Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-октябры № 686
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын
мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү
тууралуу
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу максатында, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |