Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-июлу № 440
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
29-мартындагы № 169 “Генерациялоочу булактарды,
электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын
жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр
тармактарына технологиялык туташтыруунун
эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергетикалык орнотомолорду курууну жана эксплуатациялоону контролдоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 “Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесинде:
– 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттеринин электр тармактарына кошуу кийин сүрөттөрдү отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына чыгарып берүү аркылуу визуалдык байкоо системасын орнотуу менен жүзөгө ашырылат.”;
45-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Өтүнмө берилгенге чейин генерациялоочу булактын менчик ээси электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматтык системасы менен аларды электр энергиясынын санын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасына интеграциялоо аркылуу эсепке алуу приборун орнотууга милдеттүү:
– генераторлор тарабынан иштелип чыккан;
– жеке жана чарбалык муктаждыктар үчүн керектелген;
– булактын шиналарынан түздөн-түз керектөөчүлөргө кеткен линиялар боюнча керектөөчүгө берилген.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |