Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 790 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салат.
2. Кесиптик орто билим берүү уюму (мындан ары - КОБ уюму) өз ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. КОБ уюмунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүү муктаждыктарын кесиптик орто билим алуу аркылуу канааттандыруу;
2) коомдун кесиптик орто билими бар адистерге болгон муктаждыгын канааттандыруу;
3) билим алуучуларда жарандык позицияны жана эмгекти сүйүүнү калыптандыруу, жоопкерчиликти, өз алдынчалуулукту жана чыгармачыл активдүүлүктү өнүктүрүү;
4) коомдун адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү.
4. КОБ уюмдарынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1) техникум (окуу жай жана адистештирилген КОБ уюму) - базалык деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу КОБ уюму;
2) колледж - базалык жана жогорулатылган деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу КОБ уюму.
5. КОБ уюмунун аталышы аны түзүүдө белгиленет, кайра уюштурууда же аккредитациялоодо өзгөртүлүшү мүмкүн жана уюштуруу-укуктук формасына, адистерди даярдоонун түрүнө жана профилине көрсөтмөнү камтууга тийиш.
6. КОБ уюму өзүнүн түзүмүндө иши КОБ уюмунун атайын каражаттарынын жана уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу филиалдар, бөлүмдөр, даярдоочу курстар, окуу кабинеттери жана лабораториялар, окуу жана окуу-өндүрүштүк устаканалар жана чарбалар, окуу полигондору, кошумча кесиптик билим берүүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү, жатаканалар жана башка окуу жана чарбалык түзүмдүк бөлүмдөр болушу мүмкүн. Медициналык адистиктерди ишке ашыруучу КОБ уюмдары өз түзүмүндө клиникалык базаларга ээ болушу мүмкүн.
КОБ уюмунда билим берүү уюмунун атайын каражаттарынын жана уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен үзгүлтүксүз кесиптик даярдоону, анын ичинде жумуш ордунда окутууну (дуалдык окутууну) жүзөгө ашыруучу интеграцияланган билим берүү уюмдарын (окуу-өндүрүштүк комплекстерди, бизнес-инкубаторлорду, стартаптарды, технопарктарды, анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди, окуу-өндүрүштүк комбинаттарды, алдынкы тажрыйба борборлорун, устаканалардын жана лабораториялардын базасында ишканаларды) түзүүгө жол берилет.
7. КОБ уюмунун юридикалык жактын статусуна ээ түзүмдүк бөлүмү жана филиалы карамагында ошол КОБ уюму болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча түзүлөт, кайра уюштурулат, кайра аталат жана жоюлат. КОБ уюмунун филиалы жөнүндө жобо кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилет.
8. КОБ уюму негизги жалпы билим берүүнүн, жалпы орто билим берүүнүн, башталгыч кесиптик билим берүүнүн жана кошумча кесиптик билим берүүнүн программаларын ишке ашыруучу комплекстүү билим берүү уюму катары билим берүү ишин жүргүзүүгө укуктуу. КОБ уюмдарынын көрсөтүлгөн билим берүү программаларын (анын ичинде окууга кабыл алуу, билими жөнүндө документтерди берүү, билим алуучуларга жана кызматкерлерге укуктарды, социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүү) ишке ашыруу боюнча иши тиешелүү билим берүү уюмдары жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
9. КОБ уюмунда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иш, ошондой эле инновациялык иш жүргүзүлүшү мүмкүн, аны каржылоо КОБ уюмунун атайын каражаттарынын жана уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда КОБ уюмунун түзүмүндө тийиштүү бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүн.
2-глава. КОБ уюмуна кабыл алуу
10. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алуучуларды КОБ уюмдарына окууга кабыл алуунун көлөмү жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11. КОБ уюмдарына окууга кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жалпы орто билимдин базасында КОБ уюмдарына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
12. Республикалык бюджеттин жана окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча КОБ уюмдарына окууга кабыл алуу негизги жалпы, орто жалпы же кесиптик башталгыч билими бар адамдардын арызы боюнча конкурстук негизде кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Эгерде Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башка шарттар каралбаса, конкурсту өткөрүү тартиби кесиптик орто билим берүүнүн тиешелүү программаларын өздөштүрүүгө бир кыйла жөндөмдүү жана даяр адамдарды кабыл алууну камсыз кылууга тийиш.
13. КОБ уюмунун билим алуучуларынын курамына киргизүү билими жөнүндө документтин түп нускасын бергенден кийин жүргүзүлөт.
