Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси
2024-жылдын 10-декабры № 634
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) колдонуунун так эместигин, туура эмес же карама-каршы практикасын четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасына карата тиркелген чечмелөө (түшүндүрмө) жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасын чечмелөө (түшүндүрмө)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасын расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) колдонуунун так эместигин, туура эмес же карама-каршы практикасын четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин сунушунун негизинде чектөө чаралары киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмелерин бекитүүгө тиешелүү маселелер бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине (мындан ары - Министрлик) берилген.
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлүп, жумушчу орган болуп Министрлик аныкталган.
Министрликтин милдеттеринин бири азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат.
Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча илимий институт тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, чектөө чараларын киргизүү мезгилин жана алардын айыл чарба товарларына колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешке даярдалган материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун сунуштай тургандыгын белгилей кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасына ылайык Министрликке Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин сунушунун негизинде чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү укугу, бекитилген тизмеге ылайык Министрликтин буйруктарын чыгаруу аркылуу көрсөтүлгөн тамак-аш азыктарын импорттоого жана экспорттоого тыюу салууну жөнүндө чечимдерди кабыл алуу укугу берилген.