Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-августундагы № 484 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өз функцияларын жүзөгө ашырат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ушул Жобону, ведомстволук буйруктарды жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик токой фондусунда мамлекеттик өрт көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук коопсуздук, коргоо, жаза аткаруу системасы, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын объекттериндеги мамлекеттик өрт көзөмөлү, тиешелүүлүгүнө жараша, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ушул ведомстволор тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Темир жол транспортунун объекттеринде мамлекеттик өрт көзөмөлү "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы тарабынан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Шахталарда, тоо-кендик иштетүүлөрдө жана башка жер астындагы курулмаларда, аба кемелеринде жана суу транспортунда мамлекеттик өрт көзөмөлү алар карамагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик өрт көзөмөлү - бул өлкөдө өрт коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоого багытталган, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошондой эле менчиктин бардык түрүндөгү мүлктү өрттөн коргоо максатында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик көзөмөлдөө ишинин атайын түрү;
2) өрткө каршы мамлекеттик профилактика - өрттүн алдын алууга, жайылып кетишин токтотууга жана өрт чыгуу ыктымалынын себептерин жоюуга, өрттү ийгиликтүү өчүрүү, ошондой эле адамдарды жана мүлктү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүүгө, келип чыккан өрттү өз убагында табууну жана адамдарга өрт жөнүндө тез арада кабарлоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) өрткө каршы пропаганда - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, атайын адабияттарды жана буклеттерди басып чыгаруу жана таратуу, калкты социалдык тармактар аркылуу маалымдоо, тематикалык көргөзмөлөрдү, кароолорду, конференцияларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган маалымдоонун башка формаларын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылуучу, өрт коопсуздугун камсыз кылуунун көйгөйлөрү жана жолдору жөнүндө коомго максаттуу маалымдоо;
4) өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн корголгон абалы;
5) өрт коопсуздугунун талаптары - өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында белгиленген социалдык жана/же техникалык мүнөздөгү атайын шарттар;
6) өрт коопсуздугунун чаралары - юридикалык же жеке жактардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча аракеттери;
7) өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу - жеке же юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы;
8) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жана контролунун жазма эскертүүсү - юридикалык же жеке жактар белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү болгон, өрттү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспектордун өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды жоюу боюнча иш-чараларды, анын ичинде курулуп жаткан ишканалардын, коргоо объекттеринин, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өрт коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын камтыган жазуу жүзүндөгү буйругу;
9) өрт көзөмөлү жана контролу боюнча мамлекеттик инспектор - "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы;
10) өрт-техникалык изилдөө - өрттүн алдын алууга, мүмкүн болгон өрттүн жайылышын чектөөгө шарттарды түзүүгө, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү эвакуациялоого, чыккан өрттү өз убагында аныктоону камсыз кылууга, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды тез арада чакырууга багытталган, өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүүчү текшерүү;
11) убактылуу токтото туруу жөнүндө токтом - бул адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле алардын мүлкүнө коркунуч туудурган объекттердин ишин же пайдаланылышын убактылуу токтото турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган расмий документ.
2-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары
5. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппараты (өрткө каршы профилактика жана өрттү өчүрүү боюнча республикалык орган);
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана шаардык башкармалыктары, шаардык жана райондук бөлүмдөрү (өрткө каршы профилактика жана өрттү өчүрүү боюнча аймактык органдар);
3) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы жана анын аймактык органдары (өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо органы).
6. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугу жаатында ыйгарым укук берилген бардык кызмат адамдары саналат.
3-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
7. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууда төмөнкү функцияларды аткарат:
1) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча:
- юридикалык, кызмат адамдары жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын, өрт коопсуздугуна жана өрт өчүрүү каражаттарына карата милдеттүү талаптарды, ошондой эле курулуш ченемдерин жана эрежелерин өрт коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө сактоосун контролдоо;
- курулушу аяктаган объекттерде өрттү автоматтык түрдө аныктоо жана өчүрүү системаларын кабыл алуу жана долбоордук чечимдерге шайкештигин белгиленген формадагы актыларды түзүү менен тастыктоо;
- дан эгиндерин жыйноо жана тоют даярдоо мезгилинде алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз болгондугуна белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу карточкасын түзүү менен айыл чарба машиналарынын өрт коопсуздугунун абалын изилдөө;
- өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын белгиленген формадагы тиешелүү актыны түзүү менен контролдоо жана текшерүү;
- өрт коопсуздугуна тиешелүү болгон маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
- республиканын ишканаларынын, уюмдарынын, мекемелеринин, шаарларынын жана калктуу конуштарынын өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарды жана кабарлоолорду даярдоо;
- объекттердин жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө калкка маалымдоо;
- ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- ишкердик субъекттерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өрт-техникалык жактан изилдөө;
- түздөн-түз өрт чыгуу коркунучун жаратуу менен өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузган учурда уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин иштөөсүн, ошондой эле техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин өрткө каршы талаптарынан четтөө менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттердин курулушун, кеңейтилишин, реконструкциясын жана техникалык кайра жабдылышын убактылуу токтотуу же тыюу салуу;
- лицензиялык талаптардын аткарылышына контролдоо жүргүзүү;
2) өрттү алдын алуу жана өчүрүү боюнча:
- өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү;
- республикадагы ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, шаарлардын жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу;
- имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын зарыл болгон учурда кызыкдар уюмдардын катышуусу менен иштеп чыгуу;
- корутунду берүү менен жаңы курулуш үчүн аянтчаны (трассаларды) тандоо боюнча жумушчу комиссияларга катышуу;
- архитектуралык-пландоочу башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) шаар куруу кеңештеринин жана курулуш жана архитектура иштери боюнча уюмдардын ишине катышуу;
- өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөргө жана изденүүлөргө катышуу;
- өрткө каршы үгүттөө жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү;
- белгиленген үлгүдөгү тиешелүү корутунду берүү менен курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтерине өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык өрт боюнча иштерди териштирүү жана алгачкы тергөө иштерин жүргүзүү;
- өрт кырсыктарын жана анын кесепеттерин эсепке алуу;
- ыктыярдуу өрт түзүмдөрүнүн арасында конкурстарды өткөрүү;
- өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоо боюнча, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо боюнча, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүү боюнча, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүү боюнча, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча иштин түрлөрүнө лицензия берүү;
- коргоо объекттеринин иштешине карата өрт коопсуздугунун талаптары боюнча корутунду берүү;
- өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун макулдашуу;
- уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтарына жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнө өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда көмөк көрсөтүү;
- ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өрт коопсуздугунун чараларын иштеп чыгууда жана жумушчуларга, кызматкерлерге жана окуучуларга өрт коопсуздугунун талаптары боюнча окутууларды уюштурууда методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү.
