Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 14-октябры № 21-1
Бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин түзүү методикасын бекитүү жөнүндө
Бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин түзүү методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик чөйрөдө электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы боюнча лимиттерди бекитүү үчүн жетекчиликке алуучу документ катары киргизүү жана пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун 11-пунктун аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин түзүү методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрук катталган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып, ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган булагын көрсөтүү менен эки нускада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикасы башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.у.а., министрдин орун басары |
| Н.А. Керимов |