Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 334
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 , 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты биринчи керектелүүчү азык-түлүк товарлары менен камсыздоо жана азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү зарыл болгондо 3-тиркемеге ылайык Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйналышы чакырылышы мүмкүн.
4. Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы N 530 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтму.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Азык-тулук коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри – Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри – Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы эксперттери (айыл чарба, экономика, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө);
“Кыргыз Республикасынын Агрардык өнөр жай комплексин ѳнүктүрүү ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, ректор жок учурда ректордун орун басары.”.
|
| |
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 , 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү орган болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана өлкөнү азык-түлүк менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын калкынын туура тамактануусу жаатындагы чараларды жакшыртуу боюнча чечимдерди ыкчам кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы башка ченемдик актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
3. Кеңештин максаты тамак-аш азыктарына болгон физиологиялык керектөөлөрдү эске алуу менен, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан координацияланган жана чечимдерди ыкчам кабыл алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо болуп саналат.
4. Кеңештин милдеттери:
а) азык-түлүк коопсуздугунун стратегиялык багыттары жана ата мекендик өндүрүштүн азык-түлүк товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
б) төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды даярдоо:
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин ишке ашыруу;
- азык-түлүк коопсуздугунун жана тамак-аштын негизги багыттарын, жылдык программаларын жана узак мөөнөттүү болжолдорун иштеп чыгуу;
- азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-ашты камсыздоого багытталган финансы жана салык саясатын өркүндөтүү;
- айыл чарба чийки затынын экспортун жана импортун жөнгө салууну, айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү сатып өткөрүүнү кошо алганда, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү коргоонун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу;
- менчиктин бардык түрдөгү субъекттеринин товарларынын азык-түлүк рыногуна жеткиликтүүлүгү аркылуу бирдей атаандаштык чөйрөнү камсыздоо;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жетишилген деңгээлинин төмөндөшүнө жол бербөө;
- азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө илимий-техникалык саясатты өнүктүрүүнүн негизги багыттары;
- калктын тамак-аш түзүмүндө микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиздигине байланыштуу ден соолуктун бузулушун алдын алуу жана дарылоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
- зарыл маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана аткарылган иш-чаралардын натыйжаларын колдонуу;
- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча кабыл алынган чараларды ишке ашыруу;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого коркунуч келтирилген учурларда ыкчам чараларды көрүү;
в) тышкы жана ички азык-түлүк рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунучтарды токтотуу боюнча алдын алуучу чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
г) төмөнкүлөрдү кароо жана сунуштамалар:
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, мамлекеттик программаларды жана башка документтер;
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери менен байланышкан ыкчам чараларды көрүү, өзгөчө алыскы жана бийик тоолуу райондорунда;
- рационалдуу эмес тамактануу менен байланышкан оорулардын алдын алуу жана жайылуу деңгээлин азайтуу, кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана калктын сергек жашоосунун негизи катары туура тамактанууну пропагандалоону, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү пайдалануу менен күчөтүү;
- билим берүү жана медицина мекемелеринде тамак-ашты уюштуруу системасын иретке келтирүү, балдардын уюштурулган жамааттарында тамак-аш рационун жакшыртуу, республиканын аймагында өндүрүлгөн жана чет өлкөдөн алып келинүүчү тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки заттарынын сапатын контролдоонун таасирдүү механизмдерин киргизүү;
- ата мекендик тамак-аш азыктарын, өзгөчө эң маанилүү микронутриенттер менен байытылган продукцияларды өндүрүүгө дем берүү, жергиликтүү чийки заттын негизинде тамак-аш азыктарын даярдоо, калк арасында туура тамактануу принциптерин киргизүүгө өбөлгө түзүүчү чөйрөнү калыптандыруу боюнча ыкчам чараларды көрүү;
- калктын туура тамактануусун камсыз кылуу чөйрөсүндө колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу жана жаңыларын иштеп чыгуу;
д) айыл чарба товарларынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан экономикалык колдоо көрсөтүү;
- тамак-аш азыктарын өндүрүү, ошондой эле айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерге дем берүүнүн механизмдерин өркүндөтүү;
е) азык-түлүк коопсуздугу, туура тамактануу жаатында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштурууну жана сергек жашоо образы маданиятын калыптандырууну колдоо, социалдык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолордун спектрин кеңейтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы N 530 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кенештин жана жумушчу органдын функциялары
5. Кеңештин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жумушчу органдын сунуштамалары боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу;
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-ашты камсыздоо чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;
- өлкөнүн калкын азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ыкчам чараларды каржылоо үчүн мамлекеттик финансы каражаттарын пайдалануу;
- өлкөнүн азык-түлүк рыногунун абалын баалоо, азык-түлүк рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн регламентин аныктоо;
- мамлекеттик интервенциялардын же мамлекеттик сатып алуулардын негизги параметрлерин аныктоону кошо алганда, азык-түлүк рыногунда мамлекеттик жөнгө салуучу кийлигишүүнүн көлөмүн жана инструменттерин аныктоо, ошондой эле азык-түлүк рынокторунда кырдаалды ыкчам турукташтыруу үчүн жөнгө салуунун башка инструменттерин колдонуу;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-ашты камсыздоого экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын аныктоо;
- тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин координациялоо;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алуу боюнча маселелерди кароо;
- Кеңеш тарабынан аныкталуучу азык-түлүк менен камсыздоо боюнча башка маселелерди кароо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жумушчу органдын функциялары:
төмөнкүлөргө тиешелүү азык-түлүк коопсуздугу жаатында сунуштамаларды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо:
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алуу;
- ата мекендик өндүрүштүн азык-түлүк товарларынын көлөмдөрүн көбөйтүү;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду тандоо жана даярдоо;
- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;
- өлкөнүн азык-түлүк рынокторунун иштешинин туруктуулугу;
- калкты азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттик финансы ресурстарын пайдалануу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кеңештин жана жумушту топтун укуктары
7. Кеңеш өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерден Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга;
- өз жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматтарын угууга;
- азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө маалыматты угууга;
- Кеңештин ишине, анын ичинде кабыл алынган программаларды ишке ашырууга эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын, ишкердик субъекттердин жетекчилерин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жумушчу органдын кароосуна киргизүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530, 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кеңештин жумушчу органы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерден Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга;
- Кеңештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистеринен, ошондой эле кластерлердин өкүлдөрүнөн жана эксперттерден белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
- азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-ашты республикалык, аймактык жана жергиликтүү деңгээлдерде камсыздоо боюнча макулдашылган бирдиктүү саясатты түзүү максатында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардын, илимий, билим берүү мекемелеринин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн көп секторлуу платформаны түзүү;
- азык-түлүк товарларынын бааларын турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча ыкчам чара көрүү үчүн Кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоого.
- азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоого жооптуу ведомстволор аралык, жумушчу, эксперттик топтордун өкүлдөрүн угууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кеңештин курамы жана иштөө тартиби
9. Кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10. Кеңештин ишин Кеңештин төрагасы, ал жок болгондо Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кеңештин жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт жана ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болуп саналат.
12. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жыйналыштарына жеке катышат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда Кеңештин мүчөлөрү бул жөнүндө Кеңештин төрагасына маалымдайт.
Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан санариптик платформаларды пайдалануу менен онлайн режимде өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү максатында Кеңештин жыйналыштары аралык (онлайн) режиминде өткөрүлүшү мүмкүн жана Кеңештин жыйналышында кабыл алынган чечимдер сурамжылоо жолу менен макулдашылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең чыгып калса, төрага добуш берген чечим кабыл алынат.
14. Кабыл алынган чечимдер Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору түрүндө таризделет.
15. Жыйналыштын протоколдору жана Кеңештин иши жөнүндө башка маалыматтар Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар жактарга Кеңештин жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө жеткирилет.
16. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык камсыздоо Кеңештин жумушчу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Кеңештин жыйналыштарын даярдоонун тартиби
17. Кеңештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды даярдоо үчүн жооптуу болуп Кеңештин жумушчу органы жана маселенин демилгечиси саналат.
18. Оң корутунду болгон учурда аталган маселени иштеп чыгуу максатында материалдар азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча илимий институтка берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Чечимдин даярдалган долбоору Кеңештин жыйналышына киргизилет.
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин кеңейтилген КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
"Айыл банк", "Элдик Банк" ачык акционердик коомдорунун башкармаларынын төрагалары;
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун, "Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин башкармаларынын төрагалары;
"Кыргызстан картошкасы" кластердик бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кумшекер" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Жашылчалар" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Жер-жемиштер" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Эт жана эт азыктары" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Сүт жана сүт азыктары" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Дан" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Жумуртка өндүрүү" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Өсүмдүк майы" кластеринин жетекчиси (макулдашуу боюнча).