3-глава. КОБ уюмунун билим берүү иши
14. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмегин кошпогондо, кесиптик орто билим берүүнүн программалары күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында өздөштүрүлүшү мүмкүн. КОБ уюмунда экстернат жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Кесиптик орто билим берүүнүн программасын ишке ашырууда гибриддик жана онлайн-окутуу, ошондой эле жумуш ордунда/дуалдык окутуу колдонулушу мүмкүн.
15. КОБ уюмдарында кесиптик орто билим берүүнүн программалары боюнча окуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдик мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
16. Билим берүү процессин уюштуруу ар бир адистик жана окутуу формасы үчүн окуу планы жана окуу сабактарынын расписаниеси менен регламенттелет, ал кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде КОБ уюму тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет. КОБ уюмунда окуу дисциплиналары (дисциплиналардын циклдери) боюнча предметтик (циклдик), методикалык жана башка комиссиялар түзүлөт.
17. КОБ уюмдарында окуу жылынын башталышы кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана конкреттүү адистиктин окуу планына жана окутуу формасына ылайык аяктайт. Окуу жылы ичинде билим алуучулар үчүн жалпы узактыгы 10 жумадан кем эмес, анын ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес болгон эки жолудан кем эмес каникул белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 790 токтомунун редакциясына ылайык)
18. КОБ уюмдарында окуу сабактарынын негизги түрлөрү: сабак, лекция, семинар, практикалык сабак, лабораториялык сабак, контролдоо иши, консультация, өз алдынча иш, өндүрүштүк (кесиптик) практика, курстук иш (курстук долбоорлоо), квалификациялык бүтүрүү иши (дипломдук долбоор, дипломдук иш) белгиленет, ошондой эле окуу сабактарынын башка түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аудиториялык сабактардын бардык түрлөрү үчүн академиялык сааттын узактыгы 45 мүнөт деп белгиленет.
19. Тизмеги КОБ уюму тарабынан өз алдынча аныкталуучу лабораториялык жана практикалык сабактарды, дене тарбия жана башка дисциплиналар боюнча окуу сабактарын өткөрүүдө, ошондой эле курстук ишти (курстук долбоорлоо) аткарууда жана устаканаларда (полигондордо, чарбаларда) өндүрүштүк окутууда окуу тобу чакан топторго бөлүнөт. КОБ уюмунун өзгөчөлүгүнө жараша окуу сабактары азыраак сандагы билим алуучулардын топтору же чакан топтору, ошондой эле өзүнчө билим алуучулар менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Окуу топторунда окуу жана тарбия иштерин күндөлүк жетектөөнү куратор (класс жетекчи) же клиникалык базанын бөлүм башчысы жүргүзөт.
20. Жумуш ордунда окутууну уюштуруу окуу-өндүрүштүк комплекстердин, бизнес-инкубаторлордун, стартаптардын, технопарктардын, анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстердин, окуу-өндүрүштүк комбинаттардын базасында, клиникалык базаларда, КОБ уюму менен тиешелүү келишимди түзгөн иш берүүчүнүн базасында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жумуш ордунда окутуу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
21. КОБ уюму билим алуучуларды баалоо системасын, формасын, тартибин жана орто аралык аттестациялоонун мезгилдүүлүгүн өз алдынча тандайт. КОБ уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча билим алуучуларды орто аралык аттестациялоо процессиндеги экзамендердин саны окуу жылында 16дан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн санга дене тарбия жана билим алуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналар боюнча экзамендер жана зачеттор кирбейт.
Аккредитациясы бар КОБ уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо мамлекеттик аттестациялык комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт. КОБ уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Кесиптик орто билим берүүнүн сапатын КОБ уюму ишке орношууга, рейтингдерге катышууга жана аккредитациялоонун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү механизмдери аркылуу баалайт.
22. Аккредитациясы бар КОБ уюму тиешелүү билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү жана (же) жеке үлгүдөгү кесиптик орто билими жөнүндө дипломду берет. Кесиптик орто билими жөнүндө документ эл аралык үлгүдөгү тиркемени камтышы мүмкүн.
23. КОБ уюмунан окуудан чыгарылган билим алуучуга билими жөнүндө документтин түп нускасы жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат финансылык жана материалдык карыздарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окуунун наркы төлөгөндөн кийин берилет.
24. Кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин формасы, ошондой эле аларды даярдоо, сактоо, берүү жана эсепке алуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
25. КОБ уюмуна тапшырууда берилген билими жөнүндө документ КОБ уюмун бүтүргөн же КОБ уюмун бүтүргөнгө чейин кеткен адамга анын арызы боюнча өздүк делосунан алып берилет. Ошол эле учурда өздүк делодо билими жөнүндө документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү калат.
4-глава. КОБ уюмун башкаруу
26. КОБ уюмун башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана анын уставына ылайык анын ишинин маанилүү маселелерин чечүүдө (окуу процессин уюштуруу, билим берүүнүн сапаты жана мазмуну, окуу процессин методикалык камсыз кылуу ж.б.) педагогикалык курамдын, көзөмөлчүлүк кеңештин жана финансылык комитеттин катышуу принциптеринде жүргүзүлөт.
27. КОБ уюмунун уставы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бекитилет жана катталат. Мамлекеттик КОБ уюмунун уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмунун типтүү уставынын негизинде иштелип чыгат.
28. КОБ уюмунда шайлануучу өкүлчүлүктүү орган - КОБ уюмунун кеңеши (мындан ары - кеңеш) түзүлөт.
Кеңештин курамына КОБ уюмунун директору, кызматкерлердин бардык категорияларынын, билим алуучулардын, ошондой эле кызыкдар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү кирет. КОБ уюмунун директору кеңештин төрагасы болуп саналат. Кеңештин башка мүчөлөрү жалпы чогулушта (конференцияда) шайланат. Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш. Кеңешти мөөнөтүнөн мурда шайлоо анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин талабы боюнча, ошондой эле КОБ уюмунун уставында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
КОБ уюмунда башка өз алдынча башкаруу органдары: педагогикалык жана методикалык кеңештер, көзөмөлчүлүк кеңеш жана башкалар түзүлүшү мүмкүн.
КОБ уюмунун филиалында уставга ылайык шайлануучу өкүлчүлүктүү орган - филиалдын кеңеши түзүлүшү мүмкүн.
Өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо тартиби, иши жана ыйгарым укуктары КОБ уюмунун уставында аныкталат.
29. Мамлекеттик КОБ уюмун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте конкурстук негизде дайындалуучу директор түздөн-түз жетектейт. Мамлекеттик КОБ уюмунун директорунун кызмат ордуна педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча жогорку кесиптик билими бар адамдар талапкер боло алат. Конкурска катышуучу талапкерлерге карата квалификациялык талаптар жана конкурстук комиссиянын курамына талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик эмес КОБ уюмунун жетекчиси уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан дайындалат.
КОБ уюмунун директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставга ылайык КОБ уюмунун атынан иш алып барат, бардык уюмдарда анын атынан чыгат, келишимдерди (контракттарды), анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банкта эсептерди ачат, өзүнүн компетенциясынын чегинде бардык кызматкерлердин жана билим алуучулардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
Мамлекеттик КОБ уюмунун директоруна анын кызмат ордун илимий жана илимий-методикалык жетекчиликтен тышкары, башка акы төлөнүүчү жетектөөчү кызмат орду менен КОБ уюмунун ичинде же андан тышкары айкалыштырууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык директор кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт, бошотот жана кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт.
Кеңеш менен директордун ортосундагы ыйгарым укуктарды чектөө КОБ уюмунун уставында аныкталат.
Мамлекеттик КОБ уюмунун директору кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам бир эле мамлекеттик КОБ уюмунун директорунун кызмат ордун жалпысынан он жылдан ашык ээлей албайт.
30. Менчиктин кандай болбосун түрүндөгү КОБ уюмун түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана КОБ уюмунун уставы менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары сакталган шартта мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар КОБ уюмунун уюштуруучулары боло алат.
5-глава. КОБ уюмунун билим алуучулары
31. Кесиптик орто билим берүүнүн программалары боюнча окутуу үчүн КОБ уюмуна директордун буйругу менен кабыл алынган адам КОБ уюмунун билим алуучусу болуп саналат.
Даярдоо курстарында окуу же кошумча кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн КОБ уюмуна директордун буйругу менен кабыл алынган адам КОБ уюмунун угуучусу (мындан ары - угуучу) болуп саналат.
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алуу бөлүгүндө угуучунун укуктук абалы тиешелүү окуу формасындагы билим алуучунун статусуна шайкеш келет.
32. КОБ уюмунун билим алуучуларынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана КОБ уюмунун уставында аныкталат.
33. Билим алуучуларга белгиленген үлгүдөгү кагаз жана/же электрондук форматтагы студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.
34. Билим алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуусун иш менен айкалыштыра алат.
35. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;
2) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө;
3) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн корголууга;
4) медициналык кароого жана алгачкы медициналык жардамды уюштурууга;
5) ден соолукка зыян келтирүүчү эксплуатациялоонун жана иш-аракеттердин кандай болбосун формаларынан, ошондой эле күч колдонуудан жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркын басмырлоодон корголууга;
6) адамдын кадыр-баркын урматтоого, өзүнүн көз карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
7) кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
8) КОБ уюмунун маалыматтык ресурстарын, окуу, социалдык-тиричиликтик, дарылоо жана башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн анын уставында белгиленген тартипте акысыз пайдаланууга;
9) Кыргыз Республикасынын аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жаатындагы мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтырууга;
10) алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен окуу үчүн шарттардын түзүлүшүнө;
11) окутуунун кандай болбосун этабында КОБ уюмун жана окуу формасын тандоого, ошондой эле жеке билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алууга;
12) КОБ уюмунун ишинин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
13) КОБ уюмунун администрациясынын буйруктарына жана тескемелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
36. Билим алуучулар билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүгө, билим берүү жаатындагы мыйзамдарды, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана ички тартип эрежелерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого милдеттүү. КОБ уюмуна зыян келтирилген учурда билим алуучулар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
37. Бюджеттик каражаттардын эсебинен күндүзгү окуу формасында окуган билим алуучулар белгиленген тартипте стипендиялар менен камсыз кылынат. Билим алуучулар жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнүүчү стипендияларды, ошондой эле башка стипендияларды алууга укуктуу.
38. КОБ уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын жана уюштуруучулардын каражаттарынын чегинде билим алуучуларды Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган социалдык колдоо чараларын өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.
Билим берүү программаларын өздөштүрүүдөгү, эксперименттик-конструктордук жана башка иштеги ийгиликтери үчүн билим алуучуларга моралдык жана материалдык сыйлоонун ар түрдүү формалары белгиленет.
39. Турак жайга муктаж болгон билим алуучулар КОБ уюмунун тиешелүү турак жай фонду болгон учурда жатаканадагы орундар менен камсыз кылынат.
40. Медициналык көрсөтмөлөр боюнча жана башка өзгөчө учурларда билим алуучуга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте академиялык өргүү берилет.
41. КОБ уюмунун билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
42. Жүйөөсүз себептер менен адистиги боюнча окуу планын белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы, КОБ уюмунун уставында каралган милдеттерди аткарбагандыгы, ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн билим алуучуларга КОБ уюмунан чыгарууга чейинки тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн. Администрациянын демилгеси боюнча ооруп жатканда, каникул, академиялык өргүү же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү учурунда билим алуучуларды окуудан чыгарууга жол берилбейт.
43. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-глава. КОБ уюмунун кызматкерлери
44. КОБ уюмунун кызматкерлерине жетектөөчү жана педагогикалык кызматкерлер, окуу-көмөкчү жана башка персонал кирет.
45. КОБ уюмунун кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн кесиптик ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого;
2) анын уставында аныкталган тартипте КОБ уюмун башкарууга катышууга;
3) кеңешке жана башка шайлануучу органдарга шайлоого жана шайланууга, КОБ уюмунун ишинин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
4) КОБ уюмдарынын администрациясынын буйруктарына жана тескемелерине даттанууга;
5) өзүнүн кесиптик ишине зарыл болгон уюштуруучулук, окуу-методикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну алууга, анын уставына жана (же) жамааттык келишимине ылайык КОБ уюмунун китепканаларын, маалыматтык ресурстарын, окуу, окуу-методикалык, социалдык-тиричиликтик, дарылоо жана башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн акысыз пайдаланууга.
46. КОБ уюмунун педагогикалык кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окуу формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандоого;
2) инновациялык методдорду жана технологияларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, окуу процессине алдынкы педагогикалык тажрыйбаны киргизүүгө;
3) билим алуучуларды билим алуудагы жана башка жогорку жетишкендиктери үчүн сыйлоого;
4) жеке педагогикалык ишке, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте репетитордук жана тренингдер түрүндө сабактарды өтүүгө;
5) үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө, методикалык колдоого жана насаатчылыкка.
47. Педагогикалык кызматкердин төмөнкүлөргө укугу жок:
1) КОБ уюмдарында диний жана атеисттик пропаганданы жүргүзүүгө;
2) КОБ уюмдарында саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) билим алуучуларды иш таштоо кыймылдарына жана саясий акцияларга тартууга;
5) билим алуучуларга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана ар кандай басмырлоого;
6) билим алуучуларга карата физикалык жана психикалык зордук-зомбулукка байланышкан тарбиялоонун антипедагогикалык методдорун, гумандуулукка каршы, ошондой эле билим алуучулардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу окутуу методдорун пайдаланууга.
48. КОБ уюмдарынын кызматкерлери КОБ уюмунун уставын, ички тартип эрежелерин, кесиптик этиканы бекем сактоого, аларга жүктөлгөн функционалдык милдеттерди сапаттуу аткарууга милдеттүү.
49. КОБ уюмунун педагогикалык кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө;
2) инклюзивдик билим берүү, окутууну дифференциациялоо жана жекелештирүү принциптерин сактоого;
3) ата-энени, коомдун башка мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын маданий-тарыхый баалуулуктарын, мамлекеттик түзүлүштү урматтоо рухунда окуу-тарбия иштерин жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга тарбиялоого;
4) жалпы адамзаттык баалуулуктарды: боорукердикти, эмгекчилдикти, гуманизмди, мекенчилдикти, адилеттүүлүктү урматтоону бекемдөөгө жана коррупцияга карата сабырсыздыкка тарбиялоого;
5) өзүнүн кесиптик билимин жана көндүмдөрүн туруктуу өркүндөтүүгө, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
6) билим алуучулардын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого, өз ишинде гендердик зордук-зомбулуктун жана басмырлоонун көрүнүштөрүнө жол бербөөгө, ошондой эле билим алуучулардын ортосундагы мындай көрүнүштөрдү алдын алууга;
7) билим алуучуларды элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү, тынчтык, ынтымак рухунда аң-сезимдүү жашоого даярдоого;
8) билим алуучулардын жеке чыгармачылык жөндөмдөрүн жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө.
50. КОБ уюмунун жетекчилиги кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу КОБ уюмунун бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында, кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдарында, илимий, илимий-методикалык жана башка мекемелерде жана уюмдарда диссертацияларды даярдоо жана жактоо же башка формаларда окутуу жана (же) стажировкадан өтүү аркылуу беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
51. КОБ уюмунун жетектөөчү жана педагогикалык кызматкерлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өтөт.
52. КОБ уюмунун окутуучуларын администрациянын кызматкерлердин санын кыскартууга байланышкан демилгеси боюнча бошотууга окуу жылы аяктагандан кийин гана жол берилет.
7-глава. КОБ уюмун каржылоо
53. Мамлекеттик КОБ уюмдарына алардын уставда каралган ишин камсыз кылуу максатында имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектөөчүлүк, социалдык, маданий жана башка багыттагы башка зарыл болгон мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
Мамлекеттик КОБ уюмдарына белгиленген тартипте бөлүнгөн жер участоктору оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилет. Бул участокторду пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында жөнгө салынат.
54. Мамлекеттик эмес КОБ уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында, ошондой эле билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
55. КОБ уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставга ылайык мүлктү ижарага алуучу жана (же) ижарага берүүчү катары чыгууга укуктуу.
Мамлекеттик эмес КОБ уюму мурда ижарага алынган жана/же иш жүзүндө пайдаланылган мамлекеттик же муниципалдык жайларга келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууда артыкчылыктуу укуктан пайдаланат.
56. Мүлктү түзүүнүн жана КОБ уюмунун ишин каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) уюштуруучунун материалдык жана акчалай мүчөлүк төгүмдөрү;
4) ыктыярдуу төгүмдөр - юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын өз алдынча чегерүүлөрү;
5) КОБ уюмунун акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттар;
6) эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттар, кредиттер;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.
57. КОБ уюму тарабынан кошумча каражаттарды тартуу тийиштүү бюджеттен аны каржылоонун ченемдеринин жана (же) абсолюттук өлчөмдөрүнүн азайышына алып келбейт.
58. Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын алуу үчүн акы төлөө өлчөмү чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык белгиленет.
КОБ уюму жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен (ыктыярдуу негизде) билим алуучулар менен түзүлгөн келишимдер боюнча тиешелүү билим берүү программаларынан жана мамлекеттик билим берүү стандартынан тышкары кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүшү мүмкүн.
59. КОБ уюму анын уставында каралган, Кыргыз Республикасынын ишкердик иш жаатындагы мыйзамдарына ылайык ишкердик ишти жүргүзүүгө укуктуу.
60. КОБ уюму келишимдерди түзүүгө, милдеттенмелерди аныктоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана КОБ уюмунун уставына каршы келбеген башка шарттарга байланышкан маселелерди өз алдынча чечет.
8-глава. КОБ уюмунун эл аралык жана тышкы экономикалык иши
61. КОБ уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү, илим жана башка да иш жаатында эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө укуктуу.
КОБ уюмдарынын эл аралык кызматташтыгы билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик органдары менен чет мамлекеттердин тийиштүү билим берүүнү башкаруу органдарынын ортосундагы эл аралык келишимдердин, ошондой эле КОБ уюмдарынын чет өлкөлүк билим берүү мекемелери, чет өлкөлүк жеке жана (же) юридикалык жактар менен түзгөн келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт.