Загрузка документа…
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 26-майындагы № 45 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 23
“Жорго” каналдары жөнүндө
2014-жылдын 16-июлундагы 07-225-833-01/2014-422 сандуу келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги (ГФРЭ), Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин суу чарба департаменти жана “Жорго” СПАсы менен үч тараптуу келишим жалпы 14 139 632сомго түзүлүп, “Жорго” каналы реабилитациядан өткөн. Келишимдин шарттары боюнча жалпы сумманын 75% суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гранты катары берилсе, калган 25% 3 534 908сом суммасын “Жорго” СПАсы 20.11.2023-жылга чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке кайтарып төлөө милдети бүгүнкү күндө аткарылбай калгандыгы тууралуу, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Финансы-Кредиттик Фондусунун Манас райондук өкүлү Т.М.Базакечовдун 2024-жылдын 28-июнундагы №19-16-04/20 сандуу кайрылуусун угуп, талкуулап Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 6-бөлүмүнүн 1-бөлүмчөсүнө ылайык жана 07-225-833-01/2014-422 сандуу үч тараптуу келишимдин негизинде “Жорго” СПАнын карызын 1 685 160 (бир миллион алты жүз сексен беш миң жүз алтымыш) сом, Финансы-Кредит Фондусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |