Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын
мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө
нускама
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби
3-глава. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо
4-глава. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо
5-глава. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо
6-глава. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо
7-глава. Каза болгондугун мамлекеттик каттоо
8-глава. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
9-глава. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) сактоо тартиби жана мөөнөттөрү
10-глава. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү жана жок кылуу
11-глава. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Төмөнкү жарандык абалдын актылары жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого алынууга тийиш:
1) туулгандыгы;
2) никелешүүсү;
3) никесинин бузулгандыгы;
4) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү;
5) каза болгондугу.
3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.
Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) өткөрүп берилиши мүмкүн.
4. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону;
2) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайрадан берүүнү, жарандык абалдын актыларынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бар жана/же жок экендиги жөнүндө (арыз ээсинин суроо-талабы боюнча) маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү берүүнү;
3) жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүнү;
4) жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүүнү же жокко чыгарууну.
5. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары - "Түндүк" ЭКМП) жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу электрондук түрдөгү арыздын негизинде берилген жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
6. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча же электрондук арыз келип түшкөн жер боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) жарандык абалдын актысынын жазуусун түзүү аркылуу бир ирет жүргүзүлөт.
7. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан (мындан ары - "Түндүк" ВЭӨС) зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда арыз ээсинен кагаз же электрондук түрдөгү документтер талап кылынбайт.
8. Эгерде бардык зарыл болгон маалыматтар Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) болсо, анда "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актыларынын жазуусу автоматтык түрдө түзүлөт.
9. Жарандык абалдын актысынын жазуусун ырастоодо "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк автоматтык түрдө санариптик форматта түзүлөт.
10. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кагаз түрүндөгү күбөлүк арыз ээсинин каалоосу боюнча берилет, ага күбөлүктүн түп нускада экендигин белгилөөгө мүмкүндүк берген QR-код түшүрүлөт, ошондой эле аны андан ары апостилдештирүү же легалдаштыруу зарыл болгон учурда күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү жана кызматкеринин колу менен бекитилет.
11. Кылмыш сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары көрүлгөн адамдар үчүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
12. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, күбөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, билдирүүлөрдү кайрадан берүү, калыбына келтирүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларын жокко чыгаруу жөнүндө арыз "ЖААК" АМСте электрондук түрдө түзүлөт, ага ушул Нускамага ылайык берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн айрым арыздардан тышкары, электрондук колтамга же электрондук колтамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу арыз ээсинин колу коюлат жана "ЖААК" АМСте электрондук түрдө сакталат.
13. Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) КБМРде камтылган жеке маалыматтардын жана бетинин графикалык сүрөтүнүн;
2) КБМРдеги биометрикалык маалыматтарга фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин жана болгондугун текшерүү.
14. Чет өлкөлүк жаранды, жарандыгы жок адамды же качкынды идентификациялоо алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеги сүрөтү менен визуалдык салыштыруу жана контролдук сүрөткө тартуу аркылуу жүргүзүлөт.
15. Онлайн берилген бардык арыздар "Түндүк" ЭКМП же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу түзүлөт жана арыз ээсинин электрондук колтамгасы коюлат.
16. Эгерде эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
17. Идентификациялык жеке номери жок адамдардын каза болгондугун мамлекеттик каттоону жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрү идентификациялык жеке номер болгон учурда гана жүргүзүлөт.
18. КБМРде маалыматтар жок болсо же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу ушул пункттарда көрсөтүлгөн документтерди санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөрдү, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бар жана/же жок экендиги жөнүндө маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү берүү арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү төмөнкү документтердин бирин көрсөткөндө жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
3) офицердин өздүк күбөлүгү;
4) жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
5) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандын паспорту, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен;
6) "Кайрылман" күбөлүгү (баланын туулгандыгын жана адамдын каза болгондугун мамлекеттик каттоодо);
7) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат (күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөрдү кайрадан берүүдө);
8) качкындын күбөлүгү (Кыргыз Республикасынын аймагында гана);
9) туулгандыгы тууралуу күбөлүк - он алты жашка толгон, бирок Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилбеген адамдар үчүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө.
19. Эгерде эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, качкындардын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтеринин аныктыгы консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу ырасталат, кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулат. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
20. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, качкындар тарабынан берилген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык легалдаштырууну талап кылбаган, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген QR-коду бар документтер QR-код окулган учурда анык деп эсептелет.
21. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын кайрадан мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
22. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарандык абалдын актыларын каттоо фактысын ырастаган түп нускадагы документтер (күбөлүк, сертификаттар, көчүрмөлөр, маалымкаттар) "ЖААЖ" АМСте санариптештирилиши жана мобилдик колдонмого санариптик форматта чыгарылышы мүмкүн.
23. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү үчүн берилген бардык документтер КБМРде маалыматтар болбогон учурда - сканерленүүгө тийиш.
24. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жерине баруу менен, ошондой эле жогорку ыңгайлуулук шарттарында акы төлөө негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
25. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу маалымат алмашуу "Түндүк" ВЭӨС аркылуу ишке тартылган жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
26. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кагаз түрүндө берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуудан көчүрмөлөр, жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана билдирүүлөр жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан берилбейт.
2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу
күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби
27. Күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскиргенде, ламинирленгенде, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда арыз ээсинин каалоосу боюнча, ошондой эле каза болгон адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүк үчүн жакын туугандары жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылганда жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк кайрадан берилет. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу кагаз түрүндөгү күбөлүк арыз ээси кайрылган жер боюнча же электрондук арыз түшкөн жер боюнча кайрадан берилет. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актыларынын жазуулары жок болгон учурда "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жери боюнча суроо-талап жиберилет, ал үч жумуш күндүн ичинде санариптештирилет.
28. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк арыз ээсинин кайрылуусу боюнча төмөнкүлөргө кайрадан берилет:
1) жашы жеткен учурда, ага карата жарандык абалдын актысынын жазуусу түзүлгөн адамга;
2) камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилгенде, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын камкорчуларына;
3) туугандык байланышын ырастоодо (каза болгондугу тууралуу күбөлүк) каза болгон адамдын жакын тууганына;
4) эгерде туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө;
5) жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда башка адамга.
29. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт:
1) ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
2) никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - никелешүү тууралуу күбөлүк.
Ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн адамдардын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде алар ыйгарым укук берген адамдын арызы боюнча баланын туулгандыгын же никелешүүнү мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган көчүрмө берилет.
30. Кагаз түрүндөгү жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөрдү, ошондой эле маалымкаттарды берүү үчүн арыз ээси кайрылган учурда аларды берүүнүн алдында жарандык абалдын актыларынын жазуулары санариптештирилет (санариптештирүү жок болгон учурда).
31. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын санариптештирүүдө жердин аталышы жарандык абалдын актыларынын жазууларында санариптештирүү жүргүзүлгөн күнү колдонуудагы Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча же жарандык абалдын актысынын жазуусуна ылайык көрсөтүлөт.
32. Жарандык абалдын актысынын жазуусун түзгөн жарандык абалдын актысын жазуу органынын аталышы санариптештирүү жүргүзүлгөн күнү колдонулган аталышы боюнча же жарандык абалдын актысынын жазуусуна ылайык көрсөтүлөт.
33. Санариптештирүүдө жарандык абалдын актыларынын жазууларынын маалыматтары жок болгон учурда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) "Туулган жери" графасында маалыматтар жок болгон туулгандыгы тууралуу жазууда - туулган жери катары жазуу катталган жер же ата-энесинин жашаган жери көрсөтүлөт;
2) "Атасынын аты" графасы жок болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктө - атасынын аты "Атасы" графасында көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча көрсөтүлөт;
3) "Каза болгон жери" графасы жок болгон каза болгондугу тууралуу күбөлүктө - каза болгон жери катары каза болгондугу катталган жер же каза болгон адамдын жашаган жери көрсөтүлөт;
4) жубайлардын "Туулган жери жана датасы" графасы жок болгон никелешүү тууралуу күбөлүктө - никелешүү тууралуу күбөлүктүн ушул сыяктуу графалары толтурулбайт.
34. Эгерде жубайлар (алардын бири) никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан алуу үчүн кайрылганда, анын ичинде "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтөт, никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан берүүдө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери мурдагы абзацта көрсөтүлгөн жетишсиз маалыматтарды жарандык абалдын актыларынын жазуусуна киргизет.
35. Латын же араб алфавитинин тамгаларын пайдалануу менен толтурулган жарандык абалдын актысынын жазуусу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан жарандык абалдын актысынын жазуусуна кириллицага которулгандан кийин санариптештирилүүгө тийиш.
36. 35-пунктта көрсөтүлгөн учурда оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арыз талап кылынбайт.
37. Адамдын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандардын кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөр, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бар жана/же жок экендиги тууралуу маалымкаттар жана билдирүүлөр кагаз түрүндө берилет.
3-глава. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо
38. Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жер боюнча же "Түндүк" ЭКМП аркылуу алынган электрондук арыз түшкөн жери боюнча "Түндүк" ВЭӨС аркылуу алынган саламаттык сактоо уюмунун баланын туулгандыгы жөнүндө электрондук медициналык күбөлүгүнүн негизинде төмөнкү документтерди көрсөтүү менен жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт:
1) баланын ата-энесинин же алардын биринин, ата-энесинин жакын тууганынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер (ата-энеси ооруп калган, каза болгон же башка себептерден улам арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда) же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматта;
2) никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда).
39. Анын туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна баланын энеси жөнүндө маалыматтар баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарга жана ал жөнүндө КБМРдеги маалыматтарга ылайык жазылат.
40. Чет мамлекеттин аймагында төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкү документтерди көрсөткөндө жүргүзүлөт:
1) баланын ата-энесинин же алардын биринин, ата-энесинин жакын тууганынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин (ата-энеси ооруп калган, каза болгон же башка себептерден улам арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда) же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы документтерди;
2) никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда);
3) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланын туулгандыгы фактысын ырастаган, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, легалдаштырылган же апостилдештирилген жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулган документтин түп нускасы (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар). Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
41. Баланын туулгандыгы фактысын ырастаган, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтин көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар) көрсөтүлгөн учурда бала төрөлгөн чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген туулгандыгын мамлекеттик каттоонун жоктугун ырастаган документ кошумча көрсөтүлөт.
42. Ушул Нускаманын 43-45, 53-62, 65-68-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлбөйт.
43. Баланы көтөрүп жүрүү максатында эмбрионду башка аялга имплантациялоого макулдук берген жубайлардын же алардын биринин арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо "Түндүк" ВЭӨС аркылуу алынган саламаттык сактоо уюмунун баланын туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүгүнүн, карын энелик жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин жана медициналык уюм тарабынан берилген эмбрионду имплантациялоо фактысын ырастаган документтин негизинде жүргүзүлөт.
44. Туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүктө карын эне жана аны көтөрүп жүрүү максатында карын эненин эмбрионун имплантациялоого макулдук берген баланын энеси жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
45. 43-пунктта көрсөтүлгөн учурда туулгандыгы жөнүндө актынын жазуусуна баланын энеси катары аны көтөрүп жүрүү максатында карын эненин эмбрионун имплантациялоого макулдук берген баланын энеси жазылат.
46. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болсо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилия берүүгө жол берилбейт.
47. Баланын аты ата-энесинин же алардын биринин көрсөтмөсү боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.
48. Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу жок болгон учурда (ата-энесинин фамилиялары ар башка болсо) келип чыккан пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет. Балага атын, атасынын атын ыйгаруу үчүн баланын ата-энесинин (баланын атасы менен никеге турбаган энесинин) жакын тууганы кайрылганда баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен ата-энесинин (баланын атасы менен никеге турбаган энесинин) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат.
49. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.
Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты - энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.
50. Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:
1) эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда балага атасынын аты берилбейт (мисалы: Таалайбек уулу Асан, Таалайбек кызы Алина, Таалайбек Асан, Таалайбек Алина);
2) чоң атасынын аты боюнча, ага мүчө кошулбастан, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын аты кошулушу мүмкүн;
3) "тегин" деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбектегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" (мисалы: Бактыбектегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" (мисалы: Бактыбектегин Алина Таалайбек кызы). Ата-энесинин каалоосу боюнча балага түздөн-түз туугандык байланышты ырастоочу документтер болгондо же алар калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивдеринде болгондо, жетинчи атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.
51. Ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.
52. Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.
53. Ата-энесинде (атасында же энесинде) алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер жок болсо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан энени туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүктөгү сүрөт менен салыштыргандан жана контролдук сүрөткө тарткандан кийин жүргүзүлөт. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна энеси жөнүндө маалыматтар электрондук медициналык күбөлүктөн алып жазылат.
Арыз туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүктөн алынган жеке маалыматтар боюнча эненин атынан түзүлөт. Ошол эле учурда жарандык абалдын актысынын электрондук жазуусуна туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн берилгендиги жөнүндө белги коюлат.
Туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүктөгү сүрөт дал келбеген учурда туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт, ал жөнүндө акт үч нускада түзүлөт, анын бири бир жумуш күндүн ичинде калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү жайгашкан жердеги ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет.
54. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жаш курагына карабастан баланын туулгандыгынын фактысын белгилөө жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
55. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы тартипте жүргүзүлөт.
56. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде баланын атасы менен никеде турбаган энеси каза болсо же төрөлгөндөн кийин баланы саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, же төрөлгөндөн кийин баланы саламаттык сактоо уюмуна калтырса жана анын жашаган жери белгисиз болсо;
2) эгерде бир жашка чыккан баланын ата-энесинде алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болсо;
3) эгерде баланы таап алышса (таштап кетсе) жана/же анын ата-энеси белгисиз болсо;
4) эгерде бала башка оор турмуштук кырдаалга туш болсо.
Саламаттык сактоо уюмунун туулгандыгы тууралуу электрондук медициналык күбөлүгү же ушул Нускаманын 40-пунктунун үчүнчү-төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер, же болбосо ушул Нускаманын 54-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен баланын туулгандыгы фактысын белгилөө жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат.
57. 56-пунктта көрсөтүлгөн учурда, эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандыгы "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-бөлүгүнө ылайык көрсөтүлөт.
58. Табылган (таштап кеткен) баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусуна киргизилбейт.
59. Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча катталган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк акысыз негизде берилет.
60. Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү бала табылган күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.
61. Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өтүнүчү кагаз же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
62. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул Нускамага ылайык жана өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал жокко чыгарылгандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
63. Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдүн негизинде автоматтык түрдө киргизилет:
1) КБМРде камтылган, никеде турган атасынын жана/же энесинин жеке маалыматтары;
2) аталыгын аныктоодо никеде турбаган, КБМРде камтылган атасынын жана/же энесинин жеке маалыматтары;
3) энеси каза болгон, аракетке жөндөмсүз жана дайынсыз жок деп таанылган, анын барган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен атасынын өтүнүчүнүн негизинде ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда КБМРде камтылган атасынын жеке маалыматтары;
4) эгерде аталыгы аныкталбаган учурда, КБМРде камтылган энесинин жеке маалыматтары;
5) туулгандыгы тууралуу медициналык электрондук күбөлүктө көрсөтүлгөн энеси жөнүндө маалыматтар;
6) кагаз же электрондук түрдөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
64. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна ата-энеси жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан КБМРде камтылган жеке маалыматтардын же атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин, никелешүү тууралуу күбөлүктүн негизинде (КБМРде маалыматтар жок болгон учурда), "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматта, ошондой эле төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча;
2) аталыкты аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;
3) эгерде аталыгы аныкталбаса, энесинин арызы боюнча.
65. Бала өмүрүнүн биринчи жумасында каза болгон учурда, анын туулгандыгын жана каза болгондугун каттоо жүргүзүлөт.
66. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле өмүрүнүн биринчи жумасында каза болгон баланын туулгандыгын жана каза болгондугун каттоо электрондук медициналык күбөлүктүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан ал берилген жери боюнча "ЖААЖ" АМСте "Түндүк" ВЭӨС аркылуу алынган саламаттык сактоо уюмунун баланын туулгандыгы жана каза болгондугу жөнүндө электрондук медициналык күбөлүгүндөгү маалыматтардын негизинде туулгандыгы жана каза болгондугу жөнүндө актынын жазуусун автоматтык түрдө түзүү аркылуу балага фамилиясын, атын, атасынын атын бербестен жүргүзүлөт.
67. Актынын мындай жазууларында баланын энеси жөнүндө маалыматтар электрондук медициналык күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык жазылат.
68. Өлүү төрөлгөн баланын каза болгондугун каттоо жүргүзүлбөйт.
4-глава. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо
69. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруучу адамдар кайрылган жер боюнча же электрондук арызда көрсөтүлгөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
70. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо нике курагына жеткен адамдарга карата жүргүзүлөт.
71. Никелешүүнү каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечиминин жана Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагы жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан бир жылдан ашык эмес төмөндөтүлөт.
72. Никеге туруучу адамдардын ишеним каты боюнча, ошондой эле өкүл аркылуу никелешүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт.
73. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенде бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин жүргүзүлөт:
1) никеге туруучу адамдардын электрондук же кагаз түрүндөгү, ошондой эле "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу берилген биргелешкен арызы;
2) биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, никеге туруучу адамдардын электрондук же кагаз түрүндөгү, ошондой эле "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу берилген өзүнчө арыздары;
3) никеге туруучулардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү (КБМРде маалыматтар жок болгон учурда), ошондой эле "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы документтер;
4) эгерде никеге турууну каалаган адамдар же алардын бири мурда никеде турса, никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
5) мурдагы никедеги жубайы каза болгон учурда каза болгондугу тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
6) никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими, эгерде никеге турган адамдын жашы жете элек болсо - Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн комиссиясынын корутундусунун негизинде.
74. Бир айлык мөөнөт аяктагандан кийин "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу берилген биргелешкен кагаз түрүндөгү же электрондук арыз берилген жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок никеге туруучу адамдар никени мамлекеттик каттоо үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрылууга тийиш.
75. Эгерде никеге туруучу адамдар дайындалган күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келбесе, анда кагаз же электрондук түрдө арыз берилген күндөн тартып 2 ай өткөндөн кийин арыз жокко чыгарылат.
76. Кагаз же электрондук түрдөгү арыз жокко чыгарылган учурда никелешүүчү адамдар никелешүүнү мамлекеттик каттоого кагаз же электрондук түрдөгү жаңы арызды бере алат.
77. Эгерде никеге туруучулардын биринин, эркектин же аялдын кагаз же электрондук түрдө биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никеге туруучу адамдын каалоосу "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу никелешүү тууралуу өзүнчө кагаз же электрондук түрдөгү арыз менен таризделиши мүмкүн. Никеге туруучу адамдын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
78. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо арыз берген күнү өзгөчө жагдайлар болгондо жүргүзүлөт:
1) кош бойлуулукта;
2) бала төрөлгөндө;
3) тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулса (никеге туруучулардын бири катуу ооруп калган учурда).
79. Никелешүүнү мамлекеттик каттоодо өзгөчө жагдайлар болгондо төмөнкү документтер кошумча берилет:
1) медициналык мекемеден кагаз же электрондук түрдө кош бойлуулук жөнүндө маалымкат;
2) жалпы балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
3) ден соолугунун абалы жөнүндө кагаз түрүндөгү маалымкат (ооруп калса) - "Түндүк" ВЭӨСтө маалыматтар жок болгон учурда.
80. Ушул Нускаманын 87-91-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын, ошондой эле эгер никеге турууну каалаган адамдардын же алардын биринин жашы жете элек болгон учурда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
81. Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актынын жазуусуна жубайлардын жалпы фамилиясы же жубайлардын ар биринин никеге чейинки фамилиясы киргизилет.
82. Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандайт, же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, ошол эле учурда жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.
83. Эгерде улуттук салт боюнча фамилияга ээ жубайы жубайынын "-ов, -ев" менен аяктаган фамилиясын алууну кааласа, анда жубайына "-ова, -ева" менен аяктаган фамилия жана атасынын аты жубайынын атасынын аты менен ыйгарылат (каалоосу боюнча).
84. Никеге туруучу адамдардын фамилияларын улуттук салт боюнча "уулу"/"кызы" деп жазылган фамилияга өзгөртүүгө жол берилбейт.
85. Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш.
86. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
87. Соттолгон адам никеге туруу жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту), бул түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалымкатты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.
88. Соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту) жок болгон учурда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
89. Соттолгон адам менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруучу адамдардын катышуусунда жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайда, бул мекемелерге барганда жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызмат адамдарынын коопсуздугуна кепилдик берүү менен жүргүзүлөт.
90. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте нике жана үй-бүлө мамилелеринде Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга ээ жана милдеттерди алат.
91. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам менен никелешүүсүн мамлекеттик каттоо төмөнкү документтерди бергенде жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт:
1) кагаз же электрондук түрдөгү, ошондой эле "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу берилген биргелешкен арыз;
2) никеге турууну каалаган, биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өзүнчө арызы, ошол эле учурда чет өлкөлүк нотариус күбөлөндүргөн арыз легалдаштырылууга (апостилдештирилүүгө) тийиш;
3) никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү (КБМРде жок болгон учурда), ошондой эле "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы документтери;
4) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ал өзү жараны болуп саналган чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостили бар чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкат;
5) жарандыгы жок адам деп таанылган, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостили бар чет өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген жарандыгы жок адамдын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкат.
5-глава. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо
92. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 26-беренесине ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан бузулуучу нике никенин бузулгандыгы тууралуу акты мамлекеттик катталган күндөн тартып, нике сотто бузулганда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
93. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) ортодо жашы жете элек балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө кагаз же электрондук түрдө берилген, анын ичинде "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу келип түшкөн биргелешкен арызынын;
2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө кагаз же электрондук түрдө берилген арызынын жана жубайлардын бирине карата, анын ичинде "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу келип түшкөн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок, эмгекке жарамсыз деп таанылса же кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;
3) кагаз же электрондук түрдө никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин.
94. Жашы жетпеген жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштар болбогон жубайлардын никесинин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлардын экөөнүн же алардын биринин катышуусунда бир ай өткөндөн кийин, бирок никенин бузулушу жөнүндө жубайлар биргелешкен арыз берген күндөн тартып эки айдан ашык эмес жүргүзүлөт.
95. Жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлардын кайрылган жери боюнча же кагаз же электрондук түрдө арызда (жубайлардын биринин) көрсөтүлгөн жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Мында төмөнкү документтер берилет:
1) никенин бузулгандыгы жөнүндө кагаз же электрондук түрдө, анын ичинде "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу келип түшкөн биргелешкен арыз;
2) арыз ээлеринин ким экендигин ырастаган документтер (КБМРда жок болгон учурда), ошондой эле "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматта;
3) мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш (жубайы - чет өлкөлүк жаран кайрылган учурда);
4) никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРда жок болгон учурда).
96. Эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин ниетин билдирүүсү никенин бузулгандыгы жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
97. Жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан эки адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоого жол берилбейт. Жубайлардын биринин катышуусу милдеттүү.
98. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилген никелешүү тууралуу күбөлүк калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
99. Никеси чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан катталган, жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жалпы негиздерде жүргүзүлөт:
1) белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, муну менен бирге котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
2) мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
100. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган же "Түндүк" ЭКМП жана/же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу келип түшкөн жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) жубайлардын биринин кагаз же электрондук түрдөгү арызынын;
2) кагаз же электрондук түрдөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.
101. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин, бирок эки айдан ашык эмес анын катышуусунда жүргүзүлөт.
102. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч жумуш күндүн ичинде жаза өтөп жаткан адамга түзөтүү мекемесинин администрациясына, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жок болгон жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок учурда - калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүүнү жиберет.
103. Сот тарабынан жаранды каза болду же дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун тиешелүү чечимдери жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.
104. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
105. "Түндүк" ВЭӨС системасы аркылуу келип түшкөн никени бузуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо "ЖААК" АМСте жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун электрондук чечиминдеги жана соттун чечими чыгарылган жер боюнча КБМРдеги маалыматтардын негизинде никени бузуу жөнүндө актынын жазуусун автоматтык түрдө түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
106. Арыз ээсинин каалоосу боюнча никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мурдагы жубайлардын, жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү (КБМРде жок болгон учурда) же "Түндүк" мобилдик колдонмосу (жубайлардын биринин) аркылуу санариптик форматтагы документтери;
2) жубайлардын биринин кызыкчылыктарын коргогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.
107. Никени бузуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет.
108. Никеге турганда өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн жубай никеге чейинки фамилиясын кайтарууга укуктуу. Мында никеге чейинки фамилиясын кайтарып алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү түрдө алмаштырылууга тийиш.
109. Кыргыз Республикасынын жараны менен чет өлкөлүк жарандын ортосундагы никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
6-глава. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү
мамлекеттик каттоо
110. Он алты жашка толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
111. Фамилияны өзгөртүү туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын жазуунун алкагында жүзөгө ашырылат.
112. Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын (баланын энеси менен никелешүү тууралуу күбөлүктү берген учурда), чоң атасынын же таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. Он алты жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.
113. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана/же мобилдик колдонмо аркылуу келип түшкөн жери боюнча он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
114. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана/же мобилдик колдонмо аркылуу келип түшкөн арызда көрсөтүлгөн жери боюнча арыз ээсинин каалоосу менен акы төлөнүүчү негизинде шашылыш түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
115. Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан учурда жарандан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө эл аралык макулдашууларга катышуучу чет мамлекеттерди кошпогондо, жарандык абалдын актыларынын жазуусунун көчүрмөсүн талап кылбастан кабыл алынат.
116. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө эл аралык макулдашууларга катышуучу чет мамлекеттерде жарандык абалдын актысынын жазуусу болгон учурда жарандын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо үчүн арызы жарандык абалдын актыларын жазуунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жарандык абалдын актыларынын жазууларынын көчүрмөлөрүн алгандан кийин кабыл алынат.
117. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актынын жазуусу түзүлгөн күндөн тартып жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
118. Он алты жашка толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берген учурда (КБМРде жок болгон учурда) анын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Арыз ээси белгиленген убакытка келбеген учурда арыз жыйырма жумуш күндүн ичинде жокко чыгарылат.
119. Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
2) ата-энесинин (алардын биринин) кагаз жүзүндө же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматта ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери;
3) аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
4) ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
5) жаранды кагаз же электрондук түрдө дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).
120. Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
121. Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энеси мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилиясына карата анын арызы боюнча жүргүзүлөт.
122. Баланын атасынын атын өзгөртүү "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талаптарына ылайык жазылат же атасынын аты көрсөтүлбөйт.
123. Жашы жеткен адамдын же он алты жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилген жашы жете элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилген учурда жүргүзүлөт:
1) арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы документтин;
2) арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн (КБМРде туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу болбогон учурда);
3) эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн (КБМРде никелешүү тууралуу актынын жазуусу болбогон учурда);
4) жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРде туулгандыгы тууралуу актынын жазуулары болбогон учурда);
5) эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (КБМРде никенин бузулгандыгы тууралуу актынын жазуулары болбогон учурда).
124. Жашы жете элек балага карата ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
125. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына үч жумуш күндүн ичинде санариптештирүү үчүн "ЖААЖ" АМС аркылуу суроо-талап жиберет.
126. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин жаран бир айдын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин алмаштырууга милдеттүү.
127. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларынын тийиштүү жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана арыз ээсинин каалоосу боюнча жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн берүүгө алып келет.
128. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүк калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
129. Жубайлардын биринин фамилиясын өзгөртүү башка жубайынын фамилиясын өзгөртүүгө алып келбейт.
130. Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө арызы боюнча гана өзгөртүлөт.
131. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү катталгандан кийин өзгөртүлүүгө тийиш болгон жарандык абалдын актыларынын кагаз жүзүндөгү жазуулары арыз ээсинин кайрылган жери боюнча эмес жайгашкан учурда жарандык абалдын актыларын электрондук жазууга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө белги коюу үчүн жарандык абалдын актыларынын жазуулары жарандык абалдын актыларын жазуу органына жайгашкан жери боюнча жиберилет.
132. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү же атасынын атын жокко чыгаруу менен бир эле убакта мамлекеттик каттоого жол берилбейт.
133. Жаран берген арызынын негизинде атын гана же болбосо фамилиясын гана, же болбосо атасынын атын гана, же болбосо фамилиясын жана атын, же болбосо фамилиясын жана атасынын атын, же болбосо атын жана атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кийинки мамлекеттик каттоо бир жыл өткөндөн кийин мүмкүн болот.
134. Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.
135. Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.
7-глава. Каза болгондугун мамлекеттик каттоо
136. Кыргыз Республикасынын аймагында каза болгон адамдын каза болгондугун мамлекеттик каттоо ал жайгашкан жер боюнча саламаттык сактоо уюмунун каза болгондугу жөнүндө электрондук медициналык күбөлүктөгү маалыматтардын негизинде каза болгондугу жөнүндө актынын жазуусун автоматтык түрдө түзүү жолу менен жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
137. Каза болгон адам жөнүндө маалыматтар анын каза болгондугу жөнүндө актынын жазуусунда анын каза болгондугу жөнүндө электрондук медициналык күбөлүктө көрсөтүлгөн ал жөнүндө маалыматтарга ылайык жазылат.
138. Каза болгондугу тууралуу күбөлүктү алуу үчүн каза болгон адамдын жакын тууганы, мыйзамдуу өкүлү, камкорчусу, каза болгон адамдын жакын тууганынын кызыкчылыктарын билдирген адам төмөнкүлөрдү берет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү (КБМРде жок болгон учурда) же "Түндүк" мобилдик колдонмосу аркылуу санариптик форматтагы документтерди;
2) каза болгон адамдын жакын тууганынын кызыкчылыктарын билдирген адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;
3) каза болгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (бар болсо).
139. Каза болгон адамдын каза болгондугу жөнүндө электрондук медициналык күбөлүгү жок болгон учурда каза болгон адамдын каза болгондугун мамлекеттик каттоо каза болгон адамдын каза болгон фактысын аныктоо же адамды каза болду деп жарыялоо жөнүндө кагаз же электрондук түрдө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
140. Каза болгон адам жөнүндө маалыматтар анын каза болгондугу жөнүндө актынын жазуусуна соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык жазылат.
141. ИЖНи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын каза болгондугун мамлекеттик каттоо "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ИЖНи жок жүргүзүлөт.
142. Белгисиз, таанылбаган адамдардын каза болгондугун каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каза болгондугу тууралуу электрондук медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
143. Каза болгондугу тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каза болгон адам таанылган жана анын маалыматтары менен электрондук медициналык күбөлүк берилген учурда каза болгондугу тууралуу актынын жазуусуна каза болгон адам тууралуу тийиштүү маалыматтар киргизилгенден кийин берилет.
144. Мыйзамда белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланган адамдардын өлүмүн каттоодо "Каза болгон датасы" графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата, "Каза болгон жери" графасына - "белгисиз" деп жазылат. Эгерде соттун чечими менен адамдын белгилүү бир убакта каза болгон фактысы белгиленсе, анда каза болгондугу тууралуу актынын жазуусуна каза болгон датасы болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде көрсөтүлгөн дата жазылат.
145. Каза болгон адамдын документинин жоктугу каза болгондугу тууралуу актыны каттоодон баш тартуу үчүн себеп болуп саналбайт, мындай учурда каза болгондугу тууралуу актынын жазуусуна белги коюлат.
146. Кыргыз Республикасынын аймагында каза болгон чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, качкындардын өлүмүн мамлекеттик каттоо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
147. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда каза болгондугун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органындары тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген, мамлекеттик же расмий тилге которулган каза болгондугу тууралуу маалымкаттын;
2) каза болгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин.
148. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же консулдук мекемелеринен же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгондугу тууралуу легалдаштырылган, апостилдештирилген жана мамлекеттик же расмий тилге которулган документтер, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү катталгандыгын ырастоочу чет мамлекеттин документи жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн учурда "ЖААК" АМСте жаранга "каза болду" деген статусту ыйгаруу менен жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат киргизилет.
149. Башка учурларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же консулдук мекемелеринен же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан же чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгондугу тууралуу маалымкаттар, кабарлоолор формасындагы маалыматтар келип түшкөн учурда "ЖААК" АМСте жаран жөнүндө маалыматтарда "каза болду" деген белги коюлат.
150. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары каза болгондугу тууралуу актынын жазуусунун негизинде арыз ээсинин каалоосу боюнча каза болгон адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн берет. Каза болгон адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде каза болгондугу тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда аларга да каза болгондугу тууралуу күбөлүк кайталанып берилет. Каза болгондугу тууралуу бардык берилген, анын ичинде кайталанып берилген күбөлүктөр жарактуу болуп саналат.
151. Каза болгон адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер алынып коюлат жана акт боюнча калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
8-глава. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына
оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
152. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө электрондук түрдөгү, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана/же мобилдик колдонмо аркылуу берилген арыздын:
- баланын никеде турбаган атасынын жана энесинин;
- бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атасынын, энеси каза болгон же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен.
Аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү баланын атасы менен никеде турбаган баланын энесинин арызы боюнча туулгандыгы катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Баланын энеси менен (ал каза болгон учурда) никеде турбаган баланын атасы тарабынан аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгиленген формадагы арыз берилгенде, анын туулгандыгы катталгандан кийин энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк ("ЖААЖ" АМСте каза болгондугу тууралуу актынын жазуусу жок болгон учурда) берилүүгө тийиш.
Жашы жете элек адамга карата аталыкты аныктоо жөнүндө атасы арыз берген учурда, аталыкты аныктоого ушул органдын макулдугун ырастоочу Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмү тарабынан берилген документ кошумча берилет.
Баланын энеси баланын атасы анын жубайы (мурдагы жубайы) эмес деп билдирген учурда, баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгы төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
- аталыкты аныктоо менен байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө атасы менен энесинин биргелешкен арызы;
- аталыкты аныктоого жубайынын (мурдагы жубайынын) макулдугун бербестен соттун мыйзамдуу күчүнө кирген кагаз же электрондук түрдөгү чечими.
Баланын ата-энеси тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, эрк-ниетин билдирүү атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы коюлган колдун аныктыгы нотариалдык ырасталууга тийиш. Атасынын арызы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга энесинин арызы менен бир убакта берилет. Арызда балага фамилия берүү жөнүндө атасынын жана энесинин пикири билдирилиши керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү.
Эгер баланын энеси анын жубайы (мурунку жубайы) баланын атасы болуп саналбайт деп билдирген учурда, аталыкты аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын болочок ата-энеси мындай арызды энесинин кош бойлуу учурунда бере алат.
Мында бала төрөлгөнгө чейин туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна маалыматтарды киргизүү үчүн төмөнкүлөр берилет:
- баланын ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн биргелешкен арызы;
- эненин кош бойлуулугун ырастоочу, медициналык уюм же жеке практикадагы врач тарабынан берилген кагаз же электрондук түрдөгү документ.
Аталыкты аныктоого байланыштуу туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы арыз ээсинин каалоосу боюнча туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берет;
2) аталыгын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген кагаз же электрондук түрдөгү чечими.
Соттун чечими боюнча аталыгын аныктоо жөнүндө арыз баланын атасы жана энеси (алардын бири) же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;
3) баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген кагаз же электрондук түрдөгү чечими.
Соттун чечими боюнча баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө арыз бала асырап алуучулар же алардын бири же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
Баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде баланын туулган датасы жана (же) жери, баланын туулгандыгы мамлекеттик катталган жер өзгөргөн учурда арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу менен баланын туулгандыгы тууралуу актынын жаңы жазуусу түзүлөт. Баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуунун түзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актынын мурда жазылган жазуусуна киргизилет;
4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актынын жазуусу же апостилдештирилген же легалдаштырылган (эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгүн ырастаган чет мамлекет тарабынан берилген документ. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында туулган адамды жарандыкка кабыл алууда чет мамлекеттин мыйзамдарында фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү каралса, туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу арыз ээсинин каалоосу боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет өлкөнүн паспортунун негизинде өзгөртүлүшү мүмкүн;
5) оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген кагаз же электрондук түрдөгү чечими.
Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз соттун чечими боюнча кызыкдар адам же болбосо ыйгарым укуктуу адам тарабынан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде берилет;
6) аталыгы аныкталбаган баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна толуктоо же болбосо аларды алып салуу жөнүндө арызы;
7) он алты жашка толгон адамдын атасы же энеси (ата-энеси) атын өзгөрткөн учурда бул адамдын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусундагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө арызы;
8) каза болгондугу белгисиз адамдын өлүмү катары катталган каза болгон адамдын ким экендигин аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;
9) никеге тургандыгы, никенин бузулгандыгы жөнүндө актынын жазуусу - никеге турганда же никеси бузулганда ата-энесинин фамилиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу балдардын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн.
Ата-энелерди же алардын бирин ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими кагаз же электрондук түрдө баланын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусунда алар жөнүндө маалыматтарды алып салууга негиз болуп саналбайт;
10) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган учурларда жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.
153. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин арыз ээсинин каалоосу боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет, буга нике бузулган учурда никелешүү тууралуу күбөлүк жана каза болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү кирбейт.
154. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына берилген жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөр жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
155. Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү кагаз же электрондук түрдөгү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
156. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин маалымат "ЖААК" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу белгилерди коюу үчүн жиберилет.
157. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүүгө жол берилет.
158. Баланы (кызды) асырап алуу тууралуу маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билдирүүгө жана мазмунунда асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги көрсөтүлгөн документтерди берүүгө укуксуз.
159. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду жарандык абалдын актыларын жазууда туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлгөн, ошондой эле орфографиялык каталар кетирилген учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан чыгарылат:
1) туулгандыгы тууралуу актынын жазуусундагы маалыматтар жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтардан айырмаланса;
2) кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актысынын жазуусунда жарандын жеке маалыматтары менен айырмачылыктар болсо;
3) жарандык абалдын актысынын жазуусунда "Туулган датасы" графасында маалыматтар жок болсо;
4) берилген жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 273 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы менен дал келбестиктер болсо;
5) каза болгондугун мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү каза болгондугу тууралуу болжолдуу маалымкаттын негизинде жүргүзүлсө, акыркы маалымкат көрсөтүлгөн учурда;
6) жарандык абалдын актысынын жазуусунда эки атасынын аты көрсөтүлсө;
7) туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда ата-энеси жөнүндө толук маалымат көрсөтүлбөсө;
8) баланын же жарандын иш жүзүндө туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда көрсөтүлгөндөн башка аты болсо;
9) туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда баланын же жарандын аты толук көрсөтүлбөсө (кичирейтилген, эркелеткен, кыскартылган);
10) жарандык абалдын актысын каттоо учурунда каталарга жол берилсе (маалыматтарды же айрым сөздөрдү бурмалоо, калтырып коюу);
11) жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген ченемдерди эсепке албастан жүргүзүлсө.
160. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин жарандык абалдын актысынын жазуусуна өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө корутундусу электрондук форматта түзүлөт, анын негизинде жарандык абалдын актысынын тиешелүү жазуусуна оңдоолор киргизилет. Жарандык абалдын актыларынын жазуусун оңдоонун негизинде жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу жаңы күбөлүк жазылып берилет, буга нике бузулган учурда никелешүү тууралуу күбөлүк жана каза болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү кирбейт.
161. Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз жарандык абалдын актысы түзүлгөн адам тарабынан же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
162. Эгерде жарандык абалдын актысын жазуу он алты жашка толо элек же толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата түзүлсө, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз анын ата-энесинин бири, камкорчусу (көзөмөлчүсү) же алар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берилген адам тарабынан берилет.
163. Эгерде жарандык абалдын актысы каза болгон адамга карата жазылган болсо, оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз жакын тууганы же ыйгарым укук берилген адам тарабынан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде берилет.
164. Арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда КБМРдеги маалыматтарга ылайык жарандык абалдын актысынын жазуусуна, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жараксыз болгон учурда - анын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз таризделет.
165. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызды кароо мүмкүн болбогондо жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарандарга жазуу жүзүндө негизделген баш тартуу берилет жана ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
166. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана жарандык абалынын актыларын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында каттаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү кайрылган жери боюнча жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
167. Жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан арыз түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
168. Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда, жарандардын өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызы жарандык абалдын актыларын жазуулардын көчүрмөлөрү алынгандан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан кабыл алынат.
169. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү боюнча мамлекеттик кызматтар арыз ээсинин каалоосу боюнча акы төлөөнүн негизинде шашылыш түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн.
170. Кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актыларынын жазууларына киргизилген өзгөртүүлөр жана оңдоолор жөнүндө белги жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлөт.
9-глава. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо
китептерин (акт китептерин) сактоо тартиби жана мөөнөттөрү
171. Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын кагаз нускаларынан чогултулган, көктөлгөн, номерленген жана мөөр менен бекитилген жарандык абалдын актыларынын жазуулары Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн тиешелүү бөлүмдөрүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жери боюнча сакталат.
172. Номерленген жана мөөр менен бекитилген жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган маалыматтык системасында түзүлгөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун электрондук базасы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин түзүлгөн метрикалык китептер, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилгенге чейин түзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуулардын архивдик китептери компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо кирген жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.
173. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан түзүлгөн, жарандык абалдын актыларынын жазууларынын кагаз нускаларынан түзүлгөн жарандык абалдын актыларынын жазуулары жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документтер менен бирге бир календардык жыл өткөндөн кийин тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандык абалдын актыларынын жазууларынын архивдик фондун сактоо жана түзүү үчүн өткөрүп берилет.
174. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акты китептери) жана жарандык абалдын актыларынын электрондук жазууларын сактоонун талаптагыдай шарттарын түзүүнү Кыргыз Республикасынын архив мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органы камсыз кылат.
175. Кагаз нускалардан түзүлгөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандык абалдын актыларынын жазуулары түзүлгөн күндөн тартып жүз жыл бою сакталат.
176. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуулар жана жарандык абалдын актылары жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системалардагы башка маалыматтар туруктуу негизде сакталат.
177. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алынып коюлган жарандык абалдын актысынын жазуусу же жарандык абалдын актыларынын жазууларынын китеби зарыл болгон тергөө, соттук жана эксперттик аракеттер жүргүзүлгөндөн кийин жарандык абалдын актысын жазуу органына кайтарылууга тийиш.
178. Жүз жыл өткөндөн кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органдары кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө чогултулган метрикалык китептерди мамлекеттик архивдерге өткөрүп берет.
10-глава. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын
калыбына келтирүү жана жок кылуу
179. Жарандык абалдын актыларынын жазуулары арыз ээси кайрылган жер боюнча соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилет.
180. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын аныктоо жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысынын жазуусунун жоктугу жөнүндө билдирүүсү саналат.
181. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актысынын жазуусунун жоктугу калыбына келтирилүүчү жазуу болгон жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан ырасталууга тийиш. Мында текшерүү арызда көрсөтүлгөн калктуу конуштун китептери боюнча жети жыл үчүн (арызда көрсөтүлгөн жыл үчүн, ошондой эле мурдагы үч жыл жана кийинки үч жыл үчүн) жүргүзүлөт.
182. Баланы (кызды) асырап алууга байланыштуу туулгандыгы тууралуу калыбына келтирилген жазууну кошпогондо, калыбына келтирилген жазуунун негизинде берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарына "калыбына келтирилди" деген белги коюлат.
183. Эгерде эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жарандык абалдын актыларын каттаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалдын актыларынын жоголгон жазууларын калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
184. Жарандык абалдын актысынын жазуусун жокко чыгаруу жарандык абалдын актысынын жазуусу сакталган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген кагаз же электрондук түрдөгү чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
185. Баланын туулган жери жана/же датасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу туулгандыгы тууралуу актысынын жаңы жазуусу түзүлгөндө асырап алуу жөнүндө соттун чечими болгондо баланын туулгандыгы тууралуу актысынын баштапкы жазуусу жокко чыгарылууга тийиш, мында мурда ыйгарылган жеке идентификациялык номер блоктолот. Асырап алуу жөнүндө соттун чечими жокко чыгарылган учурда баланын туулгандыгы тууралуу актысынын жаңы жазуусу жокко чыгарылат, ал эми баштапкы жазуусу алгачкы абалына келтирилет.
186. Сот тарабынан каза болду деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жубайы келген учурда жана сот тарабынан соттун тиешелүү чечими жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын кайрылган жери боюнча биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.
187. Адамды каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн каза болгондугу тууралуу актынын жазуусу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актынын жазуусу алгачкы абалга келтирилет.
188. Соттун дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн никенин бузулгандыгы тууралуу актынын жазуусу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актынын жазуусу алгачкы абалга келтирилет.
189. Никелешүү, каза болгондугу же никенин бузулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жубайлар кайрылган жерде болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларынын жазуусу болгон жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына "ЖААК" АМС аркылуу санариптөө үчүн үч жумуш күндүн ичинде суроо-талап жөнөтөт.
190. Жарандык абалдын актыларын каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери техникалык каталарга жол берсе, "ЖААК" АМСтеги жарандык абалдын актыларын ырастаган жазуулар калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан оңдолууга же өчүрүлүүгө тийиш.
191. Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөр жана жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жарандык абалдын актыларын жокко чыгарган жазууларынан көчүрмөлөр берилбейт. Жарандык абалдын актыларынын жокко чыгарылган жазууларынын көчүрмөлөрү сот органдарынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук жана прокуратура органдарынын суроо-талаптары боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
11-глава. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн
жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын
кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет
өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын
жоопкерчилиги
192. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты жана маалыматтын купуялуулугу үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызматкерине жана анын түздөн-түз жетекчисине Кыргыз Республикасынын укук бузуулар мыйзамдарында, ошондой эле кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүктөлөт.
193. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укуктары бузулганда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, ошондой эле кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
194. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына, ошондой эле кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.