өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн ар бир аскер кызматчысынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча алар менен такай иш жүргүзүүгө;
- оорукту камсыз кылуу жана роталык чарбаны жүргүзүүнү уюштуруу боюнча батальондун ооругунун өздүк курамы, роталардын командирлери жана старшиналары менен сабактарды өткөрүүгө;
- батальондун кичи бөлүктөрүн материалдык каражаттар менен, ал эми өздүк курамды сапаты мыкты тамак-аш менен өз убагында камсыз кылууну уюштурууга, материалдык каражаттардын ылайык келген ченемдерин ар бир аскер кызматчысына жеткирүүгө контролдук жүргүзүүгө;
- кеминде үч айда бир жолу кичи бөлүктөрдөгү материалдык каражаттардын болушун жана абалын текшерип турууга, батальондун кичи бөлүктөрүндөгү оорук кызматынын мүлкүн санактан өткөрүүгө катышууга;
- күйүүчү, майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды туура колдонуу, үнөмдүү чыгымдоо, алар менен иш жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндөгү оорук кызматынын техникасынын болушун жана абалын билүүгө, анын туура пайдаланылышын, оңдолушун, тейленишин жана эвакуацияланышын камсыз кылууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүнө материалдык каражаттардын бардык түрлөрүн, сууну алып келүүнү, механизациялаштырууну, жүктөп-түшүрүү жумуштарын уюштурууга, ошондой эле ташып келүүчү автомобиль транспортунун ишин пландаштырууга катышууга;
- бардык турак жай жана турак жай эмес имараттардын жана курулуштардын, казармалык шаймандардын жана эмеректердин туура пайдаланылышын жана өз убагында оңдолушун уюштурууга; батальонго бекитилип берилген аймакта тартипти сактоого көз салууга; өрт коопсуздугунун талаптарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерүүгө;
- батальондун өздүк курамынын сырткы кебетеси жөнүндө такай кам көрүүгө, кийим-кечекти өз убагында алууну, аны туура пайдаланууну жана оңдоону уюштурууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүнүн өздүк курамынын мончо-кир жуу жагынан тейленишин уюштурууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндө экономикалык иштер боюнча иш-чараларды уюштурууга;
- оңдоо жана чарба жумуштарын жүргүзүүдө, ошондой эле ооруктагы техникаларды тейлөөдө жана пайдаланууда коопсуздуктун талаптарынын сакталышын камсыз кылууга;
- батальондун кичи бөлүктөрүндө ооруктагы кызматтар боюнча эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшүн уюштурууга жана контролдоого милдеттүү.
Ротанын командири
138. Ротанын командири тынчтык мезгилинде жана согуш мезгилинде: ротанын күжүрмөн даярдыгы жана ротанын күжүрмөн даярдыкты ийгиликтүү ишке ашырышы үчүн; өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн; ротада ички тартипти кармап туруу үчүн; ротанын курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка мүлкүнүн сакталышы жана абалы үчүн; ротанын чарбасын жүргүзүү үчүн жооп берет. Ротанын командири батальондун командирине баш иет жана ротанын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
139. Ротанын командири өздүк курамды окутуунун жана күндөлүк тарбиялоонун түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат. Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ротада күжүрмөн даярдыкты уюштурууга, жумалык сабактардын тизмегин түзүүгө, ротанын офицерлери, прапорщиктери жана сержанттары (старшиналары), ошондой эле өздүк курамы менен сабактарды өткөрүүгө; күжүрмөн милдеттерди аткарууда ротаны билгичтик менен башкарууга;
- ротанын солдаттарынын, сержанттарынын, прапорщиктеринин жана офицерлеринин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн текшерүүгө;
- ротанын ар бир аскер кызматчысынын аскердик наамын, аты-жөнүн, улутун, кызмат өтөгөн мөөнөтүн, ээлеген кызматын жана адистигин, үй-бүлөлүк абалын, ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, алар менен аскердик тарбиялоо боюнча такай иш алып барууга;
- аскердик кызматка кабыл алуу үчүн, ошондой эле аскердик кесип берүүчү окуу жайларына өтүү үчүн талапкерлерди тандап алууну жүзөгө ашырууга;
- солдаттарды жана сержанттарды кезектеги аскердик наамды ыйгарууга, татыктууларды бош орундарды ээлөөгө көрсөтүүгө;
- өздүк курамды жайгаштырууну уюштурууга, ротада ички ыраатты, аскердик тартипти кармап турууга, өзүнө баш ийген аскер кызматкерлеринин сырткы кебетесине жана өзүн алып жүрүшүнө, алардын аскердик кийим-кечекти кийип жүрүү эрежелерин сакташына шаймандарды, кийим-кечекти жана бут кийимди туура ылайыктап кийишине көз салууга;
- ротадан дайындалган суткалык наряддын өздүк курамын даярдоону уюштурууга жана алардын кызматты өтөшүнө текшерүүгө;
- жума сайын күжүрмөн даярдыктын, аскердик тартиптин жана ички ырааттын жыйынтыгын чыгарып турууга;
- рота эртең менен турганда жана кечки текшерүүгө мезгил-мезгили менен катышып турууга;
- ротанын материалдык бөлүгүн, курал-жаракты жана аскердик техниканы пайдалануу эрежелерин билүүгө;
- ротанын курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды өз убагында алышын, туура пайдаланышын жана оңдошун уюштурууга; айына кеминде бир жолу алардын бар экендигин, абалын текшерүүгө жана эсебин алууга; курал-жаракты, аскердик техниканы ок-дарыларды текшерүүнүн натыйжаларын курал-жаракты, аскердик техниканы ок-дарыларды текшерүү китебине жазып турууга (12-тиркеме);
- ар бир машыгууга жана үйрөнүүгө чыгардын алдында ротанын курал-жарагынын аскердик техникасынын даярдыгын, ошондой эле алардын машыгуудан жана үйрөнүүдөн келгенден кийин бар же жок экендигин текшерүүгө; курал-жарактын жана аскердик техниканын талкаланышын, кыйрашын жана сынышын болтурбай коюу боюнча чараларды көрүүгө; сабактардын, ок атуулардын, машыгуулардын жана жумуштардын маалында өздүк курам тарабынан коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- ротанын аскер кызматчыларын тиешелүү тамак-аш жана башкалар менен өз убагында камсыз кылууга, өзүнө баш ийгендердин жашоо шарты жөнүндө кам көрүүгө жана алардын муктаждыктарын билүүгө, алардын жеке гигиена эрежелерин сакташына көз салууга;
- ротага бөлүнүп берилген бардык имарат жайлардын күтүлүшүнө жана туура пайдаланылышына, ротага бекитилип берилген аймактын участогунун таза кармалышына, ошондой эле ротада өрткө каршы иш-чаралардын өткөрүлүшүнө көз салууга;
- ротанын өздүк курамынын эсебин жүргүзүүгө, анын тизме боюнча санын, канчасы бар, канчасы жок экендигин, курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бар экендигин, абалын ар дайым так билүүгө, айына бир жолу өздүк курам, ошондой эле материалдык каражаттар жөнүндө маалыматтарды бригаданын эсептик маалыматтары менен салыштырып турууга;
- ротанын чарбасына жетекчилик кылууга.
Ротанын командиринин орун басары
140. Ротанын командиринин орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: аскердик тартипти жана ички ыраатты кармап туруу үчүн; окуу-материалдык базасынын объектилерин, окутуу шаймандарын жана жабдууларын оң абалда күтүү үчүн; ротада машыккан адистерди даярдоо үчүн; ротадагы спорттук-массалык иштер үчүн жооп берет. Ал ротанын командирине баш иет жана ротанын бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп саналат.
141. Ротанын командиринин орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- жумалык сабактардын тизмегин түзүүгө катышууга жана ротанын күжүрмөн даярдыгынын эсебин жүргүзүүгө;
- ротанын прапорщиктери, сержанттары, ошондой эле өздүк курамы менен сабактарды өткөрүүгө;
- күжүрмөн даярдык боюнча сабактарды уюштурууда жана өткөрүүдө взводдордун командирлерине жардам көрсөтүүгө жана табылган кемчиликтерди четтетүүгө;
- ротада спорттук-массалык ишти өткөрүүгө, ойлоп табуучулук жана рационализатордук ишти уюштурууга;
- ротанын өздүк курамын ар тараптан билүүгө, баш ийгендерди аскердик тарбиялоо боюнча жекече иш жүргүзүүгө;
- ротанын курал-жарагын жана аскердик техникасын (материалдык бөлүгүн, пайдалануу эрежелерин) билүүгө жана алардын бар экендигин жана күжүрмөн даярдыгын жеке өзү текшерүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы сабактарга жана машыгууларга даярдоого катышууга, талкаланууларды, кыйроолорду жана сынууларды болтурбай коюу боюнча чараларды көрүүгө;
- ротада машыккан адистерди даярдоону уюштурууга жана аларды даярдоо боюнча иш-чараларды жеке өзү жүргүзүүгө;
- ротада болгон же ага бекитилип берилген окуу куралдарынын, шаймандардын, жабдуулардын жана окуу-материалдык базанын объектилеринин туура пайдаланылышын уюштурууга;
- ротада аскердик тартипти жана ички ыраатты кармап турууга; суткалык нарядды даярдоого катышууга жана алардын кызмат өтөшүн текшерүүгө;
- ротага бекитилип берилген аймактын участогунун таза кармалышына жана ротанын өздүк курамы тарабынан өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына көз салууга;
- ротанын өздүк курамынан аскердик кийим-кечекти кийип жүрүү эрежелерин сактоону талап кылууга;
- мезгил-мезгили менен рота эртең менен туруп жатканда жана кечки текшерүүгө катышып турууга.
Ротанын командиринин өздүк курам менен иш алып баруу боюнча орун басары
142. Ротанын командиринин өздүк курам менен иш алып баруу боюнча орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: өздүк курамдын тарбияланышы, аскердик тартиби моралдык-психологиялык абалы жана коомдук-мамлекеттик даярдыгы үчүн жооп берет. Ал ротанын командирине баш иет жана бүткүл өздүк курамдын тикелей зардалы болуп саналат.
143. Ротанын командиринин өздүк курам менен иш алып баруу боюнча орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- сабактардын тизмегин түзүүгө катышууга, ар бир аскер кызматчысынын улуттук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, билим деңгээлин жана динге болгон мамилесин эске алып, өздүк курам менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнү пландаштырууга жана жүргүзүүгө; аскер кызматчыларында Ата мекенге, аскердик парзга жана Аскердик антка берилгендикти, жогорку күжүрмөн жана моралдык психологиялык сапаттарды тарбиялоого;
- аскердик тартипти чыңдоо жана укук бузууларды болтурбай коюу, аскер кызматынын коопсуздугунун шарттарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- ротанын ар бир аскер кызматчысын, алардын жеке өзгөчөлүктөрүн, ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, алар менен жекече иш жүргүзүүгө; аскердик жамаатты баш коштуруу боюнча чараларды көрүүгө;
- дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жөнүндө, кичи бөлүктөрдүн турмушу жана окутуу-тарбиялоо иштери жөнүндө өздүк курамга маалымат берүүгө, аскер кызматчылары менен коомдук-мамлекеттик даярдыктын пландары боюнча сабактарды өткөрүүгө;
- окутуу процессин, күжүрмөн кезметчиликти, кароол жана ички кызматтарды моралдык-психологиялык камсыз кылууну жүргүзүүгө;
- өздүк курамдын муктаждыктарын жана сунуш-талаптарын билүүгө, аскер кызматчыларынын даттанууларын жана арыздарын чечүү боюнча чараларды көрүүгө, алардын туугандары жана жакындары менен байланышта болууга;
- өздүк курамдын рухий керектөөлөрүн канааттандыруу тууралу кам көрүүгө, ротанын эс алуусун, өздүк көркөм чыгармачылыгын уюштурууга; өздүк курамды мезгилдүү басылмалар жана почталык жөнөтүүлөр менен камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө; эс алуу бөлмөсүндө ишти уюштурууга, тарбиялоо ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттарды жана мүлктү туура пайдаланууга;
- рота эртең менен туруп жатканда жана кечки текшерүүгө мезгилмезгили менен катышып турууга;
- өздүк курамдын аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы тууралу ротанын командирине өз убагында баяндама берип турууга.
Ротанын командиринин курал-жарак боюнча орун басары (техникалык бөлүк, улук техник, ротанын техниги)
144. Ротанын командиринин курал-жарак боюнча орун басары (техникалык бөлүк, улук техник, ротанын техниги) тынчтык жана согуш мезгилинде курал-жарактын жана аскердик техниканын техникалык жагынан оң болушу үчүн, алардын туура пайдаланылышы жана оңдолушу үчүн, ошондой эле ротанын өздүк курамынын техникалык даярдыгы үчүн жооп берет. Ал ротанын командирине баш иет жана ротанын бүткүл өздүк курамынын тикелей башчысы болуп саналат. Ротанын улук техниги (техниги) ротанын сержанттары жана солдаттары үчүн тикелей зардал болуп саналат.
145. Ротанын командиринин куралдануу боюнча орун басары (техникалык бөлүк, улук техник, ротанын техниги) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бир жумалык сабактын тизмегин түзүүгө катышууга;
- ротанын курал-жарагын жана аскердик техникасын техникалык жагынан туура пайдаланууну уюштурууга, аларды тартипте жана оң абалда күтүү боюнча чараларды көрүүгө;
- ротанын согуштук жана башка машиналарынын механик-айдоочуларынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барууга;
- ротанын өздүк курамы менен техникалык даярдык, машина айдоонун негиздери эрежелери боюнча сабактарды өткөрүүгө; техникалык адистиктеги машыккан адистерди даярдоону жүргүзүүгө;
- ротанын курал-жарагынын жана аскердик техникасынын түзүлүшүн, пайдалануунун жана оңдоонун тартибин, эрежесин, алардын бар экендигин жана техникалык абалын билүүгө; экипаждардын (айдоочулардын) күчү менен жүргүзүлүп жаткан курал-жаракты аскердик техниканы техникалык жагынан тейлөө жана оңдоо боюнча иштерге жеке өзү жетекчилик кылууга;
- парктан чыгып жаткан машиналардын абалын текшерүүгө, техникалык жагынан оң болгон машиналарды гана пайдаланууга жол берүүгө, бул тууралу жолдомо баракчага белги коюуга;
- айына кеминде бир жолу ротанын курал-жарагынын жана аскердик техникасынын техникалык абалын текшерип турууга, атылуучу куралдарды номери боюнча текшерип чыгууга;
- рота ар бир машыгууга жана үйрөнүүгө чыгышына карата машиналарды даярдоого жана алар кайтып келгенден кийин абалын текшерүүгө;
- курал-жарактын жана аскердик техниканын кырсыкка жана зыянга учурашын болтурбай коюуга карата чараларды көрүүгө, алардын себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө ротанын командирине токтоосуз билдирүүгө; курал-жарак жана аскердик техника менен жумуштарды жана сабактарды уюштурууда өздүк курамга коопсуздуктун талаптарын жеткирүүгө жана алардын аткарылышына жетишүүгө, ошондой эле машиналарды пайдаланууда, оңдоодо, тейлөөдө жана эвакуациялоодо коопсуздуктун талаптарынын аткарылышына көз салууга;
- күйүүчү жана майлоочу материалдардын, запастык тетиктердин жана башка техникалык мүлктүн үнөмдүү пайдаланылышына көз салууга;
- зарыл болгон техникалык мүлккө өз убагында өтүнмө берүүгө, анын туура пайдаланылышын уюштурууга;
- ротанын паркында жана машиналарында өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
- белгиленген эсептүүлүктү жана отчеттуулукту жүргүзүүгө.
Взводдун командири
146. Взводдун командири тынчтык жана согуш мезгилинде: взводдун күжүрмөн даярдыгы алар тарабынан күжүрмөн даярдыктын ийгиликтүү аткарылышы үчүн; өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн; взводдогу ички ыраатты кармап туруу үчүн; взводдун курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка мүлкүнүн сакталышы жана абалы үчүн жооп берет. Ал ротанын командирине баш иет жана взводдун бүткүл өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
147. Взводдун командири өзүнө баш ийгендерди жеке өзү окутат жана тарбиялайт. Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өздүк курам менен күжүрмөн даярдык боюнча сабактарды өткөрүүгө жана бөлүктүн командирлеринин солдаттарды туура окутушуна көз салууга, ал эми күжүрмөн милдеттерди аткарууда взводду билгичтик менен башкарууга;
- ар бир аскер кызматчысынын аты-жөнүн, туулган жылын, улутун, аскердик кызматка чейин иштеген ишин, үй-бүлөлүк абалын, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерин жана кемчиликтерин, алардын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө; алар менен аскердик тарбия боюнча такай жекече иш алып барууга; взводдун өздүк курамынын аттары жазылган тизмени жүргүзүүгө;
- өзүнө баш ийгендердин турмуш-тиричилик шарттары тууралу кам көрүүгө жана алардын муктаждыктарын билүүгө; жумасына кеминде бир жолу взвод эртең менен туруп жатканда жана кечки текшерүүгө катышып турууга;
- взводдун өздүк курамы тарабынан аскердик тартиптин сакталышын талап кылууга жана анын сырткы турпатына, аскердик кийим-кечекти кийип жүрүү эрежелерин аткарышына, шаймандарды, кийим-кечекти, бут кийимди туура ылайыктап кийишине жана жеке гигиенанын эрежелерин сакташына катуу көз салууга;
- взводдо болгон курал-жарактын жана аскердик техниканын материалдык бөлүгүн, пайдалануу эрежелерин билүүгө жана алардын күжүрмөн даярдыгын жеке өзү текшерүүгө;
- курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын туура пайдаланылышына көз салууга жана кеминде эки жумада бир жолу аларды жеке өзү карап чыгууга жана бар экендигин текшерүүгө;
- өздүк курамдын дене тарбиясы жагынан машыгуусун такай өркүндөтүп турууга, алар менен дене тарбиясы боюнча сабактарды үзбөй өткөрүп турууга;
- курал-жарактын жана аскердик техниканын ар бир машыгууга же үйрөнүүгө чыгууга карата даярдыгын, ошондой эле алардын машыгуудан жана үйрөнүүдөн кайтып келгенден кийин бар экендигин жана абалын текшерүүгө;
- курал-жарак жана аскердик техника менен сабактарды өтүүдө, ок атууларды жүргүзүүдө, машыгууларды жана жумуштарды жүргүзүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- взводдун күжүрмөн даярдыгынын эсебин алууга;
- өзүнө баш ийгендердин муктаждыктары жөнүндө, ошондой эле аларга берилген сыйлыктар жана тартип жазалары тууралу ротанын командирине баяндама берип турууга.
Ротанын старшинасы
148. Ротанын старшинасы тынчтык жана согуш мезгилинде: солдаттар жана сержанттар тарабынан кызмат өтөөнүн эрежелеринин сакталышы үчүн; ротадагы аскердик тартип жана ички ыраатты кармап туруу үчүн; ротанын курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка мүлкүнүн, ошондой эле аскер кызматчыларынын сактоочу жайда турган жеке буюмдарынын сакталышы үчүн жооп берет. Ал ротанын командирине баш иет, рота жайгашкан жерде ички ыраатты тикелей уюштуруучу жана ротанын сержанттары менен солдаттарынын тикелей зардалы болуп саналат.
Ротанын офицерлери жок болгон учурда ротанын старшинасы ротанын командиринин милдеттерин аткарат.
149. Ротанын старшинасы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ротанын күжүрмөн даярдыгы боюнча сабактарды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылууга, ошондой эле ротанын командиринин көрсөтмөсү боюнча сабактарды өткөрүүгө;
- ротанын ар бир солдатынын жана сержантынын аты-жөнүн, улутун, кызмат өтөө мөөнөтүн, ээлеген кызматын, жеке сапаттарын, үй-бүлөлүк абалын билүүгө жана алар тууралу кам көрүүгө;
- ротанын солдаттары менен сержанттарынын тышкы турпатына көз салууга, алардын кийим-кечегин жана бут кийимин жекече туура ылайыктап берүүгө;
- ротанын солдаттары менен сержанттарынан аскердик тартипти, күн тартибин сактоону талап кылууга, аскердик тартиптин бузулушу тууралу, ошондой эле солдаттар менен сержанттарга берилген сыйлыктар жана тартип жазалары жөнүндө ротанын командирине баяндама берип турууга;
- кызматка жана жумуштарга наряддарды взводдордун ортосунда бөлүштүрүүгө, сержанттардын нарядга турушунун кезектүүлүгүн жеке өзү жүргүзүүгө жана взводдордо наряддардын туура жүргүзүлүшүн текшерүүгө;
- ротанын суткалык нарядынын даярдыгын текшерүүгө, бөлүштүрүү алдында аларды карап чыгууга, нускама берүүгө жана бөлүштүрүүгө өз убагында жөнөтүүгө; рота боюнча кезметчи менен сакчынын өз милдеттерин так аткарышына көз салууга;
- ротанын командиринин уруксаты менен, ал эми бригада боюнча кезметчинин буйругу боюнча кезметте турган кичи бөлүккө кароол үчүн ок-дарыларды жана солдаттар менен сержанттарга тапанчаларды берүүгө, жеке өзү кайра өткөрүп алууга жана өткөрүп алуудан кийин аларды карап чыгууга;
- эртең мененки кароону өткөрүүгө жетекчилик кылууга жана кечки текшерүүнү өткөрүүгө;
- ротаны ашканага алып барууга же аны взводдордун командирлеринин орун басарларынын биринин командачылыгы алдында жөнөтүүгө;
- ротадан дайындалган ар бир команданы карап чыгууга жана жөнөтүүгө, ротаны жеке өзү мончого алып барууга жана аны медициналык кароодон өткөрүү учурунда өкүл болуп катышууга;
- кечки текшерүүдө жок болгондор тууралу, ал эми өзү билип кетип калгандар болсо, алардын аскердик наамы, аты-жөнү жөнүндө рота боюнча кезметчи аркылуу бригада боюнча кезметчиге маалымат берүүгө;
- бригада жайгашкан жерден сыртка чыгып жаткан чакыруу боюнча кызмат өтөп жүргөн солдаттар менен сержанттарга сыртка чыгаруу кагаздарын берүүгө, алардын форма боюнча кийингендигин жана коомдук жайлардагы жүрүш-туруш эрежелерин биле тургандыгын текшерүүгө;
- ротага келип түшкөн курал-жаракты жана башка материалдык каражаттарды өз убагында алууга жана карап чыгууга, алардын бар экендигине, туура пайдаланылышына катуу көз салууга жана өз убагында оңдоого жиберүүгө; ротанын өздүк курамынын буюм мүлкүн оңдоо үчүн зарыл материалдын бар болушу тууралу кам көрүүгө;
- алынуучу аскердик уставдардын, нускамалардын жана окуу куралдарынын сакталышын жана эсепке алынышын, ошондой эле аларды убактылуу пайдаланууга берүүнү уюштурууга жана алардын взводдордо сакталышына текшерүүгө;
- ротанын бардык имарат жайларын, ошондой эле ротага бекитилип берилген аймактын участогун таза жана тартипте күтүүнү уюштурууга жана аларды жалпы тазалоого жетекчилик кылууга;
- мештерди жагуу эрежелеринин аткарылышына, өрт өчүрүүчү каражаттардын туура күтүлүшүнө жана ротанын солдаттары менен сержанттары тарабынан өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына көз салууга;
- нарядда турган же кызматтык иштер боюнча жок болгон адамдарга тамак-аш калтырып коюу тууралу рота боюнча кезметчи аркылуу ашкана боюнча кезметчиге өтүнмө берүүгө;
- камакка алынган солдаттар менен сержанттарды гауптвахтага жөнөтүүнүн алдында алардын акчаларын жана баалуу буюмдарын каттап туруп алууга;
- ротанын аскердик мүлкүн эсепке алуу китебин бригаданын кызматтарын эсепке алуу китептери менен ай сайын салыштырып турууга жана белгиленген эсептүүлүктү жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- рота жайгашкан жерден кеткен учурда өзүнүн ордуна взводдордун командирлеринин орун басарларынын бирин калтырууга.
Взводдун командиринин орун басары
150. Взводдун командиринин орун басары тынчтык жана согуш мезгилинде: өздүк курамды окутуу, тарбиялоо жана аскердик тартип үчүн; взводдогу ички ырааттуулук үчүн; өздүк курамдын кызмат өтөшү үчүн; ар бир солдат менен сержанттын сырткы турпаты үчүн жооп берет. Ал взводдун командирине, ал эми ички ыраатты кармап туруу маселелери боюнча ротанын старшинасына баш иет взводдун солдаттары менен сержанттарынын тикелей зардалы болуп саналат.
151. Взводдун командиринин орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- взводдун солдаттары менен сержанттарын окутууга, тарбиялоого жана взводдун командиринин көрсөтмөсү боюнча сабактарды жеке өзү өткөрүүгө;
- өзүнө баш ийген ар бир аскер кызматчысынын аты-жөнүн, туулган жылын, улутун, жеке сапаттарын, аскердик кызматка чейин аткарган ишин, үй-бүлөлүк абалын, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерин жана кемчиликтерин билүүгө;
- взводдун бөлүкчөлөрүнүн командирлеринин бүткүл өздүк курамынын аскердик тартипти сакташына кызмат өтөшүнө көз салууга;
- взводдун курал-жарагын, аскердик техникасын жана башка материалдык каражаттарын оң абалда кармап турууга, алардын бар экендигине көз салып турууга; имарат жайды таза кармоого, аны бөлүкчөлөрдүн ортосунда тазалоонун кезектүүлүгүн белгилөөгө; баш ийгендерден төшөнчүнү, кийим-кечекти жана бут кийимди оң абалда жана жарашыктуу кийип жүрүүнү талап кылууга; взводдун өздүк курамынын буюм-тайымдарынын күндөлүк оңдолушунун өз убагында жүргүзүлүшүнө;
- взводдун өздүк курамын эртең мененки кароодон өткөрүүгө;
- баш ийгендер тууралу кам көрүүгө жана алардын муктаждыктарын билүүгө;
- солдаттарды кызматтык наряддарга жана жумушка дайындоого, взводдун нарядга туруу баракчаларын (12-тиркеме), взводдун өздүк курамынын, курал-жарагынын жана башка материалдык каражаттарынын эсебин алууну жүргүзүүгө;
- өзүнө баш ийгендер кайда жүргөнүн жана эмне кылып жаткандыгын ар дайым билүүгө;
- өзүнө баш ийгендердин бардык өтүнүчтөрү, сыйлыктары, тартиптик жоруктары жана тартип жазалары тууралу взводдун командирине баяндама берип турууга;
- взводдун командиринин жана ротанын старшинасынын ордуна калганда, алардын милдеттерин аткарууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бөлүкчөнүн командири
152. Бөлүкчөнүн командири тынчтык жана согуш мезгилинде: бөлүкчөнүн күжүрмөн милдетти ийгиликтүү аткарышы үчүн; өзүнө баш ийгендердин окуусу, тарбиясы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы, катарда түз турушу жана сырткы турпаты үчүн; курал-жаракты, аскердик техниканы, шаймандарды, кийим-кечекти, бут кийимди туура пайдалануу жана күтүү үчүн жана аларды тартипте жана оң абалда күтүү үчүн жооп берет. Ал взводдун командирине жана анын орун басарына (команданын старшинасына) баш иет жана бөлүкчөнүн өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
153. Бөлүкчөнүн командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бөлүкчөнүн солдаттарын окутууга жана тарбиялоого, ал эми күжүрмөн милдеттерди аткарууда бөлүкчөнү билгичтик менен башкарууга;
- өзүнө баш ийген ар бир аскер кызматчысынын аты-жөнүн, туулган жылын, улутун, жеке сапаттарын, аскердик кызматка чейин аткарган ишин, үй-бүлөлүк абалын, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерин жана кемчиликтерин билүүгө;
- күн тартибинин аткарылышына, бөлүкчөдөгү тазалыкка жана ички ыраатка көз салууга, аскердик тартипти сактоону баш ийгендерден талап кылууга;
- бөлүкчөнүн курал-жарагынын, аскердик техникасынын жана башка мүлкүнүн материалдык бөлүгүн билүүгө, алардын бар экендигине көз салууга, аларды күн сайын карап чыгууга жана тартипте, оң абалда кармап турууга;
- бөлүкчөнүн солдаттарында кызматка болгон урматтоону, өзүнүн куралына жана аскердик техникага аяр мамиле кылууну калыптандырууга;
- бөлүкчөнүн солдаттарынын катарда түз турушуна жана чыдамкай болушуна жетишүүгө;
- баш ийгендер тууралу кам көрүүгө жана алардын муктаждыктарын билүүгө; баш ийгендердин кийим-кечегинин жана бут кийиминин жарашыктуу жана оң абалда болушуна, шаймандардын туура ылайыкталып алынышына, алардын жеке жана коомдук гигиенанын, аскердик кийим-кечекти кийип жүрүүнүн эрежелерин сакташына көз салууга;
- күн сайын бут кийимдин, кийим-кечектин тазалыгына жана чулгоолордун, байпактардын кургатылышына, ошондой эле бут кийим менен кийим-кечектин өз убагында оңдолушуна көз салып турууга;
- ок атуулардан жана сабактардан кийин баш ийгендерде дүрмөттүү жана кур дүрмөт патрондордун, гранаталардын, от алдыргычтардын жана жардыргыч заттардын калбашына көз салууга;
- бардык ооруп калгандар жөнүндө, баш ийгендердин даттануулары жана өтүнүчтөрү тууралу, алардын тартиптик жоруктары жана аларды болтурбай коюу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө, аларга берилген сыйлыктар жана тартип жазалары жөнүндө, ошондой эле курал-жарактын жана башка материалдык каражаттардын жоголушу же бузулушу тууралу взводдун командиринин орун басарына баяндама берип турууга;
- баш ийгендер кайда жүргөнүн жана эмне кылып жатканын ар дайым билүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Солдаттын милдеттери
154. Солдат тынчтык жана согуш мезгилинде өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана алдына коюлган милдеттердин так жана өз убагында аткарылышы, ошондой эле өзүнүн куралынын, ага ишенип берилген аскердик техниканын оң абалда болушу жана ага берилген мүлктүн сакталышы үчүн жооп берет.
155. Солдат төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Куралдуу Күчтөрдүн жоокери катары өзүнүн парзын терең аңдап билүүгө, аскердик кызматтын милдеттерин үлгүлүү аткарууга, командирлер (зардалдар) үйрөткөндөрдүн бардыгына ээ болууга;
- дээрлик дивизиянын командирине чейинки өзүнүн тикелей зардалдарынын кызматтарын, аскердик наамдарын жана аты-жөнүн билүүгө;
- командирлерге (зардалдарга) жана улууларга урмат көрсөтүүгө, кызматташ жолдошторунун ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, аскердик сылыктыктын, жүрүш-туруштун жана аскердик саламдашуунун эрежелерин сактоого;
- күн сайын өзүн бышыктырууга, өзүнүн дене тарбиясы боюнча даярдыгын өркүндөтүүгө, жеке жана коомдук гигиенанын эрежелерин сактоого;
- ар дайым форма боюнча жана тыкан кийинип жүрүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы жеткиликтүү билүүгө жана аны ар дайым оң абалда, таза, согушка даяр абалда кармоого;
- кийим-кечекти жана бут кийимди аярлап кийүүгө, аларды өз убагында жана тыкандык менен оңдоого, күн сайын тазалоого жана көрсөтүлгөн жерде сактоого;
- куралды пайдаланууда, техника менен иштөөдө жана башка учурларда коопсуздуктун талаптарын, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарын кыйшаюусуз аткарууга;
- зарыл болгондо бөлүкчөнүн командиринин уруксаты менен бригада жайгашкан жердин чектеринде болуп келүүгө, ал эми кайтып келгенден кийин бул тууралу баяндама жасоого;
- бригада жайгашкан жерден тышкары жерде болгондо өзүнүн кадыр-баркын жана ар-намысын сактоого, коомдук тартипти бузууга жана жарандык калкка карата жосунсуз жоруктарды жасоого жол бербөөгө;
- өзүнүн кызматтык ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин, ошондой эле эл аралык таанылган таанып билүү каражаттарын, айырмалоо белгилерин жана сигналдарын билүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
156. Аскердик кызматтын милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтери жана аскердик үлгүлүү тартиби үчүн солдатка ефрейтор деген аскердик наам берилет.
Ефрейтор солдаттарды окутууда жана тарбиялоодо бөлүкчөнүн командирине жардам берүүгө милдеттүү.
ЭКИНЧИ БӨЛҮК. ИЧКИ ЫРААТ
Жалпы жоболор
157. Ички ыраат - бул аскер кызматчыларын аскердик бөлүктөргө (кичи бөлүктөргө) жайгаштыруунун, күндөлүк ишинин, турмуш-тиричилигинин жана суткалык наряддын кызмат өтөшүнүн аскердик уставдарда аныкталган эрежелерин бекем сактоо.
Ички ыраат:
- бардык аскер кызматчыларынын мыйзамдарда жана аскердик уставдарда аныкталган милдеттерди терең түшүнүшү, аң-сезимдүү жана так аткарышы;
- максатка багытталган тарбиялоо иши, командирлердин (зардалдардын) жогорку талабы менен баш ийгендер жөнүндө камкордук көрүшү жана алардын саламаттыгын сактоо менен айкалыштыруу;
- күжүрмөн даярдыкты так уюштуруу;
- суткалык наряддын күжүрмөн кезметчиликти жана кызматты үлгүлүү өтөө;
- күн тартибин жана кызматтык убакыттын регламентин так аткаруу;
- курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды пайдалануунун (колдонуунун) эрежелерин аткаруу; аскер кызматчылары жайгашкан жерлерде алардын күндөлүк иши, жашоосу жана турмуш-тиричилиги үчүн аскердик уставдардын талаптарына жооп берген шарттарды түзүү;
- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, ошондой эле аскердик бөлүк иш жүргүзгөн райондо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрүү менен жетишилет.
4-глава. Аскер кызматчыларын жайгаштыруу
Жалпы жоболор
158. Бригаданын бүткүл имарат жайын жана аймагын кичи бөлүктөрдүн ортосунда бригаданын командири бөлүштүрөт. Аскердик шаарчада бир нече аскердик бөлүктөр жайгашканда алардын ортосунда имарат жайларды жана аймакты гарнизондун зардалы бөлүштүрөт.
159. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары казармаларга жайгаштырылат.
160. Ар бир ротаны жайгаштыруу үчүн төмөндөгүдөй имарат жайлар:
- уктоочу жай;
- эс алуу жана маалымдоо бөлмөсү;
- ротанын кеңсеси;
- курал-жаракты сактоочу бөлмө;
- курал-жаракты тазалоочу бөлмө (орун);
- спорттук машыгууларды өткөрүү үчүн бөлмө (орун);
- турмуш-тиричилик жактан тейлөө бөлмөсү;
- ротанын мүлкүн жана аскер кызматчыларынын жеке буюмдарын сактоочу жай;
- тамеки тартуучу жана бут кийим тазалоочу бөлмө (орун);
- кийим-кечекти жана бут кийимди кургатуучу жай;
- жуунуучу бөлмө;
- душ;
- даараткана каралууга тийиш.
Ар бир батальондун карамагына батальондун командири, анын орун басарлары, батальондун штабы, сабактарга даярдануу, офицерлердин кеңешмелери жана эс алуусу үчүн бөлмөлөр берилет.
Бригада сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон класстар жабдылат.
Ар бир бөлүктө күжүрмөн даңктын (тарыхтын) бөлмөсү жабдылып, анда Кыргыз Республикасынын символдору жайгаштырылат жана аскердик бөлүктүн Ардак китеби жазылат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
161. Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана солдаттар: үй-бүлөсү барлары - бригада жайгашкан жерден тышкары, ал эми үй-бүлөсү жоктору бригада жайгашкан жердеги казарманын өзүнчө имарат жайларында (бөлмөлөрүндө), ошондой эле бригада жайгашкан жерден тышкары квартираларда жайгаштырылат.
Мында аял-аскер кызматчылары үчүн өзүнчө жатаканалар (уктоочу жайлар), сабактарга даярдануу, кеңеш өткөрүү жана эс алуу, душ жана даараткана үчүн бөлмөлөр, ошондой эле турмуш-тиричилик жактан тейлөө бөлмөлөрү жана жуунуучу бөлмөлөр жабдылат.
Ротанын старшинасынын кызматын ээлеген прапорщиктер (үй-бүлөсү барларлы же үй-бүлөсү жоктору) бригада жайгашкан жерде же ага жакын жерге жайгаштырылат.
Чакырылып аскер кызматын өтөп жатышкан жана ротанын старшинасынан же башка кызматтарды аткарышкан, офицерликке же прапорщикке комплектиленген сержанттар казарманын өзүнчө бөлмөсүндө жайгашат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
162. Аскердик кесиптик билим берүү мекемелеринин курсанттары мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттар жана сержанттар үчүн белгиленген тартипте казармаларга жайгаштырылат. Курсант болгон прапорщиктер, аскердик кесиптик билим берүү окуу жайына өткөнгө чейин мөөнөттүү кызмат өтөгөн адамдар окутуунун биринчи жылынан тартып казармаларга жайгаштыруудан бошотулат.
163. Эч кимге ашканаларда, нан заводдорунда, медициналык пункттарда, от жагуучу жайларда, өндүрүштүк жана кампа жайларында, клубдарда, парктарда жана ангарларда, ошондой эле казарманын окуу жана кызматтык имарат жайларында жашоого тыюу салынат.
164. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын уктоочу жайларга жайгаштыруу бир адамга абанын көлөмү 12 кубометрден аз болбогондой эсептелип жүргүзүлөт.
Уктоочу жайлардагы керебеттер ротанын штаттык-кызматтык тизмесине ылайык ырааттуулукта жайгаштырылат жана алардын ар биринин же бириктирилген эки керебеттин жанында керебеттин жанына коюлуучу үкөк үчүн орун, ал эми керебеттердин катарларынын ортосунда өздүк курам катарга туруу үчүн зарыл болгон бош орун калгыдай кылып жайгаштырылат; керебеттер тышкы дубалдардан 50 сантиметр аралыкта тегиз жайгаштырылууга тийиш. Керебеттер бир түрдүү (стандарттык) болууга тийиш.
Уктоочу жайларда керебеттер бир же эки кабат болуп жайгаштырылышы мүмкүн.
Аял-аскер кызматчылары керебеттер бир катар болуп жайгашкан уктоочу жайларда жайгаштырылат.
165. Жасаган эрдиктери үчүн ротанын тизмесине түбөлүккө же ардактуу жоокерлер катары киргизилген аскер кызматчылары үчүн эс алуу жана маалымдоо бөлмөсүндө көрүнүктүү жерге баатырдын портрети (баатырлардын портреттери) жана анын эрдигинин (алардын эрдиктеринин) сыпаттамасы жайгаштырылган такта илинет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
166. Керебеттин жанындагы үкөктө самын-сумун жана сакал алуучу аспаптар, жүз аарчылар, ак жакалар, кийим жана бут кийим тазалоочу жабдуулар, жеке пайдаланыла турган башка майда-барат нерселер, ошондой эле китептер, уставдар, сүрөт альбомдору, дептерлер жана башка кагаз-калем сакталат.
167. Казармада жайгашкан аскер кызматчыларынын төшөнчүсү жууркандан, шейшептен, жаздык тышы бар жаздыктан, матрацтан жана төшөмөдөн турууга тийиш. Төшөнчү бир түрдүү жыйылууга тийиш. Төшөнчүгө кийимчен (эс алып жаткан рота боюнча кезметчиден башкаларга) жана бут кийимчен отурууга жана жатууга тыюу салынат.
168. Шинелдер, сыртка кийилүүчү жылуу күрмөлөр жана шымдар, кыска тондор, баш кийимдер, толук жабдылган буюм салынуучу баштыктар казарманын имарат жайында орнотулган атайын шкафтарда сакталат, ал эми противогаздан башка, болот туулгалар, жекече коргонуу каражаттары текчелерге жайгаштырылат; параддык-тышка кийүүчү кийим-кечек спорттук форма жана жумушчу кийими ротанын мүлкүн жана аскер кызматчыларынын жеке буюмдарын сактоочу жайда сакталат. Атайын кийим уктоочу жайлардан тышкаркы шкафтарда сакталат. Тиешелүү шарттар болгондо аскер кызматчыларынын кийим-кечеги, спорттук формасы жана жеке буюмдары жекече шкафтарда (бөлүкчөлөрдө) сакталышы мүмкүн.
Кийим-кечектин бардык түрлөрүн сактоо үчүн жерлер аскер кызматчыларына бекитилип берилет жана аскер кызматчыларынын аскердик наамын, аты-жөнүн көрсөткөн көрнөктөр менен белгиленет.
Уктаар алдында кийим-кечектер жана белге курчануучу кур отургучтун үстүнө бири-бирине окшоштурулуп жыйынтыктуу коюлат, бут кийим кроваттын түбүнө коюлат. Кийим, ич кийим жана бут кийим зарыл учурда кургатылат.
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары үчүн фотоаппараттарды, магнитофондорду, радио кабылдагычтарды жана башка турмуш-тиричиликте керектелүүчү радио электрондук техниканы сактоонун жана пайдалануунун тартиби бригаданын командири тарабынан аныкталат.
169. Бөлүктөрдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде алардын окуулук нускалары суткалык нөөмөттөгү адамдардын такай кайтаруусунда турган өзүнчө бөлмөдө сакталат. Курал сактоо үчүн бөлмөлөрдүн (орун-жайдын) терезелеринде, желдетүүчү люктарында диаметри 10 ммден кем болбогон темир чыбыктан жасалган, торчо оюгунун өлчөмү 150х150 ммден ашпаган темир решеткалар жана торчо оюгунун өлчөмү 20х20 ммден ашпаган темир торчолор бекемделип орнотулушу керек. Тордун темир чыбыктары ар бир кесилишкен жеринде ширетилет. Куралды сактоо үчүн бөлмөнүн эшиги темир такта менен капталышы керек жана бөлмөнүн ич жагынан айнек менен жабылуучу 100х100 мм өлчөмдөгү карап турма терезеси болушу керек. Диаметри 10 мм болгон темир чыбыктан жасалган, торчо оюгунун өлчөмү 150х150 ммден ашпаган темир тор эшикти же жылдырма дубалды орнотууга жол берилет. Бул дубал бөлүк боюнча кезметчиге алып барылуучу, электрдик-үн чыгаргыч сигнализация менен жабдылышы керек. Бөлүктөрдүн (штабдардын) куралдарын сактоо үчүн бөлмөнүн шыбынын жабылмалары (шыптары), полу жана дубалдары бышык болушу керек жана бөлмөлөргө бузуп кирүүгө мүмкүндүк бербөөгө тийиш.
Ок атуучу куралдар бөлүктөрдүн өздүк курамына ведомостко же өздүк курамга куралды бекитүү карточкасына жеке өзү кол коюу менен бекитилип берилет. Ведомость ар бир окутуу мезгилине түзүлөт жана бөлүктөгү материалдык каражаттардын болушун жана кыймылын эсепке алуу китеби менен бирге сакталат.
Бекитилип берилген ок атуучу курал аскердик билетке (өздүгүнүн ырастамасына) куралдын үлгүсүн, сериясын, номерин жана берилген датасын көрсөтүү менен жазылат. Куралды берүү жана кайра тапшыруу жөнүндө ар бир жазуу бөлүктүн командиринин (штабдын зардалынын) койгон колу жана аскер бөлүгүнүн гербдүү мөөрү менен ырасталат.
Куралды кампага тапшырууда бөлүктүн өздүк курамынан куралды алуу куралды бекитип берүү ведомостунда аны эсептен чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Пулеметтор, автоматтар, карабиндер, винтовкалар жана кол гранатометтор, атайын куралдар, ошондой эле штык-бычактар пирамидаларда, ал эми тапанчалар жана ок-дарылар темирден жасалган, кулпуланып жабылуучу шкафтарда же ящиктерде сакталууга тийиш. Пирамидаларда жөө аскер күрөктөрү жана противогаздар да сакталат.
Окуулук курал жана окуулук ок-дарылар чыныгылардан бөлөк сакталууга тийиш. Өзүнчө пирамида болбогондо окуулук куралды чыныгы курал менен чогуу сактоого уруксат берилет, мында алар сакталган орун: "Окуулук курал" деген жазуу менен белгиленет. Спорттук курал чыныгы курал менен чогуу сакталат. Ал сакталган орун: "Спорттук курал" деген жазуу менен белгиленет. Окуулук жана спорттук куралды жана окуулук патрондорду берүү чыныгы куралды жана ок-дарыларды берген иретте эле жүргүзүлөт.
Айрыкча учурларда, өзүнчө бөлмө болбогондо, ок атуучу куралдарды, атайын куралдарды жана ок-дарыларды атайын жабдылган орун-жайларда суткалык нөөмөт адамдарынын такай кайтаруусунда сактоого жол берилет.
Бөлүктөрдө өздүк курамга бекитип берилбеген куралды сактоого тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
170. Курал-жарак пирамидалары, тапанчалар жана ок-дарылар сакталган шкафтар менен ящиктер, ошондой эле курал-жарак сактоочу бөлмө кулпу менен бекитилүүгө жана мастикалык мөөрлөр менен бекитилүүгө тийиш: пирамида жана бөлмөгө рота боюнча кезметчинин мөөрү; тапанчалар жана ок-дарылар сакталган шкафтар менен ящиктерге ротанын старшинасынын мөөрү басылат.
Курал-жарак сактоочу бөлмөнүн жана пирамиданын ачкычы ар дайым рота боюнча кезметчиде, ал эми тапанчалар менен ок-дарылар сакталган шкафтардын, ящиктердин ачкычтары ротанын старшинасында сакталат. Ачкычты башка бирөөгө берүүгө тыюу салынат.
Экинчи ачкыч ротанын командиринде кулпу менен жабылган металл ящикке (шкатулкага) салынган мөөр басылган тубуста (пеналда) сакталат.
Курал-жарак сактоочу бөлмөдө мүлктүн тизмеси илинип коюлат, ага ушул бөлмөдө сакталган пирамидалардын, шкафтардын, ящиктердин, дубал газеталардын, плакаттардын жана башка мүлктүн саны жазылып коюлат. Тизмеде шкафтардын номери жана алар кайсыл мөөр менен бекитилгендиги көрсөтүлөт.
Ар бир пирамидага (шкафка, ящикке) кичи бөлүктү, жооптуу адамдын аскердик наамын, аты-жөнүн, пирамиданын (шкафтын, ящиктин) номерин жана ал бекитилген мөөрдүн номерин көрсөтүү менен көрнөктөр бекитилип коюлат.
Пирамидага (шкафка, ящикке) анда сакталган курал-жарактын жана мүлктүн түрүн жана санын көрсөткөн тизме илинип коюлат. Пирамиданын (шкафтын) ар бир бөлүкчөсүндө куралдын түрүн жана номерин, противогаздын номерин, ошондой эле ал бекитилип берилген адамдын аскердик наамын, аты-жөнүн көрсөткөн көрмөк чапталып коюлууга тийиш.
Курал-жарак сактоочу бөлмөдө, пирамидаларда, шкафтарда, ящиктерде болгондордун бардык тизмесине ротанын командири кол коет.
Бир бөлмөдө бир нече кичи бөлүктүн курал-жарагы жана ок-дарылары сакталган учурда бригада боюнча буйрук менен курал-жаракты жана ок-дарыларды жайгаштыруунун, сактоонун жана анын сакталышынын тартиби үчүн жооптуу адам дайындалат, ал бөлмөдөгү мүлктүн тизмесине кол коет.
171. Батальондун (штабдын жана бригаданын кызматтарынын) офицерлери менен прапорщиктеринин жеке куралы, алардын патрондору жана радиоактивдүү нурлануунун дозаларын өлчөгүчтөр кулпу менен жабылган темир шкафта роталардын биринде (бригаданын) штабында) сакталат. Мында патрондор өзүнчө кулпу менен жабылган темир ящикте болууга тийиш, ал анын сакталышына жооп берген офицер (прапорщик) тарабынан мөөр басылып бекитилет. Офицерлер менен прапорщиктерге суткалык нарядга кызмат өтөө үчүн берилген патрондор ящиктен тышкаркы шкафта сакталышы мүмкүн. Шкафты ротанын старшинасы (бригада) боюнча кезметчи) мөөр басып бекитет. Офицерлер менен прапорщиктердин жеке куралы, патрондор жана радиоактивдүү нурлануунун дозаларын өлчөгүчтөр сакталган, бригада боюнча кезметчиде болгон шкафтын, мындан тышкары кароолдун зардалына жашыруун түрдө жеткирилген электр үн кабарлагычы болууга тийиш.
Офицерлер менен прапорщиктердин жеке куралы сакталган шкафтын ачкычы жана патрондор салынган ящиктер ротанын старшинасында, ал эми штабдын, бригаданын кызматтарынын офицерлери менен прапорщиктериники бригада боюнча кезметчиде сакталат.
Тапанчаларды жана алардын патрондорун берүүнүн тартиби бригаданын командири тарабынан белгиленет.
172. Кароол жана кезметте турган кичи бөлүм үчүн патрондор кулпу салынып бекитиле турган жана мөөр басыла турган темир ящиктерде болууга тийиш, алардын ачкычтары жана мөөрлөрү ротанын старшинасында сакталат. Ар бир ящикте ок-дарылардын бар экендигин билдирген жазуу болууга тийиш. Патрондор салынган ящиктер курал-жарак пирамидасына жакын жерге орнотулат.
Кароол бир нече кичи бөлүмдөн дайындалган аскердик бөлүктөрдө кароол үчүн патрондорду аскердик бөлүк боюнча кезметчинин бөлмөсүндө сактоого уруксат берилет.
Кызматты штаттык эмес курал-жарак менен өтөп жаткан кичи бөлүмдөр ок-дарыларды кампадан курал-жарак менен чогуу алышат.
173. Спорттук сабактар үчүн бөлмө (жер) спорттук тренажерлор, гимнастикалык жабдуулар, гирялар, гантелдер жана башка спорттук шаймандар менен жабдылат.
174. Ротада 15-20 адамга бир кран (душ торчосу) туура келгендей, кол жуугучтар 5-7 адамга бир кран (түтүк) туура келгендей жана кеминде суу агып турган эки бут жууй турган ванна болгудай кылып жабдылат, ошондой эле аскер кызматчыларынын кийимдерин жууш үчүн орун жабдылат.
Устаканаларда, парктарда, набайканаларда, нан заводдорунда жана ашканаларында мындан тышкары жылуу душ жабдылууга, ал эми кол жуучу жайларда самын жана кол аарчы болууга тийиш.
Суу түтүгү жок болгондо жылытылуучу бөлмөлөрдө суу куйма кол жуугучтар орнотулуп, аларда сутка бою суу болууга тийиш. Кол жуугучтарга жаңы суу куярдын алдында анда калган суу төгүлүп, кол жуугучтар тазаланат жана кир суу тышка чыгарылып, бул үчүн бөлүнгөн жерге төгүлөт.
Кийимди жана бут кийимди тазалоо үчүн атайын жабдылган имарат жай же жер бөлүнөт.
Тамеки тартууга атайын бөлүнгөн жана жабдылган бөлмөлөрдө же жерлерде уруксат берилет (16-тиркеме).
175. Турмуш-тиричилик жактан тейлөө бөлмөсү кийим-кечекти үтүктөөчү столдор менен, аскер кызматчыларынын аскердик кийимди кийип жүрүшүнүн, кийим-кечекти жана бут кийимди оңдошунун эрежелери жазылган плакаттар, күзгүлөр менен жабдылат жана жетиштүү сандагы үтүктөрү бар отургучтар (табуреткалар), ошондой эле чач алуу, кийим-кечекти жана бут кийимди күндөлүк оңдоо үчүн шаймандар, аспаптар, фурнитура жана оңдоочу материалдар менен камсыз кылынат.
176. Бригадага келген толуктоо Аскердик антын бергенге чейин өзүнчө имарат жайга жайгаштырылат. Мына ушул мезгилде медициналык тереңдетилген иликтөө, эмдөө жүргүзүлүп, белгиленген ченемдер жана туура ылайыкталган кийим-кечек, бут кийим берилет; толуктоонун өздүк курамы менен аскердик кызматка чакырылганга чейинки алынган аскердик даярдыгын өркүндөтүү боюнча сабактар өтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
177. Бригада боюнча буйрук менен келген толуктоонун өздүк курамынын ичинен өзүнчө кичи бөлүк түзүлүп, кичи бөлүктүн командири, анын тарбиялоо иштери боюнча орун басары дайындалып, командир жана нускоочу катарында офицерлердин, прапорщиктердин, сержанттардын жана солдаттардын зарыл саны бөлүнөт.
Келген толуктоону бригаданын кичи бөлүктөрү боюнча бөлүштүрүү 6-тиркемеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
178. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары туугандарына берилет.
Аскердик жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары тартипке келтирилет, таңгакталат жана ротанын мүлкүн жана аскер кызматчыларынын жеке буюмдарын сактоочу кампада өзүнчө сакталат жана жыйын бүткөндө кайра берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Имарат жайларды күтүү
179. Бригаданын бардык имараттары жана имарат жайлары, ошондой эле аймагы ар дайым таза жана тартиптүү күтүлүүгө тийиш. Ар бир зардал имараттар менен имарат жайлардын туура пайдаланылышы, эмеректин, шаймандардын жана жабдуулардын сакталышы үчүн жооп берет.
Бардык имарат жайлар жана имараттардын кире бериш жагы белгиленген түстөгү сырлар менен сырдалууга тийиш.
180. Бардык бөлмөлөргө номер коюлууга тийиш. Ар бир бөлмөнүн кирүүчү эшигинин сырткы тарабына анын номерин жана арналышын көрсөткөн көрнөк илинет (13-тиркеме), ал эми ар бир бөлмөнүн ичинде андагы болгон мүлктүн (эмеректин, шаймандардын жана жабдуулардын) жазуусу илинет.
Имарат жайдагы эмерек, шаймандар жана бардык жабдуулар ички тарабына номер коюлат жана эсепке алуу китебине жазылат, ал ротанын кеңсесинде сакталат.
181. Эмерек, шаймандар жана бардык жабдуулар имарат жайга таандык болуп саналат жана бригаданын командиринин уруксатысыз бир кичи бөлүктөн экинчисине ташылып кетиши мүмкүн эмес. Эмеректи, шайманды жана жабдууларды бир аскердик шаарчадан экинчисине ташып кетүүгө тыюу салынат.
182. Өздүк курам үчүн уктоочу имарат жайларда же башка имарат жайларда атайын такталарда күн тартиби, сабактардын тизмеси, наряд барагы, өздүк курамды жайгаштыруунун схемасы, температуралык режимди контролдоо графиги, мүлктүн жазылышы жана зарыл болгон нускамалар илинип турууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
183. Бөлмөлөрдө (имарат жайларда) илинип турган портреттер жана сүрөттөр алкакка салынууга, ал эми плакаттар менен башка көрсөтмө куралдар рейкалар менен капталууга тийиш. Бардык имарат жайларда гүлдөрдү өстүрүүгө уруксат берилет. Ал эми терезелерге бир түстүү жарашыктуу терезе тарткычтар илинет.
Шаардын көчөлөрүн караган төмөнкү кабаттагы терезелердин айнеги белгилүү бийиктикке чейин бозомук же ак сыр менен сырдалууга тийиш.
Зарыл учурда казарманын кирүүчү эшигине карай турган айнекче салынышы, ичинен ишенимдүү илгич менен илиниши жана кичи бөлүк боюнча эшик сакчы менен үн кабарлагычы аркылуу байланыштырылууга тийиш. Төмөнкү кабаттардын терезелерине мындай учурларда ичинен бекитилген тосмолор коюлат.
184. Суу түтүгү бар бардык турак жайларда суу ичүү үчүн фонтанчалар жабдылат, ал эми суу түтүгү жок имарат жайларда иче турган суу куюлган кулпу менен жабылган бачоктор орнотулуп, алар дагы фонтанчалар менен жабдылат. Бачоктор рота боюнча кезметчинин көз алдында өз учурунда чайкалып турат жана жаңы ичүүчү суу менен толтурулат, жумасына бир жолу аларды дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Бачоктордун ачкычтары рота боюнча кезметчиде сакталат.
185. Бардык имарат жайлар таштанды салына турган урналар менен жетиштүү санда, ал эми тамеки тартуучу жерлер суу куюлган урналар (зыянсыздандыруучу суюктуктар) менен камсыз кылынат.
Имарат жайга кире бериш жерде бут кийимди тазалоо үчүн жабдуулар жана таштанды салынуучу урналар болууга тийиш.
186. Имарат жайларды күн сайын тазалоо кезектеги тазалоочулар тарабынан рота боюнча кезметчинин түздөн-түз жетекчилиги менен жүргүзүлөт. Кезектеги тазалагычтар сабактардан бошотулбайт.
Кезектеги тазалагычтар керебеттердин жанындагы үкөктөрдүн алдындагы таштандыларды, керебеттердин ортосундагы өтүүчү жерлердеги таштандыларды шыпырып чыгууга, зарыл болгондо астананы нымдуу чүпөрөк менен сүрүп чыгууга, мусорду белгиленген жерге чыгарууга, терезелердин, эшиктердин, шкафтардын, ящиктердин жана башка буюмдардын чаңдарын сүртүүгө, кечинде кол жуугучтарды суу менен толтурууга, урналарды тазалоого, ал эми тамеки тартуучу жерлерде мындан тышкары аларга суу (зыянсыздандыруучу суюктукту) куюуга милдеттүү.
Сабактардын убагында имарат жайларды тазалыкта сактоо эшик сакчыларга жүктөлөт.
187. Күн сайын тазалоодон тышкары жумасына бир жолу ротанын старшинасынын жетекчилиги астында бардык имарат жайларды жалпы тазалоо жүргүзүлөт. Жалпы тазалоонун мезгилинде төшөнчүлөр (матрацтар, жаздыктар, төшөктөр) желдетүү үчүн эшикке чагарылышы мүмкүн. Астаналар мастика менен сүртөөрдүн алдында чаңдан тазаланууга жана нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүүгө тийиш.
Эгерде астана мастика менен сүртүлбөсө, анда аларды жуу жумасына кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Астананы сууну куюп жиберип жууга тыюу салынат.
188. Ашканаларда, наабайканаларда жана нан заводдорунда бардык жабдуулар жана шаймандарга белги салынат, алар таза жана тартиптүү кармалат; идиш-аяк тамак ичкенден кийин тазаланууга, жуулууга, кайнак суу менен чайкалууга жана кургатылууга тийиш, идиш-аяк текчелерде же атайын шкафтарда сакталат.
189. Кышында имараттардын желдеткичтери жабылууга, ал эми жайында ачылууга тийиш, бирок алар атайын торчолор менен жабдылат.
Чатырларда, морлордон алыс жерлерде кышкы терезе жапкычтар гана сакталышы мүмкүн.
Чатырлар, кургаткычтар, жертөлөлөр бекитилип, алардын ачкычы ушул имарат жайларды күтүү жоопкерчилиги жүктөлгөн кичи бөлүктүн кезметчисинде сакталат.
190. Дааратканалар 10-12 кишиге эшиги жабыла турган унитазы (көзөнөгү) бар эшиги жабылган бир кабина жана бир писсуар туура келгендей болуп жабдылат. Дааратканалар таза күтүлүүгө, күн сайын дезинфекцияланууга тийиш, ал жакшы желдетилүүгө жана жарык кылынууга тийиш. Аларды тазалоочу шаймандар бул үчүн атайын бөлүнгөн жерде (шкафта) кармалат. Дааратканалардын күтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү кичи бөлүктөрдүн старшиналарына, санитардык нускачыларга жана рота боюнча кезметчилерге жүктөлөт.
Сырттагы дааратканалар турак жайлардан, ашканалардан жана наабайканалардан (нан заводдорунан) 40-100 метр аралыкта суу өтпөгөн кырылып чыгарыла турган чуңкурлардын үстүнө орнотулат. Сырттагы дааратканаларга баруучу жолдор түнкүсүн жарык кылынат. Зарыл учурда (түн ичинде) жылдын муздак мезгилинде атайын бөлүнгөн имарат жайларда писсуарлар коюлат.
Дааратканалардын кырып алуучу чуңкурлары өз убагында тазаланат жана дезинфекцияланат.
191. Квартиларды пайдалануучу жана өрттөн сактоочу органдардын уруксатысыз имарат жайларды кайра пландаштырууга, мурда болгон курулуштарды которууга жана бузууга, жаңыларын курууга, ичинде электр тармактарын, байланыш линияларын, кабарлагычтарды жана телекөрсөтүүчү антенналардын зымдарын тартууга, ошондой эле убактылуу жана жаңы мештерди орнотууга тыюу салынат.
Энергия менен камсыз кылуучу, газ менен камсыз кылуучу тармактарды жана борбордук жылытуунун жабдууларын оңдоо квартираларды пайдалануучу кызматтардын же атайын даярдыгы жана аны аткарууга уруксаты бар адамдар тарабынан жүргүзүлөт.
Казармалык имарат жайда катарга тизилип бир ыңгай басууга тыюу салынат.
192. Бригада жайгашкан чөлкөм, аскердик шаарчанын аймагы жана ага жакын жайгашкан көчөлөр жашылдандырылууга, таза жана тартипте күтүлүүгө, ал эми караңгы мезгилде жарык кылынууга тийиш. Аскердик шаарчанын аймагы тосмо менен тосулат.
Бригада жайгашкан чөлкөм аны тазалоо үчүн кичи бөлүктөрдүн ортосунда участоктор боюнча бөлүштүрүлөт. Таштандылар күн сайын капкагы жабылган контейнерлерге чогултулат жана сыртка чыгарылат. Контейнерлер асты катуу аянтчага орнотулат. Жумасына кеминде бир жолу контейнерлер тазаланат жана дезинфекцияланат.
Аскердик шаарчанын аймагын тазалоо суткалык наряддын күчү жана түштөн кийинки мезгилде бөлүнүп берилген командалар тарабынан жүргүзүлөт. Паркта чарба иштерин жүргүзгөн күнү бригада жайгашкан чөлкөмдү тазалоо үчүн командалар же кичи бөлүмдөр бөлүнүп берилет.
Имарат жайларды жылытуу
193. Жылытуу мезгилинин башталышы жана акыры гарнизондун зардалынын буйругу менен жарыяланат. Меш менен жылытууда имарат жайларды жылытуунун тартиби жана убактысы отун сууну кабыл алуунун жана берүүнүн тартиби бригаданын командири тарабынан белгиленет.
Бардык мештер, борбордук жылытуунун тутуму, мештер жана морлор жылытуу мезгили башталганга чейин текшерилүүгө, ал эми бузуктары оңдолууга тийиш. Морлорду тазалоо белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
194. Кышында турак-жайларда абанын температурасы +18 градус С төмөн болбогон, ал эми медициналык мекемелерде +20 градус С төмөн болбогон, ал эми калган имарат жайларда белгиленген ченемдерге ылайык деңгээлде кармалууга тийиш. Термометрлер имарат жайлардын ички дубалдарында мештер менен жылытуучу приборлордон алыс, астанадан 1,5 метр бийиктикте илинет.
195. Мештерди жагуу саат 20дан кийин токтотулууга тийиш. Окуу жана кызматтык имарат жайларда мештер эртең менен жагылууга жана сабактар (жумуштар) башталган чейин бир саат калганда токтотулууга тийиш. 194-пунктта белгиленген ченемдерден төмөн температурадагы имарат жайларда мештерди жагуу бригаданын командиринин уруксаты менен улантылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
196. Жылытуу мезгилинде бригада боюнча буйрук менен солдаттардын ичинен от жагуучулар дайындалат, алар от жагуунун эрежелери жана өрт коопсуздугунун талаптары менен алдын ала таанышууга тийиш.
От жагуучулар сабактардан бошотулбайт. Жылытуу мезгилинде бардык наряддарды өтөөдөн бошотулат.
Кичи бөлүктөрдө мештерди жагууга көз салуу ротанын старшинасына жана рота боюнча кезметчиге, ал эми бригаданын штабында полктун (бригаданын) штабы боюнча кезметчиге жүктөлөт.
Суткалык наряддагы адамдарга нускама берүүдө алардын турак-жай жана кызматтык имарат жайларда мештерди жагуунун эрежелерин сакташына контролдун зарылдыгына көңүл бурулат.
197. Бузук мештерди пайдаланууга, жагуу үчүн күйүүчү суюктуктарды колдонууга, мештерди көзөмөлсүз калтырууга, отун-сууну мештерде же мештердин жанында кургатууга жана аны турак-жайда сактоого, ошондой эле отунду имарат жайдын ичинде, коридорлордо жана тепкичтерде жарууга жана аралоого жол берилбейт.
198. Жылытуу мезгили аяктагандан кийин бардык мештер жана морлор тазаланууга жана бригаданын квартираларды пайдалануу кызматынын зардалы менен биргелешип, ротанынын старшинасы тарабынан каралып чыгууга тийиш, андан кийин мештердин эшиктерине пломба коюлат же мөөр басылат.
Имарат жайларды желдетүү
199. Казармаларда имарат жайларды желдетүү рота боюнча кезметчинин байкоосу алдында эшик сакчылар тарабынан: уктоочу бөлмөлөрдө уктоордун алдында жана тургандан кийин, класстарда сабактардын алдында жана алардын ортосундагы тыныгууларда жүргүзүлөт.
200. Терезенин ачылуучу көздөрү (фрамугалар) суук мезгилде, ал эми терезелер жай мезгилинде адамдар имарат жайдан тышкары жүргөн кезде ачылат. Эгерде адамдар имарат жайлардан чыкпаса, ачылуучу көздөр (фрамугалар) же терезелер имараттын бир жагынан гана ачылат. Ачык көздөр жана терезенин алкактары илмек менен бекитилет.
Жай мезгилинде ашканалардын, медициналык пункттардын, дааратканалардын терезелери чымын-чиркейден коргоо үчүн ичке торчолор менен жабдылат.
Болгон желдетүүчү түзүлүштөр оң абалда күтүлүүгө тийиш. Өткөрүп-тартып кетүүчү желдетүү бригаданын командири белгилеген мезгилде иштетилет.
Имарат жайларды жарык кылуу
201. Жарык кылуунун тартиби бригаданын командири тарабынан аныкталат. Казарманы жарык кылуу толук жана кезметтик (өтө ачык эмес күңүрт көк түстөгү) болуп бөлүнөт.
Уктоочу жайларда уктап жаткан мезгилде кезметтик жарык кылуу калтырылат. Керосин менен жарык кылууда кезметтик лампалар толук күйгүзүлөт. Казарманын кире беришинде курал-жарак сактоочу бөлмө, коридорлор, тепкичтер жана дааратканалар караңгы кирээри менен таң атканганга чейин толук жарык кылынат. Жарык кылуунун режимине байкоо жүргүзүү кезметчилерге жана эшик сакчыларга жүктөлөт.
202. Кыйроолор болгондо же электр менен жарык кылуу башка себептер боюнча убактылуу өчүрүлгөндө роталардын кезметчилеринде жана башка кичи бөлүктөрдө жарык кылуунун резервдик булактары болууга тийиш. Алардын сакталган жери бригаданын командири тарабынан аныкталат.
Калк жашаган пункттарда жайгаштыруу
203. Бригаданын кичи бөлүктөрүн калк жашаган пункттарда жайгаштыруу мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча административдик имараттарда, ал эми алар жок болгондо жашоого жарактуу үйлөргө же имарат жайларга жайгаштырылат.
Жайгаштыргандан кийин өзү билип бир үйдөн экинчи үйгө барууга тыюу салынат.
204. Убактылуу жайгаша турган калкконуштар бригаданын командиринин буйругу боюнча санитардык-эпидемиялык жагынан ыңгайсыз болгон калкконуштарга жайгаштырууга тыюу салынат.
205. Имарат жайларды, бастырмаларды жана аянтчаларды ээлердин алдында кичи бөлүктүн командири аларды карап чыгат, андан кийин өздүк курамды, курал-жаракты жана аскердик техниканы жайгаштырат.
Взводдор мүмкүн болушунча чогуу жайгаштырылат.
Офицерлер менен прапорщиктер өздөрүнө баш ийген кичи бөлүктөр жайгашкан жерге жакын өзүнчө имарат жайларга жайгаштырылат.
Курал-жарак жана аскердик техника кичи бөлүктөр боюнча катарга тизилбестен жабык (көмүскөлөнгөн) аянтчаларда же бастырмалардын астына жайгаштырылат.
206. Ар бир рота үчүн анын жайгашкан жеринин чеги көрсөтүлөт, ошонун чектеринде сабактарды өткөрүү үчүн имарат жайлар жана ал жердеги участоктор бөлүнүп берилет, ошондой эле айгай боюнча жыйнала турган жер белгиленет.
207. Кампаларды жайгаштыруу үчүн өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген айрым имарат жайлар бөлүнүп берилет.
Эгерде ашканалар, наабайканалар жана мончо үчүн өзүнчө имарат жайлар бөлүнүп берилбесе, алар турак жайлардан жана башка курулуштардан өрт чыкпагыдай алыстыкта жайгаштырылат.
208. Кичи бөлүктөр калк жашаган пункттарда убактылуу жайгашканда токтоосуз түрдө дааратканалар салынат; анын өз убагында курулушуна жана тартипте кармалышына өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
209. Ичүү жана тамак аш жасоо үчүн суу бөлүнүп берилген суу менен камсыз кылуу пункттарынан (булактардан) гана алынат; алардын булганышын болтурбай коюу боюнча чаралар көрүлүп, аларды сутка бою кайтаруу коюлат.
210. Ар бир имарат жайга зардал шайланып, ал аскер кызматчыларынын жүрүш-турушу үчүн, имарат жайдын ичиндеги тартип жана андагы мүлктүн сакталышы үчүн, имарат жайдын айланасындагы аймактын тазалыгы үчүн, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы үчүн жооп берет.
Бардык аскер кызматчыларына имарат жайларынын ээлеринин уруксатысыз андагы мүлктү пайдаланууга тыюу салынат.
211. Калк жашаган пунктта убактылуу жайгаштырууда курал-жарак жана ок-дарылар кургак, эшиктен, мештерден, жылытуучу приборлордон алыс жерде сакталат жана ар дайым суткалык наряд менен кайтарылат. Кийим-кечек жана шаймандар бул үчүн ыңгайлаштырылган жерлерде жайгаштырылат. Жеке буюмдар жана ич кийимдер буюм салынуучу мүшөктөрдө сакталат.
212. Калган ички тартипке жана чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын бригаданын аймагынан чыгарууга тиешелүү жагынан алганда казармалык жайгаштыруу үчүн белгиленген эрежелер сакталууга тийиш.
Өрттөн сактануу
213. Бардык аскер кызматчылары өрт коопсуздугунун талаптарын билүүгө жана аткарууга (16-тиркеме) жана өрт өчүрүүчү каражаттарды пайдаланууну билүүгө милдеттүү.
Өрт чыккан учурда ар бир аскер кызматчысы өрттөн сактоочу жана сактоо жумуштарынын аскердик командасын чакырууга (штаттык өрт өчүрүүчү бөлүкчөнүн) же штаттык эмес өрт өчүрүүчү команданы чакырууга жана колдо болгон бардык каражаттар менен өрттү өчүрүүгө, ошондой эле адамдарды, курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды сактоого токтоосуз киришүүгө милдеттүү.
214. Бригада өрттөн сактоонун планы иштелип чыгып, ал бригаданын командири тарабынан бекитилет жана бүткүл өздүк курамга жеткирилет. Бригада өрт коопсуздугунун талаптарын, өрттү өчүрүү үчүн тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин, өздүк курамды, курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды камтыган планынын көчүрмөсү бригада боюнча кезметчиде болууга тийиш.
215. Бригада да өрттөн сактоону уюштуруу жана анын абалы үчүн бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары жооп берет.
Ал:
- өздүк курам тарабынан өрт коопсуздугунун талаптарын үйрөнүүнү жана аны өрттү өчүрүүдөгү аракеттерге окутууну уюштурууга;
- бардык объектилерде суунун ченемдик корлорунун, чагылгандан сактоочу түзүлүштөрдүн жана өрт өчүрүүчү каражаттардын болушун камсыз кылууга;
- кеминде үч айда бир жолу бригаданын өрттөн сактоону уюштурууну жана анын абалын текшерүүгө жана өрт боюнча окуу мүнөзүндөгү айгай өткөрүүгө;
- өрт коопсуздугунун талаптарынын өз убагында аткарылышын камсыз кылууга;
- жакынкы шаардык (гарнизондук) өрттөн сактоо командасы менен телефон байланышын уюштурууга милдеттүү.
216. Бригаданын командири жана полигондун зардалы бригадага бекитилип берилген токойлордогу, полигондогу, ошондой эле сабактар, ок атуулар, машыгуулар жана күжүрмөн даярдыктын башкы иш-чаралары өткөрүлгөн бардык жерлерде өрт коопсуздугунун талаптары аткарылышы үчүн жооп берет.
217. Кичи бөлүктөрдүн командирлери, кызматтардын, устаканалардын, цехтердин, клубдардын, лабораториялардын жана башка объектилердин зардалдары өздөрүнө баш ийген кичи бөлүктөрдө, кызматтарда, объектилерде өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы үчүн жана өрт өчүрүүчү каражаттарды оң абалда кармап туруу үчүн жооп беришет.
218. Өрттөн сактанууга түздөн-түз жетекчиликти өрттөн сактоо жана сактоо жумуштарынын кызматынын зардалы жүргүзөт. Ал эми штатта мындай каралбаган жерлерде, анын милдеттери офицерлердин бирине экинчи иш катары жүктөлөт.
219. Штаттык өрт өчүрүүчү командасы болбогон бригада 5тен 15 адамга чейинки сандагы штаттык эмес өрт өчүрүүчү команда түзүлөт.
Штаттык эмес өрт өчүрүүчү команданын курамына эреже катары, бир кичи бөлүктүн солдаттары менен сержанттары дайындалат.
Командадан өрт өчүрүүчү наряд бөлүнүп, ал өрт өчүрүүчү постордо сутка бою же убакыттын белгилүү бир мезгилинде бригаданын командири бекиткен посттор боюнча табелге ылайык кызмат өтөйт.
Өрт өчүрүүчү команданын өздүк курамы башка наряддарды өтөөдөн бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
220. Өрттөн сактоо жана сактоо жумуштары кызматынын зардалы бир эле мезгилде өрт өчүрүүчү команданын зардалы болуп эсептелет жана бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет. Ал өрт өчүрүүчүү команданын өрт өчүрүү каражаттардын ар дайым даяр болушу жана бригаданын бүткүл өздүк курамын өрт коопсуздугун талаптарын үйрөнүшү үчүн жооп берет.
221. Өрттөн сактоо жана сактоо жумуштары кызматынын зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бригаданын объектилеринин өрт коопсуздугунун абалынын өзгөчөлүктөрүн билүүгө, өрттөн сактоо планын жана өрт коопсуздугунун талаптарын иштеп чыгууга катышууга;
- бригаданын кичи бөлүмдөрүнүн офицерлери, прапорщиктери жана старшиналары менен өрткө каршы даярдык, өрт өчүрүүчү каражаттарды пайдалануу боюнча жеке өзү сабактарды өткөрүүгө, өздүк курамдын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле өрт өчүрүүчү команданын атайын даярдыгы жана өрт өчүрүүчү нарядга нускама берүүгө;
- бардык объектилердин өрткө каршы абалын текшерүүгө жана өздүк курамдын өрт коопсуздугун белгилеген талаптарынын аткарышына жана өрт өчүрүүчү наряддын кызмат өтөшүнө күндөлүк контролдукту жүзөгө ашырууга;
- өрт өчүрүүчү бардык каражаттардын, өрт кабарлагычынын, өрткө каршы суу менен камсыз кылуу булактарынын оң абалда болушуна жана туура пайдаланылышына көз салууга жана аларды ар дайым колдонууга даяр абалда күтүү боюнча чараларды көрүүгө;
- өрт өчүрүүчү каражаттардын техникалык абалын эсепке алууга;
- бузук жана өрт чыгаруу коркунучу бар жабдууларды, жылытуу приборлорун, жарык кылууну жана башкаларды пайдаланууга тыюу салууга;
- бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына объектилердин өрткө каршы абалындагы кемчиликтер жөнүндө өз убагында баяндама берүүгө, ал эми күйүүлөрдүн, өрттөрдүн бардык учурларында көрүлгөн чаралар жөнүндө токтоосуз билдирүүлөргө;
- өрттү өчүрүүгө жетекчилик кылууга.
Айлана-чөйрөнү коргоо
222. Ар бир аскер кызматчысы өзүнүн күндөлүк ишинин жүрүшүндө жаратылышты сактоого жана анын байлыктарын коргоого милдеттүү. Бул үчүн ал бригада (кичи бөлүктө) болгон булгоонун негизги булактарын билүүгө жана суу ресурстарын, атмосфералык абаны, жерлерди булгоону болтурбай коюу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо боюнча эрежелерде жана нускамаларда каралган иш-чараларды кыйшаюсуз аткарууга тийиш.
Өзүнүн аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында айлана-чөйрөнү булгоого жол берген аскер кызматчылары жоопкерчиликке тартылат.
Аскерлердин айлана-чөйрөгө терс таасирин болтурбай коюу үчүн бригада да такай иштеген комиссия дайындалат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар иштелип чыгат, ал бүткүл өздүк курамга жеткирилет.
223. Бригаданын командири айлана-чөйрөнү коргоону уюштуруу жана анын абалы үчүн жооп берет.
Ал:
- өздүк курам тарабынан бригада жайгашкан чөлкөмдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин үйрөнүлүшүн жана аткарылышын уюштурууга;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларынын планынын өз убагында аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Бригада айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды түздөн-түз аткарууга бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары жетекчилик кылат.
224. Бригаданын командири жана машыктыруучу жердин зардалы машыгууларды жана башка күжүрмөн даярдыктын иш-чараларын машыктыруучу жерде даярдап жана өткөрүүдө айлана-чөйрөгө терс таасирди болтурбай коюу боюнча зарыл чараларды жүзөгө ашыруу үчүн жооп берет.
5-глава. Убакытты бөлүштүрүү жана күндөлүк ыраат
Жалпы жоболор
225. Аскердик бөлүктө убакытты бөлүштүрүү анын ар дайым күжүрмөн даярдыгы камсыз болгондой жана өздүк курамдын уюштурулган күжүрмөн окуусун өткөрүү үчүн шарттар түзгөндөй, ыраатты, аскер кызматчыларынын аскердик тартибин жана тарбияланышын кармап тургандай, алардын маданий деңгээлин жогорулаткандай, ар тараптан турмуш-тиричилик жактан тейлегендей, өз убагында эс алгандай жана тамак ичкендей кылып жүзөгө ашырылууга тийиш.
Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн офицерлердин, прапорщиктердин жана старшиналардын, сержанттардын жана солдаттардын ар жумалык кызмат өтөө убактысынын жалпы узактыгы эмгек мыйзамдарында белгиленген жумуш убагынын узактыгынан ашпоого тийиш. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын кызматтык убактысынын узактыгы аскердик бөлүктүн күн тартиби тарабынан аныкталат.
Тизмеси Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан аныкталуучу күжүрмөн кезметчилик (күжүрмөн кызмат) машыгуулар, башка иш-чаралар бир жумалык кызматтык убакыттын жалпы узактыгы чектөөсүз жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жумасына кеминде бир сутка эс алуу берилет.
Аскердик бөлүктүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгына түздөн-түз байланыштуу мөөнөттүү иш-чаралар анын командиринин буйругу боюнча сутканын ар кандай мезгилинде аскер кызматчыларына кеминде 4 саат эс алуу берүү менен аткарылат.
Дем алыш жана майрам күндөрү аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга тартылган офицерлер менен прапорщиктерге эс алуу кызматтын таламдарын эске алуу менен бөлүктүн (кичи бөлүктүн) командиринин чечими менен жуманын башка күндөрүндө берилет. Эс алуунун узактыгы дем алыш жана майрам күндөрү кызматта өткөрүлгөн убакыттан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
226. Аскердик бөлүктө сутканын ичинде убакытты бөлүштүрүү, ал эми айрым жоболор боюнча жуманын ичинде бөлүштүрүү күн тартиби жана кызматтык мезгилдин регламенти тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аскердик бөлүктүн күн тартибинде кичи бөлүктүн жана аскердик бөлүктүн штабынын өздүк курамынын күндөлүк иштеги, окуудагы жана турмуш-тиричиликтеги аткаруучу негизги иш-чараларын убакыт боюнча аныктайт.
Аскер кызматчыларынын кызматтык убактысынын регламенти күн тартибине кошумча түрдө бул аскер кызматчылары тарабынан аскердик кызматтын милдеттеринен келип чыгуучу негизги иш-чараларды аткарышынын мөөнөттөрүн жана узактыгын белгилейт.
Күн тартиби жана кызматтык мезгилдин регламенти аскердик бөлүктүн алдында турган милдеттерди, жылдын мезгилин, жергиликтүү жана климаттык шарттарды эске алуу менен аскердик бөлүктүн же бирикменин командири тарабынан белгиленет. Алар окутуу мезгилине ылайыкталып иштелип чыгат жана күжүрмөн ок атуулар, талаага чыгуулар, машыгууларды, маневрлорду өткөрүү, күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматты), суткалык нарядда, кароолдо кызмат өтөө жана башка иш-чаралардын мезгилинде алардын аткарылышынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аскердик бөлүктүн (бирикменин) командири тарабынан такталышы мүмкүн.
Аскердик бөлүктүн күн тартиби суткалык наряддын документтеринде болот.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
227. Күн тартибинде эртең мененки дене тарбия көнүгүүсүн жасоо, эртең менен жана кечинде жуунуп-тарануу, эртең мененки кароо, окуу сабактары жана аларга даярдануу, атайын (жумушчу) кийимди алмаштыруу, бут кийимди тазалоо жана тамак ичээрдин алдында кол жуу, тамак ичүү, курал-жаракты жана аскердик техниканы кароо, тарбиялоо, маданий-эс алуу жана спорттук-массалык иштерди жүргүзүү, өздүк курамга маалымат берүү, радио угуу жана теле программаларды көрүү, оорулууларды медициналык пункта кабыл алуу, аскер кызматчыларынын жеке керектөөлөрү (кеминде 2 саат), кечки сейилдөө, текшерүү жана уктоо үчүн 8 саат убакыт каралууга тийиш.
Тамак ичүүлөрдүн ортосундагы аралык 7 сааттан ашпоого тийиш.
Түшкү тамактан кийин кеминде 30 мүнөттүн ичинде сабактар жана жумуштар өткөрүлбөөгө тийиш.
Чогулуштар, заседаниелер, ошондой эле спектаклдер, кинофильмдер жана жана башка коомдук иш-чаралар кечки сейилдөөгө чейин аяктоого тийиш.
228. Кызматтык мезгилдин регламентин аныктоодо аскер кызматчылары тарабынан кызматтык милдеттердин, ошондой эле аскердик бөлүктү (кичи бөлүктүн) такай күжүрмөн даярдыкта кармоого багытталган иш-чаралардын күн тартибине ылайык аткарылышынын зарылдыгы эске алынат.
Күжүрмөн кезметчиликте жана суткалык нарядда кызмат өтөөдө кызматтык мезгилдин регламенти аскердик уставдар жана тиешелүү нускамалар тарабынан аныкталат.
Аскердик бөлүктүн жана суткалык нарядга кирбеген офицерлер менен прапорщиктердин кичи бөлүгүнүн сутка бою кезметте турушу, ошондой эле белгиленген наряддын курамына ар кандай жооптуу адамдарды дайындоо өзгөчө учурларда гана чектелген убакытка бирикмелер менен бөлүктөрдүн командирлери тарабынан киргизилиши мүмкүн.
229. Бригада жума сайын курал-жаракты, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды тейлөө, парктарды жана окуу-материалдык базанын объектилерин кошумча жабдуу жана көрктөндүрүү, аскердик шаарчаларды тартипке келтирүү жана башка жумуштарды жүргүзүү үчүн парктагы-чарбалык күн өткөрүлөт. Ушул эле күнү бардык имарат жайларды жалпы тазалоо, ошондой эле өздүк курамды мончого түшүрүү жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, курал-жаракты жана аскердик техниканы такай күжүрмөн даярдыкта кармоо максатында бүткүл өздүк курамдын катышуусу менен парктагы күндөр өткөрүлөт.
Парктагы-чарбалык күндөр жана парктагы күндөр бригаданын штабы тарабынан бригаданын командиринин курал-жарак жана оорук боюнча орун басары менен биргелешип иштелип чыгуучу жана бригаданын командири тарабынан бекитилүүчү пландар боюнча өткөрүлөт. Пландардын көчүрмөлөрү кичи бүлүмдөргө жеткирилет.
Парктагы-чарбалык күндөрүндөгү иштерге жетекчилик кылуу үчүн, биринчи кезекте курал-жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды тейлөө үчүн кезектүүлүк тартибинде офицерлер менен прапорщиктердин аз саны дайындалат. Аларга жуманын ичинде дем алыш күн берилет.
230. Жекшемби жана майрам күндөрү күжүрмөн кезметте (күжүрмөн кызматта) жана суткалык нарядда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан башка бүткүл өздүк курам үчүн эс алуу күндөрү болуп эсептелет. Бул күндөрдө, ошондой эле сабактан бош мезгилде өздүк курам менен маданий-эс алуу жумуштары, спорттук мелдештер жана оюндар өткөрүлөт.
Дем алыш күндөрдүн алдында чакырылып аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары үчүн концерттерди, кинофильмдерди көрүүнү жана башка иш-чараларды кадимкисинен 1 саатка кеч аяктоого, дем алыш күнү эртең менен аскердик бөлүктүн командири белгилеген саатта, бир саат кеч турууга уруксат берилет.
Дем алыш күндөрү эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрү жасалбайт.
Эртең менен туруу, эртең мененки кароо жана кечки текшерүү
231. Эртең менен, "Тургула" деген кабарлоого чейин 10 мүнөт калганда рота боюнча кезметчи взводдордун командирлеринин орун басарларын жана ротанын старшинасын ойготот, ал эми белгиленген убакытта ("Тургула" деген кабарлоо боюнча) бүткүл ротаны ойготот.
232. Тургандан кийин эртең мененки дене тарбия көнүгүүсү, имарат жайларды жана аймакты тазалоо, төшөнчүнү жыйноо, эртең мененки жуунуп-тарануу жана эртең мененки кароо өткөрүлөт.
233. Эртең мененки кароо үчүн рота боюнча кезметчинин "Рота, эртең мененки кароо үчүн катарга тур" деген командасы боюнча взводдордун командирлеринин орун басарлары (бөлүкчөлөрдүн командирлери) өздөрүнүн кичи бөлүктөрүн белгиленген жерге катарга тургузат; иш сапары менен келгендер сол канатка тизилишет. Рота боюнча кезметчи ротаны катарга тизгенден кийин ротанын кароого даяр экендиги тууралу ротанын старшинасына баяндама жасайт. Ротанын старшинасынын командасы боюнча взводдордун командирлеринин орун басарылары жана бөлүкчөлөрдүн командирлери эртең мененки кароону өткөрүшөт.
234. Эртең мененки кароолордо адамдардын бар экендиги, алардын сырткы турпаты жана алар тарабынан жеке гигиенанын эрежелеринин сакталышы текшерилет.
Медициналык жардамга муктаж болгондорду рота боюнча кезметчи оорулууларды бригаданын медициналык пунктуна жиберүү үчүн аларды оорулууларды жазуучу китепке жазат (12-тиркеме).
Эртең мененки кароонун жүрүшүндө бөлүкчөлөрдүн командирлери табылган кемчиликтерди четтетүүгө буйрук берип, алардын четтетилишин текшерет жана кароонун натыйжалары жөнүндө взводдордун командирлеринин орун басарларына, алар болсо ротанын старшинасына баяндама берет.
Буттун, байпактардын (чулгоолордун) жана ич кийимдин абалы мезгил-мезгили менен, адатта уктаардын алдында текшерилет.
235. Күн тартибинде каралган мезгилде кечкисин текшерүүнүн алдында ротанын старшинасынын же взводдордун командирлеринин орун басарларынын биринин жетекчилиги алдында кечки сейилдөө өткөрүлөт. Кечки сейилдөөнүн убагында өздүк курам катарда ырдалуучу ырларды кичи бөлүктөрдүн курамында аткарышат. Сейилдөөдөн кийин рота боюнча кезметчинин "Рота кечки текшерүү үчүн катарга тур" деген командасы боюнча взводдордун командирлеринин орун басарлары (бөлүкчөлөрдүн командирлери) өздөрүнүн кичи бөлүктөрүн текшерүү үчүн катарга тургузат. Рота боюнча кезметчи ротаны катарга тургузгандан кийин ротанын кечки текшерүүгө тизилгендиги жөнүндө старшинага же анын ордундагы адамга баяндама берет.
Ротанын старшинасы же анын ордундагы адам "Түз тур" деген команда берип текшерүүгө киришет. Текшерүүнүн башталышында ал ротанын тизмесине көрсөткөн каармандыгы үчүн түбөлүк киргизилген аскер кызматчыларынын же ардактуу солдаттардын аскердик наамын, аты-жөнүн атайт. Аталган аскер кызматчыларынын аты-жөнү аталганда биринчи взводдун командиринин орун басары: "Ал (аскердик наамы жана аты-жөнү) Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согушта баатырларча курман болгон" же "Ротанын ардактуу солдаты (аскердик наамы жана аты-жөнү) запаска чыккан" деген баяндама жасайт.
Мындан кийин ротанын старшинасы ротанын өздүк курамынын аты-жөнү жазылган тизме боюнча текшерет. Өзүнүн аты-жөнүн уккан ар бир аскер кызматчысы: "Мен" деп жооп берет. Жок болгондор үчүн бөлүкчөлөрдүн командирлери жооп берет.
Мисалы: "Кароолдо", "Өргүүдө".
Текшерүү аяктагандан кийин ротанын старшинасы "Эркин тур" деген команда берип, бардык аскер кызматчыларына белгилүү болууга тийиш болгон буйруктарды жана буйруктамаларды, кийинки күнгө нарядды жарыялайт жана айгай, өрт болгон учурдагы күжүрмөн топту атайт (тактайт). Взводдордун командирлеринин орун басарлары кийинки күнгө кезектеги тазалоочуларды дайындашат. Белгиленген саатта "Жаткыла" деген кабар берилип, кезметтик жарык күйгүзүлөт жана толук тынчтык орун алат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
236. Ротада эртең мененки кароо жана кечки текшерүү мезгилинде ротанын командири же ротанын офицерлеринин бири болсо ротанын старшинасы ага кароонун (текшерүүнүн) натыйжалары жөнүндө баяндама жасайт.
237. Мезгил-мезгили менен бригаданын планы боюнча жалпы батальондук же бригаданы кечки текшерүүлөр өткөрүлөт. Кечки текшерүүнү өткөрүүчү жер жарык кылынууга тийиш.
Жалпы батальондук (бригада) текшерүүлөрдө батальондун (бригаданын) бүткүл өздүк курамы катышууга милдеттүү.
Өздүк курамды аты-жөнү жазылган тизме боюнча текшерүүнү роталардын командирлери жүргүзөт жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө батальондун командирине баяндама жасайт.
Жалпы батальондук (бригада) текшерүү аяктагандан кийин батальондун (бригаданын) командири "Түз тур" деген команда берет жана "Таң Шооласын" ойноого буйрук кылат.
Жалпы бригада текшерүү жүргүзүүдө "Таң Шооласы" ойнолуп бүткөндөн кийин оркестр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткарат. Андан кийин кичи бөлүктөр оркестрдин ойноосу астында өтүшөт. Батальондо (бригада) оркестр жок болгондо үн жазмаларды уктуруунун техникалык каражаттары пайдаланылат. "Таң Шооласы" ойноло баштагандан тартып кичи бөлүктөрдүн взводдон тартып андан жогорку кичи бөлүктөрүнүн командирлери колун баш кийимине такашат жана аны оркестр ойноп бүткөндөн кийин батальондун (бригаданын) командири "Эркин тур" деген команда бергенден кийин ылдый түшүрөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Окутуу сабактары
238. Күжүрмөн даярдык аскер кызматчыларынын тынчтык мезгилдеги күндөлүк ишинин негизги мазмуну болуп эсептелет. Аскер кызматчыларынын азыркы кездеги согуштагы аракеттердин ыкмаларына ээ болуу максатындагы сабактары жана машыгуулары бошоң жана жөнөкөй өткөрүлбөөгө тийиш.
Окуутуу сабактарына жана машыгууларга бригаданын бүткүл өздүк курамы катышууга тийиш. Бригада боюнча буйрукта каралган суткалык нарядда жана иш боюнча нарядда турган адамдар, ошондой эле майрам же дем алыш күнү кызмат өтөгөндүгүнүн ордуна дем алыш күнү берилген аскер кызматчылары гана сабактардан бошотулат.
Оорусуна байланыштуу сыртта өтүлүүчү сабактардан бошотулган солдаттарга жана сержанттарга ротанын командиринин буйругу боюнча класстарда сабак өтүү уюштурулат.
Өздүк курамды күжүрмөн даярдык боюнча сабактан алагды кылууда күнөөлүү болгон командирлер (зардалдар) жоопкерчиликке тартылат.
Күжүрмөн даярдыктын планында жана сабактардын расписаниесинде аныкталган иш-чаралар бригаданын командири тарабынан гана кийинкиге которулушу мүмкүн.
239. Сабактар күн тартибинде белгиленген сааттарда берилген кабарлоо боюнча башталат жана аякталат.
Сабакка чыгаардын алдында бөлүкчөлөрдүн командирлери жана взводдордун командирлеринин орун басарлары өзүнө баш ийгендердин бар экендигин текшерет жана алар форма боюнча кийингендигин, шаймандары туура ылайыкталгандыгын, жана курал-жарагы дүрмөттөлбөгөндүгүн карап чыгышат.
Сабактар жана машыгуулар аяктагандан кийин кичи бөлүктөрдүн командирлери бардык курал-жарактын, аскердик техниканын жана окуу-машыгуу каражаттарынын, ошондой эле ок атуучу куралдын, ок-дарылардын бар экендигин жана толуктугун жеке өзү текшерип чыгууга тийиш. Курал-жарак жана магазиндер салынуучу баштыктар бөлүкчөлөрдүн командирлери тарабынан текшерилет. Текшерүүнүн натыйжалары команда боюнча баяндалат. Атылбаган ок-дарылар жана гильзалар белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.
Сабактар жана машыгуулар аяктагандан кийин курал-жаракты жана колдонмо аспаптарды тазалоо, курал-жаракты жана аскердик техниканы техникалык жагынан тейлөө, ошондой эле сабак өтүлгөн жерлерди тазалоо жүргүзүлөт.
Эртең мененки, түшкү жана кечки тамак
240. Аскер бөлүгүнүн командири азык-түлүктү кабыл алуу, казанга салуу жана тамакты даярдоо процессине контролду уюштурат. Ал үчүн бөлүктүн командиринин орун басарларынын жана бөлүктүн кызматтарынын (бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн) зардалдарынын ичинен кызмат адамдары дайындалат.
Текшерүү үчүн дайындалган офицер бөлүк боюнча кезметчи, дарыгер (фельдшер) менен биргеликте ашканага келет жана ашкана боюнча кезметчинин, улук ашпозчунун катышуусунда меню-жайгаштырмадагы азык-түлүктүн ылайык келүүсүн жана алардын казанга толук салынышын текшерет. Бардык айкындалган мүчүлүштүктөр жөнүндө бөлүктүн командирине жана командирдин оорук боюнча орун басарына баяндайт.Тамак-аш таратуу башталганга чейин врач (фельдшер) бригада боюнча кезметчи менен биргелешип тамак-аштын сапатын текшерүүгө, үлүштөрдү контролдук тартуудан өткөрүүгө, ошондой эле ашкана жайгашкан имарат жайдын санитардык абалын, идиш-аяктын жана шаймандарды текшерүүгө тийиш. Врачтын (фельдшердин) корутундусунан кийин тамак-ашты бригаданын командири же анын көрсөтүүсү боюнча бригаданын командирлеринин бири ооз тийип көрөт.
Текшерүүнүн натыйжалары жасалган тамак-аштын сапатына контролдук жүргүзүүнүн эсебин алуу китебине жазылат.
Белгиленген убакытта бригада боюнча кезметчи тамак-ашты таратууга уруксат берет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
241. Солдаттар менен сержанттар ашканага ротанын старшинасынын же анын көрсөтүүсү боюнча взводдордун командирлеринин орун басарларынын биринин командасы астында таза кийим жана бут кийим менен катарга тизилип келүүгө тийиш.
Тамак ичүү мезгилинде ашканада тартип сакталууга тийиш. Тамак-ашты баш кийимчен, шинелчен (жылуу күрмөчөн) жана атайын (жумушчу) кийимчен ичүүгө тыюу салынат.
242. Суткалык наряддагы адамдар тамак-ашты бригаданын командири тарабынан белгиленген мезгилинде алышат.
Бригаданын медициналык пунктунда жаткан оорулууларга тамак-аш госпиталдык үлүштүн ченемдери боюнча даярдалат жана өзүнчө жеткирилет.
Бригаданын аймагынан убактылуу бошотуу
243. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары өздөрү убактылуу бошотулган аскердик бөлүктөрдүн аймагында жана гарнизондордун чектеринде эркин басып жүрүүгө укуктуу. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына гарнизондордун чегинен тышкары чыгууга (өргүүгө же иш сапарына кеткенден башка учурларда) тыюу салынат.
244. "Кезектеги убактылуу бошотуудан ажыратуу" түрүндөгү тартип жазасы берилген мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысы бригаданын аймагынан жумасына бир жолу убактылуу бошотуу укугуна ээ болот. Мында аскер кызматчыларын убактылуу бошотуу бригаданын күжүрмөн даярдыгы жана күжүрмөн кезметчиликти өтөө төмөндөбөгөндөй кылып жөнгө салынууга тийиш.
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары бригаданын аймагынан ротанын командири тарабынан бригаданын командири белгилеген күндөрдө жана сааттарда жана ал тарабынан белгиленген тартипте убактылуу бошотулат. Кичи бөлүмдөн бир эле мезгилде 30 проценттен ашпаган аскер кызматчылары убактылуу бошотулушу мүмкүн. Биринчи жылы кызмат өтөп жаткан солдаттар бригаданын аймагынан алар Аскердик ант алгандан кийин убактылуу бошотулат. Ишембиде жана майрамдын алдындагы күндөрдө саат 24кө чейин, ал эми жекшемби жана майрам күндөрүндө кечки текшерүүгө чейин убактылуу бошотууга уруксат берилет.
Батальондун командиринин уруксаты менен ротанын командири аскер кызматчысына жүйөөлүү себептер боюнча жуманын башка күндөрүндө да окуу сабактарынан кийин жатканга чейин же кийинки күнү эртең мененкиге чейин (бирок сабактар башталганга чейин 2 саат калгандан кечикпестен) убактылуу бошотууга уруксат бере алат.
Убактылуу бошотуу кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. Убактылуу бошотуунун кезектүүлүгү взводдордун командирлеринин орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт. Дем алыш жана майрам күндөрү күжүрмөн кезметти жана суткалык наряддагы кызматты өтөгөндүгү үчүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына убактылуу бошотуу берилбейт.
245. Убактылуу бошотуу үчүн уруксат сурап аскер кызматчылары өзүнүн түздөн-түз зардалына кайрылышат.
Мисалы: "Жолдош сержант. Мага саат 20га чейин убактылуу бошотууга уруксат берүүңүздү өтүнөмүн".
Мөөнөттүү аскер кызматчыларынын взводдордун командирлери кол койгон убактылуу бошотуу тизмелерин взводдордун командирлеринин орун басарлары ротанын командирине баяндама жасоо үчүн ротанын старшинасына берет.
246. Белгиленген убакытта рота боюнча кезметчи убактылуу бошотулгандарды катарга тизет жана ротанын старшинасы баяндама жасайт.
Ротанын старшинасы убактылуу бошотууларды карап чыгат, алардын сакал-мурутун жана чачын жакшы же жаман алдыргандыгын, кийим-кечесинин жана бут кийиминин абалын, туура кийилишин, алардын аскердик учурашуунун эрежелерин, көчөдө жана башка коомдук жерлерде жүрүүнүн эрежелерин билишин текшерет. Андан кийин старшина убактылуу бошотулгандарга ротанын командири кол койгон убактылуу бошотуу барагын (12-тиркеме) берет. Рота боюнча кезметчи убактылуу бошотулгандарды китепке жазып (12-тиркеме), убактылуу бошотулгандардын тизмесин түзөт жана аларды бригада боюнча кезметчиге берет.
Бригаданын аймагынан убактылуу бошотулган мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жанында аскердик билети болууга тийиш.
Убактылуу бошотуу барагы өзүнүн гарнизонунун чектеринде гана жарактуу.
247. Убактылуу бошотуудан кайтып келгенден кийин аскер кызматчылары бригада боюнча кезметчиге келишет жана келгендиги тууралу баяндама жасашат. Бригада боюнча кезметчи убактылуу бошотуу баракчаларына келүү мезгили жөнүндө белги коет. Андан кийин алар кичи бөлүккө рота боюнча кезметчиге барып, ага убактылуу бошотуу барагын өткөрүшөт жана өзүнүн түздөн-түз зардалына баяндама жасашат.
Мисалы: "Жолдош сержант. Катардагы Калыков убактылуу бошотуудан кайтып келди. Убактылуу бошотуу мезгилинде эч нерсе болгон жок (же тигил же бул сын-пикирин айтты)".
Эгерде аскер кызматчысы кичи бөлүккө эл жаткандан кийин келсе, ал өзүнүн тикелей зардалына кийинки күнкү эртең мененки кароого чейин баяндама жасайт.
Рота боюнча кезметчи убактылуу бошотулгандардын китебинде убактылуу бошотуудан кайтып келгендердин келген убактысын белгилейт жана убактылуу бошотуу баракчаларын ротанын старшинасына өткөрөт.
248. Аскердик кесиптик билим берүү мекемелеринин аймагынан 1-курстун курсанттарын убактылуу бошотуу мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттар жана сержанттар үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 2-курсттун курсанттарын убактылуу бошотуунун тартиби аскердик кесиптик билим берүү мекемесинин зардалы тарабынан белгиленет. 3 жана андан кийинки курстардын курсанттары, ошондой эле жатаканада жатууга укуктуу курсанттар аскердик кесиптик билим берүү мекемесинин аймагынан тышкары жерлерде күн тартибинде аныкталган окуу сабактарынан жана өз алдынча иштөөнүн милдеттүү сааттарынан кийин саат 24кө чейин, үй-бүлөлүү курсанттар кийинки окуу күнүндөгү сабактар башталганга чейин боло алышат.
249. Калк жашаган пункттардан алыс жерлерде жайгашкан аскердик бөлүктө (өзүнчө кичи бөлүктө) жана көрсөтүлгөн тартипте анын аймагынан убактылуу бошотуу максатка ылайыктуу болбогон башка учурларда, аскердик бөлүктүн (өзүнчө кичи бөлүктүн) командиринин чечими боюнча дем алыш күндөрүндө жакынкы ири калк жашаган пункттарга (шаарларга) тобу менен барып келүү өткөрүлөт.
Кичи бөлүктөрдү (командаларды) жөнөтүү жана алардын жол жүрүшү
250. Эреже катары, кичи бөлүктөр кызматтык иш сапарына өзүнүн командиринин зардаллыгы менен барат. Ар кандай кичи бөлүктөрдүн солдаттары менен сержанттары иш сапарына дайындалганда алардан команда түзүлөт жана сержанттардын, прапорщиктердин же офицерлердин ичинен команданын зардалы дайындалат. Кичи бөлүктүн командирине (команданын зардалына) бригадада иш сапарынын күбөлүгү жана кичи бөлүктүн (команданын) өздүк курамынын тизмеси берилет, анда куралдын түрү жана номери, берилген ок-дарылардын саны көрсөтүлүп, аскердик бөлүктүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, ага бригаданын штабынын зардалынын колу коюлат. Кичи бөлүктүн командирине (команданын зардалына) мындан тышкары: жол жүрүүнүн жана тамак ичүүнүн тартиби, кичи бөлүк (команда) канча убакытка, кайда жана кимдин карамагына жиберилип жаткандыгы, коопсуздуктун талаптары, куралды сактоонун жана колдонуунун эрежелери көрсөтүлүп, ошондой эле кичи бөлүктүн (команданын) кызмат өтөөсүнө байланыштуу башка көрсөтмөлөр берилет.
251. Кызматтык иш сапарына баруу үчүн кичи бөлүктү (команданы) даярдоого ал бөлүнгөн кичи бөлүктүн командири жетекчилик кылат.
Белгиленген убакытта кичи бөлүк (команда) кичи бөлүктүн дайындалган командиринин (команданын зардалынын) жетекчилиги астында бригада боюнча кезметчиге келет. Бригада боюнча кезметчи кичи бөлүктүн (команданын) курамын жана камсыз болушун текшерет жана анын даяр экендиги жөнүндө штабдын зардалына же бригаданын командирине баяндама жасайт.
Штабдын зардалы же бригаданын командири кичи бөлүктү (команданы) карап чыгат, анын даярдыгын текшерет, кичи бөлүктүн командирине (команданын зардалына) ал эми зарыл болгондо бүткүл өздүк курамга нускама берет, зарыл учурларда транспорт каражаттарын бөлүп берүү менен кичи бөлүктү (команданы) өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылат.
252. Кичи бөлүктүн командири (команданын зардалы) өздүк курам тарабынан аскердик тартиптин жана ырааттын сакталышы, милдеттин өз убагында аткарылышы үчүн, ошондой эле курал-жарактын, ок-дарылардын жана башка аскердик мүлктүн сакталышы үчүн жооп берет.
Дайындалган жерге жеткенден кийин кичи бөлүктүн командири (команданын зардалы) кичи бөлүк (команда) карамагына дайындалган адамга, ал эми кайтып келгенден кийин бригаданын штабынын зардалына баяндама жасайт.
253. Машина менен жол жүрүүдө кичи бөлүктөрдүн командирлери (командалардын зардалдары) 375-пунктта баяндалган колоннанын зардалынын (машинанын зардалынын) милдеттерин аткарат.
Өздүк курамды жабдылбаган, ал эми кыш мезгилинде ачык машиналарда ташууга тыюу салынат.
Темир жол, суу жана аба транспортунда жол жүрүүдө ушул Уставдын 12-главасында баяндалган көрсөтмөлөр жетекчиликке алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
254. Кызматтык тапшырмаларды аткаруу, ошондой эле экскурсияга, киного, театрга жана гарнизондун чектериндеги башка мекемелерге кетип жаткан мөөнөттүү кызмат өтөгөн ротанын аскер кызматчылары ротанын командири тарабынан офицерлердин, прапорщиктердин же сержанттардын ичинен дайындалган улук аскер кызматчысынын зардаллыгы астында команда менен барышат.
Офицерлер менен прапорщиктердин наамы чоңураагы команданын өздүк курамын чогултуп, катарга тизет жана аны карап чыгат, тизме түзөт жана команданын даяр экендиги жөнүндө ротанын командирине же анын ордундагы адамга баяндама жасайт. Уруксат алгандан кийин ал команданы бара турган жерине алып жөнөйт.
Сержанттардын ичинен наамы чоңу команданы катарга тизет жана аны ротанын старшинасынын же анын ордундагы адамдын кароосуна коет, андан өзү үчүн убактылуу бошотуу баракчасын жана ротанын командири кол койгон команданын тизмесин алат. Улук аскер кызматчысы менен бара тургандардын жалпы саны убактылуу бошотуу баракчасында да көрсөтүлөт. Андан кийин улук аскер кызматчысы команданы бригада боюнча кезметчиге көрсөтөт.
255. Кичи бөлүмдөн эки же андан ашык аскер кызматчысы кетип жатканда ар дайым улук аскер кызматчысы дайындалат. Саны үч же андан ашык адамдан турган команда бара турган жерине катарга тизилип (эс алуу үчүн коомдук мекемелерге баргандан башка учурларда) улук аскер кызматчысынын жетекчилиги менен барат.
Катарга тизилип жөө бара жаткан команда кырсыкка учурабашы үчүн түнкү мезгилде колоннанын баш жагында жана аяк жагында белги чырактар, ал эми күндүзгү мезгилде белги желекчелер болууга тийиш.
Аскер кызматчыларына келип кетүү
256. Аскер кызматчыларына келип кетүүгө ротанын командири тарабынан күн тартибинде белгиленген убакытта бул үчүн бригадада атайын бөлүнгөн келип-кеткендер үчүн бөлмөдө (жерде) уруксат берилет.
257. Бригада боюнча буйрук менен сержанттардын ичинен аскер кызматчыларынан келип-кетүү үчүн белгиленген убакытка келип кеткендердин комнатасы боюнча кезметчи дайындалат. Анын укуктары жана милдеттери бригаданын командири тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.
Аскер кызматчыларына келип-кетүүнү каалаган адамдар келип-кетүүчүлөрдүн бөлмөсүнө бригада боюнча кезметчинин уруксаты менен жиберилет.
258. Аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар бригаданын командиринин уруксаты менен бригаданын өздүк курамынын жашоосу жана турмуш-тиричилиги менен таанышуу үчүн казармага, ашканага, бөлүктүн күжүрмөн даңкынын (тарыхынын) бөлмөсүнө барышы мүмкүн.
Аларды коштоп жүрүү жана зарыл түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн буга даярдыгы бар аскер кызматчылары дайындалат.
259. Спирттик ичимдиктерди алып келген же алкоголдук, баңгизаттык зат же токсикалык мас абалындагы болгон келип кетүүчүлөр аскер кызматчылары менен жолугушууга кое берилбейт. Бөтөн адамдарга казармаларда жана башка имарат жайларда (163-пункт) түнөөгө уруксат берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-глава. Суткалык наряд
Жалпы жоболор
260. Суткалык наряд ички тартипти сактоо, өздүк курамды, курал-жаракты, аскердик техниканы жана ок-дарыларды, аскердик бөлүктөгү (кичи бөлүмдөгү) имарат жайларды жана мүлктү коргоо, кичи бөлүмдөрдөгү иштердин абалына контролдук жүргүзүү жана укук бузууларды болтурбай коюу боюнча өз убагында чараларды көрүү, ошондой эле ички кызмат боюнча башка милдеттерди аткаруу үчүн дайындалат.
261. Суткалык наряддын курамы полк (бригада) боюнча буйрукта окутуу мезгилине жарыяланат.
Бригаданын суткалык нарядынын төмөндөгүдөй:
- бригада боюнча кезметчи;
- бригада боюнча кезметчинин жардамчысы;
- кезметтеги кичи бөлүк;
- кароол;
- парк боюнча кезметчи жана эшик сакчылар, ошондой эле кезметчи сүйрөгүчтөрдүн механик-айдоочулары (айдоочулары);
- кезметчи фельдшер же санитардык нускоочу жана медициналык пункт боюнча эшик сакчыга;
- текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи жана кезметчинин жардамчылары;
- ашкана боюнча кезметчи жана ашкана жумушчулары;
- бригаданын штабы боюнча кезметчи;
- добулбас менен кабарлоочу кезметчи;
- чабармандар;
- өрттөн сактоо боюнча наряд сыяктуу курамы каралат.
Күн сайын бригада боюнча буйрук менен: бригада боюнча кезметчи, бригада боюнча кезметчинин жардамчысы, кароолдун зардалы, парк боюнча кезметчи, кезметте турган кичи бөлүк, ошондой эле бригаданын суткалык наряд жана жумуштар боюнча наряды бөлүнө турган кичи бөлүк дайындалат. Зарыл учурда бригаданын командири суткалык наряддын курамын кыскартууга укуктуу.
262. Ротанын суткалык нарядына:
- рота боюнча кезметчи;
- рота боюнча эшик сакчылар дайындалат.
Роталардагы эшик сакчылардын канча жолу алмашаары бригаданын командири тарабынан аныкталат.
263. Айрым батальондордо алардын санына жана жайгашкан шартына жараша бригаданын командиринин чечими боюнча рота боюнча кезметчинин ордуна батальон боюнча кезметчи, ал эми бригаданы камсыз кылуучу кичи бөлүмдөрдө, алар чогуу жайгашканда - бул кичи бөлүмдөр боюнча кезметчи дайындалышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн учурларда эшик сакчылардын саны кичи бөлүктөрдүн жайгашуу шарттарына, коргоону камсыз кылууга жана ички тартипти кармап турууга негизденип аныкталат.
264. Суткалык наряддагы бардык адамдар өзүнүн милдеттерин бекем билүүгө, так жана ак ниет аткарууга, күн тартибинин аткарылышын жана ички тартиптин башка эрежелеринин сакталышына туруктуулук менен жетишүүгө тийиш.
Бригада боюнча кезметчинин уруксатысыз суткалык наряддагы адам өзүнүн милдеттерин аткарууну токтотууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө укуксуз.
265. Кичи бөлүктөргө бригаданын командиринен тартып андан жогорку зардалдар келгенде кичи бөлүктөр боюнча кезметчилер бул тууралу бригада боюнча кезметчиге токтоосуз баяндама жасоого милдеттүү.
266. Бардык кезметчилерде жана алардын жардамчыларында сыпаттамасы укуктук ченемдик актыларда аныкталган төш белги (колго байлама) болууга тийиш. Төш белги (колго байлама) мурдагы кезметчи жаңы кезметчиге кезметти өткөргөндүгү жана кезмет кабыл алынгандыгы жөнүндө баяндамадан кийин өткөрүлүп берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
267. Офицерлер менен прапорщиктердин ичинен дайындалган бригада боюнча кезметчи, бригада боюнча кезметчинин жардамчысы, парк боюнча кезметчи, текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи, бригаданын штабы боюнча кезметчи октолгон эки ок кутусу бар тапанча менен куралданат.
Сержанттардын ичинен дайындалган парк боюнча кезметчи, текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи, бригаданын штабы боюнча кезметчи, текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчылары, жатакана боюнча суткалык наряддын курамына кирген аял-аскер кызматчыларынан башка, кичи бөлүктөр боюнча кезметчилер жана эшик сакчылар, ошондой эле парк боюнча эшик сакчылар жана чабармандар кынына салынган штык-бычактар менен куралданат. Штык-бычак белдеги курдун сол тарабында жана курдун тогоосунан беш элл аралыкта болууга тийиш.
Өзгөчө буйрук боюнча зарыл учурда айрым аскердик бөлүктөрдө текшерип өткөрүү пункту боюнча эшик сакчылар жана кезметчинин жардамчылары, ротанын суткалык наряды жана парк боюнча эшик сакчылар октолгон эки ок кутусу (30 огу бар) бар автоматтар (карабиндер) менен куралданышы мүмкүн. Курал-жаракты алып жүрүүнүн, ошондой эле аны колдонуунун тартиби ушул Уставдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставынын жоболорунун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
268. Бригада боюнча кезметчинин жана анын жардамчысынын, ошондой эле рота боюнча кезметчинин ар бирине кезметте турган мезгилде кезеги менен бригаданын командири тарабынан белгиленген мезгилде бут кийимсиз, шаймандарды жана кийимди чечпестен 4 сааттан жатып эс алууга (уктоого) уруксат берилет.
Эшик сакчыларынын бош болгондоруна кезеги менен чечинип, жатып алып эс алууга (уктоого) жаткандан тартып турганга чейин уруксат берилет.
Парк боюнча кезметчиге, текшерип өткөрүү пункту жана ашкана боюнча кезметчилерге, кезметчи фельдшерге (санитардык нускоочуга), бригаданын штабы боюнча кезметчиге жана добулбас менен кабарлоочуга түн ичинде бут кийимсиз, шаймандарды жана кийимди чечпестен жатып алып эс алууга (уктоого) уруксат берилет.
269. Суткалык наряддан алмашкан аскер кызматчылары алмашкан күндөгү сабактардан жана жумуштардан бошотулат.
Дем алыш жана майрам күндөрү суткалык наряддын курамына кирген офицерлер менен прапорщиктерге жуманын ичинде дем алыш күнү берилет.
Жумушка нарядга жиберүү
270. Аскер кызматчыларын жумуш иштөө үчүн нарядга жиберүүгө бригада боюнча буйрукта кайсы кичи бөлүктөр жумушка дайындалгандыгы, жумуштардын түрү, анын узактыгы, канча убакытка созулаары, кичи бөлүктөр кайда жана кимдин карамагына бара тургандыгы көрсөтүлөт. Жумушка бөлүнгөн кичи бөлүктөр офицерлердин, прапорщиктердин же сержанттардын ичинен дайындалган өз командирлери же улук аскер кызматчыларынын зардаллыгы менен келет.
Нарядга болжоого болбой турган жумуштар үчүн дайындоо бригаданын штабынын зардалы тарабынан жүргүзүлөт.
271. Жумуштарды уюштуруу жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кичи бөлүк карамагына бөлүнгөн зардал жооп берет. Кичи бөлүктүн командири (команданын улук аскер кызматчысы) өздүк курам тарабынан коопсуздуктун талаптарынын аткарылышына контролдук жүргүзүүгө милдеттүү.
Аял аскер кызматчыларын эмгек жөнүндө мыйзамдарда алар үчүн белгиленген чектелген ченемдерден ашкан оордуктарды ташууга жана жылдырууга байланыштуу жумуштарга дайындоого тыюу салынат.
Кезметчи кичи бөлүм
272. Кезметчи кичи бөлүм кароолдорду күчөтүү же өрт, табигый кырсык же башка окуялар тушунда тезинен чакыруу учурларына дайындалат.
Кезметчи бөлүмдү бригаданын аймагынан тышкары жерлердеги чарбалык жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
Кезметчи бөлүм бригада боюнча кезметчиге баш иет.
273. Кезметчи кичи бөлүккө айгай жарыяланганда (чакыруу боюнча) ал өзү үчүн белгиленген жерге катарга тизилет жана бригада боюнча кезметчинин көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.
Кезметчи бөлүмгө патрондор бригада боюнча кезметчинин буйругу боюнча гана берилет.
274. Кезметчи кичи бөлүк менен сабактар бригада жайгашкан жерге жакын жерде өткөрүлөт. Кичи бөлүктүн турган жери жана аны чакыруунун тартиби бригада боюнча кезметчиге белгилүү болууга тийиш.
Кызмат боюнча наряддарды дайындоонун тартиби жана алар боюнча отчеттуулук
275. Кичи бөлүмдөр нарядга өз командирлери менен чогуу дайындалат.
Прапорщиктер, офицерлер жана бригаданын кичи бөлүктөрүнүн ортосундагы наряддардын кезектүүлүгү бригаданын штабынын зардалы тарабынан белгиленет.
Ротадагы взводдордун ортосундагы наряддардын кезектүүлүгү ротанын старшинасы, ал эми взводдо - взводдун командиринин орун басары тарабынан белгиленет.
Солдаттардын, сержанттардын, прапорщиктердин жана офицерлердин ортосунда наряддардын кезектүүлүгүн саны бирдей жана адилет бөлүштүрүлүүгө тийиш. Ар кандай аскер кызматчылары тарабынан айрым мезгилдерде аткарылуучу кызматтык милдеттердин көлөмүндө чоң айырма болгон иши алда канча көп офицерлер менен прапорщиктердин наряддарынын саны ушул мезгилде бригаданын командиринин чечими менен азайтылышы мүмкүн.
276. Наряддар барагы (12-тиркеме) ар бир айга өзүнчө:
- солдаттарга - взводдордун командирлеринин орун басарлары тарабынан;
- сержанттарга - ротанын старшинасы тарабынан;
- башкаруунун прапорщиктери жана офицерлерине жана бригаданын айрым кичи бөлүктөрүнө, ошондой эле батальондордун командирлерине жана алардын орун басарларына - бригаданын штабында, калган прапорщиктер менен офицерлерге - батальондордун штабдарында толтурулат.
Наряддар барагы жыл бою сакталат, ал эми андан кийин жок кылынат.
Суткалык нарядды даярдоо
277. Аскердик бөлүктүн штабы кийинки ай башталганга чейин 5-6 сутка калганда кичи бөлүктөрдүн командирлерине нарядга турчу күндөрдү жана суткалык наряддын курамын билдирет.
278. Суткалык наряд дайындалып жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлери өздүк курамды тандап алуу жана аны кызмат өтөөгө даярдоо үчүн, суткалык наряддын сабакка (нускамага) бригаданын тиешелүү кызмат адамына жана бөлүштүрүүгө өз убагында келиши үчүн жооп берет.
279. Наряддын алдыңкы түнү суткалык нарядга дайындалган адамдар бардык сабактардан жана жумуштардан бошотулууга тийиш. Штаттык эмес өрт өчүрүүчү командадан дайындалган өрт өчүрүүчү наряд бригаданын аймагында өткөрүлгөн сабактардан жана жумуштардан бошотулбайт.
280. Нарядга турган күнү күн тартибине көрсөтүлгөн сааттарда өздүк курамга кеминде 3 саат, ал эми бир суткадан кийин кароолго турууда кеминде 4 саат кызматты өтөөгө даярдануу үчүн, анын ичинде практикалык сабактарды өткөрүү үчүн жана эс алуу (уктоо) үчүн кеминде 1 саат берилүүгө тийиш.
281. Ротадан (батареядан) дайындалган кароолдон башка, суткалык наряддын өздүк курамын даярдоо старшина же кичи бөлүктүн дайындалган башка кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт. Батальондон (дивизиондон) же аскердик бөлүктөн дайындалган суткалык нарядды даярдоо тиешелүү командирлер тарабынан уюштурулат жана алардын орун басаралары тарабынан жүргүзүлөт.
Кароолду даярдоо Кыргыз Республикасынын гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставына ылайык жүзөгө ашырылат.
282. Бригада боюнча буйрук менен аныкталган суткалык наряддагы адамдар кызмат боюнча арналышына ылайык белгиленген мезгилде бригаданын командиринин орун басарларына же бул үчүн бригаданын командири тарабынан дайындалаган башка кызмат адамына сабакка (нускамага) келет.
Сабакта (нускамада) аскердик уставдардын, нускамалардын жоболору жана коопсуздуктун талаптары үйрөнүлөт, ошондой эле наряддын өздүк курамы тарабынан өзүнүн атайын милдеттерин билиши текшерилет.
Практикалык сабактар нарядга турган күнү күн тартибинде көрсөтүлгөн сааттарда, суткалык наряд кызмат өтөө үчүн жабдылган имарат жайларда (жерлерде), кичи бөлүктүн аймагында же кызмат өтөөчү жерде өткөрүлөт.
283. Зарыл учурларда, суткалык наряддын айрым адамдарын автоматтар (карабиндер) менен куралдандырууда, аракеттер боюнча сабактар курал колдонуу менен өткөрүлөт.
284. Бөлүштүрүүгө чыгарга 15 мүнөт калганда суткалык наряд кызмат өтөөгө даяр болууга жана өз кезметчилери менен жана бригаданын кароолунун зардалы менен баш ийүүгө өтүүгө тийиш.
Суткалык нарядды бөлүштүрүү
285. Суткалык нарядды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бөлүштүрүүнү бригада боюнча жаңы кезметчи бригаданын командири тарабынан белгиленген мезгилде жүргүзөт.
286. Бөлүштүрүүгө 10 мүнөт калганда офицерлердин ичинен бригада боюнча кезметчинин жаңы жардамчысы кезметчи кичи бөлүктөн башка суткалык наряддын өздүк курамын, ашкана боюнча наряддын жана өрттөн сактоо боюнча наряддын өздүк курамын бөлүштүрүү үчүн белгиленген жерге катарга тизип, анын бар экендигин текшерет жана бригада боюнча кезметчи келээри менен ага баяндама жасайт.
Эгерде бригада боюнча кезметчинин жардамчысы прапорщик болсо, суткалык нарядды катарга тизүүнү жана бригада боюнча дежурныйга баяндама жасоону суткалык наряддагы адамдардын ичиндеги офицер жүргүзөт.
287. Бөлүштүрүү үчүн суткалык наряд: кароолдор - оң канатта, андан кийин оңдон солду карай парк боюнча кезметчи, кезметчи фельдшер (санитардык инструктор) текшерип өткөрүү пунктту боюнча кезметчи бригаданын штабы боюнча кезметчи, роталар боюнча бардык кезметчилер кичи бөлүктөрдүн ирети боюнча, чабармандар, ашкана боюнча кезметчилер, өрттөн сактоо нарядынын зардалы жана добулбас менен кабарлоочу кезметчи, текшерип өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчылары, кезметчи сүйрөгүчтөрдүн механик-айдоочулары (айдоочулары) өздөрүнүн кезметчилеринин артына тизилет; бригада боюнча кезметчинин жардамчысы кароолдордун оң канатына турат.
Суткалык наряддагы адамдардын милдеттери бригада боюнча кезметчи
288. Бригада боюнча кезметчи бригаданы жана батальондорду башкарган офицерлердин, роталардын командирлеринин жана аларга теңештирилгендердин ичинен дайындалат. Ал бригаданын кичи бөлүмдөрүн жана башкармаларын айгай жарыялоо жөнүндө өз убагында кабардар кылуу үчүн, бригада ички тартипти кармап туруу жана суткалык наряддын кызмат өтөшү, штабдын жана бригаданын кызматтарынын офицерлери менен прапорщиктеринин тапанчалары менен ок-дарыларынын сакталышы үчүн жооп берет. Бригада боюнча кезметчи бригаданын командирине баш иет ага бригада бүткүл суткалык наряд баш иет.
Айрым батальондордо жана аларга теңештирилген аскердик бөлүктөрдө аскердик бөлүк боюнча кезметчиликке взводдордун командирлери, ошондой эле штабдын жана батальондун кызматтарынын прапорщиктерин дайындоого уруксат берилет.
Ички кароолго карата алганда бригада боюнча кезметчи Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставынын кароол боюнча кезметчи жөнүндө жоболорун жетекчиликке алат.
289. Бөлүштүрүүнүн алдында жаңы кезметчи белгиленген убакытта бригаданын штабынын зардалына нускама жана пароль алуу үчүн келет. Бөлүштүрүүдө бригада боюнча жаңы кезметчи наряддын сандык курамын, курал-жарагын, суткалык наряд үчүн белгиленген кийимдин түрүн, алардын өз милдеттерин билишин текшерет, табылган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет жана кийинки суткаларга кийимдин түрүн жарыялайт.
Бөлүштүрүүдөн кийин жаңы кезметчи мурдагы кезметчиден документтерди (10-тиркеме), ошондой эле штабдын жана бригаданын кызматтарынын офицерлери менен прапорщиктеринин курал-жарагын жана ок-дарыларын кабыл алат. Курал-жарак дааналап номерлери жана комплектүүлүгү боюнча кабыл алынат. Андан кийин ал бригада боюнча мурдагы кезметчи менен биргелешип кабарлоонун жана коргоонун техникалык каражаттарынын, радиациялык жана химиялык чалгындоо приборлорунун оң абалда экендигин текшерет, ошондой эле гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби боюнча алардын санын жана кармоо мөөнөттөрүн тактайт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
290. Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуудан жана кароолдордун зардалдарынын кароолдун алмашышы жөнүндө баяндамаларынан кийин мурдагы жана жаңы кезметчилер бригаданын командирине баяндама менен келишет.
Мисалы: "Жолдош полковник. Улук лейтенант Акматов бригада боюнча кезметчиликти өткөрдү". "Жолдош полковник. Капитан Салиев бригада боюнча кезметчиликти өткөрүп алды".
Андан кийин бригада боюнча жаңы кезметчи кезметчиликти кабыл алууда билинген, алмашкан суткалык наряд тарабынан четтетилиши мүмкүн болгон бардык кемчиликтер жөнүндө билдирет.
291. Бригада боюнча кезметчи:
- айгай жөнүндө кабар алынаары менен кичи бөлүктөрдү тургузууга токтоосуз кабар берүүгө, бригаданын командирине баяндама берүүгө, анын орун басарларына жана бригаданын башка кызмат адамдарына кабар берүүгө; алар келгенге чейин кичи бөлүктөрдүн жыйналуучу пункттарга чыгышына жетекчилик кылууга;
- мобилизациялоо жөнүндө кабар алынганда бул тууралу бригаданын командирине жана бригаданын штабынын зардалына токтоосуз баяндама жасоого жана алардын көрсөтмөлөрүнө жана нускамаларына ылайык аракеттенүүгө;
- контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн бригаданын аскер кызматчыларына курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүү китебине (12-тиркеме) жеке кол койдуруп, ал эми айгай учурунда - карточкалар боюнча штаттык куралды, ага ок-дарыларды, радиоактивдүү нурлануунун дозасын жеке өлчөгүчтөрдү берүүгө жана алардын өз убагында өткөрүлүшүн контролдоого; бөлүктөрдөгү курал-жарак сакталган бөлмөнүн кайтаруу сигнализациясы санкциясыз иштеген учурда анын иштеп кетишинин себебин тактоого, курал-жарактардын жана ок-дарылардын урдалуусуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана кайтарууга сигнализацияны кошууну контролдоого;
- душман ядролук, химиялык жана биологиялык курал колдонгон учурларда, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдар келип чыкканда (келип чыгуу коркунучу болгондо) нускамага ылайык аракеттенүүгө;
- кичи бөлүктөр тарабынан күн тартибинин аткарылышына көз салууга жана белгиленген кабарлардын берилишине жетекчилик кылууга;
- суткасына кеминде эки жолу (анын ичинде түн ичинде бир жолу) суткалык наряддын кызмат өтөшүн жана кичи бөлүктөрдө ички тартиптин сакталышын жеке өзү текшерүүгө, кылмыштардын жана (же) укук бузуулардын, окуялардын, тартиптик укук бузуулардын алдын алуу, коопсуздуктун талаптарын бузууга жол бербөө боюнча, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө; кылмыштын жана (же) жоруктун белгилери аныкталган учурда, бул тууралуу Аскер прокуратурасынын органдарына билдирүүгө, зарыл болгондо жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө жана кылмыш жана (же) укук бузуу жасалган жерди кайтарууну уюштурууга;
- ар дайым бригаданын командиринин турган жерин билүүгө, ага бригада бардык окуялар, өзү билип кетип калган мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары жана аларды издөө боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө токтоосуз баяндап турууга;
- кезметчинин бөлмөсүндө болууга; кызматтык иштер боюнча кетип жатканда өзүнүн ордуна жардамчысын калтырууга жана ага кайда жана канча убакытка кеткендигин билдирүүгө;
- окутуучу жайлар жайгашкан чөлкөмдү, ошондой эле кайсыл роталар кайсыл жерде сабак өтүп жаткандыгы жөнүндө билүүгө;
- бригаданын өздүк курамынын бөлүштүрүлүшү жөнүндө, ошондой эле күжүрмөн жана транспорттук машиналардын бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды билүүгө; парк боюнча кезметчи аркылуу машиналардын паркка кайтып келишине контролдук жүргүзүүгө, бригаданын командирине алардын рейсте кармалып калуу учурлары жөнүндө баяндама жасоого, машиналарды издөө жана паркка кайтарууга карата чараларды көрүүгө;
- бригада дайындалган кичи бөлүктөрдү (командаларды) текшерүүгө жана өз убагында жөнөтүүгө, бул тууралу штабдын зардалына же полктун (бригаданын) командирине баяндама жасоого;
- бригаданын аймагынан сыртка чыгып жаткан мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын сырткы турпатын карап чыгууга жана убактылуу бошотуу баракчаларына алардын кайтып келиши жөнүндө белги коюуга; чабармандарга гербдүү мөөр менен бекитилген кабарлоо карточкалары боюнча бригаданын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берүүгө;
- (абзац Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- бригаданын аймагында же ага жакын жерде табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдар болгондо бригаданын Күжүрмөн Туусун, курал-жаракты жана башка материалдык каражаттарды сактап калууга карата чараларды көрүүгө; өрт чыкканда өрт өчүрүүчү команданы чакырууга жана ал келгенге чейин өрт өчүрүүнү уюштурууга;
- врач (фельдшер) менен биргелешип тамак таратаардын алдында сапатын анын текшерүүгө, даярдалган тамак-аштын сапатына контролдукту эсепке алуу китебине тиешелүү жазуу жазууга жана аны таратууга уруксат берүүгө; тамак-аштын сапатынын жакшы экендигине шектенүү пайда болгондо бул тууралу бригаданын командирине баяндама жасоого; тамакты таратуу жана тамак ичүү мезгилинде ашканада жеке катышууга жана үлүштөрдүн өздүк курамга толугу менен жетишин контролдоого;
- казармалардагы жана бригаданын аймагындагы тазалыкка жана тартипке көз салууга;
- өзгөчө учурларда кичи бөлүктөр боюнча кезметчилерге казармага кирүүчү эшиктерди бекитүүгө команда берүүгө;
- бригаданын командири келгенде аны тосуп чыгууга, "Түз тур" деген команда берүүгө жана ага баяндама жасоого милдеттүү.
Мисалы: "Жолдош полковник. Менин кезметчилигимдин мезгилинде эч кандай окуя болгон жок (же тигиндей-мындай болду). Бригада боюнча кезметчи капитан Токторов".
Бригаданын командиринин орун басарлары менен бригада боюнча кезметчи учурашып гана коет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 15-январындагы N 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
292. Кечки текшерүүдөн жана эртең мененки кароодон кийин бригада боюнча кезметчи бөлүктөр боюнча кезметчилерден баяндамаларды алат жана жок болгондор жөнүндө маалыматтарды түзөт, ал эми өзү билип кетип калгандар болсо алардын тизмесин түзөт. Ушул тизмени бригаданын командирине эртең мененки баяндамадан кийин берет.
Суткалык наряд кызмат өтөгөндө билинген бардык кемчиликтер жөнүндө жана кезметчилик мезгилинде кезметчиликти өткөргөнгө чейин четтетилиши мүмкүн болбогон бригада ички тартипти бузуулар жөнүндө бригада боюнча кезметчи кезметчиликти кабыл алуу жана өткөрүү китебине жазат (12-тиркеме). Кезметчиликти кабыл алуу жана өткөрүү китеби күн сайын бригада боюнча кезметчи тарабынан бригаданын командирине кароого берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
293. Бригада боюнча кезметчи бригада жайгашкан жерде:
- Кыргыз Республикасынын Президентин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилерин жана анын орун басарларын;
- генералдарды жана бригаданын командиринен жогорку тикелей зардалдарды жана инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу үчүн дайындалган адамдарды тосуп алат жана коштоп жүрөт.
Бул адамдарды тосуп алууда бригада боюнча кезметчи "Түз тур" деген команда берет жана ага баяндама жасайт.
Мисалы: "Жолдош генерал-лейтенант. 2-мотоаткычтар бригадасы сабактардын расписаниесине ылайык күжүрмөн даярдыктан (тигил-же бул жерде) өтүп жатат. Бригада боюнча кезметчи капитан Калыков".
Аталып өткөн адамдардын келиши жөнүндө бригада боюнча кезметчи токтоосуз түрдө бригаданын командирине же анын ордундагы адамга баяндама жасайт.
Келген командирди (зардалды) бригаданын командири тосуп алган жана ага баяндама берген учурда, бригада боюнча кезметчи учурашып гана коет.
Бригадага жогоруда көрсөтүлбөгөн генералдар, ошондой эле аскердик бөлүккө таандык болбогон улук офицерлер келгенде бригада боюнча кезметчи алар менен учурашат.
Мисалы: "Жолдош генерал-майор. Бригада боюнча кезметчи капитан Алымов".
Андан кийин ал аларды бригаданын командирине же анын ордундагы адамга чейин узатып барат.
Өзүнүн аскердик бөлүгүнө таандык болбогон калган аскер кызматчылары келгенде ким экендиги жана келген максаты аныкталгандан кийин зарыл учурда бригадага бир жолку өткөрмө боюнча өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бригада боюнча кезметчинин жардамчысы
294. Бригада боюнча кезметчинин жардамчысы кенже офицерлер менен прапорщиктердин ичинен дайындалат жана бригада боюнча кезметчиге баш иет. Ал бригада боюнча кезметчинин нускамасын билүүгө, кабарлоо каражаттарын, коргоонун техникалык каражаттарын жана байланыш каражаттарын, радиациялык жана химиялык чалгындоонун бригаданын кезметчисинде болгон приборлорун пайдаланууну билүүгө, кезметчинин ордунда калуу менен анын милдеттерин аткарууга милдеттүү.
295. Офицерлердин ичинен дайындалган бригада боюнча кезметчинин жардамчысына бригада суткалык наряддагы бардык адамдар баш иет; ички кароолдорго карата алганда ал гарнизондук жана кароол кызматтарынын Уставынын кароол боюнча кезметчисинин жардамчысы жөнүндө жоболорун жетекчиликке алат.
Бригада боюнча кезметчинин прапорщиктердин ичинен дайындалган жардамчысына суткалык наряддагы офицерлерден башка бардык адамдар баш иет.
Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи
296. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи прапорщиктерден же сержанттардан дайындалат. Ал бригадага келген (кеткен) адамдарды өткөрүүнүн (чыгаруунун) тууралыгы үчүн, ошондой эле кандайдыр-бир мүлктү алып кирүүнүн (алып чыгуунун) же ташып кетүүнүн (ташып келүүнүн) тууралыгы үчүн жооп берет. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи бригада боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына баш иет. Ага текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчылары баш иет.
Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө жаңы жана мурдагы кезметчилер бригада боюнча кезметчиге баяндама жасашат.
297. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи:
- бөлүштүрүүдөн кийин документтерди, жабдууларды жана шаймандарды жазуу боюнча өткөрүп алууга (10-тиркеме);
- бригадага келгендердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтерди текшерүүгө, тизмеси бригаданын командири тарабынан бекитилген тизмедеги адамдардын уруксаты менен жана бригада боюнча кезметчинин көрсөтүүсү боюнча бир жолку өткөрмөлөрдү берүүгө;
- документтердин тууралыгына шектенген адамдар жөнүндө бригада боюнча кезметчиге баяндама жасоого;
- бригаданын аймагынан мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын чыгууга укук берген документсиз, формада кийинбеген жана сырткы турпаты начар абалда чыгууга, ал эми катарга тизилип жөө кетип бараткан командаларга түн ичинде колоннанын баш жана аяк жагындагы кабарлоочу чырактарсыз күндүз кабарлоочу желекчелерсиз уруксат бербөөгө;
- текшерип-өткөрүү пунктунда болууга; бригада боюнча кезметчинин уруксаты менен кызматтык иштер боюнча кеткенде өзүнүн ордуна жардамчысын калтырууга;
- өзүнүн жардамчыларынын кызматты туура өтөшүн текшерүүгө;
- бригаданын командири жана анын орун басарлары келгенде аларды тосуп алууга жана алар менен учурашууга милдеттүү.
298. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи өзүнүн аскердик бөлүгүнөн болбогон офицерлерди тосуп алат жана алар менен учурашат.
Мисалы: "Жолдош генерал-майор. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчи сержант Мамытов".
Андан кийин ал келгендер жөнүндө токтоосуз түрдө бригада боюнча кезметчиге баяндама жасайт.
Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчысы
299. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчысы сержанттардын же солдаттардын ичинен дайындалат. Ал текшерип-өткөрүү пункту боюнча пункттун кезметчисине баш иет.
Кезметчинин кезектеги жардамчысы текшерип-өткөрүү пунктунда эч жакка кетпестен болот жана бригаданын аймагына келген адамдарды өткөрүүнүн тууралыгы үчүн, ошондой эле кандайдыр-бир мүлктү алып кетүүнүн (алып келүүнүн) же ташып кетүүнүн (ташып келүүнүн) тууралыгы үчүн жооп берет.
300. Текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчинин жардамчысы:
- өзүнүн өз бригадасынын аскер кызматчыларын өздүк ырастамасы боюнча, ал эми аларды өңүнөн тааныса ырастамасы жок эле өткөрүүгө; мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын сыртка чыгаруу баракчалары (өргүү билеттери, иш сапарынын күбөлүктөрү, көрсөтмө барактар, кабарлоо карточкалары) боюнча өткөрүүгө; башка адамдарды өткөрмөлөр боюнча өткөрүүгө;
- туруктуу же бир жолку өткөрмөлөрдү текшерүүдө аларды текшерип-өткөрүү пунктунда болгон үлгүлөр менен салыштырууга, мөөрдүн бар экендигин, ошондой эле сүрөттүн аны көрсөткөн адамга окшош экендигин текшерүүгө, алардын мөөнөтү өтпөгөндүгүнө, ал эми бир жолку өткөрмөдө келген адамды чыгарууда ал өткөрмө менен кирген адамдын белгисинин болушуна көз салууга;
- кандайдыр-бир мүлктү алып чыгууда (алып келүүдө) же ташып чыгууда (ташып келүүдө) материалдык өткөрмө (жолдомо барак) боюнча эмнени жана канча санда (орундардын саны) алып өтүүгө же ташып өтүүгө уруксат берилгендигин текшерүүгө; жолдомо барактары бар машиналарды гана чыгарууга;
- текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчиге өткөрмөлөрүнүн мөөнөтү өткөн жана документтеринин тактыгына шектенген адамдар жөнүндө баяндама жасоого;
- бригаданын командиринин, анын орун басарларынын, ошондой эле өзүнүн аскердик бөлүгүнөн болбогон офицерлердин келиши жөнүндө текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчиге токтоосуз баяндама жасоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Батальон боюнча (бригаданы) камсыз кылуу кичи бөлүктөрү боюнча) кезметчи
301. Батальон боюнча (бригаданы) камсыз кылуучу кичи бөлүктөр боюнча) кезметчи сержанттардын (прапорщиктердин - бөлүкчөлөрдүн, экипаждардын, топтордун командирлеринен) дайындалат жана бригада боюнча кезметчиге жана анын орун басарына баш иет.
Батальон боюнча кезметчи батальондогу ички кызмат тартибинде батальондун командирине баш иет, ал эми бригаданы камсыз кылуучу кичи бөлүктөр боюнча кезметчи бригада боюнча буйрук менен бул кичи бөлүктөр боюнча улук аскер кызматчысы болуп дайындалган кичи бөлүктөрдүн биринин командирине баш иет.
Батальон боюнча (бригаданы) камсыз кылуучу кичи бөлүктөр боюнча) кезметчи милдеттерин рота боюнча кезметчинин милдеттерине ылайыктап аткарат. Эгерде батальондун аймагында бул мезгилде өзүнүн кызматтык абалы боюнча улук болгон зардалдар жок болсо, мында камсыз кылуучу кичи бөлүмдөр боюнча кезметчи "Түз тур" деген команда берүүгө жана батальондун аймагына камсыз кылуучу кичи бөлүктөрдүн бардык өздүк курамынын тикелей зардалдары, бригада боюнча кезметчи, инспекциялоочу (текшерүүчү) адамдар, ошондой эле ички кызмат тартибинде өзү баш ийген адамдар батальондун аймагына келгенде "Түз тур" деген команда берүүгө жана баяндама жасоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
302. Бригаданын калган кичи бөлүктөрүнөн өзүнчө жайгашкан батальондо батальон боюнча кезметчи офицерлердин же прапорщиктердин ичинен дайындалышы мүмкүн. Мындай учурларда ал өзүнүн милдеттерин бригада боюнча кезметчинин милдеттерине ылайык аткарат.
Рота боюнча кезметчи
303. Рота боюнча кезметчи сержанттардын ичинен жана өзгөчө учурларда кыйла даярдыгы бар солдаттардын ичинен дайындалат. Ал күн тартибинин так аткарылышы жана ротадагы ички тартипти кармап туруу боюнча башка эрежелердин сакталышы үчүн, курал-жарактын, ок-дарылар салынган ящиктердин, ротанын мүлкүнүн, солдаттар менен сержанттардын жеке буюмдарынын сакталышы үчүн жана эшик сакчылардын кызматты туура өтөшү үчүн жооп берет. Рота боюнча кезметчи бригада боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына, ал эми ротадагы ички кызмат тартибинде ротанын командирине жана ротанын старшинасына баш иет.
304. Бөлүштүрүүнүн алдында рота боюнча жаңы кезметчи ротанын дайындалган суткалык нарядынын курамын текшерет, аны карап чыгат жана ротанын старшинасына көрсөтөт. Ротанын старшинасы карап чыккандан, милдеттерин билишин текшергенден жана практикалык сабактарды өткөргөндөн кийин ал мурдагы кезметчиден адамдардын болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды алат жана суткалык нарядды бөлүштүрүүгө алып барат.
Бөлүштүрүүдөн кийин жаңы кезметчи мурдагы кезметчи менен биргелешип курал-жаракты, ок-дарылар салынган ящикти жана алардагы мөөрлөрдү, тизме боюнча мүлктү текшерет жана кабыл алат, өрт өчүрүү жана кабарлоо каражаттарынын бар экендигин жана оң абалда экендигин текшерет, ушундан кийин кезметчилер кезметчиликти кабыл алуу жана өткөрүү китебине кол коюшат (12-тиркеме).
Курал-жарак дааналап, номерлери жана комплектүүлүгү боюнча кабыл алынат. Мында кулпулардын кайтаруу кабарлагычтарынын, шкафтардын, мөөрлөрдүн жана башка жабдуулардын оң абалда экендиги текшерилет.
Кезметчиликти кабыл алгандан кийин жаңы кезметчи мурдагы кезметчи менен бирге ротанын командирине, ал эми ал жок болгон ротанын командиринин орун басарына, эгерде ал дагы жок болсо ротанын старшинасына кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө баяндама жасоого келет.
Мисалы: "Жолдош капитан. Сержант Сартов рота боюнча кезметчиликти өткөрдү". "Жолдош капитан. Кенже сержант Казаков рота боюнча кезметчиликти өткөрүп алды".
Андан кийин рота боюнча жаңы кезметчи бардык айтылган жана жасалган сын-пикирлер жана бөлүштүрүүдө бригада боюна кезметчи тарабынан берилген көрсөтмөлөр, ошондой эле кезметчиликти кабыл алууда билинген оң эместиктер жана жетишпестиктер жөнүндө билдирет.
305. Рота боюнча кезметчи:
- айгай жарыяланганда өздүк курамды тургузууга, офицерлерге, прапорщиктерге, ошондой эле контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн ротанын старшиналарына жана сержанттарына кабарлоого жана ротанын офицерлери же ротанын старшиналары ротага келгенге чейин бригада боюнча кезметчинин көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ротада күн тартибинин так сакталышына көз салууга, белгиленген мезгилде өздүк курамды жалпы тургузууну жүргүзүүгө;
- ротанын турган жерин жана аны чакыруунун тартибин, ротадагы адамдардын санын, нарядда болгондордун, оорулуулардын, бригаданын аймагынан чыгарылгандардын же команданын курамында жөнөтүлгөндөрдүн санын, ошондой эле курал-жарактын бар экендигин жана так чыгымдалышын билүүгө;
- тапанчалардан башка курал-жаракты ротанын командиринин же старшинасынын буйругу боюнча гана берүүгө, бул тууралу курал-жаракты жана ок-дарыларды берүү китебине жазууга (12-тиркеме); курал-жаракты кабыл алууда анын номерин жана комплектүүлүгүн текшерүүгө; курал-жарак сакталуучу бөлмөнүн ачкычын ар дайым өзү менен алып жүрүүгө жана эч кимге бербөөгө;
- ротада кандайдыр бир окуя болгондо жана ротанын солдаттары менен сержанттарынын ортосунда уставдарда белгиленген өз ара мамилелердин эрежелери бузулганда тартипке салууга карата кечиктирилгис чараларды көрүүгө; бул тууралу бригада боюнча кезметчиге жана ротанын командирине же анын орун басарына, ал эми алар жок болгондо ротанын старшинасына токтоосуз баяндама жасоого;
- ротадагы өрт өчүрүүчү каражаттардын жана курал-жарак сакталуучу бөлмөдөгү кайтаруучу кабарлагычтын бар жана оң абалда экендигине, ротада өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына көз салууга (тамеки тартууга атайын бөлүнгөн жерлерде гана, кийим-кечекти кургатууга кургатуучу жайларда гана уруксат берүүгө, мештерди жагуу жана лампаларды пайдалануу эрежелеринин аткарылышына байкоо жүргүзүүгө);
- бригада боюнча кезметчинин командасы боюнча казарманын эшигин бекиткич менен бекитүүгө, ал эми келгендерди киргизүүнү алдын ала таанышуудан кийин кабарлагычтын шыңгырагы боюнча жүзөгө ашырууга;
- өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү команданы чакырууга, аны өчүрүүгө карата чараларды көрүүгө жана токтоосуз түрдө бригада боюнча кезметчиге жана ротанын командирине баяндама жасоого, ошондой эле коркунуч туулган адамдарды жана курал-жаракты, мүлктү имарат жайлардан алып чыгуу боюнча чараларды көрүүгө;
- эшик сакчыларын өз убагында алмаштырууга; ротанын старшинасынын буйругу боюнча жумушка дайындалган кичи бөлүктөрдү жана ар кандай командаларды жөнөтүүгө, ошондой эле бардык ооругандарды жана врач кароого тийиш болгондорду медициналык пунктка жөнөтүүгө;
- белгиленген саатта полктун (бригаданын) аймагынан сыртка чыгуучуларды катарга тизүүгө бул тууралу ротанын старшинасына баяндама жасоого жана анын буйругу боюнча аларды бригада боюнча кезметчиге көрсөтүүгө;
- кызматтык иштер боюнча ротанын имарат жайынан кеткенде, ошондой эле өзү эс алган мезгилде өзүнүн милдеттерин аткарууну алмашкан эшик сакчылардын бирөөнө өткөрүп берүүгө;
- ротанын старшинасынан кечки текшерүүдөн кийин жок болгондор тууралу маалымат алууга, ал эми өзү билип кетип калгандар болгондо аскердик наамы, аты-жөнү, боло турган жеринин болжолу көрсөтүлгөн тизмесин алууга жана бригада боюнча кезметчиге баяндама жасоого милдеттүү.
Мисалы: "Жолдош капитан. 1-танкалык ротада кечки текшерүү жүргүзүлдү, өргүүдө болгон эки адамдан, нарядда жүргөн үч адамдан башка бардык адамдар ордунда. Рота боюнча кезметчи сержант Шаршеев";
- эртең мененки кароодон кийин бригада боюнча кезметчиге байланыштын техникалык каражаттары боюнча ротанын өздүк курамынын болгону жана бөлүштүрүлүшү, түн ичинде болгон окуялар жөнүндө баяндама жасоого, ал эми сыртка чыгуудан кечигип келгендер жана өзү билип кетип калгандар болгондо алардын тизмесин берүүгө;
- ротадагы имарат жайлардын дыкаттык менен тазаланышына жана күтүлүшүнө, аларда абанын белгиленген температурасынын кармалып турушуна, жарык кылуунун, жылытуунун, имарат жайларды желдетүүнүн тартибинин сакталышына, бачоктордогу ичүүчү суунун жана кол жуугучтардагы суунун болушуна, ошондой эле ротага бекитилип берилген аймактын участогун тазалоого көз салууга;
- ротанын өздүк курамы тамак ичип жатканда тартипти сактоого ротанын старшинасынын көрсөтмөсү менен ашкана боюнча кезметчиге нарядда болгон же кызматтык башка иштер боюнча жок болгон адамдарга тамак калтырууга өз убагында өтүнмө берүүгө;
- ротанын командиринен тартып андан жогорку тикелей зардалдар, бригада боюнча кезметчи, ошондой эле инспекциялоочу (текшерүүчү адамдар) ротага келгенде "Түз тур" деген команда берүүгө, аларга баяндама жасоого жана аларды рота жайгашкан жерде коштоп жүрүүгө милдеттүү.
Мисалы: "Жолдош майор. Менин кезметчилигимдин убагында окуялар болгон жок (же тигиндей-мындай болду). Рота аскердик ок атуучу жайда көнүгүп жатат. Рота боюнча кезметчи сержант Сартов".
Башка офицерлерге, прапорщиктерге жана ротанын старшинасына кезметчи баяндама жасабайт, жөн гана учурашып коет.
Өзүнүн ротасына башка офицерлер келгенде, рота боюнча кезметчи алар менен да учурашат жана аларды ротанын командирине узатып барат.
Келген командирди (зардалды) ротанын командири тосуп алган жана ага баяндама жасаган учурда, бул жерде турган рота боюнча кезметчи баяндама жасабайт, жөн гана учурашат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
306. Калк жашаган пунктта жайгашкан учурда рота боюнча кезметчи мындан тышкары солдаттар менен сержанттар рота жайгашкан чөлкөмдөн чыкпашына, барууга тыюу салынган жерлерге кирбешине, көчөдө болгон учурда форма боюнча кийинишине жана коомдук тартипти сакташына байкоо салат. Тартипти бузгандарды рота боюнча кезметчи кармайт жана ротанын старшинасына жөнөтөт.
Рота боюнча эшик сакчы
307. Рота боюнча эшик сакчы солдаттардан дайындалат. Ал өзүнүн кайтаруусу алдында болгон курал-жарактын, тапанчалар салынган шкафтардын (ящиктердин), ок-дарылар салынган ящиктердин, ротанын мүлкүнүн жана солдаттар менен сержанттардын жеке буюмдарынын сакталышы үчүн жооп берет. Рота боюнча эшик сакчы рота боюнча кезметчиге баш иет.
308. Рота боюнча кезектеги эшик сакчы казармалык имарат жайдын ичинде эшиктин киреберишинде, курал-жарак сактоочу бөлмөгө жакын жерде кызмат өтөйт. Ал:
- рота боюнча кезметчинин уруксатысыз ротанын имарат жайынан эч кайда кетпөөгө; курал-жарак сактоочу бөлмөнү ар дайым байкап турууга;
- бөтөн адамдарды имарат жайга киргизбөөгө, ошондой эле рота боюнча кезметчинин уруксатысыз казармадан курал-жаракты, ок-дарыларды, мүлктү жана буюмдарды алып чыгууга жол бербөөгө;
- ротада болгон бардык окуялар жөнүндө, ротадагы солдаттар менен сержанттардын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдарда белгиленген эрежелеринин бузулушу тууралу, билинген бузук нерселер жана өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулуулары жөнүндө рота боюнча кезметчиге токтоосуз баяндама жасоого, аларды четтетүүгө карата чараларды көрүүгө;
- жалпы тургузууда, ошондой эле түн ичинде айгай же өрт болгондо өздүк курамды ойготууга; күн тартибине ылайык командаларды өз убагында берүүгө;
- имарат жайлардагы тазалыкка жана тартипке көз салууга жана аларды сактоону аскер кызматчыларынан талап кылууга;
- суук мезгилде, айрыкча түн ичинде аскер кызматчыларына имарат жайдан кийинбестен чыгууга мүмкүнчүлүк бербөөгө;
- аскер кызматчылары бул үчүн бөлүнгөн имарат жайларда же жерлерде гана тамеки тартышына, бут кийимди жана кийимди тазалашына көз салууга;
- ротанын командиринен тартып андан жогорку жана бригада боюнча кезметчи ротага келгенде "Түз тур" деген команда берүүгө; башка роталардын офицерлери, ошондой эле ротанын старшинасы жана башка ротанын аскер кызматчылары ротага келгенде кезметчини чакырууга.
Мисалы: "Рота боюнча кезметчи, бери чык".
Кезектеги эшик сакчыга отурууга, шаймандарды чечүүгө жана кийимдин топчусун чечүүгө тыюу салынат.
Бош эшик сакчы ротанын имарат жайларындагы тазалыкты жана тартипти кармап турууга жана рота боюнча кезметчинин уруксатысыз эч кайда кетпөөгө, ротанын солдаттары же сержанттарынын ортосундагы өз ара мамилелердин аскердик уставдарда белгиленген эрежелери бузулган учурда ага тартипке салууда жардам көрсөтүүгө; рота боюнча кезметчинин ордунда калганда анын милдеттерин аткарууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
309. Рота калк жашаган пунктка жайгаштырылганда эшик сакчылардын бири ар дайым ротанын командири белгилеген жана аба ырайынын жаман шарттарынан коргонуу үчүн көчөдөгү бастырма менен жабдылган жерде эч жакка кетпей турууга тийиш.
Эшик сакчы ар дайым рота боюнча кезметчи кайда жүргөндүгүн билүүгө, аскер кызматчыларынын коомдук тартипти жана аскердик кийимди кийип жүрүү эрежелерин сакташына байкоо салууга милдеттүү. Бардык билинген тартип бузуулар жөнүндө ал рота боюнча кезметчиге баяндама жасайт.
Ашкана боюнча кезметчи
310. Ашкана боюнча кезметчи прапорщиктердин жана сержанттардын ичинен дайындалат. Ал кампадан продуктылардын туура алынышы, алардын казандарга толук салынышы, белгиленген ченемдер боюнча тамак-аштын өз убагында таратылышы үчүн, ашканадагы шаймандардын жана идиш-аяктын сакталышы, ошондой эле ашкананын санитардык-гигиеналык абалы жана анда тартипти кармап туруу үчүн жооп берет. Ашкана боюнча кезметчи бригада боюнча кезметчиге, анын жардамчысына жана бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет. Ага ашканада иштөө үчүн дайындалган суткалык наряд жана ашпозчулар баш иет.
311. Ашкана боюнча жаңы кезметчи белгиленген убакытта бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына, ал эми ал жок болгондо азык-түлүк кызматынын зардалына нускама алуу үчүн келет.
Бөлүштүрүү алдында ашкана боюнча жаңы кезметчи наряддын курамын текшерет, ашкана боюнча суткалык наряддга ведомостун толтурат жана аны медициналык кароого берет. Бөлүштүрүүдөн кийин ал документтерди (10-тиркеме), ашканадагы шаймандарды жана идиш-аякты тизме боюнча өткөрүп алат, технологиялык жабдуулардын оң абалда экендигин текшерет, ашкана боюнча наряддагы солдаттардын ортосунда иштерди бөлүштүрөт, коопсуздуктун талаптары боюнча аларга нускама берет.
Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө ашкана боюнча мурдагы жана жаңы кезметчи бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына жана бригада боюнча кезметчиге баяндама жасашат.
312. Ашкана боюнча кезметчи:
- Канча адам тамак ичүүнүн эсебинде тургандыгын жана бөлүштүрүү-татымынын тизмесин;
- ашпозчу нускоочу (улук ашпозчу тарабынан кампадан продуктылардын алынышына: алардын массасына жана сапатынын жакшылыгына (продуктылардын сапатын аныктоо үчүн зарыл учурда врач же фельдшер чакырылат) текшерүүгө;
- продуктылардын тазаланышына, ошондой эле этти жана балыкты тазалоо, даяр тамак-ашты таратуу ашпозчулар тарабынан гана жүргүзүлүшүнө көз салууга;
- продуктыларды казанга салууда катышууга жана бөлүштүрүү боюнча казанга салына тургандардын бардыгы так толугу менен казанга салынышына байкоо жүргүзүшүнө;
- этти жана балыкты үлүштөргө бөлүүгө катышууга, алардын салмагын, ошондой эле ашпозчу-нускоочунун (улук ашпозчунун) даярдалган тамак-аштын сапатын контролдоону эсепке алуу китебине жазгандарынын тууралыгын текшерүүгө;
- медициналык кароодон өтпөгөн солдаттарды ашканада иштетүүгө жол бербөөгө, жумуш убагында гигиенанын эрежелеринин сакталышына көз салууга;
- ашкананы таза жана тартипте кармоого, өздүк курамдын ашканада тамак-ашты баш кийимчен, шинелчен жана атайын (жумушчу) кийимчен ичишине жол бербөөгө;
- столдордун өз убагында даярдалышына жана тазаланышына көз салууга; ашканадан идиш-аяктарды берүүнү жана аны кичи бөлүмдөрдөн кабыл алууну, ошондой эле идиш-аякты сапаттуу жууну уюштурууга, аларды ашканадан алып чыгууга уруксат бербөөгө;
- тамак-ашты анын сапатын врачтын (фельдшердин) текшерүүсүз жана бригада боюнча кезметчинин уруксатысыз таратууга жол бербөөгө, тамак-аштын өз убагында жана туура таратылышына, аны кичи бөлүктөргө берүүдө кезектүүлүктүн так сакталышына көз салууга;
- продуктылардын корлору таза жана тартипте сакталышын жана аны сактоонун ишенимдүүлүгү камсыз кылынышын талап кылууга;
- тамак-аштын белгиленген мөөнөттөн ашык сакталышына жол бербөө менен роталардын старшиналарынын же роталар боюнча кезметчилердин өтүнмөлөрү боюнча тамак-ашты калтырып коюуга;
- продуктыларды тазалагандан кийинки калдыктарды өз убагында тазалоону уюштурууга жана ашканага жакын жердеги аймактардын тазалыгына көз салууга;
- ашканага бөтөн адамдарды киргизбөөгө;
- технологиялык жабдууларды пайдаланууда өрт коопсуздугунун жана коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- бардык кемчиликтер жөнүндө бригада боюнча кезметчиге же анын орун басарына баяндама жасоого;
- бригаданын командиринен тартып андан жогорку тикелей зардалдар, ошондой эле бригада боюнча кезметчи жана анын жардамчысы ашканага келгенде алар менен учурашууга.
Мисалы: "Жолдош полковник. Ашкана боюнча кезметчи прапорщик Иманов".
Медициналык пункт боюнча кезметчи фельдшер (санитардык нускоочу)
313. Медициналык пункт боюнча кезметчи фельдшер (санитардык нускоочу) медициналык пункттагы ички тартип үчүн, ал эми врач жок болгондо врачка чейинки медициналык жардам көрсөтүү үчүн жооп берет. Ал бригада боюнча кезметчиге анын жардамчысына жана бригаданын медициналык пунктунун зардалына баш иет. Ага медициналык пункт боюнча эшик сакчылар баш иет. Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө мурдагы жана жаңы кезметчилер медициналык пункттун зардалына баяндама жасашат.
314. Медициналык пункт боюнча кезметчи фельдшер (санитардык инструктор):
- медициналык пунктта болууга; кызматтык иштер боюнча бир жакка кеткенде өзүнүн ордуна медициналык пункт боюнча эшик сакчыны калтырууга жана ага кайда жана канча мезгилге кетип жаткандыгын билдирүүгө;
- медициналык пунктта жатып дарыланып жаткан оорулуулардын санын, дартынын мүнөзүн, ар бир оорулууга дайындалган дарылоону жана тамак-ашты билүүгө, врачтын дайындоолорун аткарууга;
- ашкана боюнча кезметчинин чакыруусу боюнча ашканадан берилип жаткан продуктылардын сапатынын жакшылыгын текшерүү үчүн ашканага барууга;
- амбулаториялык кабыл алуу башталганга чейин кабыл алууга жазылган аскер кызматчыларынын медициналык китепчелерин топтоп коюуга жана оорулуулардын температурасын өлчөөгө;
- капысынан ооруп калган аскер кызматчылары медициналык пунктка келип түшкөндө аларга врачка чейинки медициналык жардамды көрсөтүүгө жана медициналык пункттун зардалына баяндама берүүгө;
- рота боюнча кезметчинин же бригада боюнча кезметчинин чакыруусу боюнча оорулууга жардам берүү үчүн келүүгө, ал эми тезинен врачтык жардам көрсөтүүнү талап кылган учурларда оорулуу адамды медициналык пунктка жөнөтүүгө жана врачка баяндама жасоого;
- өргүүдөн, иш сапарынан келгендерди, ашканага нарядга дайындалгандарды, ошондой эле айдоочуларды рейстин алдында медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө;
- медициналык пункт боюнча эшик сакчыдан оорулууларды дыкаттык менен байкоону жана кароону талап кылууга;
- оорулуулар үчүн тамак-аштын сапатына жана өз убагында таратылышына, медициналык пункттун имаратынын тазаланышына жана дезинфекцияланышына, андагы температурага жана өз убагында желдетилишине көз салууга;
- кезметчиликти кабыл алууда уулуу жана баңгилик дары-дармек препараттарын жана алар сакталган шкафтардын ачкычтарын кол коюп өткөрүп алууга;
- кезметчиликти кабыл алгандан кийин бригада боюнча кезметчиге медициналык пунктта жатып дарыланып жаткан оорулуулардын саны жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
- медициналык пункттун зардалынан тартып андан жогорку тикелей зардалдар, ошондой эле бригада боюнча кезметчи жана анын жардамчысы медициналык пунктка келгенде алар менен учурашууга милдеттүү.
Мисалы: "Жолдош майор. Кезметчи фельдшер, прапорщик Калыков".
Учурашкандан кийин кезметчи фельдшер келген адамга медициналык пунктта болгон оорулуулар жана алардын абалы жөнүндө баяндама жасайт.
Медициналык пункт боюнча эшик сакчы
315. Медициналык пункт боюнча эшик сакчы санитарлардан дайындалат жана кезметчи фельдшерге (санитардык нускоочуга) баш иет. Эгерде медициналык кызматтын штатында санитардын кызматы жок болсо, медициналык пункт боюнча эшик сакчы айыгып келаткан солдаттардын ичинен дайындалат.
Ал:
- кезметчи фельдшердин (санитардык нускоочунун) көрсөтмөсү жана анын байкоосу алдында келип түшкөн оорулууларды санитардык иштетүүдөн өткөрүүгө;
- оорулуулардын жеке буюмдарын кабыл алууга жана дезинфекциялоого даярдоого;
- оорулууларды кароого, аларга тамак-аш жана суу берүүгө;
- медициналык пункттун имарат жайын тазалоого;
- медициналык пунктта ички тартиптин сакталышына көз салууга милдеттүү.
Бригаданын штабы боюнча кезметчи
316. Бригаданын штабы боюнча кезметчи бригаданын башкаруусундагы прапорщиктерден жана сержанттардан дайындалат. Ал штабдын кызматтык бөлмөлөрүн кайтаруу, штабдын имарат жайындагы тазалык, чабармандардын кызматты туура өтөшү үчүн жана кат-кабарларды жана телефонограммаларды өз убагында кабыл алуу үчүн жооп берет. Бригаданын штабы боюнча кезметчи бригада боюнча кезметчиге анын жардамчысына жана бригаданын штабынын зардалына баш иет.
Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө мурдагы жана жаңы кезметчилер бригаданын штабынын зардалына жана бригада боюнча кезметчиге баяндама жасашат.
317. Бригаданын штабы боюнча кезметчи:
- бөлүштүрүүдөн кийин документтерди, жабдууларды жана шаймандарды тизме боюнча өткөрүп алууга (10-тиркеме);
- кызматтык телефонограммаларды кабыл алууга жана берүүгө;
- чабармандарга жетекчилик кылууга;
- штабдын имарат жайында ар дайым болууга, анда тазалыкты жана тартипти кармап турууга, бөтөн адамдарды штабдын имарат жайына бригаданын командири белгилеген тартипте киргизүүгө;
- айгай жарыяланганда штабдын бардык аскер кызматчыларына токтоосуз кабар берүүгө;
- кызматтык бөлмөлөрдү кайтарууга кабыл алууга жана алардын ачкычтарын сактоого;
- мештерди жагуунун эрежелеринин аткарылышына көз салууга, ал эми жумуш күнү аяктагандан кийин бригаданын штабынын имарат жайынын өрткө каршы абалын карап чыгууга;
- жумушчу эмес мезгилде кат кабарларды кабыл алууга;
- өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү команданы чакырууга, өрттү өчүрүүгө жана штабдын документтерин жана мүлкүн сактоого карата чараларды көрүүгө, бул тууралу полк (бригада) боюнча кезметчиге жана бригаданын штабынын зардалына токтоосуз баяндама жасоого;
- бригаданын штабынын зардалы жана бригаданын командиринин орун басарлары жана алардын үстүндө турган улук зардалдар, ошондой эле башка аскердик бөлүктөрдүн офицерлери бригаданын штабына келгенде алар менен учурашууга милдеттүү.
Мисалы: "Жолдош майор. Бригаданын штабы боюнча кезметчи сержант Жээналиев".
Өрт өчүрүүчү наряд
318. Өрт өчүрүүчү наряд бригаданын штаттан тышкаркы өрт өчүрүүчү командасынан: наряддын зардалынан, берилген өрт өчүрүүчү машиналардын же башка автомобилдердин (мотопомпалардын) санына жараша айдоочулардын (мотористтердин), пожардык посттордун саны боюнча сакчылардын курамында дайындалат. Өрт өчүрүүчү наряд бригада боюнча кезметчиге жана өрт өчүрүүчү команданын зардалына баш иет.
319. Өрт өчүрүүчү наряд:
- бардык кичи бөлүктөрдүн имарат жайларындагы жана бригаданын аймагындагы өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына көз салууга;
- посттордун табелине ылайык өрт өчүрүүчү посттук кызматты өтөөгө;
- объектилердеги өрт өчүрүүчү каражаттардын оң абалда экендигине көз салууга;
- сактоочу жайлардын, кампалардын зардалдары жана парк боюнча кезметчилер менен биргелешип объектилерди жабуунун алдында өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын жана электр тармактарынын өчүрүлүшүн текшерүүгө, бул талаптар сакталганда аларга өрт өчүрүү боюнча жетондорду тапшырууга;
- бригада боюнча кезметчиге табелде посттор боюнча белгиленген мезгилде бригада өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы жөнүндө баяндама жасоого;
- өрт чыккан учурда аны өчүрүүгө катышууга милдеттүү.
Өрт өчүрүүчү наряд өзүнүн милдеттерин бригаданын командири белгилеген мезгилде аткарат.
Кезметчиликти өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө өрт өчүрүүчү наряддын мурдагы жана жаңы зардалы бригаданын штаттык эмес өрт өчүрүүчү командасынын зардалына жана бригада боюнча кезметчиге баяндама жасашат.
Өрт өчүрүүчү наряд өрт өчүрүүнүн зарыл болгон каражаттары менен, ал эми өрт өчүрүүчү автомобилдердин (мотопомпалардын) күжүрмөн тобунун курамында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары атайын кездемеден тигилген күрмөлөр, шымдар, кемерлер жана болот тулгалар менен камсыз кылынат.
Добулбас уруп кабарлоочу кезметчи
320. Добулбас уруп кабарлоочу кезметчи кичи бөлүктөрдүн даярдыгы бар солдаттарынын ичинен дайындалат жана бригада боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына баш иет. Ал бригада боюнча кезметчинин бөлмөсүнө жакын жердеги имарат жайда болууга жана бригада боюнча кезметчинин же анын жардамчысынын буйругу боюнча кабар берүүгө милдеттүү.
Добулбас уруп кабарлоочу жок болгон учурда кабар берүү үчүн үн жазманы угуза турган техникалык каражаттар пайдаланылышы мүмкүн.
7-глава. Айгай боюнча тургузуу
321. Бригаданы айгай боюнча тургузуу - бул укук Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан берилген командирлер (зардалдар) тарабынан жүргүзүлөт.
Айгай күжүрмөн жана окуу мүнөзүндө болуп бөлүнөт.
322. Бригаданы күжүрмөн айгай боюнча тургузуу аны күжүрмөн милдеттерди аткарууга даярдоо максатында өткөрүлөт. Мында бригаданын бүткүл өздүк курамы ага тиешелүү болгон курал-жарагы, аскердик техникасы жана материалдык каражаттары менен чыгарылат.
323. Бригаданы күжүрмөн айгай боюнча тургузуунун тартиби бригаданын командиринин түздөн-түз жетекчилиги астында штаб тарабынан иштелип чыккан жана улук командир тарабынан бекитилген план тарабынан аныкталат. Анда:
- күжүрмөн айгайды жарыялоого кимдин укугу бар экендиги, кичи бөлүктөргө кабарлоонун тартиби, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына кабар берүүнүн жана чогултуунун тартиби;
- бригада боюнча кезметчинин жана суткалык наряддагы башка адамдардын айгай жарыялангандагы аракеттери;
- бригада чогула турган чөлкөм, кичи бөлүмдөр чогула турган пункттар жана алардагы өздүк курамдын чыгуу тартиби жана аскердик техниканы чыгаруунун тартиби;
- бригада топтошуп жайгаша турган чөлкөм жана аларда кичи бөлүктөрдүн жайгаша турган жери, ошондой эле баштапкы жай (пункт), бригаданын маршруту жана аны чыгаруунун тартиби;
- бригаданы ар тараптан камсыз кылуу боюнча иш-чаралар;
- бригаданы күжүрмөн айгай боюнча тургузууда, чыгарууда жана топтошуп жайгашуу чөлкөмүндө башкарууну жана байланышты уюштуруу;
- аскердик бөлүктүн Күжүрмөн Туусун алып чыгуунун (алып кетүүнүн) тартиби;
- ок-дарыларды, азык-түлүктү жана башка материалдык каражаттарды берүүнүн, ошондой эле жүктөөнүн жана аларды топтошуп жайгашуучу чөлкөмгө ташып кетүүнүн тартиби;
- чогулган жана топтошуп жайгашкан чөлкөмгө жеткенде коменданттык кызматты уюштуруу каралууга тийиш.
324. Бригаданы окуу мүнөзүндөгү айгай боюнча тургузуу аны күжүрмөн айгай боюнча аракеттерге даярдоо максатында, бригада (кичи бөлүм) машыгууга чыгаарда, табигый кырсыктын тушунда, өрт өчүрүү жана башка милдеттерди чечүү үчүн өткөрүлөт. Мында бригада (кичи бөлүм) күжүрмөн айгайдагы сыяктуу аракеттенет, айрым белгиленген чектөөлөр коюлат.
325. Бардык аскер кызматчылары бригаданын (кичи бөлүктүн) айгай боюнча өзүнө тиешелүү бөлүгүнүн тартибин бекем билүүгө тийиш.
Айгай жарыяланган бардык учурларда өздүк курам маскировканы сактоо менен тез жана уюмдашкан түрдө аракеттенүүгө тийиш.
8-глава. Аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо
Жалпы жоболор
326. Аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, дене тарбиясы жагынан өнүктүрүү - өздөрүнүн аскердик милдетин аткарууга аларды даярдоонун маанилүү жана ажыралгыс бөлүгү. Өзүнө баш ийгендердин саламаттыгы жөнүндө командирдин (башчынын) камкордугу аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүгүнүн) туруктуу аскердик даярдыгын камсыз кылуу боюнча ишинде анын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
327. Аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоого жана чыңдоого:
- кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча командирлер (башчылар) тарабынан иш-чараларды жүргүзүү;
- алардын ден соолугун системалуу түрдө чыңдоо, дене тарбиясы жана спорт менен тынымсыз машыгуу;
- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы дарылоо жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу жетишилет.
Аскер кызматчыларынын кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу
328. Ар кандай кырдаалда аскер кызматчыларынын күнүмдүк иши алардын кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жөнүндө аскердик уставдардын жана көрсөтмөлөрдүн талаптарын сактоо менен ишке ашырылууга тийиш. Мында аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүктөрү, аскер бөлүгү жайгашкан аймактагы климаттык шарттар, экологиялык кырдаал, материалдык камсыз кылуунун жана казармалык-турак-жай фондунун абалы эске алынат.
329. Аскер кызматчыларынын кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча командирлердин (башчылардын) иш-аракетинин негизги багыттарына төмөндөгүлөр кирет:
- зарыл болгон коопсуздук талаптарын аныктоо жана аларды аскер кызматчыларына өз учурунда жеткирүү менен ал талаптардын аткарылышын камсыз кылуу;
- аскер кызматчыларын жайгаштыруу, алардын тамактануусун уюштуруу, суу менен камсыз кылуу жана материалдык жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуунун башка түрлөрү менен камсыз кылуу боюнча аскердик уставдардын санитардык ченемдерин жана талаптарын так аткаруу;
- күн тартибин жана кызмат убактысынын регламентин так аткарууну уюштуруу;
- ар бир аскер кызматчысын тиешелүү өлчөмдөгү азык-түлүк менен өз учурунда жана толук камсыз кылуу;
- аскер кызматчыларынын саламаттыгына терс таасир тийгизген факторлордун таасирин четтетүү же белгилүү чегине чейин төмөндөтүү, аскердик бөлүк (кичи бөлүк) жайгашкан райондогу экологиялык кырдаалды чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
Аскер кызматчыларынын саламаттыгын чыңдоо, дене тарбиясы жана спорт менен машыктыруу
330. Аскер кызматчыларынын саламаттыгын чыңдоо, дене тарбиясы жана спорт менен машыктыруу курчап турган чөйрөдөгү физикалык факторлордун ар түрдүү кескин өзгөрүүлөрүнө, аскер кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана күжүрмөн милдеттерди аткаруу менен байланышкан шарттарга организмдин туруктуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
331. Аскер кызматчыларынын саламаттыгын чыңдоо боюнча иш-чаралар медициналык кызматтын зардалынын жана дене тарбиясы менен спорт жагынан башчынын системалуу контролу алдында алардын командирлери (башчылары) тарабынан жүргүзүлөт.
Бул иш-чараларды пландаштырууда аскер кызматчысынын саламаттык абалы, анын жаш курагы жана ошол жердин климаттык шарттары эске алынат.
332. Аскер кызматчыларынын саламаттыгын чыңдоо системалуу жана үзгүлтүксүз түрдө суу, күн жана аба факторлорун дене тарбиясы жана спорт менен машыгууга айкалыштыруу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Аскер кызматчыларынын саламаттыгын чыңдоонун негизги ыкмаларына:
- күн сайын таза абада дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу;
- белге чейин муздак сууга жууну жана кыска мезгилге муздак душка түшүү;
- тамак көңдөйүн муздак суу менен чайкоо, ошондой эле жатаар алдында бутту муздак суу менен жуу;
- кышкысын лыжа менен машыгуу жана айрым иштерди жеңил кийимчен аткаруу;
- жайкысын сабактарды жана спорттук-массалык иш-чараларды жеңил кийимчен жүргүзүү, күнгө кактануу жана сабактан же иштен бош мезгилде жана дем алыш күндөрү ачык көлмөлөргө түшүү кирет.
333. Дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу учурунда, окуу сабактарында, спорттук-массалык иштерди жүргүзгөн учурда, аскер кызматчыларынын окуу-күжүрмөн машыгуу процессинде, ошондой эле өз алдынча машыгуунун жүрүшүндө ишке ашырылат.
Машыгууларда аскер кызматчыларынын Куралдуу Күчтөрдүн кайсы түрүнө жана аскерлердин кайсы түрүнө таандык экендигин, жашын жана саламаттык абалын эске алуу менен машыгуунун жана дене тарбия көнүгүүлөрүн дозага жеткирүүнүн ар түрдүү ыкмаларын колдонуу менен дене тарбия көнүгүүлөрү аткарылат.
Спорт менен машыгуу күн тартибинде жана кызматтык убакыттын регламентинде белгиленген соң спорттук секцияларда жана командаларда жүргүзүлөт.
Санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралар
334. Ар бир аскер кызматчысы өзүнүн ден соолугун сактоо жөнүндө камкордук көрүүгө, оорусун жашырбоого, жеке жана коомдук гигиенанын эрежелерин так сактоого жана зыяндуу адаттардан (тамеки чегүү жана ичкилик ичүү) баш тартууга тийиш.
335. Жеке гигиенанын эрежелерин аткарууга төмөндөгүлөр кирет:
- тиштерди тазалоо менен эртең мененки жууну;
- тамак ичээрдин алдында колду жуу;
- уктаар алдында жууну, тишти тазалоо жана бутту жуу;
- өз учурунда сакалды, чачты жана тырмакты алып туруу;
- ич кийимди жана шейшептерди, чулгоолорду, байпактарды алмаштыруу менен жума сайын мончого түшүү;
- кийимди, бут кийимди жана жаткан төшөнчүнү таза кармоо, жаканы өз учурунда тазалоо.
Аскер кызматчысынын чачы, сакал-муруту кыска алынууга, гигиенанын талаптарына жооп берүүгө жана жекече коргонуу каражаттарын пайдаланууга жана жарак-жабдыктарды алып жүрүүгө тоскоолдук кылбоого тийиш. Сакал койдурууга офицерлер менен прапорщиктерге уруксат берилет.
Коомдук гигиенанын эрежелери төмөндөгүлөрдү камтыйт: жаткан жайды, дааратканаларды, жана башка жалпы пайдалануудагы бөлмөлөрдү тазалыкта кармоо, имараттын ичин маалы менен желдетип туруу; коомдук жайларды, ошондой эле бригада жайгашкан аймакты таза кармоо.
336. Жугуштуу оорулар аскер кызматчыларына жукпасын үчүн алдын ала эмдөө иштери жүргүзүлөт. Эмдөөлөр пландуу жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бригаданын бүткүл өздүк курамына пландуу эмдөөлөр, эмдөө календарына ылайык, ал эми эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча - улук командирдин (башчынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Аскер кызматчылары эмдөөдөн врачтын корутундусу боюнча гана бошотулат.
Эмдөө жөнүндөгү белгилер медициналык китепчелерге жана аскер билеттерине жазылат.
337. Аскер кызматчысы өзү менен бир квартирада (жатакананын бөлмөсүндө) жашаган адамдар арасында жугуштуу оорулар чыккан учурлар туурасында команда боюнча билдирүүгө жана медициналык кызматтын зардалынын корутундусу боюнча полктун (бригаданын) командиринин уруксаты менен кызматтык милдетин аткарууга милдеттүү.
338. Бригадада жугуштуу оорулуу байкалган учурда медициналык кызматтын зардалы бул туурасында полктун командирине жана медициналык улук башчыга токтоосуз кабарлайт, ооруп калгандарды активдүү түрдө табууну, башкалардан бөлүүнү жана госпиталдаштырууну, кичи бөлүктөрдө дезинфекция жүргүзүүнү, оорулуу менен жакындашкан адамдарга байкоо жүргүзүүнү ишке ашырат жана санитардык-гигиеналык көзөмөлдү күчөтөт.
Зарыл учурда бригадада обсервация же карантин режими киргизилет, граждандык калк менен карым-катнашы токтотулат же чектелет, бригаданын ичинде өздүк курамды чогултууга жана массалык-маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат, кошумча изоляторлор түзүлөт.
Дарылоо-профилактикалык иш-чаралар
339. Аскер кызматчыларын ооруканага жаткыруу менен, стационардык, амбулаториялык, жана санаториялык-курорттук дарылоо негизги дарылоо-профилактикалык иш-чаралардан болуп саналат.
Жугуштуу оорулардын жайылып кетишине жол бербөө максатында медициналык кызмат сунуш кылган дарылоо-профилактикалык иш-чаралар аскер кызматчыларынын бардыгы үчүн милдеттүү.
340. Диспансерлештирүүгө өздүк курамдын саламаттык абалына медициналык байкоо, оорулууну активдүү түрдө алдын ала табуу, аскер кызматчыларынын кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын иликтөө, алардын саламаттыгына терс таасир тийгизген факторлорду табуу, профилактика жана дарылоо-ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү кирет.
341. Аскер кызматчыларынын саламаттык абалына медициналык байкоо:
- аскердик даярдыктан өтүү процессинде жана тиричилигинде өздүк курамга күн сайын медициналык байкоо жүргүзүү;
- аскер кызматчыларын медициналык кароодон өткөрүү;
- аскер кызматчыларын тереңдетип жана контролдоп медициналык текшерүүдөн өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.
342. Медициналык кароодон:
- бригаданын бүткүл өздүк курамы: профилактикалык эмдөө жүргүзүлөр алдында;
- бардык солдаттар менен сержанттар - мончого жуунардын алдында;
- күзөттөгү күчтөрдүн (нөөмөттөрдүн) өздүк курамы - аскердик күзөткө (аскердик кызматка) киришердин алдында;
- кызматтык иши жагымсыз факторлордун мүмкүн болгон таасири менен байланышкан аскер кызматчылары, ошондой эле диспансердик динамикалык байкоодо тургандар, - алар үчүн белгиленген мөөнөтүндө;
- ашканаларда, азык-түлүк кампаларында, суу менен жабдуучу жайларда, наабайканаларда, мончолордо, кир жуучу жайларда дайыма иштегендер жана санитарлар - жумасына бир жолу;
- ашканага нарядка дайындалган өздүк курамды - суткалык наряд тизилгенге чейин;
- бригадада жаңы келген мөөнөттүү кызматтагы бардык аскер кызматчылары, ошондой эле өргүүдөн, командировкадан келгендер жана сакайып чыккандан кийин дарылоо мекемелеринен кайтып келгендер, - полкко бригадага келген күнү, бирок аларды кичи бөлүккө жөнөткөнгө чейин;
- айдоочулар - рейске чыгардын алдында;
- спорттук мелдештин катышуучулары - мелдештин алдында;
- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары гауптвахтага жөнөтүлөөр алдында, кийин - мончодо жуунуу күндөрү.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын тереңдетилген медициналык текшерип чыгуу алар аскер бөлүгүнө келгенден кийин, Аскердик антты бергенге чейин өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
343. Бригаданын бригаданын кичи бөлүктөрүнүн өздүк курамын медициналык текшерүүдөн жана кароодон өткөрүү убактысы, тартиби жана орду бригада боюнча буйрукта жарыяланат. Кичи бөлүктөрдү дем алыш күндөрү медициналык текшерүүдөн жана кароодон өткөрүү жүргүзүүгө тыюу салынат.
344. Ротаны медициналык текшерүүгө ротанын командири, медициналык кароого - ротанын старшинасы алып келет.
Ротанын өздүк курамын медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө ротанын бардык офицерлери жана прапорщиктери катышууга милдеттүү. Алар жоокерлердин саламаттык абалына жүргүзгөн өздөрүнүн байкоолору жөнүндө врачка билдирүүгө тийиш.
Өздүк курамды медициналык текшерүүдөн жана кароодон өткөрүүнүн натыйжаларын врач медициналык китепчеге түшүрөт. Саламаттык абалы боюнча диспансерлик динамикалык байкоодон өткөрүүгө муктаж болгон аскер кызматчылары каттоого алынат жана мезгили менен медициналык контролдук текшерүүдөн өтүшөт. Ротанын командири өздүк курамды медициналык текшерүүдөн толугу менен өткөрүү үчүн жооп берет.
345. Кандайдыр бир себептер менен медициналык текшерүүдөн өтпөгөн аскер кызматчылары ротанын командири тарабынан биринчи эле мүмкүнчүлүк болгон учурда полктун (бригаданын) медициналык пунктуна текшерүүдөн өтүп келүү үчүн жөнөтүлөт.
346. Бригаданын өздүк курамын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжаларын, ошондой эле зарыл саламаттыкты чыңдоочу-дарылоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча сунуштарды бригадасы медициналык кызматынын зардалы бригаданын командирине баяндама кылат.
347. Аскер кызматчысы өз оорусун жашырбоого тийиш. Ооруп калган учурда ал бул туурасында тикеден-тике зардалына токтоосуз билдирүүгө жана анын уруксаты менен бригаданын медициналык пунктуна медициналык жардам үчүн кайрылууга милдеттүү.
348. Амбулаториялык кабыл алуу бригаданын медициналык пунктунда бригаданын күн тартибинде белгиленген сааттарда жүргүзүлөт.
Капыстан ооруп калган же жаракат алган аскер кызматчылары сутканын ар кандай учурунда полктун медициналык пунктуна токтоосуз жөнөтүлөт.
349. Солдаттар менен сержанттарды бригаданын медициналык пунктуна ротанын санитардык инструкторунун же оорулуулардын ичинен дайындалган улуктун командасы астында рота боюнча кезметчи тарабынан жөнөтүлөт. Оорулууларды каттоочу китепке (12-тиркеме) ротанын старшинасынын колу коюлуп бригаданын медициналык пункт боюнча кезметчиге амбулаториялык кабыл алуу башталганга чейин 2 сааттан кечиктирилбестен берилет.
Врач ротадагы оорулууларды каттоочу китепке киргизилген бардык аскер кызматчыларынын медициналык пунктка келишин контролдойт.
Врач (фельдшер) карап чыккандан кийин оорулуулар оорунун мүнөзүнө жараша бригаданын медициналык пунктуна, бригададан тышкаркы дарылоо мекемесине (госпиталга, ооруканага) дарылоо үчүн жөнөтүлөт же аларга амбулаториялык дарылоо дайындалат.
Оорулууларды карап чыгуунун натыйжалары, көрсөтүлгөн жардамдын мүнөзү жана врачтын көрсөтмөлөрү туурасында медициналык китепчеге тийиштүү белги коюлат, ал эми оорулууларды каттоочу китепке - корутундулар жазылат.
Медициналык жардам алгандан кийин солдаттар менен сержанттар санитардын, инструктордун же улуктун командасы астында ротага кайтып келишет. Команданын улугу оорулуулар жазылган китепти рота боюнча кезметчиге тапшырат, ал аны ротанын командирине көрсөтөт. Ротанын старшинасы оорулуулар жазылган китептеги врачтын корутундусу жана ротанын командиринин тийиштүү чечими боюнча зарыл көрсөтмөлөрдү берет.
350. Машыгуулардан жана иштен жарым-жартылай же толук бошотууга корутундуну врач берет, ал эми врач штатта каралбаган аскердик бөлүктөрдө,- фельдшер 3 суткадан ашпаган мөөнөткө берет. Зарыл болгон учурда бошотуу кайталанышы мүмкүн. Милдетин аткаруудан жарым-жартылай же толук бошотуу жөнүндө врачтын (фельдшердин) сунушу кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
Бошотуунун көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин солдаттар жана сержанттар муктаждык болсо кайтадан медициналык кароого жөнөтүлүүгө тийиш.
Амбулаториялык дарылоого жөнөтүлгөн оорулуулар дары ичүү же башка дарылоо процедураларын кабыл алуу үчүн, ошондой эле медициналык адистердин консультациясына муктаж болгондор бригаданын медициналык пунктуна врач оорулууларды каттоочу китепте көрсөткөн күндөрдө жана сааттарда бригаданын медициналык пунктуна жөнөтүлөт.
351. Мүнөздөп тамактанууга муктаж болгон солдаттар менен сержанттарды каттоо бригада боюнча буйрук менен үч айга чейинки мөөнөткө бригаданын медициналык кызматынын зардалынын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
352. Бригаданын медициналык пунктунун лазаретинде оорулууларды 14 күнгө чейинки дарылоо мөөнөтү менен стационардык дарылоо жүргүзүлөт. Лазаретке түшкөн учурда санитардык текшерүүдөн өткөрүлөт.
353. Бригаданын сыртындагы дарылоо мекемесине аскер кызматчылары врачтын корутундусу боюнча бригаданын командири тарабынан, ал эми врач жокто кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн - медициналык пункт боюнча фельдшер (санитардык врач) тарабынан жөнөтүлөт жана бир эле мезгилде бригаданын медициналык кызмат жагынан зардалына жана бригада боюнча кезметчиге баяндама берилет.
Оорулууларды дарылоо мекемесине жеткирүү фельдшердин (санитардык инструктордун) коштоосунда полктун (бригаданын) санитардык транспорту менен жүргүзүлөт.
Бригададан тышкары жайгашкан дарылоо мекемесине жөнөтүүдө аскер кызматчылары жыл мезгилине ылайык кийинүүгө жана бригаданын командири кол койгон багыттамалары, медициналык китепчеси, ким экендигин билдирген документи, зарыл болгон жеке буюмдары жана азык-түлүккө аттестаты, зарыл учурда - алган мертинүүсү жөнүндө маалымдамасы жана медициналык мүнөздөмөсү ал эми гарнизондун чегинен тышкары дарыланууга кетип жатканда, мындан тышкары,- кийим-кечеге жана акчалай акыга аттестаттары, дарылоо мекемеси жайгашкан жерге чейин жана кайтып келүүгө жол кире документтери болууга тийиш.
354. Бригаданын жайгашкан жеринен тышкары жакка стационардык дарыланууга түшкөн бардык аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле сакайгандан кийин аларды чыгаруу жөнүндө дарылоо мекемесинин зардалы (командири) ошол эле күнү ошол аскер кызматчылары келген бригаданын командирине билдирүүгө милдеттүү.
Дарыланууга келген оорулуудан жугуштуу оорунун табылгандыгы жөнүндө жана жаракат алып түшкөн оорулуулар жөнүндө угуп, дарылоо мекемесинин (бөлүктүн) зардалы (командири) оорулуу (оорулуулар) келген бригаданын командирине дароо билдирүүгө, ал эми жугуштуу оору туурасында андан тышкары, жакын жердеги санитардык-эпидемиологиялык мекемеге билдирүүгө милдеттүү.
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамы менен 354-п. 2-абзацынын расмий тилдеги текстине өзгөртүүлөр киргизилген.
Өргүүнүн же командировканын учурунда ооруп калган аскер кызматчылары стационардык дарыланууга аскер коменданттары же аскер комиссарлары тарабынан жөнөтүлөт.
Сакайып чыккан аскер кызматчылары аскер госпиталынан же ооруканадан бригадага тийиштүү документтер менен жөнөтүлөт. Ал документтер келгенден кийин ротанын старшинасына тапшырылат.
Мончо-кир жуучу жайлардын тейлөөсү
355. Солдаттар менен сержантгар жума сайын мончого түшүүгө, ал эми ашпоздор менен наабайчылар мындан тышкары күн сайын душка түшүүгө тийиш. Механик-айдоочулар (айдоочулар) курал-жарактарды жана аскердик техниканы эксплуатациялоо жана тейлөө кызматтары байланышкан башка солдаттар жана сержанттар зарылчылыгына жараша душка түшүп турушат.
Мончого түшүүдө (душка түшүүдө) чакырык боюнча аскер кызматын өтөп жатышкан аскер кызматчылары самын, сүлгү жана дезинфекцияланган кыл жуугучтар менен камсыз кылынат.
Мончого жууну убактысы алдын ала аныкталат.
356. Рота мончого ротанын старшинасынын командасы менен барат. Суткалык нарядда же иш боюнча нарядда болгон же кандайдыр бир себептер менен катышпаган, ошондой эле иш сапардан жана өргүүдөн кайтып келген мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары сержанттардын ичинен улуктун командасы астында ротанын старшинасы тарабынан башка бир убакытта мончого жөнөтүлөт.
Гауптвахтада кармалган аскер кызматчылары мончого Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында аныкталган тартипте, алар үчүн бөлүнгөн убакытта өзүнчө жиберилет.
Өздүк курам мончодо жуунган мезгилде, тартипти көзөмөлдөөгө жана мончонун орун-жайларын тазалоо үчүн мончо боюнча кезметчи, зарыл сандагы өздүк курам дайындалат, ал эми медициналык кароо жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн кезметчи фельдшер дайындалат, ал аскер кызматчыларында гематома, дененин көгалалары, жаралары, башка травмалар, оорулардын белгилери (симптомдору) табылганда бригаданын медициналык кызматынын зардалына жана бригаданын (батальондун) башка кызмат адамдарына билдирет. Аскер кызматчыларынын жуунусун, ич кийим алмаштырууну жана самын берүүнү эсепке алууну бөлүктө ротанын старшинасы (өздүк курамдын мончодо жуунусун эсепке алуу китебинде) жүргүзөт.
Мончонун ичин тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн жуунуп кеткендердин ар бир нөөмөтүнөн кийин мончо боюнча кезметчинин карамагына зарыл сандагы солдаттар бөлүнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
357. Кир атайын жайларда (кир жуугучтарда) жуулат. Анын тартибин бригаданын командиринин оорук боюнча орун басары белгилейт.
Пахтадан токулган кийимдерди жууй турган мүмкүнчүлүк болбогон учурда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына бул үчүн атайын бөлүнгөн жана жабдылган жайларда (жерлерде) жууп алууга уруксат берилет. Аны кургатуу бул үчүн атайын бөлүнгөн жайларда жүргүзүлөт.
Ички кийим жана шейшептер, сүлгү, байпак жана чулгоолор жумасына бир жолу, мончого түшкөн күнү алмаштырылууга тийиш; ашпоздор менен наабайчылардын ич кийими жумасына эки жолудан кем эмес алмаштырылып турат. Таза ички кийим, сүлгү, байпак жана чулгоо берилет, ал эми кир болгондору мончонун өзүндө тапшырылат.
Зарыл учурда ички кийимдер, шейшептер, сүлгүлөр, байпак жана чулгоолор тез-тез алмаштырылат.
358. Кийим-кечени, ички кийимдерди жана жууркан-төшөктү атайын иштетүүдөн өткөрүү полктун (бригаданын) командиринин өзгөчө буйругу боюнча жүргүзүлөт.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК. КҮЖҮРМӨН КЕЗМЕТ (КҮЖҮРМӨН КЫЗМАТ). ПАРКТАРДА, АСКЕРЛЕР ЖАЙГАШКАН ПОЛИГОНДОРДО (ЛАГЕРЛЕРДЕ) ЖАНА ЖҮК ТАШУУДА ИЧКИ КЫЗМАТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
9-глава. Күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат)
359. Күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат) аскердик милдетти аткаруу болуп саналат. Ал аскердик бөлүктөрдөн жана кичи бөлүктөрдөн дайындалган кезмет күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат. Кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамына аскердик расчеттор, учуучу аппараттардын экипаждары, башкаруу пункттарынын, күжүрмөндүктү камсыз кылуу жана тейлөө күчтөрү менен каражаттарынын кезметтик нөөмөттөрү кирет.
360. Күжүрмөн кезмет аскер бөлүгүнүн командири тарабынан уюшулат. Ал кезмет күчтөрү менен каражаттары тарабынан милдеттердин аткарылышы үчүн жооп берет.
Аскер бөлүгүнүн командиринин орун басарлары, аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнүн башчылары күжүрмөн даярдык үчүн, өздөрүнө тиешелүү кезмет күчтөрү менен каражаттарынын камсыз кылынышы жана даярдыгы үчүн жооп беришет.
361. Кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, алардын жоокердик даярдыгынын даражасы, жоокердик кезметти өтөөнүн узактыгы, тартиби, өздүк курамды, куралдарды жана аскердик техниканы жоокердик кезметке (жоокердик кызматка) чыгууга даярдоо жана аларды алмаштыруу ушул Уставдын талаптарына ылайык аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен, аскердик башкаруунун борбордук органынын, аскер кызматы каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын орун басарларынын буйруктары жана директивалары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
362. Күжүрмөн кезметке (күжүрмөн кызматка) Аскердик антын бере элек, белгилүү көлөмдөгү тийиштүү даярдык программасын өздөштүрбөгөн, оорулуу, ошоңдой эле кылмыш жана (же) укук бузуу жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза сот өндүрүшү, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш же болбосо кызматтык иликтөө жүрүп жаткан аскер кызматчыларын дайындоого тыюу салынат.
Күжүрмөн кезметке тургандыгына байланыштуу пайдаланылбай калган дем алыш жана майрам күндөрү үчүн аскер кызматчыларына (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын кошпогондо) бир жуманын ичинде эс алуу берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
363. Өздүк курамды күжүрмөн кезмет өтөөгө даярдоо аскер бөлүгүнүн командири бекиткен пландын негизинде кичи бөлүктөрдүн, аскердик расчеттордун, кезметтик нөөмөттөрдүн курамында ар бир жолу күжүрмөн кезметке тураардын алдында жүргүзүлөт.
Ал аскер бөлүгүнүн командиринин же анын тапшыруусу боюнча башкалардын жетекчилиги астында алдыга коюлган милдеттердин мүнөзүн жана көлөмүн, аскер бөлүгүнүн, кичи бөлүгүнүн өзгөчөлүгүн күжүрмөн кезметке туруу убактысын жана ордун эске алуу менен күжүрмөн кезметке даярдык көрүүчү класстарда же атайын даярдалган жайларда окуу (окуу-күжүрмөн) техниканы, аппаратураны, тренажорлорду, макеттерди жана окуу куралдарын пайдалануу менен өткөрүлөт.
Курал-жарактар жана аскердик техника күжүрмөн кезметке (күжүрмөн кызматка) алдын ала даярдалат.
Кезмет күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо боюнча бардык иш-чаралар күжүрмөн кезмет өтөөгө алардын даярдыгын текшерүү менен аяктайт. Текшерүүнүн натыйжалары күжүрмөн кезметке даярдык көрүүнүн эсеп журналына түшүрүлөт. Аскер бөлүгүнүн командири күжүрмөн кезметке (күжүрмөн кызматка) туруу жөнүндө күжүрмөн буйрук берет.
364. Күжүрмөн кезметке туруу тартиби аскердик башкаруунун борбордук органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын директивалары жана буйруктары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
365. Күжүрмөн кезметке туруу жөнүндө кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын командири (оперативдүү кезметчи, нөөмөтүн, расчеттун зардалы, командалык пункттун кезметчиси) өзүнүн тикеден-тике зардалына жана жогору турган башкаруу пунктуна баяндама жасайт.
Кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын командири (оперативдүү кезмети, нөөмөттүн, расчеттун зардалы, командалык пункттун кезметчиси) жагдайды жакшы билүүгө, тайманбастан жана чечкиндүү аракеттенүүгө, кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жана күжүрмөн милдеттин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
366. Күжүрмөн кезмет учурунда кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын командирлеринин (оперативдүү кезметчилердин, нөөмөттөрдүн, расчеттордун зардалдарынын, командалык пункттардын кезметчилеринин) жана улук зардалдардын жетекчиликтери астында кезмет нөөмөтү менен өзүнчө жана комплекстүү машыгуулар (алардын бир бөлүгү - контролдук) жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, күжүрмөн кезмет милдеттерин тикеден-тике аткаруудан бош кезмет нөөмөттөрүнүн өздүк курамы менен аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы бекиткен расписаниеге ылайык сабактар өткөрүлөт.
367. Кезмет күчтөрү менен каражаттарынын командирине (оперативдүү кезметчилердин, нөөмөттөрдүн, расчеттордун зардалдарына, командалык пункттардын кезметчилерине) өздүк курамды күжүрмөн кезмет өтөө боюнча милдеттерин аткаруудан алагды кылган жана күжүрмөн милдетти аткарууну үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болгон буйруктарды берүүгө тыюу салынат.
Күжүрмөн кезметтин өздүк курамына күжүрмөн кезмет өтөөдө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- кезмет күчтөрүнүнүн жана каражаттарынын командиринин (оперативдүү кезметчилеринин, нөөмөттүн, расчеттун башчыларынын, командалык пункттун кезметчисинин) уруксатысыз күжүрмөн кезмет өтөө боюнча милдетин аткарууну, ал тургай убактылуу болсо да, кимдир бирөөгө берүүгө;
- алагды болууга, күжүрмөн кезметти өтөө боюнча милдетин аткаруу менен байланышпаган иш жасоого;
- күжүрмөн постту же күжүрмөн кезмет өтөгөн башка жерди билип туруп, таштап кетүүгө;
- курал-жарактардын жана аскердик техниканын белгилүү даярдыгын төмөндөткөн иш жүргүзүүгө.
Кезмет күчтөрү жана каражаттары бөлүнүп жаткан аскердик бөлүктө (кичи бөлүктө) өздүк курамды бөлүктүн аймагынан башка жакка бошотуу, сабактар, спорттук жана маданий иш-чаралар зарыл учурда кезмет нөөмөттөрүнүн белгилүү мөөнөтүндө күчөтүү менен камсыз кылынгандай эсеп менен жүргүзүлөт.
368. Күжүрмөн кезметти (күжүрмөн кызматты) кызмат адамдары тарабынан текшерүүнүн аралыктары аскердик башкаруунун борбордук органынын жетекчисинин биринчи орун басары тарабынан аныкталат.
Күжүрмөн кезмет өтөөнү текшерүү аскер бөлүгүнүн командири, анын тике зардарлары же алардын тапшыруусу боюнча башкалар тарабынан ишке ашырылат, бул үчүн күжүрмөн кезмет өтөөнү текшерүү планы иштелип чыгат.
Күжүрмөн кезмет алмашылгандан кийин өздүк курамдын кызмат өтөөсү териштирилет, анын абалы аскер бөлүгүнүн командиринин буйругунда белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-глава. Ички кызматтын парктардагы өзшгөчөлүктөрү
Жалпы жоболор
369. Курал-жарактарды жана аскердик техниканы сактоо, тейлөө, оңдоо жана колдонуу даярдыгына келтирүү үчүн жабдылган аймак парк деп аталат.
Парктар туруктуу жана талаа шартында убактылуу болушу мүмкүн.
Туруктуу парктар бригада туруктуу жайгашкан жерлерде жана полигондордо (лагерлерде) жабдылат. Мында курал-жарактар жана аскердик техника үстү жабык жайларда же бастырмалардын астында, ошондой эле жакшылап тосулган аянттарда жайгашат. Паркта парк боюнча кезметчинин, текшерүү-техникалык пункттун зардалынын иштөөчү жайы, кыймыл коопсуздугунун, айдоочуларга, машиналардын зардалдарына жана парк боюнча нарядга инструкташ берүүчү жайы менен текшерүүчү-техникалык пункт; май куюучу пункт, тазалоочу жана жууй турган пункттар, күн сайын техникалык жактан тейлөөчү пункт (аянт), техникалык жактан тейлөө жана оңдоо пункту; курал-жарактарды жана аскердик техниканы сактоо жайлары жана аларды күжүрмөн колдонууга даярдоону камсыз кылуу үчүн объектилер, техниканы тейлөө үчүн башка жайлар (жерлер) жана зарыл болгон тиричилик жайлары жабдылат.
Талаа парктары аскердик бөлүк (кичи бөлүк) убактылуу жайгашкан талаа шартында уюшулат. Алар адатта ар бир батальон (рота) үчүн өз-өзүнчө жасалат.
Паркты жасалгалоо жана жабдуу машиналардын тез арада жана ыңгайлуу чыгып кетишин камсыз кылууга тийиш.
370. Парктын аймагы кичи бөлүктөргө бекитилген участокторго бөлүнөт. Участоктордун чек арасы көрсөткүчтөр менен белгиленет. Туруктуу парктын аймагы техникалык күзөт каражаттары, айлана-чөйрөнү коргоо ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын камсыз кылуучу жасалгалар менен жабдылат, жашылдандырылат жана жарык берилет.
Парктын бардык имараты, имараттарынын дарбазалары жана парктын дарбазасы номерленет.
371. Паркка, ошондой эле парктын ичиндеги жайларга жана атайын жайларга жол салынууга жана кирген жерлери так белгиленүүгө тийиш, алар кыймыл үчүн дайыма жарактуу абалда кармалат. Жайкысын ысыкта жолдорго суу себилип, кышкысын кардан тазаланып турат.
Парктын ичинде жолдордон башка жер менен басууга жана жүрүүгө тыюу салынат.
Парктын жолдорунун бардыгына багыт-көрсөткүчтөрү жана машиналардын жүрүү ылдамдыктары көрсөтүлгөн жана башка жол белгилери коюлат.
372. Паркта ички кызматтын уюштурулушу үчүн, курал-жарактардын жана аскердик техниканын туура күтүлүшү жана сакталышы үчүн, атайын жайлардын, кампалардын күтүлүшү үчүн тазалыктын кармалышы жана өрткө каршы жана жаратылышты коргоочу иш-чаралардын аткарылышы үчүн бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басары, ал эми бул кызмат штатта каралбаган жерде, - автомобиль кызматынын зардалы же бригаданын техникалык кызматтарынын биринин зардалы жооп берет.
Кичи бөлүктөргө бекитилген курал-жарактардын, аскердик техниканын, имарат жайлардын жана парктын аймагындагы участоктордун күтүлүшү үчүн кичи бөлүктөрдүн командирлери жооп берет.
373. Машиналарды техникалык жактан тейлөө ар бир жолу рейстен келгенден кийин, ошондой эле ченемде белгиленген аралыкты жүргөндөн (иштегенден) жана сакталгандан кийин жүргүзүлүп турат. Мындан тышкары машиналар сезон сайын техникалык тейлөөдөн өтүшөт.
Курал-жарактарды жана аскердик техниканы карап чыгуу жана тейлөө, ошондой эле паркты толуктап жабдуу жана көркүнө чыгаруу парк, парк-чарба күндөрү жана курал-жарактар менен аскердик техникага көз салуу үчүн бөлүнгөн убакытта жүргүзүлөт.
Тейленген куралдар жана аскердик техника токтоочу жерине коюлат. Жылдын суук мезгилинде от жагылбаган жайларда жана парктын ачык аянттарында абанын температурасы төмөндөп кеткенде кыймылдаткычтын муздатуучу системасынан суусу төгүлөт, курал-жарактардан жана аскердик техникадан аккумулятордук батареялары алынып коюлат. Ошону менен эле бирге: "Суусу төгүлгөн", "Аккумулятордук батареясы чечилген" деген жазма баракчалар илинет.
Тейленбеген курал-жаракты жана аскердик техниканы парктагы ордуна коюуга тыюу салынат.
Ок-дарылар жана башка материалдык каражаттар жүктөлгөн жана кароолдун күзөтүндө кампалардын аймагында турган машиналарды кошпогондо, машиналарды парктан тышкары жерге сактоого тыюу салынат.
Курал-жарактарды жана аскердик техниканы карап чыгуу менен бригаданын командири ошондой эле парктардын абалын да текшерет.
374. Машиналар парктан бригаданын командири бекиткен наряд боюнча чыгарылат, машиналар техникалык жактан оң болууга жана бекитилген айдоочулар тарабынан тейленүүгө тийиш. Айдоочулардын ким экендигин билдирген документи жана машинаны башкарууга укук берген күбөлүгү болууга, алар рейс алдында медициналык кароодон өтүүгө жана жол баракчаларына бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарынын (курал-жарактарды жана аскердик техниканы эксплуатациялоого жооптуу болгон кызмат адамы) колу коюлууга жана машинанын оң экендиги жөнүндө текшерүүчү-техникалык пункттун зардалынын белгиси, ошондой эле спидометрдин көрсөткүчтөрү жана парктан чыккан убактысы жөнүндө парк боюнча кезметчинин белгиси болууга тийиш. Машинаны пайдалануу айдоочуларга машинаны тейлөө, рейске даярдоо жана эс алуу үчүн зарыл убакты бөлүп берүү менен пландаштырылат.
Нарядда каралбаган машиналарды чыгаруу бөтөнчө бир учурларда жана бригаданын командиринин уруксаты менен гана ишке ашырылат.
Дем алыш жана майрам күндөрү машиналарды парктан чыгаруу минимумга чейин кыскартылат.
375. Эки же андан ашык машина рейске жөнөтүлгөндө колоннанын зардалы дайындалат.
Адамдарды жана жарылып кетүүчү жүктөрдү колоннанын курамында, ошондой эле жалгыздап ташыган учурда ар бир машинага улук дайындалат. Башка учурларда машиналардын улуктары бригаданын командиринин чечими боюнча зарылчылыгына жараша дайындалат.
Колоннанын зардалы (машинанын улугу) жол кыймылынын эрежелерин билген офицерлерден, прапорщиктерден же сержанттардан дайындалат. Ал коюлган милдеттин аткарылышына жана машиналардын (машинанын) туура пайдаланылышына, ошондой эле машиналардагы (машинадагы) өздүк курамдын тартиби жана алар тарабынан коопсуздук талаптарынын сакталышы үчүн жооп берет.
Колоннанын зардалы (машиналардын улуктары) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- машиналардын (машинанын) кыймылы башталар алдында адамдарды отургузуу жана жүк жүктөө ченемдеринин сакталышын текшерүүгө; өздүк курамды (жүктү) машиналарга (машинага) отургузуу (жүктөө), түшүрүү (түшүрүү) жана жайгаштыруу тартибин контролдоого;
- машиналар (машина) жүрүп баратканда маршруттун, белгиленген ылдамдыктын сакталышына, айдоочулар (айдоочу) тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин, ал эми машиналарда (машинада) бараткан өздүк курам тарабынан, - аскердик тартиптин жана коопсуздук талаптарынын сакталышына байкоо жүргүзүүгө.
Колоннанын зардалына (машиналардын улугуна) машинаны өзү башкарууга жана машина башкарууну кимдир бирөөгө берүүгө айдоочуну мажбурлоого; жол кыймылынын эрежесин бузууга жана белгиленген кыймыл ылдамдыгын арттырууга айдоочуну (айдоочуларды) мажбурлаган команда берүүгө тыюу салынат.
Колоннанын зардалына (машиналардын улугуна) жана айдоочуларга тапшырманы аткаруу максаты, тартиби, мөөнөттөрү жөнүндө жана ошол ташууну уюштуруп жаткан кызмат адамдары же алардын тикеден-тике башчылары тарабынан кыймыл коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилет. Машиналардын айдоочуларына, андан тышкары кичи бөлүктөрдүн командирлери машиналарды эксплуатациялоонун эрежелерин, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жөнүндө жана рейстеги жүрүш-турушу жөнүндө эскертишет. Айдоочуларга машинаны башкарууну башка кимдир-бирөөгө берүүгө таптакыр тыюу салынат.
376. Машиналарды айдап чыгууга даярдоо кичи бөлүктөрдүн командирлеринин же курал-жарак боюнча алардын орун басарларынын (техникалык бөлүктүн зардалдарынын, автомобиль кызматынын зардалдарынын, батальондордун техниктеринин, улук техниктердин же роталардын техниктеринин) жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
Парктан чыгарылуучу жана паркка кайтып келүүчү машиналардын техникалык абалына көзөмөл контролдоочу-техникалык пункттун зардалы тарабынан ишке ашырылат.
377. Паркта иштөөнүн ички тартиби жана күн тартиби бригада боюнча буйрукта (11-тиркеме) жарыяланат. Буйрукта белгиленбеген учурда паркка киргизүү жана анда иштөө, полктун (бригаданын) командиринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
378. Паркта иштөө жана сабактарды өткөрүү үчүн белгиленген мезгилде өздүк курамды паркка офицерлердин, прапорщиктердин же сержанттардын командасы астында катарга туруу менен гана киргизүүгө жол берилет.
Паркка келген сержанттар жана солдаттар бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарынын уруксаты менен аскер билеттери боюнча кире алышат, бул туурасында парк боюнча кезметчиге алдын ала билдирилет.
Машинаны чыгаруу үчүн келген экипаждар (айдоочулар) жол барактарын көрсөтүү менен паркка кире алышат.
Бригаданын курамына кирбеген адамдар бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басары кол койгон бир жолку берилүүчү өткөрмөлөр боюнча гана жана атайын дайындалган аскер кызматчысынын коштоосунда кире алышат.
Парктагы машиналарга жана башка аскердик техникага бекитилген аскер кызматчылары техниканы сактоочу жайларды жана парктын ичиндеги имараттарды ачууга укугу бар адамдардын уруксаты боюнча киргизилет.
Айгай болгон учурда машиналарга жана башка аскердик техникага түшүү тартиби бригаданын командири тарабынан белгиленет жана тийиштүү нускоолордо бул туурасында жазылат.
379. От алдыруучу ачкычтарды, машиналардын капкактарынын парктагы имарат жайлардын жана парктын дарбазаларынын ачкычтарын сактоо жана берүү тартиби машиналардын парктан өз учурунда чыгышын камсыз кылууга, ошондой эле өздүк курам тарабынан аларды өз алдынча пайдаланууга жол бербөөгө тийиш.
Ачкычтар:
- от алдыруучу жана машиналардын капкактарынын ачкычтары: бир комплектиси - парк боюнча кезметчиде; экинчи комплектиси - рота боюнча (батальон, камсыз кылуучу кичи бөлүктөр боюнча) кезметчиде мөөр коюлган үкөктө айгай болгон учурга чейин жол баракчалары менен бирге сакталат;
- парктагы имарат жайлардын жана парктын дарбазаларынын ачкычтарынын: бир комплектиси - парк боюнча кезметчиде; экинчиси - бригада боюнча кезметчиде мөөр коюлган үкөктө сакталат.
380. Парктын ичинде тартипти сактоо үчүн парк боюнча кезметчи, эшик сакчылар жана кезметтеги сүйрөткүч техниканын механик-айдоочулары (айдоочулар) дайындалат.
Эшик сакчылары парк боюнча кезметчи тарабынан паркка кире бериш жерде, ал эми паркта иш жүрүп жаткан мезгилде парктын аймагында болот.
Туруктуу жана талаа парктары сутка бою сакчыларды коюу менен кароол тарабынан кайтарылат. Паркты жакшы иштеген техникалык күзөт каражаттары менен жабдыган учурда алар сакчыларды койбостон, кароол тарабынан кайтарылышы мүмкүн.
381. Бардык курал-жарак жана аскердик техника сакталган жайларды, аянттарды мөөрлөө (пломбулоо) тартиби, ошондой эле кароолдун кайтаруусуна тапшырылгандан кийин паркка келген курал-жарактарды жана аскердик техниканы кайтаруу тартиби бригаданын командири тарабынан белгиленет.
Парк боюнча кезметчи
382. Бригададагы парк боюнча кезметчи офицерлерден же прапорщиктерден дайындалат, ал эми өзүнчө турган батальондо прапорщиктерден же сержанттардан дайындалышы мүмкүн. Ал парктагы ички тартип жана парк боюнча наряддын кызмат өтөөсү үчүн жооп берет. Парк боюнча кезметчи бригада боюнча кезметчиге, ички кызмат тартибиндеги паркта - бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына, ал эми бул кызмат штатта каралбаган жерде, - автомобиль кызматынын зардалына же бригаданын техникалык кызматтарынын биринин зардалына баш ийет.
Ага парк боюнча эшик сакчылар жана кезметтеги сүйрөгүч техникалардын механик-айдоочулары (айдоочулар) баш ийет.
383. Парк боюнча жаңы кезметчи белгиленген убактысында бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына көрсөтмө алууга келет.
Бөлүштүрүүдөн (развод) кийин парк боюнча жаңы кезметчи эски кезметчиден документтерди жана мүлктү (10-тиркеме) өткөрүп алат, аны менен бирге парктын аймагын жана парктагы бардык имараттарды кыдырып көрөт, парктын имарат-жайларын сактоочу жайларды, ошондой эле бастырманын астында жана ачык аянттарда турган курал-жарактарды, аскердик техниканы жана жабдууларды тизме боюнча кабыл алат.
Кезметти кабыл алуу жана тапшыруу китебине ал кезметти кабыл алууда четтетилиши мүмкүн болбогон кемчиликтерди жазат.
Кезметти тапшыруу жана кабыл алуу жөнүндө эски жана жаңы кезметчилер бригаданын командиринин курал-жарак боюнча орун басарына жана бригада боюнча кезметчиге баяндама жасашат.
384. Парк боюнча кезметчи төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кезметчи үчүн бөлүнгөн жайда болууга; бригада боюнча кезметчинин уруксаты менен кызматтык иштер боюнча кетип жатып, өзүнүн ордуна бош мөөнөттөгү эшик сакчыны калтырууга жана ага кайда жана канча убакытка кеткенин айтып кетүүгө;
- паркка келгендердин бардыгын алардын ким экенин билдирген өткөрмөлөрүн жана документтерин текшерүүгө жана бир жолку өткөрмөлөргө паркка келген жана кеткен убакыттары жөнүндө белги коюуга; нөөмөтдөн кийин өткөрмөлөрдү бригаданын техникалык бөлүгүнө тапшырууга;
- бригада боюнча берилген буйрук менен парктагы имараттарды жана сактоочу жайларды ачууга адамдарды киргизүүгө, тийиштүү китептерге бул туурасында жазып коюуга, аларды ачкан убакта катышып турууга;
- парктан чыгууга жана парктын ичинде жүрүүгө жеке уруксат берүүгө;
- машиналардын белгиленген формадагы чыгуу жана кайтып келүү журналын толтурууга;
- машиналардын рейстен паркка өз учурунда кайтып келишине байкоо жүргүзүүгө, ал эми алар кармалып калган учурда бригада боюнча кезметчиге билдирип турууга;
- жол баракчасындагы жазууга ылайык парктан (паркка) мүлктү ташып кетүүнү (ташып келүүнү) контролдоого, ошондой эле парктын ичине башка бирөөлөрдүн кирип кетишине жол бербөөгө;
- паркта күн тартиби сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө жана паркта кайсы кичи бөлүктөр кандай иштерди аткарып жаткандыгын билүүгө, паркта машиналарды жана башка техниканы тейлөө жана оңдоо менен же паркты жабдуу менен байланышпаган иштердин жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө;
- оң жана бузук машиналардын, башка техниканын жана курал-жарактын бар-жогун, чыгымдалышын, ошондой эле санын дайыма билип турууга;
- парктын имарат жайларында жана аймагында тазалыктын жана тартиптин сакталышына, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин сакталышына көз салууга;
- жылдын суук мезгилинде парктын ичиндеги мештердин жана суу-май жылыткычтардын өз учурунда жана туура жагылышына жана бардык жайларда белгиленген температуранын кармалышына, от жагылбаган жайларда жана парктын ачык аянттарында кыймылдаткычтардын муздатуучу системасынан суунун төгүлгөн-төгүлбөгөнүн текшерүүгө, ал эми катуу аязда, андан тышкары машиналардын аккумулятордук батареялары чечилгенин жана тийиштүү табличкалар илинип коюлганын текшерүүгө;
- өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө (16-тиркеме) жана өрт өчүрүүчү каражаттардын, өрт учурунда белги берүүчү жабдуулардын абалын, ошондой эле өрт чыккан учурда кезметтеги сүйрөөчү техникалардын даярдыгын текшерүүгө;
- паркка кайткан машиналардын жана башка техниканын өз учурунда техникалык жактан тейленишине карата чара көрүүгө;
- май куюлбаган машиналарды коюуга уруксат бербөөгө;
- кечинде паркта бардык иштер бүткөн кезде имарат жайлардын ичиндеги жарыктын өчүрүлүшүнө жана кезметтик жарык гана калтырылышына, ошондой эле парктын сыртындагы жарык күйгүзүлүшүнө көз салууга;
- уулу техникалык суюктуктарды сактоо үчүн арналган жайлардын (тосулган аянтчалардын) эшиктериндеги кулпулардын жана пломбулардын (мөөрдүн) бар жок экендигин жана оң экендигинин текшерүүгө;
- бригаданын командиринин орун басарларынан тартып жана андан жогорку тике башчылар, ошондой эле бригада боюнча кезметчи паркка келгенде аларды тосуп алууга жана баяндама жасоого.
Мисалы: "Жолдош майор, мен кезметте турган учурда эч окуя болгон жок (же булар болуп өттү). Парк боюнча кезметчи лейтенант Мойдинов".
Баяндама кылгандан кийин кезметчи текшерип келген командирди (башчыны) парктын ичинде коштоп жүрөт.
Келген командирди (башчыны) бригаданын командири же анын курал-жарак боюнча орун басары тосуп алган жана ага баяндама жасаган учурда парк боюнча кезметчи баяндама жасабайт, өзүнүн аты-жөнүн гана атайт.
385. Машиналарды парк боюнча кезметчи 374-пунктта көрсөтүлгөн тартипте парктан чыгарат.
Машиналар паркка, келгенде жана аны текшерүү-техникалык пункттун зардалы текшергенден кийин парк боюнча кезметчи кайтып келген убактысы, спидометрдин көрсөткүчү жана машина качан толук тейленип жана май куюула тургандыгы жөнүндө жол барагына жана машиналардын чыгуу жана кайтып келүү журналына жазат жана машинаны токтоочу жерине жөнөтөт же белгиленген тартипте анын кайтарылышын уюштурат, ушундан соң экипажга (айдоочуга) парктан кетүүгө уруксат берет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
386. Паркта өрт чыккан учурда парк боюнча кезметчи токтоосуз түрдө өрт командасын чакырат, өрт өчүрүүгө, машиналарды чыгарууга жана курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды сактап калууга карата чара көрөт жана болгон окуя туурасында бригада боюнча кезметчиге бригаданын командирине жана курал-жарак боюнча анын орун басарына баяндама жасайт.
387. Парктагы иштер аяктагандан кийин парк боюнча кезметчи парктын бардык имарат жайларында жана аймагында өрт коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптары аткарылышын, тартипке келтирилишин текшерет; кичи бөлүктөрдүн командирлеринен парктагы имарат жайларды, имарат, сактоочу жайларды, аянттарды кабыл алат, аларга мөөр коюуга уруксат берет жана кошумча түрдө өзүнүн мөөрүн коет. Өрт нарядынын адамдары менен бирге паркты текшерип чыгып жана өрт жетонун алгандан кийин ал паркты кароолдун кайтаруусуна тапшырат.
Парк боюнча эшик сакчы
388. Парк боюнча эшик сакчысы солдаттардан же сержанттардан дайындалат. Ал парктагы белгиленген тартиптин сакталышы үчүн жана машиналарды парктан чыгаруунун жана паркка киргизүүнүн тууралыгы үчүн жооп берет: Парк боюнча эшик сакчы парк боюнча кезметчиге баш ийет.
389. Парк боюнча эшик сакчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- парк боюнча кезметчинин гана уруксаты менен аскер кызматчыларын паркка киргизүүгө, ошондой эле машиналарды жана башка техниканы парктан чыгарууга жана паркка киргизүүгө;
- парктагы тазалык-тартипке көз салууга;
- атайын бөлүнгөн жана жабдылган жайларды кошпогондо, парктын ичиндеги имарат жайларда парктын аймагында тамеки тартууга жана от жагууга жол бербөөгө;
- машиналар коюлган жеринен (жерине) парк боюнча кезметчинин уруксаты менен гана чыгарылышына (коюлушуна) көз салууга;
- өрт чыккан учурда парк боюнча кезметчиге дароо билдирүүгө жана аны өчүрүүгө карата чара көрүүгө;
- парктагы бардык тартип бузуулар жөнүндө парк боюнча кезметчиге токтоосуз баяндама жасоого.
390. Кезектеги эшик сакчы паркка кире бериш жерге коюлат, ал эми бош нөөмөттөгү эшик сакчы паркта иштеген учурунда парктын аймагында болот жана ички тартиптин сакталышына, өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына көз салат жана парк боюнча кезметчинин уруксатысыз эч жакка кетпейт.
Кезметтеги сүйрөөчү техниканын механик-айдоочусу (айдоочусу)
391. Кезметтеги сүйрөөчү техниканын механик-айдоочусу (айдоочусу) кичи бөлүктүн механик-айдоочуларынан (айдоочулардан) дайындалат жана кезметтеги сүйрөөчү техниканын курал-жарактарды жана аскердик техниканы токтоосуз эвакуациялоого дайыма даяр турушу үчүн жооп берет: Ал парк боюнча кезметчиге баш ийет.
392. Кезметтеги сүйрөөчү техниканын механик-айдоочусу (айдоочусу) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- парк боюнча суткалык нарядга келгендер үчүн бөлүнгөн жайда дайыма болууга;
- курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды парктын ичинен эвакуациялоо үчүн кезметтеги сүйрөөчү техниканы пайдалануу эрежелерин жана тартибин билүүгө;
- кезметтеги сүйрөөчү техниканы курал жарактар менен аскердик техниканы сүйрөй турган жана эвакуациялай турган каражаттардын болушуна жана оң абалда болушуна көз салууга;
- кезметтеги сүйрөөчү техниканын төмөнкү температурада тез жана кынтыксыз от алышын камсыз кылып, кыймылдаткычтагы белгиленген температура режимин кармоого;
- паркта өрт чыккан учурда сүйрөөчү техниканы токтоосуз иштей турган абалга келтирүүгө жана парк боюнча кезметчинин көрсөтмөсү менен курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды эвакуациялоого киришүүгө.
11-глава. Ички кызматтын аскер полигондорунда (лагерлерде) жайгашкан учурдагы өзгөчөлүктөрү
Жалпы жоболор
393. Аскерлер согуш абалына максималдуу жакындаштырылган шартта өздүк курамдын күжүрмөн машыгуу деңгээлин, анын моралдык-психологиялык сапаттарын жана дене тарбия жагынан аскердик милдетин аткарууга даярдыгын жогорулатуу үчүн полигондорго (лагерлерге) чыгышат.
Полигонго (лагерге) чыгуу тартиби күжүрмөн даярдык планы же улук командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат.
394. Полигондо (лагерде) болгон учурда бригададан жана анын кичи бөлүктөрдөгү ички кызмат экинчи бөлүктүн жана Уставдын ушул главасынын жоболоруна ылайык уюштурулат.
Бригаданын командири күн тартибин, кызматчылардын кызматтык убактысынын регламентин, мөөнөттүү кызматтагы солдаттар менен сержанттарды полигондон (лагерден) бошотуу эрежелерин жана ички тартиптин башкы эрежелерин аныктап, талаада такшалуусун жогорулатуу боюнча кичи бөлүктөрдүн милдеттерин, алардын жайгашуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле полигондо (лагерде) улук командир (башчы) белгилеген жалпы эрежелерди эске алууга тийиш.
395. Полигондо (лагерде) ар түрдүү бирикмелердин (аскердик бөлүктөрдү) аскердик бөлүктөрүнүн (кичи бөлүктөрдүн) жыйынынын өткөрүүдө ички кызматка жетекчилик кылуу үчүн улук командир (башчы) тарабынан лагердик жыйындын зардалы, ал эми зарыл учурда башка кызмат адамдары да дайындалат.
Лагердик жыйындын зардалы: күжүрмөн даярдыктын уюштурулушу жана жүрүшү үчүн; өздүк курамдын тарбияланышы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн, ошондой эле жыйынга таркатылган аскердик бөлүктөрдөгү ички тартип жана алар тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо талаптарынын сакталышы үчүн жооп берет. Ал жыйындын бардык бөлүктөрүнүн (кичи бөлүктүн) өздүк курамы үчүн тикеден-тике зардал болуп саналат. Лагердик жыйындын зардалы ушул главага карата өз милдеттерин бригаданын командиринин милдеттерине ылайык аткарат.
396. Лагердик жыйындын зардалынын буйругу менен суткалык нарядга лагердик жыйын боюнча кезметчи дайындалат, ал бригада боюнча кезметчинин милдеттерине ылайык өз милдеттерин аткарат.
397. Полигондо бригада (кичи бөлүк) имарат жайдын ичинде же лагерде (чатырларда) жайгашат. Ар түрдүү бирикмелердин (аскердик бөлүктөрү) бир нече аскердик бөлүктөрү же кичи бөлүктөрү бирге жайгашкан учурда алардын ортосундагы аймак жана имарат жайлар улук командир (башчы) же лагердик жыйымдын зардалы тарабынан бөлүштүрүлөт.
Штабдар, медициналык пункттар, устаканалар, кампалар, оорук кызматы (объектилери) негизинен имараттын ичинде жайгашат. Курал-жарактар жана аскердик техника талаа парктарынын сактоочу жайларынын жана бастырмалардын астына жайгашат, ал эми алар болбогон учурда жабуу же брезент менен жабылат.
398. Өздүк курамга сыртына чыгууга тыюу салынган полигондун (лагердин) чек арасы полк (бригада) боюнча буйрукта жарыяланат.
Башка адамдар 256-259-пункттардын талаптарына карата бригаданын командири белгилеген эрежелерге ылайык полигонго (лагерге) келе алышат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
399. Полигондордогу (лагерлердеги) ачык көлмөлөрдө өздүк курамдын сууга түшүү тартиби бригаданын командири (лагердик жыйындын зардалы) тарабынан белгиленет.
Сууга түшүү атайын бөлүнгөн жана ага ылайык жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
Солдаттар менен сержанттар сууга түшүүгө улуктун командасы астында катар менен барат.
Сууга түшүү учурунда тартиптин сакталышы, сууда кырсыкка жол бербөө жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн офицерлерден же прапорщиктерден кезметчи, суучулдардын кезмет командасы жана кезметчи фельдшер (санитардык инструктор) дайындалат.
Сууга түшүү учурунда кичи бөлүктүн командирлери (командалардын улуктары) жээктен туруп сууга түшкөндөрдү байкап турууга милдеттүү.
400. Полигондун (лагердин) аймагы өрт коопсуздугунун (16-тиркеме) жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын аткаруу менен таза кармалууга тийиш. Таштандылар чогултулат жана күн сайын санитардык көзөмөл органдары менен макулдашылган жерге ташылат, андай жер полигондо (лагерде) бригада жайгашкан чек арадан 3 километрден кем эмес алыс жерге, жел келбей турган жакта жайгашат.
Полигондун (лагердин) аймагындагы жол кыймыл багытын көрсөткүчтөр, ошондой эле аскердик жана башка машиналардын мүмкүн болгон жүрүү ылдамдыгын билдирген жол белгилери менен жабдылат. Каз тамандуу техника үчүн дөңгөлөктүү техникадан бөлөк жүрүү маршруту көрсөтүлөт.
Бригаданы лагерге (чатырларга) жайгаштыруу
401. Бригаданы лагерге (чатырларга) жайгаштырууда лагерди салуу 15-тиркемеде баяндалган көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
Бригадада ички кызматты өтөө үчүн 261-263-пункттарга ылайык наряд дайындалат. Суткалык нарядды бөлүштүрүүгө чыгаруу бригаданын командири белгилеген убакытта, алдыңкы саптын алды жагына, талаа жакты каратып, бригаданы лагеринин орто ченинин бет маңдайына жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
402. Ротада эшик сакчылардын үч нөөмөтү дайындалат: кезектеги нөөмөт тозот саябандын түбүндө алдыңкы сапта турат, экинчи нөөмөт рота жайгашкан районду күзөтөт, үчүнчү нөөмөт эс алат. Рота боюнча эшик сакчы 307 жана 308-пункттарга ылайык милдеттерин аткарат. Мындан тышкары эшик сакчылар: чатырлардагы аскер кызматчыларына жана катарында жайгашкан роталардын эшик сакчыларына буйруктарды (командаларды) үн менен берүүгө; аскер кызматчылары табигый муктаждыктарын атайын бөлүнгөн жерде жасоосуна көз салууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
403. Кечки текшерүү үчүн рота өзүнүн алдыңкы сабына тизилет. Кезметчилер менен эшик сакчылар 410-пунктка ылайык орундарын ээлейт. Аба ырайы бузулуп турганда полк (бригада) боюнча кезметчинин буйругу менен кечки текшерүүнү чатырларда жүргүзүүгө уруксат берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
404. Кечки текшерүү бригада боюнча кезметчинин (лагердеги жыйыңдын) "Текшерүүгө киришкиле" деген командасы боюнча жүргүзүлөт.
405. "Таң Шооласы" (күн тартиби менен аныкталат), оюну үчүн белгиленген саатта, бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчи "Түз тур" деген команда берет жана "Таң Шооласын" ойноого буйрук берет. Оркестр (добулбасчы) "Таң Шооласын" ойнойт, ушундан кийин полктун (бригаданын) (лагердик жыйындын) кезметчиси: "Эркин тур. Чатырларга" деген команда берет. Оркестр маршты аткарат. Оркестр жок учурда жазылган үндү уктуруунун техникалык каражаттары пайдаланылат.
Белгиленген убактысында "Токтоткула" деген белги берилет.
Текшерүүдөн кийин роталар боюнча кезметчилер бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчиге баяндама кылышат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
406. Жалпы лагердик кечки текшерүүлөр 237-пунктка ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
407. Күн ачыкта жана түнкүсүн жылуу болуп турганда бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчинин көрсөтмөсү менен эшик сакчылар чатырлардын этегин түрүп коюшат. Аба ырайы кургакчыл кезде лагерь сызыктарына, жолдорго жана чатырлардын ортосундагы жолчолорго суу себилет.
Кезметчилерди сапка чакыруу
408. Лагерге:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары;
- бригаданын командиринен тартып андан жогорку бардык тике башчылар жана инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу үчүн дайындалган адамдар келген учурда кезметчилер сапка чакырылат.
409. Кезметчилер ошондой эле "Повестка" белгиси боюнча жана бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчинин буйругу боюнча сапка чакырылат. "Жаткыла" белгисинен кийин "тургула" белгисине чейин кезметчилерди сапка чакыруу үчүн команда берилбейт.
Кезметчилерди сапка чакыруу сызыктагы эшик сакчылар аркылуу жүргүзүлөт, алар "Кезметчилер, сапка" же "Биринчи ротанын кезметчиси сапка" деген команда беришет.
410. Кезметчилер сапка чакырылганда алар талааны карап, орундарын төмөнкүчө ээлейт:
- рота боюнча кезметчилер (сол тараптагылардан башкасы) - өз роталарынын оң тарабына кезектеги эшик сакчынын алдына бир кадам чыгып турат; батальондун сол тарабындагы ротанын кезметчиси - сол тарапка жайгашат;
- бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчи - туу коюлуучу түпкүчтөгү үч кадам алдыга чыгып турат; анын жардамчысы - кезметчиден бир кадам артка турат;
- кезметчи белги бергич-добулбасчы - бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчинин жардамчысынын артына роталар боюнча кезметчилердин сабында турат.
411. 408-пунктта көрсөтүлгөн адам лагерге келгенде тосуп алуу үчүн, бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчи келүүчүлөр күтүлүп жаткан тарапка чыгат; көрсөтүлгөн адамдар келген учурда аларга баяндама жасайт жана аларды коштойт.
Келген командирди (башчыны) бригаданын командири тосуп жана ага баяндама жасаган учурда, бригада (лагердик жыйын) боюнча кезметчи өзүн тааныштыруу менен гана чектелет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава. Ички кызматтагы аскерлерди ташуудагы өзгөчөлүктөр
Жалпы жоболор
412. Аскер бөлүктөрү, көп сандагы кичи бөлүктөр жана командалар темир жол транспорту менен ташуу үчүн аскердик эшелондорго бөлүнөт.
Аба транспорту менен ташууда ар бир аба кемеси үчүн аскердик командалар түзүлөт.
Ар бир аскердик эшелонго (командага) номер ыйгарылат.
413. Аскер эшелонунун (командасынын) өздүк курамы аскерлерди ташууда белгиленген жүрүш-туруш эрежелерин жана коопсуздук талаптарын билүүгө жана сактоого тийиш.
414. Ар бир аскердик эшелондо аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен аскер эшелонунун зардалы, аскер эшелонунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, күжүрмөн камсыз кылуу боюнча жардамчысы, жабдуу боюнча жардамчысы, байланыш зардалы, врач (фельдшер) дайындалат.
Аскердик командада команданын зардалы дайындалат.
Вагондор боюнча улуктар вагондордо бараткан кичи бөлүктөрдүн командирлери же аскер эшелонунун зардалы тарабынан, ал эми аба кемелеринин салондору боюнча эшик сакчылары - аскер командасынын зардалы тарабынан дайындалат.
Аскер эшелонунун (командасынын) зардалынын аскердик наамы жана фамилиясы, аскер эшелонунун командасынын номери бүткүл өздүк курамга жарыяланат.
415. Аскер эшелонунда ички жана кароол кызматын өтөө үчүн төмөндөгүлөр дайындалат:
- аскер эшелону боюнча кезметчи жана анын жардамчысы;
- роталар (аларга тийиштүү кичи бөлүктөр) боюнча кезметчилер;
- вагондор боюнча кезметчилер жана эшик сакчылар;
- кароол;
- кезметтеги кичи бөлүк;
- кезметчи белги берүүчү-добулбасчы.
416. Аскер эшелонунун командасынын өздүк курамына төмөндөгүлөрдү жасоого тыюу салынат:
- аскердик билдирүүлөр жана транспорт органдарынын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүгө;
- поезди тиешелүү токтоо мезгилинен ашык кармоого;
- тиешелүү команданы же белгини күтпөстөн отургузууга жана түшүрүүгө (аба кемесиндеги өз ордун таштап кетүүгө), поезд жүрүп баратканда вагонго секирүүгө же андан секирип түшүүгө;
- поездин кыймыл коопсуздугуна же адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, поезди стоп-кран менен токтотууга;
- вагондорго жазууга, плакаттарды, ураандарды жабыштырууга жана илүүгө;
- жазган каттарында жана телеграммаларында аскер бөлүгүнүн атын көрсөтүүгө жана ташып бара жаткан жүк туурасында эске салууга, ошондой эле башка бирөөлөр менен бул туурасында сүйлөшүүгө; жүк жүктөгөн, жүктү түшүргөн жерлерде жана вагондордо (аба кемелеринде) каттарды, газеталарды, кагаздарды ж. б. у. с. калтырууга;
- вагондордун чатырына, платформаларга, токтотуучу аянттарга чыгууга, машиналардын кабиналарында жана кузовдорунда, танктардын үстүндө болууга, ал эми темир жолдордун электрлештирилген участкаларында, андан тышкары ток жүргөн темир мамыларга жана жерге туташтырылган жасалгаларга тийүүгө, ток жүргөн зымга 2 метрден чукул жакындоого;
- вагондун эшиктеринин оюктарына отурууга же турууга, вагондордун эшик туткаларына таянууга;
- вагондордо жарык жана жылуулук берүүнүн башка бир түрлөрүн колдонууга;
- жүк жүктөлгөндөн кийин техникага күйүүчү май куюуга (кошумча куюуга);
- зарылчылыгы жок учурда темир жол менен (аэропорттун аймагында) басууга, айлана тегеректи булгоого жана станциянын чегинде от жагууга; эшелонго (командага) таандык болбогон мүлктү уруксатсыз алууга;
- токтоочу жайларда жана жүрүп бара жатканда вагондордон бир нерселерди ыргытууга.
417. Аскер эшелонуна башка бирөөлөрдү, ошондой эле аскер эшелонуна тиешеси жок жүктөрдү салууга тыюу салынат. Транспорттун кызмат адамдарын, ошондой эле жол улаш аскер командаларын аскер эшелону менен ала кетүүгө жол катнаштарындагы аскер коменданты тарабынан уруксат берилет.
Коркунучтуу жүк эшелондун кызмат адамдарынын, аскердик катнаш жана транспорт органдарынын туруктуу көзөмөлү астында транспорт түрлөрүндө колдонулган ченемдик документтердин талаптарына абдан ылайык келтирилип ташылат.
418. Аскер эшелонунан (командасынан) калып калган аскер кызматчысы жол катнашындагы аскер комендантына келүүгө, ал эми ал жокто станциянын (аэропорттун) зардалына келүүгө, артта калуу себептери жөнүндө айтууга (билдирүүгө), аскер эшелонунун (командасынын) номерин атоого жана аскер комендантынын же станциянын (аэропорттун) зардалынын көрсөтмөсү боюнча аракеттенүүгө милдеттүү.
Аскер эшелонунун (командасынын) зардалы
419. Аскер эшелонунун (командасынын) зардалы: тынымсыз күжүрмөн даярдык, аскердик эшелондордун (командаларынын) өз учурунда жүктөлүшү, көчүрүлүп жүктөлүшү жана жүгүнүн түшүрүлүшү үчүн; куралдардын жана аскердик техниканын жайгаштырылышынын жана бекемделишинин тууралыгы үчүн; аскер эшелонунун (командасынын) өздүк курамынын тартиби, белгиленген жүк ташуу эрежелеринин жана коопсуздук талаптарынын сакталышы үчүн; ар тараптан камсыз кылуунун жана өрткө каршы иш-чаралардын уюштурулушу, ташылып жаткан куралдардын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын, кыймылдуу курамдын жана анын жабдууларынын сакталышын ар тараптан камсыз кылууну жана өрткө каршы иш-чараларды уюштуруу үчүн; эшелондун санитардык-гигиеналык абалы үчүн жооп берет.
Аскер эшелонунун (командасынын) зардалы аскер бөлүгүнүн командирине же аскер эшелонун (командасын) түзгөн адамга жана жол катнашындагы аскер коменданттарына баш ийет. Ал аскер эшелонунун (командасынын) бүтүндөй өздүк курамынын тике зардалы болуп саналат.
420. Аскер эшелонунун (командасынын) зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- аскер эшелону (транспорту, командасы) жүктөлөр алдында өздүк курамга жүктөө-жүк түшүрүү иштерин жүргүзүүдө, жол жүрүүдө, өзгөчө электрлешкен темир жол менен жүргөндө коюлуучу коопсуздук талаптары, өрт чыкканда өрт коопсуздугу боюнча аракеттенүү, ашканалардын, мештерди (түтүн чыгуучу-желдеткич контейнерлерди) жана башка өрт чыгуу коркунучун келтирген жабдууларды вагондорго орнотууда өрткө каршы иш-чаралардын аткарылышын текшерүү боюнча нускоо өткөрүүгө;
- эшелонго байланышты уюштурууга жана жүк жүктөөчү-жүк түшүрүүчү жана башка командалардын башчыларын дайындоого;
- аскер эшелонун (командасын) жүктөөнү, көчүрүп жүктөөнү жана жүгүн түшүрүүнү уюшкандыкта жана белгиленген мөөнөтүндө жүргүзүүгө, курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка материалдык каражаттарды жайгаштыруунун жана бекемдөөнүн тууралыгын, ошондой эле жүк жүктөлүүчү жана түшүрүлүүчү жерде тийиштүү тартипти камсыз кылууга;
- вагондор боюнча улуктар тарабынан чыгарылуучу аскердик жабдуулардын кабыл алынышына, анын жүк түшүрүлгөн жерде тапшырылышына көз салууга жана жолдо баратканда анын сакталышын камсыз кылууга;
- өздүк курам тарабынан жүк ташуу эрежелеринин сакталышын жана коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле поезд токтоп турган учурда тартипти орнотууга;
- аскер эшелонундагы ички жана кароолдук кызматын, өрткө каршы коргонууну ар тараптан камсыз кылууну, ошондой эле курал-жарактардын жана аскердик техниканын абалына, аларды бекитүүнүн абалына жана сакчылар менен байкоочулар үчүн салынган тосмолордун бекемдигине көзөмөлдү уюштурууга;
- аскер эшелонунун (командасынын) жүгүн күтүүсүз жерден түшүрүүгө жана белгиленген районго марш менен барууга даярдыкты же күжүрмөн милдетти аткаруу үчүн даярдыкты камсыз кылууга;
- аскер эшелонуна (командасына) транспорт документтерин өз учурунда толтурууну камсыз кылууга;
- суткалык нарядды алмаштыруу убактысын белгилөөгө, ошондой эле өздүк курамды тамактандыруу тартибин аныктоого жана тамак-аштын чыгымдалышын бекитүүгө;
- жол жүрүп баратканда жол катнашындагы аскер коменданттарына аскер эшелонунун (командасынын) абалы жөнүндө баяндама жасоого жана аларга маршруттук баракты көрсөтүүгө;
- эшелондо санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын камсыз кылууга;
- артта калган аскер кызматчылар жөнүндө жол катнашындагы аскер комендантына, ал жок жерде, - алар калып калган станциянын (аэропорттун) зардалына билдирүүгө;
- душмандын таасиринен, өрттөн, кар күрткүсүнөн, сел алуудан пайда болгон аргасыз токтоп калууда, ошондой эле кыйроолордо жана башка окуяларда кыймылды калыбына келтирүүгө транспорт органдарына жардам көрсөтүүгө;
- оорулууларды (жарадарларды) вагонго - аскер эшелонунун изоляторуна жайгаштырууга, ал эми андан ары кете албагандарды, жакын арадагы аскердик же граждандык дарылоо мекемесине жайгаштырууга; аскер эшелонунун (командасынын) курамынан кимдир-бирөөлөр өлгөн учурда анын сөөгүн, буюмдары, документтери, каттары жана акчасы менен кошо жакын арадагы аскер госпиталына же ооруканасына берүүгө.
Аскер эшелонунун (командасынын) зардалы аскер эшелонун (командасын) ташуу жана камсыз кылуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн транспорт байланышынын каражаттарынын (телеграф, телефон, радио) акысын пайдаланууга укуктуу.
421. Ташууга тиешеси бар маселелерди аскер эшелонунун (командасынын) зардалы жол катнашындагы аскер коменданты менен, ал эми комендант жок жерлерде, - станциянын (аэропорттун) зардалы менен чечет.
422. Бир нече аскер эшелондору (командалары) бир поездде (аба кемесинде) бара жатса аскердик эшелондордун (командаларынын) биринин зардалы аскер бөлүгүнүн командири же жол катнашындагы аскер коменданты тарабынан башка аскердик эшелондордун (командалардын) зардалдарына карата улук болуп дайындалат, бул туурасында маршрут барагына тийиштүү жазуу жазылат.
423. Техникалык бузуктан улам вагондор аскер эшелонунан калып калган учурда аскер эшелонунун зардалы аларды алмаштырууну талап кылат. Аларды алмаштырууга мүмкүн болбогондо өздүк курам убактылуу түрдө поезддин башка вагондоруна жайгаштырылат. Курал-жарактары жана аскердик техникасы менен вагондор бөлүнүп калганда экипаж (айдоочулар, расчеттор) алар менен калат, ал эми башка аскер мүлкү менен - кароол калат. Аларды дайындалган пунктуна тез арада жеткирүү жагынан чаралар көрүлөт.
Аскер эшелонунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары
424. Аскер эшелонунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары эшелондун өздүк курамынын тарбиясы, аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы үчүн жооп берет. Ал аскер эшелонунун зардалына баш ийет жана бүткүл өздүк курамдын тике зардалы болуп саналат.
425. Аскер эшелонунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- улуттук жана психологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, жогорку кыраакылыктын жана ташуу жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоонун, куралды аскердик техниканы жана транспорттук мүлктү ташууга, сарамжал мамиле жасоонун духунда өздүк курам менен тарбия ишин жүргүзүүгө;
- аскердик тартипти чыңдоо жана укук бузууларга жол бербөө боюнча, аскердик кызматтын коопсуздук шарттарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- өздүк курамга маалымат берүүгө, жолдо бара жатып коомдук-мамлекеттик даярдык боюнча сабактарды уюштурууга жана жекече жүргүзүүгө;
- эшелондун суткалык нарядына моралдык-психологиялык таасир жүргүзүүгө; өздүк курамдын рухий керектөөлөрүн канааттандыруу жөнүндө камкордук көрүүгө, анын бош убактысын уюштурууга; бара жаткан жолдо өздүк курамды мезгилдүү басылмалар менен камсыз кылууга;
- тарбия ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттарды жана мүлктү туура жана сарамжалдуу пайдаланууга;
- аскер эшелонунун өздүк курамын табият кырсыгынын же башка өзгөчө жагдайдын натыйжасында бузулган темир жолдо кыймылды калыбына келтирүү боюнча ишке мобилизациялоого;
- аскер эшелонунун зардалына аскер эшелонунун өздүк курамынын аскердик тартиби жана моралдык-психологиялык абалы жөнүндө өз учурунда баяндама жасоого.
Аскер эшелонунун зардалынын күжүрмөндүктү камсыз кылуу боюнча жардамчысы
426. Аскер эшелонунун зардалынын күжүрмөндүктү камсыз кылуу боюнча жардамчысы аскер эшелонун кайтаруунун жана коргоонун абалы үчүн жооп берет. Ал аскер эшелонунун зардалына баш ийет жана аскердик күжүрмөндүктү камсыз кылуу боюнча бөлүнгөн аскер эшелонунун кичи бөлүктөрүнүн өздүк курамынын тике зардалы болуп саналат.
427. Аскер эшелонунун зардалынын күжүрмөндүктү камсыз кылуу боюнча жардамчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ташынуу мезгилинде күжүрмөндүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аскер эшелонунун зардалына билдирүүгө жана бул иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга;
- өздүк курам, курал-жарактар жана аскердик техника үчүн күтүү, жыйналуу райондорунда жана жүктү жүктөө-түшүрүү станцияларында (жерлеринде) далдоолорду жабдуу жана пайдалануу тартибин белгилөөгө;
- радиациялык, химиялык жана мүнөздүү болбогон биологиялык (бактериологиялык) чалгындоону, ал эми зарыл учурда - курал-жарактарды, аскердик техниканы, вагондорду же өздүк курам ээлеген кеме жайларды жарым-жартылай дезактивациялоону жана дегазациялоону уюштурууга;
- аскер эшелонунун өздүк курамынын жекече коргонуу каражаттары менен камсыз кылынышына көз салууга;
- жүк жүктөлгөн жана жүк түшүрүлгөн райондордо курал-жарактардын, аскердик техниканын кыймылын жана жашырылышын (маскировкаланышын) жөнгө салууну уюштурууга;
- аскер эшелонунда кароол кызматын өтөөнү жана абадан кол салуудан коргонуу каражаттарынын күжүрмөн кезметин уюштурууга жана контролдоого;
- марш жасоого өткөн учурга күжүрмөндүүлүктү камсыз кылуу иш-чараларын кароого.
Аскер эшелонунун зардалынын жабдуу боюнча жардамчысы
428. Аскер эшелонунун зардалынын жабдуу боюнча жардамчысы: оорук кызматы боюнча аскер эшелонун өз учурунда жана толук бойдон материалдык камсыз кылуу үчүн; кетип бара жаткан жолдо суу менен, тамак-аш менен камсыз кылууну жана мончо-кир жуу жагынан тейлөөнүн уююштурулушу үчүн жооп берет. Ал аскер эшелонунун зардалына баш ийет жана өзүнө тикеден-тике баш ийген өздүк курамдын тике зардалы болуп саналат.
429. Аскер эшелонунун зардалынын жабдуу боюнча жардамчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- аскер бөлүгүнүн штабынан аскер эшелонунун өздүк курамын азык-түлүк, буюм-тайым мүлк менен камсыз кылуу жана ташып бара жаткан учурда алардын эсебин алуу үчүн арналган бардык зарыл документтерди алууга;
- жөнөтүп жаткан пункттан ченемге жараша тийиштүү тамак-ашты алууну жана эшелондо аны ташууну, ошондой эле бара жаткан жолдо запасты толуктап турууну камсыз кылууга; сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууга жана ар бир аскер кызматчысына тиешелүү ченеминдеги жол азыгын берүүгө; эшелондо ашкана болбогон учурда аскердик азык-түлүк пункттарынан ысык тамак алууну уюштурууга;
- ашкананы жана адамдар түшүүчү вагондорду отун-суу, шаймандар, идиш-аяк, жарык берүү жана өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз кылууга;
- эшелондун врачы менен биргелешип, эшелондун ашканасында ысык тамак даярдоо үчүн кетүүчү тамак-аштын чыгымдалуу өлчөмүн түзүүгө жана аны эшелондун зардалына бекиттирүүгө сунуш кылууга;
- өрткө каршы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга;
- адамдарды ташуу үчүн вагондордун жабдылышын туура пайдаланууну уюштурууга, вагондордогу өрт өчүрүүчү каражаттардын жана от жагылуучу жасалгалардын бузук эместигине көз салууга;
- эшелондун өздүк курамын мончо-кир жуу жагынан тейлөөнү уюштурууга.
Ротанын командири
430. Ротанын командири өзүнүн тике зардалдарына жана аскер эшелонунун (командасынын) зардалына баш ийет.
Ушул Уставдын тийиштүү пункттарында баяндалган өздөрүнүн тике милдеттерин аткаруудан тышкары, ротанын командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамды, курал-жаракты, аскердик техниканы жана мүлктү көчүрүүгө даярдоого жана жүктөө планына ылайык аларды кыймылдуу состав боюнча бөлүштүрүүгө;
- көчүрүү эрежелери жана коопсуздук талаптары жөнүндө өздүк курамды нускоодон өткөрүүгө, аскер эшелонунун (командасынын) номерин жарыялоого;
- эшелондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча өздүк курамды суткалык нарядга жана жүктү жүктөөчү-түшүрүүчү же башка командаларга бөлүштүрүүгө жана от жаккычтарды дайындоого;
- кичи бөлүктүн жүк жүктөө, көчүрүү жана жүктү түшүрүү жумуштарына жекече жетекчилик кылууга, курал-жарактардын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын туура жайгаштырылышын, бекитилишин жана жашырылышын (маскировкаланышын) камсыз кылууга, бара жаткан жолдо алардын абалын контролдоого;
- бара жаткан жолдо кичи бөлүктүн өздүк курамы менен сабактарды уюштурууга;
- өздүк курам тарабынан аскердик тартиптин жана жүк ташуунун белгиленген эрежелеринин сакталышына, ошондой эле вагондордогу жабдуулардын сакталышына көз салууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Вагон боюнча улук
431. Вагон боюнча улук өз кичи бөлүгүнүн командирине жана аскер эшелону боюнча кезметчиге баш ийет. Ал вагондо жайгашкан өздүк курамдын тике зардалы болуп саналат.
432. Вагон боюнча улук төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамдын тизмесин алууга, вагонго жайгаштырылган курал-жарактардын жана башка материалдык каражаттардын санын билүүгө жана жөнөтөөр алдында аларды текшерип коюуга;
- жүктөөр алдында вагондун жабдууларын текшерүүгө жана кабыл алууга, ал эми жүктү түшүргөндөн кийин аны бүтүн бойдон жана оң түрүндө өткөрүүгө;
- өздүк курамды вагонго түшүрүүгө, жайгаштырууга жана жерге түшүрүүгө жетекчилик кылууга;
- вагон боюнча эшик сакчыларды дайындоого, алардын кызмат өтөөсүнө көз салууга, ошондой эле тамак-аш, отун-суу алуу үчүн жана башка ар түрдүү иштерге аскер кызматчыларын бөлүштүрүүгө;
- аскердик сырдын сакталышына жана өздүк курам тарабынан тартиптин, ички ыраттын, аскердик форманы кийүү эрежелеринин жана коопсуздук талаптарынын сакталышына көз салууга;
- өздүк курамды, куралды, ок-дарыларды жана башка материалдык каражаттарды эшелондун зардалынын уруксатысыз же команда (белги) берилгенге чейин чыгарууга жол бербөөгө;
- башка бирөөлөрдүн уруксатсыз вагонго түшүшүнө, ошондой эле аскер эшелонуна тиешеси жок жүктөрдүн ташылышына жол бербөөгө;
- вагондо керектүү температуранын сакталышына жана өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына көз салууга; вагондо өрт чыккан учурда аны өчүрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө жана поездди токтотуу үчүн белги берүүгө, өрттү өчүрүү менен бир эле мезгилде аскердик эшелон боюнча кезметчиге билдирүүгө;
- жерге түшүүгө даярдык көрүү туурасында көрсөтмө алган учурда өздүк курамга кийинүүгө, куралдарды жана өздүк буюмдарды алууга, меш жакканды токтотууга жана аны отун өчүрүүгө буйрук берүүгө;
- жерге түшкөндөн кийин вагондон бардык мүлк алынгандыгын жана мештердин өчүрүлгөндүгүн текшерүүгө;
- кичи бөлүктүн командирине жана аскердик эшелон боюнча кезметчиге ооруп калган, калып калган аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле курал-жарактан башка аскердик мүлктүн, вагондун жабдууларынын зыянга учурагандыгы же жоголгондугу жөнүндө жана болуп өткөн башка окуялар жөнүндө баяндама кылууга.
Аскердик эшелон боюнча кезметчи
433. Аскердик эшелон боюнча кезметчи офицерлерден дайындалат жана аскер эшелонунун зардалына жана көчүп бара жаткан аскердик бөлүктүн командирине баш ийет. Суткалык наряд жана вагондордогу улуктар ага баш ийет.
434. Аскер эшелону боюнча кезмети кызмат өтөөдө 288-293-пункттарды жетекчиликке алат. Мындан тышкары ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кичи бөлүктөрдүн командирлери тарабынан курал-жарактардын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын кароолдун кайтаруусуна тапшырылышына, ошондой эле сакчылардын биринчи нөөмөтүнүн коюлушуна, кароолдун алмаштырылып жана алынып турушуна көз салууга;
- өздүк курамдын санын, суткалык наряд тарабынан кызмат өтөөнү, кезметчи кичи бөлүктүн даярдыгын текшерип турууга, ошондой эле өздүк курам тарабынан өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына көз салууга;
- аскер эшелонундагы ырааттуулукка жана тартипке, ташынуу эрежелеринин жана материалдык каражаттардын сакталышына көз салууга;
- аскер эшелонунун зардалынын көрсөтмөсү боюнча кичи бөлүктөрдүн командирлерине, вагондордун улуктарына жана кароолдун зардалына өздүк курамдын сыртка чыгуусуна уруксат берилген аялдамаларды жарыялоого;
- бара жаткан жолдо ысык тамактын, отун-суунун жана жарык берүүчү каражаттардын уюшкандыкта алынышын жана таркатылышын камсыз кылууга;
- поездердди тейлөө менен байланышкан транспорт кызматкерлеринен тышкары башка бирөөлөрдүн аскердик эшелонго киришине жол бербөөгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Рота боюнча кезметчи
435. Рота боюнча кезметчи аскердик эшелон боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына, ал эми ротадагы ички кызмат тартибинде - ротанын командирине жана старшинасына баш ийет. Ротанын өздүк курамы бара жаткан вагондордун эшик сакчылары ага баш ийет.
436. Рота боюнча кезметчи 303-306-пункттарда каралган милдеттерди аткарат. Андан тышкары, ротанын командиринин көрсөтмөсү боюнча жана аскердик эшелондун кезметчисинин уруксаты боюнча ротадагы кезметчи токтогон жерлерде курал-жарактардын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бекемдигин жана маскировкасынын абалын текшерүүгө, кемчиликтери болсо четтетүүгө жана бул туурасында ротанын командирине жана аскер эшелону боюнча кезметчиге баяндама жасоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Вагон боюнча эшик сакчы
437. Вагон боюнча эшик сакчы рота боюнча кезметчиге, вагон боюнча улукка, ал эми алар жок жерде, - аскердик команданын зардалына баш ийет.
438. Вагон боюнча эшик сакчы 307 жана 308-пункттар боюнча милдетин аткарат. Мындан тышкары ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамды вагонго түшүрөрдүн же андан жерге түшүрөрдүн алдында тепкичти (бүктөмө шатыны) орнотууга жана эшиктин тосмосун алып коюуга, ал эми эл түшүп бүткөндө тепкичти (бүктөмө шатыны) алып салууга жана эшиктин тосмосун ордуна келтирүүгө;
- вагонго түшкөндөн кийин өздүк курамды текшерүүгө жана вагон боюнча улукка же аскердик бөлүктүн зардалына билдирүүгө;
- тиешелүү команда же белги берилгиче өздүк курамдын вагондон чыгышына жана формасыз чыгууга уруксат бербөөгө;
- мештердин жагылышына жана өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына, ошондой эле чака-челектерде суунун болушуна көз салууга; жерге түшөөр алдында отту өчүрүүгө;
- вагондорду тазалап турууну уюштурууга;
- жабдуулардын жана шаймандардын сакталышына көз салууга;
- аскер эшелонунун (командасынын) зардалынын жана аскер эшелону боюнча кезметчинин белгилерине жана командаларына байкоо жүргүзүүгө;
- вагондон башын чыгарууга, эшиктин тосмосуна жөлөнүүгө жана эшиктин оозуна турууга, вагондун эшиктеринин оозуна отурууга же турууга уруксат бербөөгө;
- вагондун аскер эшелонунун зардалы көрсөткөн эшиктерин ачылышына көз салууга;
- вагондон таштандылардын, тамак-аш калдыктарынын жана башкалардын ыргытылышына жол бербөөгө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
| 1-тиркеме 75, 91-пункттарга |
Күжүрмөн ант берүү РАСМЫСЫ
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Аскер кызматына алгачкы жолу келген же аскер кызматын өтөбөгөн жана биринчи жолу Күжүрмөн жыйынга чакырылып жаткан Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин жана аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусунун алдында Күжүрмөн ант берет.
2. Күжүрмөн антты:
толуктоого келген солдаттар, - тийиштүү программаны өтүп жана солдаттын негизги милдеттерин, Күжүрмөн антын, аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусунун жана Күжүрмөн тартиптин маанисин өздөштүргөндөн кийин, бирок Күжүрмөн бөлүккө келген күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен;
кесиптик билим берүүчү Күжүрмөн билим берүү мекемесинин (мектебинин) мурда Күжүрмөн ант бербеген курсанттары жана угуучулары, - ошол эле мөөнөт өткөндөн кийин беришет.
3. Толуктоого келген солдаттар, аскер кызматчылары болуп саналган аялдар, ошондой эле мурда Күжүрмөн ант бере элек кесиптик билим берүүчү Күжүрмөн билим берүү мекемесинин (мектебинин) курсанттары менен угуучулары Күжүрмөн антты аскер бөлүгүнүн командиринин, кесиптик билим берүүчү Күжүрмөн билим берүү мекемесинин башчысынын жетекчилиги астында беришет.
4. Күжүрмөн ант берген мезгил аскер бөлүгүнүн командиринин буйругунда жарыяланат. Буга чейин Күжүрмөн ант берүүчүлөр менен кичи бөлүктөрдө Күжүрмөн анттын мааниси жана Ата Мекенди коргоо маселелери боюнча мыйзамдардын талаптары жөнүндө түшүнүдүрүү иштери жүргүзүлөт.
5. Белгиленген убактысында Күжүрмөн бөлүк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин жана Күжүрмөн Туунун алдында жана оркестр менен параддык кийимин кийип жөө катарга, ал эми согуш учурунда колуна курал алып талаада кийүүчү формасы менен тизилет. Полк (бригада) адатта роталык же взводдук колонналардын сабына тизилет. Күжүрмөн ант берүүчү аскер кызматчылары алдыңкы катарда турат. Аскер бөлүгүнүн командири өзүнүн кыскача сөзүндө аларга Күжүрмөн анттын мааниси туурасында жана Күжүрмөн ант бергени жаткан аскер кызматчыларына жүктөлүп жаткан ардактуу жана жооптуу милдет, өз Ата Мекенине берилгендик туурасында эске салат.
Түшүндүрүү иретиндеги сөзүнөн кийин аскер бөлүгүнүн командири: "Эркин тур" деген команда жана кичи бөлүктөрдүн командирлерине Күжүрмөн ант берүүгө киришүүгө буйрук берет.
Роталардын жана башка кичи бөлүктөрдүн командирлери Күжүрмөн ант берүүчү аскер кызматчыларын кезеги менен катардан чакырат. Күжүрмөн ант берип жаткан ар бир аскер кызматчысы кичи бөлүктүн тизилген катарынын алдында Күжүрмөн анттын текстин үн чыгарып окуп берет, ушундан кийин атайын тизмедеги өз фамилиясынын тушундагы графага өзүнүн колун коет жана катардагы өз ордуна барып турат.
Күжүрмөн ант берип жаткандардын тизмесинин бланктары Коргоо маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген үлгү боюнча алдын ала даярдалат жана биринчи бетинде Күжүрмөн анттын тексти жазылган болот.
Күжүрмөн ант берүү аземи аяктагандан кийин Күжүрмөн ант берген аскер кызматчыларынын колдору коюлган тизмелер аскер бөлүгүнүн командирине кичи бөлүктөрдүн командирлери тарабынан тапшырылат. Аскер бөлүгүнүн командири солдаттарды (курсанттарды, угуучуларды, аскерге милдеттүүлөрдү) Күжүрмөн ант берүүсү менен, ал эми бүткүл бөлүктү - жаңы толуктоосу менен куттуктайт, ушундан кийин оркестр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткарат.
Мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин Күжүрмөн бөлүк Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында көрсөтүлгөн тартипте салтанаттуу марш менен өтөт.
Күн суукта же жаан-чачын учурунда Күжүрмөн ант берүү имараттын ичинде өткөрүлүшү мүмкүн. Кичи бөлүктөр Күжүрмөн бөлүктүн командири сүйлөгөндөн кийин өздөрүнүн жайына тарайт. Күжүрмөн ант берүү аяктагандан кийин кичи бөлүктөр команда боюнча салтанаттуу марш менен өтүү үчүн көрсөтүлгөн жерине кайрадан тизилет.
Кандайдыр бир себеп менен белгиленген күнү Күжүрмөн ант бербей калган бардык аскер кызматчылары кийинки күндөрү бөлүктүн штабында аскер бөлүгүнүн командиринин жетекчилиги астында өзүнчө Күжүрмөн ант беришет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6. Күжүрмөн ант берүү тарыхый жайларда, Күжүрмөн жана эмгек даңкынын жайларында, ошондой эле Ата Мекендин эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн салгылашууларда курман болушкан жоокерлердин боордоштор бейиттеринде өткөрүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда адатта Күжүрмөн ант берүү аземи өтүп жаткан жерге ант берүүчү аскер кызматчылары гана чыгарылат.
7. Күжүрмөн ант берүү күнү ошол Күжүрмөн бөлүк үчүн иштебеген күн болуп саналат жана майрам күнү катары өткөрүлөт.
8. Күжүрмөн ант бергендердин тизмеси аскер бөлүгүнүн штабында өзгөчө папкада номер коюлуп, жип өткөрүлүп жана сургуч мөөрү басылып сакталат. Белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин тизмелер архивге өткөрүлөт.
Аскер кызматчысынын Күжүрмөн билетине жана учеттук-кызматтык баракчасына аскер бөлүгүнүн штабынын башчысынын: "Күжүрмөн ант берген (күнү, айы, жылы)" деген белгиси коюлат.
9. Биринчи жолу Күжүрмөн жыйынга чакырылып жаткан жана мурда Күжүрмөн ант бербеген жарандар Күжүрмөн бөлүккө келген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен ант беришет.
Жалпы же жарым-жартылай аскерге чакыруу жарыяланары менен Күжүрмөн ант бербеген жарандар тынчтык мезгилинде Күжүрмөн бөлүккө келгенден кийин ант беришет.
10. Аскер кызматына кабыл алынган аял-аскер кызматчылары аскер бөлүгүнүн командиринин жетекчилиги астында бөлүктүн штабында Күжүрмөн ант берет.
11. Расмылардын өз учурунда жана так аткарылышы жана Күжүрмөн ант берген аскер кызматчыларынын каттоосу, ошондой эле Күжүрмөн ант бергендердин тизмелеринин сакталышы үчүн аскер бөлүгүнүн командири жооп берет.
| 2-тиркеме 75-пунктуна |
Аскердик бөлүккө Күжүрмөн Туу тапшыруу расмысы, аны сактоо жана күтүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Күжүрмөн Тууну тапшыруу үчүн аскердик бөлүк колуна курал алып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында катардык кароо өткөрүү үчүн белгиленген тартипте тизилет.
Согуш шартында Күжүрмөн Тууну тапшырууда Күжүрмөн бөлүктү катарга тизүү тартиби согуштун жагдайына жараша аныкталат.
2. Күжүрмөн Тууну жоокерлер катарга тизилген жерге чыгаруу үчүн Күжүрмөн Тууну тапшырууга келген башчынын карамагына аскер бөлүгүнүн командири негизинен ордендер жана медалдар менен сыйлангандардын, Күжүрмөн даярдыктын отличниктеринин ичиндеги сержанттардын, прапорщиктердин же офицерлердин арасынан туу көтөрүүчүнү жана эки коштоочуну жана тууну алып жүрүүчү взводду дайындайт.
3. Белгиленген убагында туу көтөрүүчү кабы менен Күжүрмөн Тууну алып чыгат жана Күжүрмөн Тууну тапшыруучу башчынын артынан үч кадам аралыкта Күжүрмөн бөлүк тизилген жерге келет. Мында туу көтөрүүчү Күжүрмөн Тууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында көрсөтүлгөн абалда сол ийнине көтөрүп келет; туу көтөрүүчүнүн оң жагында жана сол жагында коштоочулар жүрөт.
Күжүрмөн тууну тапшыруу үчүн келген адам катарга 40-50 кадам калганда Күжүрмөн бөлүктүн командири команда берет.
Мисалы: "Бригада, Туу астында "Түз тур", ОҢГО түзөлгүлө (СОЛГО, ОРТОГО); эгерде полк бригада карабинчен болсо, анда мындай деп команда берет: "Бригада, туу астында "Түз тур". Оңдон (солдон, фронттон) тосуу үчүн на кра-УЛ".
Оркестр "Тосуу маршын" аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4. Аскер бөлүгүнүн командири команда бергенден кийин колун баш кийимине такап Күжүрмөн тууну тапшыруу үчүн келген адамга басып келет, ага эки-үч кадам жетпей токтоп баяндама жасайт.
Мисалы: "Жолдош генерал-майор. Суворов ордендүү Берлиндик 105-гвардиялык мотоаткычтар бригадасы Күжүрмөн Тууну тапшырууга байланыштуу тизилди. Бригаданын командири, гвардиянын полковниги Керимов".
Бригаданын командири Күжүрмөн Тууну тапшыруу үчүн келген адамга баяндоо жасоо үчүн токтогон учурда оркестр оюнун токтотот, туу көтөрүүчү Күжүрмөн Тууну оң бутунун жанына тикесинен коюп, аны бутунун жанында бош түшүрүлгөн оң колу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставынын талаптарына ылайык кармап турат.
5. Күжүрмөн Тууну тапшыруу үчүн келген адам баяндаманы кабыл алып, катардын орто ченине келип, аскер бөлүгү менен учурашып, туу көтөргүчкө келет. Туу көтөрүүчү анын жанына Күжүрмөн Тууну тапшыруучу басып келгенде Күжүрмөн Тууну жантайтат жана аны эки колу менен горизонталдуу абалда кармайт. Күжүрмөн Тууну тапшыруучу кабын чечип, Күжүрмөн Тууну жазат. Андан соң туу көтөрүүчү Күжүрмөн Тууну тикесинен коюп, аны оң колу менен кармап, катарды карай бурулат.
Күжүрмөн Тууну тапшыруучу адам Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасын окуп берет, ушундан кийин Күжүрмөн Тууну жана Грамотаны Күжүрмөн бөлүктүн командирине тапшырат. Оркестр Мамлекеттик гимнди аткарат.
6. Күжүрмөн бөлүктүн командири, Күжүрмөн Тууну жана Грамотаны кабыл алып, оркестр Мамлекеттик гимнди аткарып бүткөндөн кийин Күжүрмөн Тууну туу көтөргүчкө берет жана "Туу көтөрүүчү, менин артыман-БАС" деген команда берет. Туу көтөрүүчү "артыман" деген команда болгондо Күжүрмөн Тууну сол ийнине алат.
7. Аскердик бөлүктүн командири, анын артынан үч кадам аралыкта Күжүрмөн Тууну көтөрүүчү менен ассистенттер сол канатын көздөй барышат, ушундан кийин катардын фронтун бойлой (10-15 кадамда) анын оң канатын көздөй өтүшөт. Оң канатка чыгып, Күжүрмөн бөлүктүн командири туу көтөргүч менен ассистенттерине катарда алар үчүн аныкталган жерге турууну буюрат. Оркестр кыймылдын башталышы менен жана туу көтөрүүчү катарга жетип токтогонго чейин "Тосуу маршын" аткарат. Аскер бөлүгү Күжүрмөн Тууну созулуп чыккан "ура" деген үндөр менен куттуктайт.
Туу көтөрүүчү ордуна келери менен, аскер бөлүгүнүн командири оркестрди токтотуу үчүн белги берет, катардын ортосуна чыгат жана Күжүрмөн Тууну тапшырган адамдын катарына токтойт, андан соң анын көрсөтмөсү боюнча "Эркин тур" деген команда берет, эгерде бригада "кароол" абалында карабин көтөрүп турган болсо, алдын ала "Бригада, буту-НА" деген команда берет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8. Күжүрмөн Тууну тапшырган адам аскер бөлүгүн Күжүрмөн Тууну алышы менен куттуктайт, бөлүк куттуктоого үч жолу созулуп чыккан "Ура" деген үндөр менен жооп берет. Ушундан кийин аскер бөлүгүнүн командири жооп кайтарып сөз сүйлөйт.
9. Расымдын акырында аскер бөлүгү Күжүрмөн Тууну тапшырган адамдын алдынан салтанаттуу марш менен өтөт. Салтанаттуу марш менен өткөндөн кийин Күжүрмөн бөлүк кайрадан тизилет жана Күжүрмөн Туу сакталуучу жерине алынып кетет.
10. Күжүрмөн Туу тынчтык жана согуш мезгилинде бардык шартта жана жагдайда өзүнүн аскер бөлүгү менен бирге болот. Ал дайыма кароолдун кайтаруусунда болууга тийиш, ал эми Күжүрмөн бөлүккө алып чыккан учурда - туу көтөргөн взводдун кайтаруусу астында болот.
Аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусу:
- аскер бөлүгүнүн казармадагы жайында жана ал калктуу пункттарга жайгашканда - бөлүктүн штабында;
- күжүрмөн кезметте турган Күжүрмөн бөлүктөрдө, - Күжүрмөн бөлүктүн командалык пунктунда;
- Күжүрмөн бөлүк лагерде (чатырларда) жайгашкан полигондо - чатырлардын биринчи катарынын сызыгында Күжүрмөн бөлүк жайгашкан жердин чок ортосунда, атайын бастырманын астында;
- машыгууларда - Күжүрмөн бөлүктүн командири көрсөткөн жерде болот.
Тынчтык мезгилде бөтөнчө бир учурларда бирикменин аз сандагы бир нече Күжүрмөн бөлүктөрүнүн Күжүрмөн тууларын чогуу сактоого уруксат берилет.
11. Күжүрмөн бөлүк казармада жайгашкан учурда Күжүрмөн Туу постто ордендер, ордендик жана туулардын ленталары менен бирге сабына жазылган түрүндө айнектелген шкафта, Күжүрмөн бөлүктүн герби бар сургуч мөөрү басылып сакталат; ал туу бекиткичке (тууну сабын бекитүү үчүн көзөнөктөрү бар мамычага) тикесинен орнотууга тийиш.
Башка учурларда Күжүрмөн Туу түрүлгөн түрүндө жана кутусунун ичинде, Күжүрмөн бөлүктүн герби бар сургуч мөөрү басылып сакталат.
12. Күжүрмөн бөлүк автомобиль, темир жол транспорту менен көчкөндө Күжүрмөн Туу үчүн өзүнчө бөлөк автомобиль, вагон бөлүнөт. Туу көтөргүч, ассистенттер жана кароол Күжүрмөн Туу менен кошо жүрөт, ошондой эле акча салынган үкөк жана жашыруун документтер салынган үкөк кошо ташылышы мүмкүн.
13. Күжүрмөн Туунун туура сакталышы жана күтүлүшү үчүн аскер бөлүгүнүн штабынын башчысы тикеден-тике жооп берет.
Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өзү же өзүнүн орун басары жана жардамчылары аркылуу Күжүрмөн Туунун түбүндөгү постто сакчылардын кызмат өтөөсүн системалуу түрдө текшерип турууга;
- айына бир жолудан кем эмес Күжүрмөн Тууну 14-пунктта көрсөтүлгөн тартипте карап чыгууну жүргүзүүгө;
- Күжүрмөн Тууну карап чыгууда табылган кемчиликтерди четтетүү жагынан чара көрүүгө, бул туурасында аскер бөлүгүнүн командирине баяндама кылууга;
- атайын журнал жүргүзүп, анда Күжүрмөн Тууну карап чыгууда табылган кемчиликтерди, карап чыккан убактысын белгилеп жана аларды четтетүүгө карата көрүлгөн чараларды көрсөтүп, бул туурасында аскер бөлүгүнүн командирине баяндама кылып турууга.
14. Күжүрмөн Тууну карап чыгуу штабдын зардалы тарабынан туу көтөрүүчүнүн, ассистенттердин жана кароолдун башчысынын катышуусу менен жүргүзүлөт. Күжүрмөн Туу кутуда турганда, карап чыгуу үчүн штабдын башчысы аны жазууну буйруйт. Бул буйрук боюнча туу көтөрүүчү Күжүрмөн Тууну горизонталдык абалга келтирет, ассистенттердин бири кабын чечет, ал эми туу көтөрүүчү туунун сабын акырындык менен бурап Күжүрмөн Тууну жазат. Ассистенттер туу көтөрүүчүгө жардам берет жана боолору, алаканы чачышпагандай жана туу жерге (полго) тийбегендей кармап, көз салып турушат. Мында ордендердин саны жана абалы, ордендик, туу тасмаларынын абалы, кабынын, боолорунун, алакандарынын, сабынын жана башындагы жебесинин тууралыгы текшерилет.
Күжүрмөн Тууну ороого штабдын башчысынын буйругу боюнча туу көтөрүүчү Күжүрмөн Тууну горизонталдык абалга түшүрүп, анын төмөн жагы жерге (полго) тийбегендей кылат. Ушундан кийин ассистенттердин бири тууну бурчтарынан кармап акырын чоюп турат, ал эми туу көтөрүүчү менен экинчи ассистент сабын жайбаракат айлантып, туунун бетин ичин көздөй түрөт, бул учурда бир жери бүктөлүп калбоосуна жана ордендик тасмалары, алакандары жана боолору чачышып калбоосуна көз салат. Алакандары түрүлгөн тууга узатасынан чоюлган боолоруна жаткырылат.
Туу түрүлүп бүткөндө ассистенттер Күжүрмөн Туунун кабын жаап, штабдын башчысы ага герби бар сургуч мөөрүн басып, ушундан кийин Күжүрмөн Тууну кароолдун кайтаруусуна тапшырат.
15. Күжүрмөн Тууну Күжүрмөн бөлүккө алып чыкканда жана аны кароолдун кайтаруусуна тапшырганда тууну жазуу жана түрүү штабдын башчысынын же 14-пунктта көрсөтүлгөндөй анын жардамчысынын (орун басарынын) тикеден-тике байкоосу астында туу көтөрүүчү жана ассистенттер тарабынан жүргүзүлөт.
16. Эгерде Күжүрмөн Туу кабынын ичинде сакталса, аны кургатуу имараттын сыртында көлөкө жерде же имараттын ичинде жүргүзүлөт. Кургатуу учурунда Күжүрмөн Туу туу көтөрүүчү жана ассистенттер тарабынан кайтарылат.
| 3-тиркеме 5-пунктуна |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын Күжүрмөн наамдарынын ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Аскер кызматчыларынын курамы | Күжүрмөн наам |
Солдаттар | Катардагы жоокер (курсант) Ефрейтор |
Сержанттар жана старшиналар | Кенже сержант Сержант Улук сержант Старшина |
Прапорщиктер | Прапорщик Улук прапорщик |
Кенже офицерлер | Кенже лейтенант Лейтенант Улук лейтенант Капитан |
Улук офицерлер | Майор Подполковник Полковник |
Жогорку офицерлер | Генерал-майор Генерал-лейтенант Генерал-полковник |
1. Гвардиялык Күжүрмөн бөлүктө же гвардиялык бирикмеде кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын Күжүрмөн наамынын алдына "гвардия" деген сөз кошумчаланат.
2. Юридикалык, медициналык же ветеринардык аскер-учеттук адистиги бар аскер кызматчыларынын Күжүрмөн наамдарына тиешелүү түрдө "юстициянын", "медициналык кызматтын", "ветеринардык кызматтын" деген сөздөр кошулуп жазылат.
Мисалы: медициналык кызматтын лейтенанты, ветеринардык кызматтын капитаны, медициналык кызматтын полковниги, юстициянын генерал-майору.
Запастагы (резервдеги) же отставкадагы адамдын Күжүрмөн наамына тиешелүү түрдө "запастагы" ("резервдеги") же отставкадагы" деген сөздөр кошулат.
3. Сержанттардын (старшиналардын жана прапорщиктердин Күжүрмөн наамдарына аскерлердин же кызматтардын түрүнүн аталышы кошумчаланбайт.
4. Кесиптик билим берүүчү Күжүрмөн билим берүү мекемелеринде окуп жаткан аскер кызматчылары: офицерлик Күжүрмөн наамы жоктор - курсанттар, ал эми Күжүрмөн наамы барлар - угуучулар деп аталат.
Кесиптик билим берген Күжүрмөн билим берүү мекемесине тапшырганга чейин Күжүрмөн наамы жок жарандарга же Күжүрмөн наамы бар солдатка окууга өткөндө курсант деген Күжүрмөн наам ыйгарылат. Кесиптик жактан билим берген Күжүрмөн билим берүү мекемесине тапшырганга чейин ыйгарылган башка Күжүрмөн наамдар сакталат.
| 4-тиркеме 61-пунктуна |
Ардактуу келүүчүлөрдүн КИТЕБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Ардактуу келүүчүлөрдүн китеби бардык бригадаларда (бригадада), өзүнчө Күжүрмөн бөлүктө жүргүзүлөт.
2. Ардактуу келүүчүлөрдүн китебине өздөрүнүн Күжүрмөн бөлүккө келгендиги жөнүндө эстелик катары ардактуу келүүчүлөр жазып калтырышат.
Жазып калтыруу үчүн Ардактуу келүүчүлөрдүн китеби Күжүрмөн бөлүктүн командири тарабынан сунуш кылынат.
3. Ардактуу келүүчүлөрдүн китеби сакталуучу жер Күжүрмөн бөлүктүн командири тарабынан аныкталат. Мында сакталуучу жер анын маанисине ылайык келип жана бүткүл өздүк курамдын аны менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай болууга тийиш.
| 5-тиркеме 75-пунктуна |
Аскер бөлүгүнүн ЖЫЛДЫК МАЙРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Аскер бөлүгүнүн жылдык майрамы аскер кызматчыларын Ата Мекенге берилгендиктин, Күжүрмөн милдетке, Күжүрмөн салттарга берилгендиктин жана Күжүрмөн шериктештикти чыңдоонун духунда тарбиялоо максатында жүргүзүлөт. Аны өткөрүү датасы Күжүрмөн бөлүктүн тарыхындагы эсте каларлык күндөрдүн биринин урматына Коргоо министри тарабынан белгиленет. Ал күндөр төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- түзүлгөн күнү;
- орден менен сыйланган күнү;
- ардак-наам же "гвардиялык" деген наам ыйгарылган күнү;
- Ата Мекендин душмандарына каршы күрөштө жетишилген даңазалуу жеңиш күнү;
- Күжүрмөн кезметке киришкен биринчи күн.
Майрам күнүн белгилөө жөнүндө аскер бөлүгүнүн тарыхый формулярында тиешелүү жазуу жазылат.
2. Аскер бөлүгүнүн жылдык майрамы белгиленген датага жакын турган дем алыш күнү өткөрүлөт. Бул күнү Күжүрмөн бөлүк Күжүрмөн Туу жана оркестр менен катарга тизилет. Аскер бөлүгүнүн командири, башка аскер кызматчылары жана ветерандар катардын алдында кыскача сөз сүйлөп, бөлүктүн күжүрмөн санжырасы, тынчтык учурунда жетишилген ийгиликтер жөнүндө айтып беришет. Андан кийин Күжүрмөн бөлүк салтанаттуу марш менен өтөт. Жылдык майрамдын алдында Күжүрмөн бөлүктү катарга тизүүнүн ордуна салтанаттуу чогулуш өткөрүүгө жол берилет.
Жылдык майрам өтүп жаткан күнү башка дагы салтанаттуу маданий жана спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Майрамга башка аскер бөлүктөрүнүн жана коомчулуктун өкүлдөрү, аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана бөлүктүн ардагерлери катышуусу мүмкүн.
| 6-тиркеме 75, 177-пунктуна |
Жаңыдан келген толуктоону кичи бөлүктөргө бөлүштүрүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Жаңыдан келген толуктоо ар бир аскер кызматчысынын ишкердик сапаттары иликтенгенден кийин жана саламаттык абалын, адистигин, анын ичинде аскер кызматына чакырылганга чейин алган Күжүрмөн-учеттук адистигин, мүнөздөмөсүн жана аскер комиссариатында (окуу борборунда) берилген корутундуну жана кесиптик жарактуулугун эске алуу менен кичи бөлүктөргө бөлүштүрүлөт. Толуктоону бөлүштүрүү туурасында Күжүрмөн бөлүк боюнча буйрук чыгарылат.
2. Дайындалган убагында Күжүрмөн бөлүк оркестр менен жөө катарга тизилет.
Жаңыдан келген толуктоо кичи бөлүктөрдүн старшиналары менен катардын орто ченинин алдына 20-40 метр аралыкка эки сапка катарга бет маңдай карап тизилет.
Катарга тизүү жана аскер бөлүгүнүн командиринин жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында "Бөлүктүн (бригаданын) кароосу" бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй өткөрүлөт.
3. Аскер бөлүгүнүн командири учурашуусуна жооп алгандан кийин кыскача сөзүндө бөлүктүн Күжүрмөн жолу, анын баатырлары жана сыйлыктары жөнүндө, күжүрмөн даярдыкта кичи бөлүктөрдүн жетишкен ийгиликтери жөнүндө жана аскер кызматчыларына жүктөлүп жаткан ардактуу жана жооптуу милдет жөнүндө айтып берет. Андан кийин аскер кызматын аяктап жаткан мөөнөттүү кызматтагы бир-эки аскер кызматчысына. Жана жаңыдан келип жаткан бир-эки аскер кызматчысына сөз берилет.
4. Аскер бөлүгүнүн штабынын башчысы жаңыдан келген толуктоону кичи бөлүктөрдүн штатына киргизүү жөнүндө буйрукту жарыялайт.
Аскер бөлүгүнүн командири өздүк курамды жаңы толуктоо менен куттуктайт, ушундан кийин оркестр Мамлекеттик гимнди аткарат.
5. Аскер бөлүгүнүн командиринин "Катарга тур" командасы боюнча кичи бөлүктөрүнүн старшиналары жаңыдан келген толуктоо менен өз кичи бөлүктөрүнүн катарына барып турат.
6. Жаңыдан келген толуктоону кичи бөлүктөргө бөлүштүрүү расмысы аскер бөлүгүнүн салтанаттуу марш менен өтүүсү аркылуу аяктайт.
| 7-тиркеме 75-пунктуна |
Өздүк курамга курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы тапшыруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Аскер кызматчыларына курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы бекитип берүү алар Күжүрмөн ант бергенден кийин ишке ашырылат. Өздүк курамга курал-жарак жана Күжүрмөн техника тапшырылганга чейин бул курал-жарактардын жана Күжүрмөн техниканын согуштук (техникалык) мүмкүнчүлүктөрүн жана азыркы учурдагы салгылашуулардагы маанисин, ошондой эле курал-жарактардын жана Күжүрмөн техниканын колдонулуу коопсуздугуна коюлуучу талаптарды иликтөө боюнча алар менен сабактар өткөрүлөт.
Кичи бөлүктөрдүн командирлери тапшырылып жаткан курал-жарактардын жана Күжүрмөн техниканын тууралыгын текшерет жана тапшырууга даярдык туурасында команда боюнча баяндама жасайт.
Аскер бөлүгүнүн командири курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы экипаждардын (расчеттордун) мүчөлөрүнө, айдоочуларга (механик-айдоочуларга) жана башка адамдарга бекитүү жөнүндө буйрук берет жана курал-жарактарды, Күжүрмөн техниканы өздүк курамга салтанаттуу тапшыруу убактысын жана тартибин белгилейт. Буйруктун номери жана курал-жарак менен Күжүрмөн техника бекитилип берилген адамдардын фамилиялары формулярларга (паспортторго) жазылат. Атылуучу куралдын аталышы, анын сериясы жана берилген датасы анын ким экендигин ырастаган документтерге, ошондой эле өздүк курамга куралды бекитүү ведомостуна жазылат.
2. Белгиленген убактысында аскер бөлүгү Күжүрмөн Туунун жана оркестрдин коштоосунда курал алып жөө катарга тизилет.
Тапшырылууга тийиш болгон атуучу курал катарга тизилгендердин алдына чыгарылат жана катардан 10 метр аралыкта жайгаштырылат. Башка курал-жарактар жана Күжүрмөн техника алар сакталган жеринде тапшырылат.
3. Аскер бөлүгүнүн командири кыскача сөзүндө аскер кызматчыларына ишенилип берилген курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы чеберчилик менен урунуу, аларды Ата Мекенди коргоо үчүн колдонууга дайыма даяр кармоо жөнүндө Күжүрмөн уставдардын талаптарын аскер кызматчыларынын эсине салат. Андан кийин курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы бекитип берүү жөнүндө буйрук жарыяланат.
Буйрук жарыялангандан кийин аскер бөлүгүнүн командири "Эркин тур" деп команда берет жана кичи бөлүктөрдүн командирлерине атуучу куралды тапшырууга киришүүнү буйруйт.
Роталардын (батареялардын) жана башка кичи бөлүктөрдүн командирлери аскер кызматчыларын кезеги менен катардан чакырат жана аларга курал тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4. Атуучу курал тапшырылгандан кийин кичи бөлүктөрдүн командирлери аскер бөлүгүнүн командиринин командасы боюнча өздүк курамды курал-жарак жана Күжүрмөн техника сакталган жерге алып барат.
Өздүк курам курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы кабыл алуу үчүн экипаж (расчеттор боюнча) боюнча тизилет жана кичи бөлүктүн командиринин командасы боюнча алардын абалын жана комплектиленишин текшерет.
Курал-жарак жана Күжүрмөн техника узакка сакталган учурда, анын ичинде корпустары (объектилери) герметизацияланганда аларды жарым-жартылай расконсервациялоого жана разгерметизациялоого жол берилет.
Кичи бөлүктөрдүн командирлери экипаждардын (расчеттордун) командирлеринин, айдоочулардын механик-айдоочулардын жана курал-жарак же Күжүрмөн техника бекитилген башка адамдардын баяндамаларын кабыл алат жана аларга формулярларды (паспортторду) тапшырат, формулярларга өздүк курам колун койгон учурдан тартып өздөрүнө бекитилген курал-жарак жана Күжүрмөн техника үчүн жооп берет.
Курал-жарак жана Күжүрмөн техника бекитилгенден кийин тийиштүү шарттар болгон учурда иш жүзүндө алардын согуштук (техникалык) мүмкүнчүлүктөрүн жана аларды устаттык менен колдоно билүүнүн мисалдары көрсөтүлүшү мүмкүн.
Курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы консервациялоо жана герметизациясын калыбына келтирүү боюнча иштер курал-жарак жана Күжүрмөн техника тапшырылгандан кийин ошол эле күнү аткарылууга тийиш.
5. Курал-жарак жана Күжүрмөн техника тапшырылгандан кийин кичи бөлүктөрдүн командирлери өздүк курамды Күжүрмөн бөлүктүн командири көрсөткөн жерге катарга тизет жана ага өзүнө баш ийген өздүк курамга курал-жарактардын жана Күжүрмөн техниканын тапшырылгандыгы жөнүндө баяндама кылат.
Аскер бөлүгүнүн командири өздүк курамды курал-жарактын жана Күжүрмөн техниканын тапшырылышы менен куттуктайт.
6. Курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы тапшыруу аземи Күжүрмөн бөлүктүн салтанаттуу марш менен өтүшү аркылуу аяктайт.
| 8-тиркеме 63, 75, 86-пункттарга |
Аскер кызматчыларын сурап чыгуу жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Ордун, убактысын, катарга тургузуу жана сурап чыгуу жүргүзүүнүн тартибин, кийүүчү формасын аскер бөлүгүнүн командири же инспекциялоо (текшерүү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу үчүн дайындалган адам тарабынан сурап чыгуу башталарына бир-эки күн калганда аныкталат.
Сурап чыгуу жүргүзүүчү адам ал башталганга чейин аскер бөлүгүнүн сунуштары, арыздар жана даттануулар китеби жана ал боюнча кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгууга милдеттүү.
2. Сурап чыгуу жүргүзгөн башчыны тосуп алуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
3. Сурап чыгуу аскер кызматчыларынын категориялары боюнча - солдаттар, сержанттар (старшиналар), прапорщиктер, офицерлер, аскер кызматындагы аялдар тарабынан өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Офицерлерди сурап чыгуу аткарган кызматтары боюнча - взводдордун командирлери өзүнчө, ротанын командирлери өзүнчө, батальондордун командирлери жана аларга теңештирилгендер өзүнчө жүргүзүлөт. Роталардын жана батальондордун командирлеринин орун басарлары өздөрүнүн командирлеринен бөлөк, ал эми бөлүктүн башкаруусунун офицерлери - кичи бөлүктөрдүн офицерлеринен өзүнчө жүргүзүлөт.
4. Солдаттарды сурап чыгуу роталар боюнча жүргүзүлөт. Офицерлер, прапорщиктер жана сержанттар (старшиналар) өздөрүнүн кичи бөлүктөрүнүн катарынын алдында алар үчүн көрсөтүлгөн аралыкка чыгышат жана команда боюнча ортосун көздөй биригишет. Андан соң офицерлер команда боюнча штаттык кызматтарына ылайык орундарын ээлейт.
Сурап чыгуу ошондой эле имараттын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Сурап чыгуу жүргүзүүдө Күжүрмөн бөлүктүн (кичи бөлүктүн) командири же инспекциялоочу (текшерүүчү) аскер кызматчыларынын ичинен кимисинин сунушу, арызы же даттануусу бар экендигин сурайт. Сунушу, арызы же даттануусу бар аскер кызматчысы кызматын, Күжүрмөн наамын жана фамилиясын атайт, катардан алдыга чыгат жана сунушту, арызын же даттануусун оозеки баяндап берет же жазуу жүзүндө көрсөтөт.
6. Аскер бөлүгүнүн командири жүргүзгөн сурап чыгуу учурунда түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар аскер бөлүгүнүн сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине жазылат, ал эми кичи бөлүктүн командири жүргүзгөн сурап чыгууда, - аскер бөлүгүнүн командиринен жана андан жогорку башчыдан чечим кабыл алынууга тийиш болгондор гана жазылат.
7. Инспекциялоо (текшерүү) учурунда аскер кызматчыларын сурап чыгууда белгилүү болгон даттануулар, сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине жазылбайт.
| 9-тиркеме 75-пунктуна |
Запаска же отставкага бошогон аскер кызматчыларын узатуу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Аскер кызматчысынын наамын булгаган укук бузуулар үчүн бошотулгандарды кошпогондо, аскер кызматчыларын запаска же отставкага узатуу салтанаттуу кырдаалда өткөрүлөт, ага аскер бөлүгүнүн ардагерлери, башка аскер бөлүктөрүнүн (кичи бөлүктөрдүн) аскер кызматчылары, коомчулуктук өкүлдөрү жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү чакырылышы мүмкүн.
Запаска же отставкага бошогон аскер кызматчыларын узатуу төмөнкүчө ишке ашырылат:
- аскер бөлүктөрүнүн командирлери - Күжүрмөн Туунун алдында аскер бөлүгүнүн катарынын алдында;
- кичи бөлүктөрдүн командирлери - офицерлер, прапорщиктер - подразделениенин катарынын алдында же офицерлердин, прапорщиктердин чогулушунда;
- аскер бөлүгүнүн башкармаларында жана штабдарда кызмат өтөгөн аскер кызматчылар, - ушул башкармалардын, штабдардын өздүк курамынын катарынын алдында же жыйынында;
- солдаттар менен сержанттар (старшиналар, - бир учурда запаска бошотулган аскер кызматчыларынын санына жараша аскер бөлүгүнүн же кичи бөлүктүн катарынын алдында.
Запаска же отставкага бошотулган аскер бөлүгүнүн командирин узатууну уюштуруу анын тикеден-тике башчысына, ал эми калган бошотулган аскер кызматчыларын узатууну уюштуруу - бошоп жаткан аскер кызматчысы кызмат кылган аскер бөлүгүнүн же кичи бөлүктүн командирине (башкарманын, штабдын башчысына) жүктөлөт.
2. Запаска же отставкага бошотулган аскер бөлүгүнүн командирин узатуу үчүн аскер бөлүгү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында катардык кароо өткөрүү үчүн белгиленген тартипте параддык же күнүмдүк формачан жөө катарга тизилет. Күжүрмөн бөлүктү катарга тизүүгө анын жаңы командири жетекчилик кылат, ал эми Күжүрмөн бөлүктүн запаска же отставкага кетип жаткан командири узатууну уюштуруп жаткан командирдин (башчынын) катарына турат.
Узатууну уюштуруп жаткан командир (башчы) баяндаманы кабыл алып жана өздүк курам менен учурашып, аскер бөлүгүнүн командирин запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйрукту окуп берет, кыскача сөз сүйлөп, анын сиңирген эмгектерин белгилейт, ошондой эле алган сыйлыктары жөнүндө айтат жана бошоп жаткандыгына байланыштуу грамота менен сыйланса, аны тапшырат.
Өздүк курамдын тизилген катарынын алдында аскер бөлүгүнүн башка кызматчылары, бөлүктүн ветерандары, аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү сүйлөөсү мүмкүн, мындан соң аскер бөлүгүнүн бошоп жаткан командирине анын өтүнүчү боюнча жооп кайтарган сөз берилет.
Запаска же отставкага бошоп жаткан командир сүйлөгөндөн кийин аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусу менен коштошот. Бул үчүн аскер бөлүгүнүн жаңы командири тизилген катардын ортосуна чыгып: "Туу көтөрүүчү, мени көздөй - БАС" деген команда берет. Бул команда боюнча штабдын башчысынын жардамчысы (орун басары) Күжүрмөн Туунун алдына эки кадам жетпей токтоп: "Менин артыман - ТҮЗ БАС" деген команда берет жана аскер бөлүгүнүн командиринин жанына жетип, туу көтөрүүчүнү жана ассистенттерди ага бет маңдай тургузат, өзү алардын он жагына турат. Запаска же отставкага бошоп жаткан командир аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусуна басып келип, баш кийимин алып, бир тизесине чөгөлөп, туунун четин өбөт.
Күжүрмөн Туу менен коштошкондон кийин запаска же отставкага бошонгон аскер бөлүгүнүн командири өз ордуна кайтып келет, ал эми туу аскер бөлүгүнүн тизилген катарындагы белгиленген ордуна жеткирилет.
Күжүрмөн Тууну алып бара жаткан учурда оркестр "Тосуу маршын" ойнойт.
Узатуу аскер бөлүгүнүн салтанаттуу марш менен өтүүсү аркылуу аяктайт.
3. Запаска же отставкага бошотулуп жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлерин - офицерлерди, прапорщиктерди жана башкармалар менен штабдарда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын узатуу 2-пунктта көрсөтүлгөн тартипте ишке ашырылат. Мында өздүк курам күнүмдүк формасы менен тизилет, Күжүрмөн бөлүктүн Күжүрмөн Туусу чыгарылбайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын запаска же отставкага узатуу учурунда чогулуштарда аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүгүнүн командири) бошотуу туурасында буйрукту окуп берет, сөз сүйлөп, анда алардын сиңирген эмгектерин белгилейт, ошондой эле эгерде алар сыйланган болсо бошоп жаткандыгына байланыштуу грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырат. Запаска же отставкага бошоп жаткан аскер кызматчыларына андан кийинки урмат көрсөтүү бөлүктүн командири белгилеген тартипте өткөрүлөт.
4. Запаска бошоп жаткан солдаттар менен сержанттарды (старшиналарды) узатуу үчүн аскер бөлүгү жөө катарга күндөкүдөй формачан тизилет, аскер бөлүгүнүн командиринин чечими боюнча Күжүрмөн бөлүк тизилгенден кийин Күжүрмөн Туу алынып чыгарылат. Бул аскер кызматчыларын узатуу үчүн кичи бөлүктүн катарынын алдына аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусу чыгарылбайт.
Катар тизилгенден кийин аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүгүнүн) командири менен жолугушуп жана Күжүрмөн Туу чыгарылгандан кийин запаска бошоп жаткан аскер кызматчылары командирдин командасы боюнча катардан чыгат жана катардын алдына 20-40 метр жерге кичи бөлүктөр боюнча тизилет, андан кийин команда боюнча ортосун көздөй жылышат.
Аскер бөлүгүнүн штабынын башчысы (кичи бөлүктүн) командири аскер кызматчыларын запаска бошотуу жөнүндө жана айрыкча айырмалангандарды сыйлоо жөнүндө буйрукту жарыялайт. Сыйлоо аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүгүнүн) командири тарабынан жүргүзүлөт. Ушундан кийин запаска бошоп жаткан бир нече аскер кызматчысына жана башка аскер кызматчыларына сөз берилет.
Аскер бөлүгүнүн (кичи бөлүгүнүн) командири запаска бошоп жаткан аскер кызматчыларына ыраазычылык билдирет, ушундан кийин оркестр Мамлекеттик гимнди аткарат.
Узатуу Күжүрмөн бөлүк (кичи бөлүк) запаска бошоп жаткан аскер кызматчыларынын катарынын алдында салтанаттуу марш менен өтүүсү аркылуу аяктайт.
| 10-тиркеме 289, 297, 311, 317, 383-пункттарга |
Суткалык наряд тарабынан кызмат өтөө үчүн жайларды (орундарды) жабдуу. Зарыл документтердин ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Бөлүк (бригада), парк, контроль-өткөрүү пункту, ашкана, штаб боюнча кезметчилердин кызмат өтөөчү үчүн жай, ошондой эле рота боюнча кезметчинин жана эшик сакчынын орду суткалык нарядга чыккан бул адамдар тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууга ыңгайлуу болгудай жайгаштырылат жана жабдылат. Кызмат өтөө үчүн жайларда (жерлерде) төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- белгилерди кабыл алуунун жана кичи бөлүктөргө кабарлоонун техникалык каражаттары;
- байланыш каражаттары (телефон, селектор);
- саат;
- суткалык наряддын документтери жайгашкан такта;
- резервдеги жарык берүүчү булактар;
- имараттын ичин тазалоочу шаймандар жана урналар.
Мындан тышкары кезметчилер кызмат өтөөчү жайларда (жерлерде) төмөндөгүлөр болууга тийиш:
бөлүк (бригада) боюнча кезметчиде:
- бөлүк (бригада) боюнча кезметчинин жана анын жардамчысынын жумуш орундары жайгашкан башкаруу пульту болот, бул жер кичи бөлүктөрдүн белгилерин жана билдирүүлөрүн кабыл алуу үчүн, жыйын пунктуна алардын чыгышын, ошондой эле бөлүк (бригада) башкармасынын офицерлери менен прапорщиктеринин айгай боюнча келишин жана кичи бөлүктөрдөгү курал сактоочу бөлмөлөрдүн ачылышын башкаруу жана контроль жүргүзүү үчүн жасалгалар менен жабдылууга тийиш;
- документтерди сактоо үчүн сейф (темир үкөк);
- бөлүк (бригада) башкармасынын офицерлери менен прапорщиктеринин өздүк куралын, алардын ок-дарыларын жана радиоактивдүү нурланууну өлчөгүчтөрдү сактоо үчүн темир шкаф (үкөк);
- радиациялык жана химиялык чалгындоо приборлору;
- кабарлоо системасынын авариялык ток бергичи;
- парктын дарбазаларынын жана имарат жайларынын ачкычтарынын комплекти;
-тышкы термометр;
- парк боюнча кезметчиде:
- курал-жарактын жана Күжүрмөн техниканын абалын жана турган жерин текшерип жана чагылдыруу жасалгасы бар башкаруу пульту;
- кичи бөлүктөрдүн айгай боюнча паркка келишин текшерген табло;
- от алдыруучу ачкычтардын жана согуштук машиналардын капкаарынын, парктын имарат жайларынын жана дарбазаларынын ачкычтары топтолгон шкаф (үкөк);
- тышкы термометр;
текшерип-өткөрүү пункту боюнча кезметчиде:
- үкөгү кулпулануучу стол, отургучтар;
- тышкы термометр;
штаб боюнча кезметчиде:
- кулпулануучу үкөгү бар стол, отургучтар;
- келген кат-кабарларды жана штабдын имарат жайларынын ачкычтарын сактоо үчүн шкаф (сейфтер).
2. Бөлүк (бригада) боюнча кезметчинин, анын жардамчысынын, парк боюнча, текшерип-өткөрүү пункту жана ашкана боюнча кезметчилердин эс алуусу үчүн, ал эми зарыл учурда бөлүктүн (бригаданын) суткалык нарядга чыккан башка адамдары үчүн кезметчилердин бөлмөлөрүндө өзүнчө жайлар же орундар жабдылат.
Бул жайларда (жерлерде) төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- стол жана отургучтар;
- катуу эмес кушетка;
- суу куюучу идиш жана стакандар;
- медициналык аптечка;
- кийим жана бут кийим тазалоочу жасалгалар;
- тыш кийим илүүчү шкаф же илгич;
- электр плитасы, суу кайнаткыч же чайнек.
3. Суткалык нарядда төмөндөгүдөй документация болууга тийиш:
- кезметчинин жана анын жардамчысынын (эшик сакчынын) нускоосу, анын ичинде душман тарабынан ядролук, химиялык жана биологиялык курал колдонуу коркунучу келген учурга нускоо;
- күн тартиби;
- телефон станцияларына жана кызмат адамдарына чыгуучу таблица;
- өрт коопсуздугунун талаптары боюнча нускоо;
- документтердин жана мүлктүн тизмеси;
- кезметти кабыл алуу жана тапшыруу китеби;
- жалпы Күжүрмөн уставдардын комплектиси.
