Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана
жаштар саясаты министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 6-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Министрлик) маданият, искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жана мекемелердин ишин башкарат.
4. Министрликтин борбордук аппаратын, республикалык, облустук, райондук мекемелерин жана ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөрү, штампы, бланктары, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
6. Министрликтин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ММЖСМ";
- расмий тилде: "МКИМП".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.
2-глава. Министрликтин максаты
8. Министрликтин ишинин максаты маданият жана искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу, ишке ашыруу жана туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
9. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) маданият, искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү, ошондой эле элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, жарандардын маданий турмушка катышуусу жана калктын бош убактысын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
3) маданият жана маалымат чөйрөсүндө бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү, жарандардын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
4) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, китеп басып чыгаруу жана полиграфиялык продукцияларды жайылтуу үчүн шарттарды түзүү;
5) улуттук аудиовизуалдык коомдук маанилүү контентти өндүрүү жана жайылтуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
6) телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан лицензиялык-уруксат берүү тутуму, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоберүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
7) жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана аларды Интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтардын жайылышынан коргоо;
8) кесиптик искусствону жана улуттук кинематографияны өркүндөтүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
9) мамлекеттик улуттук фильм фондун Кыргызстан элинин маданий байлыгы катары кийинки муундар үчүн сактоо, ошондой эле кыргыз жана дүйнөлүк киноискусство чыгармаларына калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
10) мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын түздөн-түз катышуусун камсыз кылуу, анын коомдук маанилүү жана инновациялык демилгелерин колдоо;
11) коомдун кызыкчылыгында жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.
4-глава. Министрликтин функциялары
10. Министрлик төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялары:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- маданият, искусство, маалымат жана жаштар чөйрөсүн каржылоого тиешелүү бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин корголуучу аймактары боюнча долбоорлорду бекитүү үчүн сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесин иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- маданият, искусство, маалымат, жаштар объекттерине, мекемелерине жана уюмдарына "улуттук" статусту жана "академиялык" ардактуу наамды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин каржылоо, эсепке алуу, аныктоо, изилдөө, күтүү, консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо, музейлештирүү, пропагандалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин тизмегин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- жаштар саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тейлеген тармакта укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын телекөрсөтүү жана радио уюмдарынын социалдык пакетин түзүүнүн артыкчылыктарын аныктайт;
- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында улуттук киноискусствону сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик жана башка программаларды, концепцияларды, пландарды иштеп чыгат жана макулдашат;
- Кыргыз Республикасында театралдык, музыкалык жана көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгат жана бекитет, анын ичинде театрларды, филармонияларды, симфониялык оркестрлерди, опера жана балет жамааттарын колдоону, ошондой эле аларды каржылоо тартибин, анын ичинде жаңы коюлумдарга мамлекеттик заказдарды аныктайт, Министрликке караштуу театр оюн-зоок мекемелеринин өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде гастролдук ишинин эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- кесиптик искусство, анын ичинде улуттук драматургияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
2) контролдоо функциялары:
- тарыхый-маданий мурастардын объекттерин пайдаланууга, күтүүгө жана эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышын мамлекеттик контролдоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын музей фондунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастар объекттерине кирген китепкана фонддорунун абалын жана сактоо шарттарын мамлекеттик каттоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына ведомстволук контролду жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтерин аныктоону, эсепке алууну, сактоону жана пайдалануу эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч келтирген ишти токтотот жана/же тыюу салат;
- телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан лицензиялык-уруксат берүү системасы, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоберүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына лицензиялык контролду жүзөгө ашырат;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана жаза чараларын колдонот;
- балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында жайылтууга тыюу салынган маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде Интернет тармагын) колдонуу менен жайылтылышын контролдойт;
- классикалык, улуттук жана заманбап искусствонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу менен мамлекеттик театрлардын репертуардык саясатына мониторинг жүргүзөт жана контролду жүзөгө ашырат;
- театралдык жана концерттик инфраструктура объекттеринин абалын жана пайдаланылышын, ошондой эле көрүү залдарынын коопсуздук талаптарынын сакталышын контролдойт;
- театрлардын жана филармониялардын финансылык-чарбалык ишин, бюджеттик жана атайын каражаттардын чыгымдалышынын натыйжалуулугун жана мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын контролдойт жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизет;
3) колдоо функциялары:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашырат;
- Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдө макулдашууларды, меморандумдарды иштеп чыгат жана түзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдердин аткарылышын жүзөгө ашырат;
- республикалык жана башка иш-чараларды, конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүүнүн эрежелерин, жоболорун иштеп чыгат жана бекитет;
- калкты китепканалык тейлөөнү уюштуруу, мамлекеттик китепкана фонддорун комплекттөө жана камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт;
- Министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
- өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарына "элдик" (үлгүлүү) наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;
- тармактык көркөм кеңештерди түзөт жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- маданий баалуулуктарды убактылуу ташып кирүү жана ташып чыгуу боюнча эксперттик комиссия жөнүндө жобону бекитет;
- материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы эксперттик кеңеш жөнүндө жобону, ошондой эле анын курамын бекитет;
- маданий эс алуу уюмдарынын иш тартибин бекитет;
- мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдөгү административдик маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат;
- тарыхый-маданий мурастар маселеси боюнча комиссияларды түзөт жана алардын курамын бекитет;
- тейлеген иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт;
- тарыхый-маданий мурастардын объекттерин пайдаланууга, күтүүгө жана эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартибин бекитет;
- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч келтирген ишти токтото туруунун же тыюу салуунун тартибин бекитет;
- республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин корголуучу аймактарынын долбоорлорун бекитет;
- тарыхый-маданий мурастардын объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жөнүндө корутундуну макулдашат;
- маданият, искусство жана маалымат маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан чыгармачыл бирликтер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик театрлардын жана концерттик оюн-зоок уюмдарынын сценалык-коюучу каражаттарын эсепке алуу, өткөрүп берүү жана эсептен чыгаруу боюнча нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет;
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча маданият жана искусство жаатындагы билим берүү уюмдарынын уставын, жобосун, иш эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен маданият жана искусство жаатындагы билим берүүнүн бардык баскычтарындагы типтүү окуу пландарын жана окуу программаларын макулдашат;
- ведомстволук билим берүү мекемелеринин мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо боюнча сунуш киргизет;
- Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларына каражаттарды бөлүштүрүү механизмдерин түзөт жана аныктайт, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле электрондук маалымат каражаттарын жайылтуу жаатындагы кырдаалга талдоо жүргүзөт;
- ички контролдоо системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына, иштин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана майнаптуулугуна, активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү максатында Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө ички аудиттин финансылык, операциялык жана башкаруучулук түрлөрүн жүргүзөт;
- маданият, искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүнө кирген объекттерди куруу, долбоорлоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо маселелери боюнча Министрликтин ведомстволук мекемелерине жана аймактык бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтөт;
- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөктөшөт;
- Министрликтин системасынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
- борбордук аппаратта жана аймактык бөлүмдөрдө конкурстарды, ошондой эле ведомстволук мекемелердин кызматкерлерин аттестациялоону өткөрөт;
- тейлеген чөйрөлөрдө эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдү болжолдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өзүнүн аймагындагы бардык категориядагы эстеликтерди аныктоо, изилдөө, сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуучу шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу, реконструкциялоо долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө тарыхый курулуштун таяныч пландарын жана схема-карталарын макулдашат;
- юридикалык жана жеке жактар үчүн жаңы искусство чыгармаларын (театрдык, музыкалык, хореографиялык, көркөм сүрөт, монументалдык, декоративдик-колдонмо, кинематографиялык, архитектуралык, адабий, концерттик программалар ж.б.) жаратууга жана маданий кызмат көрсөтүүгө максаттуу чыгармачыл заказдарды (анын ичинде конкурстук негизде) белгиленген тартипте жайгаштырат;
- жоголуп кетүү коркунучунда турган материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү илимий, техникалык жана искусство таануу боюнча изилдөөлөргө көмөктөшөт;
- мамлекеттик заказдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн, чыгармачыл бирликтердин ишин тескейт жана мамлекеттик колдоону жүзөгө ашырат;
- эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитария, мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча иштерди уюштурууга катышат;
- жаштар, маданият жана искусство маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтөт;
- жаштар, маданият жана искусство маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо ошондой эле мамлекеттик заказдарды аткаруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартууну жүзөгө ашырат;
- өзүнүн иш чөйрөсүндө илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө катышат;
- маданият, искусство жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүү менен байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- маданият жана искусство чөйрөсүндөгү таланттуу жана жөндөмдүү балдарды жана жаштарды колдоого көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаштар, маданият, искусство чөйрөсүндөгү кадр саясатын ишке ашырат;
- жаштар, маданият жана искусство маселелери боюнча жарнамалык-маалыматтык иштерди жүзөгө ашырат;
- театралдык жана музыкалык фестивалдарды, конкурстарды жана мастер-класстарды мамлекеттик каржылоону жана колдоону жүзөгө ашырат;
- театралдык оюн-зоок мекемелеринин улуттук жана эл аралык гастролдорун уюштурууну бекитет жана макулдашат;
4) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялайт;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин ишин координациялайт жана контролдойт;
- өлкөнүн аймагында жайылтуу үчүн милдеттүү болгон телекөрсөтүү жана радио программаларынын пакетин түзүүнү координациялайт;
- эл аралык маданий кызматташуу чөйрөсүндөгү ишти координациялайт, мекендештер менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- музыкалык жана театралдык искусство чөйрөсүндөгү репертуардык саясатты координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомствого караштуу билим берүү мекемелеринин ишин координациялайт;
- театралдык жана музыкалык билим берүүнү өнүктүрүүнү координациялайт, театр жана музыка жаатындагы адистерди даярдоонун окуу программаларын жана стандарттарын макулдашат;
- маалымат чөйрөсүндөгү кырдаалга мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
- социалдык пакеттин калк үчүн бекер таратылышына жана анын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- материалдык эмес маданий мурастардын элементтерине экспертиза жүргүзөт;
- материалдык эмес маданий мурастардын ар кандай элементтерин идентификациялоону жана аныктоону жүзөгө ашырат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары, мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү жайылтуу жаатындагы кырдаалга мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
- материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин абалына мониторинг жүргүзөт;
- Министрликтин архивдик документтерин комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат;
- Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө талдоо жүргүзөт;
- тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин паспорттоштурууну жана инвентаризациялоону белгиленген тартипте жүргүзөт;
- маданият жана искусство объекттерин, чыгармаларын паспорттоштурат жана инвентаризациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан берилген ачык баракчаларды белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашырат;
- Министрликтин милдеттерине кирген чөйрөлөрдө маданий баалуулуктардын реестрлерин түзөт;
– порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн сайттардын реестрин жүргүзөт;
- колдонулган технологияларга карабастан телеканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
5) жөнгө салуу функциялары:
- колдонулган технологияларга карабастан телерадиоканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, баш тартуу, токтото туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана калыбына келтирүү жол-жобосун ишке ашырат;
- жаштар саясаты, маданият жана искусство маселелери боюнча иштердин абалына мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат, эл аралык келишимдердин аткарылышын, жаштар, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү концепциялардын, стратегиялардын, программалардын аткарылышын контролдойт;
- жаштарды колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
– «Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери аткарылбаган учурда Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп турат жана чектейт;
- "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери аткарылбаган учурда, сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтото турат, ошондой эле сайттын же сайттын баракчасынын ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө чечим аткарылбаган учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган хостинг-провайдер тарабынан сайттын же сайттын баракчасынын ишин эки айга чейинки мөөнөткө токтото туруусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;
- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын дене тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле башка тармактык ченемдик укуктук актылар бузулган учурда Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык жоопкерчиликке тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Министрликтин укуктары
11. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- маданият, искусство, маалымат жана жаштар маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Министрликтин иши үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын тартууга;
- мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан Министрликтин иш чөйрөсүнө байланышкан маалыматтарды белгиленген тартипте суроого;
- тейлеген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан объекттерди тарыхый-маданий коруктар, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстер деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөрдү, мекемелерди жана аймактык бөлүмдөрдү түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана аймактык бөлүмдөрдүн финансылык, эмгек тартибин сактагандыгына, алардын материалдык жана акча каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдалангандыгына текшерүү жүргүзүүгө, чыгымдардын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген актыларын токтото турууга жана/же жокко чыгарууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана окуу жайларынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгууда Министрликтин иш чөйрөсүнүн багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен макулдашууларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын атынан белгиленген тартипте ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюуга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
- соттук инстанцияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда Министрликтин кызыкчылыктарын көздөөгө;
- Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу болууга;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
12. Министрликти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри (мындан ары − министр) башкарат.
13. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
14. Министр:
1) Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мекемелери жана ишканалары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагындагы уюмдары менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) мыйзамдарга ылайык Министрликтин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, анын ичинде, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте жана/же макулдашуу боюнча, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
4) министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5) белгиленген тартипте Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт, моралдык жана материалдык дем берүүнүн башка чараларын көрөт, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштама киргизет;
7) министрдин номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин, ошондой эле башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) ведомстволук мекемелердин жетекчилери кызмат ордунан бошотулган же жетекчи убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда анын милдеттерин аткарууну ошол мекеменин жетекчисинин орун басарларынын бирине убактылуу жүктөйт;
9) белгиленген тартипте "улуттук" статусу бар ведомстволук жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш киргизет;
10) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) Министрликтин системасындагы кызматкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
12) Министрликтин компетенциясына кирген эл аралык уюмдарга же чет өлкөлөрдөгү башка мекемелерге Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн жиберет жана кайра чакыртып алат;
13) Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет. Министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
14) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектелген санынын чегинде борбордук аппараттын штаттык расписаниесин бекитет;
15) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектелген санынын чегинде Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин штаттык расписаниесин макулдашат;
16) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо үчүн белгиленген тартипте талапкерди көрсөтөт;
17) белгиленген тартипте аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
18) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери жөнүндө жоболорду бекитет;
19) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
20) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
21) Министрликтин милдеттерине кирген маселелер боюнча ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын ишине катышат;
22) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
23) ведомстволук мекемелердин, анын ичинде билим берүү жана театр мекемелеринин уставын бекитет;
24) министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарынын тизмегин жана алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
25) Министрликтин иш-чараларын ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
251) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин аларды кызматтан четтетүүгө негиз болгон жагдайлар жоюлганга чейин кызматынан убактылуу четтетүүгө;
2) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери жок болгон учурда жетекчинин орун басарларына кол коюу укугун берүүгө укуктуу;
3) мамлекеттик жана коомдук маанилүү иш-чараларды, фестивалдарды, конкурстарды, жаштар жана билим берүү долбоорлорун, ошондой эле мындай иш-чаралар үчүн чыгармачыл жамааттардын репетицияларын өткөрүүгө театрлардын, көркөм сүрөт искусство музейлеринин, филармониялардын залдарын жана концерттик аянтчаларды жеңилдетилген же акысыз шарттарда берүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
4) белгиленген тартипте Министрликтин каражаттарын тескөөгө жана мүлкүн башкарууга, бүтүмдөрдү түзүүгө;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдерин жокко чыгарууга жана/же токтото турууга.
16. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын кызмат орундары каралат.
Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же министрдин сунушу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
17. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилген коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
18. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7-глава. Корутунду жоболор
19. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20. Министрлик жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.