Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 6-августу № 148-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-главада (Кирешелердин классификациясы):
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу, “Атайын режимдер боюнча салыктар” (1112) топчосу, “Патенттин негизинде салык” (11122) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“ | 11122400 | Соода ишине патент |
|
| 11122900 | Атайын режимдер боюнча башка салыктар | ”; |
- (1113) “Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар” топчосу, (11131) “Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“ | 11131300 | Транзакцияларга салык |
|
| 11131900 | Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган башка салыктар | ”; |
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери” (133) тобу, “Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери менен алынган каражаттар” (1333) топчосу, “Республикалык бюджеттен Социалдык фонддун бюджетине алынган каражаттар” (13331) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“ | 13331810 | Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар | ”; |
- 1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобунун аталышындагы “эки”деген сөз “төрт” деген сөзгө алмаштырылсын;
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу төмөнкүдөй топчолор менен толукталсын:
“- 1113 Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар;
- 1114 Бирдиктүү салык төлөмү”;
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу, “Атайын режимдер боюнча салыктар” (1112) топчосу, “Патенттин негизинде салык” (11122) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“- 11122400 Соода ишине патент;
- 11122900 Атайын режимдер боюнча башка салыктар”;
- “Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар” (1113) топчосу төмөнкүдөй элементтерге бөлүнсүн:
“- 11131 Кумтөрдүн дүң кирешесине салык;
- 11131100 Кумтөрдүн дүң кирешесине салык;
- 11131200 Кумтөрдөн Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстар базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма;
- 11131100, 11131200 элементтеринде 2009-жылдын 24-апрелиндеги Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун 1.4.2 “Дүң кирешеге салык” пунктуна жана 1.4.3 “Кошумча салыктар” пунктунун б пунктчасына ылайык Кумтөрдөн түшкөн акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлөт”;
- “Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” (11131) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“- 11131300 Транзакцияларга салык;
- 11131900 Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган башка салыктар”;
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери” (133) тобу, “Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери менен алынган каражаттар” (1333) топчосу, “Республикалык бюджеттен Социалдык фонддун бюджетине алынган каражаттар” (13331) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“- 13331810 Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар”;
2) 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясы):
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине гранттар” (263) тобу, “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар” (2631) топчосу, “Социалдык фондго трансфеттер” (26313) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“ | 26313810 | Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар | ”; |
- “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (272) тобу, “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (2721) топчосу, “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (27211) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“ | 27214500 | Социалдык контракт | ”; |
- 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясын колдонуу тартиби):
- “Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу” (221) тобунда, “Тамак-аш азыктарын алуу” (2218) топчосунда, “Тамак-аш азыктарын алуу” (22181) беренесинин 22181400 “Тамак-аш боюнча үлүшкө төлөөгө чыгымдар” элементинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Тамак-аш боюнча үлүшкө төлөөгө чыгымдар, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн эл аралык макулдашуулардын алкактарында союздаштар өлкөлөрүнүн аймактарындагы иш-чараларга тартылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында күжүрмөн нөөмөттөргө тартылган өздүк курамынын тамак-ашы үчүн акы төлөөгө чыгымдар, аскер кызматчыларынын өз күчтөрү жана каражаттары менен ысык тамак даярдоосу мүмкүн болбогон же максатка ылайыксыз болгон учурлардагы чыгымдар кирет”;
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине гранттар” (263) тобу, “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар” (2631) топчосу, “Социалдык фондго трансфеттер” (26313) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“-26313810 Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар”;
- “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (272) тобу, “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (2721) топчосу, “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” (27211) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“- 27214500 Социалдык контракт”;
3) 4-главада (Функционалдык классификация):
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган экономикалык маселелер” (7049) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 70492 | Экономикалык маселелер боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр | ”; |
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган айлана чөйрөнү коргоо маселелери” (7056) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 70562 | Айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелер | ”; |
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” (7066) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 70662 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы маселелер | ”; |
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган саламаттык сактоо маселелери” (7076) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 70762 | Саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелер | ”; |
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган социалдык коргоо маселелери” (7109) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 71094 | Социалдык коргоо жаатындагы маселелер | ”; |
4-глава (Функционалдык классификацияны колдонуу тартиби):
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган экономикалык маселелер” (7049) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“70492 Экономикалык маселелер боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр
-Жалпы экономикалык маселелерди жетектөө, кызмат көрсөтүүлөрдү жана өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну башкаруу, ошондой эле кадр саясатын жана жол-жоболорун стимулдаштыруу ж.б.”;
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган айлана чөйрөнү коргоо маселелери” (7056) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“70562 Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелер
- Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы жетекчилик, кызмат көрсөтүүлөрдү жана өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну башкаруу, ошондой эле кадр саясатын жана жол-жоболорун ишке ашыруу жана стимулдаштыруу ж.б.”;
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” (7066) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“70662 Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы маселелер
-Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы жетекчилик, кызмат көрсөтүүлөрдү жана өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну башкаруу, ошондой эле кадр саясатын жана жол-жоболорун түзүү жана ишке ашыруу ж.б.”;
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган саламаттык сактоо маселелери” (7076) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“70762 Саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелер
Саламаттыкты сактоо жаатындагы жетекчилик, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну башкаруу, ошондой эле кадр саясатын жана жол-жоболорун түзүү жана стимулдаштыруу ж.б.”;
-“Башка категорияларга таандык кылынбаган социалдык коргоо маселелери” (7109) топчосу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“71094 Социалдык коргоо жаатындагы маселелер
Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү жетекчилик, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу, фондду иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, ошондой эле натыйжалуу кадр саясатын жана жол-жоболорун түзүү жана ишке киргизүү ж.б.”;
4) 5–глава (Ведомстволук классификация):
- “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги” (25) тобунда, 25220 коду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы”;
- “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (Жалпы мамлекеттик программалар, иш чаралар жана төлөмдөр)” (26) тобу төмөнкүдөй код менен толукталсын:
“ | 26850 | Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы жана тил саясатын өркүндөтүү | ”; |
- төмөнкүдөй топтор жана коддор менен толукталсын:
“ | 31 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
|
| 31110 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (аппарат) |
|
| 31120 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (Инновациялык борбор жана Интеллектуалдык менчик фонду) |
|
| 31130 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (Жогорку аттестациялык комиссия) |
|
| 31140 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (ведомстволук билим берүү мекемелери) |
|
| 31150 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (Илим фонду) |
|
| 47 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
|
| 47110 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (аппарат) |
|
| 47121 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (ведомстволук мекемелер) |
|
| 48 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
|
| 48120 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
|
| 48130 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти | ”; |
- “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги” (44) тобундагы “спорт” деген сөз алып салынсын;
- “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги” (45) тобундагы “45520 “”Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция” коду алып салынсын;
- “Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги” (55) тобундагы “55221 Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы” коду алып салынсын;
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги” (60) тобу төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ | 60 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
|
| 60110 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (аппарат) |
|
| 60120 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (ведомстволук мекемелер) |
|
| 60130 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти |
|
| 60911 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (кошо каржылоо) |
|
| 60921 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (грант) |
|
| 60931 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (кредит) | ”;
|
- “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги” (69) тобунда "өнүктүрүү" деген сөздөн кийин “жана инновациялык технологиялар” деген сөздөр менен толукталсын;
- “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги” (69) тобундагы “69420 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” коду алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1)ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору” бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| Р.М.Суйналиев |