Мындан тышкары, кезметчилерде төмөндөгүлөр болот:
бөлүк (бригада) боюнча кезметчиде:
- Күжүрмөн айгай жарыяланган учурга нускоолор салынган пакеттер, ошондой эле кароол үчүн пароль салынган пакет;
- аскер шаарчасынын чегинен тышкары жайгашкан кичи бөлүктөрдүн эсебин жүргүзүү үчүн окуу-материалдык базанын объектилери жайгашкан схема (карта);
- бөлүктүн (бригаданын) кичи бөлүктөрүнүн бир жумага машыгууларынын бириккен расписаниеси;
- эртең мененки дене тарбиясын өткөрүү планы жана кийим формасынын варианттары;
- бөлүктүн (бригаданын) кичи бөлүктөрүнө тазалоо үчүн бекитилген аймактын схемасы;
- тийиштүү документтер салынган өрт коопсуздугунун талаптары боюнча нускоо (214-пункт);
- курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүү китеби;
- радиациялык жана химиялык байкоо жүргүзүү журналы;
- кароолду текшерүүгө укук берген бир жолку күбөлүктөрдүн үлгүлөрү;
- чабармандар үчүн кабарлоо карточкалары;
- гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби;
- жумушчу дептер;
парк боюнча кезметчиде:
- парктын схемасы (карта);
- айгай жарыяланган учурда курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы чыгаруу планы;
- паркта иштөө тартиби;
- парктын аймагын кичи бөлүктөргө тазалоо үчүн бекитип берүү схемасы;
- паркка өткөрүүчү өткөрмөлөрдүн, жол баракчаларынын жана пломбалардын үлгүлөрү (мөөрлөрдүн үлгүлөрү);
- парктын ичиндеги имараттарды, согуштук жана катардагы машиналарды ачуу, от алдыруучу ачкычтарды жана согуштук машиналардын капкактарынын, парктын имарат жайларынын жана дарбазаларынын ачкычтарын берүү китептери;
- машиналарды чыгаруу жана кайтаруу журналы;
- машиналардын кыймылдаткычтарынын муздатуу системасынын сууну төгүүнү текшерүү журналы;
- иш дептери:
текшерүүнү-өткөрүү пункту боюнча кезметчиде:
- бөлүктүн (бригаданын) аймагына кирүүгө жана мүлктү чыгарууга (алып чыгууга) уруксат берүүгө укуктуу адамдардын тизмеси;
- отпуска билетинин, командировка күбөлүгүнүн (предписания) чабармандар үчүн кабарлоо баракчаларынын, бошотмого чыгаруу барагынын, өткөрмөлөрдүн, жол барактарынын үлгүлөрү;
- бир жолку өткөрмөлөрдү берүүнү учетко алуу китеби;
- бир жолку өткөрмөлөрдүн бланктары;
- келүүчүлөр катталуучу журнал (ага ким, кимге келди, келүү максаты, келген жана кеткен убактысы жазылат);
бөлүктүн (бригаданын) штабы боюнча кезметчиде:
- бөлүктүн (бригаданын) башкармасынын Күжүрмөн бөлүктүн чегинен тышкары жашаган аскер кызматчыларынын даректери, телефондору жана чакыруу ыкмасы көрсөтүлгөн тизмеси;
- келген кат-кабарларды, келген жана кеткен телефонограммаларды каттоо китеби;
ашкана боюнча кезметчиде:
- кичи бөлүктөрдүн, суткалык наряддын жана гауптвахтада кармалган аскер кызматчылардын тамактануу кезегинин графиги;
- даяр тамактын жана тамак-ашты иштетүүдө чыгуучу калдыктардын өлчөмдөрү;
- тамак-ашты кайнатуу узактыгынын таблицасы;
- нанды, майды жана кантты берүү өлчөмдөрү;
- даярдалган тамактын сапатынын абалын каттоо китеби;
- ашкана боюнча суткалык наряддын ведомосту;
- технологиялык жабдууда иштеген учурда коопсуздук техникасы жана талаптары боюнча нускоо;
рота боюнча кезметчиде (эшик сакчыда):
- кезметчи (эшик сакчы) берүүчү типтүү командалардын жана белгилердин тизмеси;
- ротанын казармадан тышкары жашаган аскер кызматчыларынын даректери, телефондору, чакыруу ыкмалары жана чабармандар көрсөтүлгөн тизме;
- эртең мененки дене тарбиясы үчүн кийимдин формасынын үлгүлөрү;
- ротага бекитилген тазалоочу аянт участкасынын схемасы;
- курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүү, орундарды, бошотмого чыккандарды жазуу китеби;
- айгай болгон учурга жол барактары менен бирге мөөр басылган үкөккө салынган согуштук машиналардын от алдыруучу ачкычтарынын жана капкактарынын ачкычтарынын комплектиси.
| 11-тиркеме 92, 377-пунктуна |
Бригаданын командиринин окутуу мезгилине буйругунда баяндалган Күжүрмөн даярдыкты, ички жана кароол кызматын уюштуруу боюнча маселелердин ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Окутуу мезгилинде Күжүрмөн даярдыкты уюштуруу.
2. Кичи бөлүктөр полигонго (лагерге) чыккан мезгилде бригаданын күн тартиби жана аны тактоо.
3. Кичи бөлүктөрдүн тамактануу ырааты.
4. Кичи бөлүктөр үчүн кинофильмдерди көрсөтүү убактысы жана ырааты.
5. Тарбия, маданий-эс алуу убактагы иштерди өткөрүү тартиби, жалпы бригадалык жана жалпы батальондук кечки текшерүүлөрдү өткөрүү убактысы жана орду.
6. Суткалык наряддын курамы, аны даярдоо тартиби жана эс алуу.
7. Кезметтеги кичи бөлүктүн курамы, аракеттенүү жана эс алуу тартиби.
8. Бригаданын Күжүрмөн Туусун жайгаштыруу жана кайтаруу тартиби.
9. Бригаданын Ардак китебин жана Ардактуу келүүчүлөрдүн китебин сактоо тартиби.
10. Курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоо, берүү жана кабыл алуу тартиби.
11. Курал-жарактардын, Күжүрмөн техниканын жана башка материалдык каражаттардын санын жана абалын текшерүү тартиби.
12. Парктагы ички тартип жана иштөө тартиби.
13. Бригаданын кампаларынын иштөө тартиби.
14. Аймактарды, окуу-материалдык базанын объектилерин жана имарат жайларды бригаданын кичи бөлүктөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү.
15. Кызматтык жайларды жарык кылуу, жылытуу тартиби, сормо-желдеткичтердин иштөө, ошондой эле аскер шаарчасын жарык кылуу тартиби.
16. Бригадада өрткө каршы коргонууну уюштуруу жана айлана-чөйрөнү коргоо.
17. Аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жарандык персоналды бригаданын башкармаларынын жеке маселелери боюнча кабыл алуу тартиби.
18. Аскер кызматчыларына келүү тартиби.
19. Өздүк курамды жуунтуу жана буюм-теримдерин атайын иштетүүдөн өткөрүү тартиби.
20. Бригаданын өздүк курамын медициналык жактан тейлөө тартиби.
21. Күжүрмөн даярдыктын жыйынтыгын чыгаруу, бригададагы Күжүрмөн тартиптин жана ички тартиптин абалын текшерүү тартиби.
22. Буйрукту аткарууну контролдоону ишке ашыруунун тартиби.
Буйрукка төмөндөгүлөр тиркелет:
- суткалык нарядда кызмат өтөө үчүн дайындалган офицерлердин жана прапорщиктердин тизмеси;
- айрыкча маанилүү посттордо (бригаданын) Күжүрмөн Туусун, старттык ок атылуучу позицияларды башкаруу пункттарын, курал-жарак жана ок-дары кампаларын жана башкаларды кайтаруу боюнча) кызмат өтөө үчүн дайындалган өздүк курамдын тизмеси;
- сактоочу жайларды (кампаларды, парктарды) ачууга укуктуу же токтоочу жайларда турган курал-жарактарды жана Күжүрмөн техниканы кароолдон кабыл алууга жол берилиши мүмкүн болгон аскер кызматчыларынын тизмеси;
- тааныгычтардын тизмеси;
- окуу мезгилинде бригаданын кызматтары боюнча ички текшерүүчү комиссиялардын тизмеси;
- сунуштар, арыздар жана даттануулар боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу боюнча иштердин абалын текшерүү боюнча ички текшерүүчү комиссиянын тизмеси;
- аскер шаарчасынын аймагын тазалоо үчүн кичи бөлүктөргө бекитип берүү схемасы;
- имараттардын жана курулуш жайлардын өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдардын тизмеси;
- дене тарбиясына чыгууда кийилүүчү форманын үлгүлөрү.
| 12-тиркеме 292, 304-пункттарга |
Ротада колдонулуучу документтердин ФОРМАЛАРЫ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Аскер бөлүгү ________ (рота) боюнча кезметти кабыл алуу жана өткөрүү КИТЕБИ
Күнү жана айы | Кезметти кабыл алуу жана өткөрүү жөнүндө, кабыл алынган куралдардын, ок-дары салынган үкөктөрдүн саны жана кезмет учурунда кызмат өтөөдө байкалган кемчиликтер жөнүндө жазуу | Командирдин чечими |
Эскертүү: Кезметти кабыл алуу жана өткөрүү китебинин биринчи бетинде жазуунун үлгүсү жайгаштырылат.
| 234-, 349-пунктуна |
Ротадагы оорулууларды каттоо КИТЕБИ
№ п/п | Күжүрмөн наамы, аты-жөнү | Врачтын корутундусу | Командирдин чечими |
Күнү жана айы | |||
|
|
|
|
Ротанын старшинасы _________________________________________
(Күжүрмөн наамы, колу, фамилиясы)
Ротадагы бошотмого чыгуучулардын КИТЕБИ
№ п/п | Күжүрмөн наамы, аты-жөнү | Кайсы саатка чейин бошотулду | Кайсы саатта келди |
Күнү жана айы | |||
|
|
|
|
Рота боюнча кезметчи ___________________________________________
(Күжүрмөн наамы, колу, фамилиясы)
| 246-пунктуна |
________________________________________________________________
(гарнизондун аты)
Бошотмо барагы
______________________________________________
(Күжүрмөн наамы, аты-жөнү)
____________ аскер бөлүгүнүн _____________ ротасынын _____________
_________ саатка чейин бошотулду
"__" ____________19__-ж.
Аны менен _______ адам жүрөт
____________ ротанын командири __________________
________________________________________________
(Күжүрмөн наамы, аты-жөнү)
аскер бөлүгүнүн
М.О.
"__" ____________ 19___-ж.
Эскертүү: 1. Эгерде бошотулуп жаткан жоокер менен мөөнөттүү кызматтагы башка аскер кызматчылары бирге жүрсө, анда бошотуу барагындагы "Аны менен _____ адам жүрөт" деген сапка адамдардын саны жазуу менен көрсөтүлөт.
2. 10x8 өлчөмүндөгү бошотуу барагынын бланктары басмаканаларда даярдалат.
| 291, 305-пунктуна |
Ротанын курал-жарактарын жана ок-дарыларын берүү КИТЕБИ
Берилди | Кайтарылды | |||||||
№ п/п | күнү | Куралдын (ок-дарынын) аты | Саны | Курал (ок-дары) берилген адамдын Күжүрмөн наамы жана аты-жөнү | Алгандагы колу | Күнү | Саны | Кабыл алуудагы колу |
Эскертүү: 1. Өздүк курамга тапанчадан башка курал рота боюнча кезметчи тарабынан ротанын командиринин же ротанын старшинасынын буйругу боюнча, ал эми солдаттар менен сержанттарга тапанчалар - ротанын старшинасы тарабынан ротанын командиринин уруксаты менен гана берилет. Кичи бөлүктөр айгай боюнча узак машыгууга же сабактарга чыккан учурда, ошондой эле тазалоо үчүн берилгенде алынган курал жана ок-дары үчүн взводдун командири же анын орун басары китепке кол коет, ал эми кароолго турганда - кароолдун башчысы кол коет. Курал жеке аскер кызматчыларына, алардын өздөрүнүн колдору коюлгандан кийин гана берилет.
2. Кароол үчүн ок-дарылар ротанын командиринин уруксаты менен, ал эми кезметтеги кичи бөлүкө - бригада боюнча кезметчинин буйругу менен жеке ротанын старшинасы тарабынан берилет, ал ошондой эле бул ок-дарыларды кабыл алат жана китепке колун коет.
3. Айгай болгон учурда курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүүнү тездетүү максатында китептин атайын бөлүнгөн жерине алдын ала жазуу жазылат, ал зарыл учурда такталат. Алынган курал жана ок-дары үчүн кол аларды алган учурда коюлат.
| 139-пунктуна |
_________ ротанын курал-жарактарын, аскердик техникасын жана ок-дарыларын карап чыгуу (текшерүү) КИТЕБИ
№ п/п | Датасы | Текшерүүчүнүн кызматы, аскердик наамы жана фамилиясы | Эмне текшерилди | Карап чыгуунун (текшерүүнүн) натыйжасы) | Карап чыгуу (текшерүү) жүргүзгөн адамдын көрсөтмөлөрү жана аткаруу мөөнөтү | Кемчиликтерди четтетүү жөнүндө белги, датасы жана подразделениенин командиринин колу |
1 | 10.5.1993 | Полктун бронетанк кызматынын начальниги майор И.М.Попов | Т-80-2 бирдик: № 358, 359 | № 359 электролиттин жыштыгы нормадан төмөн | АКБнын абалы текшерилсин, көрсөтүлгөн кемчиликтери... чейин четтетилсин (аскердик наамы, колу, фамилиясы) | Кемчиликтери четтетилди... ротанын командири (аскердик наамы, наамы, колу, фамилиясы) |
2 | 15.6.1993 | Батальондун командиринин курал-жарак боюнча орун басары майор В.В.Зотов | РПК - 3 даана: AT 1952, ГВ 1954, AC 1953 РПГ-7 - 3 даана: АГ 593, ГР 491 СГ 498 | Ремонт талап кылынат: РПК - 1 даана AC 1953; РПГ-7 - 1 да. АГ 593 | Бузук курал... чейин ремонт ротасына тапшырылсын (аскердик наамы, колу, фамилиясы) | Кемчиликтери четтетилди... ротанын командири (аскердик наамы, наамы, колу, фамилиясы) |
Эскертүү: 1. Китеп ротанын командиринин канцеляриясында сакталып турат.
2. Кароонун (текшерүүнүн) натыйжалары жөнүндө ротанын командиринен тартып жогорку командирлер (начальниктер) жазат.
___________________ ротанын (айга, жылга) _________________ взводунун наряд барагы
Аскердик наамы, | Кызматка нарядга | |||||||||||||||||||||||
аты | Ротада | Ротадан тышкары | ||||||||||||||||||||||
жөнү | Өтмө | Суткалык | Күндүзгү | Түнкү | Бардыгы | Өтмө | Суткалык | Күндүзгү | Түнкү | Бардыгы | ||||||||||||||
Катардагы А.Исаев | 1 | 3 | - | - | - | - | - | - | - | - | 1 | 3 | 1 | 9 | - | 1 | - | - | 27 | - | - | 4 | - | - |
Ефрейтор Ж.Дылдаев | 2 | 16 | - | - | - | - | - | 1 | - | - | 2 | 2 | 13 | - | - | 1 | - | - | - | - | - | 1 | - | - |
___________ Взводдун командиринин орун басары ________
____________________________________________________
(аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
Эскертүү: 1. Цифралар ("Өтмө" жана "Бардыгы" деген графаларды кошпогондо) айдын санын билдирет.
2. "Өтмө" графасындагы цифралар окутуу мезгили башталгандан тартып өткөн мезгилдин ичиндеги наряддардын санын билдирет.
| 13-тиркеме 180-пунктуна |
Имараттарга кире бериш жерде эшиктерге илинген болжолдуу жазуулардын тизмеси жана аларды жасалгалоо
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Имараттардын эшиктериндеги болжолдуу жазуулардын тизмеси:
а) батальогдо:
- батальондун командири;
- батальондун командиринин орун басары;
- батальондун штабы;
- батальондун офицерлери үчүн бөлмө;
б) ротада:
- уктоочу жай;
- эс алуу бөлмөсү;
- кеңселер;
- курал сактоочу бөлмө;
- курал тазалоочу бөлмө (жай);
- тиричилик бөлмөсү;
- буюм-тайымдар сакталуучу бөлмө;
- спорт менен машыгуу бөлмөсү (жайы);
- тамеки чегүүчү жана бут кийимди тазалоочу бөлмө (жай);
- кургаткыч;
- душ бөлмөсү;
- жуунучу бөлмө;
- даараткана.
Зарыл учурда имарат жайдын аталышынан кийин ротанын номери көрсөтүлүшү мүмкүн.
Мисалы: 1 - МАРдын буюм-тайымдар сакталуучу бөлмөсү.
Бригада жана андан жогоркулардын штабдарында, башкармаларда, мекемелерде жана кесиптик жактан билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринде илме тактачаларда кызмат адамынын (бир нече адамдын) аскердик наамы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
Мисалы: полковник И.М.Ногойбаев, полковник К.Р.Мамытов.
Бөлмөлөрдүн номери өзүнчө көрсөтүлөт.
Ротада, ошондой эле "а" жана "б" пункттарында көрсөтүлгөн бирге жайгашкан бөлмөлөрдө алардын бир кабаттагы номерлери кире бериштен баштап жайгашуу ырааты менен жүргүзүлөт.
2. Илме тактачалардын болжолдуу формасы жана имараттардын эшиктериндеги жазуулардын үлгүлөрү.
1. Уктоочу жай | |
2. Эс алуу бөлмөсү | |
3. 1 - МАРдын кеңсеси |
|
321 |
|
Подполковник Ж.Шейшеналиев |
|
Илме тактачалар полдон тартып төмөнкү четине чейин 170 см аралыкта жайгаштырылат. Штабдардагы, башкармалардагы, мекемелердеги жана кесиптик жактан билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелериндеги бөлмөлөрдүн номерлери илме тактачалардын үстүнө бекитилет.
Илме тактачалардагы жазуулар жантайтпастан, тике тамга менен, ак фонго кара боек менен жазылат.
III. Илме такталардын өлчөмү: жазылыгы - 25 см, бийиктиги - 10 см, цифралардын бийиктиги - 6 смга чейин, негизги жазуунун тамгаларынын бийиктиги - 3 смга чейин, башка жазуулардыкы - 1 смга чейин. Бөлмөлөрдүн номерлери жазылган илме тактачалардын өлчөмү: жазылыгы - 10 см, бийиктиги - 7 см.
IV. Имараттардын кире беришиндеги көрнөктөрдөгү болжолдуу жазуулардын тизмеси:
- ________ аскер бөлүгүнүн штабы;
- № _________ казарма;
- текшерип-өткөрүү пункту;
- текшерүүчү-техникалык пункту1*;
- ашкана;
- чайхана;
- полктун (бригаданын) медициналык пункту;
- спорт залы;
- мончо;
- окуу корпусу;
- кароол жайы;
- офицерлердин жатаканасы;
- аялдардын жатаканасы;
- аскер бөлүгүнүн клубу;
- азык-түлүк кампасы2*.
Зарыл учурда имараттын атынан кийин анын номери көрсөтүлүшү мүмкүн.
Мисалы: № 1 окуу корпусу; № 2 офицерлер жатаканасы ж.б.у.с.
V. Имараттарга кире бериш жердеги көрнөктөрдөгү жазуулардын болжолдуу жасалгаланышы:
00000 АСКЕР БӨЛҮГҮНҮН ШТАБЫ |
ТЕКШЕРИП-ӨТКӨРҮҮ ПУНКТУ |
№ 1 ОКУУ КОРПУСУ |
КАРООЛ ЖАЙЫ |
(1*) Зарыл учурда: техникалык тейлөө жана оңдоо пункту; май куюу пункту; тазалоо жана жуу пункту; заряддоочу станция жана башкалар көрсөтүлүшү мүмкүн.
(2*) Тийиштүү жазуулар башка складдарга да илинет.
Көрнөктөр имараттын дубалына кире бериштеги көрүнүктүү жерге илинет.
Көрнөктөрдөгү жазуулар жантайтылбастан, тике тамгалар менен, кызыл фонго коло (сары) боек менен жазылат.
Көрнөктөрдүн өлчөмдөрү: жазылыгы - 60 см, бийиктиги - 40 см, негизги жазуулардын тамгаларынын жана цифраларынын бийиктиги - 10 смга чейин, башка жазуулардыкы - 5 см чейин.
| 14-тиркеме 266-пунктуна |
Төш белгилердин (кезметчилер үчүн колго байламалардын) СҮРӨТТӨЛҮШҮ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
| 15-тиркеме 401-пунктуна |
Бригаданын (кичи бөлүктөрүнүн) лагерин жайгаштыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Лагерди жайгаштыруучу жерди улук башчы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, аныктайт, ал мүмкүн болушунча окуу-машыгуу объектилерине (талааларына) жакын жайгашууга тийиш.
2. Лагерди жайгаштырууда шамал тийүүчү жакты эске алуу зарыл.
Лагерди жалпы пайдалануудагы жолдор өтүүчү жерге жайгаштырууга жол берилбейт. Лагердин канаттары жолдон 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык
3. Лагерь тик бурч кварталдарга узатасынан жана туурасынан кеткен сызыктар менен жайгаштырылат, алар бир эле учурда жол катары да кызмат кылат.
4. Тереңдиги боюнча лагерь: алдыңкы, ортоңку жана арткы жарыш сызыктар менен үчкө бөлүнүп турат. Бул тереңдеги сызыктардын аралыгы чатырлардын, зарыл курулуштардын жана жабдуулардын жайгашкан системасы менен аныкталат. Алдыңкы сызыктын жазылыгы 10 метрден кем эмести, орто жана арткы сызыктардыкы, беш метрден кем эмести түзөт. Чатырлардын катарларынын ортосуна тереңин көздөй жазылыгы 3 метрге чейинки жолчолор салынат.
Техниканын лагери жайгашкан жерде жана анын артын карай өтүшү үчүн дөңгөлөктүү жана каз тамандуу машиналар үчүн өзүнчө жолдор салынат.
5. Лагерь туура сызыктар менен бет алдына перпендикулярлуу түрдө бөлүнөт.
Туура сызыктар батальондор менен бригаданын айрым кичи бөлүктөрдүн ортосуна салынат. Алдыңкы сызыктан тартып техника жүрүүчү жолдорго чейинки туура сызыктардын ортосундагы лагерь участогу участоктун биринчи тилкесинде жайгашкан батальондун (кичи бөлүктүн) аты менен аталат. Туура сызыктын жазылыгы үч метрден кем эмести түзөт.
6. Биринчи тилкеде (алдыңкы жана орто сызыктардын ортосуна) чараларга кичи бөлүктөр номерлери боюнча жайгашат.
Экинчи тилкеге (ортоңку жана арткы сызыктардын ортосуна) аскер бөлүгүнүн штабы, медициналык пункт, ашканалар, суу сактоочу жайлар жана жууна турган чорголор жайгаштырылат.
Үчүнчү тилкеге (арткы сызык менен техника үчүн жолдордун ортосуна) дааратканалар, кампалар, устаканалар жана башка чарбалык курулуштар жайгашат.
Ок-дарылар жана жардыргыч заттар кампалары лагердин чегинен тышкары жайгаштырылат.
7. Чатырлардын орду ротанын фронту боюнча 3 же 2ден жайгашат. Чатырлардын орду 5x5 метр өлчөмүндө болот. Жанаша чатырлардын ортосунун фронт боюнча аралыгы 2,5 метрди, ал эми тереңин көздөй - 5 метрди түзөт. Чатырлардын сызыктын жакын чек арасынан алыстыгы 1,5 метрден кем эмести түзөт.
Чатырга кире берүүчү жердин оң жагына илме тактага анын номери жана улук (аскердик наамы, аты-жөнү) көрсөтүлөт. Илме такталардын жазылыгы 20 см, узундугу 15 см болот. Илме такталардагы жазуулар тике тамгалар менен сары фонго кара боек менен жазылат. Илме такталар жерден 50 сантиметр бийиктикте жайгаштырылат.
Сержанттар өздөрүнүн кичи бөлүктөрү менен жайгашат. Ротанын старшинасы үчүн өзүнчө чатыр тигилип, ага ротанын кеңселери да жайгашат.
Офицерлер, прапорщиктер, ошондой эле аял-аскер кызматчылары үч адамдан бир чатырга өзүнчө же башка жайга жайгаштырылат. Батальондо батальондун штабы үчүн өзүнчө чатыр бөлүнөт.
8. Бош убакытты өткөрүү үчүн эс алуу чатырлары роталардын чатырларынын арткы катарларынын сызыгына тигилет, алардын катарына ротанын жалпы чогулуштарын өткөрүү үчүн аянттар (кассалар) жасалат.
9. Аскер бөлүгү жайгашкан жердин чок ортосуна чатырлардын алдыңкы катарынын сызыгына туу орнотула турган жасалга орнотулат. Ушул жасалганын артына чатырлардын экинчи катарынын сызыгына бригада боюнча кезметчи жана анын жардамчысы үчүн чатыр тигилет. Кароол үчүн чатырлар экинчи тилкеге орнотулат.
10. Биринчи тилкеге ротанын чатырларынын артына курал-жарактарды сактоо үчүн жай (чатырлар) жайгаштырылат, алардын жанына курал-жарак тазалоо үчүн жай, алардын артына суу сактоочу жай жана жууна турган чорголор жабдылат.
11. Эшик сакчы үчүн тозот саябандары ар бир батальондун оң жана сол каптал тараптарына бирден алдыңкы сызыкка орнотулат.
12. Парктар арткы сызык менен техника үчүн жолдордун ортосуна, лагердин каптал тараптарына же бет маңдай тараптарынын алдына жайгаштырылат. Парк үчүн участкаларды бирикменин же бөлүктүн командири аныктайт.
13. Гимнастикалык аянттар (гимнастикалык шаарчалар) жана спорт оюндары үчүн аянттар эреже катары, алдыңкы сызыктын алды жагына жасалгаланат.
14. Бригаданын клубу ачык сахнаны, көрүүчүлөр үчүн жайды клуб павильондорун ыңгайлуу жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү участкага жайгашат.
15. Лагерди жайгаштырууда жергиликтүү шарттарга ылайык төмөндөгүлөргө жол берилиши мүмкүн:
- лагердин фронту түз сызыкка эмес, жергиликтүү бир нерселердин жайгашуусуна ылайык өтүшү мүмкүн;
- кичи бөлүктөрдүн ортосундагы аралык көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн;
- парктар лагердин чегинен тышкары жайгашуусу мүмкүн.
Лагердин аймагы чагылгандан коргоочу жасалгалар менен, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эрежелердин сакталышын камсыз кылган жасалгалар менен жабдылат.
| 16-тиркеме 102, 174, 213, 384, 400-пункттарына |
ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ Аскердик бөлүктөрдөгү жана кичи бөлүктөрдөгү өрткө каршы жалпы иш-чаралар
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Аскер бөлүгүнүн аймагы дайыма таштандыдан жана куураган чөптөн тазаланып турууга тийиш.
Бардык сактоочу жайлар, бастырмалар, ок-дары жайгашкан аянттар, негизги жана көмөкчү өндүрүш цехтери лабораториялар, жогорку чыңалуудагы электр линиялары, электр станциялары жана трансформатордук подстанциялар, буу казандарынын түтүктөрү суу толтурулган мунаралар, күйүүчү жана майлоочу материалдар жана башка материалдык каражаттар жайгашкан кампалар колдонуудагы ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык алардын өрттөнүү же жарылуу коопсуздугун камсыз кылуучу чагылгандан коргой турган жасалгалар жана башка инженердик системалар менен жабдылууга тийиш.
Өрт өчүрүүчү суу булактарына, имараттарга баруучу жолдор жана ошол аймактагы бардык өткөөлдөр бардык учурда өрт өчүргөн машиналардын өтүшү үчүн эркин болууга тийиш.
2. Өрт коопсуздугун сактоо максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- мүлк жана аскердик техника турган курулуштарга, аянттарга 40 метрден жакын жерге от жагууга, ошондой эле парктарда, сактоочу жайларда, ангарларда жана ушул сыяктуу жайларда тамеки чегүүгө жана от чыккан приборлорду колдонууга;
- туура эмес мештерди пайдаланууга, тутандыруу үчүн күйүүчү суюктуктарды колдонууга; күйүүчү материалдарды жана мүлктү мешке жакын калтырууга, ал эми күйүп жаткан мешти көзөмөлсүз калтырууга;
- мешке, кернейлерге кийим кургатууга, өздүк курам эс алып (уктап) жаткан сааттарда меш жагууга. Эгерде меш жагылып жатса, кернейлердин көөсү эки айда бир жолудан кем эмес тазаланып турууга тийиш;
- имараттардагы тоңуп калган суу өткөн жана башка түтүктөрдү тутанып кетүүчү нерселер менен (шам, каңдоочу лампалар) жылытууга;
- имараттардын түтүктөрүн жана конструкцияларын буу, ысык суу жана башка коопсуз каражаттар менен гана жылытууга;
- имараттардын жер төлөөлөрүндө күйүүчү суюктуктарды жана тез от алуучу материалдарды иштетүү же сактоо менен байланышкан устаканаларды жана кампаларды жасоого;
- өрт өчүрүүчү каражаттарга, электркалканчтарга жана электр тогун ажыраткычтарга баруучу жолду тосуп салууга; чатырчаларда, тепкич аянтчаларда жана коридорлордо күйүүчү материалдарды жана мүлктү сактоого; тосмолорду жасоого, көмөкчү устаканаларды жана лабораторияларды жайгаштырууга, ошондой эле ушул жайларды турак жайга айландырууга;
- өрт өчүрүү каражаттарын башка максатка пайдаланууга;
- бузук электр шаймандарын жана жабдууларын пайдаланууга; күйбөй турган түпкүчү жок электр менен жылытуучу тиричилик приборлорун колдонууга, ошондой эле бөлүштүргүчү калканчтарда күйүп кеткен кактагычтарды (тыгындарды) зым жана башка нерселер менен алмаштырууга;
- электролампаларын кагаз жана чүпүрөк менен ороого; зымды кагаздар, плакаттар жана башкалар менен чаптоого же жабууга; жарык берүүчү электр приборлору үчүн телефон зымдарын колдонууга;
- өрт өчүрүүгө жарактуулугу текшерилбеген имарат (сактоочу) жайды кайтарууга тапшырууга.
3. Кийим-кечекти дезинфекциялоо жана кургатуу атайын жабдылган жана типтүү дезинфекциялык камераларда (кургаткычтарда) туруктуу байкоо алдында жүргүзүлөт. Камераларга салар алдында кийим-кечектердин чөнтөктөрү аңтарылып, тазаланууга тийиш.
Кийим-кечектерди дезинфекциялоодо жана кургатууда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- камералардын ичиндеги температураны белгиленген ченеминен жогорулатып жиберүүгө;
- камераларды жана кургаткычтарды кийим-кечек менен ашыкча толтурууга;
- камерага май болгон жана күйүүчү суюктуктар менен булганган кийимдерди салууга;
- кийим-кечекти камералардын сактагыч торуна салууга.
4. Штабдарда, казармаларда, клубдарда жана өндүрүштүк жайларда тамеки чегүүгө өрт чыкпаган жана абаны сыртты көздөй соргон желдеткичтер менен жабдылган, атайын бөлүнгөн коопсуз жайларда гана уруксат берилет.
5. Коридорлор, өткөөлдөр, негизги жана кошумча эшиктер, тепкичтер турган жерлер бардык учурда ачык болууга жана башка эч нерсе коюлбоого тийиш. Штабдардын, казармалардын, устаканалардын, клубдардын жана башка жайлардын кире берүүчү эшиктери сыртын көздөй ачылууга тийиш. Кошумча сыртка чыгуучу эшиктерди тосуп салууга жана тепкичтер менен коридорлордун дубалдарын жана шыптарын күйүүчү материалдар менен беттөөгө тыюу салынат.
6. Өрт өчүрүүчү каражаттар, суу көлмөлөрү, өрт өчүрүүчү гидранттар жана крандар бузук эмес болууга, алардын жайгашкан жери стандарттуу көрсөткүчтөр менен белгиленүүгө тийиш.
Имараттарда жана объектилерде өрт өчүрүү каражаттарынын саны атайын ченемдер менен аныкталат. Кампалардын, парктардын аймагында, ангарларда жана өндүрүштүк жайларда өрт өчүрүүчү каражаттар такталардын бетинде сакталууга тийиш.
7. Телефон аппараттарынын жанында жакын жердеги өрт өчүрүүчү команданын телефон номерлери көрсөтүлгөн жазуулар болууга, ал эми аскердик бөлүктүн аймагында өрт айгайынын белгисин берүү үчүн үн белгилеринин каражаттары болууга тийиш.
8. Күн сайын, бригаданын командири белгилеген мезгилде, жабылардын алдында бардык устаканалар, сактоочу жайлар, кампалар, парктар, ангарлар жана өрт чыгып кетиши мүмкүн болгон башка коркунучтуу өндүрүштүк жайлар кампалардын, сактоочу жайлардын, цехтердин башчылары, парк боюнча кезметчилер жана бригаданын өрт өчүрүүчү нарядынын адамдары тарабынан текшерилет; бардык байкалган кемчиликтер имарат жайлар (сактоочу жайлар) жабылганга чейин четтетилет, ал эми электр тогу сырттагы өчүргүчтөрдүн жардамы менен өчүрүлөт.
Өрт өчүрүүчү наряд объектини жаап жаткан адамга тапшыра турган өрт жетону мындай учурларда өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруунун ырастоосу болуп саналат. Кампалардын, сактоочу жайлардын башчылары жана парк боюнча кезметчи объектилерди кайтарууга тапшырууда жетондорду кароолдун башчысына өткөрөт. Бригаданын командири белгилеген учурда өрт өчүрүүчү наряддын башчысы өрт жетондорун кароолдун башчысынан алат.
9. Аскердик бөлүктөрдөгү өрткө каршы кошумча иш-чаралар атайын жоболорго, колдонмолорго жана нускоолорго ылайык жүргүзүлөт.
Парктарда жана ангарларда, аба кемелери токтогон жерлерде өрт коопсуздугунун талаптары
10. Аскердик техниканын объектилери (аба кемелери) өрт чыккан учурда тез арада чыгарып кетүүгө ыңгайлуу зарыл өткөөлдөрү болгондой кылып коюлат.
11. Парктарда жана ангарларда өрт чыгып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн төмөндөгүлөргө таптакыр тыюу салынат:
- токтоочу жайларда турган машиналарга күйүүчү майларды коюуга жана күйүүчү май куюлуучу бактары жана май жүрүүчү түтүктөрү тешилген машиналарды (аба кемелерин) сактоого;
- машиналар туруучу жерлерге атайын орнотулган, коюлган күйүүчү май куюлган бактардан башка күйүүчү майды, майлоочу материалдарды жана бош идиштерди сактоого;
- жабууларды, капотторду жана кийимди керосин, бензин жана башка тез күйүүчү суюктуктар менен жууп-тазалоого;
- машиналарда башка бир буюмдарды, өзгөчө май болгон чүпүрөктөрдү, жапкычтарды, атайын кийимди сактоого;
- парктар менен ангарлардын сактоочу жайларында күйүүчү май куюлган цистерналарды башка техника менен кошо сактоого;
- өрт коркунучун туудурган жылыткычтарды колдонууга;
- токтотуучу жерлерде турган машиналарды тейлөөдө ачык отторду жана "жарганат" фонарларын колдонууга;
- машиналар туруучу жерлерде ширетүү иштерин жүргүзүүгө;
- жерге туташтырылбаган аба кемелерине күйүүчү май куюуга;
- аэродромго техниканын өрт өчүрүү каражаттарысыз киришине жол берүүгө;
- аба кемелерин шассиси чечилген абалында кармоого;
- машиналарды коюу жана сактоо үчүн жайлардын дарбазаларын башка бир нерселер менен тосууга, ушул жайларда бир нерселерди коюуга, устаканаларды жана турак жайды жасап алууга;
- машиналар (аба кемелери) туруучу жана сакталуучу жайлардын дарбазаларын ичинен бекитүүгө.
12. Өрт учурунда машиналарды (аба кемелерин) токтоосуз чыгарууну камсыз кылуу үчүн күн сайын атайын сүйрөй турган жасалгасы (ыңгайлаштырмасы) бар кезметтеги сүйрөгүч техникалар жана адамдардын наряды бөлүнөт.
Күйүүчү май куюлуучу пункттарда
13. Күйүүчү май куюлуучу пункттарда өрт чыгып кетишине жол бербөө үчүн төмөндөгүлөргө таптакыр тыюу салынат:
- машиналардын саатына 5 километрден ашык ылдамдык менен жүрүшүнө;
- май куюлуучу машиналарды май куйган колонкадан 2 метрден жакын аралыкка коюуга;
- май куюп жатканда кыймылдаткычын иштетип коюуга, ошондой эле кузовдо өздүк курамдын болушуна;
- жөнгө салуу иштерин жүргүзүүгө, машиналарды оңдоого, үн жана жарык белгилерин берүүгө;
- тамеки чегүүгө, ачык от, жарылып кетиши мүмкүн болгон фонарларды жана жарык бергичтерди колдонууга;
- күйүүчү майды сыйымдуулукка эркин агызып куюуга;
- жер менен туташтырбай туруп күйүүчү майды автоцистернадан куюп алууга, май топтоочу жайларды, май куюучу колонкаларды жана май алуучу түтүктөрдү эксплуатациялоого;
- чагылгандан коргоочу жабдуулар коюлбаган күйүүчү май куюучу пунктту эксплуатациялоого;
- төгүлгөн күйүүчү майды тазалабай туруп машинанын кыймылдаткычын от алдырууга;
- май болгон чүпүрөктөрдү май куйган пунктта сактоого;
Устаканаларда
14. Тез от алуучу суюуктуктарды (керосин, бензин, ацетон, нитролак ж.б.д.у.с.) колдонуу менен аккумулятордук батареяларды заряддоо ишин жүргүзгөн жайлар атайын вентиляция менен жабдылат. Электр кыймылдаткычтары, жарык бергичтер жана электр бөлүштүргүч тетиктер жарылуудан коргой тургандай жасалгаланып орнотулат. Газ менен ширетүүчү аппараттардын заряддоочу агрегаттары жана генераторлору өзүнчө атайын жайларга коюлат. Мындай жайларга меш коюуга тыюу салынат.
15. Тез тутануучу суюктуктар темирден жасалган, оозу жакшы бекитилген идиштерде бир күндүк керектөөдөн ашпаган санда болууга тийиш жана иш аяктагандан кийин атайын жабдылган кампанын ичине чыгарылып коюлат.
Сыйымдуулугу 1 куб. метр болгон, суюк отун менен иштей турган өндүрүштүк мештердин жана агрегаттардын суюк отун толтурулган бактары өзүнчө бөлөк жайларга орнотулууга, ал эми сыйымдуулугу 1 куб. метрге чейинкилерин агрегаттардан 5 метрден кем эмес аралыкта күйбөй турган дубалдарга орнотулууга тийиш.
16. Аарчып-сүртө турган материалдарды, май болгон чүпүрөктөрдү таштоо үчүн бардык өндүрүштүк жайларда капкактуу темир үкөктөр коюлат, иш бүткөндөн кийин топтолгон таштандылар сөзсүз түрдө тиешелүү жакка чыгарылат.
Май болгон атайын кийимдер өндүрүштүк жайлардан (цехтерден) тышкары жерлерде атайын шкафтарда оролбостон, жазылган түрүндө сакталат. Атайын (жумушчу) кийимдин чөнтөгүнө май болгон аарчып-сүртүүчү материалдарды калтырууга тыюу салынат.
17. Меш жагуу устаканалар жабыларына эки саат калганда токтотулат.
Иш аяктагандан кийин керели кечке топтолгон өндүрүштүк калдыктар жана таштандылар устаканадан чыгарылууга тийиш.
Кампаларда (сактоочу жайларда)
18. Кампалардын (сактоочу жайлардын) техникалык аянтына ширенке жана башка от алып кетүүчү заттар менен кирүүгө тыюу салынат.
Кампалардын (сактоочу жайлардын) аймагындагы чөп өз учурунда чабылууга жана жыйналып турууга тийиш. Кампанын (сактоочу жайдын) аймагында чөптү кургатууга жана куураган чөптү өрттөөгө жол берилбейт.
19. Кампаларда (сактоочу жайларда) колдонуу зарылчылыгы болгон буюмдарды гана сактоого уруксат берилет.
Кампаларда (сактоочу жайларда) кирип чыккан жерлерди тосуп салууга, эшиктерди ичинен бекитүүгө, ошондой эле текчелерди жана терезелерди кагаз, картон, полимер материалдарынан жасалган пленка жана тутанбай турган суюктуктар менен иштетилбеген кездемелер менен тосууга тыюу салынат.
20. Мүлктү штабелдерге жайгаштыруу кирип-чыгуучу жерлер бош калгандай кылып жүргүзүлөт. Мүлктү мештерге, жылытуучу радиаторлорго, электр зымдарына жана лампаларга жакын коюуга, ошондой эле сактоочу жайларда мүлктү көчүрүү жана жайгаштыруу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
21. Кампалардын (сактоочу жайлардын) жанына курулуш материалдарын, күйүүчү майдын запастарын же кандайдыр бир башка мүлктү, ошондой эле бошогон идиштерди жана укупорканы коюуга жана жалпы сактоочу жайларда тез тутанган суюктуктарды сактоого тыюу салынат.
22. Мештердин от жагуучу жана башка тешиктери кампалардын (сактоочу жайлардын) сыртына салынат, ал эми кернейлери учкундарды тосуучу жасалгалар менен жабдылат. Кампалар жабыларына эки саат калганда мешке от жагуу толук токтотулат. Жабыларда бардык мештер каралып чыгат.
23. Электр жарыктарын орнотууда бардык кампалар (сактоочу жайлар) сырттан өчүрүүчү чаптыргычтар менен жабдылат. Тышкы чаптагычтар жана сактагычтар коюлган топ калканч металл үкөктөргө жайгаштырылууга тийиш. Кампалардагы (сактоочу жайлардагы) жарык бергичтер жабык типте (айнек калпактар менен) болууга тийиш жана негизги жана карай турган өткөөлдөргө жанаша бойлой жайгаштырылат. Сактоочу жайлардын ичиндеги кызматтык жайларда электр сайгычтарын орнотууга жана ал жайлардын ичин жасалгалоого тыюу салынат.
24. Ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жайларда, алар менен иш жүргүзүлгөн жерлерде терезелердин айнектери ак түстө болууга же ак сыр менен сырдалып коюуга тийиш.
Жардыргыч заттар жана ок-дарылар кыска убакытка болсо да күн тийген жерлерде калтырылууга тийиш эмес.
25. Аккумулятордук чырактарды кошпогондо ок атылуучу жана атылбоочу курал-жарактар, күйгүзүүчү жасалгалар жана жарык берүүчү приборлор сакталган өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар жайларга кирүүгө, ошондой эле тиешелүү нускоолордо көрсөтүлбөгөн бут кийимчен кирүүгө тыюу салынат.
26. Тез тутануучу суюктуктар коюлган кампаларда (сактоочу жайларда) жарылбай турган электр жарыктарын коюуга гана жол берилет.
27. Күйүүчү май төгүлгөн жерге дароо кум төгүлөт, ал токтоосуз ошол тегеректен алынып кетилет.
28. Темир идиштин оозун кескич же балка менен ачууга болбойт, анткени от чыгып кетиши мүмкүн. Аларды бурап чыгаруу үчүн атайын ачкычтар гана пайдаланылат.
29. Иштер аяктагандан кийин техникалык күзөт каражаттарын кошпогондо, сактоочу жайдагы бардык электр тогу сырткы электр чаптыргычынан өчүрүлүп коюлууга тийиш.
| 292-пунктка 17-тиркеме |
АЧЫП ЖАЙЫЛГАН КАТАРГА ТУРУУ КАТЫ __________________________________ аскер бөлүгүнүн (ротанын) __________________________________
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 172, 2018-жылдын 2-августундагы № 82, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Катар N | Бөлүк | Штат боюнча | Тизме боюнча | Бар | Наряд | Иш-сапары | Өргүү | Бошонуу | Жана башка |
_____________________ аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы (а/наамы, аты-жөнү)
Экинчи бети
Иш сапарына жөнөтүлгөндөр
к/н | Аскер наамы | Аты-жөнү | Кайсы бөлүккө иш сапарына жөнөтүлгөн (бөлүмгө чейин) | Эскертүү |
Жоктор
к/н | Аскер наамы | Аты-жөнү | Бөлүм | Жок болуунун себеби | Время отсутствия |
_______________________ аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы (а/наамы, ата-жөнү)