Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы ПТ № 166 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу - аскердик бөлүктүн күжүрмөн дайындалыштагы өзгөчөлүктөрүн, тарыхын жана сиңирген эмгегин айырмалоочу, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүүчү өзгөчө ардак белги. Күжүрмөн туу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата Мекенди коргоонун баатырдык салттарын жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2. Күжүрмөн туу кызыл (кумач) түстөгү бархат (жибек) кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездеме энинен турат. Кездеме энинин узундугу - 1450 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеме энинин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон.
Кездеме энинин тышкы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символика белгиси жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу, символика белгисинин астында: "МИЛДЕТ НАМЫС АТА МЕКЕН" деген жазуу, кездеме энинин арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын символика белгиси, символиканын үстүндө: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын символика белгисинин астында: "УЛУТТУК ГВАРДИЯСЫ" деген жазуу жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеме энинин туурасына карата катышы - экиден бир.
Бардык сүрөттөр жана жазуулар сары (алтын) түстө аткарылган.
Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.
Туунун боосу эшилген, учтарында эки чачысы бар, сары (алтын) түстөгү жибектен жасалган. Боонун узундугу 2700 мм. Боо туунун учунун төмөн жагына бекитилет, анын учтарынын узундугуна карата катышы - үчтөн эки.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символика белгиси канаттары жайылган шумкардын сүрөтүн элестетет. Шумкардын төшүндө ылдыйды карай созулган кызыл түстөгү калкан жайгашкан. Калкандын борборунда аскердик эмблема - беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Шумкар оң бутунда - учу жогору каратылган, кынынан чыгарылбаган кылычты, сол бутунда эмен бутагын кармап турат.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын символика белгиси сары (алтын) түстөгү кырдуу сегиз нурлуу жылдызды чагылдырат, нурлуу жылдыздын артында атак-даңкты, ар-намысты, берилгендикти жана чын ниеттүүлүктү билдирген ачык көк түстөгү тегерек жайгашкан, тегеректин четтери жеңиштин символун билдирген жашыл түстөгү лавр бутактары менен жээктелген. Жылдыздын ортосунда ак түстөгү тегерек жайгашкан, анын жогорку жана төмөнкү бөлүгү сары (алтын) түстөгү: жогорку бөлүгүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ", төмөнкү бөлүгүндө: "УЛУТТУК ГВАРДИЯ" деген жазуусу бар кызыл түстөгү тасма менен жээктелген. Тегеректин оң жана сол тарабында сары (алтын) түстөгү улуттук оймо-чийменин элементтери жайгашкан. Тегеректин борборунда кызыл түстөгү тегерек калкан, калкандын ичиндеги борборунда сары (алтын) түстөгү улуттук оймо-чийменин элементи жайгашкан. Калкандын артында коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана сактыкты символдоштурган учтары жогору караган өз ара кайчылашкан күмүш түстөгү эки найза жайгашкан.
5. Күжүрмөн туу атайын жабдылган жайда (№ 1 пост) гербдүү мөөр басылган айнек капкактын астындагы секичеде сакталат жана салтанаттуу иш-чараларда алып чыгарылат.
6. Күжүрмөн туу аталышынын өзгөрүшүнө карабастан бардык убакта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында сакталат. Ошол эле учурда аталышынын өзгөрүшү Күжүрмөн тууну тапшырууда берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин грамотасына жазылат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясын кайра тариздөөдө жана кайра атоодо Күжүрмөн туу, ошондой эле анын сыйлыктары жана ардактуу аталыштары коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча калтырылышы мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы жоюлган учурда Күжүрмөн туу андан ары сактоо үчүн аскердик башкаруу органынын режимдик-жашыруун органына өткөрүлүп берилет.
8. Күжүрмөн тууну башка органдар жана адамдар пайдаланууга болбойт. Аны бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.