Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 26-сентябры № 04
«Аба кемелеринин учууга жарактуулугу. КРАЭ-8»
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Аба кемелеринин учууга жарактуулугу. КРАЭ-8» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «Аба кемелеринин учууга жарактуулугу. КРАЭ-8» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө «Аба кемелеринин учууга жарактуулугу. КРАЭ-8» буйругун 1-пунктунун 9-абзацын күчүн жоготту деп табуу сунушталсын;
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Директордун орун басары |
| К.Т. Төлөгөнов |