КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-июлу № 385
Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Айрым товардык топтордун өндүрүшүн жана импортун контролдоону камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суу эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш;
2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суунун эсептик-контролдук марка менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |