Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 608
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 19-июнундагы № 320 “Борборлоштурулган ичүүчү
суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат
көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн тарифтик жөнгө салуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинде:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) табигый монополиянын субъекттери болуп саналат жана мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш.”;
7-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер экономикалык негизделген өздүк нарктан (иш жүзүндөгү же пландык чыгымдардан) жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын зарыл болгон деңгээлин колдоо жана эл аралык финансылык институттардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерди аткаруу үчүн, негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттарды инвестициялоо үчүн резервди түзүү, суу менен камсыздоочу ишканалардын (уюмдардын) жамаатына жамааттык келишимге ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык мурдагы календардык жыл үчүн инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлинен төмөн эмес материалдык-социалдык жеңилдиктерди берүү үчүн жетиштүү кирешенин белгилүү өлчөмүнөн аныкталат.”;
– 8, 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашылган тарифти төмөнкү 3 категорияга дифференциациялоого укуктуу:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – бюджеттик уюмдар;
3-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
Же төмөнкү эки категорияга:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
9. Тарифтердин наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
P = Z1 / V + (In * (Z1 / V) / 100),
мында:
P – бир куб. метр (м³) үчүн суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф;
Z1 – ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык чыгымдар;
V – бардык керектөөчүлөр тарабынан суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөнүн пландалган көлөмү куб метр (м³) менен (болжолдонгон кошууларды эске алуу менен мурдагы мезгилдин иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн негизинде же керектөөнүн жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген ченемине ылайык);
In – ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган чыгымдарды жабууну камсыз кылуучу пайданын ченеми.
Тарифти эсептөө жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өзүнчө эсепке алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.”;
– 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн ири көлөмдө пайдаланган менчигинин формасына жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифке карата жогорулатылган коэффициентти.
Тарифке карата жогорулатылган коэффициент колдонулуучу мындай керектөөчүлөрдүн тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жогорулатылган коэффициент борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө же болбосо ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн бирине карата колдонулушу мүмкүн.
Коэффициенттин диапазону 1.0дөн (негизсиз) жана 3.0гө чейинки (максималдуу уруксат берилген жогорулатуу) чекте аныкталат.
Жогорулатылган коэффициент колдонулган учурда ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны эсептөө керектелген кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн тарифке (1 м³ үчүн) жана жогорулатылган коэффициенттин өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт.”;
– 14-пункттагы “9” деген цифра “12” деген цифрага алмаштырылсын;
– 15-пункттагы “10”, “9” деген цифралар “14”, “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы төмөнкү беренелер боюнча түзүлөт:
1) материалдык чыгымдар;
2) технологиялык максаттагы отун жана энергия;
3) эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
4) социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
5) негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы;
6) негизги каражаттарды оңдоо;
7) транспорттук чыгымдар;
8) административдик чыгымдар;
9) цехтик чыгымдар;
10) жалпы чарбалык чыгымдар.”;
– 25-пункт “эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша” деген сөздөрдөн кийин “жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган, акысыз негиздеги (грант)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 29-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системаларын эксплуатациялоого байланышкан башка уюмдар аткарган жумуштарга жана (же) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар;”;
– 30-пункттагы “15 пайызын” деген сөздөр “15 пайызга чейинкисин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 31-пункттагы “(КММ, покрышкалар, аккумуляторлор, запастык бөлүктөр, оңдоо)” деген сөздөр алып салынсын;
32-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“32. Административдик чыгымдар беренесинде административдик-башкаруу персоналын (жетекчилик, бухгалтерия, юридикалык кызмат, кадрдык кызмат ж.б.) күтүүгө байланышкан чыгымдар чагылдырылат, анын ичинде:”;
1-пунктчадагы “Эмгек акы төлөөгө чыгымдар” беренесинде” деген сөздөр “ушул Тартиптин 23-пунктунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (алыш-бериш эсебин ачуу жана жүргүзүү, акча каражаттарын которуу үчүн комиссиялык төлөмдөр ж.б.);”;
10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10) суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системаларын ижарага алууга байланышпаган ижара акысы;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
“321. Цехтик чыгымдар, аларга төмөнкүлөр кирет:
– цехтин башкаруу аппаратын жана башкаруу аппаратына кирбеген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр боюнча чыгымдар;
– эмгекти коргоо чыгымдары;
– баалуулугу аз жана тез эскирүүчү предметтердин эскириши;
– жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдары;
– өндүрүштүк эмес чыгымдар.
Цехтик чыгымдар эреже катары товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар кандай түрлөрүнүн ортосунда өндүрүштүк жумушчулардын эмгек акысынын, жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдарынын суммасына жана чийки заттын, материалдардын жана жарым фабрикаттардын наркы болбостон негизги чыгымдардын суммасына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.”;
– 33-пунктта:
3, 13–18, 21-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11) муниципалдык менчиктеги суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууну чыгаруунун борборлоштурулган системаларына же алардын айрым объекттерине карата ижара акысы;”;
– 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларын (уюмдарын) чыгымдарды азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү төмөнкүлөр аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен кошумча пайданы алуу жана колдонуу мүмкүндүгүн берүү аркылуу жүргүзүлөт:
борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын ишке киргизүү;
конкурстук (тендердик) жол-жоболорду жүргүзүүнүн натыйжасында акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу;
ченемдик технологиялык (техникалык) чыгымдарды (жоготууларды) азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
эмгекти уюштуруунун алдынкы методдорун ишке киргизүү;
энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү;
чыгымдарды кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча башка иш-чараларды жүргүзүү.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан алынган чыгымдарды үнөмдөө жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча экономикалык негиздөө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө берилген учурда оптималдаштыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды актоо мөөнөтү бүткөндөн кийин үч жыл аяктаганга чейин чыгымдарды үнөмдөө түзүлгөн мезгилдин ичинде тарифтерди эсептөөдө эске алынбайт (чыгымдарды калькуляциялоо үнөмдөөнүн болушун эске албастан жүргүзүлөт).
Чыгымдарды оптималдаштыруунун же борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын колдонуунун натыйжасында кошумча пайданы алууда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы (уюму) үнөмдөлгөн сумманы жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, өндүрүштүк активдерди кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңыртууга, колдоого, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга жумшайт, ошондой эле үнөмдөлгөн сумманы чыгымдарды үнөмдөөдөн алынган чоңдуктун 10 пайызынан ашпаган суммада кызматкерлерге сый акыны төлөөгө жумшоого укуктуу.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 38¹-пункт менен толукталсын:
“38¹. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди аныктоо жана колдонуу тартибин бузуулардын түрлөрү жана ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун 6-бөлүмүндө аныкталган.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |