Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-октябры ПЖ № 299
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкарма-сына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент | Президенттин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | Президент-тин Архиви |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы
|
| Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы
|
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун башчысы
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы |
| Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис |
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
| Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
|
”.
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен биргеликте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |