Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 570
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашууга өтүү жолу менен жарандардан мамлекеттик органдар тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жокко чыгаруу (жөнөкөйлөтүү), жол-жоболордон өтүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматына төмөнкүдөй документтерди берет:
- паспорт ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жердин дарегин жана телефонду көрсөтүү менен);
- резюме;
- билими жөнүндө документ жана анын тиркемелери ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кагаз түрүндө);
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Документтерди кабыл алуу конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Талапкер билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин түп нускаларын аларды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана берет. Билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин берилген түп нускалары кадрдык кызматтын ыйгарым укуктуу (жооптуу) кызматкери тарабынан алар текшерилгенден жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилүүгө тийиш.";
- 11-пунктта "конкурс жарыялаган" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Талапкер берилген документтердин ырастыгы жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 431-пункт менен толукталсын:
"431. Эмгек келишимдери Конкурстун жеңүүчүсү тарабынан билими жөнүндө документтер (алардын тиркемелери менен) "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, ал эми техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - алардын түп нускалары, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, эмгек китепчесинин түп нускасы берилгенде гана түзүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Конкурска катышууну каалаган талапкер билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте документтерди тизмеге ылайык (сканерленген, электрондук түрдө) берет.
Талапкер берилген документтердин ырастыгы жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 461-пункт менен толукталсын:
"461. Эгерде талапкер конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууда же тестирлөөдөн өтүүдө ушул Жобонун талаптарын бузса жана бул бузуулар тестирлөө өткөрүлгөндөн кийин табылса, конкурстук комиссия өзүнүн чечими менен талапкердин жыйынтыгын жокко чыгарат.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган талапкер (соттуулугу бар талапкерден башка) жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга өбөлгө болгон себептер жоюлгандан кийин конкурска катыша алат.";
- 47, 48-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. Ыйгарым укуктуу орган:
1) конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна жеңүүчүнү 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындайт, аны менен эмгек келишимин түзөт;
2) конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстун жеңүүчүсүн андан ары дайындоо үчүн конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органына маалымдайт.
48. Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органы кабарлоону алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындайт, аны менен эмгек келишимин түзөт.
Эмгек келишимдери конкурстун жеңүүчүсү тарабынан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта билим жөнүндө документтер (алардын тиркемелери менен), ал эми техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондо - алардын түп нускалары, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы берилгенде гана түзүлөт.".
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 570
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
Электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашууга өтүү жолу менен жарандардан мамлекеттик органдар тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жокко чыгаруу (жөнөкөйлөтүү), жол-жоболордон өтүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматына төмөнкүдөй документтерди берет:
- паспорт ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жердин дарегин жана телефонду көрсөтүү менен);
- резюме;
- билими жөнүндө документ жана анын тиркемелери ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кагаз түрүндө);
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Документтерди кабыл алуу конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Талапкер билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин түп нускаларын аларды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана берет. Билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин берилген түп нускалары кадрдык кызматтын ыйгарым укуктуу (жооптуу) кызматкери тарабынан алар текшерилгенден жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилүүгө тийиш.";
- 11-пунктта "конкурс жарыялаган" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)