Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 26-сентябрындагы № 03
«КРАЭ-6,I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу жөнүндө КРАЭ-6, I бөлүм» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу жөнүндө КРАЭ-6, I бөлүм» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №6 буйругунун 1-пунктунун 2-абзацын «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери АПКР-6. I бөлүм. "Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин эксплуатациялоо"жараксыз деп табуу сунушталсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Директордун орун басары |
| К.Т. Төлөгөнов |