Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтомуна |
Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ
актыларын кабыл алуу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби (мындан ары – Тартип) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын (мындан ары – мамлекеттик органдар) ушул Тартиптин 3-пунктунда белгиленген критерийлерге туура келген актыларына, аларды даярдоого, тариздөөгө, макулдашууга, кабыл алууга, күчүнө кирүүгө, жарыялоого жана колдонулушун токтотууга карата бирдиктүү талаптарды белгилейт.
Бул Тартип министрликтердин жана ведомстволордун кадрдык дайындоолоруна жана ички иштерин уюштурууга байланыштуу актыларды кабыл алуу тартибин жөнгө салбайт.
2. Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары (мындан ары – актылар) – бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик органдардын компетенциясынын алкагында кабыл алынуучу тиешелүү чөйрөдөгү белгилүү бир мамилелерди жөнгө салуучу документтер.
3. Мамлекеттик органдар документ төмөнкүдөй критерийлердин бирине же бардыгына ылайык келгенде ушул Тартип менен жөнгө салууга туура келген акт түрүндө документти тариздөө жана бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат:
1) акт мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик органдардын түз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө актыларын кошпогондо, акт Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынат;
3) акт жол-жоболук, нускамалык, методикалык мүнөздөгү гана маселелерди жөнгө салат;
31) акт төмөнкүлөрдү бекитүү менен байланышкан маселелерди кошпогондо, техникалык мүнөздөгү гана маселелерди жөнгө салат:
- техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана коопсуздук эрежелеринин предмети болуп саналган талаптарды;
- өндүрүш объекттерин (жабдууларды) жөндөө процессин жана эксплуатациялоого берүүнү;
- продукция (кызмат көрсөтүү) шайкеш келүүгө тийиш болгон талаптарды сактоого багытталган жол-жоболорду;
4) акт адамдардын чектелген чөйрөсүнө тийиштүү укуктук мамилелерди жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Актылар мамлекеттик органдардын буйруктары түрүндө кабыл алынат.
Актылар менен төмөнкүлөр бекитилиши мүмкүн:
– жоболор;
– нускамалар;
– методикалар;
– эрежелер;
– чечимдердин башка түрлөрү.
5. Актылар тиешелүү чөйрөдөгү мамилелердин бардык катышуучуларына жайылтылат.
2-глава. Актыларды даярдоонун, макулдашуунун,
кабыл алуунун, каттоонун жана жарыялоонун тартиби
6. Актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана тариздөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Актынын долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар менен макулдашууга жатат.
Актынын долбоорун макулдашууда макулдашуучу органга мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкүдөй документтер берилет:
– коштомо кат;
– актынын долбоору;
– актынын долбооруна негиздеме-маалымкат;
– актынын долбооруна салыштырма таблица (колдонуудагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө).
Актынын долбоорун макулдашуунун мөөнөтү алты жумуш күндөн ашпоого тийиш.
8. Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча иштеп чыгуучу орган келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен актынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга, же аларды эске албай коюуга, же актынын долбоорун андан ары жылдырууну токтотууга укуктуу.
Актынын долбоорунун акыркы редакциясы, анын мыйзамдарга ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти актынын долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдардын жетекчилери тартат.
9. Эгерде актынын долбоору кеңири чөйрөнүн кызыкчылыктарын камтыса, мамлекеттик орган актынын долбоорун, ага негиздеме-маалымкатты жана салыштырма таблицаны (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда же жаңы редакциясында) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо жүргүзөт. Мамлекеттик орган кошумча коомдук талкуулоону консультациялык жолугушууларды, тегерек столдорду жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жолу менен коомдук талкуулоону өткөрүүгө укуктуу.
Келип түшкөн сын пикирлер жана сунуштар актынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырган мамлекеттик орган тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Актынын долбоорунда аларды эске алуунун же болбосо эске албоонун себептерин негиздөө менен келип түшкөн сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат жана Бирдиктүү порталга жайгаштырылат.
Бирдиктүү порталда актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосуна жайгаштыруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосуна жайгаштыруу жана өткөрүү тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күндөн кем эмести түзөт.
10. Жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынат.
11. Акт кабыл алынган учурда мындай акт аны кабыл алган мамлекеттик органдар тарабынан катталууга тийиш.
Актыны каттоо кагаз жүзүндөгү актыларды каттоо жөнүндө өзүнчө журналга жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасында (ЭДМС) каттоо номерин жана аны кабыл алуу датасын ыйгаруу менен жазуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
12. Мамлекеттик сырларды же кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган актыларды кошпогондо, актыны кабыл алган мамлекеттик органдардын сайттарында акт мамлекеттик жана расмий тилдерде милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Мамлекеттик органдар акт кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде кабыл алынган актынын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылат.
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтому менен берилген токтомдун 12-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр расмий тилдеги текстке киргизилди.
3-глава. Актынын күчүнө кирүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонулушун токтотуу тартиби
13. Эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, акт ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Актынын колдонулушу ал колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт.
14. Актылардын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат (толугу менен же айрым бөлүгүндө):
1) актынын күчүн жоготту деп тааныган же болбосо анын колдонулушун жокко чыгарган мамлекеттик органдын актысынын күчүнө кириши;
2) ченемдерине актынын жоболору карама-каршы келген ченемдик укуктук актынын күчүнө кириши;
3) сот тарабынан актыны жараксыз деп таануу же прокуратура органдары тарабынан мыйзамдарга карама-каршы келген актыга прокурордук чара көрүү актысын киргизүү;
4) акт эсептелген актынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Актыны жараксыз деп таануу анын колдонулушун жокко чыгарууга же болбосо мындай актыны (түзүмдүк элементти) кыйла жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүүгө алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Прокурордук чара көрүү актылары мындай актыны (түзүмдүк элементти) токтото туруу, жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же кыйла жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү үчүн негиз болушу мүмкүн.
Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
Мамлекеттик органдардын актыларына прокурордук чара көрүү актысын кароо тартиби «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 535 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардын актыларын жокко чыгаруу, токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
16. Мыйзамдарда белгиленген же болбосо ушул Тартипти бузуу менен кабыл алынган тиешелүү мамилелердин катышуучуларынын абалын начарлатуучу актылардын ченемдери колдонулбайт жана жокко чыгарылууга жатат.