Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ДИН ИШТЕРИ ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жобосунун 12-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы:
1) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып – 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрүү;
2) расмий жарыялангандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
3) расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтүлсүн.
4) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тааныштырып, расмий сайтка мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоону камсыз кылуу.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары М.М. Муратбековго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.М. Юсупов |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана
этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин
2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ДИН ИШТЕРИ ЖАНА
ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына
зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө