Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-сентябры № 3406-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын
18-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
“2024-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо” боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Согуштук абал жөнүндө”, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |