Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгы менен бекитилди) |
Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына,
саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары – Жобо) талапкерлерди конкурстук тандоону өткөрүү, айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартибин аныктайт.
2. Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви (мындан ары – кадрлар резерви) – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, айыл өкмөттүн башчысынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
3. Кадрлар резервин түзүүнүн максаты – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, айыл өкмөттүн башчыларынын бош кызмат орундарына квалификациялуу башкаруучу кадрларды дайындоо.
2- глава. Кадрлар резервин түзүү жана анын
иштөө тартиби
4. Кадрлар резерви жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык төмөнкү төрт топтон турат:
1) биринчи топ – республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун ээлөөгө;
2) экинчи топ – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын жана облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат орундарын ээлөөгө;
3) үчүнчү топ – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басарынын, райондук маанидеги шаардын мэринин жана айыл өкмөттүн башчысынын кызмат орундарын ээлөөгө;
4) төртүнчү топ – республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө.
41. Кадрлар резервин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны резервге киргизилүүчү талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кадрлар резервинде төмөнкү кызмат орундарын ээлөөгө турган адамдар:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын биринчи тобун ээлөөгө тургандар биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү топтордогу кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын экинчи тобун ээлөөгө тургандар экинчи, үчүнчү жана төртүнчү топтогу кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын үчүнчү тобун ээлөөгө тургандар үчүнчү жана төртүнчү топтогу кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын төртүнчү тобун ээлөөгө тургандар төртүнчү топтогу гана кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын (анын орун басарларынын), республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин (алардын орун басарларынын) кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө конкурс өткөрүү үчүн конкурстук комиссия түзүлөт, анын сандык жана жеке курамы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жетекчиси тарабынан бекитилет.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын (анын орун басарларынын), республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин (алардын орун басарларынын) кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине тандоо боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары – Комиссия) курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
4) региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
5) айыл чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
6) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
7) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору;
8) жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча эки адамдан көп эмес);
9) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө конкурс ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Кадрлар резервине конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу башталган дата жана мезгил ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
9. Райондук маанидеги шаардын мэринин (анын орун басарынын), айыл өкмөттүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө конкурс өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда конкурстук комиссия (мындан ары – региондук комиссия) түзүлөт.
10. Региондук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
4) жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлү (макулдашуу боюнча эки адамдан көп эмес);
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
11. Райондук маанидеги шаардын мэринин жана анын орун басарынын, айыл өкмөттүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө конкурс ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарылгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жана тийиштүү мамлекеттик порталга жайгаштырат.
13. Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет.
Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:
– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;
– эмгек китепчеси;
– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада. Талапкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына же муниципалдык кызматына кирген учурда бир нуска кызматкердин өздүк делосуна тиркелет. Экинчи нуска талапкердин өзүнө – белгиленген чектөөлөр менен таанышкандыгынын жана кабыл алгандыгынын ырастоо катары жеке сактоо үчүн берилет.
Сканерленген документтерге талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14. Талапкер конкурска катышууга өтүнмө бергенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү төмөнкү маалыматтарды алуу үчүн ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суроо-талаптарды жиберет:
1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна анын иштеген мезгили жөнүндө маалымат алуу үчүн (зарыл болгон учурда);
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине соттуулугунун бар же жок экендиги, ошондой эле реабилитацияланбаган негиздер боюнча, анын ичинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери жөнүндө маалымат алуу үчүн.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди карайт, талаптарга жана чектөөлөргө шайкеш келген талапкерлерди тестирлөөгө киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Стаж боюнча белгиленген талаптарга шайкештик бөлүгүндө талаш-тартыштуу учурлар боюнча документтер тийиштүү комиссия тарабынан каралат, ал талапкерлерди тестирлөөгө киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Кадрлар резервинде түзүлгөн кызмат орундарына карата талаптарга шайкеш келген адамдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Тестирлөө борборунда же анын филиалдарында компьютердик тестирлөөдөн өтөт.
Компьютердик жана бланктык тестирлөөлөр төмөнкү этаптарга бөлүнөт:
– мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (мындан ары – жалпы мыйзамдар) билүү (60 суроо);
– талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аппараттык-программалык психодиагностикалык комплекс – мультипсихометр аркылуу аныктоо.
Ченемдик укуктук актылардын тизмеги, компьютердик жана бланктык тестирлөөгө тесттик тапшырмалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
Система тарабынан автоматтык түрдө түзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыктары талапкердин электрондук почтасына электрондук форматта жөнөтүлөт.
Кадрлар резервинин биринчи жана экинчи топторунун кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө катышкан талапкерлер мультипсихометрдеги тесттен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте өтөт.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
17. Аңгемелешүү тийиштүү комиссия тарабынан өткөрүлөт. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия кадрлар резервине киргизүүгө талапкерди сунуштоо же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча аңгемелешүү аралыктагы форматта (онлайн-режимде) өткөрүлүшү мүмкүн.
18. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурстук тандоонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
19. Кадрлар резервине киргизүү үчүн сунушталган талапкерлердин тизмеси комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырылат.
20. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган, кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү боюнча маселелер мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүктө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
21. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген, кадрлар резервинде турбаган адамдар дайындалышы мүмкүн. Ошол эле учурда кадрлар резервинен дайындалбаган адам дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде кадрлар резервине кирбестен белгиленген тартипте конкурстун бардык этаптарынан өтүүгө (босоголук балл алуу үчүн) милдеттүү.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген, кадрлар резервинде турбаган адамдар дайындалышы мүмкүн. Ошол эле учурда кадрлар резервинен дайындалбаган адам дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде кадрлар резервине кирбестен белгиленген тартипте конкурстун бардык этаптарынан өтүүгө (босоголук балл алуу үчүн) милдеттүү.
Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген, кадрлар резервинде турбаган адамдар дайындалышы мүмкүн. Ошол эле учурда кадрлар резервинен дайындалбаган адам дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде кадрлар резервине кирбестен белгиленген тартипте конкурстун бардык этаптарынан өтүүгө (босоголук балл алуу үчүн) милдеттүү.
22. Эгерде ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык дайындалган адам дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде белгиленген тартипте кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстун бардык жол-жоболорунан өтпөсө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына конкурстан өтпөгөндүгү жана анын ээлеген кызмат ордуна шайкештигин кароо жөнүндө маалымат киргизилет.
3- глава. Кадрлар резервинен чыгаруу тартиби
23. Резервдеги адамдын кадрлар резервинде болуу мөөнөтү ал кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып үч жылды түзөт.
Кадрлар резервинде турган адам төмөнкү учурларда анын курамынан белгиленген мөөнөткө чейин чыгарылат:
– Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо;
– соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса;
– соттун айыптоочу өкүмү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынса;
– соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу болсо, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда;
– билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү фактысы белгиленсе;
– улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана/же ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын текшерүүдөн өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтар алынса;
– кадрлар резервинен тиешелүү бош мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлесе.
Ошол эле учурда райондук маанидеги шаардын мэринин жана айыл өкмөттүн башчысынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервинде турган адамдар дайындалгандан кийин бир жыл өткөндө кадрлар резервинен чыгарылат;
– жеке арызын берсе;
– адам каза болгон учурда.
24. Кадрлар резервинин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин тиешелүү буйругу ушул Жобонун 24-пунктунда каралган негиздерди ырастаган документтер же маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн датадан тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алынат.
25. Кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Айрым саясий мамлекеттик кызмат
орундарына, саясий жана административдик
муниципалдык кызмат орундарына кадрлар
резерви жөнүндө жобого
тиркеме
Мамлекеттик жарандык кызматка жана
муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө
милдеттенме
Мен, __________________________________________________ ____________________________________________________________, (аты-жөнү толугу менен)
паспорт: сериясы ____ №________, ______________________ берилген
____________________________________________________________
_______________________________________ дареги боюнча жашаган
____________________________________________________________
____________________________________________________________,
(мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматына жана муниципалдык кызматына кирген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого.
Мамлекеттик кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, анын ичинде мыйзамсыз сыйлыктарды кабыл алууга же коррупциялык жүрүм-турумдун башка көрүнүштөрүнө байланышкан иш-аракеттерге жол бербөөгө.
Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, коммерциялык уюмдарды башкарууга катышпоого (мыйзамда каралган учурларды кошпогондо), ишкердик ишти жүргүзбөөгө, мамлекеттик кызматты акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырбоого.
Өзүмдүн, ошондой эле үй-бүлөмдүн мүчөлөрүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө так маалыматтарды – белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө.
Кайсы бир адамдардын мага коррупциялык иш-аракеттерге байланышкан сунуштар менен кайрылган учурлары жөнүндө же болбосо коррупциялык укук бузуулардын белгилүү болгон фактылары жөнүндө иш берүүчүгө токтоосуз маалымдоого.
Кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталган учурда бул жөнүндө өзүмдүн түздөн-түз жетекчиме токтоосуз билдирүүгө жана мыйзамда белгиленген тартипте анын жөнгө салынышына көмөк көрсөтүүгө. Коррупциянын алдын алууга багытталган бардык талаптарды аткарууга.
Эскертүү. Ушул милдеттенме эки нускада түзүлдү, анын бири кызматчынын өздүк делосунда сакталат.
Дата: 20___-ж.______________ Колу: ______________
____________________________________________________________
(аты-жөнү)