Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна) |
Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 513, 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жаранды майыптыгы бар адам деп таануу тартибин жана шарттарын аныктайт, ал аймактык (райондор аралык, шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ишке ашырылат.
2. Медициналык-социалдык экспертиза (мындан ары - МСЭ) жарандын жашоо-тиричилигинин чектөөлөрүнүн деңгээлин жана даражасын белгилөө, ошондой эле жарандын организминин абалын жалпы баалоонун, анын клиникалык-функциялык, социалдык-тиричилик, кесиптик-эмгектик жана интеллектуалдык, психологиялык маалыматтарынын негизинде реабилитациялоо жана социалдык коргоо чараларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2-глава. Жаранды майыптыгы бар адам деп таануунун негиздери жана майыптыкты белгилөө мөөнөттөрү
3. Жаранды майыптыгы бар адам деп таанууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) оорулар, жаракаттардын кесепеттери же кемтиктер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу менен ден соолуктун бузулушу;
2) жашоо-тиричиликтин чектелиши - жарандын өзүн-өзү тейлөө, өз алдынча кыймылдоо, багыт алуу, баарлашуу, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо, окутуу же эмгек ишин жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу;
3) социалдык коргоо чараларына, реабилитациялык жана абилитациялык иш-чараларга зарылдык.
4. Майыптыгы бар адам деп таанылган 18 жаштан жогору жаранга оорунун, травманын же кемтиктердин кесепетинен пайда болгон организмдин функцияларынын туруктуу, калыбына келтирилгис бузулушунун даражасына жараша майыптыктын I, II же III тобу белгиленет, ал эми 18 жашка чейинки курактагы жаранга - майыптык тобу белгиленбестен "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленет.
5. Ден соолугунун бузулуу мүнөзүнө жана даражасына жараша I топтогу майыптык 7 жылдык мөөнөткө, II топтогу майыптык 4 жылдык, III топтогу - 2 жылдык мөөнөткө белгиленет.
Ошол эле учурда жаран (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү) анын пикири боюнча аны майыптыгы бар адам деп таануу үчүн негиздердин жоголушуна алып келген ден соолугунун абалы жакшырган учурда майыптык статусун мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн МСЭКке арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Майыптыгы бар бала" категориясы жаран 18 жашка толгонго чейин 1 жылдык, 2 жылдык, 5 жылдык мөөнөткө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн көрсөтпөстөн, жаранды майыптыгы бар адам деп биринчи жолу таанууда оорулары, кемтиктери, органдарынын функцияларынын жана организмдин системаларынын калыбына келтирилгис морфологиялык өзгөрүүлөрү жана бузулушу бар 18 жаштан жогору жарандарга майыптыктын тобу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.
18 жашка чыга элек жарандарга "майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленет.
Мында саламаттык сактоо уюмунан МСЭге жолдомодо дарылоонун, реабилитация же абилитациялык иш-чараларынын оң натыйжаларынын жоктугу жөнүндө динамикалык маалыматтар камтылышы зарыл.
7. "Майыптыгы бар бала" категориясы белгиленген жарандар 18 жашка толгондо ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте кайра күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Мында майыптыктын мөөнөттөрүн эсептөө аларга "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленген күндөн тартып жүргүзүлөт.
8. Чернобыль атомдук электрстанциясындагы кыйроого жана жарандык же аскердик багыттагы башка объекттердеги аварияларда, ошондой эле ядролук куралды сыноодо радиациялык факторлордон жабыр тарткан, аларга карата Радиациянын таасири менен байланышкан оорунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын аныктоо боюнча республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш радиациялык факторлордун таасиринен улам пайда болгон оорунун себептик байланышын белгилеген жана биринчи жолу майыптыгы бар адам деп таанылган жарандарга майыптык төмөнкүдөй белгиленет: I топ - мөөнөтсүз, II жана III топтор - беш жылдык мөөнөткө.
Радиациянын таасирине байланышпаган туруктуу эмгекке жарамсыздыкка алып келген жаңы оорулар, мертинүүлөр, жаракаттар пайда болгон учурларда жана болжол жакшы болгондо майыптыктын тобу жашоо-тиричиликтин чектелишинин даражасына ылайык бир же эки жылга белгилениши мүмкүн.
9. Жаран майыптыгы бар адам деп таанылган учурда, МСЭКке экспертизага жолдомо (088у форма) келип түшкөн дата экспертиза башталган дата болуп эсептелет. Экспертиза аяктаган күн майыптык белгиленген дата болуп саналат.
10. Майыптык жаранды кезектеги экспертизадан өткөрүү (кайра күбөлөндүрүү) дайындалган айдан кийинки айдын 1-күнүнө чейин белгиленет.
Жаран 18 жашка толгонго чейин "майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка толгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин белгиленет;
Бала 18 жаш куракка толгонго чейин бир жылдан азыраак калганда (6 айдан ашык эмес) күбөлөндүрүүдөн өткөн учурда аймактык МСЭКке баланын МСЭге жолдомосунун (088/у форма) негизинде чоңдор үчүн медициналык акт түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Саламаттык сактоо уюму тарабынан МСЭге жаранды жөнөтүүнүн тартиби
11. Оорулар, жаракаттардын кесепеттери же кемтиктер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушун ырастаган маалыматтар болгондо, жарандын (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) арызы боюнча МСЭге жиберүүгө жана өткөрүүгө бардык зарыл болгон диагностикалык, дарылоо, реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, жаран саламаттык сактоо уюмунун дарыгердик консультациялык комиссиясынын (мындан ары - ДКК) чечимине ылайык саламаттык сактоо уюму тарабынан МСЭге жиберилет.
12. МСЭге биринчи жолу жиберүүдө стационардык дарылоо жана текшерүү клиникалык-функциялык абалын жана реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын натыйжалуулугун аныктоо үчүн зарыл.
МСЭге кайра жиберүүдө амбулатордук же стационардык дарылоо адамдын клиникалык-функциялык статусуна, морфологиялык өзгөрүүлөрдүн калыбына келишине/калыбына келбешине, реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын натыйжалуулугуна жараша саламаттык сактоо уюмунун дарылоочу врачы тарабынан аныкталат.
13. Алдын ала стационардык текшерүүсүз жана дарылоосуз МСЭге жиберүү укугу калыбына келтирилгис морфологиялык өзгөрүүлөрү болгон жана жашоо-тиричилигинин кескин байкалган чектелишине алып келген оорулар, анатомиялык кемтиктер болгон төмөнкү учурларда аныкталат:
1) анатомиялык кемтиктер;
2) дүлөйлүк, дудуктук;
3) көрүүнүн сезгенүү ооруларын жана операция жасоо менен дарылоону талап кылган ооруларды кошпогондо, көрүү органдарынын оорулары;
4) ритмдин байкалган бузулушу менен жүрөктүн тубаса кемтиги жана жүрөктүн байкалган жетишсиздиги;
5) борбордук жана перифериялык нерв системаларына таандык оорулар, кыймыл-аракеттин байкалган туруктуу бузулушу;
6) Даун синдрому;
7) өнүгүүнүн тубаса кемтиги;
8) кем акылдык, аутизм.
14. МСЭге жолдомо (№ 088у форма) саламаттык сактоо уюмунун медициналык маалыматтык системасында түзүлөт, саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин санариптик колтамгасы менен бекитилет жана түзүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аймактык (райондор аралык, шаардык) МСЭКке өткөрүлүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
15. № 088у формасы графалар жана пункттар калтырылбастан толук толтурулууга, органдардын жана системалардын функцияларынын бузулушунун оордук даражасын, ошондой эле жүргүзүлгөн дарылоо, реабилитациялык/абилитациялык иш-чаралардын натыйжаларын чагылдырган жарандын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар динамикада так көрсөтүлүүгө тийиш.
16. Кпиникалык-функциялык диагноз негизги, коштолгон оорулардын жана алардын оордошуусунун нозологиялык формасын, патологиялык процесстин стадиясын, оорунун өтүшүн, функциялардын бузулушунун мүнөзүн жана даражасын, жашоо-тиричилигинин чектелишинин даражасын милдеттүү түрдө сыпаттоо менен Оорулардын эл аралык классификациясы 10-кайра каралуусу боюнча белгиленет. Стационардык дарылануу жок болгон учурда № 088у формасында МСЭге жиберилген бейтаптын учурдагы жыл үчүн динамикалык байкоосунун толук сыпаттамасы камтылууга тийиш.
17. Эгерде МСЭге катталган жолдомодо медициналык текшерүүлөрдүн толук көлөмүн жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар камтылбаса, МСЭК жолдомону алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде аны саламаттык сактоо уюмуна кайтарат.
Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык документтерди МСЭКке кайра жөнөтүү 14 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жолдомо катталгандан кийин жаран/бала 5 жумуш күндүн ичинде күбөлөндүрүүдөн өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
18. 18 жаштан жогору жарандар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан күбөлөндүрүүгө убактылуу эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып 4 айдан (120 күндөн) эрте эмес же убактылуу эмгекке жарамсыз болгон күндөн баштап тыныгуу менен 5 айдан (150 күн) эрте эмес, жалпысынан акыркы 12 айдын ичинде (бир эле оору же ага тектеш оору менен ооруган учурда) жиберилет.
19. Кургак учук диагнозу жана анын кайталанышы аныкталган жарандар формасына, оордугуна, процесстин жайылышына жана клиникалык болжолуна жараша убактылуу эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып 6 айдан (180 күндөн) эрте эмес же 10 айдан (300 күндөн) кеч эмес жалпысынан акыркы 12 ай ичинде экспертизага жиберилет. Кургак учук менен ооруган балдар биринчи жолу МСЭКке кургак учуктун нозологиялык формаларына карабастан майыптыктын белгилери болгондо, 6 айдын (180 күн) ичинде толук дарылангандан кийин (анын ичинде стационарда дарылануу) жиберилет.
20. Клиникалык жана эмгектик болжол жакшы, жүргүзүлгөн дарылоо натыйжалуу болгон учурда, убактылуу эмгекке жарамсыз болгон күндөн тартып төрт айдан кийин жаранды экспертизадан өткөрүүдө, МСЭК өзүнүн чечими менен эмгекке жарамсыздык баракчасын эмгекке жарамдуулугу толук калыбына келгенге чейин 8 айдан ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу.
21. Айрым учурларда (жаракат, реконструктивдүү операциялардан кийинки абал, химиотерапия) реабилитациялык потенциалдын даражасын эске алуу менен, 8 айдан кийин кайра күбөлөндүрүү учурунда эмгекке жарамсыздык баракчасы МСЭКтин чечими боюнча 12 айга чейин узартылышы мүмкүн.
22. МСЭКке кыйла эрте жөнөтүүгө жашоо-тиричилигинин чектелишинин кескин байкалган даражасы менен оорулуунун туруктуу эмгекке жарамсыздыгынын белгилери келип чыккандыгы талашсыз болгон учурда жол берилет, ал саламаттык сактоо уюмдарынын ВКК тарабынан аныкталат.
23. Балада жашоо-тиричилигинин туруктуу байкалган чектелишинин белгилеринин келип чыгышы талашсыз болгон учурдан тышкары, саламаттык сактоо уюму баланы МСЭКке күбөлөндүрүүгө 6 айлык комплекстүү дарылоодон жана реабилитациялык иш-чаралардан кийин жиберет.
24. Иштебеген, ошондой эле соттолгон жарандар экспертизага жалпы негизде жиберилет.
25. Экспертизага өз убагында, негиздүү жиберүү, ошондой эле МСЭге жолдомодо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
4-глава. МСЭ жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
26. МСЭК МСЭ жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди электрондук форматта (документтердин сканерленген версиясы) саламаттык сактоо уюмдарынан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу кабыл алат.
27. Башка мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун медициналык уюмдары (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) документтерди кагаз жүзүндө берет.
28. Зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) белгиленген формадагы жарандын арызы;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);
3) 18 жашка чейинки балдарга - туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);
31) ата-энесинин экөө тең же болбосо жалгыз ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу болгон учурда ырастоочу документтери (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу же болбосо чет өлкөдө эмгектенүү үчүн документтер) бар болсо, саламаттык сактоо уюмдарында жана МСЭКте жашы жете элек баланын кызыкчылыктарын коргоого ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Эгерде ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жок дегенде бири Кыргыз Республикасынын аймагында болсо, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынбайт;
4) саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу - 088у формасы (жолдомонун жарактуулук мөөнөтү - толтурулган күндөн тартып үч ай) сканерленген документтерди тиркөө менен: стационардык жана амбулаториялык дарылоонун медициналык картасынан көчүрмөлөр, ооруну ырастаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, лабораториялык жана инструменталдык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);
5) жашап турууга уруксат - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, эгерде алардын жашап турууга таризделген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого уруксаты болсо;
6) иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси (эмгек китепчеси жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсеби жөнүндө маалыматтар;
7) иштеген жарандар үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы.
МСЭК зарыл болгон документтерди "Түндүк" ЭВӨС аркылуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан сурайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кызматтан бошотулган аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери төмөнкүлөрдү кошумча берет:
1) оору жөнүндө маалымкатты же Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-дарыгердик комиссиясынын же тиешелүү ведомствонун аскердик-дарыгердик комиссиясынын токтомун;
2) кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукту.
30. Радиациядан жабыр тарткан жарандар, анын ичинде кызматтан бошотулган аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери кошумча төмөнкүлөрдү берет:
1) радиоактивдүү булганган аймактарда түздөн-түз ишти аткарган мезгилин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен биринчи документти жана бул жаранга радиациянын таасиринин фактысын ырастоочу бул документти берүү үчүн негизди:
- аскердик билетти;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы (же башка ядердик объекттердеги) кыйроонун кесепеттерин жоюунун күбөлүгүн;
- радиациянын таасирине дуушар болгон адамдын каттоо картасын;
2) Радиациянын таасири менен байланышкан оорунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын аныктоо боюнча республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусун;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын алдындагы кесиптик оорулар борборунун бейтаптын медициналык картасынан көчүрмөнү.
31. Майып болуу менен кесиптик оорунун ортосундагы себептик байланышты белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын алдындагы кесиптик оорулар борборунун кесиптик оорунун болушу жөнүндө корутундусу;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кесиптик оору (уулануу) учурун териштирүү актысы (362/у формасы);
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан берилүүчү эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү;
4) иш берүүчү тарабынан берилген ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун шарттары жана мүнөзү тууралуу маалымкат;
5) бул учурду кесиптик оору деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими. Кесиптик ооруну ырастаган документтер жок болгон учурда, экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду кесиптик оору деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими саналат.
32. Майып болуу менен өндүрүштүк жаракаттын ортосундагы себептик байланышты белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) иш берүүчүнүн мөөрү менен бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн Н-1 формасы боюнча өндүрүштө болгон бөөдө кырсык тууралуу акт;
2) иш берүүчү тарабынан берилген ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун шарттары жана мүнөзү тууралуу маалымкат;
3) бул учурду өндүрүштүк жаракат деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими. Эмгектик мертинүүнү ырастоочу документтер жок болгон учурда, экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду өндүрүштүк жаракат деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими саналат.
33. Жаза өтөө жерлеринде жүргөн жарандарды күбөлөндүрүү ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
34. МСЭК күбөлөндүрүүдө жарандардын маалыматтарын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында каттоону жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Жаранды МСЭ өткөрүү тартиби
35. МСЭ мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналат, жарандын (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын жана саламаттык сактоо уюмунун МСЭ өткөрүүгө жолдомосунун негизинде жүргүзүлөт.
Жарандын электрондук форматтагы арызы саламаттык сактоо уюмдарында электрондук форматта таризделет.
36. МСЭ жарандын туруктуу жашаган жерине же турган жерине ылайык МСЭКтин тейлөө аймагы боюнча жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда МСЭ саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлеринин, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
37. Аймактык (райондор аралык, шаардык) МСЭКтер тарабынан МСЭ төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) майыптыктын тобун, мөөнөтүн, себебин белгилөө;
2) "майыптыгы бар бала" категориясын белгилөө;
3) майыптыгы бар адамды/баланы реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программасын (мындан ары - РАЖП) иштеп чыгуу;
4) майыптыктын себебин өзгөртүү;
5) майып болуу убактысын аныктоо;
6) кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо, зарыл болгон учурда жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыкты аныктоо;
7) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыкты, башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыкты аныктоо;
8) майыптыгы бар адамдарды аныктоо үчүн социалдык стационардык мекемелердин тиби жөнүндө корутунду;
9) майыптык кресло-коляскага муктаждыкка корутунду;
10) майыптыгы бар адамдын абалы начарласа, оорлосо (мөөнөтүнөн мурда кайра күбөлөндүрүү);
11) ырастоону талап кылган майыптыктын белгилеринин болушун каза болгондон кийинки экспертиза;
12) эмгекке жарамсыздык баракчасын узартуу;
13) татаал консультация;
14) башка максаттар:
- аймактык МСЭКтин эксперттик чечимин өзгөртүү максатында Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун (мындан ары - РМСЭБ) Кеңейтилген эксперттик комиссиянын чечимине ылайык жаңы медициналык актыны түзүү;
- жоголгон учурда маалымкаттын дубликатын берүү;
- жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты же туулган датасы өзгөргөн учурда майыптыкты белгилөө фактысын ырастоочу жаңы маалымкат берүү.
38. Майыптыкты белгилөөгө каза болгондон кийинки экспертиза жүргүзүүдө МСЭ жарандын тирүү кезинде, көзү өткөнгө чейин экспертизага мурда берилген документтери болгондо жүргүзүлөт. МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө, МСЭКтин маалымкаты (каза болгондон кийин) күбөлөндүрүлүүгө тийиш адам каза болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Жаран тирүү кезинде документтерди бербеген учурда, каза болгондон кийинки экспертиза жүргүзүлбөйт.
39. МСЭКтин төрагасынын жана адистеринин милдетине жаранды (же анын мыйзамдуу өкүлүн) экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары менен тааныштыруу, ошондой эле майыптыкты белгилөө жана реабилитациялоо, абилитациялоо менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмө берүү кирет.
40. Ден соолуктун абалын комплекстүү баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- медициналык документтерди изилдөө жана талдоо;
- клиникалык, лабораториялык, инструменталдык, функциялык маалыматтарды изилдөө жана талдоо;
- негизги, коштолгон оорулардын жана алардын оорлошуусунун нозологиялык формасын, патологиялык процесстин стадиясын, оорунун өтүшүн, функцияларынын бузулушунун мүнөзүн жана даражасын чагылдырган диагноз;
- жашоо-тиричилигинин чектелишинин даражасын баалоо, күбөлөндүрүлүүчү адамды кароо;
- алынган маалыматтарды коллегиалдуу талкуулоо.
Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген документтер боюнча эксперттик чечим кабыл алуу мүмкүн болбосо, МСЭК оорулууну оорусуна жана анын оорлошуна ылайык кошумча лабораториялык-инструменталдык текшерүүгө жиберүүгө укуктуу.
41. МСЭК тарабынан МСЭ төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жарандын жеке катышуусунда, анын ичинде жаран дарыланып жаткан үйгө же стационарга баруу менен;
2) жарандын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралса, транспорт менен ташууга мүмкүн болбосо, жашаган жери алыс же аны ташууга жалпы өтө оор абалы тоскоол болсо, башкача айтканда мобилдүүлүгү чектелсе, чет өлкөлөрдө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө дарыланууда болсо, майыптыкты таануу жөнүндө чечим медициналык документтердин негизинде адамдын жеке катышуусуз, жарандын (же анын мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу менен болгондо кайрадан сырттан өткөрүлгөн МСЭде мүмкүн;
3) алгачкы же кайрадан МСЭде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуп (жаранды милдеттүү түрдө идентификациялоо менен), жарандын (же анын мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу менен аралыктан (онлайн) жүргүзүлүшү мүмкүн.
Майыптыкты аныктоо боюнча МСЭКтин чечимин кабыл алуу үчүн жарандын жеке катышуусу талап кылынбаган учурда аралыктан күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
Аралыктан күбөлөндүрүү дарттын оң динамикасынын жоктугун жана текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча түрлөрүн жүргүзүү зарылдыгын көрсөткөн жарандын диагнозун, жашоо-тиричилигинин чектелишинин оор даражасын жана клиникалык абалын ырастаган медициналык документтер болгондо, жашоо тиричилигинин кескин чектелишине алып келүүчү морфологиялык өзгөрүүлөрү бар ооруларда жана дефекттерде жүргүзүлөт:
- организмдин функцияларынын туруктуу калыбына келтирилгис бузулушу (оор тубаса аномалиялар, БЦШ, өнүгүүнүн кемтиги, туруктуу оор формадагы өнөкөт оорулар);
- калыбына келтирилгис бузулуулар менен генетикалык, хромосомалык жана тубаса оорулар;
- анатомиялык кемтиктер;
- ритмдин байкалган бузулушу жана жүрөктүн байкалган жетишсиздиги менен жүрөктүн жана ири тамырлардын тубаса кемтиктери (гемодинамиканын калыбына келтирилгис өзгөрүүлөрү);
- NYHA боюнча түзөтүүгө мүмкүн болбогон III–IV функционалдык класстагы өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин оор формалары;
- III даражадагы туруктуу дем алуу жетишсиздигинин жана СН–ФК IV даражадагы жүрөк жетишсиздигинин оор формалары;
- функциялардын байкалган кескин туруктуу бузулушу менен борбордук жана перифериялык нерв системасынын өнөкөт жана тубаса оорулары;
- терминалдык стадиялардагы онкологиялык оорулар жана калыбына келтирилгис анатомиялык-функциялык бузулуулар менен радикалдык дарылоодон кийинки абалдар (кекиртекти алып салуу, колдун функциясын чектөө менен мастэктомия, колостома ж.б.);
- функциялардын байкалган кескин бузулушу менен таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары;
- көрүүнүн кайра ордуна келтирүүгө мүмкүн болбогон, калыбына келтирилгис бузулуулары (көрүүнү толук же дээрлик толук калыбына келтирилгис жоготуу);
- туруктуу дүлөйлүк жана угуунун IV даражадагы жоготуусу;
- сүйлөөнүн калыбына келтирилгис оор бузулуулары (анын ичинде инсульттан кийин, тубаса аномалиялар ж.б.);
- функциялардын байкалган кескин чектелиши менен системалык оорулардын оор формалары;
- абалдын турукташуусунда жана байкалган функционалдык жетишсиздигинде органдарды трансплантациялоодон кийинки абал;
- оор травмалардын, күйүктөрдүн жана башка оперативдүү кийлигишүүлөрдүн кесепеттери, эгерде алар туруктуу, калыбына келтирилгис функцияны жоготууга алып келсе;
- Даун синдрому, акыл-эс бузулуулары, аутизм;
- тубаса кемтиктер жана өнүгүү дефекттери;
- СПИДдин бардык белгилери.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн оорулардын жана абалдардын тизмеги акыркы болуп саналбайт жана жарандын клиникалык абалына жараша аны түздөн-түз текшерүү менен күбөлөндүрүү жүргүзүү бөлүгүндө МСЭКтин ыйгарым укуктарын чектебейт. Аралыктан күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жөнүндө чечимди МСЭК жалпы клиникалык абалын, оорунун болжолун, ошондой эле берилген медициналык документтердин толуктугун жана жетиштүүлүгүн жана жаранды текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен ар бир жаранга карата жекече кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
42. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43. МСЭК жазаны өтөө жерлеринде жүргөн жарандарды ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык экспертизадан өткөрөт.
44. Мажбурлап дарылануудан өтүп жаткан психикасы бузулган жарандар, пробация кардарлары МСЭКте күбөлөндүрүүдөн жалпы негизде өтүшөт.
45. Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу же майыптыгын белгилөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим врачтардын - эксперттердин толук курамы тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Экспертизанын жыйынтыгы МСЭКтин төрагасы тарабынан бардык эксперттердин катышуусунда жаранга жана саламаттык сактоо уюмуна кабарлоо менен жарыяланат.
46. Кабыл алынган чечимге комиссиянын төрагасы же мүчөлөрү макул болбогон учурда күбөлөндүрүү актысына алардын өзгөчө пикири жазылат.
Комиссиянын төрагасына жана мүчөлөрүнө эксперттик чечимди кабыл алуу кыйын болгон учурда МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы болгон бардык документтерди тиркөө менен экспертиза жүргүзүлгөн күндөн тартып беш күндүн ичинде РМСЭБге жөнөтүлөт.
47. Экспертизанын сапаты, МСЭКтин күбөлөндүрүү актысында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу, арыз ээсине МСЭКтин корутундулары өз учурунда жана негиздүү берилиши, медициналык документтердин сакталышы үчүн тиешелүү бузууга жол берген адамдар жооп берет жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана жарандык мыйзамдарына белгиленген жеке жоопкерчилик тартат.
6-глава. МСЭКтин документациясын жүргүзүү
48. МСЭнин процессинде жана натыйжалары боюнча төмөнкү документтер электрондук форматта таризделет:
1) МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы;
2) РАЖП;
3) МСЭКтин маалымкаты;
4) мамлекеттик органдар үчүн МСЭКтин маалымкаттарын жана күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөлөрдү берүүнү каттоо журналы (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Эксперттик чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон маалыматтар МСЭКтин күбөлөндүрүү актысына жазылат. Экспертиза жүргүзүүгө тартылган консультанттардын корутундулары медициналык актыга тиркелет. МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы МСЭКтин төрагасынын, мүчөлөрүнүн санариптик колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Күбөлөндүрүү актысы, статистикалык талон, жаранды МСЭден өткөрүү протоколунун журналы, РАЖП эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жарандын МСЭ электрондук делосуна түзүлөт.
Аймактык МСЭКтердин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында МСЭнин жүрүшүндө жана анын натыйжалары боюнча түзүлгөн документтер МСЭ өткөрүүгө катышкан МСЭКтин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн санариптик колтамгасы менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
51. МСЭКтин күбөлөндүрүү актысын сактоо мөөнөтү - жыйырма беш жыл, жыйналыштардын протоколдорунун журналын сактоо мөөнөтү - иштердин номенклатурасына ылайык.
52. Майыптыгы бар деп таанылган жаранга же анын мыйзамдуу өкүлүнө күбөлөндүрүүдөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр берилет:
- МСЭКтин маалымкаты;
- экспертизанын натыйжалары жана датасы менен эмгекке жарамсыздык баракчасы (иштеген жарандар үчүн) жана саламаттык сактоо уюмуна «Түндүк» ЭВӨС аркылуу берилүүчү, жаранды майыптыгы бар адам деп таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө МСЭКтин корутундусу.
РАЖП экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин иштелип чыгат жана жаранга 14 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Эгерде майыптык эмгектик мертинүү же кесиптик оору менен байланыштуу болсо, күбөлөндүрүлгөн адамга МСЭКтин маалымкаты кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы пайыз менен аныкталып берилет, анда жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Социалдык коргоо чараларын көрүү үчүн МСЭК корутундусун төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толуктоого укуктуу:
- туруктуу кыймылдоосу бузулган учурда (буттардын мултуктары, ордунда туруунун, басуунун функциялары даана бузулушу менен буттардын муундарынын анкилоздору, контрактурасы, туруктуу шал жана буттардын байкалган парездери) "таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган майыптыгы бар адам";
- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж.
55. МСЭКтин маалымкаты жоголгон учурда маалымкаттын дубликаты МСЭК тарабынан эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Социалдык фонддун суроо-талабы боюнча берилет.
МСЭКтин маалымкатынын дубликатын жазып берүүдө бланкта маалымкаттын типографиялык номери сызып өчүрүлөт жана МСЭКте күбөлөндүрүү актысындагы жазууга ылайык мурда берилген МСЭК маалымкатынын номери көрсөтүлөт. Маалымкаттын дубликаты майыптыгы бар адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет.
МСЭКтин маалымкатынын бланкаларын эсепке алууну уюштурууда маалымкаттардын берилген дубликаттары маалымкаттарды каттоо жана берүү журналында эсепке алынат.
Жарандын фамилиясын, атын, атасынын атын жана туулган датасын өзгөртүү үчүн МСЭКтин маалымкаттарын берүү механизми МСЭКтин маалымкаттары жоголгон учурда дубликаттарды берүүгө окшош.
56. МСЭК, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдары, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, Социалдык фонд, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда майыптыгы бар адам статусун алган жарандар жөнүндө маалыматтарды ведомстволор аралык жана ведомстволор ичинде алмашуу электрондук документ жүгүртүү аркылуу ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы
57. РАЖПты иштеп чыгуу жаранды майыптыгы бар адам/бала деп таануу жол-жобосунун жүрүшүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат болуп саналат. Программа жаран (же мыйзамдуу өкүлү) менен макулдашылат жана МСЭКтин төрагасы тарабынан бекитилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан МСЭКте РАЖПны иштеп чыгуунун тартиби иштелип чыгат жана бекитилет.
58. РАЖПты иштеп чыгууда жарандарга социалдык кепилдиктерди аныктоо үчүн (жумушка орноштуруу, кайра окутуу, жардамдардын кошумча түрлөрү менен камсыз кылуу ж.б.) МСЭК саламаттык сактоо уюмдарынын, иш берүүчүлөрдүн же күбөлөндүрүлүүчү адамдын иштеген жери боюнча кызматкерлердин өкүлчүлүк органынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
59. РАЖП эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында санариптик документ түрүндө түзүлөт, МСЭК төрагасынын санариптик колтамгасы менен бекитилет жана кызыкдар ведомстволорго аткаруу үчүн, ошондой эле жаранга (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлүнө) санариптик түрдө берилет. РАЖП кагаз түрүндө да берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Майыптыгы бар адамдын/баланын жеке маалыматтарынын өзгөрүшүнө, реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын мурда сунушталган түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрүн, реабилитациялоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык каражаттарын тактоого байланыштуу жаңы РАЖП алуу зарыл болсо, анын арызы боюнча, же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча, мурда берилген РАЖПтын ордуна МСЭге жаңы жолдомону тариздебестен жаңы РАЖП иштеп чыгылат.
Мында мурда берилген РАЖПта көрсөтүлгөн башка маалыматтар өзгөртүлбөйт.
8-глава. Майыптыгы бар адамды/баланы кайра күбөлөндүрүү тартиби
61. Майыптыгы бар адамды/баланы кайра күбөлөндүрүү майыптыктын белгиленген мөөнөтү бүткөндө жүргүзүлөт.
62. Мөөнөтүнөн мурда кайра күбөлөндүрүү, анын ичинде майыптыгы мөөнөтсүз белгиленгенде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) майыптыгы бар адамдын/баланын ден соолугунун абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу;
2) соттун чечими боюнча;
3) РМСЭБ тарабынан аймактык МСЭКтер кабыл алган чечимдерге контроль жүргүзүлгөндө;
4) майыптыктын негизсиз белгиленишине арыздар, кайрылуулар түшкөндө;
5) майыптыгы белгиленген жарандын (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) арызы боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Эгерде кезектеги кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү өтүп кеткен учурда (МСЭКтин мурдагы маалымкатынын жарактуу мөөнөтү аяктаганда), МСЭК МСЭКтин маалымкатында кошуп эсептелген убактыны көрсөтүү менен өтүп кеткен мөөнөттү кошуп эсептейт, бирок ал төмөнкүдөн ашпайт:
- чоңдорго - үч айдан;
- 18 жашка чейинки балдарга - алты айдан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Кошуп эсептөө төмөнкүдөй учурларда ырастоочу документтер болгондо жүргүзүлөт:
1) кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүндө саламаттык сактоо уюмдарында жана реабилитациялоочу мекемелерде стационардык дарылоодо болгондо;
2) МСЭКтин жолдомосу боюнча кошумча текшерүүнү жүргүзүүдө;
3) жашаган жери өзгөргөндө;
4) табигый кырсыкта;
5) жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда, анклавдарда жашаганда;
6) өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жарыяланганда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шарттарында майыптыгы бар адамдарды кайра күбөлөндүрүү тартиби
65. Белгиленген тартипте аныкталган өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде аяктай турган, майыптыкты белгилеген МСЭКтин маалымкатынын жарактуу мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
МСЭК өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде өтүп кеткен убакыт үчүн кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн кошуп эсептелген убактыны эсептейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
66. МСЭК өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин алты айдын ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- ушул Жобого ылайык саламаттык сактоо уюму тарабынан тиешелүү документтер берилгенде, ага чейин мурдагы күбөлөндүрүүдө майыптык белгиленген датадан тартып майыптыкты белгилөө менен кезектеги кайра күбөлөндүрүүнү;
- мурдагы күбөлөндүрүүдө "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленген жарандын кезектеги кайра күбөлөндүрүүдө жарактуу мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде бүткөн майыптыгын узартуу майыптыктын I, II жана III топторун белгилөө жолу менен жалпы негизде жүргүзүлөт;
- биринчи күбөлөндүрүү жалпы негизде жүргүзүлөт.
10-глава. Майыптыктын себептерин аныктоо эрежелери
67. Жаран майыптыгы бар адам деп таанылган учурда майыптыктын төмөнкү себептери аныкталат:
1) жалпы оорусу;
2) бала кезинен;
3) эмгектик мертинүү;
4) кесиптик оору;
5) аскердик кызмат өтөө мезгилинде оору, жаракат алуу;
6) ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде оору, жаракат алуу;
7) Чернобыль атомдук электростанциясындагы (мындан ары - ЧАЭС) кыйроого байланыштуу аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткарууда пайда болгон радиация менен шартталган оору;
8) ЧАЭС кыйроого байланышкан оору;
9) Кыргыз Республикасында болгон окуяларда жабыр тарткан жарандар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка себептер.
68. Майыптыктын себеби мертинүү (жаракат, контузия, жарадар болуу, оору) алган жагдайлар жөнүндө же алардын конкреттүү жагдайлар менен себептик байланышы жөнүндө же болбосо оорунун өрчүшүнүн же майып болуунун мөөнөттөрү жөнүндө саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген документтердин негизинде белгиленет.
69. Бала кезинен майыптыктын, кесиптик оорунун, эмгектик мертинүүнүн, аскердик мертинүүнүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, майыптыктын себеби болгон башка жагдайлардын фактысын ырастаган документтер жок болгон учурда, майыптыктын себеби катары "жалпы оору" көрсөтүлөт.
70. Майыптыктын белгилүү бир себептерин аныктоо үчүн документтер жок болгон учурда МСЭКтер зарыл болгон документтердин түп нускаларын берүү жөнүндө түшүндүрмө берет, андан кийин МСЭК негиздер болсо майыптыктын себебин өзгөртөт.
11-глава. Майыптыктын себебин өзгөртүү
71. МСЭКтин маалымкатында майыптыктын бир гана себеби көрсөтүлөт. Майыптыктын себебин өзгөртүү МСЭКтин жаңы күбөлөндүрүү актысында толук негизделет.
72. Майыптыкты аныктоо үчүн бир эле учурда бир нече негиз болгон учурда майыптыктын себеби майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн тандоосу боюнча белгиленет. Майыптыктын себебин тандоо социалдык коргоо чараларынын кыйла кеңири чөйрөсүнө кепилдик берүүсү керек.
73. Жаранга социалдык коргоо чараларынын кыйла кеңири чөйрөсүн берүүнү кепилдеген майыптык себеби жаңы келип чыккан мертинүүлөрдүн (жаракаттардын, контузиялардын), оорулардын кесепетинен майыптыктын тобун өзгөртүүдө сакталат.
74. "Эмгектик мертинүү", "кесиптик оору", "аскердик жаракат" майыптыктын себептери кезектеги кайра күбөлөндүрүү учуруна карата эмгектик мертинүүнүн, кесиптик оорунун, аскердик жаракаттын кесепеттери оорулуунун турмуш-тиричилигин чектебеген, ал эми майыптыкты белгилөө жаңы келип чыккан жагдайлар менен шартталган учурларда сакталат.
12-глава. Майып болуу убактысын аныктоо
75. Өткөн мезгилде майып болуу убактысы жөнүндө экспертизаны төмөнкүлөрдүн суроо-талабы боюнча МСЭК, РМСЭБ жүзөгө ашырат:
1) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, Социалдык фонддун;
2) соттун чечими боюнча.
76. Майып болуу убактысы жөнүндө корутунду суроо-талапта көрсөтүлгөн мезгилде оорунун мүнөзү, өтүшү жөнүндө, андан улам органдардын жана системалардын функцияларынын бузулушу, турмуш-тиричиликтин чектелишинин категориялары жана даражасы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берүүчү оорулууну текшерүүнүн, медициналык документтерди изилдөөнүн негизинде чыгарылат.
77. Болгон документтердин негизинде өткөн мезгилде майып болуунун убактысын жана тобун белгилөө мүмкүн болбогон учурда, МСЭК бул жөнүндө суроо-талап жиберген уюмга билдирет.
78. Өткөн мезгил үчүн майып болуу убактысын жана майыптыктын тобун аныктоодо РМСЭБ протоколду, протоколдун көчүрмөсүн толтурат.
МСЭК күбөлөндүрүү актысын толтурат. Бул документтерге өткөн убакытта майыптыкты шарттаган оорулардын мүнөзү жана өтүшү, кемтиктер, жаракаттын кесепеттери жөнүндө маалыматтар; чечим кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин тизмеги киргизилет, алардын көчүрмөлөрү тиркелет. Жүргүзүлгөн экспертиза жөнүндө маалыматтар протоколдор журналына киргизилет.
79. Майып болуу убактысы, майыптыктын тобу, себеби, өткөн мезгил үчүн пайыз менен кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасы жөнүндө майыптыктын белгилери бар экендигине карата корутундулар МСЭКтин маалымкаты менен таризделет жана МСЭКтин төрагасынын санариптик колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
13-глава. Аймактык МСЭКтин чечимдерин контролдоо жана чечимдерине даттануу тартиби
80. МСЭКтин майыптыктын категориясын жана тобун, майыптыктын себептерин жана мөөнөттөрүн белгилөө, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын, башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыктын же башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыктын аныкталышынын негиздүүлүгүн аныктоо, РАЖПда реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын негиздүүлүгү боюнча, этика жана деонтология жана МСЭге, майыптыгы бар адамдарды/балдарды реабилитациялоого байланышкан башка эксперттик маселелер боюнча ишин контролдоо максатында аймактык МСЭКтердин чечимдери РМСЭБ тарабынан милдеттүү түрдө контролдонууга тийиш.
Аймактык МСЭКтердин ишин контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
- комплекстүү жана максаттуу (тематикалык) текшерүүлөр;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы аркылуу учурдагы контроль;
- күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү актыларын текшерүү, анын ичинде жарандардын, мамлекеттик органдардын арызы боюнча.
Күбөлөндүрүүнүн кокус тандалып алынган актыларынын жол берилген чеги - биринчи жолу күбөлөндүрүүнүн бардык актыларынын 1%ынан кем эмес жана 3%ынан көп эмес жана учурдагы жылы кайра күбөлөндүрүү актыларынын 0,5%ынан көп эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
81. РМСЭБ жыл сайын жылдын жыйынтыгы боюна аймактык МСЭКтердин өзгөртүлгөн чечимдеринин түзүмү жана динамикасы боюнча талдоо үчүн отчет түзөт жана МСЭКтин негизсиз кабыл алынган чечимдерин алдын алуу боюнча андан аркы иш-аракеттердин планын түзөт. МСЭК тарабынан негизсиз кабыл алынган чечимдердин фактылары боюнча РМСЭБ күнөөлүү адамдарга карата тийиштүү тартиптик жана административдик чараларды көрүүгө укуктуу.
(экинчи абзацы КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Жаран, анын мыйзамдуу өкүлү, иш берүүчү экспертиза жүргүзгөн аймактык МСЭКтин эксперттик чечими менен макул болбогон учурда, РМСЭБдин Кеңейтилген эксперттик комиссиясына жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде даттана алат.
83. Кеңейтилген эксперттик комиссия жарандын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, иш берүүчүнүн арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүү жүргүзөт жана алынган натыйжалардын негизинде чечим чыгарат.
Зарыл болгон учурда иштеген жеринен кесиптик ишинин шарттары жана мүнөзү жөнүндө кошумча маалыматтар суралат, кошумча медициналык текшерүүгө жөнөтүлөт.
84. РМСЭБ Кеңейтилген эксперттик комиссиясы жөнүндө жобо РМСЭБ тарабынан иштелип чыгат жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизилет.
РМСЭБ Кеңейтилген эксперттик комиссиясынын курамы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча РМСЭБдин буйругу менен бекитилет.
85. РМСЭБ Кеңейтилген эксперттик комиссиясынын чечими протокол менен таризделет, комиссиянын төрагасынын, мүчөлөрүнүн колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт, жыйналыштардын журналында катталат. Жыйналыштардын протоколдору жана каттоо журналдары иштердин номенклатурасына ылайык сакталат.
Протоколго документтердин көчүрмөлөрү, экспертиза жүргүзүүгө тартылган консультанттардын корутундулары тиркелет.
РМСЭБ Кеңейтилген эксперттик комиссиясынын протоколунун көчүрмөсү аймактык МСЭКке жөнөтүлөт, анын негизинде аймактык МСЭК МСЭКтин маалымкатын жана күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнү берет.
86. РМСЭБ Кеңейтилген эксперттик комиссиясынын корутундусу жаран, анын мыйзамдуу өкүлү, иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
|
| Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жарандарды медициналык-социалдык экспертизалоодо колдонулуучу КЛАССИФИКАЦИЯЛАР ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕР
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. МСЭК жарандарды экспертизалоодо колдонуучу классификациялар төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын органдарынын жана системаларынын функцияларынын бузулууларынын негизги түрлөрүн жана алардын байкалган даражаларын;
2) адамдын жашоо-тиричилигинин негизги категориялары жана алардын чектөөлөрүнүн байкалган даражалары биологиялык жана психофизикалык мүнөзмөлөрдү, ошондой эле бейтаптын өзүнүн жеке жана социалдык статусун калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн (реабилитациялык потенциал) аныктоочу социалдык-чөйрөлүк факторлорду эске алуу менен белгиленет;
3) реабилитациялык, абилитациялык чаралар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. МСЭК жарандарды экспертизалоодо колдонуучу критерийлер майыптык топторун белгилөө негиздерин аныктайт.
2-глава. Оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулууларынын негизги түрлөрүнүн тизмеги жана алардын байкалган даражалары
3. Оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин туруктуу бузулууларынын негизги түрлөрүнө төмөнкү бузулуулар кирет:
1) психикалык функциялар (аң-сезим, ориентация, интеллект, жеке өзгөчөлүктөр, кайраттуулук жана түрткү берүүчү функциялар, көңүл буруу, эс тутум, психомотордук функциялар, эмоциялар, кабыл алуу, ойлоо, жогорку деңгээлдеги таанып-билүү функциялары, сүйлөөнүн акыл-эс функциялары, ырааттуу татаал кыймылдар);
2) сүйлөө функциялары (оозеки (ринолалия, дизартрия, кекечтик, алалия, афазия); жазуу (дисграфия, дислексия), вербалдык жана вербалдык эмес сүйлөө; үндүн бузулушу);
3) сенсордук функциялар (көрүү, угуу, жыттоо, туюу, тактилдик, ооруну сезүү, температура, вибрация жана сезгичтиктин башка түрлөрү, вестибулярдык функция, оору);
4) нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймылга байланышкан (статодинамикалык) функциялар (баштын, тулку бойдун, кол-буттун, анын ичинде сөөктөрдүн, муундардын, булчуңдардын кыймылдары, статика, кыймылдарды координациялоо);
5) жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу системасынын, тамак сиңирүү, эндокриндик системалардын жана зат алмашуунун, кан системасынын жана иммундук системанын функциялары, заара бөлүп чыгаруу функциясы, теринин жана ага байланышкан системалардын функциялары;
6) физикалык тышкы кемтик (тышкы өзгөрүүгө алып келген беттин, баштын, тулку бойдун, кол-буттун деформациялары; тамак сиңирүү, заара бөлүп чыгаруу, дем алуу жолдорунун аномалиялык тешиктери, дене өлчөмдөрүнүн бузулушу) менен шартталгандар.
4. Оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин функцияларынын туруктуу бузулууларынын байкалышы 4 даражага бөлүнөт:
I даража - оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин функцияларынын туруктуу бир аз бузулуулары;
II даража - оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин функцияларынын туруктуу орточо бузулуулары;
III даража - оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары;
IV даража - оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган адамдын организминин функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары.
3-глава. Жашоо-тиричиликтин негизги категорияларынын классификациясы жана жашоо-тиричиликтин чектөөлөрүнүн байкалган даражалары
5. Адамдын жашоо-тиричилигинин негизги категорияларынын чектелүү даражасы адамдын биологиялык өнүгүшүнүн белгилүү мезгилине (жаш курагына) шайкеш келген ченемден четтөөсүн баалоого жараша аныкталат.
6. Өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү - адамдын негизги физиологиялык муктаждыктарды, күнүмдүк тиричилик ишин жана жеке гигиенанын көндүмдөрүн өз алдынча аткаруу жөндөмдүүлүгү.
7. Өз алдынча кыймылдоо жөндөмдүүлүгү - мейкиндикте өз алдынча орун которуу, тоскоолдуктарды жеңүү, кыймыл учурунда, тынч абалда жана тиричиликтик, коомдук, кесиптик иштин алкагында дененин абалын өзгөртүү, коомдук транспортту колдонуу жөндөмдүүлүгү.
8. Багыт алуу жөндөмдүүлүгү - айланадагы жагдайларды адекваттуу кабыл алуу, кырдаалды баалоо, убакытты жана турган жерин аныктоо жөндөмдүүлүгү.
9. Баарлашуу жөндөмдүүлүгү - маалыматтарды кабыл алуу, иштетүү жана берүү аркылуу адамдардын ортосунда байланыштарды белгилөө жөндөмдүүлүгү.
10. Өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгү -социалдык-укуктук жана моралдык-этикалык ченемдерди эске алуу менен өзүн аңдап түшүнүү жана адекваттуу жүрүм-турум жөндөмдүүлүгү.
11. Окуу жөндөмдүүлүгү - билимдерди (жалпы билим, кесиптик ж.б.) кабыл алуу, эстеп калуу, өздөштүрүү жана колдонуу, көндүмдөргө жана билгичтиктерге (кесиптик, социалдык, маданий жана тиричиликтик) ээ болуу жөндөмдүүлүгү.
12. Эмгектенүү жөндөмдүүлүгү - жумушту аткаруунун мазмунуна, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына карата коюлган талаптарга ылайык эмгектенүү жөндөмдүүлүгү.
13. Эмгектенүү жөндөмдүүлүгү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) адамдын атайын кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү жемиштүү жана натыйжалуу эмгек түрүндө колдонуу жөндөмдүүлүгү;
2) эмгектин санитардык-гигиеналык шарттарын өзгөртүүнү, эмгекти уюштурууну, атайын жабдууларды, иштин кезметтүүлүгү, темпи, көлөмү жана оордугу боюнча кошумча чараларды талап кылбаган жумуш ордунда адамдын эмгектенүү жөндөмдүүлүгү;
3) адамдын социалдык-эмгек мамилелеринде башка адамдар менен өз ара аракеттенүү жөндөмдүүлүгү;
4) эмгекке шыктануу жөндөмдүүлүгү;
5) жумуш графигин сактоо жөндөмдүүлүгү;
6) жумуш күндү уюштуруу (убактылуу ырааттуулукта эмгек процессин уюштуруу) жөндөмдүүлүгү.
14. Эмгектенүү жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн баалоо кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
15. Адамдын жашоо-тиричилигинин негизги категорияларынын чектөөлөрү менен мүнөздөлгөн ар түрдүү көрсөткүчтөрдү комплекстүү баалоодо алардын байкалышынын үч даражасы белгиленет.
16. Өзүн-өзү тейлөөнүн чектелиши:
I даража - бир кыйла узак убакыт коротуу менен өзүн тейлөө, бөлүп аткаруу, зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен анын көлөмүн азайтуу жөндөмдүүлүгү;
II даража - башка адамдардын үзгүлтүксүз жарым-жартылай жардамы, зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү;
III даража - өзүн-өзүн тейлөөгө жөндөмсүздүк, дайыма башкалардын жардамына болгон муктаждык жана башка адамдарга толук көз каранды болуу.
17. Өз алдынча кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
I даража - бир кыйла узак убакыт коротуу менен өз алдынча кыймылдоо, бөлүп аткаруу жана зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен аралыкты кыскартуу жөндөмдүүлүгү;
II даража - башка адамдардын үзгүлтүксүз жарым-жартылай жардамы, зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен өз алдынча кыймылдоо жөндөмдүүлүгү;
III даража - өз алдынча кыймылдоого жөндөмсүздүк жана дайыма башка адамдардын жардамына болгон муктаждык.
18. Окуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
I даража - окуу, ошондой эле окуунун атайын режимин сактоодо окуунун атайын методдорун колдонуу жана зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды жана технологияларды пайдалануу менен жалпы багыттагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында белгилүү деңгээлдеги билим алуу жөндөмдүүлүгү;
II даража - өнүгүүсү артта калган тарбиялануучулар же зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды жана технологияларды пайдалануу менен атайын программалар боюнча үйдө окугандар үчүн атайын окуу (коррекциялык) билим берүү мекемелеринде гана окуу жөндөмдүүлүгү;
III даража - окууга жөндөмсүздүк.
19. Эмгектенүү жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
1) I даража - квалификацияны, оордукту, чыңалууну азайтууда жана (же) жумуштун көлөмүн кыскартууда эмгектин кадимки шарттарында эмгектенүү жөндөмдүүлүгү, эмгектин кадимки шарттарында бир кыйла төмөн квалификациядагы ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүн сактоодо төмөнкү учурларда негизги кесиби боюнча ишти улантуу жөндөмсүздүгү:
- өндүрүштүк иштин көлөмүн 2 эседен кем эмеске азайтуу, оордукту 2-класстан кем эмес төмөндөтүү менен негизги кесиби боюнча эмгектин кадимки шарттарында ишти аткарууда;
- негизги кесип боюнча ишти улантуунун мүмкүн болбогондугуна байланыштуу эмгектин кадимки шарттарында бир кыйла төмөн квалификациядагы башка жумушка которууда;
2) II даража - көмөкчү техникалык каражаттарды, атайын жабдылган жумуш ордун колдонуу менен жана (же) башка адамдардын жардамы менен эмгектин атайын түзүлгөн шарттарында эмгектенүү жөндөмдүүлүгү;
3) III даража - эмгектенүү жөндөмсүздүгү же эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу (каршы көрсөтмө).
20. Багыт алуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
I даража - көнгөн кырдаалда өз алдынча жана (же) көмөкчү техникалык каражаттарды колдонгон шартта гана багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
II даража - зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдаланып, башка адамдардын үзгүлтүксүз жарым-жартылай жардамы менен багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
III даража - багыт алуу жөндөмсүздүгү (дезориентация) жана башка адамдардын жардамына жана (же) көзөмөлүнө дайыма муктаждык.
21. Баарлашуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
I даража - зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен маалыматты өздөштүрүү, алуу жана берүү ылдамдыгынын төмөндөшү, анын көлөмүнүн азайышы менен мүнөздөлгөн баарлашуу жөндөмдүүлүгү; угуу органдары жабыркаганда сурдокотормо боюнча вербалдык эмес ыкмаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
II даража - зарылчылыкка жараша көмөкчү техникалык каражаттарды пайдаланып, башка адамдардын үзгүлтүксүз жарым-жартылай жардамы менен баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
III даража - баарлашуу жөндөмсүздүгү жана дайыма башка адамдардын жардамына болгон муктаждык.
22. Өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши:
I даража - татаал турмуштук кырдаалдарда өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгүнүн мезгил-мезгили менен пайда болгон чектелиши жана (же) өзүн жарым-жартылай коррекциялоо мүмкүнчүлүгү менен жашоонун айрым чөйрөлөрү боюнча ролдук функцияларды аткарууда дайыма кыйналышы;
II даража - өзүнүн жүрүм-турумуна жана айланадагы жагдайга карата дайыма башка адамдардын үзгүлтүксүз жардамы менен гана жарым-жартылай коррекциялоо мүмкүнчүлүгү менен критиканын дайыма төмөндөшү;
III даража - өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмсүздүгү, аны коррекциялоонун мүмкүн эместиги, дайыма башка адамдардын жардамына (көзөмөлүнө) муктаждык.
4-глава. Майыптыктын топторун аныктоо критерийлери
23. I топтогу майыптыкты аныктоо үчүн критерий жашоо-тиричиликтин төмөнкү категорияларынын кескин байкалган чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттын же кемтиктердин кесепеттери же болбосо алардын айкалышы менен шартталган жана аны социалдык коргоо зарылчылыгын пайда кылган адамдын организминин функцияларынын олуттуу байкалган туруктуу бузулууларынын IV даражасы менен адамдын ден соолугунун бузулушу болуп эсептелет:
- III даражадагы өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү;
- III даражадагы кыймылдоо жөндөмдүүлүгү;
- III даражадагы багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
- III даражадагы баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
- III даражадагы өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгү;
- III даражадагы эмгектенүү жөндөмдүүлүгү.
24. II топтогу майыптыкты аныктоо үчүн критерий жашоо-тиричиликтин төмөнкү категорияларынын биринин байкалган чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери же болбосо алардын айкалышы менен шартталган жана аны социалдык коргоо зарылчылыгын пайда кылган организмдин функцияларынын туруктуу байкалган бузулууларынын III даражасы менен адамдын ден соолугунун бузулушу болуп эсептелет:
- II даражадагы өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү;
- II даражадагы кыймылдоо жөндөмдүүлүгү;
- II даражадагы багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
- II даражадагы баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
- II даражадагы өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгү;
- II, III даражалардагы окуу жөндөмдүүлүгү;
- II, III даражалардагы эмгектенүү жөндөмдүүлүгү.
II, III даражалардагы окуу жөндөмдүүлүгү гана чектелген окуучуларды кошпогондо, II топтогу майыптыкты белгилөөнүн зарылдыгын шарттаган жашоо-тиричиликтин бир же бир нече башка категорияларынын чектелиши менен айкалышкан учурда II, III даражалардагы окуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши II топтогу майыптыкты белгилөө үчүн негиз болушу мүмкүн.
25. III топтогу майыптыкты аныктоо үчүн критерий жашоо-тиричиликтин төмөнкү категорияларынын I даражадагы байкалган чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттын же кемтиктердин кесепеттери же алардын айкалышы менен шартталган жана аны социалдык коргоо зарылчылыгын пайда кылган организмдин функцияларынын орточо туруктуу байкалган бузулууларынын II даражасы менен адамдын ден соолугунун бузулушу болуп эсептелет:
- I даражадагы өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы кыймылдоо жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы окуу жөндөмдүүлүгү;
- I даражадагы эмгектенүү жөндөмдүүлүгү.
I даражадагы баарлашуу жөндөмдүүлүгүнүн жана I даражадагы окуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши жашоо-тиричиликтин бир же бир нече башка категорияларынын чектелиши менен алар айкалышкан учурда III топтогу майыптыкты белгилөө үчүн негиз болушу мүмкүн.
Функциялардын айрым бузулушу анчалык чоң мааниге ээ эмес, бирок комплексте I даражадагы эмгектенүү жөндөмдүүлүгү, окуу жөндөмдүүлүгү сыяктуу жашоо-тиричиликтин категорияларын туруктуу чектейт.
Эскертүү. I даражадагы эмгектенүү жөндөмдүүлүгүнүн бузулуу (кайрылган учурда негизги кесиби боюнча ишин улантууга жөндөмсүздүк) критерийи боюнча III топтогу майыптыкты аныктоодо майыптык тобу эмгекке жарамдуу куракта 2 жылдан ашпаган мөөнөткө адаптация мезгилине (жаңы кесипке ээ болуу үчүн) белгиленет.
5-глава. Кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыкты белгилөөнүн критерийлери
26. Туруктуу калыбына келгис морфологиялык өзгөрүүлөр жана органдардын жана организмдин системаларынын функцияларынын бузулуулары менен ден соолугунун бузулушуна алып келген жашоо-тиричиликтин узакка чектелишинин, реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыздыгынын кесепетинен майыптыгы бар адамдын социалдык кемчилигин (жашоо-тиричиликтин чектелишине, социалдык жашоосундагы адам үчүн адаттагы ролду аткаруунун мүмкүн эместигине (толук же жарым-жартылай) алып келүүчү жана социалдык коргоонун зарылчылыгын шарттоочу ден соолуктун бузулушунун социалдык кесепеттери) жоюуга же азайтууга мүмкүн болбогондо МСЭКтин байкоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
- I топтогу майыптыкта - эки (2) жыл;
- II топтогу майыптыкта - төрт (4) жыл;
- III топтогу майыптыкта - динамикалык байкоодон кийин жана майыптык тобунун туруктуулугунда алты (6) жыл.
"18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар бала" категориясы боюнча ай сайын социалдык жөлөкпулду алган адамдарга кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыктын топторун белгилөө үчүн майыптыктын белгиленген тобуна ылайык МСЭКтин байкоо мөөнөтү эске алынат.
27. Кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү пенсия курагына жеткенден кийин келген майыптыгы бар адамдар.
28. Социалдык стационардык мекемеге жиберүү аныкталган эмгекке жарамдуу курактагы майыптыгы бар адамдар.
29. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш аларга карата радиациялык факторлордун таасири менен келип чыккан оорунун себептик байланышын белгилеген жана майыптыгы бар адамдар деп тааныган, ЧАЭСтеги кыйроо жана жарандык же аскердик багыттагы башка объекттердеги аварияда, ошондой эле ядролук куралдарды сыноодо радиациялык факторлордон жабыркаган жарандарга:
1) I топтогу майыптыкты аныктоодо - мөөнөтсүз;
2) II жана III топторду белгилөөдө, кайра күбөлөндүрүүдө - мөөнөтсүз;
3) "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 1986-1987-жылдардагы ЧАЭСтеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга, 1988-1989-жылдарда пенсияга чыгуу курагына келген катышуучуларга.
30. Анатомиялык кемтиги болгондо майыптык тобу жарандарга аткарган ишине, эмгек шарттарына жана мүнөзүнө карабастан белгиленет. Майыптыгы медициналык корутундуга ылайык кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген, анатомиялык кемтиктери бар жарандарга кийин жеке реабилитациялоо программасын (5 жылга) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен ылайыктуу майыптык тобу "мөөнөтсүз" белгиленет жана саламаттык сактоо уюмунда майыптыгы бар адамдардын бул категориясына андан ары байкоо жүргүзүлөт.
31. Оорулардын айрым түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүү мөөнөттөрү ушул тиркемеге ылайык белгиленет.
6-глава. 18 жаштан аштан майыптыгы бар адамдар үчүн кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыгын белгилөө үчүн ички органдардын патологиялык абалы, МСЭКте байкоо жүргүзүү мөөнөтү
32. Мишень-органдарынын жабыркашы менен III даражадагы гипертониялык оору (борбордук нерв системасынын, көз көңдөйүнүн түбүнүн, жүрөк, бөйрөк булчуңдарынын олуттуу байкалган органикалык өзгөрүүлөрү менен).
33. Жүрөк булчуңунун олуттуу өзгөрүшү жана кан айлануунун Н II Б-III, H-III СН-ФК IV даражадагы бузулуусу менен миокард инфаркын башынан өткөргөн адамдарда кескин байкалган коронардык жетишсиздик.
34. Кан айлануунун Н II Б-III, H-III СН-ФК IV даражадагы туруктуу бузулуусунда жүрөк кемтиги (айкалышкан жана комбинацияланган).
35. Кан айлануунун Н II Б-III, H-III СН-ФК IV даражадагы өнөкөт жетишсиздиги менен коштолгон жүрөк көңдөйүнүн байкалган дилатациясы менен жүрөк оорулары, кардиомиопатия.
36. Дем алуунун III даражадагы туруктуу жетишсиздиги жана СН-ФК IV даражадагы жүрөк жетишсиздиги менен коштолгон өпкөнүн өнөкөт оорулары.
37. Порталдык кан айлануунун бузулушу (туруктуу, олуттуу байкалган асцит) менен боордун циррозу.
38. Кант диабети - ацетонурияда жана коматоздук абалдарга көп учураган оор форма.
39. Жашоо-тиричиликтин, өзүн-өзү тейлөөнүн, кыймылдоонун бир же бир нече түрү бузулганда залалдуу шишиктер (радикалдуу дарылоодон кийин метастазалар жана рецидивдер менен; дарылоо натыйжасыз болгондо алгачкы чыккан жерин аныктабастан метастазалар менен; паллиативдик дарылоодон кийинки жалпы оор абал; оорунун инкурабелдүүлүгү).
40. ФН III-IV даражадагы ревматоиддик артрит. Кескин байкалган кошумча ооруларда жана оорунун жагымсыз натыйжасы менен ички органдардын жана системалардын диффузиялык бузулушу менен бириктирүүчү ткандардын системалуу оорулары (системалуу бөрү жатыш, склеродермия, дерматомиозит).
41. Оорунун жагымсыз натыйжасы менен кан оорулары (катуу кармаган лейкоз, өнөкөт лейкоз, эритремия, Вальденстрем оорусу, көп сандагы миелома, сублейкемиялык миелоз, миелодиспластикалык синдром, гемофилия, Валлебрант оорусу, апластикалык анемия, пароксизмалдык гемоглобинурия, парциалдык-кызыл клеткалык анемия). Эскертүү. Ушул тиркеменин 32-38 жана 40-41-пункттары боюнча кайра күбөлөндүрүүсүз I топтогу майыптык МСЭКтин эки жыл байкоосунан кийин белгиленет.
42. Туруктуу байкалган бөйрөк жетишсиздиги болгондо бөйрөктүн өнөкөт оорулары. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги - алгачкы күбөлөндүрүүдө терминалдык стадияда I топ мөөнөтсүз берилет.
43. Операция аркылуу алып салуудан кийин кекиртектин жоктугу. Алгачкы күбөлөндүрүүдө I топ мөөнөтсүз белгиленет.
44. Гипофизардык нанизм, остеохондродистрофия кодогойлук менен остеохондропатия (130 см - эркектерде, 110 см - аялдарда). Биринчи жолу күбөлөндүрүүдө III топ кайра күбөлөндүрүүсүз белгиленет.
СПИДдин белгилери бар оорулууларга жашоо-тиричиликтин чектелген даражасына жараша I, II же III топтогу майыптык мөөнөтсүз берилет.
Ятрогендик инфекциясы ырасталган, ВИЧ/СПИДдин клиникалык диагнозу бар 18 жашка чейинки балага 18 жашка толгондо күбөлөндүрүүдө кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн бала кезинен II топтогу майыптык берилет. Жашоо-тиричилигинин III даражадагы чектөөлөрү болгондо I топтогу майыптык кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү көрсөтүлбөстөн бала кезинен белгиленет.
45. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймылга (статодинамикалык) байланышкан функциялардын (корригирлөө мүмкүн болбогон учурда таяныч жана кыймылдоо) туруктуу байкалган бузулуулары менен сөөк-булчуң системасынын өнүгүүсүнүн тубаса аномалиялары.
46. Ички органдарды трансплантациялоодон кийинки абал.
7-глава. 18 жаштан ашкан майыптыгы бар адамдар үчүн кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыгын белгилөө үчүн нерв-психикалык патологиялык абал, МСЭКтин байкоо жүргүзүү мөөнөтү
47. Борбордук нерв системасынын өнөкөткө айланып бараткан жугуштуу оорулары: энцефалиттердин ар кандай түрлөрү, энцефаломиелит, каптал жактагы амиотрофикалык склероз, мээнин күчөп бараткан суу шишиги менен кыймылдоо, сүйлөө, көрүү функцияларынын туруктуу байкалган бузулушу (паркинсонизм, шал оорулары, афазия) менен энөө склероз.
48. Мээнин күчөп бараткан суу шишигинин, афазиянын, кыймылдын кескин байкалган бузулуулары (гемиплегия же гемипарездер) менен мээнин травмалык жабыркашынын эски туруктуу кесепеттери.
3x1 смден көп өлчөмдөгү жабылбаган сөөк кемтигин менен же андан кичирээк өлчөмдөгү кемтиги болгон мээнин травмалык жабыркашынын кесепеттери, бирок эгер мурдагы жаракат баш сөөктүн ичинин ириңдеши менен күчөп кетсе, ошондой эле мээ затында бөтөн зат болгон, мээнин затынын пульсациясы менен оорулуулар (кайра күбөлөндүрүүсүз III топтогу майыптык гана белгиленет).
49. Гемиплегия же терең гемипарез же психоздун күчөшү менен мээ кан тамырларынын ооруларында мээдеги кан айлануунун бузулушунун оор кесепеттери.
50. Борбордук нерв системасынын өнөкөткө айланып бараткан оорулары: миопатия, миотония, кыймылдоо функцияларынын кескин байкалган бузулуу стадиясындагы калтырак баскан шал оору.
51. Кыймылдын кескин байкалган бузулуулары менен жүлүндүн же нерв башчыларынын топтомунун травмалык бузулууларынын же ооруларынын эски туруктуу кесепеттери.
52. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймылга байланышкан (статодинамикалык) функциялар психикалык, сенсордук (көрүү), сүйлөө функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары менен операция жасоого болбой турган мээдеги жана жүлүндөгү шишиктер.
Эскертүү. 48-53-пункттарда көрсөтүлгөн ооруларда, эгер мурдагы күбөлөндүрүүдө I топтогу майыптык белгиленсе жана кийинки күбөлөндүрүүдө I топтогу майыптыктын көрсөткүчтөрү болсо, майыптык тобу кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок белгиленет.
53. Перифериялык нервдердин травмалык бузулууларынын кайра ордуна келбей турган эски кесепеттери: трофикалык бузуулар менен колдун же буттун плегиялары жана одоно парездери. Колдун жана буттун плегиясында II топтогу майыптык белгиленет.
54. Нерв системасынын өнөкөткө айланып бараткан тукум куучу, тубаса жана кийин пайда болгон оорулары, анын ичинде нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймылга байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, сүйлөө, сенсордук (көрүү) функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары менен нейродегенеративдик оорулар.
55. Олуттуу жүрүм-турум бузулуулары менен акыл-эстин артта калуусунун жеңил, орточо түрү.
Эскертүү. 54, 55-пункттарда көрсөтүлгөн ооруларда кайра күбөлөндүрүлбөстөн майыптык тобу МСЭКтин эки жыл бою байкоосунан кийин белгиленет.
56. Тубаса жана кийин пайда болгон кем акылдык (акыл-эстин оор же терең артта калуусу, оор деменция).
57. Шизофрениянын кесепетинен кийинки алгачкы абал. Эскертүү. 57, 58-пункттарда көрсөтүлгөн ооруларда алгачкы күбөлөндүрүүдө майыптык мөөнөтсүз белгиленет.
58. Ill-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катууланышы, бала чагынан дүлөйлүк, дүлөй-дудуктук. Кулак калканынын жанындагы катуу сүйлөшүүнү укпоону дүлөйлүк деп эсептөө керек. Бала чагынан угуусу боюнча III топтогу майыптык кайра күбөлөндүрүүсүз алгачкы күбөлөндүрүүдө белгиленет.
Ill-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катууланышы бар адамдарга 18 жашка толгондон кийин "бала кезинен бери" себеби боюнча III топтогу майыптык белгиленет.
59. 18 жаштан жогору эмгекке жарамдуу куракта күчөгөн эки тараптуу дүлөйлүк 2 жылдык байкоодон кийин оңдоого мүмкүн болбогон III топтогу майыптык жалпы себептер боюнча 2 жылга белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. 18 жаштан ашкан майыптыгы бар жарандар үчүн кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыкты белгилөө үчүн хирургиялык оорулардагы патологиялык абал, анатомиялык кемтиктер жана деформациялар, МСЭКтин байкоо жүргүзүү мөөнөтү
60. Колдун кемтиктери жана деформациялары:
1) ийиндин экзартикуляциясы (II топтогу майыптык белгиленет);
2) оң ийиндин мултугу (оор жумушта иштеген адамдарга жана аялдарга II топтогу майыптык белгиленет);
3) билектин мултугу, манжалардын жоктугу, ийиндин жана эки билектин сөөктөрүнүн жалган мууну, функциялык туура эмес абалдагы 60 градустан аз же 150 градустан көп же четки пронация же четки супинация абалындагы билекти фиксациялоодо кескин байкалган контрактура же чыканак муунунун анкилозу;
4) резекциядан кийинки салаңдап турган ийин же чыканак мууну;
5) биринчисин кошпогондо манжанын төрт бармагынын жоктугу; биринчини кошкондо, манжанын үч бармагынын; бул бармактардын функциялык ыңгайсыз абалдагы анкилозу же кескин байкалган контрактурасы; биринчи жана экинчи бармактын жоктугу же үч бармактын тийиштүү манжа сөөктөрү менен жоктугу; эки манжанын биринчи бармактарынын жоктугу.
Эскертүү. Кескин байкалган туруктуу контрактура 5-8 градустун чегинде кыймылдын чектелгендигин түшүндүрөт.
61. Буттун кемтиктери жана деформациялары:
1) сандын экзартикуляциясы, сандын кыска мултугу, ампутацияга алып келген оорулардын себебине карабастан,
III даражадагы жамбаш муундарынын эки жактуу деформациялоочу остеоартрозуна II топтогу майыптык белгиленет;
2) шыйрактын ар кандай деңгээлдердеги мултугу;
3) сөөк пластикалык ампутациядан кийинки (Пирогов тибиндеги) буттун кетменинин мултугу;
4) Шопар муунунун деңгээлиндеги мултук; Шарп боюнча бейбелчек сөөктөрүнүн башчаларынын резекциясы менен буттун кетменинин эки тараптуу мултуктары;
5) буттун кетменинин туура эмес абалы, басуу жана туруу функцияларынын олуттуу бузулушу менен таман муундарынын кескин байкалган контрактурасы же анкилозу;
6) сандын же шыйрактын эки сөөгүнүн жалган мууну; резекциядан кийин салаңдаган тизе же жамбаш мууну;
7) жамбаш муунунун кескин байкалган контрактурасы же анкилозу;
8) 180 градустан аз бурчтагы функциялык ыңгайсыз абалдагы тизе муунунун анкилозу, контрактурасы;
9) буттун функциясынын байкалган бузулушу менен сандын тубаса же кийин чыгып кетүүсү;
10) сандын эки тараптуу тубаса чыгып кетүүсү;
11) буттун 7 см же андан көп кыскаруусу;
12) тизе муунунун же жамбаш муунунун эндопротези;
13) эки же андан көп муундардын эндопротези (тизе же жамбаш мууну) - II топ мөөнөтсүз белгиленет.
62. III жана IV даражадагы кифоз жана кифосколиоз.
63. Эгерде протездөө чайноону камсыз кылбаса, жаактын жана катуу таңдайдын кемтиктери.
64. Операциядан кийинки туруктуу трахеостома.
65. Жүрөк баштыгындагы же булчуңундагы бөлөк заттар.
66. Операциялык кийлигишүүнүн кесепетинен көкүрөк клеткасынын деформациясы - дем алуу жетишсиздиги болгондо 5 жана андан көп кабырганын резекциялары (II же I топ жалпы негизде белгиленген учурда кайра күбөлөндүрүүсүз III топ белгиленет).
67. Орточо байкалган дем алуу жетишсиздиги менен пульмонэктомия, дем алуу органдарынын гипо жана апластикалык абалында III топтогу майыптык мөөнөтсүз белгиленет.
68. Гастроэктомиядан кийинки абал.
69. Жүрөк клапандарынын электр стимуляторлору жана протездери.
70. Беттин, баш сөөктүн байкалган айыккыс косметикалык кемтиги.
71. Кава-фильтрлерди орноткондон кийинки абал майыптыктын мөөнөтү реабилитациялык иш-чаралардын натыйжалуулугуна жараша белгиленет.
Эскертүү. Көрсөтүлгөн пункттар боюнча кайра күбөлөндүрүүсүз III топтогу майыптык белгиленет; II топ 61-пункттун 1, 2-пунктчаларында; 62-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн абалда белгиленет.
72. Дарылоого карабастан айыкпаган: айыкпаган колостомада ыпыластыкты пайда кылган заң, заара тешик жаралары, айыкпаган бүткүл ичеги-карын тешик жарасы, көтөн чучуктун сфинктеринин III даражадагы функциясынын туруктуу байкалган бузулууларында кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок II топтогу майыптык белгиленет.
73. Бөйрөктүн, боордун, жүрөктүн аллотрансплантациясынан кийинки абал. Кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок I топтогу майыптык белгиленет.
74. Жүрөктүн тубаса кемтигинин хирургиялык жол менен түзөлбөгөн түрлөрү, майыптык күбөлөндүрүү учурунан тартып мөөнөтсүз белгиленет.
75. Буттун кетменинин деңгээлинде жана андан өйдө карай буттун ампутациясы менен буттун тамырларынын күчөп кеткен ангиопатиясы менен кант диабетинде күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып II топтогу майыптык мөөнөтсүз белгиленет.
9-глава. Көздүн бузулушу жана оорулары, кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптыкты белгилөө үчүн МСЭКте байкоо жүргүзүү мөөнөтү
76. Эки көзү тең толук сокур болгондо же организмдин функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары менен, КӨРҮҮ курчтугу (жакшы көргөн көздө коррекциялоо менен) 0 (нөл) - 0,04, концентриялык ичкерүүсү башка көздүн 10 градуска чейин же андан аз көрүү талаасынын, көздүн туруктуу калыбына келтирилгис патологиялык өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында I топтогу майыптык мөөнөтсүз белгиленет. Парацентралдык абсолюттук туташ скатомалар.
77. II топтогу майыптык алгачкы күбөлөндүрүүдө 4 жылга, ал эми кайра күбөлөндүрүүдө жашоо-тиричиликтин чектелишинин даражасына жараша – мөөнөтсүз белгиленет:
- организмдин функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары менен көрүү курчтугу (жакшы көргөн көздө коррекциялоо менен) 0,04төн ОДге чейин. Көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 20 градуска барабар же андан аз, бирок 10 градустан көп. Бирин-серин абсолюттук скатомалар, көп сандаган абсолюттук туташ эмес скатомалар.
II топтогу майыптык алгачкы күбөлөндүрүүдө мөөнөтсүз белгиленет:
- орбитанын экзентирациясында;
- айкалышкан абалдар болгондо: колдун, буттун мултуктары жана бир көзүнүн сокурлугу; тубаса дүлөйлүк жана торчонун дегенерациясы (Ушер синдрому) 2-тиркеменин 81-пунктуна ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
78. III топтогу майыптык алгачкы күбөлөндүрүүдө мөөнөтсүз белгиленет:
- толук сокурлук же коррекциялоо мүмкүндүгү жок учурда бир көздүн көрүү курчтугунун 0,04 чейин төмөндөшү же көрүү талаасынын 10 градуска чейин ичкериши;
- бир көздүн анофтальмы (көздүн чанагын толук алып салуу).
III топтогу майыптык МСЭКте 2 жылдык байкоодон кийин мөөнөтсүз белгиленет:
- эки көздүн афакиясы;
- көз чанактарынын тубаса нистагмы;
- көрүү курчтугу 0,3 аз болгон коррекция менен торчонун эки тараптуу сыйрылуусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Зыяндуу шишик болгон учурда бир көз чанагын алып салганда экинчи көздүн көрүү курчтугуна карабастан алгачкы күбөлөндүрүүдө II топтогу майыптык 4 жылдык байкоо мөөнөтү менен белгиленет. Реабилитациянын динамикасы жана натыйжасы оң болсо III топ мөөнөтсүз белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. Аралаш кемтиктер
80.1 топтогу майыптык төмөнкү ооруларда белгиленет:
1) кол-буттун мултуктары (буттардыкы - таман муунунун деңгээлинен жогору, манжалардыкы - биринчини кошкондо төрт бармактын жоктугу же андан жогорку деңгээлдеги ампутация);
2) биринчини кошкондо төрт бармактын, эки беш манжанын функциялык жактан оңтойсуз абалындагы анкилозу же кескин байкалган контрактурасы;
3) эки жамбаш муундарынын анкилоздору же кескин байкалган контрактуралары;
4) органдардын жана системалардын функцияларынын байкалган бузулуулары менен органдардын жана системалардын айкалышкан бузулушу же жалпысынан дайыма башка адамдын багуу зарылчылыгына алып келген өнүгүүдөгү аномалиялар;
5) колдордун (ийин муунундагы) жана буттардын (жамбаш муунундага) экзартикуляциянын айкалышы;
6) кант диабети, Лериш синдрому, эки буттун облитерациялоочу атеросклерозунун фонунда шыйрактын ампутациялык мултугу, анын ичинде сандын ампутациялык мултугу менен айкалышта Пирогов боюнча буттун кетменинин ампутациясы;
7) кант диабети, Лериша синдрому, буттардын облитерациялоочу атеросклерозунун фонунда сандын, шыйрактардын деңгээлинде эки буттун ампутациялык мултугу, анын ичинде Пирогов боюнча буттун кетменинин ампутациясы.
81. II топтогу майыптык төмөнкү ооруларда белгиленет:
1) кол, буттун мултугу жана бир көздүн сокурлугу;
2) кол-буттун мултугу жана экинчи кол-буттун кыймылдаткыч же статикалык функцияларынын олуттуу туруктуу бузулуулары;
3) бала кезинен дудуктук жана бир көздүн сокурлугу;
4) шыйрактын мултугу же төрт манжанын бардык фалангаларынын жоктугу менен бир буттун ампутациясынын бир кыйла жогорку деңгээли же бир колдун бир кыйла жогорку ампутациясы;
5) сандын, шыйрактын деңгээлинде буттун ампутациялык мултугу, анын ичинде кант диабети, Лериш синдрому, буттардын облитерациялоочу атеросклерозунун фонунда Пирогов боюнча буттун кетменинин ампутациясы.
11-глава. Реабилитациялык потенциал
82. Реабилитациялык потенциал – жарандын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилүү бир учурда организмдин жоголгон функцияларын калыбына келтирүү же компенсациялоо, ошондой эле коомго адаптациялоо мүмкүнчүлүгүн аныктаган майыптыгы бар адамдын физикалык, психикалык, социалдык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.
83. Реабилитациялык потенциал төмөнкү даражаларга бөлүнөт:
1) реабилитациялык потенциалы жогору – тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө организмдин функцияларын калыбына келтирүү, бузулууларды коррекциялоо жана социалдык адаптациялоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар;
2) реабилитациялык потенциалы орто – калыбына келтирүү жана адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, бирок комплекстүү реабилитациялоодо абалды кыйла жакшыртууга болот;
3) реабилитациялык потенциалы төмөн – калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү минималдуу, реабилитациялоо чаралары негизинен абалды сактоого жана начарлоону алдын алууга багытталган;
4) реабилитациялык потенциалы жок – реабилитациялык чаралар олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт, абалы туруктуу жана калыбына келтирилгис.
84. Майыптыктын тобун белгилөө реабилитациялык потенциалдын даражасын эске алуу менен төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) реабилитациялык потенциалы жогору болгондо III топ абалын милдеттүү түрдө кайра карап чыгуу менен 2 жылдык мөөнөткө белгиленет;
2) реабилитациялык потенциалы орто болгондо II топ негизинен абалын кайра карап чыгуу менен 4 жылдык мөөнөткө белгиленет;
3) реабилитациялык потенциалы төмөн болгондо I топ 7 жылдык мөөнөткө же II топ туруктуу колдоо жана багуу чараларынын зарылдыгын эске алуу менен 4 жылдык мөөнөткө дайындалат;
4) реабилитациялык потенциалы жок болгондо I топ 7 жылдык мөөнөткө же мөөнөтсүз белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Жарандарды медициналык-социалдык экспертизалоодо колдонулуучу классификацияларга жана критерийлерге тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
МСЭКтин маалымкаты/
Справка МСЭК
Негиз: 20___-жылдын «___» _______№ _______
күбөлөндүрүү актысы
Основание: акт освидетельствования № _____ от «___» _____ 20___года
Облусу/Область:_________район/район:_________шаары/город:_____
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын түрү, профили/ Вид, профиль медико-социальной экспертной комиссии:____________
Аты-жөнү/Ф.И.О.:____________________________________________
Туулган датасы/Дата рождения:_________________________________
Күбөлөндүрүү датасы/Дата освидетельствования:__________________
Жашаган дареги/ Адрес проживания:_____________________________
Майыптыктын тобу/Группа инвалидности:________________________
Майыптыктын себеби/Причина инвалидности:____________________
Майып болуу убактысы эсептелген/Время наступления инвалидности зачесть:_____________________________________________________
Майыптык төмөнкү мөөнөткө чейин белгиленген/Инвалидность установлена на срок до:________________________________________
Кезектеги кайра күбөлөндүрүү датасы/Дата очередного переосвидетельствования: _____________________________________
Диагнозу/Диагноз:________________________________________________________________________________________________________
Майыптык белгиленген (биринчи жолу, кайрадан)/Установлена инвалидность (впервые, повторно):______________________________
МСЭКтин кошумча корутундусу/Дополнительное заключение МСЭК:______________________________________________________
Башка адамдын туруктуу багуусуна/башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө төмөнкү мөөнөткө чейин муктаж /Нуждается в постоянном постороннем уходе/постороннем уходе и надзоре сроком до:__________________________________________________________
Кыймылдын техникалык каражаттарына муктаж (кресло-коляска, велоколяска)/Нуждается в технических средствах передвижения (кресло-коляска, велоколяска):__________________________________
Социалдык стационардык мекемеге жөнөтүүгө муктаж/Нуждается в направлении в социальное стационарное учреждение:_______________
Кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын (пайыз менен), жардамдын кошумча түрүнө муктаждыгын аныктоо/Определение степени утраты профессиональной трудоспособности (в процентах), нуждаемости в дополнительных видах помощи:____________________
КЭЖК төмөнкү мөөнөткө чейин белгиленет/УТП установлена на срок до__________________________________________________________
Эмгек шарттары жөнүндө корутунду/Заключение об условиях труда:
____________________________________________________________
Реабилитация, абилитация боюнча сунуштар/Рекомендации по реабилитации, абилитации:_____________________________________
Берилген датасы/Дата выдачи: __________________________________
».
|
| Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Майыптыктын себептерин аныктоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. "Жалпы оору" майыптык себебин белгилөө
1. "Жалпы оору" майыптык себеби майыптык ар кандай оорулардын же мертинүүлөрдөн улам болгон, бирок кесиптик ооруга, өндүрүштөгү мертинүүгө, аскер кызматында болгон мезгилде, аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда дуушар болгон ооруга, жарадар болууга (контузия, жаракат, мертинүү) тикелей байланыштуу болбогон, ЧАЭСтеги кыйроо, радиациялык нурлануу, ошондой эле бала кезинен майыптык менен байланышпаган учурларда белгиленет.
2. Майып болуунун жагдайларын ырастаган документтер жок болгон учурда майыптыктын себеби - "жалпы оору" деп белгиленет.
2-глава. 18 жашка толгондон кийин "Бала кезинен майыптыгы бар адам" майыптык себебин белгилөө
3. МСЭК 18 жаш толгон жана 18 жашка чейин майыптык статусу бар жарандарды күбөлөндүрүү учурунда аларга "бала кезинен" майып деген себеп менен майыптыгынын тиешелүү тобун белгилейт. МСЭКтин маалымкатына жана күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүнө майыптыктын тобун көрсөтүү менен "бала кезинен майыптыгы бар адам" деп жазылат.
4. Жашоо-тиричилигинин тиешелүү чектөөлөрү бар болгон учурда МСЭКтин маалымкатында жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүндө төмөнкүдөй жазуулар жазылат:
- "бала кезинен угуусу боюнча майыптыгы бар адам": саламаттык сактоо уюмдарынын ДККнын корутундусунун бала кезинен оорусунун бар экендигин ырастоочу медициналык документтердин, анын ичинде амбулатордук оорулуунун медициналык картасынын, сурдологдун консультациясынын жана угууну компьютердик текшерүүнүн негизинде угуу функциясынын жоктугу (III-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катуулугу, тубаса дүлөйлүк);
- "көрүүсү боюнча майыптыгы бар адам"
5. 18 жашка чейинки куракта баланын жашоо-тиричилигинин бузулушуна алып келбеген бала кезиндеги оору, мертинүү, кемтик же деформациянын болушу "бала кезинен майыптыгы бар адам" майыптык себебин белгилөөгө негиз боло албайт.
6. "Бала кезинен майыптыгы бар адам" майыптык себебин белгилөө үчүн негиз болуп 18 жашка чейинки куракта майып болуу жөнүндө төмөнкү күбөлөндүрүүчү документтер саналат:
1) 2003-жылга чейин - саламаттык сактоо уюмунун майыптыкты белгилөө жөнүндө корутундусу;
2) 2003-жылдан тартып - МСЭКтин маалымкаты;
3) саламаттык сактоо уюмунун 18 жашка чейинки куракта жашоо-тиричилигинин чектөөлөрү бар экенин ырастаган документтери (амбулаториялык карталар, стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмөлөр, стационарлардын, диспансерлердин, протездик-ортопедиялык ишканалардын маалымкаттары);
4) окуу мекемелеринин маалымкаттары (майыптыгы бар балдар үчүн адистештирилген мектепте, начар көргөн, начар уккан балдар үчүн мектептерде, көмөкчү мектептерде окугандыгы жөнүндө, үйүндө окугандыгы жөнүндө, инклюзивдик окутуу жөнүндө маалымкаттар, окуган жеринен мүнөздөмө, окуу программасын өздөштүрүү жөнүндө маалыматтар).
Бардык пункттар чогуу каралат, бул шарттардын биринин болушу жаранды "бала кезинен майыптыгы бар адам" деп таануу үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт.
7. Жободо көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда жана жашоо-тиричиликтин чектөөлөрүн жалпы баалоо менен "жалпы оору" майыптык себеби белгиленет.
8. Эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен улам майыптыгы бар адам деп таанылган 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балага анын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн тандоосу боюнча "майыптыгы бар бала" категориясы же майыптыктын тиешелүү себеби бар майыптык тобу белгиленет.
3-глава. Мурдагы аскер кызматчыларына майыптыктын себебин белгилөө
9. Мурдагы аскер кызматчыларына майыптыктын себептери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык белгиленет:
Оорулар боюнча АДК тарабынан төмөнкүдөй токтомдор кабыл алынат:
- "аскердик жаракат" (эгерде мертинүү, жарадар болуу, оору аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда болсо);
- "ооба, ооруга аскердик кызматты өтөө убагында чалдыккан";
- "оору, жок, аскердик кызматка байланышкан эмес";
- "жаракат аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткарууда, ЧАЭСтеги (башка ядролук объекттерде) кыйроонун кесепетин жоюу боюнча иштерди аткарууга байланыштуу алынган" Жарандардын оорууларынын себептик байланышы Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш тарабынан белгиленет;
- "жарадар болуу (контузия, жаракат, мертинүү), жок, аскердик кызмат менен байланышкан эмес".
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошонгон, АДКдан күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан мурдагы аскер кызматчыларына корутундуда көрсөтүлгөн оору, жарадар болуу (контузия, жаракат, мертинүү) боюнча майыптык тобун белгилөөдө МСЭК оорунун, жарадар болуунун (контузия, жаракат, мертинүү) себептик байланышы жөнүндө жазылгандарга ылайык гана майыптык себебин белгилейт.
11. Оорунун, жарадар болуунун (контузия, жаракат, мертинүү) себеби жөнүндө АДКнын корутундусун МСЭК өзгөртүүгө укугу жок.
4-глава. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин майыптыгынын себептерин белгилөө
12. Кызматтан бошотулган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин майыптыгынын себебин аныктоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин АДКнын корутундусу саналат:
- оору, "ооба, ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде алынган, анын ичинде ички иштер органдарына кызматка кабыл алганга чейин орун алган жарадар болуунун, жаракаттын, мертинүүнүн кесепетинен, кызмат өтөө мезгилинде патологиялык өзгөрүүлөр өнүккөн учурлар, алар кызматка чектелген жарамдуулукту же жарамсыздыкты шарттайт;
- оору, "жок, ички иштер органдарындагы кызмат менен байланышкан эмес";
- жарадар болуу (контузия, жаракат, мертинүү), "ооба, СССРди коргоо учурунда алынган";
- жарадар болуу (контузия, жаракат, мертинүү), "ооба, ички иштер органдарында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган"
МСЭК майыптыктын себебин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин АДКнын токтомуна ылайык гана белгилейт.
13. Оорунун, жарадар болуунун (контузия, жаракат, мертинүү) себеби жөнүндө АДКнын корутундусун МСЭК өзгөртүүгө укугу жок.
5-глава. Радиациядан жабыркаган жарандарга майыптыктын себептерин белгилөө
14. ЧАЭСтеги кыйроодо жана жарандык же аскердик багыттагы башка объекттердеги аварияларда, ошондой эле ядролук куралдарды сыноолордо радиациядан жабыркаган жарандарга майыптыктын себебин аныктоо үчүн негиз болуп, аларга карата Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш радиациялык факторлордун таасиринен пайда болгон оорунун себептик байланышын белгилеген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин төмөнкүдөй баяндоосу бар корутундусу саналат:
- "оору ЧАЭСтеги кыйроо менен байланышкан";
- "оору Семипалатинск полигонунда ядролук куралды сыноо менен байланышкан".
15. Аскер кызматчылары үчүн "жаракат аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткарууда, ЧАЭСтеги (башка ядролук объекттерде) кыйроонун кесепетин жоюу боюнча иштерди аткарууга байланыштуу алынган" деген баяндоо менен майыптыктын себебин аныктоо үчүн негиз болуп Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин АДКнын же тиешелүү ведомстволордун АДКнын токтому саналат.
6-глава. Кыргыз Республикасында болуп өткөн окуяларда жабыркаган жарандарга майыптыктын себептерин белгилөө
16. 2010-жылдын апрель-июнунда, 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардын натыйжасында жабыркаган жарандарга майыптыктын себебин белгилөө учурунда майыптыктын себеби Кыргыз Республикасынын "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" жана "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык жаракат алган датасына жана жерине жараша аныкталат.
- 2010-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Талас облусунда болуп өткөн окуяларда алынган жаракат;
- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болуп өткөн окуяларда алынган жаракат;
- 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда болуп өткөн окуяларда алынган жаракат;
- 2010-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн окуяларда алынган жаракат;
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда болуп өткөн окуяларда алынган жаракат;
- 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда алынган жаракат.
17. Кыргыз Республикасында болуп өткөн жогоруда аталган окуяларда жабыркагандарга майыптыкты белгилөө үчүн негиз болуп саналган документтер:
- Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бул окуяларда жабыркагандардын тизмелери.
7-глава. "Эмгектик мертинүү" майыптык себебин белгилөө
18. Документ менен ырасталган эмгектик милдеттерди аткаруунун натыйжасында майып болуу белгиленген учурда майыптыктын себеби - "эмгектик мертинүү" болуп көрсөтүлөт. "Эмгектик мертинүү" майыптык себебин аныктоо үчүн алынган жаракаттын тикелей жана түздөн-түз натыйжасы катары мертинүү, ошондой эле кокустуктун натыйжасында пайда болгон жана эмгекке жарамдуулукту жоготууга же анын төмөндөшүнө алып келген жаракаттын (оорунун) бардык оордошуулары жана коштогон кесепеттери каралат. Өндүрүштө алынган жаракаттан келип чыккан өнөкөт патологиялык процессти табуу же анын күчөшү эмгектик мертинүүнүн натыйжасы катары каралууга тийиш.
19. Бардык учурларда патологиялык процесстин алынган жаракат менен байланышы клиникалык картинаны, этиопатогенезди, алынган жаракаттын мүнөзүн, анамнездик маалыматтарды кылдат талдоонун негизинде белгиленүүгө тийиш.
20. Майып болуунун өндүрүштүк жаракат менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасын пайыз менен аныктоо үчүн МСЭни жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерден сырткары төмөнкү документтер берилет:
- иш берүүчүнүн мөөрү менен бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн Н-1 формасы боюнча өндүрүштө болгон бөөдө кырсык тууралуу акт;
- ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчүнүн берген маалымкаты, же ушул учурду өндүрүштүк жаракат деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими.
21. Өндүрүштүк практика (окуу) өтүү учурунда алган мертинүүлөрдөн улам студенттер өндүрүштүк практиканы (окуу) кайда өткөндүгүнө карабастан - окуу жайында же ишканаларда, анын ичинде айыл чарбада болобу "эмгектик мертинүү" майыптык себеби белгиленет.
22. Эмгектик милдеттерин аткарууга байланышпаган мертинүү же ден соолугунун башка жабыркоосуна кабылган жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы жөнүндөгү корутундуну соттук-медициналык экспертиза мекемелери чыгарат.
23. Эркиндигинен ажыратуу жерлеринде жаза өтөп жаткан жарандар өндүрүштө кырсыктаганда кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасын аныктоо үчүн Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 4-тиркемесинин Жаза өтөө жерлеринде соттолгондорду медициналык-социалдык экспертизага жөнөтүү тартибине ылайык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
8-глава. "Кесиптик оору" майыптык себебин белгилөө
24. Кесиптик оорунун натыйжасында ден соолугунан жабыркаган жарандарга (мындан ары - жабырлануучулар) МСЭК кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуунун (мындан ары - КЭЖЖ) даражасын аныктайт. Майып болуунун кесиптик оору менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуунун даражасын пайыз менен аныктоо Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтерге ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Тиешелүү кесипке, тигил же бул өндүрүшкө гана мүнөздүү болгон эмгек шарттарындагы фактордун бир жолку же системалуу жана узак убакыт бою зыяндуу таасиринин астында өнүккөн оору -кесиптик оору деп эсептелет. Кесиптик фактордун жалгыз же оорунун пайда болушуна жана анын оордошуусуна алып келген таасири кесиптик ооруну белгилөөдө майыптыктын себеби болуп саналат.
26. МСЭКтин "кесиптик оору" майыптык себебин белгилөө жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын алдындагы кесиптик оорулар борборунун корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 14-июлундагы № 285 "Кесиптик оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кесиптик оорулардын тизмесине ылайык чыгарылат.
27. Кесиптик оорулар борбору жарандын ден соолугунун абалы жөнүндө клиникалык маалыматтардын жана берилген документтердин негизинде акыркы диагнозду - өнөкөт кесиптик ооруну (анын ичинде зыяндуу заттар же өндүрүш факторлору менен байланышта иштөөнү токтоткондон кийин көп убакыт өткөндөн кийин пайда болгон) белгилейт.
28. Кесиптик оорунун натыйжасындагы майыптык оорунун майыптык менен шартталган бардык оордошууларында жана бардык кесепеттеринде белгиленет. Кесиптик оорулар учурунда эмгекке жарамдуулугуна экспертиза жүргүзүүдө кесиптик эмес этиологиядагы ар кандай ооруларга баа берүү талап кылынат, анткени алар кесиптик зыяндуу агенттердин таасирине организмдин каршылык көрсөтүүсүнүн төмөндөшүн шартташы мүмкүн.
Эгерде кесиптик оору кесиптик болуп саналбаган кандайдыр-бир башка оорунун өтүшүн начарлатса, анда кесиптик оору оорулуунун эмгекке жарамдуулугун жоготушунун себеби катары эсептелүүгө тийиш.
29. Мурдагы кесиптеги эмгекке каршы көрсөткүчтөр жана күбөлөндүрүүдөн өткөн адамды квалификациясынын төмөндөшүнө байланыштуу башка ишке которуу зарылчылыгы кесиптик оору боюнча майыптыкты белгилөө үчүн негиз болуп саналат.
30. КЭЖЖ даражасын жана жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо үчүн МСЭК ишканалардын, мекемелердин, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жарандык-укуктук келишим менен иштеп жаткан жумушчуларын, эмгектик мертинүүгө же кесиптик ооруга дуушар болгон жарандарды күбөлөндүрүүгө кабыл алат.
31. Кесиптик оору мурдагы оорунун өтүшүнүн мүнөзүнүн өзгөрүшүндө олуттуу мааниге ээ болгон кесиптик эмес этиологиядагы - оору латенттик түрдө өнүккөн, майыптыкты белгилөөнү же тобун жогорулатууну шарттаган мурдагы патологиялык процесс кыйла тез күчөгөн учурлары эске алынат.
32. Айрым кесиптик оорулар зыяндуу кесиптик факторлор менен байланыштагы ишти токтоткондон кийин да күчөшү мүмкүн экендигин эске алынат. Кесиптик оорулар кесиптик зыяндуулук менен байланыштагы ишти токтоткондон кийин көп жылдардан кийин пайда болушу жана күчөшү мүмкүн (силикоз, бериллиоз, асбестоз, табарсыктын папиломасы, уулар басымдуулук кылган учурда онкологиялык оорулар).
Мисалы: дем алуу жетишсиздигинин көрүнүштөрү болбогон пневмокониоз учурунда чаңдуу жана дене бойго күч келүү менен байланышкан ишти андан ары аткарууга болбойт. Ушул контингенттеги адамдарды чаңдын таасири жана дене бойго күч келүү менен байланышпаган ишке которуу квалификациянын жана эмгек акынын төмөндөшүнө алып келет, бул кесиптик оору боюнча III топтогу майыптыкты белгилөө үчүн негиз болот.
33. Оордошуулар кошулуу менен кесиптик оору диагнозу коюлган (мисалы, пневмокониоз учурунда II же III даражадагы дем алуунун, ал эми көп учурда жүрөк жетишсиздигинин күчөшү) адамдар кадимки өндүрүш шарттарында (зыяндуулук менен байланышта эмес) эмгекке жарамдуулугун жоготот жана аларга кесиптик оору боюнча II топтогу майыптык белгиленет.
34. Саламаттык сактоо уюму жабыр тарткан адамды өндүрүштөгү кокустукка же кесиптик оорусуна байланыштуу бардык зарыл диагностикалык, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды өткөргөндөн кийин экспертизага жөнөтөт.
35. МСЭК күбөлөндүрүү учурунда жабырлануучунун кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктайт, негиздер болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого ылайык майыптык тобун белгилейт, жабырлануучунун медициналык, социалдык, кесиптик реабилитацияга жана жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт.
36. Эгерде эмгектик мертинүүлөр бир иш берүүчүдө иштеген мезгилде кайрадан келтирилген болсо, анда КЭЖЖ даражасы жабырлануучуга биринчи жана кайрадан мертинүүнүн жыйындысы боюнча КЭЖЖнын жалпы пайызы боюнча белгиленет.
Эгерде эмгектик мертинүүлөр ар башка иш берүүчүлөрдө иштеген учурда келтирилген болсо, анда КЭЖЖ даражасы жабырлануучуга тиешелүү эмгектик мертинүү боюнча КЭЖЖ пайызына жараша өзүнчө белгиленет. КЭЖЖ даражасы бүтүндөй алганда 100 пайыздан ашпоого тийиш.
37. Эгерде жабырлануучу бир нече кесипке ээ болсо, КЭЖЖ даражасын аныктоо учурунда негизги кесип болуп төмөнкүсү саналат:
- ден соолугунун ушундай бузулушуна алып келген же кыйла узак иш стажына ээ болгон кесиби;
- атайын окутуу аркылуу алынган же анда эң жогорку квалификацияга жетишкен кесиби.
Маселе конкреттүү жагдайларды эске алуу менен чечилет.
38. КЭЖЖ организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусунда жабырлануучунун ден соолугунун абалын баалоонун жана анын компенсатордук жана ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүгүүсүн болжолдоонун, жүргүзүлгөн реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыздыгынын, КЭЖЖ даражасынын туруктуулугунун натыйжасында, адамдарды 30дан 59 пайызга чейин (59 пайыз кошо) КЭЖЖ даражасы менен, 5тен 29 пайызга чейин (29 пайыз кошо) КЭЖЖ даражасы менен алты жыл бою динамикалык байкоодон кийин мөөнөтсүз белгиленет.
39. Жабырлануучунун организминин функциялары туруктуу бузулушу менен, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасынын туруктуу бузулуулары менен ден соолугунун жабырлануу кесепеттери калыбына келтирилгис болгондо КЭЖЖ мөөнөтсүз белгиленет.
40. Анатомиялык кемтик болгон учурда жарандарга КЭЖЖ даражасы аткарып жаткан ишине, эмгегинин шарттарына жана мүнөзүнө карабастан биринчи жолу күбөлөндүрүүдө мөөнөтсүз белгиленет.
9-глава. Кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун принциптери
41. КЭЖЖ даражасы күбөлөндүрүү учурунда пайыз менен көрсөтүлөт жана 5 пайыздан 100 пайызга чейинки чектерде, өндүрүштөгү кокустуктун натыйжасында ден соолуктун бузулушунун кесепеттерине жараша, жабырлануучунун өндүрүштөгү кокустукка же кесиптик ооруга чейинки кесиптик ишин ошол эле мазмунда жана көлөмдө аткарууну улантууга мүмкүндүк берген кесиптик жөндөмүн, психологиялык-физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана кесиптик маанилүү сапаттарын эске алуу менен, же квалификациясынын төмөндөшүн, аткарылуучу иштин көлөмүнүн азайышын, кадимки жана атайын түзүлгөн шартта эмгектин оордугун эске алуу менен белгиленет.
42. КЭЖЖ даражасын аныктоодо МСЭК ар бир конкреттүү учурда төмөнкүдөй критерийлерди эске алат:
- клиникалык-функциялык бузулуулардын байкалышын;
- кесиптик иштин мүнөзүн (квалификациясын, иштин сапатын жана көлөмүн, аны аткарууга жөндөмдүүлүгүн);
- жашоо-тиричиликтин чектелишинин категорияларын жана даражаларын.
Клиникалык-функциялык критерийлер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаракаттын, кесиптик оорунун мүнөзүн жана оордугун;
- өндүрүштөгү кокустук же кесиптик оору менен шартталган паталогиялык процесстин өтүшүнүн өзгөчөлүктөрүн;
- организмдин функцияларынын бузулушунун мүнөзүн (түрүн);
- организмдин функциялары бузулгандыгынын байкалышынын даражасын (даана байкалат, байкалат, орточо, билинээр-билинбес);
- клиникалык жана реабилитациялык божомолду;
- психологиялык-физиологиялык мүмкүнчүлүктөрдү;
- клиникалык-эмгектик божомолду.
43. КЭЖЖ даражасын аныктоодо эмгектенүү жөндөмүнүн жана жашоо-тиричилигинин башка категорияларынын чектелишине алып келүүчү, жабырлануучунун органдарынын жана системаларынын функцияларынын бузулуусу байкалганы эске алынат.
Жабырлануучулардын функцияларынын бузулушунун ар башка мүнөзү боюнча, ошондой эле байкалышынын даражасы боюнча клиникалык көрүнүштөрдүн көп түрдүүлүгү аныкталышы мүмкүн. Жабырлануучулардагы клиникалык көрүнүштөрдүн көп түрдүүлүгү жаракаттын, кесиптик оорулардын тикелей кесепети, ошондой эле алардын оордошуусу менен шартталышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу жабырлануучулардын ушул категориясын эксперттик текшерүү методикасы кесиптик оорунун күчөшүнүн травмадан кийинки жана ага чейинки мезгилдерин ретроспективдик талдоонун жана диагностиканын заманбап методдорун пайдалануу менен комплекстүү клиникалык-физиологиялык текшерүү жүргүзүүнү, анамнездик маалыматтарды, саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматтарын, медициналык эксперттик документтерди кылдат иликтөөнү талап кылат. Клиникалык-физиологиялык мүнөздөгү көрсөткүчтөрдүн комплексин талдоо кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун клиникалык-функциялык критерийлеринин негизи болуп саналган негизги медициналык-биологиялык факторлорду (функциялардын бузулушунун, оорунун өтүшүнүн мүнөзүн, даражасын, ж.б.) тактоого өбөлгө түзөт.
Эмгектик мертинүү мурда болгон оорунун өтүшүн начарлаткан же анатомиялык кемтиктин кесепетинин оордугун күчөткөн учурларда КЭЖЖ даражасы күбөлөндүрүү учурунда организмдин функцияларынын андан келип чыккан бузулушунун байкалышына жараша, ошондой эле мурда болгон бузулууларды эске алуу менен аныкталат.
44. МСЭКтин чечими жабырлануучуну текшерүүнүн, анамнездик маалыматтарды кылдат иликтөөнүн, медициналык документтер менен таанышуунун жана башка бардык изилдөөлөрдүн негизинде, социалдык эмгектик факторлорду (кесипти, эмгектин шарттарын, аткарылуучу иштин мүнөзүн жана көлөмүн) эске алуу менен чыгарылат. Жабырлануучунун эмгектенүүсү, эмгек шарттары, аткарып жаткан иши жөнүндө маалыматтар күбөлөндүрүү процессинде такталат, маалыматтар болбогон учурда иштеген жеринен сурап алынат.
10-глава. Кесиптик ишке жөндөмдүүлүгүн баалоо критерийлери
45. КЭЖЖ даражасын аныктоодо кесиптик факторду, атап айтканда жабырлануучунун өндүрүштөгү кокустуктан же кесиптик оору пайда болгондон кийин өзүнүн мурдагы кесиби (кокустукка же кесиптик ооруга чейин) же квалификациясы жана акысы боюнча ага теңдеш башка кесип боюнча толук көлөмдө ишти аткарууга жөндөмү, ошондой эле кадимки же атайын түзүлгөн өндүрүштүк же башка эмгек шарттарында квалификациясы азыраак башка иштеги калган кесиптик эмгекке жарамдуулугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл.
46. Толук көлөмдөгү кесиптик иш толук жумушчу күнүн, толук иттт жумасын, иштеп чыгуу ченемин 100 пайызга аткарууну болжолдойт.
47. Кесиптик ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүнө баа берүү критерийлери тиешелүү кесиптин алкагында тарифтик квалификациялык разряддардын айырмачылыктары менен байланышкан.
48. Квалификациянын төмөндөшү тиешелүү кесиптик иш үчүн белгиленген тарифтик разряддарды, класстарды, категорияларды эске алуу менен аныкталат.
49. Иштерди татаалдык даражасы боюнча (жана тиешелүү түрдө квалификациянын разряддары боюнча) бөлүштүрүүнүн негизинде эмгектин татаалдыгынын төмөнкүдөй факторлору турат:
- технологиялык: эмгек куралдарын башкаруунун (тейлөөнүн, колдонуунун) татаалдыгы, технологиялык (жумуш) процесстеринин татаалдыгы;
- уюштуруучулук: аткарылуучу операциялардын (жумуштардын) комплексинин кеңирилиги, иштерди аткаруу процессинде жумушчунун өз алдынчалыгынын даражасы;
- материалдык жоопкерчилик жана өмүрүнө, ден соолугуна болгон жоопкерчилик;
- спецификалык, ишке болгон өзгөчө талаптар мисалы, өндүрүштүк иштин демейдегиден башкача, экстремалдуу шарттарында иштөө.
50. Иштердин татаалдыгынын разрядына кол менен, машина жана кол менен, машина менен, автоматташтырылган, аппараттык механизация даражасы боюнча айырмаланган иштер боюнча бөлүштүрүлүп баа берилет.
51. Тарифтик квалификациялык разрядды аныктоодо билимдин, жөндөмдөрдүн жана эмгек көнүмдөрүнүн жыйындысы катары жумушчунун квалификациясы, ошондой эле даярдоого (окутууга) короткон убакыт эсепке алынат. Билимге карата квалификациялык талаптар толук эмес орто мектеп көлөмүндө (1-2-разряддар) баштапкы маалыматтардан тартып атайын орто окуу жайларынын толук курсунун көлөмүндө (6-разряд) айрым сабактарды билүүгө чейин өсөт.
52. Жумушчулардын иштерине жана кесиптерине баа берүүнүн тарифтик квалификациялык системасы үчүн разрядды аныктоонун негизи катары алынган төмөнкүдөй факторлордун ар бир боюнча иштин татаалдыгынын өсүш мыйзам ченемдүүлүгү мүнөздүү:
- технологиялык фактор боюнча биринчи разряддан кийинкисине өтүүдө окшош багыттагы тейленүүчү жабдуунун татаалдыгы, кубаттуулугу, габариттери, бирдиктери өсөт;
- татаалдыктын уюштуруу фактору боюнча аткарыла турган иштердин өз алдынчалыгынын даражасы өсөт жана кыйла төмөн деңгээлдеги квалификациядагы жумушчуларга жетекчилик кылуу боюнча функциялар кошулат.
53. Квалификациялуу кара күч эмгегиндеги жумушчулардын кесиптери алты тарифтик квалификациялык разряд менен классификацияланат. Тарифтик квалификациялык разряд жумушчунун квалификациясы аткарылуучу иштин татаалдыгына, ошондой эле анын билимдеринин, жөндөмдөрүнүн жана эмгек көнүмдөрүнүн деңгээлине ылайыктыгын көрсөтөт.
Жумушчулардын квалификациялуу кесиптери разряддардын ар кыл диапазонуна (1-6, 4-6, 3-5) ээ болушу мүмкүн.
54. Эгерде жабырлануучу мурдагы татаалдыктагы (квалификациядагы) ишти аткара албаса, анда аны иштердин жана кесиптердин тарифтик квалификациялык маалымдамасында каралган иштердин түрлөрүнө ылайык эмгектин оптималдуу шарттарына же кара күч эмгегинин, нервдик-эмоциялык оордуктун жол берилген шарттарына, каршы көрсөтмөсү бар өндүрүштүк факторлорду камтыбаган жана аткаруу үчүн жабырлануучунун психикалык-физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген азыраак татаалдыктагы (квалификациядагы) ишке которуу маселеси көтөрүлөт.
55. КЭЖЖ даражасы иштин татаалдыгынын коэффициентин азайтууну эске алуу менен квалификацияны төмөндөтүү деңгээлине жараша белгиленет.
Мисалы: 6-разряддагы жумушчуну 2-разрядга которуу квалификацияны 4 разрядга төмөндөтүүгө жана иштин татаалдыгынын коэффициентинин (60 пайызга) азайышына алып келет.
56. Квалификациялуу эмес кара күч эмгегиндеги жумушчунун КЭЖЖ даражасы анын психикалык-физиологиялык абалына, жөнөкөй кара күч эмгегин аткаруу жөндөмүнө жараша белгиленет жана эмгектин оордугунун көрсөткүчү боюнча эмгектин шарттарынын класстарына баа берүү менен байланышкан.
Бул контингенттеги жумушчулардын КЭЖЖ эмгектин оордугунун категориясынын (классынын) төмөндөө даражасын эске алуу менен аныкталат (мисалы, салмагы боюнча жүктү бир жолу көтөрүү жана жылдыруу).
Мисалы: 4-категориядагы оор кара күч эмгегиндеги (салмагы 35 килограммдан ашык болгон жүктү көтөрүү жана жылдыруу) жумушчуну 1-категориядагы көрсөтүлгөн жумушка жеңил күч келтирүү менен (салмагы 2 килограммдан ашпаган жүктү бир жолку көтөрүү) эмгек процессинин оордугунун категориясын (классын) кыйла төмөндөтүү менен которуу.
57. КЭЖЖ даражасын аныктоодо өндүрүштүк чөйрөнүн зыяндуулук жана кооптуулук факторлорунун, эмгек процессинин оордугунун жана чыңалуусунун көрсөткүчтөрү боюнча эмгек шарттарынын класстары эске алынат.
58. Өндүрүштүк факторлорду чагылдыруучу көрсөткүчтөрдүн комплекси жаракатка же кесиптик ооруга байланыштуу жумушчунун кесибин, квалификациясын, өндүрүштүк ишинин көлөмүн өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө маселени чечүүнүн негизи болуп эсептелет.
59. Кызматчылардын (инженерлердин, ар кандай деңгээлдеги жетекчилердин, эмгегин ченемдөө колдонула турган чыгармачыл кесиптин ээлеринин) КЭЖЖ аткара турган иштин көлөмүнүн, анын татаалдыгынын жана чыңалуусунун, кызматтык милдеттеринин азаюусун эске алуу менен аныкталат.
11-глава. Кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо
60. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын же кесиптик оорунун натыйжасында организмдин функцияларынын кыйла бузулуулары байкалган учурда жабырлануучунун кесиптик ишке жарамдуулугу, анын ичинде атайын түзүлгөн өндүрүштүк же башка эмгек шарттарында толук жоголсо, 100 пайыз КЭЖ белгиленет.
61. Функциялардын кыйла байкалган бузулуулары бар толугу менен КЭЖ аныктоочу 100 пайыз КЭЖди белгилөөнүн клиникалык-функциялык критерийлеринин тизмеги:
- төмөнкү параплегия; спастикалык тип боюнча булчуң тонусунун жогорулашы менен же буттун бардык муундарында активдүү кыймылдын минималдуу көлөмү (5-6 градус), булчуң күчүнүн кыйла байкалган төмөндөшү (1 баллга чейин) бар, өз алдынча жүрүүгө мүмкүн болбогон гипотония менен кыйла байкалган тетрапарез, трипарез, парапарез; электромиографиянын III тиби -потенциалдын тез-тез өзгөрүлүүсү, "жапырт тез-тез өзгөрүүлөр" менен электромиографиянын нормалдуу түзүмүн бурмалап көрсөтүүсү (кыйла байкалган чала шал болуу); электромиографиянын IV тиби -функциялык күч келтирүүдө биоэлектрдик белгинин толугу менен жоктугу (буттун шал болуусу);
- бардык муундарда активдүү кыймылдын минималдуу көлөмү бар (ийинде - 5-10 градус, чыканакта - 4-8 градус, билек муунунда 5-9 градус) эки колдун тең кыйла байкалган чала шал болуусу; баш бармактын каршы коюу кыймылынын кыйла чектелиши (анын дисталдык мууну экинчи манжанын негизине жетет); манжаларды муштумга түйгөндө (манжалардын дисталдык муундары алаканга 5-8 см аралыкта жетпейт); колдун булчуң күчүнүн төмөндөп кетүүсү (1 баллга чейин); колдун негизги функциясынын бузулушу: ири жана майда буюмдарды кармоо жана кармап туруунун мүмкүн эместиги, буюмдарды сүйөп туруу жана кысып түртүп туруу сыяктуу жардамчы функция гана сакталган;
- вестибулярдык-каракуш мээ бузулуулары: кыйла байкалган калыптанып калган динамикалык атаксия; III даражадагы айлануудан кийинки нистагм 120 секундадан ашык, III даражадагы калорикалык нистагм 130 секундадан ашык убакытка созулган вестибулярдык дүүлүккүчтүк гиперрефлекциясы;
- бардык манжалардын жоктугунан баштап колдун мултуктары менен айкалышкан эки буттун тең ампутациялык мултуктары (протезделбеген); бардык манжалардын жоктугунан баштап эки колдун тең ампутациялык мултуктары же ампутациянын кыйла жогору деңгээли;
- III даражадагы дем жетишсиздиги, III стадиядагы кан айлануунун бузулушу (тынч абалда турганда демигүү, дем алуу жыштыгы бир мүнөттө 30 жана андан ашык болуусу, кичине физикалык күч келтирүүдөн кийин баштапкы деңгээлин калыбына келтирбестен мүнөтүнө 10-15 жолу дем алуу жыштыгынын көбөйүүсү, кыйла байкалган көгөрүү, эркин (бош) турганда жардамчы дем алуу булчуңдарынын катышуусу, мүнөтүнө 130 жана андан көп соккон байкалган тахикардия, тамырдын эпигастралдык согуусу, боордун чоңоюшу, буту-колдун шишүүсү, өпкөнүн жашоо сыйымдуулугунун керектүүдөн 50%га чейин жана өпкөнүн максималдуу желдетилишинен 50%га чейин азайышы, дем алуунун бир мүнөттөгү көлөмүнүн 180%га чейин көбөйүшү, Тиффно индексинин 40%дан азга жана кычкылтекти пайдалануу коэффициентинин 20%га чейин төмөндөшү, өпкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен айкалышкан оң карынчанын миокардынын жыйрылуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү);
- кыйла байкалган сенсордук бузулуулар (жалгыз же жакшы көргөн көздүн дээрлик же толук сокур болуп калуусу: 0,04-0 коррекциялоо менен көрүү курчтугу, көрүү аянты 0-10 градуска барабар (көрүп турган чекиттен меридиан боюнча четки чектер жана (же) борбордук же параборбордук айкалышкан скотомалар);
- жамбаш органдарынын функцияларынын кыйла байкалган бузулуулары (заараны, заңды кармай албоо).
62. Эгерде жабырлануучунун организминин функцияларынын байкалган бузулуулары бар болсо жана ал кесиптик эмгекти (ишти) атайын түзүлгөн өндүрүштүк шарттарда гана (атайын ишканалар, цехтер ж.б.) аткара алса, КЭЖ даражасы 70ден 90 пайызга чейин белгиленет.
Мында организмдин функцияларынын байкалган бузулуулары бар жабырлануучулардын КЭЖ даражасы квалификациянын төмөндөө деңгээлине жана атайын түзүлгөн өндүрүштүк шарттарда ишти аткарууда кесиптик билимин жана көндүмдөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жараша белгиленет:
- кадимки өндүрүштүк шарттарда мурда квалификацияланган ишти аткарган жабырлануучу атайын түзүлгөн шарттарда эмгектин квалификацияланбаган түрлөрүн гана аткара алган учурларда, 90 пайыз КЭЖ белгиленет;
- жабырлануучу атайын түзүлгөн өндүрүштүк шарттарда кесиптик билимин жана көндүмдөрүн эске алуу менен кыйла төмөн квалификациядагы ишти аткара алган учурларда, 80 пайыз КЭЖ белгиленет;
- жабырлануучу атайын түзүлгөн өндүрүштүк шарттарда өндүрүштөгү бөөдө кырсыкка же кесиптик ооруга чейинки кесиби боюнча ишти аткара алган учурларда, 70 пайыз КЭЖ белгиленет.
63. Функциялардын байкалган бузулуулары менен атайын түзүлгөн шарттарда кесиптик ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болгон учурда жабырлануучуларга өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын кесепетинен улам 70-90 пайыз КЭЖ белгилөөнүн клиникалык-функциялык критерийлеринин тизмеги:
- эки буттун тең байкалган чала шал болуусу, спастикалык тип боюнча булчуң тоңусунун байкалган жогорулашы менен же буттун бардык муундарында - жамбаш муунунда (20 градуска чейин), тизе муунунда (10 градуска чейин), шыйрак-таман муунунда (6-7 градуска чейин) активдүү кыймылдын амплитудасынын байкалган чектелүүсү бар гипотония менен тетрапарез, трипарез, гемипарез; буттун булчуң күчүнүн көрүнө төмөндөшү (2 баллга чейин), тамандын байкалган вагустук, эквиновагустук деформациясы; тамандын байкалган салаңдоосу бар спастикалык, паретикалык, перинеалдык басык; кошумча таяныч (балдактар) менен басып жүрүү;
- басып жүрүү биомеханикасынын байкалган бузулуусу -100 метр аралыкты басып өтүүдө кадамдардын санынын 204-226 чейин көбөйүшү (нормада 80-120 кадам), кош кадам жасоо узактыгынын 2,6-3,6 секундага чейин көбөйүшү (нормада 1,0-1,3 секунда), басуу ылдамдыгынын мүнөтүнө 29-46 кадамга чейин азайышы (нормада 80-100 кадам), басуу ритмдүүлүгүнүн коэффициентинин 0,52-0,58 чейин азайышы (нормада 0,94-1,0), басып өтүү ылдамдыгынын саатына 1 кмга чейин төмөндөшү (нормада саатына 4-5 км);
- булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн байкалган бузулуусу бар электромиографиянын II тиби, тынч абалда турганда жана функциялык күч келтирүүдө так ритми менен "фасцикуляциялар" тибиндеги төмөнкү жыштыктагы потенциалдар;
- эки колдун тең байкалган чала шал болуусу, манжаларды муштумга түйгөндө байкалган чектелүүсү (манжалардын дисталдык муундары алаканга 3-4 см аралыкта жетпейт) жана колдун негизги функциясынын бузулуусу бар 10-20 градус чегинде бардык муундарда активдүү кыймылдардын көлөмү менен колдун муундарынын контрактурасы;
- майда нерселерди кармоо, ири предметтерди узак убакытка жана бекем кармап туруу мүмкүн эмес, электромиография - II тип; ийиндин экзартикуляциясы;
- байкалган вестибулярдык-кара куш мээ бузулуулары (тынч абалда турганда баш айлануу, айына 4 жана андан көп жолу оор жана тез-тез баш айлануунун курч кармашы), II-III даражадагы спонтандык нистагм, статиканын жана кыймылдын координациясынын байкалган бузулуулары, көмөкчү каражаттардын (таяк, балдактар) жардамы менен басып жүрүү, II-III даражадагы кайталануудан кийинки нистагмдын узактыгы 85-120 секундага чейин созулган, II-III даражадагы калорикалык нистагмдын узактыгы 110-130 секундага созулган вестибулярдык дүүлүккүчтүк гиперрефлекциясы;
- сандын же шыйрактын ар түрдүү деңгээлдеги ампутациялык мултуктары, бутту 140 градустан көбүрөөк сунууга мүмкүн болбогон бүгүү контрактурасында тизе муунунун функциялык жактан ыңгайсыз абалы бар буттун жараксыз орнотулушу менен шыйрактын эки сөөгүнүн тең жалган муундары, жамбаштын байкалган кыйшаюсу жана буттун 10 сантиметрге функциялык кыскаруусу менен бутту 150 градуска чейин сунуу же 165 градустан жогору коюу чектелген жамбаш муунунун функциялык жактан ыңгайсыз абалында буттун жараксыз орнотулушу, 30 градустан ашпаган кыймыл көлөмү бар байкалган контрактура же функциялык жактан ыңгайсыз абалда муундардын анкилозу, буттун сөөктөрүнүн сыныктарынын акырындык менен биригиши;
- II даражадагы дем жетишсиздиги, II стадиядагы кан айлануунун бузулушу (тынч абалда турганда дем алуу жыштыгы бир мүнөттө 21-29, физикалык күч келтирүүдөн кийин мүнөтүнө 12-16 жолу дем алуу жыштыгынын көбөйүүсү, байкалган көгөрүү, бир аз физикалык күч келтирүү убагында жардамчы дем алуу булчуңдарынын дем алуу актына катышуусу, мүнөтүнө 100-129 согуу менен жүрөк жыйрылуусунун жыштыгы, буту-колдун бир аз шишүүсү, өпкөнүн жашоо сыйымдуулугунун керектүүдөн 50-55%га чейин жана өпкөнүн максималдуу желдетилишинен 51-54%га чейин азайышы, дем алуунун бир мүнөттөгү көлөмүнүн 150%га чейин көбөйүшү, Тиффно индексинин 54-40%га чейин жана кычкылтекти пайдалануу коэффициентинин 28%га чейин төмөндөшү, өпкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен айкалышкан оң карынчанын миокардынын жыйрылуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү);
- байкалган сенсордук бузулуулар: жалгыз көзүнүн же жакшы көргөн көзүнүн жогорку даражадагы начар көрүүсү, көзүнүн көрүү курчтугу коррекциялоо менен 0,1-0,05ке барабар же андан төмөн, көрүү аянты - четки чектер 20 градуска барабар же андан төмөн, бирок 10 градустан кеңири жана (же) бириндеген борбордук скотомалар.
Угуунун байкалган начарлашы: сүйлөгөн сөздөрдү 0,5-1,5 метрден кабыл алуу, угуу чеги 61-80 дцБ, сүйлөгөн сөздөрдү ажыратып түшүнө билүү чеги 80-90 дцБ;
- жамбаш органдарынын функцияларынын байкалган бузулуулары, заара чыгарууга белгинин жана зааранын заара чыгаруучу түтүк менен өтүп жаткандыгын сезүүнүн жоктугу; цистометрияда: детрузордун кан басымынын төмөндөшүндө табарсыктын сыйымдуулугу - 500-600 мл, зааранын калдыгы - 400 мл чейин, детрузордун кан басымынын жогорулашында - сыйымдуулук 20-30 мл; дефекациянын узак убакыт 5 суткага чейин кармалуусу, бүйрүгүч тонусунун аналдык рефлекси жана монометрия учурундагы басым аналдык каналда төмөндөгөн, тышкы бүйрүгүчтө 10-15 мм сымап мамычасы, ички бүйрүгүчтө - 16-25 мм сымап мамычасы (норма 35-62 мм сымап мамычасы).
64. Жабырлануучу кадимки өндүрүштүк шарттарда кесиптик эмгегин квалификациясын айкын төмөндөтүү же аткарылуучу иштин көлөмүн азайтуу менен аткара алган учурларда же эгер ал организминин функцияларынын орточо бузулуусунун натыйжасында кесиптик ишин улантуу жөндөмдүүлүгүн жоготсо, бирок кадимки өндүрүштүк шарттарда кесиптик ишин кыйла төмөнкү квалификацияда уланта алса, 40 пайыздан 60 пайызга чейин КЭЖ белгиленет.
Мында КЭЖ даражасы организмдин функцияларынын орточо бузулуулары менен жабыркагандарга квалификациясынын төмөндөө деңгээлине, өндүрүштүк ишинин көлөмүнө же эмгектин оордук категориясына жараша белгиленет.
65. 60 пайыз КЭЖ төмөнкү учурларда белгиленет:
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча ишти аткара алса, бирок квалификациясын төрт тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен;
- эгерде жабырлануучу кесиптик билимин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн пайдалануу менен ишти аткара алса, бирок квалификациясын төрт тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен;
- эгерде жабырлануучу оордуктун төрт категориясында иштин разрядын төмөндөтүү менен квалификацияланбаган физикалык эмгекти аткара алса.
66. 50 пайыз КЭЖ төмөнкү учурларда белгиленет:
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча ишти аткара алса, бирок квалификациясын үч тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен;
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча жумушун өндүрүштүк иштин көлөмүн азайтуу менен аткара алса (0,5 ставкага);
- эгерде жабырлануучу квалификацияланбаган физикалык эмгекти оордуктун үч категориясына иштин разрядын төмөндөтүү менен аткара алса.
67. 40 пайыз КЭЖ төмөнкү учурларда белгиленет:
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча жумушту өндүрүштүк иштин көлөмүн азайтуу менен аткара алса;
- эгерде жабырлануучу ишти кесиптик билимин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн пайдалануу менен, бирок квалификациясын эки тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча ишти аткара алса, бирок квалификациясын эки тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен;
- эгерде жабырлануучу квалификацияланбаган физикалык эмгекти оордуктун эки категориясына иштин разрядын төмөндөтүү менен аткара алса.
68. Функцияларынын орточо бузулуулары бар өндүрүштүк жаракаттан жана кесиптик оорунун кесепеттеринен жабыр тарткандардын кадимки өндүрүштүк шарттарда кесиптик ишти аткаруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда 40-60 пайыз КЭЖ белгилөөнүн клиникалык-функциялык критерийлеринин болжолдуу тизмеги:
1) сан булчуңдарынын 5-7 смга, шыйрактын 4-5 смга кичирейүүсү, спастикалык тип боюнча булчуң тонусунун жогорулоосу же буттун бардык муундарында - жамбаш муунунда (15-20 градуска чейин), тизе муунунда (16-20 градуска чейин) шыйрак-таман муунунда (14-18 градуска чейин) активдүү кыймылдын амплитудасынын орточо чектелүүсү бар булчуңдардын кан басымынын төмөндөшү менен; булчуң күчүнүн орточо төмөндөшү (3 баллга чейин), тамандын бир аз же орточо салаңдап ылдый тартуусу менен спастикалык, паретикалык, перинеалдык басыш менен эки буттун тең орточо чала шал болуусу, тетрапарез, трипарез, гемипарез, монопарез; кээде кошумча таяныч (таяк) менен басып жүрүү;
2) басуу биомеханикасынын орточо бузулушу - 100 метр аралыкка басканда кадамдардын санынын 170-190го чейин көбөйүшү (нормада 80-120 кадам), кош кадамдын узактыгынын 2,0-3,0 секундага чейин көбөйүшү (нормада 1,0-1,3 секунда) басуу ылдамдыгынын мүнөтүнө 50-60 кадамга чейин азайышы (нормада 80-100 кадам), басуу ритмдүүлүгүнүн коэффициентинин 0,82-0,75ке чейин төмөндөшү (нормада 0,94-1,0), басып жүрүү ылдамдыгынын саатына 2 кмга чейин төмөндөшү (нормада саатына 4-5 км); БАКТ булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн орточо бузулушу 25 пайыздан жогору, бирок нормадан 70 пайызга төмөн чектерде;
3) бардык муундарда: ийин муунунда (35-40 градус), чыканак муунунда (30-45 градус), билек муунунда (30-40 градус) активдүү кыймылдын амплитудасынын чектелүүсү менен, колдун булчуң күчүнүн орточо төмөндөшү (3 балл) менен колдун орточо чала шал болуусу, гемипарез, манжаларды муштумга түйгөндө чектелиши (манжалардын дисталдык муундары алаканга 1-2 см аралыкта жетпейт), майда буюмдарды кармоонун кыйындашы, электромиографияда булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн амплитудасынын нормадан 25-75 пайызга жогору чектерде орточо төмөндөшү менен баш бармактын каршы коюу кыймылынын чектелиши (баш бармактын дисталдык мууну 4-манжанын негизине жетет);
4) ийин муундарынын - 30-90 градус, чыканак муунунун - 80-130 градус, билек муунунун - 120-130 градус чегинде кыймылдоо көлөмү менен тырышуусу (бүгүү контрактурасы жана сунуу контрактурасы - 200-220 градус); функциялык жактан ыңгайлуу абалдагы муундардын анкилозу.
Ийиндин мултугу; билек мултугу; алакан менен манжалардын жоктугу; биринчи манжаны кошпогондо, колдун төрт манжасынын бардык муундарынын жоктугу; биринчи манжаны кошо алганда, колдун үч манжасынын жоктугу; ошол эле манжалардын функциялык жактан ыңгайсыз абалдагы анкилозу же чукул байкалган контрактурасы; биринчи жана экинчи манжалардын же үч манжанын тийиштүү манжалык сөөктөрү менен жоктугу; майда буюмдарды кармоо кыйынчылыгы менен эки колдун тең биринчи манжаларынын жоктугу;
5) буттун ампутациялык мултуктары (сандын, шыйрактын, эки тамандын тең Шопар, Лисфранк муундарынын деңгээлинде); жамбаш тизе муунунун орточо бүгүлүү жана жазылуу контрактурасы, шыйрак таман муунунун (эквинустук таман) бүгүлүү контрактурасы; буттун 5-7 смга кыскаруусу; муундардын функциялык жактан ыңгайлуу абалдагы анкилозу - бүгүү бурчу жамбаш муунунда - 160-170 градус, тизе муунунда - 170-180 градус, шыйрак-таман муунунда - 95-100 градус чегинде;
6) орточо вестибулярдык-каракуш мээ бузулуулары: баштын, дененин абалы чукул өзгөргөндө, транспортто жүрүүдө баш айлануу; I же I-II даражадагы спонтандык нистагм, орточо статодинамикалык бузулуулар (Ромберг позасында, басууда теңселүү, согончок-тизе пробасын жүргүзүүдө жаңылыштык кетирүү); айлануудан кийинки нистагм - 50-80 секундага, калорикалык нистагм - 90-110 секундага созулган вестибулярдык дүүлүккүчтүк гиперрефлекциясы;
7) I-II даражадагы дем жетишсиздиги, I-II стадиядагы кан айлануунун бузулушу (орточо физикалык чыңалууда демигүү, орточо физикалык күч келтирүүдөн кийин көгөрүүнүн күчөшү, тынч абалда турганда дем алуу жыштыгы бир мүнөттө 20га чейин жетүүсү, физикалык күч келтирүүдөн кийин баштапкы деңгээлине чейин 5 мүнөттүн ичинде калыбына келтирүү менен мүнөтүнө 12-16га дем алуу жыштыгынын көбөйүүсү, жеңил тахикардия (мүнөтүнө 90-99 жолу согуу), өпкөнүн жашоо сыйымдуулугунун керектүүдөн 56-69%га чейин, өпкөнүн максималдуу желдетилишинен 55-58%га чейин орточо төмөндөшү, дем алуунун мүнөттүк көлөмүнүн 142-148%га чейин көбөйүшү, Тиффно индексинин 74-55%га чейин, кычкылтекти пайдалануу коэффициентинин 36-44%га чейин төмөндөшү, мүнөтүнө 277-287 млга чейин кычкылтекти сиңирүү, өпкөнүн гемодинамикасынын бузулушу менен айкалышкан оң карынчанын миокардынын жыйрылуу жөндөмдүүлүгүнүн орточо төмөндөө белгилери);
8) орточо сенсордук бузулуулар:
- көрүү анализаторунун функциясынын бузулушу - орточо даражада начар көрүү, ОДге барабар же андан ашык коррекциялоо менен жалгыз же жакшы көргөн көзүнүн көрүү курчтугунун начарлашы, көрүү аянты - четки чектери 40 градустан төмөн, бирок 20 градустан кеңири;
- угуунун орточо төмөндөшү: сүйлөгөн сөздөрдү 2,0-3,0 метрден кабыл алуу, шыбыраган сөздөрдү 0,5-0 метрден кабыл алуу, орточо угуу чеги - 41-60 дцБ, сөздөрдү ажыратып түшүнө билүү чеги - 50-70 дцБ;
9) жамбаш органдарынын функцияларынын орточо бузулуулары: табарсыктын толгондугун сезүүнүн жоктугу, детрузордун кан басымы төмөндөгөн учурда цистометрияда табарсыктын сыйымдуулугу -500-400 мл, калдык заара 100 мл ашык, детрузордун кан басымы жогорулаган учурда сыйымдуулук - 20-125 мл; дефекациянын кармалуусунун узактыгы 3-4 суткага чейин, бүйрүгүчтүн жетишсиздиги - газды кармай албоо, аналдык рефлекс төмөндөгөн, бүйрүгүчтүн тонусу менен эрктүү жыйрылуусу начарлаган, монометрия тышкы бүйрүгүчтүн басымынын 16-25 мм сымап мамычасына, ички бүйрүгүчтүн 26-40 мм сымап мамычасына чейин (норма - 35-62 мм сымап мамычасы) орточо төмөндөгөнүн көрсөтөт.
69. Эгерде жабырлануучу анын эмгек акысын төмөндөтүүгө алып келүүчү кадимки өндүрүштүк шарттарда квалификацияны орточо же анча көп эмес төмөндөтүү менен, же аткарылуучу иштин көлөмүн азайтуу менен, же эмгек шартын өзгөртүү менен кесиптик эмгекти аткара ала турган болсо, же эгерде анын кесиптик ишти аткаруусу мурдагыга караганда көбүрөөк күч жүмшоону талап кылса, 10 пайыздан 35 пайызга чейин КЭЖ белгиленет.
70. Өндүрүштүк жаракаттын же кесиптик оорунун натыйжасында организмдин функцияларынын бир аз бузулуулары бар жабырлануучуга КЭЖ даражасы квалификациянын төмөндөө деңгээлине, өндүрүштүк иштин көлөмүнө же эмгектин оордук категориясына жараша аныкталат:
1) 30-35 пайыз КЭЖ төмөнкү учурларда белгиленет:
- эгерде жабырлануучу кесиби боюнча ишти квалификациясын бир тарификациялык разрядга төмөндөтүү менен аткара алса;
- эгерде жабырлануучу квалификацияланбаган физикалык эмгекти иштин разрядын оордуктун бир категориясына төмөндөтүү менен аткара алса;
- эгерде жабырлануучу негизги кесиби боюнча ишти кесиптик ишинин көлөмүн бир аз төмөндөтүү (иштеп чыгуу ченемин мурдагы жүктөмүнүн 1/3 бөлүгүнө азайтуу) менен аткара алса;
2) эгерде жабырлануучу кесиптик ишинин көлөмүн мурдагы жүктөмүнүн 1/5 бөлүгүнө азайтуу менен ишти аткара алган учурларда 20 пайыз КЭЖ белгиленет;
3) эгерде жабырлануучу кесиптик ишинин көлөмүн мурдагы жүктөмүнүн 1/10 бөлүгүнө азайтуу менен ишти аткара алган учурларда 10 пайыз КЭЖ белгиленет.
71. Функцияларынын бир аз бузулуулары бар квалификацияны, эмгектин оордук категориясын бир аз төмөндөтүү же өндүрүштүк иштин көлөмүн азайтуу менен кадимки өндүрүштүк шарттарда кесиптик ишин аткаруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда өндүрүштүк жаракаттан жана кесиптик оорунун кесепеттеринен жабыр тарткандарга 5-35 пайыз КЭЖ белгилөөнүн клиникалык-функциялык критерийлеринин болжолдуу тизмеги:
1) сан жана шыйрак булчуңдарынын 1-2 смга кичирейүүсү (перифериялык чала шал болуу), басуу биомеханикасынын бир аз бузулушу - 100 метр аралыкка басканда кадамдардын санынын 150-160га чейин көбөйүшү (нормада 80-120 кадам), кош кадамдын узактыгынын 1,5-1,7 секундага чейин көбөйүшү (нормада 1,0-1,3 секунда) басуу ылдамдыгынын мүнөтүнө 64-70 кадамга чейин азайышы (нормада 80-100 кадам), басуу ритмдүүлүгүнүн коэффициентинин 0,85-0,90го чейин төмөндөшү (нормада 0,94-1,0), басып жүрүү ылдамдыгынын саатына 3 кмга чейин төмөндөшү (нормада саатына 4-5 км) менен бардык муундарында активдүү кыймылдын толук көлөмү менен булчуң күчүнүн (4 баллга чейин) төмөндөшү бар буттун тетрапарези, трипарези, гемипарези, монопарези, буттун бир аз парапарези; электромиографияда өзгөрүүлөрдүн амплитудасынын бир аз төмөндөшү менен булчуңдардын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн нормадан 25 пайызга чейин бир аз төмөндөшү;
2) ийиндин, билектин булчуңдарынын 1,5-2,0 смга кичирейүүсү (перифериялык чала шал болуу), муундарда активдүү кыймылдын толук көлөмдө жана колдун манжаларынын буюмдарды кармоо жана кармап туруу негизги функциясынын сакталуусу менен бир же эки колдун тең бардык бөлүктөрүндө булчуң күчүнүн 4 баллга чейин төмөндөшү менен, электромиографияда - колдун булчуңдарынын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн амплитудасынын нормадан 25 пайызга чейин бир аз төмөндөшү бар бир же эки колдун тең бир аз чала шал болуусу;
3) ийин, чыканак, билек муундарынын бир аз контрактурасы, колдун негизги функциясынын сакталуусу менен биринчи манжаны кошпогондо, колдун эки манжасынын биринин жоктугу;
4) бир аз вестибулярдык-каракуш мээ бузулуулары: мезгил-мезгили менен пайда болуучу баш айлануу, кээде I даражадагы спонтандык нистагм;
5) бир аз статодинамикалык бузулуулар (Ромберг, Сарбо позасында туруктуу эместик), айлануудан кийинки нистагм -50-80 секундага, калорикалык нистагм - 80-90 секундага созулган вестибулярдык дүүлүккүчтүк гиперрефлекциясы;
6) буттун муундарынын бир аз контрактурасы: шыйрак-таман муунунда тамандын эквинустук абалы менен 100 градус бурчка чейин сунуу (бүгүү контрактурасы), 80 градуска чейин бүгүү "согончок таманы" (сунуу контрактурасы);
7) I даражадагы дем жетишсиздиги, I стадиядагы кан айлануунун бузулушу (кыйла физикалык чыңалууда, ылдам басууда демигүү, тынч абалда турганда дем алуу жыштыгы бир мүнөттө 16-20га чейин норманын чегинде, 10 жолу отуруп туруп же денени алдыга эңкейтип физикалык күч келтирүүдөн кийин мүнөтүнө 10-12ге дем алуу жыштыгынын 3 мүнөт ичинде баштапкы деңгээлине чейин калыбына келтирүү менен көбөйүшү, физикалык күч келтирүүдөн кийин көгөрүүнүн акырындап күчөшү, өпкөнүн жашоо сыйымдуулугунун керектүүдөн 80-90 пайызга чейин жана өпкөнүн максималдуу желдетилишинен 60-74 пайызга чейин бир аз төмөндөшү, дем алуунун мүнөттүк көлөмүнүн 130-140 пайызга чейин көбөйүшү, мүнөтүнө кычкылтекти сиңирүү - 260-270 мл, оң карынчанын миокардынын компенсатордук гиперфункция белгилери);
8) бир аз сенсордук бузулуулар:
- көрүү анализаторунун функциясынын бузулуусу, жалгыз же жакшы көргөн көздүн аз даражада начар көрүүсү, 0,3 ашык коррекция менен көздүн көрүү курчтугу, көрүү аянты - четки чектер нормада же КӨРҮҮ аянты 40 градуска чейин тарыган;
- угуунун начарлашы, сүйлөгөн сөздөрдү 3-5 метрден, шыбыраган сөздөрдү 1,5-2 метрден кабыл алуу, орточо угуу чеги - 20-40дцБ, айтылган сөздөрдү ажыратып түшүнө билүү чеги - 30-40дцБ;
9) жамбаш органдарынын функциясынын бир аз бузулуулары, заара чыгарууга чакырык сезиминин начардыгы, цистометрияда табарсыктын сыйымдуулугу - 200-250 мл, калдык заара - 50 млга чейин, дефекациянын кармалуусу 2-3 суткага чейин, газды кармай албоо, аналдык рефлекс төмөндөгөн, бүйрүгүчтүн тонусу төмөндөгөн, монометрия тышкы бүйрүгүчтүн басымынын 22-33 мм сымап мамычысын, ички бүйрүгүчтүн - 41-58 мм сымап мамычасын көрсөтөт.
72. Эгерде эмгек иши мезгилинде диагностикаланган кесиптик оору же өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын кесепети жумушчунун КЭЖге алып келбесе жана ага тиешелүү кесиби боюнча иштин квалификациясын, эмгектин оордук классын жана эмгек акысын төмөндөтпөстөн курагы боюнча пенсияга чыкканга чейин аткарууга мүмкүндүк берсе, бирок күбөлөндүрүү учурунда өзү эле эмгекке жөндөмдүүлүгүн чектеген болсо, пайыз менен КЭЖ даражасы ар кандай эмгектик ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен белгиленет.
73. Эгерде эмгек иши мезгилинде диагностикаланган кесиптик оору же өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын кесепети жумушчунун эмгек иши мезгилинде КЭЖге алып келбесе, ага тиешелүү кесиби боюнча ишин квалификациясын, эмгектин оордук классын жана эмгек акысын төмөндөтпөстөн курагы боюнча пенсияга чыкканга чейин аткарууга мүмкүндүк берсе жана күбөлөндүрүү учурунда өзү эле эмгектик ишке жөндөмдүүлүгүн чектебесе, КЭЖ даражасы аныкталбайт.
74. Кезектеги кайрадан күбөлөндүрүүдө КЭЖ даражасы жабырлануучуну реабилитациялоонун жыйынтыктарын эске алуу менен белгиленет.
12-глава. Эмгекке жарамдуулукту жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасына методикалык көрсөтмөлөр
75. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоодо оордук ден соолукка келтирилген зыянга көбүрөөк даражада ылайык келген ошол белги боюнча белгиленет.
76. Ден соолуктун көптөгөн жабыркоолору бири-бирин өз ара оордоткон учурларда ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун жалпы баалоо жүргүзүлөт.
77. КЭЖ даражасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык эмгекке жарамдуулукту жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасынын беренелерине ылайык белгиленет.
78. Бөөдө кырсыктын натыйжасында тигил же бул орган жабыркаган же жоготулган учурда КЭЖ даражасы ошол бөөдө кырсыктан гана болгон эмгекке жарамдуулукту иш жүзүндө жоготууга жараша аныкталат.
79. Бөөдө кырсыктын натыйжасында бир эле ошол орган көп жабыркоолорго кабылган учурда КЭЖ даражасы кошуу жолу менен аныкталат, бирок жалпы суммада бул пайыз эмгекке жарамдуулукту жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасында каралган максималдуу пайыздан ашпайт.
80. Бөөдө кырсыктан бир нече орган жабыркаган учурда эмгекке жарамдуулукту жоготуу ар бир орган боюнча белгиленген пайызды кошуу жолу менен аныкталат, бирок жалпы суммасы 100 пайыздан ашпоого тийиш.
81. Кайрадан болгон бөөдө кырсыктын натыйжасында бир эле ошол орган жабыркаган учурда КЭЖ даражасы күбөлөндүрүү учурундагы абалы боюнча белгиленет жана белгиленген пайыздан ошол органдын мурдагы жабыркоосуна байланыштуу МСЭК тарабынан белгиленген КЭЖ пайызы кемитилет. Эгерде КЭЖ пайызы мурда белгиленбеген болсо, анда КЭЖ ушул бөөдө кырсыктан гана аныкталат.
82. Бөөдө кырсыктан бир же эки көзүнүн тең көрүүсү начарласа, ошондой эле бир көзү такыр көрбөй калса, туруктуу КЭЖ пайызы эки көздүн тең күбөлөндүрүү учурундагы абалы боюнча көрүү курчтугун эске алуу менен аныкталат жана белгиленген пайыздан мурда болгон эмгекке жарамдуулукту жоготуунун пайызы кемитилет. Мурда болгон КЭЖ бөөдө кырсыкка чейинки мурдагы эки көзүнүн тең көрүү курчтугуна жараша аныкталат. Көрүү курчтугу коррекциясыз аныкталат.
Эгерде бөөдө кырсыкка чейинки эки көздүн тең көрүү курчтугун аныктоого мүмкүн болбосо, анда жабыркаган көздүн көрүү курчтугу нормада болгон, ал эми жабыркабаган көздүн көрүү курчтугу күбөлөндүрүү учурундагыдай эле абалда болгон деп болжолдоодон улам аныкталат.
83. Эки көзү тең, ошондой эле көрө турган жалгыз көзү толук көрбөй калган учурда бөөдө кырсыктан КЭЖ 100 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
84. Бир кулактын же эки кулактын тең бөөдө кырсыктан улам угуусу начарласа же такыр укпай калса, КЭЖ пайызы күбөлөндүрүү учурундагы эки кулактын тең угуу абалын эске алуу менен аныкталат жана белгиленген пайыздан мурда болгон КЭЖ пайызы кемитилет. Мурда болгон КЭЖ бөөдө кырсыкка чейинки мурдагы угуу абалына жараша аныкталат.
Эгерде бөөдө кырсыкка чейинки мурдагы угуу абалын аныктоого мүмкүн болбосо, анда мурдагы болгон КЭЖ бөөдө кырсыктан жабыркаган кулактын угуусу нормада болгон, ал эми жабыркабаган кулактын угуусу күбөлөндүрүү учурундагыдай эле абалда болгон деп болжолдоодон улам аныкталат.
13-глава. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктан, кесиптик оорудан же эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланышкан башка ден соолуктун жабыркоолорунан жабырланган адамдардын жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо тартиби
85. Эгерде аларга болгон муктаждык ушул эмгектик мертинүүнүн кесепеттери менен шартталган болсо, эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорунун натыйжасында жабырлануучуну күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдө МСЭК анын жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт. Жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык МСЭК тарабынан күбөлөндүрүү учурундагы эмгектик мертинүүнүн кесепеттерине жараша өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын же кесиптик оорунун тикелей кесепеттери боюнча аныкталат.
МСЭК жабырлануучунун, эгерде ал МСЭК күбөлөндүргөн убактан баштап жардамдын бул түрлөрүнө муктаж болуп таанылса, медициналык, социалдык, кесиптик реабилитациялоого муктаждыгын аныктайт.
Жардамдын бир нече түрүнө муктаж болгон жабырлануучуга МСЭК жардамдын ар бир түрүн көрсөтүү менен корутунду чыгарат.
86. МСЭК саламаттык сактоо уюмдарынын ВКК корутундуларынын негизинде атайын медициналык кароого, кошумча тамак-аш берүүгө, дары каражаттарына, санаториялык-курорттук дарылоого муктаждыгы жөнүндө корутунду чыгарат.
87. МСЭК жабырлануучунун башка адамдын тиричиликтик багуусуна муктаждыгы жөнүндө корутунду чыгарат.
88. Кыймыл таяныч аппаратынын жабыркоосунда МСЭК протездерге, ортездерге, корсеттерге, балдактарга, таяктарга жана башкаларга муктаждык жөнүндө корутундуну алгачкы протездөөгө муктаждык болгондо да, протездерди жана протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштырууда да чыгарат.
89. Эгерде эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорудан ден соолугунун абалы начарлап, дарылоону талап кылса, МСЭК дарыларды сатып алууга корутунду чыгарат.
90. Эгерде жабырлануучу эмгектик мертинүүнүн натыйжасында мурдагы кесиби боюнча ишин аткара албаса, МСЭК жабырлануучунун макулдугу менен аны кайрадан окутууга же жаңы кесипке окутууга корутунду чыгарат.
91. Атайын транспорттук каражаттарга (майыптык кресло-коляска) муктаждыгы жөнүндө корутундуну МСЭК жабырлануучунун атайын кыймылга келтирүү каражаттары менен камсыз кылууга белгиленген медициналык көрсөтмөлөрү болгондо чыгарат.
92. Ар бир конкреттүү учурда МСЭК жабырлануучунун жардамдын кошумча түрлөрүнө болгон муктаждыгын анын ден соолугунун жабырлануусун жана аны калыбына келтирүү же көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен саламаттык сактоо уюмдарынын тийиштүү корутундусунун негизинде аныктайт.
93. Жабырлануучунун медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоонун тигил же бул түрүнө муктаждыгы мөөнөтсүз белгиленбейт.
Дарыларга, тамак-ашка болгон жардамдын кошумча түрлөрү жабырлануучунун аталган жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаж болгон мезгилде медициналык көрсөтмөлөр болгонун эске алуу менен бир жылдан ашпаган мөөнөткө аныкталат.
94. Жабырлануучу саламаттык сактоонун жана социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелеринде болгон мезгилде башка адамдын атайын медициналык жана тиричиликтик багуусуна кошумча чыгымдарга акы төлөө жүргүзүлбөйт.
95. Жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык жөнүндө чечим МСЭКтин маалымкаты менен таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Майыптыктын себептерин аныктоо тартибине тиркеме |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
18 жашка чейинки балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөө үчүн КРИТЕРИЙЛЕР
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. 18 жашка чейинки курактагы балага "Майыптыгы бар бала" категориясы баланын өнүгүүсүнүн курактык ченемин эске алуу менен оорулардын, жаракаттардын кесепеттеринин жана кемтиктердин натыйжасында пайда болгон жашоо-тиричилиги I, II, III даражада туруктуу чектелген болсо белгиленет. Адамдын жашоо-тиричилигинин негизги категорияларынын чектелүү даражасы баланын биологиялык өнүгүүсүнүн белгилүү бир мезгилине (курагына) туура келген ченемден четтөөлөрдү баалоонун негизинде аныкталат.
МСЭКтин маалымкатында "Майыптыгы бар бала" деп көрсөтүлөт. 18 жашка чейинки балдарда майыптыктын тобу аныкталбайт.
2-глава. Ички органдардын оорулары менен ооруган балдарга "майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
2. Жашоо-тиричилигинин орточо даражада байкалган чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы төмөнкү ооруларда 1 жылдык мөөнөткө белгиленет:
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги (мындан ары - ӨБЖ) жок, жогорку активдүүлүк процесси менен бөйрөк оорулары;
- бөйрөктү жабыркатпаган жана ӨБЖга алып келбеген геморрагиялык васкулит;
- активдүүлүгү орточо даражадагы бириктиргич ткандын диффузиялык жабыркашы (системалуу кызыл бөрү жатыш, ревматоиддик артрит, склеродермия).
3. Жашоо-тиричилигинин орточо даражада байкалган чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы төмөнкү ооруларда 2 жылдык мөөнөткө белгиленет:
- жашоо-тиричилигинин жарым-жартылай чектелишине жана социалдык ыңгайсыздыкка алып келүүчү тубаса, тукум кууган же кийин пайда болгон оорулар жана синдромдор;
- (үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- I баскычтагы ӨБЖ менен бөйрөк функциясынын бузулушу байкалган жана активдүүлүгү жогорку даражада болгон бөйрөк оорулары;
- I баскычтагы ӨБЖ бөйрөк кабылдоосу менен байкалган жана активдүүлүгү жогорку даражада болгон геморрагиялык васкулиттер;
- физикалык активдүүлүктүн кескин чектелишине жана социалдык ыңгайсыздыкка алып келүүчү теринин жана (же) былжыр челдин кеңири жабыркашы (жаралар, эритродермия, катуу кычышуу, тырыктар, папилломатоз жана башкалар);
- гемоглобиндин литрине 100 граммдан (мындан ары - г/л) аз төмөндөшү менен жылына бир жолудан көп анемиялык криздер, кандын тубаса жана тукум куучулук оорулары;
- компенсациялоо жана дарылоонун негизги методун тандоо мезгилинде оор тиреотоксикоздун көрүнүштөрү менен диффузиялык уулуу богок.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жашоо-тиричилигинин чектелишинин байкалган даражасы менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- органдардын жарым-жартылай же толук аплазиясы менен беттин өнүгүүсүнүн тубаса кемтиктеринде, ошондой эле кийин пайда болгон кемтиктерде, жумшак ткандардын жана бет скелетинин деформацияларында, түтүк менен азыктанган операция кылууга жатпаган (косметикалык операциялардан тышкары) дем алуу, чайноо, жутуу, сүйлөө функцияларынын байкалган бузулуулары;
- кекиртектин жана трахеянын тубаса же пайда болгон ооруларында трахеотомиялык түтүксүз өз алдынча дем ала албоо;
- тубаса тукум куума зат алмашуу оорулары (фенилкетонурия, целиакия оорусу, борбордук нерв системасынын экинчилик бузулушунун белгилери менен гипотиреоз жана башкалар), оорунун жүрүшүнө көз карандысыз системалуу контролдоо мүмкүн болбогон курактагы мезгилде туруктуу ремиссия пайда болгонго чейин диета терапиясын өз алдынча жүргүзүү;
- органдардын жана системалардын активдүүлүк даражасы байкалган диффузиялык жабыркоосу менен бириктирүүчү ткандардын оорулары (системалуу бөрү жатыш, ревматоиддик артрит, склеродермия, дерматомиозит, Бехтерев оорусу);
- кан агуу, перфорация, пенетрация жана пиелодуоденалдык стеноз менен татаалдашкан оор жана үзгүлтүксүз кайталануучу спецификалык эмес жаралуу колит;
- ӨБЖнын клиникалык баскычына алып келген бөйрөк оорулары, ошондой эле стероиддик көз карандылык жана стероиддик резистенттүүлүк менен нефротикалык синдрому бар, жылына эки же андан көп жолу күчөгөн, прогрессивдүү өтүшүүдө майыптыгы бар балдарды кайталап күбөлөндүрүүдө;
- өмүрүнө коркунуч туудурган абалы жогору болгон адреногениталдык синдром (тузду жоготуучу формасы) менен майыптыгы бар балдарды кайра күбөлөндүрүүдө;
- алмаштыруучу терапияны жана госпиталдаштырууну талап кылган, тез-тез кайталанган (жылына 1 ден 6 жолуга чейин) кан агуулар менен гемофилиянын жеңил, орточо түрү; муундарга жана/же булчуңдарга/ички органдарга жылына 2-3 жолудан көп эмес кан куюлуулар. Бир же андан көп чоң муундардын гемофилиялык артропатиясынын болушу; бир чоң муундун орточо/байкалган контрактурасынын болушу. А жана В гемофилиясы үчүн - VIII/IX кан уюу факторлорунун активдүүлүгүнүн минималдуу даражасы 1-40% чегинде. Кан уюу факторунун концентраттарын жана/же кан препараттарын профилактикалык максатта үзгүлтүксүз колдонуу;
- орточо даражадагы кан пайда болушунун тубаса жана пайда болгон гипо - жана апластикалык абалдары (гемоглобин 100 г/л төмөн, тромбоциттер 1 куб миллиметрде 100 миңден төмөн (мындан ары - 1 куб. мм миң) лейкоциттер 1 куб. мм 4 миңден азыраак);
- тубаса буллездук эпидермиолиз, оор түрү;
- оор даражадагы тез-тез күчөп турган бронхиалдык астма.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 18 жашка чыкканга чейин жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы төмөнкү ооруларда белгиленет:
- дем алуу функцияларынын байкалган бузулушу менен тубаса жана тукум куучулук мүнөздөгү бронх-өпкө системасынын жабыркоосу (муковисцидоз, өнөкөт альвеолит жана өпкөнүн башка дессеминирленген оорулары);
- башка органдардын жана системалардын оорлошуусу менен, кийин пайда болгон же тубаса мүнөздөгү өнөкөт бронх-өпкө ооруларында II жана андан жогору даражадагы туруктуу дем алуу жетишсиздиги;
- тубаса, тукум куучулук, гепатоспленомегалия жана III даражадагы порталдык гипертензия менен коштолгон ооруларда боордун туруктуу байкалган кайтарылгыс бузулушу;
- өнөкөт бөйрөк оорусунун V баскычындагы (терминалдык баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги), залалдуу гипертония, бөйрөктү трансплантациялоого каршы көрсөтмөлөр бар болсо, татаалдашкан кантсыз бөйрөк диабети;
- кандын уюшунун бузулушунан келип чыккан организмдин патологиялык абалы (гипопротромбинемия, VII фактордун тукум куучулук жетишсиздиги (туруктуу), Стюарт-Прауэр синдрому, Виллебранд оорусу, IX фактордун тукум куучулук жетишсиздиги, VIII фактордун тукум куучулук жетишсиздиги, кан функциясынын жана (же) иммундук системанын олуттуу байкалган, туруктуу байкалган бузулушу менен XI фактордун тукум куучулук жетишсиздиги);
- татаалдашканы байкалган гемофилия. Тез-тез кайталанган (жылына 6 же андан көп жолу) кан агуу, туруктуу терапиянын учурунда тез-тез (жылына 3 жолудан ашык) катуу кан агуу (анын ичинде өзүнөн-өзү) тенденциясы менен оорунун оор түрлөрү; муундарга жана/же булчуңдарга жылына 3 жолудан ашык кан куюлуулар жана/же ички органдарга жылына 2 жолудан ашык кан куюлуулар жана/же мээ ичине кан куюлуунун ар кандай эпизоддору жана/же бөйрөктөн кан агуунун кайталанган эпизоддору. А жана В гемофилиясы үчүн - VIII/IX кан уюу факторлорунун активдүүлүгүнүн минималдуу деңгээли гемофилиянын ингибитордук формаларын кошкондо 1%дан аз;
- ички секреция бездеринин функцияларынын жетишсиздигинин натыйжасында организмдин функцияларынын байкалган бузулушу: кантсыз диабет (питуитрин-резистенттүү форма), гипофиздин гормоналдык-активдүү шишиктери (гигантизм, Иценко-Кушинг оорусу, пролактинома), балдардагы фенилкетонуриянын кофактордук формасы (II жана III типтиптеги фенилкетонурия), тубаса, кийин пайда болгон, анын ичинде операциядан кийинки гипопитуитаризм, саматотропин менен дарылоого рефрактердүүлүктө гипофизардык нанизм, бөйрөк үстүндөгү өнөкөт жетишсиздик (Аддисон оорусу, адреналэктомиядан кийинки абал, бөйрөк үстүндөгү бездин кабыкчасынын тубаса дисфункциясы), тубаса же пайда болгон гипотиреоздун оор түрү, тубаса же пайда болгон гипопаратиреоз жана гиперпаратиреоз, мукополисахаридоз, хромосомалык аномалиялардан улам жыныстык дифференциациянын тубаса бузулушу;
- организм функцияларынын байкалган жана олуттуу байкалган бузулушуна алып келген прогредиенттүү оор өткөн тукум куучулук зат алмашуунун бузулушу (Тэя-Сакс оорусу, Краббе оорусу);
- инсулинге көз каранды кант диабети;
- коагулопатиянын жана тромбопатиянын оор түрлөрү. Оор геморрагиялык криздер менен улам кайталанган өнөкөт тромбоцитопениялык пурпура (кандагы тромбоциттердин саны 1 мм кубда 50 миң жана азыраак), терапияга резистенттүүлүгү менен;
- оор даражадагы кан пайда болуунун тубаса жана кийин пайда болгон гипо- жана апластикалык абалдары (гемоглобин 70 г/л төмөн, тромбоциттер 1 куб мм 20x10/9 л ден азыраак) лейкоциттер 1 куб. мм 4 миңден азыраак);
- туруктуу (өмүр бою) алмаштыруучу жана (же) иммуномодуляциялоочу терапияны талап кылган, кайталануучу инфекциялык татаалдашуулар, иммундук дисрегуляциянын оор синдромдору менен оор өткөн иммундук механизмди камтыган тубаса жана пайда болгон бузулуулар:
1) ВИЧ, СПИД;
2) тери астындагы клетчатканын, өпкөнүн, боордун жана башка органдардын кайталануучу, басымдуу "муздак ириңдөөсү" менен айкалышкан гипериммуноглобулинемия синдрому;
- тукум куума тери оорулары (полидиспластикалык (дистрофиялык), тубаса буллездүү эпидермолиздин залалдуу формалары, буллездүү ихтиозиформдуу эритродермия);
- скелет жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, кан системасынын жана иммундук системанын байкалган жана олуттуу байкалган бузулушу менен ювенилдүү артрит;
- жогорку даражадагы активдүүлүк менен оор өткөн, тез күчөгөн, жалпылашуу жана ички органдардын процесске тартылуу тенденциясы, дарылоонун натыйжасы жок организмдин функцияларынын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулушу менен системалуу кызыл бөрү жатыш;
- организмдин функцияларынын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулушу менен коштолгон анкилоздук спондилит;
- организмдин функцияларынын туруктуу жана олуттуу бузулушуна алып келүүчү прогрессивдүү агымы же жагымсыз прогнозу бар тубаса аномалиялар (кемтиктер), деформациялар, хромосомдук жана генетикалык оорулар (синдромдор);
- ички органдарды трансплантациялоодон кийинки абал.
3-глава. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
6. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 1 жылга жүрөктүн тубаса кемтигине (мындан ары - ЖТК) жана ревматикалык генездин кемтигине натыйжалуу жыйынтыктын болушун эсепке алуу менен пластикалык жана башка операциялык кийлигишүүдөн кийин белгиленет.
7. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- жашоо-тиричилигинин жарым-жартылай бузулушуна жана социалдык ыңгайсыздыкка алып келүүчү тубаса, тукум куучулук же пайда болгон оорулар жана синдромдор;
- операция менен дарылоо жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, СН ФК I-II татаалдашууга алып келген ЖТК. I-II даражадагы жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги менен татаалдашкан жүрөк кемтиктери, чоң тамырлардын кемтиктери, белгилүү бир жашка чейин хирургиялык кийлигишүүгө жатпайт;
- СН ФК I-II менен жүрөк кемтигине алып келген жүрөктүн ревматикалык оорусу.
8. Жашоо-тиричилигинин орточо даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө өпкө артериялык гипертензиясы менен татаалдашкан жүрөк кемтиги, чоң тамырлардын кемтиктери - 50-60 мм сымап мамычасы болжолду эске алуу менен жасалган операция менен дарылоого карабастан белгиленет.
9. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
- СН ФК III менен оорлошкон операция жасоого болбогон ЖТК жана ревматикалык генездеги жүрөктүн кемтиги;
- жүрөктүн жетишсиздик даражасына карабастан, жүрөк клапанын протездөө, имплантацияланган кардиостимулятордун бар болушу;
- инкурабелдүү жүрөк ооруларынын фонунда II-III даражадагы солгундаган жүрөк жетишсиздиги;
- ЖТК жана канааттандырарлык эмес болжол менен ревматикалык генездин кемтиктери үчүн пластикадан жана башка операциялык кийлигишүүлөрдөн кийинки абалдар;
- I-II даражадагы солгундаган жүрөк жетишсиздиги, байкалган өнөкөт гипоксемия, жүрөктүн иштешинин бузулушу менен байланышкан, анын ичинде кардиостимуляторду имплантациялоодон кийин синкопалдуу абалдар.
4-глава. Неврологиялык оорулардан жабыркаган балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
10. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- жашоо-тиричилигинин жарым-жартылай бузулушуна жана социалдык ыңгайсыздыкка алып келүүчү тубаса, тукум кууган же кийин пайда болгон оорулар жана синдромдор;
- баш-мээнин жаракатынан, нейроинфекциялардан жана нерв системасынын башка органикалык ооруларынан кийин кыймылдын, психиканын жана сүйлөөнүн орточо байкалган бузулуусу;
- резидуалдуу энцефалопатия. Психикалык, сүйлөө өнүгүүсүнүн кечеңдеши жана кыймыл-аракеттин бузулуу синдрому;
- кептин туруктуу бузулушу (алалия, афазия, компенсацияланбаган түрү), оор даражадагы дизартрия жана кекечтик;
- туруктуу терапияга резистенттүү эпилептиформдуу абалдар (айына 1 же андан көп чоң тырышкан талма), тез-тезден майда же тырышпаган талма (жумасына 2-3 жолу).
11. Жашоо-тиричилигинин чектелишинин байкалган даражасы менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- сүйлөөнүн, көрүүнүн, угуунун бузулушу менен айкалышкан же аларсыз нерв-булчуң, скелет жана кыймылга байланыштуу (статодинамикалык) функциялардын байкалган бузулушу (колу-буттардын алсыздыгы, жалпыланган гиперкинез, координациянын бузулушу) менен коштолгон нерв системасынын оорулары;
- баш сөөктүн көлөмүнүн чоңоюшу жана гипертензиялык синдром менен чыныгы гидроцефалия, психикалык, нерв-булчуңдук, скелеттик жана кыймылга байланыштуу (статодинамикалык) функциялардын, сенсордук функциялардын туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган бузулуулары менен операцияланган гидроцефалия;
- эки же андан көп жыл бою туруктуу терапиялык резистенттүү талма (айына 4 жолу же андан көп).
12. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
- Ill-IV даражадагы эки тараптуу нейросенсордук кереңдик, дүлөйлүк. Угуу протези - кохлеардык имплантация;
- баш сөөктүн 3x1 см же андан көп кемтиктери;
- туруктуу байкалган шал оорусу же бир же бир нече колу-буттун олуттуу алсыздыгы, байкалган гипотония жана булчуңдардын алсыздыгы, туруктуу жалпыланган гиперкинез (мисалы, кош атетоз, хореоатетоз), координациянын орточо байкалган жана байкалган бузулушу;
- жүлүндүн жабыркашы менен шартталган жамбаш органдарынын функциясынын туруктуу бузулушу;
- прогрессивдүү булчуң дистрофиясы, тубаса миопатиялар, тубаса нейропатиялар, жүлүн булчуңдарынын атрофиясы, кыймыл функцияларынын бузулушу жана (же) бульбардык функциялардын бузулушу, булчуңдардын атрофиялары жана тукум куума тез өрчүгөн нерв-булчуң ооруларынын башка формалары менен мүнөздөлөт;
- жамбаш органдарынын функцияларынын бузулушу менен төмөнкү оор парапарездүү жүлүн чуркулары;
- нерв-булчуң, скелет жана кыймылга байланыштуу (статодинамикалык) функциялардын, психикалык жана сүйлөө функцияларынын олуттуу байкалган бузулушу менен нерв системасынын оорулары. Курактык жана социалдык жөндөмдөрүнүн жоктугу.
5-глава. Психикалык бузулушу бар балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
13. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- угуу, көрүү, сүйлөө, таяныч-кыймыл аппаратынын, башка органдардын же системалардын функцияларынын бузулушу жана жүрүм-турумдун бузулушу менен айкалышкан кем акылдыктын жеңил түрү;
- жеңил даражадагы деменция (ар кандай этиологияда);
- когнитивдик бузулуу менен айкалышкан байкалган даражада органикалык инсандык бузулуу;
- гиперкинетикалык бузулуу;
- 6 айга же андан көп мезгилге чейин созулган узак психикалык бузулуулар.
14. Жашоо-тиричилигинин байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- акыл-эстин орточо артта калуусу;
- балалык аутизм жана башка жеңил жана орточо даражада байкалган аутизм спектринин бузулушу;
- ар кандай этиологиядагы орточо даражада байкалган деменция;
- шизофрения.
15. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
- акыл-эсинин терең же оор артта калуусу;
- Даун синдрому;
- балалык аутизм жана оор даражадагы аутисттик спектрдин башка бузулуулары;
- оор даражадагы байкалган деменция.
151. Даун синдрому менен ооруган балдарды күбөлөндүрүү жалпы профилдеги МСЭКтен алдын ала күбөлөндүрүүсүз түздөн-түз адистештирилген МСЭКте (психиатриялык) 18 жашка толгонго чейин «Майыптыгы бар бала» категориясын белгилөө менен жүргүзүлөт.
Адистештирилген МСЭКке (психиатриялык) күбөлөндүрүүгө жолдомо саламаттык сактоо уюмунун адистештирилген жана алгачкы звеносунун врачтары (балдар психиатры, үй-бүлөлүк дарыгер, педиатр, невролог) тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Онкологиялык жана хирургиялык оорулары бар балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
16. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- жашоо-тиричилигинин жарым-жартылай чектелишине жана социалдык ыңгайсыздыкка алып келген тубаса, тукум куучулук же пайда болгон оорулар жана синдромдор;
- залалдуу шишиктер: жумшак ткандардагы саркомалар, жумурткалыктагы шишик, дисгерминиома, гепатобластома, нейробластома, нефробластома, Ходжкин лимфомасы, мээнин олигодендроглиомасы;
- органдын функциясынын байкалган бузулушу жана (же) залалсыз жаңы шишиктердин кесепетинен байкалган косметикалык дефект;
- рентгенологиялык же компьютердик томография менен тастыкталган, коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана социалдык ыңгайлашууга тоскоол болгон сүйлөөнүн туруктуу бузулушу менен ороназалдык тешик болгондо, жумшак жана катуу таңдайдын кемтиктерин жоюу операциясынан кийинки абал;
- кыймыл функциясынын байкалган бузулушу менен жамбаш муунунун тубаса же пайда болгон чыгып кетүүсү;
- туруктуу клиникалык-гематологиялык ремиссиянын башталышы менен өнөкөт лейкоздун ар кандай формасы;
- буттардын таяныч функциясынын III даражадагы бузулушу.
17. Жашоо-тиричилигинин байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- залалдуу шишиктер табылган учурда балдарды алгачкы күбөлөндүрүүдө: Юингдин саркомасы, мээнин астроцитомасы, мээнин медуллобластомасы жана башка локализациясы хирургиялык жана шишик процессинин баскычына карабастан дарылоонун башка түрлөрүнөн кийин лимфогрануломатоз, анын ичинде туруктуу клиникалык-гематологиялык ремиссия башталганга чейин курч же өнөкөт лейкоздун ар кандай формасында;
- II-III даражадагы муундардын функциялык жетишсиздигине, кайталанган патологиялык сыныктарга, булчуңдардын жана сөөктөрдүн деформациясына алып келген булчуңдардын патологиялык өзгөрүүлөрү (миофиброз, диффуздук кальциноз), сөөк ткандарынын бакалган кеңири деструкциясы (остеопороз, кемирчек биригүүлөрү);
- омуртканын жана көкүрөктүн III-IV даражадагы деформациясынан улам таяныч-кыймыл аппаратынын функциясынын бузулушу, бир же бир нече буту-колдун муундарынын контрактурасы жана анкилозу, реабилитациянын узакка созулган комплекстүү түрлөрүн талап кылган тез прогрессивдүү өтүүчү чоң сөөктөрдүн жалган муундары;
- бир буттун же анын сегментинин тубаса аномалиясынын, мутиляциясынын, контрактурасынын, синдактилиясынын, артропатиясынын жана башканын эсебинен буту-колдун функцияларынын бузулушу;
- бет скелетинин деформациялашында жана пайда болгон кемтиктеринде органдардын толук же жарым-жартылай аплазиясында жана беттин өнүгүшүнүн тубаса кемтигинде сүйлөө, жутуу, чайноо, дем алуу функцияларынын бузулушу;
- мөөнөтү боюнча хирургиялык дарылоого болбогон жана колдонулган жерине карабастан ичеги, заара ушатуу жана жыныстык тешик жаралар, туруктуу заара жана заң кармай албоо;
- (сегизинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
- инкурабелдүү залалдуу шишиктер. Органдын функциясынын бузулуусунда хирургиялык дарылоого болбогон залалсыз шишиктер;
- хирургиялык оңдоого болбогон жана колдонулган жерине карабастан зааранын жана заңдын ордуна келбей турган туруктуу жижиңдиги, заң жана жыныс тешиктери (свищ), стомалар;
- функциялардын туруктуу бузулуусуна алып келген маанилүү органдардын же системалардын байкалган чала өскөн же алар жок болгондо (тубаса же кабылданган) келип чыккан патологиялык абалдар;
- таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын байкалган ордуна келгис туруктуу бузулуулары:
1) деңгээлине карабастан бир же андан көп буттун мултугу;
2) анкилозго, контрактурага, патологиялык сыныктарга, скелеттин деформацияланышына алып келген скелеттин системалык жабыркоосу; өзүн тейлөө жана өз алдынча бир жерден экинчи жерге жылып жүрүү мүмкүнчүлүктөрү жокто таяныч-кыймыл аппаратынын өнүгүшүнүн кемтиги;
- тубаса өнүкпөгөн (жетилбеген) остеогенез;
- тубаса көп артрогиппоз;
- баладагы паллиативдик шарттар.
7-глава. Көрүү оорулары бар балдар үчүн "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
19. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- организмдин функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө) 0,05тен 0,1ге чейин, бинокулярдык көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 20 градуска барабар же андан аз, бирок 10 градустан кенен, бирин-серин абсолюттук скатомалар, көп сандаган абсолюттук аралаш эмес скатомалар;
- организмдин функцияларынын туруктуу орточо байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0,1ден жогору 0,3кө чейин, бинокулярдык көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү фиксация чекитинен радиус боюнча 40 градустан төмөн, бирин-серин салыштырмалуу скатомалар;
- жакшы көрүүчү көздүн көрүү курчтугунун 0,1 инклюзивдик чейин төмөндөшү (түзөтүү менен) же жакшы көргөн көздүн көрүү талаасынын бардык багыттар боюнча фиксация чекитинен 25 градуска чейин концентрикалык ичкерүүсү.
20. Жашоо-тиричилигинин байкалган даражадагы чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- дарылоо кыйын болгон, көп кайталануучу көз чанагынын алдынкы жана арткы бөлүктөрүнүн сезгенүү процесстери;
- тубаса, травматикалык жана татаал катаракталарды алып салуудан кийинки операциядан кийинки афакия.
21. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
1) көрүү органынын бузулушу эки көздүн толук сокурлугу, ошондой эле көрүү курчтугунун 0,04кө чейин төмөндөшү (жакшы көргөн көздүн коррекциялоо менен) же бардык багыттар боюнча көрүү талаасынын фиксациялык чекиттен 10 градуска чейин ичкерүүсү, парацентрдик кошулган скатомалар, анатомиялык кемтиктер, функциясы төмөн алдыңкы жана арткы бөлүмдөрдүн тубаса патологиясы, тубаса глаукома, буфтальм, көздө кайтарылгыс патологиялык өзгөрүүлөр жана дарылоонун натыйжасы жок болгон учурда IV-V даражадагы ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы;
2) көрүү органдарынын бузулушуна:
- тубаса жана пайда болгон анофтальм, бир көздүн же эки көздүн толук сокурлугу;
- залалдуу шишик пайда болгондо (көздүн чанагын алып салуу);
- толук дүлөй-сокурдук.
3) көрүүнүн, угуунун, сүйлөөнүн жана таяныч-кыймыл аппаратынын байкалган бузулушу менен коштолгон тубаса патологиясы.
Эскертүү: 3 жашка чейинки рефракциялык бузулуулары бар балдарга "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленбейт.
8-глава. Кургак учук менен ооруган балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөөнүн критерийлери жана мөөнөттөрү
22. Жашоо-тиричилигинин орточо даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 1 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- өпкөдөгү кургак учуктун орточо байкалган функциялык бузулушу менен активдүү формасы, айыгууга ишенимдүү божомол бар. Биринчи кургак учук комплекси бар балдарга "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленбейт;
- көкүрөктүн ичиндеги лимфа түйүндөрүнүн активдүү кургак учугу;
- өпкөдөгү кургак учук, чет жаккы лимфа түйүндөрүндөгү жана башка органдардагы кургак учук боюнча минималдуу операциялык кийлигишүүдөн кийинки абал.
23. Жашоо-тиричилигинин орточо байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү ооруларда белгиленет:
- өпкөдөгү функциялык бузулуулары байкалган активдүү формадагы кургак учук;
- өпкөдөгү функциялык бузулуулары байкалган деструктивдүү кургак учуктун формасы;
- функциялык бузулуулары көрүнгөн абдоминалдуу кургак учук;
- функциялык бузулуулары көрүнгөн заара чыгаруучу системасынын кургак учугу;
- функциялык бузулуулары олуттуу байкалган таяныч-кыймыл аппаратынын (омурткалардын, ийиндердин, чыканак муундарынын, колдун баштарынын, тамандын, сөөктөрдүн) кургак учугу;
- теринин кургак учугу;
- сезүү органдарынын (көздүн, кулактын) кургак учугу;
- жыныстык системанын кургак учугу.
24. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
- функциялык бузулуулары олуттуу байкалган өпкө кургак учугунун деструктивдүү формасы;
- борбордук нерв системасынын, жүлүндүн кургак учугу;
- кургак учуктун полилокалдык, айкалышкан жана генерализацияланган формалары.
25. Жашоо-тиричилигинин олуттуу байкалган даражада чектелиши менен "Майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин төмөнкү ооруларда белгиленет:
1) организмдеги анатомиялык кемчиликтер:
- пульмонэктомиядан кийинки абал;
- беш же андан ашык кабыргалардын торакопластикалоосунан кийинки абал;
- Ill-IV даражадагы кифоздор жана кифосколиоздор.
2) функциялык бузулуулары менен жамбаш-сан муундарынын бир же экөөсүнүн кургак учугу;
3) бир же эки тизе муундарынын функциялык ыңгайсыз абалдагы (контрактурасы 180 градустан аз бурчта, буттун 7 сантиметрге же андан ашык кыскаруусу) кургак учугу.
26. Кургак учуктуу балдар, бейтаптар толук кандуу (анын ичинде стационар шартында) 6 ай (180 күн) дарылоодон кийин майыптыктын белгиси болгондо кургак учуктун нозологиялык формаларына карабастан МСЭКке биринчи жолу жөнөтүлөт.
|
| 18 жашка чейинки балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөө үчүн критерийлерге тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
18 жаш куракка чейинки майыптыгы бар балага МСЭКтин маалымкаты/
Справка МСЭК на ребенка с инвалидностью в возрасте до 18 лет
Негиз: 20___-жылдын «___» _______№ _______
күбөлөндүрүү актысы
Основание: акт освидетельствования №____от «_____» 20____года
Облусу/Область:_________району/район:_________шаары/город:____
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын түрү, профили/
Вид, профиль медико-социальной экспертной комиссии:____________
Баланын аты-жөнү/Ф.И.О. ребенка: _____________________________
Туулган датасы/Дата рождения:_________________________________
Күбөлөндүрүү датасы/Дата освидетельствования:__________________
Баланын ата-энесинин же камкорчусунун аты-жөнү/Ф.И.О. родителя или опекуна:_________________________________________________
Ата-энесинин же камкорчусунун жашаган дареги/Адрес проживания родителя или опекуна:_________________________________________
Диагнозу/Диагноз:____________________________________________
МСЭКтин корутундусу: «Майыптыгы бар бала» категориясы белгиленди (биринчи жолу, кайрадан)/Заключение МСЭК: установлена категория «Ребенок с инвалидностью» (впервые, повторно):__________
МСЭКтин кошумча корутундусу/Дополнительное заключение МСЭК:
____________________________________________________________
Майыптык төмөнкүдөй мөөнөткө чейин белгиленди/Инвалидность установлена на срок до: ________________________________________
Төмөнкүдөй мөөнөткө чейин башка адамдын туруктуу багуусуна/башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж/Нуждается в постоянном постороннем уходе/постороннем уходе и надзоре сроком до:______________________________________
Кыймылдын техникалык каражаттарына муктаж (кресло-коляска, велоколяска)/Нуждается в технических средствах передвижения (кресло-коляска, велоколяска):__________________________________
Социалдык стационардык мекемеге жиберүүгө муктаж/Нуждается в направлении в социальное стационарное учреждение:_______________
Кезектеги кайра күбөлөндүрүү датасы/Дата очередного переосвидетельствования: _____________________________________
Майып болуу убактысы эсептелсин/Время наступления инвалидности зачесть:_____________________________________________________
Реабилитация, абилитация боюнча сунуштар/Рекомендации по реабилитации, абилитации:_____________________________________
Берилген датасы/ Дата выдачи:__________________________________
|
| Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Жаза өтөө жерлеринде соттолгондорду медициналык-социалдык экспертизага жөнөтүүнүн ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Соттолгондорду МСЭ өткөрүү ушул тиркемеде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
2. Соттолгондорду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - түзөтүү мекемелери) түзөтүү мекемелеринде жаткандарды МСЭге жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле соттолгондорду аймактык (райондор аралык, шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда күбөлөндүрүү же кайра күбөлөндүрүү жүргүзүүдө коргоону жана көзөмөлдү уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына ылайык жүргүзүлөт.
3. Соттолгон МСЭге № 31 түзөтүү мекемесинин аралаш режим түрүндөгү Дарылоо түзөтүү мекемесинин (атайын оорукананын) медициналык кызматкерлери тарабынан жөнөтүлөт, алар зарыл болгон диагностикалык, клиникалык-лабораториялык, дарылоодон жана реабилитациялоо чараларынан өткөндөн кийин оорулардын, жаракаттардын кесепеттери же жашоонун туруктуу чектелишине алып келген кемчиликтер менен шартталган органдардын жана системалардын иштешинин туруктуу бузулушун ырастаган көрсөтмөлөр болгондо соттолгондун МСЭге жолдомосун (форма № 088/у) тариздейт.
4. Эгерде түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүмү соттолгон адамды МСЭге жиберүүдөн баш тартса, анда алар баш тартуунун себебин көрсөтүү менен соттолгонго же анын мыйзамдуу өкүлүнө баш тартуу жөнүндө тиешелүү маалымкат берилет.
5. Жаранды майыптыгы бар адам деп эсептөө жөнүндө жободо каралган майыптыкка алып келүүчү жагдайлар же конкреттүү жагдайлар менен себептик байланыштар (кесиптик оору, өндүрүштүк мертинүү, аскердик жаракат, жарааттар, контузия) жөнүндө документтер жок болгон учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон жаранга көрсөтүлгөн документтерди алууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Кесиптик ооруну, өндүрүштүк мертинүүнү ырастаган документтер жок болгон учурда экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду кесиптик оору өндүрүштүк жаракат деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун тиешелүү чечими саналат.
6. Түзөтүү мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле жаза аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгонго же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө ушул Тартип менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле майыптыкты белгилөө менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө (өзүнүн компетенциясынын чегинде) милдеттүү.
7. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондун арызын тиешелүү профилдеги аймактык МСЭКге (адистештирилген же жалпы) экспертиза жүргүзүү үчүн № 31 түзөтүү мекемесинде аралаш түрдөгү режимдеги Дарылоо түзөтүү мекемеси (атайын оорукана) тарабынан берилген МСЭге жолдомону (форма № 088/у) жана Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого ылайык ден соолугунун бузулушун ырастаган медициналык документтердин топтомун тиркөө менен жиберет.
Документтерди кароо, мөөнөттөрүн аныктоо жана күбөлөндүрүү аймактык МСЭК тарабынан бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
8. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонду МСЭден өтүүчү жерге жеткирүүнү, коштоону жана МСЭКтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылат. Соттолгонду күбөлөндүрүү өтүүчү жерге жеткирүү бир нече жолу жокко чыгарылган, жылдырылган учурда МСЭК күбөлөндүрүүдөн баш тартууга укуктуу.
9. Эгерде соттолгонду ден соолугунун абалы боюнча күбөлөндүрүү же кайра күбөлөндүрүү үчүн аймактык МСЭКке алып жеткирүү мүмкүн болбосо, түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгү менен биргеликте түзөтүү мекемесинин аймагына баруу менен МСЭ жүргүзүү маселеси каралат.
10. Түзөтүү мекемесинин администрациясы аймакка киргизүү үчүн МСЭКтин кызматкерлерине инструктаж өтөт, аларды мекемеге чейин, анын аймагында жана мекемеден кайтууда коштоп жүрөт, МСЭКтин кызматкерлерин коргоону жана коопсуздугун камсыз кылат, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна жоокерчилик тартат, МСЭ жүргүзүү датасы жана убактысы жөнүндө купуялуулукту камсыздайт, соттолгонго жана МСЭКтин кызматкерлерине экспертиза жүргүзүү жерине карабастан көзөмөлдү камсыз кылат.
11. МСЭКке жиберилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын сапаты, аныктыгы жана толуктугу, соттолгонго корутундулардын берилиши жана негиздүүлүгү үчүн тиешелүү бузууларга жол берген күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Түзөтүү мекемелеринин медициналык бөлүктөрүнүн кызматкерлери соттолгонду күбөлөндүрүүдө милдеттүү тартипте катышат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо уюмдарынын адистери тартылат.
Эксперттик чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон маалыматтар МСЭКтин күбөлөндүрүү актысына киргизилет. Экспертиза жүргүзүүгө тартылган консультанттардын корутундулары актыга кошулат.
МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы (майыптык ыйгарууда же майыптыкты ыйгаруудан баш тартууда) МСЭКтин төрагасынын, мүчөлөрүнүн кол тамгасы жана МСЭКтин мөөрү менен, ошондой эле жазаны аткаруучу дарылоо түзөтүү мекемесинин жетекчисинин, түзөтүү мекеменин башчысынын (медициналык бөлүгү) кол тамгасы жана мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мөөр так басылышы керек.
Экспертизанын жыйынтыгы соттолгонго түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнүн башчысы тарабынан жарыяланат.
13. Майыптык тобун белгилөөнү ырастаган МСЭКтин маалымкаты, ошондой эле түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнө берилген жекече реабилитациялоо жана абилитациялоо программасы соттолгондун өздүк делосуна кошулат.
14. Майыптыгы бар деп саналган соттолгон адамды кайра күбөлөндүрүү Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Соттолгондун ден соолугунун абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу кайра күбөлөндүрүү белгиленген мөөнөттөн мурда, ошондой эле РМСЭБ тарабынан аймактык МСЭКтин мурда кабыл алган эксперттик чечимдерине контроль жүргүзгөн учурда жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Соттолгон аймактык МСЭКтин эксперттик чечими менен макул болбогон учурда жазаны аткаруучу түзөтүү мекеменин администрациясы тарабынан тийиштүү түрдө таризделген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде аймактык МСЭКтин чечимине РМСЭБдин Кеңейтилген эксперттик комиссиясына даттанууга укуктуу.
16. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган пробациянын кардарлары МСЭКте жалпы негизде күбөлөндүрүүдөн өтөт.
Пробация органдары пробациянын кардарларына МСЭден өтүү үчүн медициналык кароодон өтүүгө көмөк көрсөтөт.
17. Түзөтүү мекемесинин администрациясы майыптыгы бар соттолгон үчүн жазаны аткаруучу мекемеде болгон мезгилинде ага жекече реабилитациялоо жана абилитациялоо программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.
18. Жаза өтөө жерлеринде соттолгон энелерден төрөлгөн балдар тубаса кемтиктери, тукум куучу оорулары же башка патологиялары болгон учурда ушул Жобого ылайык жалпы негизде МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Башка адамдын кам көрүүсүнө муктаждыгын аныктоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Өзүн-өзү тейлөөнүн чектелүүсү байкалгандыгынын даражасы
1. Өзүн-өзү тейлөөнүн чектелүүсү байкалган даражасы функциялык класс (ФК) боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) ФК 0 - башка адамдын жардамына толук көз каранды эмес;
2) ФК I - жеңил физикалык көз карандылык, жөнгө салынуучу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн мезгил-мезгили менен (айына 1 жолу же азыраак) жардамга муктаждык;
3) ФК II - орточо физикалык көз карандылык, жөнгө салынуучу бир нече муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумасына бир жолу (мисалы: ваннада жуундуруу, жайды учурдагы жыйноо, кир жуу) жардам алып турууга муктаждык;
4) ФК III - физикалык көз карандысыздыктын олуттуу бузулуусу жөнгө салынуучу көп мыктаждыктарын канааттандыруу үчүн (азык-түлүк сатып келүү, жайды жыйноо, мезгил-мезгили менен кир жуу) жумасына 3-4 жолу жардам алууга муктаждык;
5)ФК IV - кескин байкалган физикалык көз карандылык же физикалык көз карандысыздыкты толук жоготуусу өзүнүн керектөөсүн канааттандыруу үчүн кыска интервалдан кийин (суткасына 3-4 жолу) башка адамдын дайыма жардамы, анын ичинде критикалык интервалдан кийин: тамак даярдоо, аны ичип-жегенге дайыма жардам берүү, турак жайдын ичинде орун которуп жүрүүгө же өзүнүн жөнгө салынбаган муктаждыктарын - жеке гигиеналык иш-чараларын аткаруу, жамбаштагы бузулуулар учурунда физиологиялык керектөөлөрүн ишке ашыруу үчүн башка адамдын дайыма камкордугунун зарылдыгына байланыштуу дайыма жардам берүү зарыл болгондо келип чыгат;
6) кескин байкалган физикалык көз карандылыкта башка адамдын дайыма жардамы жогоруда саналган муктаждыктардын кандай болбосун бирин толук жоготкондо аныкталат.
2. Өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн объективдештирүү тесттик методикаларды пайдалануу менен жүргүзүлөт. Анын жардамы менен өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгү өсүү даражасында аныкталат:
1) башка адамдын жардамына күнүмдүк жашоосундагы көз карандысыздыкты баалоо (өзүн-өзү тейлөөнүн элементардык көндүмдөрүн ишке ашырууда);
2) жашоо-тиричилик предметтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдоо (күнүмдүк жашоо активдүүлүгүн кеңейтүү максатында өзүн-өзү тейлөөнүн элементардык көндүмдөрүн ишке ашыруудан тышкары);
3) күнүмдүк жашоо-тиричиликтеги активдүүлүгү менен социалдык-ролдук чектөөлөрдү өлчөө менен айкалышкан баалоо;
4) функциялык айрым бузулууларды өлчөө (колдун манжаларынын предметтерди кармоого жана кармап туруу функциясын пайдалануу, тең салмактуулукту кармоосу, күндөлүк жашоо-тиричилик милдеттердин кеңири спектрин аткаруу планында басуусу).
2-глава. Башка адамдын кам көрүүсүн аныктоо
3. Майыптыгы бар адамдын башка адамдын жардамына муктаждыгы жөнүндө корутундуну МСЭК өзүн-өзү тейлөөсү толук чектелгенде жана физикалык көз карандылык болгондо, аларга үзгүлтүксүз узак убакытка муктаждык келип чыкканда башка адамдын тиричиликтик жана гигиеналык иш-чараларын аткаруучу зарыл болгондо чыгарат (азык-түлүктү, дары-дармекти, тиричилик предметтерин сатып алуу, тамак-аш даярдоо, кийим-кече жуу, бардык денесин тазалап жуу, жашаган жайды жыйнап тазалоо, майыптыгы бар адамды турак жайдан чыкканда коштоп жүрүү).
Башка адамдын кам көрүүсүнө же жардамына дайыма муктаждыгы жөнгө салынбаган муктаждыктарын суткасына эки же андан ашык жолу өз алдынча канааттандыруу толук мүмкүн болбогондо келип чыгат.
4. Башка адамдын тиричилик жагынан камкордугун аныктоо критерийлери:
1) негизги физиологиялык муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу чектелүүсү;
2) жеке гигиена көндүмдөрүнүн жана күнүмдүк жашоо-тиричилигин аткаруу жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу чектелүүсү;
3) өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүнүн толук жоготуу жана башка адамга толук көз каранды болуу.
5. Башка адамдын тиричилик жагынан кароосунун муктаждыгын аныктоо мөөнөттөрү:
1) өндүрүштөгү кырсыктын натыйжасында жабырлануучулардын башка адамдын атайын медициналык камкордугуна же тиричилик жагынан кароосуна муктаждыгы жөнүндө корутунду кам көрүүнүн кошумча түрлөрүн берүүнүн максатка ылайык болгон мезгилдин ичинде конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүүнү камтууга тийиш;
2) I, II топтогу майыптыгы бар адамдардын башка адамдын тиричилик жагынан камкордугуна муктаждыгы оорунун мүнөзүнө, өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги байкалган даражасына карата тиешелүү түрдө эки же бир жыл мөөнөткө белгиленет;
3) пенсия курагына жеткен адамдардын жана мөөнөтсүз майыптыгы бар деп таанылган адамдардын башка адамдын тиричилик жагынан камкордукка муктаждыгын аныктоонун мөөнөттөрүн МСЭК жекече белгилейт.
Ден соолукка кайтарылгыс зыян келтирилген, жүргүзүлгөн реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасы болбогон учурда, башка адамдын тиричилик жактан камкордугуна муктаждык мөөнөтсүз белгилениши мүмкүн (II же I топ белгиленген учурда - мөөнөтсүз).
3-глава. Башка адамдын тиричилик жагынан камкордугун талап кылуучу жаракаттар жана патологиялык абалдар
6. Эки колдун тең кандай болбосун деңгээлде, манжалардын деңгээлинен башка, ампутацияланган мултуктары.
7. Эки буттун тең манжалардын деңгээлинен башка, ампутацияланган мултуктары.
8. Манжалардын деңгээлинен башка, колдордун жана буттардын жаракаттык ампутациясы.
9. Кандай болбосун комбинацияда, кандай болбосун деңгээлде колдордун жана буттардын жаракаттык ампутациясы.
10. Рейно оорусунан улам аяктарынын гангренасы.
11. Эки буттун тең күпчөк буттуулуктун стадиясындагы лимфостазы.
12. Колдордун жана буттардын, жамбаш сөөктөрүнүн иммобилизациялык мезгилде сынышы жана олуттуу байкалган жана кескин байкалган кыймылдын бузулушу менен баш мээнин жаракат алуусу.
13. Олуттуу көрүнгөн жана кескин байкалган кыймылдын бузулушу менен жүлүндүн жаракаты.
14. Перифериялык нерв системасынын жаракаты (ийиндердеги чатышуулардын, бел-куймулчак чатышуулары, жамбаш нервинин олуттуу байкалган жана кескин байкалган кыймылдын бузулушу менен).
15. Перифериялык нерв системасынын токсиндик жабырлануусу, олуттуу көрүнгөн жана кескин байкалган кыймылдын бузулушу менен полиневропатия.
16. Борбордук нерв системасынын токсиндик жабырлануусу, кыймылдын бузулушу менен III стадиядагы энцефалопатия.
17. Жүрөктүн ишемиялык өнөкөт оорусу, ФК IV чыңалуудагы стенокардия:
1) H III стадиядагы - жүрөктүн өнөкөт жетишсиздиги;
2) III даражадагы артериялык гипертензия, артериялык кан басымынын туруктуу жогорку даражасы жана ага тийиштүү клиникалык абалы.
18. Дем алуунун III даражадагы жетишсиздиги.
19. НIIБ - III стадиядагы өпкө-жүрөк жетишсиздиги.
20. Бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги - терминалдык стадия.
21. Декомпенсациясы байкалган стадиядагы боордун II же андан ашык энцефалопатиясы байкалган стадиядагы симптомдору менен боордун өнөкөт жетишсиздиги.
22. Анкилозирленген спондилоартрит, III даражадагы функциялык жетишсиздик менен ризомиелиялык жана висцералдуу формасы.
23. Ревматоиддик артрит жана муундардын функцияларынын IV стадиядагы жана IV даражадагы бузулуулары - муундардын башка оорулары.
4-глава. Атайын медициналык кам көрүү
24. Башка адамдын атайын медициналык камкордугуна муктаждык жөнүндө корутундуну МСЭК чыгарат, эгерде майыптыгы бар адамдын ден соолугунун абалы дайыма медициналык байкоону жана атайын медициналык процедураларды жүргүзүүнү талап кылса, анын тизмеги жана көлөмү дарылоо-профилактикалык уюмдарынын врачтары тарабынан аныкталат (жаракаттарды таңуу, жараланган жерлерди дарылап-тазалоо, табарсыкка дезинфекциялоочу каражаттарды киргизүү менен катетер коюу, заара чыгаруучу каналды бужирлөө ж.б.).
25. Башка адамдын атайын медициналык кам көрүүсүн аныктоо критерийлери:
1) физиологиялык муктаждыктарды атайын ыкма менен (заара, заң чыгаруу) токтоосуз канааттандыруу зарылдыгы;
2) организмдин жалпы функцияларын кармоо үчүн милдеттүү болгон жасалма тышкы тешиктердин нормада иштеп туруусун камсыздоо үчүн медициналык жана санитардык манипуляцияларды жасоо зарылдыгы;
3) дененин тышкы көңдөйүнө кам көрүү боюнча атайын медициналык манипуляцияларды жасоонун зарылдыгы.
26. Башка адамдын атайын медициналык кам көрүүсүнүн аныктоо мөөнөтү оорунун мүнөзүнө жана жүрүшүнө жараша өзгөрүлүп турат.
27. Башка адамдын атайын медициналык кам көрүүсүнө муктаждык медициналык буюмдарды (трахеостомия, катетер ж.б.) алып салгандан кийин бузулган функцияларды калыбына келтирүү симптомдор жоюлган мезгилине гана белгиленет.
28. Жабырлануучуга атайын медициналык кам көрүүсүн аныктоо үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги:
1) көңүл бурууну жана кам көрүүнү талап кылган жасалма тешиктерди жасоо менен операциялык дарылоодон кийинки абал: иштеп жаткан гастростоманын, еюностоманын, илеостоманын, колостоманын, энтеростоманын, цистостоманын болушу, иттттетт жаткан трахеостоманын болушу;
2) ички органдардын тешиги (ичегидеги тешик, табарсыктагы тешик, кызыл-өңгөчтүн терисиндеги тешик, плевралдык-тери тешиги, уретро-чаткаяк тешиги);
3) ичегилердин илеусу (паралитикалык өтүүчү);
4) декубиталдык жаралар, оюлуп кетүүлөр;
5) буттардын варикоздук жаралары;
6) табарсыктын атониясы;
7) уретранын стриктурасы (спастикалык, жаракаттык, катетерлөөдөн кийин);
8) баш сөөктүн жаракаты, трахеостома, кескин байкалган дисфагия, табарсыктын жана жоон ичегинин функциясыларынын кескин көрүнгөн бузулуусу, дененин оюлуусу;
9) жүлүндүн жаракаты, трахеостома, кескин байкалган дисфагия, табарсык менен жоон ичегинин функцияларынын кескин байкалган бузулуусу, дененин оюлуусу;
10) перифериялык нерв системасынын жаракаттары (ийиндердеги чатышуусу, бел-куймулчак чатышуулары, дене оюлганда жамбаш нервинин чатышуусу);
11) перифериялык нерв системасынын уулануудан жабырлануусу, оюлуп кетүүдөгү полиневропатия;
12) борбордук нерв системасынын уулануудан жабырлануусу: трахеостома болгондо энцефалопатия, кескин байкалган дисфагия, табарсыктын жана жоон ичегинин функцияларынын кескин байкалган бузулушу, денедеги оюлуулар.
5-глава. Башка адамдын кам көрүүсүнө жана көзөмөлүнө дайыма муктаждыгын аныктоо
29. Башка адамдын кам көрүүсүнө жана көзөмөлүнө дайыма муктаждыгы жөнүндө корутунду майыптыгы бар чоңдорго жана балдарга МСЭК тарабынан башка адамдын кам көрүүсүнө жана/же көзөмөлүнө дайыма муктаждыгы жашоо-тиричилик аракетинин байкалган бузулушуна байланыштуу жана башка адамдардан толук көз каранды болгон учурда берилет.
Балдарга башка адамдын кам көрүүсүнө жана/же көзөмөлүнө дайыма муктаждыгы 3 жашка толгондон кийин белгиленет. Муктаждыктын мөөнөтү "мөөнөтсүз" деп белгиленбейт. МСЭК оорунун мүнөзүнө, өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмдүүлүктүн чектелишинин байкалган даражасына жараша мөөнөттөрдү жекече белгилейт.
30. "Бала кезинен" I топтогу майыптыгы бар адамдарга жана майыптыгы бар балдарга башка адамдын кам көрүүсүнө жана көзөмөлүнө дайыма муктаждыгын белгилөөнү аныктоо үчүн критерийлер болуп тиричилик аракетинин төмөнкү категорияларынын же алардын айкалыштарынын олуттуу байкалган чектелишине алып келүүчү жана аны социалдык коргоонун зарылдыгын пайда кылган оорулардын жагымсыз натыйжалары, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган органдарынын функцияларынын жана системалардын туруктуу олуттуу байкалган бузулуусу менен ден соолугунун бузулушу эсептелет:
- III даражадагы өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы которуп жүрүүгө жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы багыт алууга жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы баарлашууга жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы өзүнүн жүрүм-турумун контролдоого жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы окууга жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы жөнөкөй иш менен алектенүүгө жөндөмдүүлүктөрү;
- III даражадагы эмгек ишине жөндөмдүүлүктөрү.
301. Ушул пунктта көрсөтүлгөн башка адамдын кам көрүүсүнө жана көзөмөлүнө дайыма муктаж экендигин аныктоо үчүн критерийлер жарандарда, чоңдордо да, балдарда да оорунун, жаракаттын же дефекттердин олуттуу, калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келгендиги дарылоочу врач тарабынан Жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясына жана IV–V GMFCS (ири мотордук функцияны классификациялоо системасы), MACS (мануалдык жөндөмдөрдү классификациялоо системасы) тиешелүү деңгээлдерине ылайык ырасталууга тийиш.»;
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
31. 18 жаштан жогорку адамдарга башка адамдын кам көрүүсүнө дайыма муктаждыгы 5 жылга белгиленет, 18 жашка чейинки балдарга реабилитациялоо жана абилитациялоо иш-чараларын ишке ашырууда байкоону, ырааттуулугун, комлекстүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында 2 жылга же 5 жылга белгиленет. Мында реабилитациялык жана абилитациялык болжолду эске алуу менен реабилитациялык-эксперттик диагностиканы жүргүзүү этаптары, реабилитациялык жана абилитациялык потенциалдын натыйжалуулугунун болжолу эске алынат. Жогорку жана орточо реабилитациялык потенциалы менен 2 жыл, реабилитациялык потенциалы төмөн болсо 5 жыл.
6-глава. 18 жаштан жогорку майыптыгы бар адамдарга муктаждыкты аныктоо үчүн медициналык-социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеги
32. Жаңы пайда болгон залалдуу шишиктер (радикалдуу дарылоодон кийин метастаздары жана рецидивдери менен; дарылоонун натыйжасыздыгында алгачкы очогун аныктоосуз метастазалары менен; паллиативдик дарылоодон кийинки жалпы оор абал; оорунун инкурабелдүүлүгү).
33. Протездөө жана реабилитациялоо мүмкүн болбогондо операция менен алып салуудан кийин кекиртектин жоктугу.
34. Өнөкөткө айланып күчөп бараткан борбордук нерв системасынын жугуштуу оорулары: энцефалиттин ар кандай түрлөрү, энцефаломиелит, каптал жактагы амиотрофикалык склероз, баш мээнин суу оорусунун өрчүшү менен кыймыл, сүйлөө, көрүү функцияларынын туруктуу байкалган бузулушу менен чачыранды склероз (паркинсонизм, шал оорулары, афазия).
35. Жүлүндүн же нерв талчаларынын топтомунун жаракаттык жабырланышынын же ооруусунун эски туруктуу кесепеттери кескин байкалган кыймылдаткыч функциялары менен.
36. Кол-буттардын гемиплегиясы менен баш сөөктүн кан тамыр оорулары болгондо мээнин кан айлануусунун бузулушунун оор кесепеттери.
37. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен (статодинамикалык) байланышкан функциялардын, психикалык, сенсордук (көрүү), тил жана сүйлөө функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары, байкалган ликвородинамикалык бузулуулар менен баштын жана жүлүндүн операция жасалбаган залалсыз шишиктери.
38. Тубаса жана пайда болгон кем акылдык (акыл-эстин артта калуусунун оор түрү, акыл-эстин артта калуусунун олуттуу түрү, оор деменция). Кемчиликтин татаал түрү менен акыл-эсинин орточо артта калуусу.
39. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен (статодинамикалык) байланышкан функциялардын (корригирлөөнүн мүмкүн эместиги менен таяныч жана кыймылдап жүрүү) туруктуу байкалган бузулуулары менен сөөк-булчуң системасынын өнүгүүсүнүн тубаса аномалиялары.
7-глава. 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга муктаждыкты аныктоо үчүн медициналык-социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеги
40. Балдарды алгачкы күбөлөндүрүү залалдуу шишик, анын ичинде курч лейкоздун кандай болбосун формасы аныкталган учурда.
41. Туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган психикалык, нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, сенсордук функциялардын тубаса операцияланган гидроцефалия менен майыптыгы бар балдарды кайрадан күбөлөндүрүү.
42. Өмүргө коркунуч алып келүүчү абалдардын жогорку тобокелдиги бар адреногениталдык синдрому менен (туз жоготуу формасы) майыптыгы бар балдарды кайра күбөлөндүрүү.
43. Стероиддик көз карандылык жана стероиддик резистенттүүлүк менен нефротикалык синдрому бар, жылына 2 же андан көп жолу күч алуучу, өрчүү менен өтүүчү, бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги (терминалдык стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт оорусу) менен майыптыгы бар балдарды кайрадан күбөлөндүрүү.
44. Терминалдык стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги же залалдуу гипертензия менен оорлошкон бөйрөк оорусу.
45. Зонд аркылуу тамактанууну талап кылган тамак сиңирүү системасынын функцияларынын туруктуу коштолгон, олуттуу байкалган бузулуусу менен жаак-бет бөлүгүнүн өнүгүүсүнүн тубаса жана тукум куучулук кемтиги.
46. Оорунун өтүүсүн өз алдынча системалуу контролдоо, өз алдынча диетотерапия кылууга мүмкүн болбогон курактык мезгилде орточо оор өтүүчү фенилкетонуриянын классикалык формасына ээ болгон баланы алгачкы күбөлөндүрүү.
47. Үзгүлтүксүз кайталануу менен өтүүдө өнөкөт тромбоцитопениялык пурпура менен, оор геморрагиялык криздер, терапияга резистенттүүлүк менен майыптыгы бар балдарды кайрадан күбөлөндүрүү.
48. Бөйрөктөрүн трансплантациялоого каршы көрсөтмөлөр болгондо бөйрөктүн V стадиядагы өнөкөт оорусу.
49. Гепатоспленомегалия жана III даражадагы порталдык гипертензия менен боордун циррозу.
50. Тубаса аягына чыкпаган (жетилбеген) остеогенез.
51. Организмдин функцияларынын байкалган жана олуттуу байкалган бузулуусуна (муковисцидоз, ацидемиянын же ацидуриянын, глютарикацидуриянын, галактоземиянын оор формалары, лейциноз, Фабри оорусу, Гоше оорусу, Ниманн-Пиканын оорусу, мукополисахаридоз, балдардын фенилкетонуриясынын кофактордук формасы (II жана III типтердеги фенилкетонурия) алып келүүчү, прогредиенттик оор өтүүчү, патогенетикалык дарылоо менен компенсацияланбаган зат алмашуунун тукум куучулук бузулуулары.
52. Организмдин функцияларынын байкалган жана олуттуу байкалган бузулууларына алып келүүчү прогредиенттик оор өтүүчү зат алмашуунун тукум куучулук бузулуусу (Тея-Сакс оорусу, Краббе оорусу).
53. Скелеттик жана кыймыл (статодинамикалык) менен байланышкан функциялардын, кан системасынын жана иммундук системанын байкалган жана олуттуу байкалган бузулуулары менен ювенилдик артрит.
54. Оор өтүүчү иммундук механизмди тартуучу, кайталануучу инфекциялык оорлошуулар, туруктуу (өмүр бою) алмаштыруучу жана (же) иммундук модулдоочу терапияны талап кылуучу иммундук диерегуляциянын оор синдромдору менен айрым бузулуулар.
55. Тубаса буллездук эпидермолиз, оор формасы.
56. Кемтикти паллиативдик гана коррекциялоого мүмкүн болгон баланын ар кандай органдарынын жана организминин системаларынын тубаса кемтиктери.
57. Организмдин функцияларынын туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган бузулууларына, анын ичинде акыл-эстин оор жана олуттуу артта калуу деңгээлине чейинки психикалык функциялардын бузулушуна алып келүүчү прогредиенттүү өтүүчү же жагымсыз болжол менен тубаса аномалиялар (кемтиктер), деформациялар, хромосомдук жана генетикалык оорулар (синдромдор).
58. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, психикалык, тилдик жана сүйлөө функцияларынын туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган бузулуулары менен нерв системасынын оорусу жана жаракаттардын кесепеттери. Курактык жана социалдык көндүмдөрү жок.
59. Кандын уюшунун бузулуулары менен шартталган организмдин патологиялык абалдары (гипопротромбинемия, VII факторунун (туруктуу) тукум куучулук жетишсиздиги, Стюарт-Прауэр синдрому, Виллебранд оорусу, IX факторунун тукум куучулук жетишсиздиги, VIII факторунун тукум куучулук жетишсиздиги, кандын функцияларынын же (жана) иммундук системанын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулуулары менен XI факторунун тукум куучулук жетишсиздиги).
60. Тукум куучулук өөрчүй турган нерв-булчуңдук оорулар (Дюшенн псевдогипертрофиялык миодистрофиясы, Вердниг-Гоффман спиналдык амиотрофиясы) жана тукум куучулук тез өөрчүй турган нервдик-булчуңдук оорулардын башка формалары.
61. Жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжасыз болушунда эки көздүн тең толук сокурдугу; эки көздүн тең көрүүсүнүн курчтугунун төмөндөөсү жана көрүүсү жакшы көздө 0,04гө чейин коррекциялоо менен же туруктуу жана калыбына келтирилгис өзгөрүүлөрдүн натыйжасында 10 градуска чейин эки көздүн тең көрүү талаасынын концентриялык ичкерүүсү.
62. Толук дүлөй-сокурлук.
63. Ара төрөлгөндөрдүн IV-V стадиясынын ретинопатиясы.
64. Тубаса көп түрдүү артрогрипоз.
65. Организмдин функцияларынын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулуулары менен анкилозирленүүчү спондилит.
66. Орто, оор же терең акыл-эстин артта калышы, анын ичинде Даун синдрому менен айкалышуу.
67. Балдардын аутизми жана орточо жана оор даражада байкалган аутисттик спектрдин башка бузулуулары.
68. Ар кандай этиологияда орточо жана оор даражада байкалып турган деменция.
69. 6 айга же андан көпкө созулган туруктуу психотикалык бузулуулар.
8-глава. Майыптык отургуч-коляскалар менен камсыз кылуу үчүн медициналык-социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеси
70. МСЭКтин отургуч-коляска менен камсыз кылуу боюнча корутундусу 3 жаштан жогорку майыптыгы бар адамдарга медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмегине ылайык берилет.
71. Отургуч-коляска - нерв-булчуң, скелет функцияларынын жана кыймылга байланыштуу (статодинамикалык) функциялардын оор байкалган бузулушуна алып келген, борбордук нерв системасынын, перифериялык нервдердин, муундардын, сөөктөрдүн оорулары, бузуулуулары, өнөкөт вена оорулары, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системасынын фунциясынын бузулушу менен майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлгөн:
- санга чейин эки буттун ампутациясы;
- сандын же шыйрактын кандай болбосун деңгээлдеги мултугу;
- Шопар муунунун деңгээлиндеги эки тамандын мултугу;
- сан сөөгүнүн же эки шыйрак сөөктөрүнүн жалган мууну;
- байкалган оорутуу синдрому менен же кескин байкалган бүгүлүүчү же контрактурага алып келүүчү III даражадагы жамбаш же тизе муунунун деформациялоочу артрозу;
- анкилоз же бир таманынын туура эмес абалы менен эки кызыл ашык муундарынын байкалып турган контрактурасы;
- III даражадагы буттун муундарынын басымдуу бузулушу менен ревматоиддик артрит;
- буттун 10 см жана андан көп кыскарышы;
- ортопедиялык бут кийимди кийип жүргөнгө мүмкүн болбогондо трофикалык бузулуулар менен тамандын туура эмес туруу абалы;
- буттагы II-III даражадагы жана кыйла оор даражадагы өнөкөт артериялык жетишсиздик менен артериялык кан тамырдын сезгенүү оорулары;
- терең кан тамырлардын жамбаш сөөгүнүн деңгээлинде жабыркоосунда III даражадагы өнөкөт веналык кан тамырынын жетишсиздиги менен бир бутунун вена тамырларынын оорушу (эки буттун жамбаш менен ашташуусуна чейинки шишиги жана шыйрактын айыкпаган трофикалык жаралары);
- таяныч жөндөмүнүн бузулушу менен бир буттун тешик жара формасындагы остеомиелити;
- буттардын туруктуу шал оорусу;
- байкалган жана орточо байкалган төмөнкү парапарези;
- байкалган жана орточо байкалган бир буттун парези;
- орточо байкалып турган трофикалык бузулуу менен сандын же шыйрактын кан тамыр-нерв тамырларынын талчаларынын жабыркашы (шыйрактагы айыкпаган жаралары, сандын же шыйрактын булчуңдарынын атрофиясы);
- эки буттун тубаса өсүп жетилбегендиги;
- өсүп жетилбеген остеогенез;
- координациянын байкалган бузулуулары;
- кан айлануунун III-IV даражадагы жетишсиздиги;
- стенокардия - IV функциялык класс;
- III даражадагы өпкө-жүрөк жетишсиздиги;
- терминалдык стадиядагы боордун циррозу;
- бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясында бөйрөк оорулары, программалык гемодиализ.
9-глава. Майыптыгы бар адамдарды көмөкчү тиричилик каражаттары менен камсыз кылуу үчүн медициналык-социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеги
72. Көмөкчү тиричилик каражаттары - майыптыгы бар адамдардын өзүн-өзү тейлөө, кам көрүү, багыт алуу, баарлашуу жана маалымат алмашуу, окутуу жана ишке орноштуруу үчүн, бузулган функцияларын компенсациялоо жана социалдык-тиричилик ыңгайлашуусун жеңилдетүү үчүн колдонулуучу каражаттар:
- байкалган моно-, геми-, парапарез, тетрапарез;
- байкалган атаксия;
- байкалган гиперкинетикалык синдром;
- заараны же заңды туруктуу кармай албагандыгы, анын ичинде заара же заң чыгаруу тешиктери, ооз көңдөйү;
- угуу начарлоо, дүлөй;
- төрт манжасы жок жана андан кыйла жогорку деңгээлдеги ампутацияланган чеңгелдин мултугу;
- омурткалардын байкалган деформациясы;
- салаңдап турган ийин, чыканак же тизе мууну;
- Шопар боюнча таманынын мултугу жана жогорку ампутациялык кемчиликтер;
- толук сокурлук, эки көздүн же жакшыраак көргөн көздүн начар көрө башташы (көрүүнүн курчтугу 0,2ге чейин коррекция менен же КӨРҮҮ талаасынын 25 градуска чейин концентрациялык тарышы);
- муковисцидоз;
- жүрөк ритминин бузулушу;
- байкалган оорлошуулар менен гемофилия;
- байкалган оорлошуулар менен кант диабети.
|
| Башка адамдын кам көрүүсүнө муктаждыгын аныктоо тартибине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