Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-июлу № 1-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясынын
2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА
«Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык
инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук
форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежесинде:
- 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) кара түстөгү параддык фуражка - кара түстөгү параддык мундир, жазгы-күзгү күрмө менен кийилет;»;
- 24-пункттагы «Көк» деген сөз «Кара» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 38-пунктта «кочкул-жашыл» деген сөздөр «жашыл» деген сөзгө алмаштырылсын; «Кочкул-көк» деген сөздөр «Кара» деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасында:
- 2-пунктта «кочкул-көк» деген сөздөр «кара» деген сөзгө алмаштырылсын; «кочкул-жашыл лампастары» деген сөздөр «жашыл лампастары» деген сөздөргө алмаштырылсын; «кочкул-жашыл кыюусу» деген сөздөр «жашыл кыюусу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта «кочкул-көк» деген сөздөр «кара» деген сөзгө алмаштырылсын; «кочкул-жашыл лампастары» деген сөздөр «жашыл лампастары» деген сөздөргө алмаштырылсын; «ачык көк» деген сөздөр «боз» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктта «кочкул-көк» деген сөздөр «кара» деген сөзгө алмаштырылсын; «кочкул-жашыл» деген сөздөр «жашыл» деген сөзгө алмаштырылсын; «ачык-көк» деген сөздөр «боз» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пунктта «кочкул-көк» деген сөздөр «кара» деген сөзгө алмаштырылсын; «кочкул-жашыл» деген сөздөр «жашыл» деген сөзгө алмаштырылсын; «ачык-көк» деген сөздөр «боз» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Баш кийимдерде (кепка (бейсболка) жана кулакчындуу тумак) диаметри 60 мм болгон Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын логотипи түрүндөгү кокарда каралган.
Фуражка кара баркыт алкактуу кездемеден тигилет, алкагына жана жогорку маңдайына жашыл кыюу бастырылат. Алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн эки кичине топчу кадалып, ага алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чеберчилик менен өрүлгөн кош катар боо тагылат. Жетекчилер үчүн баш кийимдин кокардасынын кыры алтын түспөлдөнүп сыймаланып тигилет. Маңдай кыры кара, лакталган болот.»;
- 12-пунктта «кочкул-жашыл» деген сөздөр «жашыл» деген сөзгө алмаштырылсын; «кочкул-көк» деген сөздөр «кара» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20. Жең белги Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн диаметри 81 мм токулган-тигилген шеврон түрүндө болот. Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн шеврондун кыюусу кара түстө, туурасы 3 мм болот, Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн шеврондун кыюусу кара түстө, туурасы 3 мм болот.».
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы ведомстволук форма кийимдерин даярдоо үчүн акча каражаттарын белгиленген тартипте бөлүүнү камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жарыяласын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2025-жылдын 31-июлунда https://bishkek.gov.kg/assets/uploads/files/1753947447.pdf расмий сайтында жарыяланды
Мэр | А.Дж. Джунушалиев |