4-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары
8. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча:
- түздөн-түз өрт чыгуу коркунучун жаратуу менен өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузган учурда уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин иштөөсүн, ошондой эле техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин өрткө каршы талаптарынан четтөө менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттердин курулушун, кеңейтилишин, реконструкциясын жана техникалык кайра жабдылышын убактылуу токтотууга же тыюу салууга;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, республиканын турак жай фондуна тиешелүү объекттерден тышкары, объекттердин өрт коопсуздугун текшерүүгө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүү, жазма эскертүү берүүгө;
- өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга айып пул түрүндө жаза чегерүүгө, бузууларды жоюу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү үч жолу аткарбаган учурда, жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн укук коргоо органдарына кабарламаны жана материалдарды киргизүүгө;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден объекттердин жана чыгарылган продукциянын өрт коопсуздугунун абалын мүнөздөөчү, ошондой эле өрттөр жана алардын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жана документтерди талап кылууга;
- өрт коопсуздугунун маселелери боюнча адистердин билимин баалоого жана анын жыйынтыгы боюнча адистин компетенциясы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- объекттерде өрткө каршы коргонуу каражаттарынын абалын, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын бөлүмдөрүнүн жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн күжүрмөндүгүн текшерүүгө;
- өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеп жаткан жайларды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулук берүүчү, энергия керектөөчү жана башка түзүлүштөрдү иштетүүгө тыюу салууга;
- өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу үчүн, ал эми зарыл болгон учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин сактоону контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын адистерин, объекттердин инженердик-техникалык жана башка кызматкерлерин ишке тартууга;
2) өрттү өчүрүү жана профилактика боюнча:
- уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан сунушталган техникалык регламенттерге киргизилүүчү өрт коопсуздугунун стандарттарын жана талаптарын макулдашууга;
- өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы жөнүндө иштер боюнча белгиленген тартипте алгачкы текшерүүлөрдү, өрттүн себептерине техникалык изилдөө жүргүзүүгө, алардын жыйынтыктары боюнча аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;
- өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын жетүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.
5-глава. Объекттин өрт-техникалык абалын текшерүү жана аны жүргүзүү тартиби
9. Объекттин өрт-техникалык абалын текшерүү өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан объекттин жетекчисинин же башка компетенттүү өкүлдүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
10. Ишкердик субъекттеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт-техникалык абалын текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
11. Ишкердик субъекттеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын категориясына кирбеген коргоо объекттеринин өрт-техникалык абалын текшерүү өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарга, ошондой эле өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Объекттин өрт-техникалык абалын текшерүүдө текшерүүчү органдын кызмат адамы текшерүү актын түзөт жана бузуулар аныкталган учурда, эгер бузууларды жоюу адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизсе - 3 күнгө чейинки мөөнөттө жана башка учурларда - 30 күнгө чейинки мөөнөттө бузууларды жоюу жөнүндө жазма эскертүү чыгарат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерилген субъекттер тарабынан жол берилген жогорку даражада тобокели бар техногендик мүнөздөгү авариянын түздөн-түз коркунучуна алып келүүчү бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулат.
6-глава. Коргоо объекттерин эксплуатациялоону убактылуу токтотуу жана тыюу салуу тартиби
12. Объектти убактылуу токтотуу же тыюу салуу адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын кайрадан бузуулар аныкталган учурларда жүзөгө ашырылат. Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугуна, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз жана олуттуу коркунуч туудурган текшерүү субъектинин ишинин ошол бөлүгү гана убактылуу токтотулат.
Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч болуп эки же андан көп коркунуч факторлорунун болушу саналат, алардын жыйындысы адамдар туруктуу же убактылуу жүргөн имараттарда же курулмаларда өрттүн пайда болушу жана жайылышы үчүн шарттарды түзөт.
Өрттүн жайылуу шарттары болуп өрттүн келип чыгуу коркунучу бар потенциалдуу аймактарда, адамдар туруктуу же убактылуу жүрүшү мүмкүн болгон имараттарда же курулмаларда күйүүчү заттардын жана материалдардын болушу саналат.
13. Имараттарды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулук берүүчү, энергияны керектөөчү жана башка түзүлүштөрдү, ишканаларды, уюмдарды, өзүнчө турган имараттарды жана курулмаларды пайдаланууну, ошондой эле курулуш ченемдеринин стандарттарын жана техникалык шарттарын, өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу менен ишке ашырылган объектти курууну, кеңейтүүнү, реконструкциялоону убактылуу токтотуу же тыюу салуу үчүн убактылуу токтотуу жөнүндө токтом чыгарылат.
Токтомдо бул чараны колдонууга негиз болгон өрт коопсуздугунун талаптарын бузуулар так жана далилдүү баяндалат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы убактылуу токтотуу же тыюу салуу жөнүндө токтом чыгаргандан кийин материалдарды иштин белгилүү бир түрүн же анын бир бөлүгүн убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү органга жиберет же өз алдынча карайт.
Чечим кабыл алынгандан кийин өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы имараттарды, курулмаларды, жеке жайларды, кампаларды, жабдууларды жана түзүлүштөрдү пломбалайт же мөөр басат. Мында кызмат адамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча Пломбалоо же мөөр басуу актын түзөт, анда пломбаланган же мөөр басылган дата жана орду, качан, ким тарабынан, кимдин катышуусунда, кайсы мөөнөткө чейин пломбаланганы же мөөр басылганы көрсөтүлөт. Пломбалоо же мөөр басуу субъекттин жооптуу адамынын катышуусу менен Актыга кол коюу менен жүргүзүлөт.
Жооптуу адам Пломбалоо же мөөр басуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда, иш-аракет күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт жана алар аталган Актыга кол коет. Күбөлөрдү тартууга мүмкүн болбогон учурда, фото жана видео жазуу Пломбалоо же мөөр басуу актысына "Мөөр басуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу тапшырылган күнүн көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
Пломбалоодо же мөөр басууда каршылык көрсөтүлгөн учурда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы жардам алуу үчүн ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу.
Текшерилүүчү объекттин жазуу жүзүндө кайрылуусу боюнча кызмат адамы өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.
Объекттин ишин убактылуу токтотууга алып келген бузуулар жоюлганда текшерилип жаткан объект токтом чыгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.
Токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бузууларды четтетүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып белгиленген мөөнөттө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан визуалдык текшерүүдөн өткөндөн кийин токтомдун күчүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
7-глава. Өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алуу
14. Өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
15. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өрттөргө талдоо жана өрттөрдүн кырдаалына ыкчам байкоолорду жүргүзүп турат.
Өрттөрдү талдоо иш планына киргизүү үчүн өрттөрдүн алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу менен аяктайт.
16. Өрттөрдү талдоонун жыйынтыгы жана өрттөрдүн ыкчам кырдаалы калкка, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирилип турат.
17. Өрттөр жана алардын кесепеттери жөнүндө маалыматтар өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен тартипте берилет.
8-глава. Болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө)
18. Болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Алгачкы текшерүү органдары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чогулган материалдарды ырааттуулугу боюнча тергөөчүгө же прокурорго өткөрүп берүү менен чыккан өрттүн издерин сактоо боюнча шашылыш чараларды көрөт.
20. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
1) өрт жөнүндө акт, өрт болгон жерди кароо протоколун түзүү менен өрт чыккан жерди өз убагында изилденүүсүн камсыз кылат;
2) өрттү көргөн адамдарды жана күбөлөрдү сурамжылайт;
3) зарыл учурда өрттүн жагдайларын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт сыноочу лабораториясын жана башка экспертиза түрлөрүн ишке тартат;
4) кылмыш курамы же атайын өрттөөнү далилдөөчү материалдар табылган учурда чогулган материалдарды кылмыш иштери жана укук бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу тергөө органдарына өткөрөт;
5) өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарууга жооптуу адамдын эрежелерди бузгандыгынан улам өрттүн чыгышын далилдөөчү материалдар табылган учурда чогулган материалдарды өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрөт;
6) өз компетенциясынын чегинде иштеген прокурорго же тергөөчүгө талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет;
7) ай сайын ички иштер органдарынан өрт боюнча кайтарылган кылмыш материалдары боюнча маалыматтарды сурайт жана аларды эсепке алат;
8) ай сайын жергиликтүү күйүк борборлорунан (бөлүмдөрүнөн) өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат алат жана бул фактылар боюнча себептерди териштирүүнү жүргүзөт;
9) өрттөр жана алардын кесепетинен жабыркагандар тууралуу иштерди талдайт, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине маалымат берет.
9-глава. Мамлекеттик өрткө каршы профилактика жана үгүттөө
21. Өрттүн профилактикасы өрт өчүрүү менен катар өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдети болуп саналат.
Өрттүн профилактикасын жүзөгө ашыруу өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерде камтылган өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууга негизделген.
Өрттүн профилактикасы объекттин жашоо циклинин бардык этаптарында - долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо жана реконструкциялоодо ишке ашырылат. Муну менен бирге негизги көңүл өрттүн алдын алууга бурулат. Аталган тапшырманы аткарууга баарынан мурда кеңири түшүндүрүү иштери менен жетишилет. Өрттөрдүн таралышын (өнүгүшүн) чектөөгө жана аларды ийгиликтүү өчүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган профилактикалык иш-чаралар негизинен объекттерди долбоорлоо жана куруу процессинде ишке ашырылат.
22. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) мамлекеттик өрткө каршы профилактика максатында:
- өрт коопсуздугунун ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгат, өрткө каршы стандарттар жана техникалык шарттар боюнча корутундуларды даярдайт;
- өрткө каршы инструктаж, профилактикалык аңгемелешүүлөр, эскертмелер, баракчалар жана буклеттер, ошондой эле радио берүү жана телепрограмма каражаттары формасында өрт коопсуздугунун чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- калктын өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында сигналдык-катуу сүйлөөчү орнотмону колдонуу менен өрткө каршы профилактиканы жүргүзөт;
- өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын контролдойт;
- турак жай имараттарын жана курулмалардын өрттөн коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзөт;
2) үгүттөө максатында:
- массалык маалымат каражаттарында өрт коопсуздугу маселелери боюнча баяндамаларды жана берүүлөрдү уюштурууга катышат.
Өрт коркунучу бар мезгилдердин башталышы, айыл чарба иш-чаралары, жаңы жылдык жана башка майрамдар, адамдар көп болгон салтанаттуу иш-чаралар менен байланышкан, ошондой эле тиричилик приборлорун пайдаланууда өрт коопсуздугунун чаралары менен байланышкан өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери баяндамалардын жана берүүлөрдүн милдеттүү темалары болушу керек.
- кызыкдар уюмдар менен бирдикте жумушчуларды жана кызматчыларды иштеген жеринде өрт коопсуздугунун эрежелерин окутуу боюнча иштерди уюштурат. Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары, мектепке чейинки, мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин администрациясы менен бирдикте балдарды жана окуучуларды өрт коопсуздугунун чараларына үйрөтүүнү уюштурат, бул боюнча аларга методикалык жардам көрсөтөт, жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн кошуундарынын ишин жана мелдештерин өткөрүүнү уюштурат;
- окутуу максатында өрт коопсуздугу жаатында агитация жана үгүттөө үчүн окуу куралдары жана плакаттар, буклеттер, брошюралар түрүндөгү үгүт продукцияларын чыгарууну жана таратууну, видеороликтерди, фильмдерди жана анимациялык фильмдерди тартууну жүзөгө ашырат.
23. Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары жана мектепке чейинки, мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин администрациялары окуу пландарына өрт коопсуздугунун чараларын окутуу боюнча программаларды киргизүүгө милдеттүү.
10-глава. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү
24. Долбоордук документтердин өрт-техникалык экспертизасы "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Экспертизанын предмети болуп долбоордук документтер жана (же) анын айрым бөлүмдөрү саналат.
25. Коргоо объекттеринин жана өрткө каршы коргоо системаларынын долбоордук документтеринин өрт-техникалык экспертизасы коргоо объекттерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келүүсүнө жүргүзүлөт.
26. Бийиктиги 75 метрден жогору болгон долбоорлонуп жаткан коргоо объекттери өрткө каршы айрылыштарды жана жолдорду иш жүзүндө өлчөө үчүн жерине чыгуу менен комиссиянын курамында каралууга тийиш.
27. Коргоо объектинин долбоордук документтери өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген учурда арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү оц корутунду берилет. Долбоордук документтердин "Башкы план" жана "Архитектуралык чечимдер" бөлүмүнө "Каралды" деген штамп коюлат.
Өрткө каршы ченемдердин талаптарынан четтеген, долбоордук документтерди толук иштеп чыгуу зарыл болгон учурда аныкталган бузууларды жоюу үчүн долбоордук документтер арыз ээсине кайтарылып берилет. Арыз ээлеринин кепилдик милдеттенмелери, курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралгандан тышкары, өрт-техникалык экспертизанын оң корутундусун берүүгө негиз боло албайт.
28. Долбоордук документтердин өрт-техникалык экспертизасы буйрутмачынын арызы боюнча долбоордук документтерди кагаз же электрондук түрдө берүүсү менен жүргүзүлөт.
29. Өрт коопсуздугунун талаптары коюлбаган объекттер өрт-техникалык экспертизадан өткөрүлбөйт. Мындай объекттерге бетондон же күйбөгөн курулуш материалдарынан тургузулган коргоочу курулмалар, көпүрөлөр, автомобиль жана темир жолдор, суу объекттери (суу тазалоочу курулмалар, суу чыгаргычтар, суу сактагычтар ж.б.), суу жээктерин бекемдөөчү курулмалар, калдык сактагычтар, монументтер жана эстеликтер, электр линиялары жана уюлдук байланыштын базалык станциясынын мунаралары кирет. Мындан тышкары экспертизанын оң корутундусун алган, кайрадан кабыл алынган долбоорлор боюнча объекттердин курулушу алар окшош инженердик-геологиялык, климаттык, гидрологиялык жана сейсмикалык шарттарга ээ аянтчаларга жайгаштырылган учурда кирет.
30. Эгерде имаратты тургузуу, объектке баруучу жана кирүүчү жолдорду куруу, имараттын капталына же дубалдарына өзгөртүүлөр (корректуралар) киргизилбесе, өрт-техникалык экспертиза бир эле объект боюнча кайталап өткөрүлбөйт.
31. Өрт-техникалык экспертиза долбоордук документтердин төмөнкү бөлүмдөрүнө жүргүзүлөт: башкы план, архитектуралык бөлүк, конструктивдик бөлүмдөр, сырткы жана ички тармактар (суу менен жабдуу, газификация, электр энергиясы менен жабдуу, жылуулук берүү булактары), желдетүү жана түтүндү сыртка чыгаруу, автоматтык өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү системалары, архитектуралык-пландоо шарттары, мүмкүн болгон өрт өчүрүүгө керектүү күч жана каражаттардын эсеби жана авариялык-куткаруу иштерин өткөрүү, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралардын бөлүмү.
32. Өрт-техникалык экспертизаны өткөрүү үчүн түшкөн долбоордук документтер жергиликтүү архитектура органдары менен макулдашылууга тийиш. Долбоорду кароо процессинде оңдолууга жаткан бөлүмдөр жана схемалар толук иштелип жана башкы архитектор тарабынан бекитилгенден кийин гана каралууга тийиш.
Долбоордук документтерде аныкталган бузууларды кийинчерээк жоюу боюнча арыз ээлеринин кепилдик милдеттенмелери (курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралгандан тышкары) өрт-техникалык экспертизаны өткөрүү баскычында эске алынбайт.
33. "Башкы план" жана "Архитектуралык чечимдер" долбоордук документтеринин белгиленген тартипте бекитилген бир нускасы (оңдолгондон жана толук иштелип чыккандан кийин) архивде сактоо үчүн өрт-техникалык экспертиза жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга берилет.
34. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Долбоордук документтерге кайрадан өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
11-глава. Кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
35. Менчиктин түрүнө карабастан коргоо объекттериндеги жана турак жай секторундагы өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
36. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары бузуулар, аларга жүктөлгөн көзөмөлдөө функцияларын жана өрттүн профилактикасы боюнча функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле берилген укуктарды адилетсиз пайдалангандыгы үчүн тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти тартат.