Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 26-сентябры № 63-1
Электр чордондорунун жана тармактарынын энергетикалык
майлары жана май чарбачылыктары. Жеткирүү шарттары. Ченемдер
жана талаптар нускамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июну № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Электр чордондорунун жана тармактарынын энергетикалык майлары жана май чарбачылыктары. Жеткирүү шарттары. Ченемдер жана талаптар нускамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.
3. Электр энергетика башкармалыгы:
-ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;
-ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 30-сентябрында https://minenergo.gov.kg/normativeLegalAct расмий сайтында жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары |
Э.К. Ысманов |