Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 547-т тескемесине) |
Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке
ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну системалаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо жол-жоболорун жөнгө салат, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчет түзүүсүнө, мазмунуна жана берүүсүнө карата милдеттүү бирдиктүү талаптарды белгилейт, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну ведомстволор аралык координациялоо жана контролдоо механизмдерин аныктайт.
2. Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы конвенциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана демилгелер саналат.
3. Тартип мамлекеттик институттардын, анын ичинде мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кеңири чөйрөсүнө жайылтылып, алардын коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруудагы аракеттерин координациялайт жана жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
4. Тартип натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун индикаторлорун колдонуу менен коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшүн үзгүлтүксүз байкоо аркылуу коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасынын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун бекемдөөгө багытталган.
2-глава. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
5. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) мониторинг жүргүзүү – иш-чаралардын аткарылышына байкоого, четтөөлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасы;
2) баалоо – натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун индикаторлорун пайдалануу менен коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетүү даражасын аныктоо максатында маалыматтарды системалуу талдоо, өлчөө жана интерпретациялоо процесси;
3) маалыматтарды чогултуу – стратегиядан келип чыгуучу коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттеринен жана башка булактардан ишенимдүү маалыматтарды алуу;
4) байкоо – коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү процесстерди жана көрүнүштөрдү кабылдоону максаттуу жана план ченемдүү изилдөө, анын натыйжалары стратегияны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ошондой эле көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө белгиленет;
5) маалымат булактары – коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулган маалыматтар, анын ичинде: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттору; статистикалык маалыматтар; изилдөөлөрдүн натыйжалары; аудиттердин жана укук коргоо органдарынын материалдары; жарандардын кайрылуулары; көз карандысыз уюмдардын альтернативдик отчеттору жана корутундулары; эксперттик корутундулар; жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыялоолор; эл аралык уюмдардын баяндамалары;
6) мониторинг жүргүзүү жана баалоо объекттери – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын коррупцияга каршы мыйзамдарды аткаруу, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга, табууга жана жоюуга багытталган иш-чаралар;
7) мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттери – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
8) коррупциялык тобокелдиктер – ченемдик укуктук жөнгө салуудагы боштуктардын (ылайык келбестиктин), контролдоо жана башкаруу системасындагы кемчиликтердин, коррупцияга каршы маданияттын төмөн деңгээлинин кесепетинен келип чыккан коррупциялык укук бузууларга өбөлгө түзүүчү шарттардын пайда болуу ыктымалдыгы;
9) баалоонун негизги индикаторлору:
– натыйжалуулук: коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруу даражасы, алардын стратегиянын белгиленген милдеттерине ылайык келиши жана максаттуу көрсөткүчтөргө иш жүзүндө жетишүү;
– майнаптуулук: натыйжаларга жетүү деңгээлин өлчөө жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын максаттарына жана милдеттерине ылайык аларды колдонуунун туруктуулугун аныктоо үчүн колдонулуучу сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр;
10) стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы – коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплексин камтыган расмий документ;
11) коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жана аны иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча функциялар жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун принциптери
6. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги принциптери:
1) мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана калыстык – анык жана толук камтыган маалыматтарды чогултуу, аларды текшерилүүчү көрсөткүчтөрдүн негизинде талдоо;
2) ачыктык жана айкындуулук – кеңири коомчулук үчүн маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду үзгүлтүксүз берүү;
3) системалуулук жана комплекстүүлүк – көйгөйлүү зоналарды өз убагында аныктоого жана коррупцияга каршы чараларга зарыл түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү стратегияны ишке ашыруунун бардык аспекттерин камтыган мезгилдүү мониторинг;
4) ченемдүүлүк, майнаптуулук жана натыйжалуулук – стратегиянын максаттарына жетишүүнү объективдүү баалоого, өзгөрүүлөрдүн динамикасын жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө (минималдаштырууга) алардын таасирин байкоого мүмкүндүк берүүчү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөргө негизделген мониторинг;
5) институционалдык жоопкерчилик – функцияларын, координациялоо жана жоопкерчилик механизмдерин аныктоо менен мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессинин катышуучуларынын ортосунда милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегин ажыратуу;
6) жарандык коом менен өз ара аракеттенүү – жарандык коомдун уюмдарын тартуу, алардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу.
4-глава. Максаттар, милдеттер жана багыттар
7. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышын, анын коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө тийгизген таасирин ар тараптуу талдоо жана объективдүү баалоо, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жоюу, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана кабыл алынуучу чараларды оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды түзүү үчүн жүргүзүлөт.
8. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун милдеттери:
1) коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруу, маалыматтарды (отчетторду, статистикалык маалыматтарды, аналитикалык жана түшүндүрмө каттарды) өз убагында жана сапаттуу берүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жана координациялоо;
2) коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө (минималдаштырууга) багытталган натыйжалуулук жана майнаптуулук индикаторлорунун, ошондой эле алардын коррупцияны коомдук кабылдоого тийгизген таасиринин негизинде коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына баалоо жүргүзүү;
3) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга тоскоолдук кылуучу факторлорду табуу жана четтетүү, анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун колдонуудагы чараларын жана механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде коррупциялык тобокелдиктерди жана алсыздыктарды аныктоо, аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындык жана отчеттуулук даражасын баалоо;
6) коомчулуктун мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессине активдүү тартылышын жана катышуусун камсыз кылуу;
7) коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү талдоо, тыянактарды жана практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жолу менен отчеттуулуктагы формализмди жокко чыгаруу.
9. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун төмөнкү багыттарын камтыйт:
– коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү;
– ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасынын укуктук негиздерди белгилөө жана бирдиктүү методологиясын киргизүү;
– коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик институтту өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
– сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, чынчылдык жана бузулбастык принцибин бекемдөө, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбоону камсыз кылуу;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
– социалдык чөйрө жана экономика тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
– мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системасын жана сатып алуулар жол-жоболорун өркүндөтүү;
– ишкердик субъекттерин коргоо системасын өркүндөтүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө;
– мамлекеттик башкарууну санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү;
– жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүнө катышуусу;
– коомдо коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздыкты чагылдырган активдүү коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;
– коррупция көйгөйлөрүн изилдөө;
– коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык.
5-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо мезгили
10. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо көрүлүп жаткан чараларды өз убагында, натыйжалуулугун жана майнаптуулугун камсыз кылуу максатында иш-чараларды аткаруу этабына, милдеттердин өзгөчөлүгүнө жана ишке ашыруунун масштабына жараша аныкталуучу белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык жүргүзүлөт:
1) орто аралык мониторинг иш-чараларды аткаруунун жүрүшүнүн учурдагы абалына байкоо жүргүзүү, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун жана ишке киргизүүнүн натыйжалуулугунун динамикасын талдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды жоюу үчүн квартал сайын жүргүзүлөт;
2) ар жылдык мониторинг коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана майнаптуулугун ар тараптуу талдоону жана баалоону, иш-чаралар планынын толук, өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга багытталган жыйынтыктарды чыгарууну жана чечимдерди кабыл алууну, ошондой эле коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди оптималдаштырууну камтыйт;
3) жыйынтыктоочу мониторинг (үч жылда бир жолу жүзөгө ашырылат) стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун I жана II этаптарынын аякташын терең талдоону билдирет, жетишилген натыйжаларды, алардын натыйжалуулугун жана туруктуулугун баалоону, негизги көйгөйлөрдү аныктоону, иш-чаралар планын ишке ашыруунун кийинки этабы үчүн коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу боюнча сунуштарды түзүүнү жана кийинки мезгилге коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын долбоорун даярдоону камтыйт.
6-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун
этаптары жана методдору
11. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо процесси объективдүү маалыматтарды алууга жана аларга талдоо жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталган төмөнкү этаптарды жана түрлөрдү камтыйт:
1) даярдык этабы:
– маалымат булактарын жана маалымат чогултуу методдорун аныктоо;
– маалыматтарды, анын ичинде отчетторду, документтерди жана башка материалдарды чогултуу;
– мониторинг жүргүзүү жана баалоо графигин түзүү (жүргүзүү мөөнөтү, бааланууга тийиш болгон мамлекеттик органдардын тизмеги, сурамжылоону даярдоо);
– коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мониторинг тобун түзүү;
– кызыкдар тараптарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо датасы, анын максаттары жөнүндө кабарлоо (мониторинг башталганга чейин 5 жумуш күн калганда);
2) негизги этап:
– мониторинг жүргүзүү;
– алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, талдоо жана иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана майнаптуулугун, алардын коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын милдеттерине жана негизги багыттарына ылайык келүүсүн баалоо жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине коррупцияга каршы механизмдерди киргизүү;
– материалдарды, анын ичинде орто аралык отчетторду, аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжаларын, көз карандысыз корутундуларды, эксперттик пикирлерди, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыялоолорду, коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баалоо предметине тиешелүү башка маалыматтарды пайдалануу;
– коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун чектеген кемчиликтерди, көйгөйлүү факторлорду жана тобокелдиктерди белгилөө;
3) акыркы этап:
– тыянактарды чыгаруу жана орто аралык/ар жылдык/жыйынтыктоочу мониторинг жүргүзүү жана баалоо отчетунун долбоорун даярдоо;
– мониторинг жөнүндө отчеттун презентациясы;
– мониторингдин натыйжаларын кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкуулоо, мониторинг жөнүндө отчеттун долбоорлоруна мүмкүн болгон түзөтүүлөрдү киргизүү;
– башкаруучулук чечимдерди жана аныкталган кемчиликтерди, көйгөйлүү факторлорду, коррупциялык тобокелдиктерди жана алардын себептерин четтетүүнү камсыз кылуучу чараларды кабыл алуу үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
– ар жылдык/жыйынтыктоочу мониторингдин отчетунун материалдарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
– мониторингдин натыйжаларын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштыруу.
12. Мониторингдин түрлөрү:
1) аткаруунун мониторинги – коррупцияга каршы иш-чараларды иш жүзүндө ишке ашыруу процесси;
2) таасир этүүнүн мониторинги – коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана коррупцияны коомдук кабылдоонун деңгээлин жакшыртууга таасир этүүчү коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо.
13. Коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо маалыматтарды талдоонун жана жыйынды отчеттордун негизинде коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн графикке ылайык жүргүзүлөт. Баалоонун узактыгы баалануучу мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ишке ашырылган коррупцияга каршы иш-чаралардын көлөмүнө жараша 3төн 5 жумуш күнгө чейинки чектерде белгиленет.
14. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методдору жана ыкмалары коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга ар тараптуу жана объективдүү баалоо жүргүзүү үчүн ишенимдүү маалымат булактарын пайдаланууга багытталган, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) маалыматтарды чогултуу жана талдоо: укук коргоо, көзөмөлдөө, сот жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын статистикалык маалыматтарын, ошондой эле социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын, эксперттик корутундуларды алуу;
2) стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду талдоо: мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышы;
3) документтерди талдоо: коррупцияга каршы чараларды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички регламенттерин жана ведомстволук укуктук актыларын, ошондой эле коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу менен байланышкан ведомстволук пландарды изилдөө;
4) жолугушууларды, тегерек столдорду уюштуруу: мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом жана бизнес уюмдарынын өкүлдөрү менен пикирлерди талдоо, негизги көйгөйлөрдү жана ийгиликтүү тажрыйбаларды аныктоо максатында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жолугушуулар;
5) медиа-материалдарды изилдөө: басылмаларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарын коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун, алардын отчеттуулукка шайкештигин жана коррупцияга каршы демилгелерди толук чагылдыруу даражасын талдоо үчүн пайдалануу;
6) коррупцияны кабылдоону баалоо: коррупция жөнүндөгү коомдук пикирди жана мамлекеттик институттарга ишеним деңгээлин изилдөө;
7) альтернативдик отчетторду карап чыгуу: жарандык коомдун уюмдары тарабынан берилген коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга көз карандысыз баа берүүнү талдоо;
8) жалпы кабыл алынган коррупциялык тажрыйбаларды изилдөө жана коррупциялык кырдаалдардын механизмдерине байкоо жүргүзүү: коррупциялык тобокелдиктерди (схемаларды) талдоо жана коррупциянын мүмкүн болгон жаңы механизмдерине мониторинг жүргүзүү;
9) эл аралык уюмдардын серептери: эл аралык ченемдердин жана сунуштамалардын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугунун индикаторлоруна шайкеш келүү;
10) индекстер жана рейтингдер: коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн индекстерин жана негизги көрсөткүчтөрүн анын таралуу масштабын жана тенденциясын талдоо жана коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн пайдалануу.
7-глава. Коррупцияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугунун критерийлерин (көрсөткүчтөрүн) жана индикаторлорун түзүүгө карата жалпы ыкмалар
15. Натыйжалуулуктун критерийлерин (көрсөткүчтөрүн) түзүү төмөнкү талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат:
– критерийлер иштин багытына жараша бөлүнөт: коррупциянын алдын алуу, аны менен күрөшүү жана коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү;
– ар бир багыт үчүн алардын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн чагылдыруучу өзүнчө көрсөткүчтөр аныкталат;
– баалоо аткарылган иш-чаралар жана аларды ишке ашыруунун натыйжасында жетишилген сапаттык өзгөрүүлөр жөнүндө сандык маалыматтарга негизделет;
– натыйжалуулукту ырастоо социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтарын, эксперттик баалоолорду, коомдук пикирди жана эл аралык рейтингдерди кошо алганда, көз карандысыз маалымат булактарына таянууга тийиш;
– көрсөткүчтөрдүн динамикасы стратегияны ишке ашыруунун белгилүү бир мезгилинин алкагында каралат;
– критерийлер пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышын гана эмес, аткаруунун сапатын, алардын белгиленген максаттарга жана мөөнөттөргө шайкештик даражасын да чагылдырышы керек.
16. Коррупцияга каршы ишти баалоонун индикаторлору:
1) коррупциянын алдын алуу: окутуучу иш-чаралар (өткөрүлгөн тренингдердин саны, окутулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды камтуусу); коррупцияга каршы стандарттарды, бийлик органдарында жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин өркүндөтүү; коррупцияга каршы иштин натыйжалуулугун коомдук кабылдоонун динамикасы (социологиялык изилдөөлөр); коррупцияга каршы чараларды укуктук жактан камсыз кылуу (кабыл алынган жана жаңыланган ченемдик укуктук актылардын саны);
2) коррупция менен күрөшүү: коррупцияны аныктоо (аныкталган укук бузуулардын, текшерүүлөрдүн саны); кылмыш-жаза куугунтуктоо жана жазалоо (кылмыш иштеринин, аяктаган териштирүүлөрдүн жана соттолгон адамдардын саны); эл аралык кызматташтык (эл аралык коррупцияга каршы уюмдар менен өз ара аракеттенүү);
3) кесепеттерди четтетүү: зыяндын ордун толтуруу; адилеттүүлүктү жана жабыр тарткандардын укуктарын калыбына келтирүү; коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды четтетүү.
17. Индикаторлор коррупциянын деңгээлиндеги иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындыгын, коррупцияга каршы көрүлгөн чараларды, ошондой эле коррупцияга каршы саясатты коомдук колдоонун деңгээлин чагылдыруу менен коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруудагы жетишкендиктерди өлчөөгө мүмкүндүк берет.
18. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууну баалоо индикаторлору төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча бааланат:
– аткарылган коррупцияга каршы иш-чаралардын катышы жана алардын стратегиялык максаттарга жана милдеттерге ылайык келүүсү;
– коррупцияны алдын алуунун заманбап инструменттерин, анын ичинде мамлекеттик башкаруу процесстерин санариптештирүүнү киргизүү;
– коррупциянын алдын алууга багытталган коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөткөндөн кийин аны ишке ашыруудагы прогресс;
– коррупциялык багыттагы аныкталган жана иликтенген кылмыштардын саны, бүткөрүлгөн иштердин даражасы жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принцибин ишке ашыруу;
– коррупциялык тобокелдиктерди азайтуунун оң динамикасы;
– коррупцияга каршы саясатты коомдук кабылдоону баалоо;
– улуттук жана эл аралык деңгээлдеги коррупцияны кабылдоо индекси боюнча позицияларды өзгөртүү.
8-глава. Мониторингдин жол-жоболору,
мөөнөттөрү жана субъекттери
19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде орто мөөнөттүү мезгилге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышат, аларда милдеттер, коррупциянын алдын алуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды толук камтуу менен иш-чаралардын тизмеги, иш-аракеттердин ырааттуулугу, аларды ишке ашыруунун механизмдери жана оптималдуу мөөнөттөрүн белгилешет, стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын милдеттерине жана натыйжалуулук индикаторлоруна ылайык коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу, күтүлгөн натыйжаларга жетишүү максатында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдардан, жооптуу кызмат адамдарынан (ыйгарым укуктуу адамдардан), түзүмдүк жана/же ведомстволук бөлүмдөрдөн турган аткаруучулар дайындалат.
20. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу адамдын же түзүмдүк бөлүмдүн ишин координациялоо, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду өз убагында жана сапаттуу берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
21. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын алкагында коррупцияга каршы пландарды ишке ашыруу үчүн:
– коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча укуктук актылар чыгарылат;
– биргелешкен иш-чаралар, маалымат алмашуу жана бийлик органдары жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн башка формалары өткөрүлөт;
– коррупцияга каршы аракеттенүү жана стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешмелер, конференциялар, семинарлар өткөрүлөт;
– коррупциогендик зоналарды табуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу үчүн функцияларга жана ыйгарым укуктарга (кызматтык жол-жоболорго) талдоо жүргүзүлөт;
– мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөдө кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чаралар жүзөгө ашырылат;
– коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча жумушчу топтор түзүлөт;
– коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча пландык иш-чараларды аткаруу боюнча маалыматтык, аналитикалык жана отчеттук материалдар даярдалат жана алар коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
22. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландары, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор, ошондой эле “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарыяланууга тийиш болгон башка расмий маалыматтар көрүлүп жаткан чаралардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу максатында тиешелүү органдардын расмий веб-сайттарына жайгаштырылат.
23. Стратегияны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу адамдар же компетенттүү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу, жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна алгачкы мониторингди жана баалоону үзгүлтүксүз (ведомстволук деңгээлде) жүргүзүшөт, пландаштырылган иш-чаралардын өз убагында жана толук ишке ашырылышын камсыз кылышат, мүмкүн болуучу четтөөлөрдүн жана тобокелдиктердин себептерин талдашат, сунуштарды иштеп чыгышат жана аларды четтетүү боюнча, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы талаптагыдай аткарылбаган учурда кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө маселени коюу менен чараларды көрүшөт.
24. Аткаруучулардын катарына киргизилген мамлекеттик органдар квартал сайын, айрым учурларда алдын ала белгиленген мөөнөттөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалыматты стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучуларынын тизмесинде биринчи көрсөтүлгөн негизги жооптуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү, ал иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктарын ушул Тартиптин 1-тиркемеси боюнча отчеттун белгиленген формасына ылайык жалпылайт.
Эскертүү: Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу белгилүү бир мамлекеттик органга түздөн-түз жүктөлгөн учурларда, ал коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетту (маалыматты) өз алдынча берип турууга милдеттүү.
25. Негизги жооптуу мамлекеттик орган иш-чараларды аткаруучулардын катарына киргизилген мамлекеттик органдардан кошумча маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
26. Тиешелүү отчеттук мезгил үчүн стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына ички мониторингдин натыйжалары боюнча негизги жооптуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык белгиленген формада отчет берет:
– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен;
– жыл сайын (жыйынды), отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-январынан кечиктирбестен.
Статистикалык отчеттуулукту түзүүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу маалыматтар жок болгон учурда отчетко толуктоолорду кыйла кеч мөөнөттө, бирок отчет берүүнүн мөөнөтү белгиленген учурдан тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө жол берилет.
27. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет коррупцияга каршы иш-чаралар, күтүлгөн натыйжалар (индикаторлор), аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү, иш-чараларды ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, аткарылбай калуунун же жарым-жартылай аткаруунун себептери, финансы ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды, аткаруунун статусу жана иш-чараларды аткаруучулар жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Зарыл болсо, тереңирээк талдоо үчүн кошумча материалдар берилиши мүмкүн.
28. Жарандык коомдун уюмдары коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга көз карандысыз мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого, альтернативдүү отчетту берүүгө укуктуу, ал сунуштама мүнөзгө ээ болуп, коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн маалымат булагы катары кызмат кылат.
29. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
– квартал сайын стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун учурдагы абалына тышкы мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат, консолидацияланган отчет түзөт, көйгөйлөрдү жана тоскоолдук кылуучу факторлорду аныктайт, аларды четтетүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык отчетторун, коррупциялык тобокелдиктерди жана башка маалымат булактарын талдоону камтыган стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына жыл сайын тышкы мониторинг жана баалоо жүргүзөт, анда натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун индикаторлорунун негизинде прогрессти жана регрессти, аныкталган көйгөйлүү аспекттерди жана аларды четтетүү же стратегиялык планга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштамаларды чагылдырган жыйынды отчетту түзөт.
30. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин (зарылдыгына жараша) катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкер кеңештин катчылыгы менен өз ара аракеттенүүдө коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурат.
Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну баалоонун объективдүүлүгүн, ар тараптуулугун жана кесиптик негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мониторинг тобунун курамына коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында компетенцияга ээ адистер, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
31. Коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышына жыйынды мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин методдорун жана ыкмаларын аныктайт, иш-чараларды ишке ашыруунун абалын талдайт, көйгөйлүү аспекттерди жана тоскоолдук кылуучу факторлорду белгилейт, аларды четтетүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыгат, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана майнаптуулугун ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык баалайт.
32. Жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуштамаларды же чара көрүү актыларын алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен коррупцияга каршы иш-чараларды талаптагыдай аткарууга тоскоол болгон бузууларды жана (же) кемчиликтерди четтетүү боюнча таасирдүү чараларды көрүшөт.
33. Баалануучу мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына баруу менен мониторинг жүргүзүү коррупциялык тобокелдиктерди талдоону жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүүнү кошо алганда, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө кыйла толук маалымат алууга мүмкүндүк берет.
34. Жергиликтүү бийлик органдарында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашыруучу субъекттер коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, алар берилген отчеттордун негизинде ушул Тартипке ылайык коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжаларын талдайт.
35. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасын аныктайт, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторингдин автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү боюнча чараларды көрөт.
9-глава. Корутунду жоболор
36. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат, орто аралык мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу, аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо жана иш-чаралар планын ишке ашыруу ыкмаларына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн мониторингдин субъекттеринин катышуусу менен жыйналыштарды өткөрөт.
37. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечиктирбестен сунуштамалар менен материалдар даярдалат, алар талкуулоо жана төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына чыгарылат:
– жылдык отчетту бекитүү жөнүндө;
– стратегияны натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу жөнүндө;
– ишти талаптагыдай уюштурбаган, анык эмес маалыматтар берилген жана/же коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруунун натыйжалары жок болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жөнүндө.
38. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталган зарыл уюштуруу-укуктук чараларды көрүшөт.
39. Коомчулуктун маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу максатында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынды жыйынтыктары ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.
40. Коррупцияга каршы мониторингдин жыйынтыктоочу натыйжалары коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын мамлекеттик пландарын иштеп чыгуу, мыйзамдарды өркүндөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди талдоо жана азайтуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатуу, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиядан келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу үчүн негиз катары кызмат кылат.
|
| Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибине 1-тиркеме |
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча
иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
отчет (кошо аткаруучу)
Мамлекеттик органдын аталышы: ________________________________________;
Отчеттук мезгил (квартал, жыл): __________________________________________;
№ | Милдеттер
| Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруунун натыйжалары (аткарылган иштер) | Аткарылбай калуунун же жарым-жартылай аткаруунун себептери
| Иш-чараларды каржылоо (суммасы сом менен)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Главанын аталышы |
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүүлөр:
1. Милдеттер, иш-чаралар жана аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү, ошондой эле главанын аталышы cтратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынан келип чыгуучу формулировкаларга ылайык көрсөтүлөт;
2. Ушул иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчет кошо аткаруучулар тарабынан квартал сайын cтратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучуларынын тизмесинде биринчи болуп көрсөтүлгөн негизги жооптуу мамлекеттик органга берилет, ал коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжаларын жалпылайт;
3. Отчетто стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу менен байланышкан, кошо аткаруучу катары мамлекеттик органга тиешелүү иш-чаралар чагылдырылат.
