Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 , 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары - министрлик) жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, инновацияларды өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнү, илимди, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону жана сактоону, инновацияларды өнүктүрүүнү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана аттестациялоону башкаруу органдарынын бирдиктүү системасын министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери түзөт.
5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери жана ага бекитилип берилген мүлкү бар.
Министрлик укуктар жана милдеттенмелер боюнча (илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелери боюнча) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин укук мураскери болуп эсептелет.
6. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИЖБИМ";
- расмий тилде: "МНВОИ".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.
8. Министрликти, анын аймактык бөлүмүн жана ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын, анын ичинде эл аралык келишимдердин жоболорунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Министрликтин максаты
9. Министрликтин негизги максаты жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, илимий-техникалык, инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, илимий-технологиялык жана чыгармачылык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, улуттук инновациялык системаны өнүктүрүү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
10. Министрликтин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- инсандын калыптануусуна, өнүгүүсүнө жана кесиптик такшалуусуна багытталган, окутуунун коопсуз шарттарын камсыз кылуучу жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү жаатында жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн жана илимий-техникалык иштин сапатын жогорулатуу;
- илимий жана илимий-техникалык ишти өнүктүрүү үчүн шарттарды жана механизмдерди түзүү;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоону камсыз кылуу жана аларды коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
- улуттук инновациялык системаны өнүктүрүү;
- адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-технологиялык иштеп чыгууларды, стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
- интеллектуалдык менчик укуктарын укукка каршы зыян келтирүүдөн коргоону жана сактоону укуктук камсыз кылуу;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын камсыз кылуу;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо.
4-глава. Министрликтин функциялары
11. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, анын ичинде мамлекеттик жана башка программалар, ошондой эле аларды ишке ашыруу механизмдери жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негизги стратегиялык багыттары боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылоо;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жөнүндө документтерди нострификациялоо (башка мамлекеттерде берилген билим берүү жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасында таануу) тартибин иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү документтерине мамлекеттик талаптарды иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү, окумуштуулук даражалар жана наамдар жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин тизмегин жана үлгүлөрүн, ошондой эле аларды даярдоо, сактоо жана берүү тартибин аныктоо;
- эксперттик кеңештердин курамын бекитүү жана алардын ишин уюштуруу;
- жогорку жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча эксперименттик билим берүү стандарттарын бекитүү;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында мамлекеттик кадрдык саясатты белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясына интеграциялоо үчүн жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар сектору боюнча сунуштардын комплексин иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык мекемелердин ишине талдоо жүргүзүү;
- жарандардын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын жеке жана дене боюн өнүктүрүүсүнө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн чараларды иштеп чыгуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди жана долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык республиканын чегинен тышкары жашаган мекендештердин мамлекеттик тилде жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим алуусуна көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында студенттерди окутуу үчүн билим берүү гранттарынын санын жана өлчөмүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;
- көрүнүктүү инсандардын ысымдарын жогорку, орто, кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык мекемелерге ыйгаруу жөнүндө сунуштарды макулдашуу;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларын, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды, анын ичинде илимди, жогорку билим берүүнү, инновацияларды жана интеллектуалдык менчикти башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын уюштуруу;
- кызыкдар министрликтер, башка мамлекеттик органдар, жалдоочулардын бирикмелери жана башка социалдык өнөктөштөр менен макулдашуу боюнча кадрларды даярдоо үчүн багыттардын жана адистиктердин тизмегин иштеп чыгуу;
- жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча (изденүүчүлүк, аспирантура (адъюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) кабыл алуунун жана окутуунун жалпы тартибин жана типтүү эрежелерин иштеп чыгуу;
- укуктук пропаганда жана коррупцияга каршы билим берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар үчүн жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, илимий-техникалык жана инновациялык иш объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген материалдардын жана сунуштамалардын негизинде жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, билим берүү программаларын туруктуу негизде ишке ашырууда билим алуучуларда терроризмге каршы пикирди калыптандыруу максатында терроризмдин маани-маңызы жана кооптуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу;
- министрликтин карамагындагы мамлекеттик маалыматтык ресурстардын, маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объекттеринин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук инновациялык системасын жана инновациялык ишке дем берүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды түзүү;
- инновациялык долбоорлорду, стартаптарды колдоо, мониторинг жүргүзүүнү жана аларды андан ары илгерилетүүнү уюштуруу;
- технологиялык парктын резиденти катары алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүсүн жана формаларын бекитүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучуна байланышкан жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн жана кошумча кесиптик билим берүү программаларынын билим берүү ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензиялоо;
- жогорку жана орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, инновациялар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салуу;
- кадрларды даярдоонун санын жана түзүмүн аныктоо маселелери боюнча жогорку жана орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жогорку жана орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоону уюштуруу;
- жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде ишканалардын өтүнмөлөрү боюнча жарандарды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасында эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн болжолун даярдоого катышуу;
- илимий жана илимий-техникалык мекемелердин маалыматтар базасын түзүү;
- фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн илимий, илимий-техникалык программалары жана долбоорлору жөнүндө маалыматтар банкын түзүү;
- республикалык бюджеттен каржылануучу фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн илимий, илимий-техникалык программаларын жана долбоорлорун жана аларды аткаруу боюнча отчетторду мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу;
- Илимий-техникалык кеңешти жана Улуттук аккредитациялык кеңешти түзүү;
- илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, окутуучулук жана илимий-изилдөө иштериндеги адистердин илимди жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында стажировкадан өтүүсүнө, айкалыштырып иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоо жана бекитүү;
- илим жана инновациялар жаатында статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;
- илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өткөрүү тартибин аныктоо;
- жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;
- мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик заказды түзүү жана конкурс өткөрүү тартибин жана механизмдерин аныктоо;
- мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча отчетторду эсепке алуу жана кабыл алуу тартибин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнүн комплекстүү болжолунун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- аккредитациялоо агенттиктеринин, технологиялык парктардын резиденттеринин реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерин каттоого өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүү жана коргоо документтерин берүү;
- автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин каттоо;
- авторлордун жана чектеш укуктардын ээлерин эсепке алууну жүргүзүү;
- автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо;
- авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө уюмдарга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн аттестациялоо, каттоо жана күбөлүктөрдү берүү;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтердин аткарылышын координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо, анын ичинде илимий- изилдөө жана инновациялык программалардын аткарылышын уюштуруу жана координациялоо;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнү, илимди жана илимий-техникалык ишти камсыз кылууга багытталган чаралардын көрүлүшүн контролдоону камсыз кылуу;
- жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана сапаттын сакталышын белгиленген тартипте контролдоо;
- жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы билим берүү уюмдарында билим алуучуларды мамлекеттик аттестациялоонун бардык түрлөрүнөн жана формаларынан өткөрүүнү контролдоо;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү жаатындагы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ишин лицензиялык контролдоо;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын билим берүү, илимий жана финансылык ишине пландык жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын рейтингин аныктоо;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча билим берүү, илим жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоо;
- өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунуч болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын мыйзамда белгиленген тартипте ыкчам аткарууну камсыз кылуу;
- окуу жана окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана басып чыгаруу, кесиптик билим берүү программаларын маалыматтык камсыз кылуу боюнча окуу-методикалык бирикмелердин жана кеңештердин ишин координациялоо;
- изденүүчүлүк, аспирантура (адъюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) аркылуу жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо системасын уюштуруу жана координациялоо;
- тармактык мамлекеттик органдардын илимий-техникалык кеңештеринин ишин координациялоо;
- мамлекеттик заказдын алкагында ишке ашырылуучу фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн илимий, илимий-техникалык программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону координациялоо;
- илимий жана илимий-техникалык мекемелердин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- аккредитациялоо агенттиктеринин ишине мониторинг жүргүзүү;
- колдонуудагы окуу аянттарынын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү;
- технологиялык парктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын берилишин контролдоону камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин макулдашылгандыгын камсыз кылуу;
- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын, автордук укук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин контролдоо;
- автордук укук объекттерин пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды төлөөдөн баш тарткан учурда чара көрүү;
- коргоо документтерин берүүгө өтүнмөлөр боюнча экспертизанын натыйжаларына каршы пикирлерди жана даттанууларды, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоону камсыз кылуу жана аларды коргоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын кароо;
- кеңешүүчү органды - министрликтин алдындагы Авторлор кеңешин түзүү аркылуу жамааттык негизде авторлордун мүлктүк укуктарын башкарууну координациялоо;
- кеңешүүчү органды - министрликтин алдындагы Чектеш укуктардын ээлеринин кеңешин түзүү аркылуу чектеш укуктардын ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо;
- ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар тарабынан каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо;
- технологиялык парктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, технопарктардын потенциалдуу резиденттерине, базалык уюмдарга консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти координациялоо;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- жоюлган жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын укук улантуучусу жок болгон учурда билимдин тиешелүү деңгээли боюнча мамлекеттик үлгүдөгү документтердин дубликаттарын берүү;
- билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялардын дубликаттарын берүү;
- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына жана авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктардын өз ара өкүлчүлүгү жөнүндө макулдашууларга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн автордук жана чектеш укуктардын ээлерине сый акыларды топтоо, бөлүштүрүү жана төлөө;
- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына ылайык талап кылынбаган автордук сый акыны башкарууну камсыз кылуу;
- кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылуу;
- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды келишимдик негизде көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объекттеринин мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын басып чыгаруу жана ишке ашыруу, ошондой эле башка полиграфиялык кызматтарды көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
