Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу
жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу тартиби
3. Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
4. Эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
5. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана аларды жоголгондордун ордуна берүү тартиби
6. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жараксыз деп таануу
7. Чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу
8. Айдоочулук күбөлүктөрдү кайтарып берүү
9. Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартиби
10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон документтерди сактоо тартиби жана мөөнөтү
11. Транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу тартибин белгилейт, ошондой эле экзамендерди өткөрүү үчүн арналган техникалык контролдоо каражаттарынын курамын, көрсөтүлгөн техникалык каражаттарга карата талаптарды жана аларды колдонуу шарттарын аныктайт, улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келген улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу, улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу жана чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан алмаштырылуучу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттарды алуу маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттар алынат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү квалификациялык экзамендерди тапшыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу, алмаштыруу үчүн документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз жүзүндө сактагычтагы документке барабар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
4. “А”, “А1”, “В”, “В1”, “С”, “С1”, “D”, “D1”, “ВЕ”, “СЕ”, “DE”, “С1Е” жана “D1E” графаларында уруксат берүүчү белгилери бар айдоочулук күбөлүктөр тиешелүү категориялардагы жана (ички категориялардагы) транспорт каражаттарын же транспорт каражаттарынын курамдарын башкарууга укугу бар экенин ырастайт:
1) “А” – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашкан мотоциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
2) “А1” – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) – он алты жашка толгон адамдарга;
3) “В” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер (“А” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он жети жашка толгон адамдарга;
4) “В1” – моторлоштурулган трициклдер, квадроциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
5) “С” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он сегиз жашка толгон адамдарга;
6) “С1” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан, бирок 7 500 кг ашпаган автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он сегиз жашка толгон адамдарга;
7) “D” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
8) “D1” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
9) “ВЕ” – уруксат берилген салмагы 750 кг ашкан жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашкан чиркегич чиркелген “В” категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген салмагы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан “В” категориясындагы автомобилдер – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка толгон адамдарга;
10) “СЕ” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
11) “С1Е” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган, чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
12) “DE” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген “D” категориясындагы автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
13) “D1E” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналбаган, уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган, чиркегич чиркелген “D1” (ички категориясындагы) автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
5. Тиешелүү категориядагы жана (ички категориялардагы) транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү лицензиясы бар окутуу уюмдарынын бирдиктүү окуу пландарына жана программаларына ылайык жүргүзүлөт.
6. Айдоочулардын даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөнүн ырастаган документ болуп окутууну өткөргөн окутуу уюму тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүк эсептелет.
Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты айды түзөт. Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга барууга милдеттүү. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аталган адамдар кайра окутуу курсунан өтүүгө жана окутулганы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
7. Автомобилдик-трактордук адистик боюнча кесиптик жогорку жана орто окутуу уюмдарын бүтүргөн адамдарга дипломду жана ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөн, квалификациялык экзамендерди тапшырган учурда “А”, “А1”, “В”, “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилет.
8. Мыйзамдарда белгиленген жашка жетүү каралган категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөр белгиленген жашка жете элек адамдар экзамендерден оң натыйжаларды алган учурда каттоо-экзамендик бөлүмдөрдө сакталат жана белгиленген жашка толгондо берилет.
9. “В” жана “С” категорияларындагы автомототранспорт каражаттарынын айдоочулугуна окууну бүтүргөн окутуу уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда, он жети жашка толгондо “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүктү берүүгө жол берилет. Бул учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүккө 18 жашка толгондо “С” категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү алууга укук берген зарыл жазуулар киргизилет.
10. Жарандардын каалоосу боюнча, тиешелүү жашка толгондо жана зарыл болгон үзгүлтүксүз стажы болсо, практикалык экзаменди тапшыргандан кийин айдоочулук күбөлүккө уруксат берүүчү белгилерди коюуга жол берилет, тактап айтканда:
1) “А” категориясына – “А1” жана “В1” ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
2) “В” категориясына – “А”, “А1” жана “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
3) “С” категориясына – “А”, “А1”, “В”, “В1” жана “С1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
4) “С1” ички категориясына – “А”, “А1”, “В” жана “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
5) “D” категориясына – “С”, “С1” жана “D1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
6) “D1” ички категориясына – “C” жана “С1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
7) “СЕ” категориясына – “С1Е” ички категориясындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
8) “DЕ” категориясына – “СЕ”, “С1Е” жана “D1Е” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет.
2. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу
укугуна квалификациялык экзамендерди
өткөрүү жана кабыл алуу тартиби
11. Квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн талапкер тарабынан төмөнкүлөр берилет:
– калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо;
– берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөнүн ырастаган документ;
– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн – минималдуу окуу мезгилинен (4 айдан кем эмес) өткөндүгүн ырастоочу маалымкат, ал кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө таризделиши мүмкүн жана ушул Эрежелердин 325-пунктуна ылайык убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк алынган күндөн тартып күчүн жоготконго чейин колдонулат;
– айдоочулук күбөлүк же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк (эгерде мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү кол тамгасы болууга тийиш;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
“С”, “С1”, “D”, “D1”, “СЕ”, “С1Е”, “DЕ” жана “D1Е” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк берилет.
Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар бар болсо, бардык категориялардагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Документтерди жана квалификациялык экзамендерди кабыл алуу адамдардын жашаган (барган) жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
13. Квалификациялык экзамендер төмөнкүдөй ырааттуулук менен кабыл алынат:
– теориялык экзамен;
– практикалык экзамен.
14. Теориялык экзамен автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен онлайн режиминде экзамендик тапшырмалардын негизинде кабыл алынат.
Мында талапкер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт.
Угуу функциясынын бузулуулары бар талапкердин каалоосу боюнча теориялык экзамендерди сурдокотормону колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
15. Теориялык экзаменди өткөрүүдө айдоочулукка талапкердин төмөнкүлөрдү билүүсү текшерилет:
1) Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын эрежелерин;
2) автомототранспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду;
3) автомототранспорт каражатын коопсуз башкаруунун техникалык аспекттерин;
4) жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгуусуна өбөлгө түзүүчү факторлорду;
5) абалы жол кыймылынын коопсуздугуна таасир бере турган автомототранспорт каражатынын конструкциясынын элементтерин;
6) жол-транспорт кырсыгында жабыркаган адамдарга врач келгенге чейин медициналык жардам берүүнүн методдорун.
16. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн автоматташтырылган маалыматтык системадагы экзамендик тапшырмалар 20 аралаш суроодон турат. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөттү түзөт.
Теориялык суроолор ыйгарым укуктуу орган түзүүчү жумушчу топ тарабынан түзүлөт.
Жумушчу топтун курамына транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү кирет.
Теориялык суроолордун тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
17. Экзамендик тапшырмалардын 18 жана андан көп суроосуна туура жооп берген талапкер теориялык экзаменди тапшырган болуп эсептелет.
Теориялык экзаменде алынган баа алты айдын ичинде жарактуу болуп эсептелет.
18. Теориялык экзамендин жыйынтыгы боюнча экзаменатордун кол тамгасы коюлган экзамендик карточка берилет.
19. Теориялык экзаменди тапшыра албаган талапкер практикалык экзаменге киргизилбейт. Теориялык же практикалык экзаменди кайрадан тапшыруу мурдагы экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган экзамендердин жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык экзамендерди тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
Экзамендерди өткөрүү класстарынан тышкары жерлерде теориялык экзамендерди өткөрүүгө тыюу салынат.
20. Практикалык экзамен реалдуу жол кыймылынын шарттарында кабыл алынат.
Практикалык экзамен башкаруу укугун алууга экзамен тапшырылып жаткан ошол транспорт каражаттарында тапшырылат.
“А”, “А1” жана “В1” категорияларындагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугун алууга практикалык экзамен жабык аянтчада же автодромдо гана жүргүзүлөт.
Практикалык экзамен талапкерди даярдоону жүргүзгөн окутуу уюму тарабынан бериле турган автомототранспорт каражатында кабыл алынат. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн автомототранспорт каражаттарында, алардын зарыл жабдуулары бар болгон шартта практикалык экзамендерди кабыл алууга уруксат берилет.
21. Практикалык экзаменди өткөрүүдө реалдуу жол кыймылынын шарттарында автомототранспорт каражатын башкаруу учурунда талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарынын сакталышы, жол кырдаалын баалай билүү, ага өз убагында жана туура чара көрүү, ошондой эле белгилүү бир маневрларды жана иш-аракеттерди аткаруу жөндөмү текшерилет.
22. Айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендер этаптык карточка боюнча тапшырылат.
Этаптык карточкада практикалык экзаменди баалоо критерийлери камтылган.
Практикалык экзамен төмөнкүдөй этаптардан турат:
– автомототранспорт каражатын жүргүзүүгө даярдануу;
– автомототранспорт каражатын ордунан жылдырып баштоо;
– кесилиштерден (жөнгө салынган, жөнгө салынбаган) өтүү;
– автомототранспорт каражатын артка кайруу;
– автомототранспорт каражатын артка карай жүргүзүү жана маневр жасоо;
– автомототранспорт каражатын токтотуу жана тормоздоо (токтотуучу жайга коюу);
– фишкалар менен белгиленген участоктон (ийри-буйру жолдон) өтүү;
– эстакадага чыгаруу жана түшүрүү.
Айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзаменди тапшыруу убактысы чектелген эмес. Талапкер автомототранспорт каражатын айдоо боюнча эки жана андан көп этапты аткарбаган учурда айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамен тапшырылган жок деп эсептелет.
23. Теориялык жана практикалык экзамендердин натыйжалары протокол менен таризделет, ага квалификациялык экзамендерди кабыл алууга катышкан экзамендик комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюуга тийиш.
Комиссия теориялык экзаменди кабыл алуу тартиби бузулгандыгын аныктаган учурда теориялык экзамендин натыйжалары жокко чыгарылышы мүмкүн.
24. Арыз, экзамендик карточка жана квалификациялык экзамендердин натыйжалары бар этаптык карточка айдоочулук күбөлүктү берүү үчүн негиз болуп саналат жана 10 жыл бою сакталат же мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет.
25. Угуу функциясынын бузулуулары бар талапкердин каалоосу боюнча практикалык экзамендерди сурдокотормочунун катышуусунда өткөрүүгө уруксат берилет.
Талапкерде автомототранспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөр же медициналык чектөөлөр бар экендиги жөнүндө (жок экендиги жөнүндө) тиешелүү медициналык корутунду (мындан ары – медициналык корутунду) менен ырасталган автомототранспорт каражаттарын башкарууга медициналык чектөөлөр жана (же) медициналык көрсөтмөлөр бар болгон учурда практикалык экзамендер атайын шаймандар менен жабдылган же болгон медициналык корутундуга ылайык белгилүү бир конструкциялык мүнөздөмөлөрү бар автомототранспорт каражаттарында өткөрүлөт.
26. Экзамендик комиссиялардын протоколдорунун, арыздардын, этаптык карточкалардын формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
27. Экзамендер техникалык контролдоо каражаттарын (аудио жана видеокаттоо каражаттарын) пайдалануу менен өткөрүлөт. Теориялык экзаменди өткөрүү процессин аудио жана видеокаттоо каражаттары экзамен өткөрүлүүчү жайларда орнотулат, ал эми практикалык экзамендерде – практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн пайдаланылуучу автомототранспорт каражаттарына орнотулат.
Практикалык экзамендерди өткөрүү процессин аудио жана видеокаттоо каражаттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
– алдыдагы жол кырдаалын видеожазуу;
– экзаменатордун командаларын жана тапшырмаларын аудиожазуу жана видеожазуу.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө аудио жана видеомаалыматты сактоо экзаменди кабыл алуу жаздырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде анын бүтүндүгүн камсыздаган электрондук сактагычта жүргүзүлөт. Аудио жана видеомаалыматтын болушу жана сакталашы үчүн жоопкерчилик экзамендик комиссиянын төрагасына жүктөлөт.
28. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө экзамендик комиссиялар түзүлөт.
Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу боюнча экзамендик комиссия 3төн кем эмес адамдан турууга тийиш. Комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчиси бекитет.
Комиссияга төмөнкүлөр кирет:
– ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн экиден кем эмес кызматкери, алардын бири комиссиянын төрагасы болуп саналат;
– Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери.
29. Квалификациялык экзамендерди өткөрүү кызматтык нускамасына ылайык квалификациялык экзамендерди өткөрүү боюнча милдеттер жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары (мындан ары – экзаменаторлор) тарабынан жүргүзүлөт.
30. Экзаменаторлор төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
– жогорку юридикалык билими же жер үстүндөгү автомототранспорт каражаттары чөйрөсүндөгү жогорку техникалык билими бар;
– практикалык экзамендер өткөрүлүп жаткан категориялардагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугу бар;
– 3 жылдан кем эмес автомототранспорт каражаттарын башкаруу стажы бар.
31. Квалификациялык экзамендерди тапшыра албаган, экзаменаторлорго же экзамендерди кабыл алуу жол-жобосуна дооматтары болгон талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу жүзүндө экзаменаторлордун иш-аракеттерине же экзамендерди кабыл алуу жол-жобосуна даттанууга укуктуу.
3. Улуттук жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер берилген жана квалификациялык экзамендердин натыйжалары оң болгон шартта талапкер төрт жумуш күн аяктагандан кийин же шашылыш тартипте төмөнкүдөй мөөнөттөрдө улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга укуктуу:
– 3 жумуш саатта;
– 1 жумуш күндө;
– 2 жумуш күндө.
Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
321. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча окуу уюмунда курстун жалпы узактыгына карабастан узактыгы төрт айдан кем эмес окуудан өткөн, ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге анын арызы боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө түзүлүүчү убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
322. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген шартта берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
323. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк тиешелүү категориялардагы жана ички категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
324. Минималдуу окуу мезгилинен өткөндүгүн ырастоочу маалымкаттын жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктүн үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
325. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк төмөнкү учурларда күчүн жоготот:
– улуттук айдоочулук күбөлүк берилген учурдан тартып;
– анын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
– Кыргыз Республикасынын жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун токтотууга алып келүүчү жагдайлар аныкталган учурда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомототранспорт каражатын башкарууга медициналык көрсөтмөлөрү бар адамдарга улуттук айдоочулук күбөлүктүн тиешелүү графаларына, алар сакталган учурда адамга автомототранспорт каражатын башкарууга уруксат бериле турган шарттар жөнүндө белгилер коюлат.
Улуттук айдоочулук күбөлүктөр аларда көрсөтүлгөн чектөөлөр сакталган шартта жарактуу деп таанылат.
34. Улуттук айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөткө берилет.
341. Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ал берилген күндөн тартып 6 айды түзөт. Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
Улуттук айдоочулук күбөлүк берилгенде убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
Улуттук айдоочулук күбөлүк талапкерге жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүү же укук бузуу жөнүндө токтом чыгаруу жолу менен Жол кыймылынын эрежелерин үч же андан ашык аныкталган бузуулар жок болгон шартта убактылуу улуттук айдоочулук кубөлүктүн негизинде берилет.
Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктүн колдонулушу протокол түзүү же токтом чыгаруу жолу менен ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан таризделген Жол кыймылынын эрежелерин үч же андан ашык бузуулар аныкталган учурда жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат.
Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк жокко чыгарылган учурда минималдуу окуу мезгилинен өткөндүгүн ырастаган маалымкат да жокко чыгарылат, андан кийин талапкердин белгиленген тартипте кайра окуудан өтүүсү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
35. 1968-жылдын 8-ноябрында Вена шаарында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралында № 41 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы ага кошулган Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга (мындан ары – Вена конвенциясы) ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде гана квалификациялык экзамендер тапшырылбастан, Вена конвенциясында каралган минималдык талаптарды эске алуу менен берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү бар болсо, жарактуу болот.
36. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз ээси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө төмөнкүлөр берилет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
3) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
4) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо;
5) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүк же Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү;
6) жалтырак эмес фотокагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фотосүрөт;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
37. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болсо, берүүгө уруксат берилет:
1) нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
2) өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү;
3) ишеним берүүчүнүн жарактуу Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
4) ишеним берүүчүнүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын – паспортунун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү;
5) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо;
6) жалтырак эмес фотокагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фотосүрөт;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Берилген документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет.
38. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү 3 жылдык мөөнөткө берилет.
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн жарактуулугу 3 жылдан аз болгон учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктаган датага чейин жарактуу болот.
39. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомототранспорт каражатын башкарууга медициналык көрсөтмөлөрү бар адамдарга, алар сакталган учурда адамга автомототранспорт каражатын башкарууга уруксат бериле турган шарттар жөнүндө белгилер Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн тиешелүү графаларына коюлат.
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү аларда көрсөтүлгөн чектөөлөр сакталган шартта жарактуу деп таанылат.
5. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана
аларды жоголгондордун ордуна берүү тартиби
40. Мурда берилген айдоочулук күбөлүктүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү квалификациялык экзамендер тапшырылбастан жана төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
3) айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
4) айдоочулук күбөлүк жоголсо.
41. Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу адамдардын жашаган (барган) жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат.
42. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.
43. Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисине кирүү мүмкүндүгүн алат жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында идентификациялоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктүн ордуна Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн онлайн-форматта берүү төмөнкү учурларда мүмкүн болот:
– айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
– айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
– эгерде айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
– айдоочулук күбөлүк жоголсо.
Кызматтар берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган электрондук документ болсо көрсөтүлөт.
Улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисинде улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
– фото-идентификациялоодон өтүү;
– онлайн-арыз берүү;
– арыз берүүдө “Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу” же “Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда аны калыбына келтирүү” кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
– айдоочулук күбөлүктү почта байланышы аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарылдыгына жараша);
– айдоочулук күбөлүк үчүн түзүлүштүн камерасынын жардамы менен арыз ээсин сүрөткө тартуу каралган фото-идентификациялоо жол-жобосунан өтүү;
– айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөө. Төлөм QR-коду боюнча электрондук формада жүргүзүлөт.
Арыз “Айдоочулук курамдын регистри” АМСке жиберилгенден кийин айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервиси автоматтык режимде арыздын кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан ал кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
Эгерде айдоочулук күбөлүк системада жок болсо же санариптештирилбесе, арыз ээси төмөнкү маалыматтарды киргизүү менен онлайн-санариптештирүүдөн өтүшү керек:
– электрондук почта дареги – автоматтык түрдө толтурулат;
– жарактуу айдоочулук күбөлүктүн сүрөтүн жүктөө (алдынкы жана арткы бети);
– айдоочулук күбөлүктү санариптештирүү үчүн арыз жиберилүүчү бөлүмдү тандоо.
Сүрөттөр туура эмес жүктөлгөн учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери себептерин көрсөтүү менен өтүнмөнү четке кагууга укуктуу.
44. Улуттук айдоочулук күбөлүктү берүү мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып бир жумуш күндөн эки жумуш күнгө чейин болот. Арыз ээси арыздын кароо статусун “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Арыз ээси көрсөтүлгөн дарекке почталык жеткирүү аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн биринен улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктү алат.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда мурда берилген айдоочулук күбөлүк милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органга кайтарылууга тийиш.
Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жеткирүү, тапшыруу жана мурда берилген айдоочулук күбөлүктөрдү кайтаруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
45. Мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү берүү үчүн арыз ээси тарабынан төмөнкүдөй документтер берилет:
– калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
– ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча арыз;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020–2023-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспортту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо курстарында окугандыгы тууралуу күбөлүктү. Электрондук маалыматтар базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген датасын, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Берилген документтердин түп нускалары сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет жана айдоочулук күбөлүк алмаштырылганда бардык реквизиттер толтурулгандан кийин ээсине кайтарылат.
46. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган документтердин түп нускасын сканерлейт жана корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Автоматташтырылган маалыматтык системанын ишинде техникалык жактан бузулуулар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери көрсөтүлгөн материалдарды компакт-дискке жаздырат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу дипломатиялык почта аркылуу ыйгарым укуктуу органдын дарегине жөнөтөт.
47. Мурда берилген айдоочулук күбөлүктүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүүдө мурда берилген айдоочулук күбөлүктө камтылган тиешелүү белгилер жана жазуулар жаңы айдоочулук күбөлүккө көчүрүлөт.
48. Айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинен мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун республикаларында 1992-жылдын 1-январына чейин берилген “SU” (СССР) айырмалап туруучу белгилери бар айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгондо квалификациялык экзамендер тапшырылбастан жүргүзүлөт.
49. Мурда улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алган учурда айдоочулук күбөлүк ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде калыбына келтирилет.
Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерден алган айдоочулук күбөлүгү жоголгон учурда алардын чет мамлекеттин айдоочуларды даярдаган окутуу уюмун бүтүргөндүгү тууралуу документи болсо, айдоочулук күбөлүк ушул Эрежелерде каралган жалпы негизде калыбына келтирилет.
50. Башка мамлекеттерден берилген чет өлкөлүк жарандардын жоголгон (уурдалган) чет өлкөлүк улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгү берилбейт.
51. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын айдоочулук
күбөлүктөрүн жараксыз деп таануу
52. Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз деп таанылат:
1) айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
3) эгер айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды көрүп аныктоого мүмкүн болбосо;
4) эгер айдоочулук күбөлүк белгиленген тартипте жалган (жасалма) деп таанылган документтердин негизинде берилсе же ушул Эрежелерде белгиленген тартипти бузуу менен берилсе;
5) эгер жаңы айдоочулук күбөлүк берилсе;
6) эгер автомототранспорт каражатынын айдоочусунда транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөр же мурда аныкталбаган медициналык чектөөлөр табылса.
53. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында берилген Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарактуу жана жараксыз улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.
54. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү жараксыз деп таанылган учурда анын негизинде берилген Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү жараксыз деп эсептелет.
55. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн таап алган адам аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырышы керек.
7. Чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук
күбөлүктөрүнө алмаштыруу
56. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекетте берилген жана жогоруда аталган Конвенциянын талаптарына шайкеш келген улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болушат.
57. Вена конвенциянын талаптарына шайкеш келбеген чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгү бар чет өлкөлүк адамдын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө карата эл аралык айдоочулук күбөлүгү болушу керек.
58. Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.
59. Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспортту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документ, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
5) чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү жана чет мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу;
6) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Чет өлкөнүн жарактуу айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын алкагында ыйгарым укуктуу орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоо алынгандан кийин жүргүзүлөт.
Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык экзамен тапшырышат.
60. Чет өлкөлүк жарандан квалификациялык экзамен кабыл алуу ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
61. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жок адамдарга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн берүү ушул Эрежелерде каралган жалпы негизде жүргүзүлөт.
62. Чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Эрежелерде каралган практикалык экзамен өткөрүүнүн натыйжасы боюнча жүргүзүлөт.
63. Вена конвенциясынын катышуучусу болбогон өлкөлөрдүн жарандары квалификациялык экзамендерди тапшыргандан жана ушул Эрежелердин 59-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтерди бергенден кийин өздөрүнүн чет өлкөнүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.
64. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда чет мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүндө камтылган тиешелүү белгилер жана жазуулар, айдоочулук күбөлүк берилген датадан жана аяктаган датадан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө көчүрүлөт.
8. Айдоочулук күбөлүктөрдү кайтарып берүү
65. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу жөнүндө токтом адамга транспорт каражаттарын башкарууга укук берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалыматтар базасына тиешелүү маалыматты ушул укуктан ажыраткан мөөнөткө киргизүү жолу менен аткарылат.
Мында транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган айдоочу тийиштүү күбөлүктү ыйгарым укуктуу органга тапшырууга милдеттүү.
Айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу органга тапшырылбаган учурда, ички иштер органдары тарабынан күбөлүк мажбурлоо тартибинде алып коюлат.
Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган адамга айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берүү же берүү ажыратуу мөөнөтү аяктагандан жана квалификациялык экзамендерди тапшыргандан кийин жүргүзүлөт.
66. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган адамдар ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн төмөнкүлөрдү беришет:
– калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же идентификациялык картасын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспортту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо курстарында окугандыгы тууралуу күбөлүктү.
Электрондук маалыматтар базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт.
Айдоочунун жеке карточкасы жок болсо төмөнкүлөр берилет:
– айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген датасын, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
9. Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү
жок кылуу тартиби
67. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү төмөнкү учурларда жок кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийинки эки жылдын ичинде талап кылынбаган;
2) даярдалгандан кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;
4) жоголгон жана ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жеткирип берилген, мамлекеттик органдардан жана жарандардан келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган.
Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартибин транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
68. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери квартал сайын айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын (эки нускада) түзүп, кол коёт жана алмаштыруу үчүн тапшырылган улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү андан ары жок кылуу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын консулдук кызматынын дарегине айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине андан ары жиберүү үчүн кайтарып берет.
69. Берилген Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна чет өлкөлүк жарандар тапшырган чет мамлекеттердин эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталат жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жатканда ээлерине алардын талабы боюнча кайтарып берилет.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү алынат жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө негиз болгон документтерге көктөлүп, белгиленген тартипте жок кылынат.
10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана
алмаштыруу үчүн негиз болгон документтерди
сактоо тартиби жана мөөнөтү
70. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон документтер (арыздар, эски айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жөнүндө документтер, окугандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция) мөөнөтсүз сактоо үчүн электрондук маалыматтар базасында сканерленет.
Экзамендик комиссиянын протоколдору 10 жыл сакталат.
Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү реестри 60 жыл сакталат.
Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсү мүмкүн болбогон орундарда сакталат.
71. Окугандыгы тууралуу күбөлүктөр, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү ырастаган документ сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет жана бардык реквизиттер толтурулгандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө ээсине кайтарылат.
72. Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга берилген чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууда Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтер менен бирге сакталат.
73. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталып турган башка мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү он жыл өткөндөн кийин ээлери талап кылбаган учурда ошол мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына же алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу жиберилет.
11. Транспорт каражатын башкаруу укугун
убактылуу токтотуу
74. Ыйгарым укуктуу орган, жол кыймылынын эрежелерин билүүгө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу боюнча чара көрүү үчүн материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүүгө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.
75. Ыйгарым укуктуу орган тийиштүү багыттаманы алган күндөн тартып кийин үч ай өткөндө укук бузууну жасаган адам квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга келбеген учурда транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу жөнүндө маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системага киргизет.
76. Укук бузуучу ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда, ушул Эрежелердин 71-пунктунда каралган тартипте квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга каттоо жүргүзүлөт.
77. Теориялык экзаменди ийгиликтүү тапшырганда, укук бузууну жасаган айдоочу, укук бузуу акыркы жолу жасалган транспорт каражатынын ошол эле категориясы боюнча практикалык экзамен тапшырууга катталууга укуктуу.
78. Укук бузууну жасаган адамдар тарабынан квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
79. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун убактылуу токтотуу квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу ийгиликтүү өткөндө гана жокко чыгарылат.