Загрузка документа…
| 32-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана
кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
“Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги”
мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү, мамлекеттик мекеменин базасында ар түрдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, машина-трактордук станциялар, ошондой эле туризмди өнүктүрүү максатында өз ишин жүргүзөт.
2. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчилик кылуучу жана координациялоочу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ушул Жобо мамлекеттик мекеменин уюштуруу документи болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп саналат.
5. Мамлекеттик мекеменин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемеси”;
– расмий тилде: “Государственное учреждение “Государственный холдинг племенного коневодства” при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”.
6. Мамлекеттик мекеменин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “АЖМХ МИ”;
– расмий тилде: “ГУ “ГХПК”;
7. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: почта индекси 722102, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бактуу-Долоноту айылы.
8. Мамлекеттик мекеме республикалык бюджеттен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк ишинин натыйжасында алынган кирешенин эсебинен каржылануучу ыкчам башкаруу укугундагы мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штампы, бланктары, логотиби жана башка атрибутикасы бар, Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Мамлекеттик мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзөт, өз алдынча баланска ээ, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык милдеттерди тартууга укуктуу.
10. Мамлекеттик мекеме өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык/жеке жактар менен өз компетенциясынын чегинде өз ара байланышта жүргүзөт.
2-глава. Мамлекеттик мекеменин максаты,
милдеттери жана функциялары
11. Мамлекеттик мекеменин максаты таза кандуу породаны жана эт-сүт багытындагы жылкыларды көбөйтүү аркылуу асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү, мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү продукциясын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу, ат спортунун иш-чараларын өткөрүү, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.
12. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
– асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү;
– таза кандуу породадагы жылкыларды (англис таза кандуу мингич пародасы, таскактуу парода, жаңы кыргыз пародасы) өстүрүү;
– бодо малды жана майда мүйүздүү малды өстүрүү;
– мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү продукциясын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу, эт-сүт продукциясын өндүрүү;
– жергиликтүү, республикалык жана эл аралык маанидеги маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
– ат спортунун иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү;
– чет өлкөлүк коноктор жана туристтер үчүн мейманкана кызматтарын көрсөтүү менен жарандардын эс алуусун уюштуруу;
– көчмөн элдеринин байыркы салттуу оюндарын жайылтуу жана улуттук спорттун түрлөрүн андан ары өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунду жана жаштарды кылымдар бою келе жаткан каада-салттын, маданияттын жана көчмөндөр спортунун түрлөрүнүн негизинде патриоттук рухта тарбиялоо.
13. Мамлекеттик мекеменин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
– таза кандуу породадагы жылкыларды өстүрүү (англис таза кандуу мингич пародасы, таскатуу парода, жаңы кыргыз пародасы);
– бодо малды жана майда мүйүздүү малды өстүрүү;
– селекциялык-асылдандыруу иши;
– селекциянын жана асыл тукум ишинин заманбап методдорунун негизинде жогорку продуктивдүү асыл тукум жаныбарларды жана жаш малды өстүрүүнү жана көбөйтүүнү уюштуруу;
– республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына алардын негизги үйүрүн жакшыртуу үчүн жогорку продуктивдүү жаш малды берүү;
– республиканын фермерлерин жана дыйкандарын селекциянын заманбап технологияларына жана асыл тукум ишин жүргүзүүгө, мал багууга жана тоюттандырууга, ошондой эле иштин башка методдоруна окутуу;
– мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү продукциясын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу, эт-сүт продукциясын өндүрүү;
– талаа иштерин жүргүзүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, калкка көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын номенклатурасын жана сапатын кеңейтүү, келечектеги суроо-талапты изилдөө;
– көмөкчү чарбаны жүргүзүү;
– машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу;
– жергиликтүү, республикалык жана эл аралык маанидеги маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
– ат спортунун иш-чараларын, мелдештерди, көрсөтмө мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү;
– жылкыларды кармоо жана багуу;
– бодо малды жана майда мүйүздүү малды кармоо жана багуу;
– ар түрдүү деңгээлдеги даярдыктагы адамдарды ат минүүгө үйрөтүү;
– ат менен турларды жана сейилдөөлөрдү, ошондой эле ат үстүндө гольф, поло жана крокет оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;
– жаныбарларды ветеринардык тейлөө;
– жаныбарларды сатуу жана ижарага берүү;
– калкка коммерциялык мүнөздөгү кызматтардын жана тиричиликтик кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүү;
– мейманкана кызматтарын көрсөтүү;
– азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатуу боюнча чекене соода тармагын уюштуруу;
– рыноктук тариф боюнча айыл чарба жана адистештирилген техниканы берүү;
– аукциондорду, жарманкелерди, көргөзмө-сатууларды, мыйзамдарда тыюу салынбаган чарбалык коммерциялык иштин башка түрлөрүн уюштуруу жана өткөрүү;
– эл аралык жана республикалык, дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук-массалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
– бодо малды жана майда мүйүздүү малды өстүрүү жана селекциялоо, алардын продукттуулугун жогорулатуу;
– асыл тукум жылкыларды өстүрүү, селекциялоо, сатып алуу жана сатуу;
– мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын сатуу, бракка чыгаруу, эсептен чыгаруу, андан эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк товарларын өндүрүү, ошондой эле товарларды башка чарбакер субъекттерге берүү;
– мамлекеттик мекеменин иштөөсү, анын өнөктөштөрүнүн муктаждыктары үчүн зарыл болгон тышкы экономикалык жана коммерциялык ишти, экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү, ошондой эле дүң, майда дүң жана чекене соода ишканаларын уюштуруу же башка чарбакер субъекттерге берүү;
– материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана өнүктүрүү, курулуш-монтаждоо, жасалгалоо жана башка подряддык иштерди өз күчү менен да, субподрядчыларды ишке тартуу менен да жүргүзүү;
– соода-өндүрүштүк ишти жүргүзүү, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди өндүрүү жана сатуу, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды (лицензия болгон шартта сатылышы лицензиялануучу товарлардын түрлөрүн) дүң, чакан дүң жана чекене сатууну уюштуруу, ошондой эле чийки заттарды жана материалдарды, станокторду жана механизмдерди, транспорт каражаттарын жана башка жабдууларды берүү;
– айыл чарба жана атайын техниканы сатып алуу жана сатуу;
– мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү куруу, сатып алуу жана эксплуатациялоо;
– мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине акчалай, ошондой эле натуралай түрдө атайын каражаттардын эсебинен социалдык колдоо көрсөтүү, анын ичинде материалдык дем берүү;
– мекемени колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин коомдук жана башка түзүмдөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
– өзүнүн иш чөйрөсүндөгү долбоорлорду, программаларды каржылоо;
– ишканалардан, уюмдардан, жарандардан акчалай жана материалдык каражаттар түрүндө ыктыярдуу кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу;
– эс алуу зоналарын (парктарды, аквапарктарды, пляждарды, кемпингдерди, мейманканаларды ж.б.) уюштуруу жана эксплуатациялоо, ушул зоналарда жана башка жерлерде ар кандай туристтик инвентарларды жана жабдыктарды, эс алуу үчүн инвентарды, пляж жабдыктарын, кайыктарды, катамарандарды, башка чакан кемелерди ижарага берүү кызматтарын көрсөтүү, акы төлөнүүчү токтотуучу жайларды, балдар аянтчаларын, дискотекаларды, кино жана видеозалдарды, аттракциондордун бардык түрлөрүн, оюн автоматтарын жана башка оюн-зоок программаларын жана комплекстерин, фотоателье, чач-тарач, сулуулук салону, мончо кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу жана мейманкана кызматтарын көрсөтүү;
– кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү;
– логистиканы жүргүзүү;
– кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарга жетүү жана өз милдеттерин аткаруу үчүн башка функцияларды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүү.
3-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары жана
милдеттери
14. Мамлекеттик мекеме өз ишинде төмөнкүдөй укуктарга жана милдеттерге ээ:
– башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
– соттордо доогер жана жоопкер болуу;
– уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен мамлекеттик мекеменин милдеттерине жана функцияларына ылайык келишимдерди түзүү;
– мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартуу;
– мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүү;
– мамлекеттик мекеменин иштерин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде ишке тартуу;
– уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары белгиленген тартипте түзүү;
– өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү, кызматташуу жана белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартуу;
– обочолонгон мүлккө ээ болуу, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алуу, милдеттерди аткаруу, соттордо доогер жана жоопкер болуу;
– Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктү сатып алуу;
– калкка, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга менчигинин уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан өз компетенциясынын алкагында кызматтарды көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес жана накталай эсептешүү менен сатып алуу;
– Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары юридикалык жана жеке жактардан коммерциялык жана башка негизде алынган кредиттик каражаттарды Министрликтин макулдугу менен пайдалануу;
– монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды) бекитүү;
– жарнама берүүчү катары чыгуу.
4-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери жана
жоопкерчилиги
15. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ыкчам башкаруу укугунда ага берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
– Министрликке өзүнүн иши жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
– өзүнүн өнүгүү келечегин аныктоого жана чарбалык чечимдерди кабыл алууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырдын жана жашыруун маалыматтын корголушун камсыз кылууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
– ушул Жободо аныкталган бардык талаптардын жана милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылууга.
16. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Мамлекеттик мекемени башкаруу
17. Мамлекеттик мекеменин ишин Министрлик координациялайт.
18. Мамлекеттик мекемени Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
19. Директор укуктарга, милдеттерге ээ болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Жобонун негизинде иш алып барат.
20. Директор мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Директордун бир орун басары болот, ал мамлекеттик мекеменин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
22. Директор жок болгон (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар, окутуу ж.б.) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда анын ыйгарым укуктарын мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары убактылуу аткарат. Мамлекеттик мекеменин финансылык документтерине кол коюу укугу долбоордун координаторуна мамлекеттик мекеменин тиешелүү буйругунун негизинде берилет.
23. Мамлекеттик мекеменин бухгалтери мамлекеттик мекеменин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
24. Директор ушул Жободо, ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринде жана мамлекеттик мекеменин ички документтеринде белгиленген өз компетенциясынын чегинде:
– мамлекеттик органдар, жарандар жана юридикалык жактар менен мамилелерде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыктарын коргойт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жылдык өндүрүштүк-финансылык программада белгиленген тартипте мамлекеттик мекеменин мүлкүн, акчалай жана валюталык каражаттарын тескейт;
– Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик мекеменин атынан макулдашууларды, келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзөт;
– мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
– мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине бекитүүгө берет;
– кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
– айырмаланган кызматкерлерди сыйлайт, тартиптик жаза колдонот;
– мамлекеттик мекеменин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары, ошондой эле Министрликтин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Министрликке өтүнүч менен кайрылат;
– кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жиберет;
– ички эмгек тартибинин эрежелерин, ошондой эле мамлекеттик мекеменин ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды аныктайт жана бекитет;
– белгиленген талаптарга ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту, мамлекеттик мекеменин бухгалтердик ишин, мамлекеттик мекеменин отчетторун, баланстарын, сметаларын жана иш пландарын түзүүнү уюштурат;
– мамлекеттик мекемедеги иштин абалы тууралуу Министрликке маалымат берет;
– мамлекеттик органдын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
– мамлекеттик мекеменин атынан ишеним каттарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Директор өзүнүн айрым укуктарын жана ыйгарым укуктарын орун басарына өткөрүп берүүгө укуктуу, бул Министрликтин алдындагы жоопкерчиликтен бошотпойт.
26. Директор мамлекеттик мекемени башкаруунун башка милдеттерин жана функцияларын аткарат, колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин ишинин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзөт.
27. Мамлекеттик мекеменин эмгек жамаатын эмгек мыйзамдарынын негизинде анын ишине катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эмгектик, консультациялык же эксперттик ишке тартылган башка өлкөлөрдүн жарандары түзөт.
28. Кызматкерлердин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
6-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
29. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.
30. Мамлекеттик мекеменин финансы-экономикалык ишин Министрлик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде ишти текшерүү жүктөлгөн башка мамлекеттик органдар контролдойт.
31. Мамлекеттик мекеме салык салуу, маалымат топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
32. Мамлекеттик мекеме келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү жана
финансылар
33. Мамлекеттик мекеме жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо аныкталган шарттарда жана тартипте өзүнүн ишинин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык уюштуруучу тарабынан ага берилген мүлккө жана финансылык каражаттарга карата ыкчам башкаруу укугун пайдаланат.
34. Мамлекеттик мекеменин мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
– республикалык бюджеттин каражаттарынын;
– уюмдардын жана жарандардын кайтарымсыз же кайрымдуулук акчалай жана мүлктүк төгүмдөрүнүн;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелердин;
– гранттык жана кредиттик каражаттардын;
– эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынын;
– жеке мүлктү пайдалануудан алынган пайданын;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
35. Мамлекеттик мекеме тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
36. Мамлекеттик мекеменин ыкчам башкаруу укугунда ага таандык кыймылсыз мүлктү уюштуруучунун макулдугусуз сатууга, күрөөгө коюуга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
8-глава. Мамлекеттик мекемени жоюу жана
кайра уюштуруу
37. Мамлекеттик мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык колдонулат.
39. Мамлекеттик мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.