5) колдоо функциялары:
- иш чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу, талап кылынган кесиптер боюнча кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында жарандардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү;
- конкурска берилген илимий жана илимий-инновациялык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын уюштурууга катышуу, аларды каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоого катышуу;
- илимий жана илимий-инновациялык иштин субъекттерин түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- илим, жогорку билим берүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар системасын маалыматтык, илимий-методикалык тейлөө;
- калкты жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык иш, интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери боюнча маалыматтык тейлөө;
- илимий, илимий-инновациялык продукцияларды пайдаланууга, илимий жана илимий-инновациялык ишти маалыматтык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- республикада жана чет өлкөлөрдө экономика, илим жана техника тармактарындагы илимий жана илимий-инновациялык иштеп чыгууларга мониторинг жана талдоо жүргүзүүгө катышуу;
- билим берүүнүн, илимдин жана өндүрүштүн, ошондой эле өндүрүштүн жана рыноктун өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
- Кыргыз Республикасындагы илимий-техникалык жетишкендиктер жана өндүрүштүк тажрыйба жөнүндө маалыматты даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу, чет өлкөлүк уюмдар менен мындай материалдарды алмашуу;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-техникалык жетишкендиктерди алмашуу аркылуу илим чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өнөктөштөр, патенттик ведомстволор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коюу, ошондой эле аларды ишке ашыруу;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгуу, бул келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу.
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчик маселелери боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоо;
- ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды каржылоо;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, илимий-техникалык жана инновациялык иш жаатындагы билим берүү уюмдарына окуу жана илимий иш маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;
- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктардын өз ара өкүлчүлүгү жөнүндө макулдашууларды түзүү;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен тажрыйба алмашуу;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча окууларды уюштуруу;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;
- сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик документтер, адабият менен комплекттөө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга, инновациялык иштин натыйжаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды маалыматтык чагылдырууну уюштуруу;
6) укуктук коргоо жана сактоо функциялары:
- интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жаза чараларын колдонуу.
5-глава. Министрликтин укуктары
12. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары, илимий жана илимий-техникалык мекемелер, ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон чечимдерди бекитүүгө жана чыгарууга;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык мекемелердин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын ишин, анын ичинде алардын филиалдарынын ишин Кыргыз Республикасынын илим, билим берүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы мыйзамдарында берилген ыйгарым укуктардын чегинде текшерүүгө;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык мекемелердин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын аларга бекитилип берилген мүлктү талаптагыдай жана максаттуу пайдалануусун контролдоого;
- министрликти, ошондой эле бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту камтыган ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды, аймактык бөлүмдөрдү натыйжалуу, үнөмдүү башкарууга жетүү үчүн ички контролдун комплекстүү жана натыйжалуу системасын уюштурууга, ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоого, мыйзамга каршы жосундардын алдын алууга жана аныктоого, активдердин сакталышын, финансылык жана башкаруучулук отчеттуулуктун жана маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, тууралыгын жана адекваттуулугун, ошондой эле аларды даярдоону камсыз кылууга;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынан, илимий жана илимий-техникалык мекемелерден, ведомстволук бөлүмдөрдөн жана уюмдардан, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан илим, жогорку билим берүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды суроого жана алууга;
- менчигинин түрүнө карабастан жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары, илимий жана илимий-техникалык мекемелер, ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар жөнүндө маалыматты, анын ичинде билим алуучуларга жана кызматкерлерге карата жеке мүнөздөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык суроого, топтоого, иштеп чыгууга, сактоого, пайдаланууга, өткөрүп берүүгө жана коргоого;
- белгиленген тартипте жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, аттестациялык, илимий-техникалык жана инновациялык иш жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүүгө;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, интеллектуалдык менчик, аттестациялык, илимий-техникалык жана инновациялык иш маселелери боюнча эл аралык фестивалдарды, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жайкы мектептерди жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
- белгиленген тартипте жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдарын, илимий жана илимий-техникалык мекемелерди түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык мекемелердин уставдарын бекитүүгө;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, аттестациялык, илимий-техникалык жана инновациялык иш, ошондой эле интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү сыйлоо системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- мекемелердин жана уюмдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн статусун өзгөртүү, түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- эмгек акынын белгиленген фондунун чегинде ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүүгө;
- илим, жогорку жана кесиптик орто билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик системасында иштеген коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди ишке тартууга;
- министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактарга түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү жана комментарийлерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылууга, доо арыздарды берүүгө;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тизмегин бекитүүгө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жаза чараларын колдонууга;
- укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзүүгө, комиссиялар жөнүндө жоболорду, алардын сандык жана жеке курамын бекитүүгө;
- министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана колдоого;
- министрликтин ишин кеңири чагылдыруу максатында расмий веб-сайттарды, ошондой эле социалдык тармактарда баракчаларды түзүүгө;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында илимий-изилдөө жана иштин башка түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө;
- илим, жогорку жана кесиптик орто билим берүү жана инновациялар системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу жана келечектүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновациялык системаны өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын улуттук инновациялык системасынын бардык катышуучуларынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтчаларды түзүүгө жана колдоого;
- расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жаатындагы башка адабияттарды басып чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоого байланышкан документтердин бирдиктүү формаларын белгилөөгө;
- пайдалануучулардан жана/же башка төлөөчүлөрдөн автордук жана чектеш укуктарды пайдалануунун укук ченемдүүлүгүн ырастоочу документтерди, автордук жана чектеш укуктардын тийиштүү объекттерин пайдалануу жөнүндө отчетторду, ошондой эле алардын тизмеги жана берүү мөөнөттөрү келишимде аныкталган сый акыларды топтоо жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жана алууга;
- пайдалануучулар жана/же башка төлөөчүлөр автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзүүдөн, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда чара көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо үчүн алымдардын жана жыйымдардын, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтерди белгилөө, алардын өлчөмдөрүн өзгөртүү боюнча сунуштарды мыйзамда белгиленген тартипте киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоого жана инновацияларды өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле башка иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды ишке тартууга;
- интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча ишти уюштурууга;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган Апелляциялык кеңешти түзүүгө жана Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүүгө;
- министрликтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
13. Министрликти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу министр жетектейт.
Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш ийет жана министрликтин ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат;
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Министр:
- жеке башкаруунун негизинде министрликти жалпы жетектейт жана министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- министрликтин компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, тартиптерди жана регламенттерди бекитет;
- министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн бекитет;
- бекитилген штаттык сандын чегинде министрликтин борбордук аппаратынын штаттык расписаниесин бекитет;
- министрликтин системасында жетектөөчү кызмат орундарынын номенклатурасын аныктайт жана бекитет;
- эмгек акынын белгиленген фондунун чегинде республикалык бюджеттен жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин штаттык санын жана түзүмүн бекитет;
- министрликтин чыгымдар сметасын бекитет;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерин жана башка мамлекеттик жарандык кызматчыларды, министрликтин номенклатурасына кирген кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын укуктарын жана функциялык милдеттерин аныктайт;
- министрликтин номенклатурасына кирген кызматкерлерге карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- министрликтин ведомстволук жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын Президентине "улуттук" статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды жиберет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына "өзгөчө" статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды жиберет;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, прокуратура органдарынын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайларын кошпогондо) жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин сунушу боюнча өзгөчө статусу бар кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо, жогорку кесиптик билим берүүнүн уюмдарынын окуу иштери боюнча проректорлорун дайындайт жана бошотот;
- көзөмөлчүлүк кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректорун (ректордун биринчи орун басарын) дайындайт жана бошотот;
- министрдин орун басарларынын, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- министрликте коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды көрөт;
- коррупциялык тобокелдиктерди аныктоону жана баалоону, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чараларды, кадрдык жана финансылык чечимдерди ички контролдоону, ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камтуучу коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, иштөөсүн камсыз кылуу жана натыйжалуулугу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- илимди, жогорку билим берүүнү жана инновацияларды башкаруу системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында илимди, билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон башка адамдарды ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте илимди, жогорку билим берүүнү жана инновацияларды башкаруу системасынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында илимди, билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон башка адамдардын арасынан талапкерлерди көрсөтөт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коет;
- министрликтин коллегиясынын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага берилген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрликтин ишинин кыйла маанилүү маселелерин кароо үчүн илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча окумуштуулар кеңеши, илимий-техникалык кеңеш жана илимий-техникалык эксперттик кеңеш, апелляциялык кеңеш, авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин кеңеши, ойлоп табуучулар кеңеши түзүлөт, алардын жоболору жана курамы министр тарабынан бекитилет.
16. Министрликте курамына министр (коллегиянын төрагасы), кызмат орду боюнча министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле министрликтин системасынын башка жетекчи кызматкерлери кирген 15 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
17. Коллегия өзүнүн жыйналыштарында илимди, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды башкаруу системасын өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана министрликтин ишине байланышкан башка маселелерди карайт.
18. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйруктары менен ишке ашырылат.
Коллегиянын иш тартиби министр тарабынан бекитилүүчү министрликтин коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
19. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар өз ишин өз алдынча жүргүзөт, министрликке түздөн-түз баш ийет жана өз иши жөнүндө отчет берет.
7-глава. Корутунду жоболор
20. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Министрлик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.