Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларынын сырткы көрүнүшүн бир түрдүүлүккө келтирүү, кыргыз элинин улуттук-маданий баалуулуктарын сактоо жана аскердик салттарды бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 129 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:
– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:
– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:
– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 166 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:
– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”.
3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |