Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-июлу № 407
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |
|
| Приложение |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Инфосистемс” МИ) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. “Инфосистемс” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, “Инфосистемс” МИнин локалдык актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав “Инфосистемс” МИнин уюштуруу документи болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Инфосистемс” МИнин уюштуруучусу болуп саналат.
4. Министрлик “Инфосистемс” МИнин мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
5. “Инфосистемс” МИнин өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы”;
2) расмий тилде: “Государственное предприятие “Инфосистемс” при Министерстве финансов Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: “The State Enterprise “Infosystems” under the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic”.
4) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Инфосистемс” МИ ;
- расмий тилде: ГП “Инфосистемс”;
- англис тилде: SE “Infosystems”.
6. “Инфосистемс” МИ толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча баланска ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка атрибуттары бар, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. “Инфосистемс” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Инфосистемс” МИнин пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
9. “Инфосистемс” МИнин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 “а”.
“Инфосистемс” МИ филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, белгиленген тартипте өткөрүп берүү аркылуу аларга мүлктүн бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.
2. Максаты, милдеттери жана функциялары
10. “Инфосистемс” МИнин ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) финансылык сектор, сатып алуулар чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү, модернизациялоо жана коштоо;
2) бизнес-процесстерди автоматташтыруу, серверлерди, сактоо системаларын, тармактык коммутаторлорду жана маршрутизаторлорду орнотуу жана жөндөө боюнча комплекстүү кызматтарды көрсөтүү, финансылык сектор, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу.
11. “Инфосистемс” МИнин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Министрлик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү үчүн программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү, модернизациялоону жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
3) электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, башка электрондук тиркемелер чөйрөсүндө долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
4) финансылык сектор, сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын колдонуудагы маалыматтык системаларын, маалыматтар базаларын колдоо жана тейлөө.
12. “Инфосистемс” МИнин негизги функциялары:
1) Министрлик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү үчүн маалыматтык системаларды, ресурстарды, маалыматтар базаларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо;
2) түзүлгөн маалыматтык системаларды өз алдынча иштеп чыгууда, ишке киргизүүдө жана тандалган подрядчылар тарабынан жүзөгө ашырууда иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;
3) техникалык тапшырмаларды, техникалык шарттарды жана башка документтерди кошкондо, долбоордук документтерди иштеп чыгуу, талдоо жана экспертизалоо;
4) Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын интеграциялоону камсыз кылуу;
5) маалыматтык системаларды эксплуатациялоодо колдонуучуларды коштоо, анын ичинде методикалык, техникалык жана консультациялык колдоо;
6) Министрликке жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнө, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө консультациялык жана башка кызматтарды көрсөтүү;
7) маалыматтык системаларды түзүү, коштоо жана колдонуу жаатында кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
8) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
9) маалыматтык технологиялар жаатында илимий-изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштерди жүргүзүү;
10) автоматташтырылган маалыматтык системалардын иштөөсүн камсыз кылуучу заманбап программаларды жана техникалык чечимдерди тестирлөө жана ишке киргизүү;
11) программалык-аппараттык комплекстерди системалык-техникалык тейлөө, Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын коштоо;
12) программалык продуктуларды коштоо, тестирлөө, эксплуатациялоо жаатында изилденген ата мекендик жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен маалыматты иштеп чыгуунун технологиялык схемаларын өркүндөтүү жана иштеп чыгуу;
13) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлонуучу, иштелип чыгуучу жана коштолуучу маалыматтык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
14) “Инфосистемс” МИ интеллектуалдык же өзгөчө укуктарга ээ болгон мамлекеттик органдардын программалык камсыз кылуу продуктуларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү, техникалык коштоо жана модернизациялоо;
15) маалыматтык системалардын программалык-аппараттык комплекстерин ишке киргизүү, башкаруу, коштоо жана тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү, алардын ээлеринин макулдугу менен мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды техникалык колдоо жана анын абалына мониторинг жүргүзүү;
16) өз компетенциясынын алкагында мамлекеттик, эл аралык жана башка уюмдар менен кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү.
13. “Инфосистемс” МИ максаттарга жетүү жана өз милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө укуктуу.
3. Укуктар жана милдеттер
14. “Инфосистемс” МИ ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, рыноктук конъюнктурага жараша товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн гранттарды, ошондой эле эл аралык финансылык жана башка уюмдардын каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
5) өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана жүзөгө ашырууга, милдеттерди алууга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээлик кылууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, анын ичинде чарбалык, жарандык-укуктук, эмгек жана башка келишимдерди түзүүгө;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, ошондой эле башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жумуштарды аткарууга жеке жактарды тартууга;
8) кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө, алардын эл аралык конференцияларга, форумдарга, семинарларга, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуусун камсыз кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде эл аралык уюмдар менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык консультацияларды берүүгө, изилдөө, маалыматтык, укуктук жана башка иштерди жүзөгө ашырууга;
12) келишимдердин жана кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдердин негизинде кызматкерлерге консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
13) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы мамлекеттик стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
14) мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
15) мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
17) юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
18) жарнама берүүчү катары чыгууга;
19) коомдук жеткиликтүүлүк үчүн контакт-борборлорду жана колл-борборлорду түзүүгө;
20) өз компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
22) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
15. “Инфосистемс” МИ ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) “Инфосистемс” МИ алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жамааттык келишимге, локалдык актыларга ылайык өзүнүн функцияларын аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык “Инфосистемс” МИнин кызматкерлери аткарган иштерди жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) зарыл болгон отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
5) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
6) маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн милдеттерин аныктоо, мөөнөттөрүн, бюджеттерин баалоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга.
16. “Инфосистемс” МИнин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде “Инфосистемс” МИде ишин токтоткондон кийин, мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Министрликтин компетенциясы
17. Министрликтин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) “Инфосистемс” МИнин уставын иштеп чыгуу, ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) “Инфосистемс” МИни кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) “Инфосистемс” МИни стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) “Инфосистемс” МИнин жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) “Инфосистемс” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) “Инфосистемс” МИни стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) “Инфосистемс” МИнин фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен чечүү.
18. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) “Инфосистемс” МИге тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) “Инфосистемс” МИден анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишин жана ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн “Инфосистемс” МИнин аймагына барууга;
4) “Инфосистемс” МИнин аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга “Инфосистемс” МИнин жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу же аны сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
19. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) “Инфосистемс” МИнин башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) “Инфосистемс” МИнин ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) “Инфосистемс” МИнин жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган “Инфосистемс” МИнин иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча “Инфосистемс” МИнин иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) “Инфосистемс” МИни кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
2) “Инфосистемс” МИнин түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) “Инфосистемс” МИнин жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) “Инфосистемс” МИнин финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) “Инфосистемс” МИни жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча “Инфосистемс” МИнин жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
8) “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин сунушу боюнча “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
9) “Инфосистемс” МИнин жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
10) “Инфосистемс” МИнин жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
11) “Инфосистемс” МИнин жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) “Инфосистемс” МИге таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) “Инфосистемс” МИден анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин ишин баалоонун жана “Инфосистемс” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына “Инфосистемс” МИнин жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) “Инфосистемс” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде “Инфосистемс” МИнин жетекчисинин орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) “Инфосистемс” МИде тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) “Инфосистемс” МИде ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) “Инфосистемс” МИге таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана “Инфосистемс” МИнин аймагына келүүгө жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган “Инфосистемс” МИнин түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашууну “Инфосистемс” МИнин жетекчисинен көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ишке ашырат.
“Инфосистемс” МИнин түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде “Инфосистемс” МИнин жетекчисине жазуу жүзүндө жүйөлүү баш тартуу жиберет.
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
6. Башкаруу
24. “Инфосистемс” МИнин ишин жалпы координациялоону Министрлик ишке ашырат.
25. “Инфосистемс” МИни башкарууну директор жүзөгө ашырат.
26. Директор “Инфосистемс” МИнин жетекчиси болуп саналат. Директор Министрлик тарабынан сунушталган, жетекчинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
27. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
28. Директор төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. Директор өз компетенциясынын чегинде:
1) өндүрүштүк, финансы-экономикалык жана чарбалык ишке жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
2) стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
3) келерки жылга бюджеттин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту иштеп чыгат жана Министрликке макулдашууга киргизет;
4) финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдайт жана берет;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну уюштурат;
6) эмгек акы фондун кошо алганда, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитет;
7) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитет;
8) уюштуруучулук-тескөө документтерин кабыл алат;
9) аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды) бекитет;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштурат;
11) Министрликке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
12) максаттарга жана милдеттерге, ушул Уставга, стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
13) “Инфосистемс” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставга ылайык каралган тартипте тескейт;
14) максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте сурайт жана алат;
15) Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
16) Министрликтин кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизет, ошондой эле аны кандай болбосун иш чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылат;
17) кызматкердин эмгегин коргоону камсыз кылат;
18) кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ага белгилүү болгон бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдайт;
19) коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбайт;
20) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча “Инфосистемс” МИнин иши тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берет;
21) “Инфосистемс” МИнин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
22) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде “Инфосистемс” МИнин кызыкчылыктарын коргойт;
23) “Инфосистемс” МИге кызматкерлерди жумушка алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
24) “Инфосистемс” МИнин кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
25) Өз компетенциясынын алкагында “Инфосистемс” МИнин бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
26) “Инфосистемс” МИнин кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
27) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде “Инфосистемс” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерди тескейт;
28) “Инфосистемс” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
29) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.
30. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. “Инфосистемс” МИнин штатында директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар директордун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Директордун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзүшөт.
34. Директор ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
35. Директордун орун басарлары өзүнүн ыйгарым укуктарын директор бекиткен милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.
36. Башкы бухгалтер директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
37. Кызматкерлер штаттык расписаниеге ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
38. Түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
39. Кызматкерлердин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык, материалдык жактан камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана жамааттык келишимдин жоболору менен жөнгө салынат.
40. “Инфосистемс” МИнин жылдык кирешелер жана чыгымдар бюджети Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
41. “Инфосистемс” МИнин башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
42. Министрликтин чечими менен “Инфосистемс” МИде башкаруунун корпоративдик формалары киргизилиши мүмкүн.
7. Жетектөөчү курам
43. “Инфосистемс” МИнин жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) директор, директордун орун басарлары;
2) башкы бухгалтер.
44. Өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда жетектөөчү курамга кирген адамдар уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
45. Жетектөөчү курамга төмөнкү адамдар кире албайт:
1) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын, коомдук коопсуздуктун кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
2) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан бошотулган адамдар;
3) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттин мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары.
46. Жетектөөчү курамга кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
47. “Инфосистемс” МИ өз ишин Министрлик менен макулдашылган жылдык иш планынын жана кирешелер менен чыгымдардын бюджетинин негизинде, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
“Инфосистемс” МИнин учурдагы пландары жамааттык келишимдин жоболорун жана локалдык актыларды эске алуу менен директор тарабынан бекитилет.
48. Иш пландарынын негизин “Инфосистемс” МИнин кызмат көрсөтүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
49. “Инфосистемс” МИ келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
50. “Инфосистемс” МИ Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт.
51. “Инфосистемс” МИнин жетекчиси квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
1) ички аудитке (ички аудит кызматы);
2) Министрликке;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
52. “Инфосистемс” МИ жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө төмөнкүлөрдү киргизет:
- Министрлик менен макулдашылган келерки жылга бюджетинин долбоорун;
- финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту.
53. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
- келерки жылга “Инфосистемс” МИнин бюджетин;
- “Инфосистемс” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту;
- жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча учурдагы жылы республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон “Инфосистемс” МИнин таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн жана келерки жылы республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн пландуу маанисин.
54. “Инфосистемс” МИ компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
55. Маалыматка жеткилүктүүлүк чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн “Инфосистемс” МИнин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
56. “Инфосистемс” МИнин ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
9. Мүлк жана финансы
57. “Инфосистемс” МИнин мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Мүлктү негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
58. “Инфосистемс” МИнин мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) “Инфосистемс” МИге чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде киреше, жемиш, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.
59. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. “Инфосистемс” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
60. “Инфосистемс” МИ тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк “Инфосистемс” МИнин өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
61. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бир бөлүгүн “Инфосистемс” МИ төмөндөгүлөргө жумшайт:
- стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга;
- чарбалык-материалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, анын ичинде имараттарды, жайларды курууга жана капиталдык оңдоого, сервердик аппараттык-программалык комплекстерди, заманбап программалык камсыздоону сатып алууга.
62. “Инфосистемс” МИ жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
10. Кайра уюштуруу жана жоюу
63. “Инфосистемс” МИни кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра өзгөртүү түрүндө жүргүзүлөт.
Бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
64. “Инфосистемс” МИ мамлекеттик органга же чарбалык коомго кайра өзгөртүлүшү мүмкүн.
65. “Инфосистемс” МИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын жүз пайызы (үлүшү) мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүүдө) турган жоопкерчилиги чектелген коомго кайра өзгөртүлөт.
Кайра өзгөртүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде, эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
66. “Инфосистемс” МИ:
1) Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
67. Жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан “Инфосистемс” МИнин, Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан “Инфосистемс” МИнин жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал “Инфосистемс” МИнин ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан “Инфосистемс” МИнин чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. “Инфосистемс” МИнин иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.”