|
| Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибине 2-тиркеме |
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча
иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
отчет (негизги жооптуу аткаруучу)
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы: _____________________________________________________________________;
Отчеттук мезгил (квартал, жыл): __________________________________________;
№ | Милдеттер
| Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруунун натыйжалары (аткарылган иштер) | Статусу: башталган жок; жүрүп жатат; жарым-жартылай аткарылган; аткарылган; аткарылган эмес | Аткарылбай калуунун же жарым-жартылай аткаруунун себептери
| Иш-чараларды каржылоо (суммасы сом менен)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Главанын аталышы | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүүлөр:
1. Милдеттер, иш-чаралар жана аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү, ошондой эле главанын аталышы cтратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынан келип чыгуучу формулировкаларга ылайык көрсөтүлөт.
2. Отчетто стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу менен байланышкан негизги жооптуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн келишине карабастан) тиешелүү бардык иш-чаралар чагылдырылат.
3. Зарыл болгон учурда отчетко айрым жоболорду түшүндүрүү, деталдаштыруу, ишке ашырылган коррупцияга каршы маанилүү чараларды баяндоо менен түшүндүрмө кат тиркелет, ошондой эле коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, укуктук жана институционалдык базаны, ошондой эле коррупцияга каршы чаралар системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизилет.
|
| Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибине 3-тиркеме |
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны
ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тууралуу
отчет
| Бөлүм | Мазмуну |
1. | Жалпы маалымат | Отчеттун аталышы: (ар жылдык, жыйынтыктоочу) |
Мониторинг жүргүзүү мезгили: | ||
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы: | ||
Түзүлгөн датасы: | ||
Жетекчинин же отчетту даярдоого жооптуу адамдын байланыш маалыматы: | ||
2. | Киришүү | Отчеттун максаты: |
Мониторинг жүргүзүү объекти: | ||
Мониторинг жүргүзүүнүн зарылдыгын негиздөө: | ||
3. | Мониторингдин методдору жана ыкмалары | Маалымат чогултуу методдору: |
Негизги критерийлер жана индикаторлор: | ||
Маалымат булактары: | ||
4. | Мониторингдин натыйжалары | Аныкталган жетишкендиктер жана кемчиликтер жөнүндө кыскача сереп: |
5. | Аныкталган көйгөйлөрдү талдоо | Көйгөйлүү аспекттер: |
Себептери: | ||
Натыйжаларга таасири: | ||
6. | Сунуштамалар | Жакшыртуу чаралары: |
7. | Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары | Жалпы жыйынтыктар, абалды баалоо жана кийинки кадамдар: |
8. | Тиркемелер
| Мониторингдин документтери жана башка материалдар: |
|
| Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибине 4-тиркеме |
20___ -жылга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана
баалоонун жыйынтыктары
№ | Милдеттер
| Иш-чаралар
|
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
|
Күтүлүүчү натыйжа-лар
| Иш-чараларды аткаруунун статусу | Жетишилген натыйжалар (аткарылган иштер)
| Четтөөлөр, көйгөйлүү аспекттер
| Аларды четтетүү боюнча чаралар
| Жооптуу аткаруучулар жөнүндө маалыматтар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
1-глава. Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны практикада колдонуунун натыйжалуулугун камсыздоо | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-глава. Ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасынын укуктук негиздерин белгилөө жана бирдиктүү методологиясын киргизүү | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3-глава. Коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик институтту өнүктүрүү жана өркүндөтүү | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4-глава. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, чынчылдык жана бузулбастык принцибин бекемдөө, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбоону камсыз кылуу | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5-глава. Коррупциянын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6-глава. Социалдык чөйрө жана экономика тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7-глава. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуулар жол-жоболорун өркүндөтүү | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8-глава. Ишкердик субъекттерин коргоо системасын өркүндөтүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
9-глава. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10-глава. Жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүнө катышуусу | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11-глава. Коомдо коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздыкты чагылдырган активдүү коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
12-глава. Коррупция көйгөйлөрүн изилдөө | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
13-глава. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
15-глава. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жүргүзүү жана баалоо | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|