Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 токтомуна ) |
Индустриялык парктар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Индустриялык парктар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 28-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана индустриялык парктарга, индустриялык парктардын башкаруу компанияларына жана индустриялык парктын резиденттерине талаптарды белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен индустриялык паркты түзүү жана колдоо максатында:
1) индустриялык парктын башкаруу компаниясы аныкталат;
2) индустриялык парктын башкаруу компаниясына индустриялык паркты түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участоктору бөлүнөт;
3) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлөт.
3. Индустриялык парктын резиденттеринин ишин жүзөгө ашыруу тартиби жана шарттары башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын резидентинин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) индустриялык парктын башкаруу компаниясы - индустриялык парктын башкаруу органы болуп саналган, индустриялык парктын резиденттерин тартууну жана анын аймагына жайгаштырууну ишке ашыруучу, индустриялык парктын резиденттерине кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу жана индустриялык парктын инфраструктурасын башкаруучу, мыйзамдарда каралган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак;
2) индустриялык парктын резиденти - өнөр жай өндүрүшүн жүргүзүү максатында индустриялык парктын аймагында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын аймагында жайгашкан өнөр жайлык инфраструктура объекттерине жана (же) алардын бөлүктөрүнө, ошондой эле индустриялык парктын аймагынын курамына кирген жер участокторуна жана (же) алардын бөлүктөрүнө ижара, , мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзгөн юридикалык жак, филиал түрүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк юридикалык жак же жеке ишкер;
3) индустриялык парктын аймагы - Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте индустриялык паркты түзүү үчүн жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле индустриялык (өнөр жай) парктын коммуналдык жана транспорттук инфраструктура объекттери - индустриялык (өнөр жай) парктын аймагында жайгашкан, өнөр жай чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар, курулуштар жана курулмалар;
4) өнөр жай инфраструктурасы - индустриялык парктын коммуналдык жана транспорттук инфраструктура объекттеринин жыйындысы, ошондой эле индустриялык парктын аймагында жайгашкан, өнөр жай чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар, курулуштар жана курулмалар;
5) коммуналдык инфраструктура - индустриялык парктын резиденттеринин жана индустриялык парктын инфраструктурасын пайдалануучулардын ишин камсыз кылуучу капиталдык курулуш объекттеринин электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо жана (же) жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана байланыш инженердик системаларына кошулуу түйүнүнө чейин электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо жана (же) жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, байланыш чөйрөлөрүндө товарды жеткирүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн багытталган объекттердин жана инженердик курулмалардын жыйындысы, ошондой эле индустриялык парктын резиденттери тарабынан эксплуатациялануучу кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объекттер;
6) транспорттук инфраструктура - индустриялык парктын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттеринин, анын ичинде индустриялык парктын резиденттеринин транспорт каражаттарынын кыймылын камсыз кылуу үчүн багытталган автомобиль жолдорунун, жасалма жол курулмаларынын, темир жолдордун, деңиз портторунун инфраструктура объекттеринин жана ички суу транспортунун инфраструктура объекттеринин, ошондой эле өнөр жай чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруу үчүн индустриялык парктын объекттерин электр менен камсыздоочу, газ менен камсыздоочу жана (же) жылуулук менен камсыздоочу, суу менен камсыздоочу, саркынды сууларды чыгаруучу жана байланыш менен камсыз кылуучу уюмдардын жыйындысы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Индустриялык парктарга талаптар
5. Индустриялык парктын аймагы, имараттары жана курулуштары төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) индустриялык парктын аймагы аныкталууга жана тышкы аймак менен чектешкен жер участокторунун кадастрдык эсебинде турган тышкы чектери боюнча аныкталуучу чектерге ээ болууга тийиш;
2) индустриялык парктын аймагы мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган бир же бир нече жер тилкелеринен жана (же) кыймылсыз мүлк объекттеринен түзүлөт;
3) индустриялык парктын аймагынын аянты потенциалдуу резиденттердин керектөөлөрүн талдоонун жана инфраструктурага жана өндүрүштүк кубаттуулуктарга талаптардын негизинде же болбосо индустриялык паркты жайгаштыруу болжолдонгон жерге алдын ала талдоонун негизинде аныкталат;
4) аймактын курамына пайдаланууга уруксат берилген категориясы жана түрү өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жол берген жер участоктору кирүүгө тийиш;
5) аймакта аймакты индустриялык парк катары пайдаланууга тоскоол болгон оорчулуктар жок;
6) индустриялык парктын аймагынын, имараттарынын жана курулмаларынын аянтынын 50 пайыздан кем эмеси индустриялык парктын резиденттерин жана (же) потенциалдуу резиденттерин жайгаштыруу жана өнөр жай өндүрүшүн жүргүзүү үчүн багытталууга тийиш;
7) индустриялык парктын аймагы жакынкы калктуу конуштар менен транспорттук каттам менен камсыз кылынган;
8) түзүлүүчү индустриялык парктын коммуналдык инфраструктурасы төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
- индустриялык парктын аймагын максималдуу кубаттуулугу 2 МВт кем эмес электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле индустриялык парктын аймагынын пайдалуу аянтынын ар бир бош гектарына электр энергиясын керектөөчүлөрдүн электрди кабыл алуучу түзүлүштөрүн максималдуу кубаттуулугу 0,15 МВт кем эмес электр тармактарына технологиялык туташтыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу (индустриялык парктын аймагында электр энергиясына туташуу түйүнүнүн болушу);
- керектөөчүлөрдү газ менен камсыздоо тармактарына жана (же) жылуулук менен камсыздоо тармактарына кошуунун болушу;
- керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасына кошуунун болушу;
- керектөөчүлөрдү Интернет тармагына туташтыруу мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
9) индустриялык паркты түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуунун алдында тандалган участокто табигый жана техногендик коркунучтарды баалоо жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиги аныкталган учурда башкаруу компаниясы аларды минималдаштыруу боюнча тиешелүү инженердик иш-чараларды иштеп чыгууга милдеттүү;
10) индустриялык парктын аймагында өрт коопсуздугу, анын ичинде өрткө каршы көлмөлөрдүн, өрт өчүрүүнүн автоматтык системаларынын, сигнализациянын болушу камсыз кылынууга, ошондой эле персоналды эвакуациялоо пландары иштелип чыгууга тийиш. Башкаруу компаниясы жарандык коргонуу боюнча инструктаждарды, үзгүлтүксүз окууларды өткөрүүгө жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү;
11) индустриялык парктын объекттерин долбоорлоо боюнча инженердик-техникалык иш-чараларды милдеттүү аткаруу камсыз кылынууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда туруктуу инфраструктура үзгүлтүксүз камсыз кылынууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Индустриялык парктын башкаруу компанияларына талаптар
6. Башкаруу компаниясын директор жетектейт.
Башкаруу компаниясынын директорунун ыйгарым укуктары жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү устав менен аныкталат. Башкаруу компаниясынын директору индустриялык паркка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Индустриялык парктын башкаруу компаниясы ар квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине индустриялык парктын жана башкаруу компаниясынын иши жөнүндө отчет берет.
8. Индустриялык парктын башкаруу компаниясы төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) индустриялык парктын башкаруу компаниясы болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын салык органдарында эсепке коюлган юридикалык жак саналат;
2) индустриялык парктын башкаруу компаниясы индустриялык парктын жылуулук, электр жана газ менен камсыздоого, ошондой эле башка энергоресурстарга жана технологиялык газдарга (кычкылтек, азот, кысылган аба жана башкалар) муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн, анын ичинде индустриялык парктын керектөөлөрүн биринчи кезекте камсыз кылган шартта аталган ресурстардын ашыкчасын үчүнчү жактарга сатуу укугу менен өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу учурларынан тышкары, индустриялык парктын аймагында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыра албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Индустриялык парктын башкаруу компаниясы резиденттердин реестрин жүргүзөт.
Индустриялык парктын резиденттеринин реестри башкаруу компаниясынын сайтында жайгаштырылат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдары менен чектелген маалыматтардан тышкары, ачык болуп саналат.
10. Индустриялык парктын башкаруу компаниясы төмөнкүлөрдү камтыган адистештирилген сайттын болушун камсыз кылат:
1) индустриялык парк жана индустриялык парктын башкаруу компаниясы жөнүндө маалыматты;
2) индустриялык парктын жайгашкан жери жөнүндө анык жана толук маалыматты;
3) инфраструктуралык кубаттуулуктардын сыпаттамасын;
4) индустриялык парктын резиденттери жөнүндө маалыматты;
5) өндүрүштү жайгаштыруу үчүн индустриялык парктын бош жер участоктору, имараттардын, курулуштардын, курулмалардын жана инфраструктуралык кубаттуулуктардын параметрлери жөнүндө маалыматты;
6) индустриялык парктын аймагында жайгаштыруунун учурдагы шарттарынын сыпаттамасын;
7) башкаруу компаниясы жана ал көрсөткөн кызматтар жөнүндө маалыматты;
8) башкаруу компаниясынын байланыш маалыматтарын.
5-глава. Индустриялык парктын башкаруу компаниясынын функциялары жана укуктары
11. Башкаруу компаниясынын функциялары:
1) резидентке индустриялык парктын курамына кирген жана анын ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон инфраструктура объекттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөр жай өндүрүшүн жүргүзүү максатында аталган объекттерди жайгаштыруу үчүн индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен түзүлгөн ижара, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишиминин негизинде берет;
2) индустриялык парктын резиденттерин энергетикалык ресурстар (электр энергиясы, жылуулук энергиясы) менен камсыз кылат;
3) индустриялык парктын аймагында суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылат;
4) Интернет тармагына туташуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт;
5) индустриялык парктын жалпы пайдалануудагы инфраструктурасынын иштешин камсыз кылат;
6) индустриялык парктын инвесторунун жана куруучусунун функцияларын аткарат;
7) индустриялык паркты түзүү жана анын иштеши менен байланышкан иштерди аткаруу үчүн каржылоо тартууну камсыз кылат;
8) индустриялык парктын резиденттерине индустриялык парктын аймагында өндүрүштөрдү жайгаштырууда, анын ичинде бул максаттар үчүн зарыл болгон документтерди иштеп чыгууда, экспертиза жүргүзүүдө жана макулдашууда, подрядчыларды тандоодо жана курулуш подрядынын келишимдерин түзүүдө, курулуш-монтаждоо жана иштетүү-жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө, зарыл болгон эмгек, энергетикалык, жаратылыш жана башка ресурстар менен камсыз кылууда көмөк көрсөтөт;
9) резиденттер менен индустриялык парктын аймагында иш жүргүзүү жөнүндө келишим түзөт, өз милдеттенмелеринин алкагында келишимдин шарттарын аткарууну камсыз кылат;
10) төмөнкү маалыматтарды камтыган индустриялык парктын резиденттеринин реестрин жүргүзөт:
- индустриялык парктын аталышын;
- индустриялык парктын резидентинин толук, кыскартылган (фирмалык) аталышын;
- индустриялык парктын резидентинин жайгашкан жерин жана дарегин;
- негизги мамлекеттик каттоо номерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, резидент жөнүндө башка маалыматтарды;
- индустриялык парктын резидентинин өнөр жай өндүрүшүнүн түрүн (экономикалык иштин түрлөрүнүн жыйындысы);
- башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын резидентинин ортосунда түзүлгөн келишимдин номерин, предметин, колдонуу мөөнөтүн жана датасын;
- индустриялык парктын резидентинин байланыш маалыматтарын;
- аталган реестрге индустриялык парктын резиденти жөнүндө маалыматтарды киргизүү датасын;
- аталган реестрге индустриялык парктын резиденти статусун токтотуу жөнүндө жазууну киргизүү датасын;
- индустриялык парктын резиденти статусун токтотуунун негизин;
- резиденттердин ишин жүргүзүүгө зарыл болгон уруксат документтеринин болушу жөнүндө маалыматты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Башкаруу компаниясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) индустриялык парктын атынан инвесторлор, фонддор жана башка чет өлкөлүк/жергиликтүү уюмдар менен инвестициялык келишимдерди түзүүгө;
2) келишимдик негизде кызматтарды, анын ичинде консультациялык, инжинирингдик, билим берүүчү, сервистик, юридикалык, маркетингдик, коммерциялык, финансылык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кызматтардын түрлөрүн, ошондой эле долбоорлорду укуктук коргоо, интеллектуалдык менчикти коргоо жана пайдалануу жаатындагы кызматтарды көрсөтүүгө;
3) индустриялык парктын резиденттеринен ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн өз кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү талап кылууга;
4) ишкерлер ижарага алуучу бардык имараттарды өрттөн, табигый кырсыктардан жана башка тобокелдиктерден камсыздандырууга;
5) индустриялык парктын резиденттери тарабынан өзүнө алган милдеттенмелердин туура аткарылышын контролдоого;
6) индустриялык парктын аймагында резиденттердин укукка каршы аракеттери аныкталган учурда резидент статусунан ажыратуу жөнүндө эскертүү берүүгө;
7) резиденттер тарабынан өзүнө алган милдеттенмелер аткарылбаган учурда индустриялык парктын резиденттери менен түзүлгөн келишимдерди бузуу жөнүндө доолор менен сотко кайрылууга;
8) индустриялык парктын ишин андан ары өркүндөтүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү максатында инфраструктурага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
9) индустриялык парктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан документтерди, статистикалык маалыматтарды, отчетторду, аналитикалык материалдарды, корутундуларды жана башка маалыматтарды суроого жана алууга;
10) өз компетенциясынын чегинде конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди жана башка иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле башка уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү ушундай иш-чараларга катышууга.
11) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык индустриялык паркты өнүктүрүүгө, резиденттердин иш шарттарын жакшыртууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө, алынган илимий-техникалык натыйжаларды коммерциялаштырууга жана индустриялык парктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган айрым өнөр жай, инвестициялык, технологиялык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туунду жана көз каранды коомдорду, ошондой эле башка юридикалык жактарды түзүүгө;
12) индустриялык парктын аймагында жана анын чегинен тышкары өзүнүн компетенциясынын чегинде жана башка компаниянын уставдарына ылайык, индустриялык парктын иши менен байланышкан инвестициялык, инфраструктуралык, өндүрүштүк жана сервистик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аныкталган максаттарга ылайык келген шартта, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка юридикалык жактардын уюштуруучусу, акционери же катышуучусу болууга, анын ичинде иши индустриялык парктын максаттары жана милдеттери, анын ичинде мамлекеттик, жеке жана/же эл аралык инвесторлор катышкан долбоорлор менен байланышкан мындай юридикалык жактардын уставдык капиталына салымдарды (төгүмдөрдү) киргизүү жолу менен болууга;
13) башкаруу компаниясына менчик укугунда таандык болгон мүлктү, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттерин, мүлктүк жана башка укуктарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген учурларда жер тилкелерин, башкаруу компаниясы уюштуруучу (катышуучу, акционер) болуп саналган юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизүүгө;
14) чет өлкөлүк жактарга жер тилкелерин берүүгө, эгерде алар индустриялык парктын резиденттери болсо жана жер тилкесин индустриялык парктын аймагында ишин жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланышса, мында мамлекеттик менчикте турган жер тилкелери мындай жактарга тоорук өткөрбөстөн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинде каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинде белгиленген чектөөлөрдү жана шарттарды эске алуу менен түз берилет;
15) жеке менчикте турган жер тилкелерин индустриялык парктын максаттары үчүн пайдаланууга жер тилкесинин менчик ээси менен ыктыярдуу түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдин (ижара, акысыз пайдалануу, сервитут, биргелешкен иш жөнүндө) же болбосо мыйзамда каралган башка макулдашуунун негизинде гана жол берилет. Жер тилкелерин индустриялык парктын чегине киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, бул тилкелерге жеке менчик укугун токтотууга алып келбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Башкаруу компаниясы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар:
1) индустриялык парктын резиденттери үчүн капиталдык курулуш объекттерин түзүүнү уюштуруу;
2) индустриялык парктын резиденттерин энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу (электр энергиясы, жылуулук энергиясы);
3) индустриялык парктын аймагында суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу;
4) инженердик, укуктук, консалтингдик, маркетингдик, маалыматтык, логистикалык, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр;
5) долбоорлорду коштоо, макулдашуу, экспертиза жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана техникалык көзөмөлдөө кызмат көрсөтүүлөрү;
6) резиденттер тарабынан ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор үчүн каржылоо тартууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде бизнес-планды даярдоо, кредиттик уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө;
7) жүктөө-түшүрүү иштери, адистештирилген жабдууларды берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр;
8) индустриялык парктын инженердик жана транспорттук инфраструктурасын эксплуатациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
9) индустриялык парктын аймагында да, анын чегинен тышкары жакынкы калктуу конушка чейин транспорттук каттамды уюштуруу.