Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (мындан ары - Департамент) карамагында болот жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын капиталдык куруу объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Департаменттин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик мекеменин уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Мамлекеттик мекеменин уюмдаштыруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
5. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик муктаждыктарына ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга инвестициялардын (капиталдык салымдардын) көлөмүнүн 2,9 пайызга чейинки өлчөмүндөгү сарптоолордун жана негизги фонддорду оңдоого сарптоолордун нормативинин эсебинен жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Управление капитального строительства объектов питьевого водоснабжения и водоотведения" при Департаменте развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККБММ";
- расмий тилде: "ГУУКС".
7. Департамент тарабынан мамлекеттик мекеменин өндүрүштүк ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик мекеменин филиалдары түзүлүшү мүмкүн.
8. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
2-глава. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
9. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.
3-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
10. Мамлекеттик мекеменин милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун алкагында кайра иштетүү өнөр жайы объекттеринде республикалык бюджеттин каражаттарынын жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржылануучу калктуу конуштарда борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин жана канализациялык тазалоо курулмаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин курууну жана реабилитациялоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу жана курулуш иштеринин тартибин жана курулуш методдорун колдонууну өркүндөтүү.
4-глава. Мамлекеттик мекеменин функциялары
11. Милдеттерге жетүү үчүн мамлекеттик мекеме төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчы" функциясын аткаруу (мындай функциялар берилген учурда);
- долбоорлоо уюмдар менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана тапшыруу графигин макулдашуу, аны аткаруунун жүрүшүнө контроль жүргүзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин сапатын жана мөөнөттөрүн долбоордук-сметалык документтерге ылайык курулуштагы ченемдик талаптарды сактоо менен камсыз кылуу, долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин пайдаланууга киргизүүгө даярдоо, курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө жана башка иштин түрлөрүнүн өндүрүшүн уюштуруу жана башкарууну камсыз кылуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринде курулуш-монтаждоо иштерине контроль жүргүзүү;
- курулушу бүткөн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин кабыл алуу боюнча ишке катышуу жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эксплуатациялоочу уюмдарга тапшырууну (өткөрүп берүүнү) жүзөгө ашыруу;
- курулушу, реконструкциясы же капиталдык оңдоосу бүтө элек ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин консервациялоо учурунда алардын сакталышын камсыз кылган тиешелүү уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды подрядчы уюмдар менен биргеликте өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- долбоорлоо, курулуш уюмдары жана жабдуулар менен курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
- колдонулуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу программалары боюнча сунуштарды даярдоо, жаңы мамилелерди ишке ашыруу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфраструктурасын куруу жана реабилитациялоо чөйрөсүндө чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, архитектура жана курулуш органдары, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан долбоорлоо жана подрядчы уюмдар, заказчы-инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну долбоорлоо жана куруу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Департаментке кароого киргизүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана реконструкциялоо менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын жана иштиктүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- суу түтүктөрүн жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын курууну жана капиталдык оңдоону уюштуруу жана жабдууларды колдонуу боюнча алдынкы тажрыйбаларды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары
12. Мамлекеттик мекеме төмөнкү укуктарга ээ:
- өзүнчө мүлккө ээ болуу, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алуу жана жоопкерчилик тартуу, сотто доогер жана жоопкер болуу;
- мамлекеттик мекеменин максаты жана милдеттерине ылайык белгиленген тартипте келишимдерди түзүү, юридикалык жана жеке жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- подрядчы уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик-техникалык коммуникацияларынын курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө алардын дайындалышына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан контроль жүргүзүү;
- курулуш-монтаждоо жана башка иштин түрлөрүнүн сапатсыз аткарылганы үчүн ченемдик укуктук актылардын жана келишимдик милдеттенмелердин бузулгандыгы жөнүндө доолор менен сотко кайрылуу;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо үчүн консультация же маалымат алуу тартибинде консультациялык фирмалардын адистерин, подрядчыларды, жеткирүүчүлөрдү белгиленген тартипте тартуу;
- мамлекеттик мекеменин ишине тиешелүү болгон зарыл иштерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик мекеменин штатына кирбеген профилдүү адистерди, эксперттерди, инженерлерди контракттык негизде жалдоо;
- курулуштук, подрядчы уюмдардын иштерин жана алардын көрсөткөн кызматтарын баалоону жүргүзүү, зарыл болгон учурда контракттарды белгиленген тартипте бузуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу боюнча иштердин натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болуу;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден мамлекеттик мекеменин ишине тиешелүү маалыматтарды суроо жана алуу;
- Департаментке мамлекеттик мекеменин филиалдарын түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен мыйзамда белгиленген тартипте кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
6-глава. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу
13. Мамлекеттик мекемени директор жетектейт, ал Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директордун бир орун басары болот, ал мамлекеттик мекеменин директорунун сунушу боюнча Департаменттин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерине ылайык жүргүзөт. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
15. Мамлекеттик мекеменин директору, директорунун орун басары жана кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Алар эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
16. Директор:
- мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- мамлекеттик мекеменин бардык финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген иштерди аткаруу үчүн келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана түзөт, техникалык адистерди, эксперттерди, инженерлерди жалдайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн керектүү болгон документтерге кол коёт;
- ишеним катсыз мамлекеттик мекеменин атынан иш алып барат, анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик мекеменин түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүүгө Департаментке киргизет;
- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- мамлекеттик мекеменин филиалдары жөнүндө жоболорду жана алардын ички иш тартибин бекитет;
- мамлекеттик мекеменин ишинин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү
17. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн негизги жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана мамлекеттик мекеменин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
18. Мамлекеттик мекеменин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджет;
- гранттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
19. Мамлекеттик мекеменин негизги каражаттарын, жүгүртмө каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
21. Мамлекеттик мекеменин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.