Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругу менен бекитилген
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Авиациялык атайын иштер - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 10-глава, 10-пункт. |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коргонуу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган: - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү (мындан нары – КР КК АККК ); - КР КК АККК 23565 аскер бөлүгү. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү колдонуучулар | Юридикалык жана жеке жактар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Эгерде керектүү сандагы авиациялык техника Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча негизги тапшырмаларына таасир бербеген учурда гана кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо (6-пункттун 47-пунктчасы). |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин авиациялык кемелерин колдонуучулардын суроо-талабына жараша авиациялык атайын иштердин жыйынтыгы төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - адамдарды жана жүктөрдү ташуу; - айыл чарба жаатындагы атайын иштер; - курулуш; - туризм жана спорт жаатындагы иштер; - сүрөткө тартуу же топографиялык сүрөткө тартуу; - байкоо жана кайгуул; - издөө жана куткаруу; - аба жарнамасы; - медициналык тейлөө; - мөңгүлөрдү мониторинг кылуу; - курсанттарды практикалык окутуу; - бийиктиктердеги барокамера; - жүктөрдү тышкы асма жабдыктарда ташуу; - өрттөрдү өчүрүү; - электр өткөрүү чубалгыларын тейлөө; - авиациялык химиялык иштер; - авиациялык кемени күйүүчү май менен толуктоо майкуйгуч аркылуу жүзөгө ашырылат. Аткарылган иштердин натыйжасында Тапшырыкчы жана Аткаруучу түзүлгөн келишимге ылайык аткарылган иштердин актысына кол коюшат. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: 1) аэродромдо, даярдалган аянтчаларда, аэропортто, тоо аянтчасында; 2) жандуу кезек принциби боюнча; 3) жеңилдетилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет; 4) мамлекеттик кызмат көрсөтүү арыз берүүчүнүн тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкү шарттары каралган: 1) бекитилген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; 2) санитардык-гигиеналык жайларга (жуунуучу бөлмө, даараткана) жарандардын тоскоолдуксуз киришин камсыздоо, ошонун ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустардын, кармагычтардын, жабдылган дааратканалардын бардыгы; 3) уюм күтүү үчүн орундар, суу түтүктөр, телефондор менен камсыздалат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү жасай турган иштердин көлөмүнө карата жана кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишимге негизделип аныкталат |
Авиациялык кызматтарды алуучуларды маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандарташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат жөнүндө маалыматты: 1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында (mil.gov.kg); 2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин коомдук кабылдамасында; 3) телефон аркылуу; 4) электрондук формада: mokr@mil.gov.kg алса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жооптуу башкармалыгынын даректери, ишеним телефон номери, ошондой эле мамлекеттик кызматтын стандарты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмасы (мүнөздөп берүү же ар түрдүү ыкмаларын атап берүү) | Көрсөтүлүп жаткан кызмат жөнүндө маалыматты таратуу: 1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында (mil.gov.kg); 2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин коомдук кабылдамасында; 3) телефон аркылуу; 4) Кыргыз Республикасынын КР КК АККК жана 23565 аскер бөлүккө кайрылууда жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштөө графиги: Дүйшөмбү-жума 9-00дан баштап 18-00гө чейин. Түшкү тыныгуу 12-30дан баштап 13-30га чейин. |
Авиациялык кызматты көрсөтүү жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен сүйлөшүү | Келүүчүлөр менен сүйлөшкөндө кызматчылар этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сабырдуу, принципиалдуу болуу, берилген суроону тыкыр карап чыгууга тырышуу, сүйлөп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтеп берүү. Бардык кызматчылар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген этикалык ченемдерди, жарандарга карата эркиндикти жана объективдүүлүктү сактоону камсыздаган, кызыкчылыктардын карама-каршылыгын болтурбаган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. |
11 | Жашырындуулукту камсыздаган ыкмалар | Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. |
12 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү колдонуучу тарабынан керектүү документтердин жана/же аракеттердин тизмеги | Кызматты алуу үчүн кайрылуучу төмөнкү документтерди бериши керек: - эркин формада өзү кол койгон жазуу түрүндөгү арыз; - уюмдун атынан чыгууга укук берген ишеним катты көрсөтүү; - Тапшырыкчы жана кызматты Аткаруучу ортосунда оң жыйынтык болгондо келишимди түзүү жана ага кол коюу. Берилген документтер окулушу керек, анда оңдоолор жана боёлгон жерлер болбошу зарыл. Кайрылуучунун сканерден өткөрүлгөн документтеринин алгачкысын, аларды электрондук дарекке жөнөтүү менен берүүгө жол берилет (Мында, келишимге кол коюуда кайрылуучу, ал кол койгон кайрылуунун түп нускасын берет). Чет мамлекеттик жарандар мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтердин пакетин, мамлекеттик жана расмий тилдерде легалдашкан түрүндө беришет. - авиациялык атайын иштерди аткарууда аба кемесин камсыздандыруу, Тапшырыкчы жана Аткаруучу ортосунда түзүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык; - кызматты төлөө Тапшырыкчы жана Аткаруучу ортосунда түзүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүп көрсөтүлөт. Баалардын прейскурантын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги бекитет. Кызматтын баасы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызматты көрсөткөн мекемелердин маалыматтык такталарында жана Коргоо министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган. Учуу жана техникалык курамга үй жай менен камсыз кылуу, тамак аш жана авиациялык атайын иштерди өткөрүүчү районуна жеткирүү мамлекеттик кызматты колдонуучу тарабынан камсыз кылынат. Авиациялык иштердин акыркы баасы авиациялык ишке Тапшырыкчы жана Аткаруучу кол койгон жана келишимдин, көрсөтүлүүчү кызматтын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, аткарылган иштердин актысында көрсөтүлгөн аткарылган иштердин көлөмүнө жараша түзүлөт. |
14 | Авиациялык иштердин параметринин сапаты | - Кызмат көрсөтүүнүн толуктугу жана өз убагында аткарылгандыгы көрсөтүлгөн кызматтын шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныкталат. Мындан тышкары, авиациялык кызматтын сапаты: 1) кызматты алуучу адамга карата ар түрдүү дискриминацияга жол бербөөгө; 2) ушул стандартта жазылган көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттарына; 3) керектөөчүнүн кызматтын сапатына канааттангандыгына; 4) керектөөчүдөн ушул стандартта көрсөтүлгөн кызматты алуу үчүн керектүү документтерди гана сурап алуу мүмкүнчүлүгүнө; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген керектөөчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого; 6) Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык-сыпаалыгына; 7) табыштамага ылайык бекитилген тартипте учууну аткарууга; 8) техникалык тейлөөгө, метеорологиялык божомолго, учууну башкарууга жана учуу-конууну аткаруу үчүн аэродромду (аянтчаны) берүүгө; 9) “Тапшырыкчыга” чыныгы аткарылган учуулар боюнча Аткарылган иштердин актысын берүүгө; 10) Учууну аткаруу жылдырылган учурда (“Тапшырыкчынын” чечими боюнча, метеошарттар жана башка себептер менен) “Тапшырыкчы” авиациялык техникага куйган авиациялык отундун сакталышын камсыздоого жараша аныкталат; 11) Авиация кемесин күйүүчү май менен толуктоо май-куючу аркылуу керектөөчүнүн өтүнмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт.
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Мамлекеттик кызматты көрсөтүү: 1) эгерде авиациялык техника Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча негизги тапшырмаларды аткарууда колдонулуп жатса; 2) берилген документтерде, маалыматтарда чындыкка туура келбеген маалыматтар бар болгондо; 3) жаратылыштык же техникалык мүнөздөгү себептерге жараша кызматтарды көрсөтүү мүмкүн болбогондо; 4) керектөөчү, ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; 5) керектөөчүнүн ушул стандарттын 12-пунктунда каралган керектүү документтерди бербеген учурда баш тартылат. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө керектөөчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигине, КР КК АККК жана КР КК АККК 23565 аскер бөлүгүнүн кол башчылыгына оозеки жана жазуу түрүндө административдик тартипте кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу “Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте бекитилген формада берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү сот тартибинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чечимине даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты такай, үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралып турууга тийиш. |
КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы полковник 2025-ж. 08- 07 |
|
Т.М. Талипов |