Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча
улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор
аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары – Улуттук агенттик) дин жана этностор аралык мамилелер жаатында изилдөө, билим берүү жана мониторинг ишин жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Улуттук агенттиктин буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Борбор юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мүлк ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет.
4. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
5. Борбор республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен каржыланат.
6. Борбордун расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору”;
– расмий тилде: “Центр исследования религиозной и межэтнической ситуации при Национальном агентстве по делам религий и межэтнических отношений при Президенте Кыргызской Республики”.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч. Айтматов пр., 1 ст2.
2. Борбордун максаттары, милдеттери жана
функциялары
8. Борбордун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) диний кырдаалды жана этностор аралык мамилелерди изилдөөнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселелери боюнча консультацияларды берүү, диний жана этностор аралык негизи бар проблемалуу маселелерди жана чыр-чатактарды алдын алуу, профилактикалоо жана чара көрүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) диний жана этностор аралык негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча превентивдүү чараларды өркүндөтүү;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний жана этностор аралык маселелер боюнча кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, адистерди даярдоо, семинарларды, тренингдерди жана башка билим берүү программаларын өткөрүү аркылуу калктын диний жана дин таануу сабаттуулугун жогорулатуу.
9. Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикадагы диний жана этностор аралык кырдаалды турукташтыруу жана шайкеш келтирүү боюнча эксперттер жана консультанттар менен биргелешкен ишти жүргүзүү;
2) диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү маселелерди изилдөө, дүйнөлүк практиканы жана укуктук жөнгө салууну талдоо;
3) илимий методологияны жана талдоонун практикалык методдорун, жер-жерлерде мониторинг жүргүзүүнү, социологиялык сурамжылоолорду, фокус-топторду жана интервьюларды колдонуу менен изилдөө иштерин жүргүзүү;
4) жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн диний жана этностор аралык маселелер, диний жана этностук негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу боюнча семинарларды жана тренингдерди өткөрүү;
5) диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү тенденцияларды аныктоо боюнча системалуу мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында учурдагы диний жана этностор аралык кырдаалды талдоо;
6) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү изилдөө ишин жана практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар, диний уюмдар, этностук коомчулуктар, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун институттары, эл аралык уюмдар жана донордук мекемелер менен өз ара аракеттенүү;
7) диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө, турукташтыруу жана шайкеш келтирүү боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, консультациялык-медиатордук жолугушууларды уюштуруу.
10. Борбор жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
1) диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) маалыматтык материалдарды жана аналитикалык отчетторду даярдоо, маалыматтык-практикалык материалдарды, методикалык окуу куралдарды, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү башка басылмаларды иштеп чыгуу жана жарыялоо;
3) Улуттук агенттик жана башка мамлекеттик органдар үчүн өлкөдөгү диний жана этностор аралык кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
4) диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү эксперттик жана консультациялык коомчулук менен кызматташуу;
5) өлкөнүн региондорундагы чыр-чатактуу зоналарды жана жерлерди, ошондой эле проблемалуу аспекттерди талдоо жана аныктоо;
6) Борбордун ишинин багыттары боюнча белгиленген тартипте катталган диний уюмдар, этникалык коомчулуктар менен кызматташуу;
7) диний жана этностор аралык чыңалууга эрте чара көрүү жана жол бербөө максатында өлкөнүн диний жана этностор аралык кырдаалды терең изилдөөнү талап кылган региондорунда талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү;
8) диний жана этностук чөйрөлөрдөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди шайкеш келтирүү, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү башка маселелер боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, эксперттик, консультациялык жолугушууларды уюштуруу;
9) диний жана этностор аралык маселелер боюнча чыр-чатактуу жана проблемалуу кырдаалдарды изилдөө, мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөтү) жана жергиликтүү коомчулуктун, ошондой эле өкмөттүк эмес донорлордун ресурстарын тартуу.
3. Укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги
11. Борбор өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте Улуттук агенттик менен макулдашуу боюнча өзүнүн изилдөө, аналитикалык жана башка ишинин негизги багыттарын аныктоого;
2) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө изилдөө долбоорлорун, билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
3) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө изилдөө ишин ишке ашыруу үчүн башка изилдөө мекемелери, мамлекеттик органдар, диний уюмдар, этностук коомчулуктар, жарандык коомдун эксперттик коомчулуктун жана институттары, эл аралык уюмдар жана донордук мекемелер менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) Улуттук агенттиктин тапшырмасы боюнча эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга;
5) өзүнүн ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө, Борбордун ишинин багыты боюнча эксперттерди, консультанттарды ишке тартууга;
6) изилдөө эмгектерин, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, маалыматтар банкын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө;
7) Борбордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүргүзүүгө.
12. Борбордун милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүргүзүү;
2) диний кырдаалды жана этностор аралык мамилелерди изилдөө жана талдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин объективдүүлүгүн, аныктыгын камсыз кылуу;
3) иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн сактоо;
4) талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзгөн адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу;
5) кабыл алынган чечимдер жана жүргүзүлгөн иш үчүн жоопкерчилик тартуу;
6) жүргүзүлгөн иштин натыйжаларын Борбордун расмий сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана жаңылоо.
13. Борбордун кызматкерлери ушул Жободо каралган функцияларды, ошондой эле бекитилген кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы же аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана башка жоопкерчилик тартат.
4. Ишти уюштуруу
14. Борборду Улуттук агенттиктин төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
15. Борбордун директорунун бир орун басары болот, ал Борбордун директорунун сунушу боюнча Улуттук агенттиктин төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт.
16. Борбордун директору:
1) Борбордун ишин жалпы жетектейт;
2) Борборго жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы же аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана башка жоопкерчилик тартат;
3) Борбордун түзүмүн, чыгымдар сметасын жана штаттык расписаниесин Борбордун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде Улуттук агенттиктин төрагасына бекитүүгө берет;
4) белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга тартиптик жазаларды берет же сыйлайт;
5) Борбордун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
6) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана Борбордун кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
7) Улуттук агенттик менен макулдашуу боюнча Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдарда Борбордун атынан чыгат;
8) Улуттук агенттикке мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн Борбордун өзгөчөлөнгөн кызматкерлеринин талапкерлигин сунуштайт;
9) Улуттук агенттикке белгиленген тартипте жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөө борборлору, ошондой эле тиешелүү эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
10) соттордо жана башка мамлекеттик органдарда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда Борбордун кызыкчылыктарын коргойт;
11) карамагындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу жоопкерчилик тартат;
12) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
17. Борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык белгиленет.
18. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет.
19. Борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына, ал эми кенже жана техникалык тейлөөчү персонал – Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалууга жана кызмат ордунан бошотулууга тийиш.
5. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
20. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Борбордун иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып токтотулду деп эсептелет.
22. Иши токтотулган учурда Борбордун документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.