Загрузка документа…
| 8-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы
цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик
каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
3. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу сатуу
4. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди онлайн-аукционду өткөрбөстөн сатуу
5. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү жана кагаз жүзүндөгү сертификатка/электрондук түрдөгү сертификатка жеке менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатууга байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу ушул Жобого ылайык онлайн-аукционду өткөрүү аркылуу, ошондой эле аны өткөрбөстөн жүргүзүлөт.
3. Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин тизмеги (мындан ары – 1-тизмек) жана наркы ушул Жобонун 1-тиркемесинде аныкталат жана жалпы таанышуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
4. Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин тизмеги (мындан ары – 2-тизмек) жана наркы ушул Жобонун 2-тиркемесинде аныкталат жана жалпы таанышуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги – автотранспорт каражатына цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган мамлекеттик каттоочу номердик белги;
онлайн-аукцион – ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлүүчү, өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жеке жактарга сатуу методу;
баштапкы баа – өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин онлайн-аукциондо баштапкы катары белгиленген баасы;
онлайн-аукциондун кадамы – онлайн-аукциондун жүрүшүндө баштапкы бааны жогорулатуучу кошумча акы жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;
катышуучу – онлайн-аукционго катышуу үчүн ушул Жободо аныкталган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке жак;
жеңүүчү – онлайн-аукциондо жеңген катышуучу;
ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор;
сертификат – өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини сатып алуу фактысын ырастаган, белгиленген формадагы документ/электрондук документ.
3. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен
мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди онлайн-аукцион
өткөрүү аркылуу сатуу
6. 1-тизмектин (ушул Жобонун 1-тиркемеси) 1–4-пункттарында көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгилер онлайн-аукциондо сатылат.
7. Онлайн-аукционго катышуу аркылуу 1-тизмектин 1–4-пункттарында көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгини сатып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары – жаран) ага кошумча катары 2-тизмекке ылайык өзгөчө айкалыштагы тамгаларды көрсөтүшү жана ыйгарым укуктуу органдын сайтында тиешелүү электрондук өтүнмөнү түзүшү мүмкүн.
8. 2-тизмектин талаптарына шайкештигин текшерүүнү камтыган иштеп чыгуудан кийин ыйгарым укуктуу органдын сайтында түзүлгөн электрондук өтүнмө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин баштапкы наркы;
– онлайн-аукционду өткөрүү датасы.
9. Онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө маалымат, каттоо тартиби жөнүндө колдонмо ыйгарым укуктуу органдын сайтына аны өткөрүү датасына чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
10. Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүдөй маалымдар камтылууга тийиш:
– онлайн-аукционго коюлуучу, өзгөчө айкалыштагы цифраларды жана/же тамгаларды камтыган номердик белги;
– онлайн-аукционго коюлуучу өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин баштапкы баасы;
– онлайн-аукциондун кадамынын өлчөмү;
– онлайн-аукцион өтүүчү дата, убакыт жана формат;
– онлайн-аукционго катышуу үчүн каттоо мезгили;
– өткөрүлүүчү онлайн-аукцион боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон телефон номери, дарек жана башка байланыш маалыматтары.
11. Онлайн-аукциондо сатылуучу өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини сатып алууну каалаган жаран:
1) онлайн-аукционго катышууну каттоо үчүн биринчи каттоо жол-жобосун аткарат, анын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдын сайтында жеке кабинетти түзүү үчүн төмөнкү реквизиттерди киргизет:
– мобилдик телефондун номерин;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонуудагы паспортунун сериясын жана номерин;
– ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылган каттоо тартиби жөнүндө колдонмого ылайык кошумча маалыматтарды;
2) электрондук өтүнмөдө көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини тандайт;
3) ыйгарым укуктуу органдын эсебине өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин баштапкы наркынан 30 пайыз өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө менен онлайн-аукционго катышууну ырастайт.
12. Онлайн-аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн жана ыйгарым укуктуу органдын эсебине өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин баштапкы наркынан 30 пайыз өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө менен онлайн-аукционго катышууну ырастабаган жаран онлайн-аукционго катышууга киргизилбейт.
13. 1-тизмектин 1–3-пункттарында жана 2-тизмекте көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгилерге онлайн-аукциондогу кадам 2000 (эки миң) сомду, ал эми 1-тизмектин 4-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгилерге 500 (беш жүз) сомду түзөт.
14. Номердик белги үчүн башка катышуучу тарабынан 5 (беш) мүнөттүн ичинде жогорулатылбаган бир кыйла жогорку бааны белгилеген катышуучу онлайн-аукциондун жеңүүчүсү болуп аныкталат.
15. Онлайн-аукциондун жыйынтыгы онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан автоматтык түрдө түзүлүүчү отчетто чагылдырылат.
Отчетто онлайн-аукциондун жеңүүчүсү, өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги, анын баштапкы жана акыркы наркы, онлайн-аукциондун катышуучуларынын саны, онлайн-аукцион процессиндеги бардык катышуучулардын ырааттуу кадамдары жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
Онлайн-аукциондун жыйынтыгы жөнүндө маалымат ал өткөрүлгөндөн кийинки күнү ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылат.
16. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү 3 жумуш күндүн ичинде өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги үчүн кепилденген төгүмдүн 30 пайызы эсептен чыгарылган, онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген жыйынтыктоочу бааны төлөөгө милдеттүү.
Эгерде онлайн-аукциондун жеңүүчүсү ушул Жободо белгиленген мөөнөттө номердик белги үчүн акы төлөбөсө, кепилденген төгүм кайтарылбайт жана кийинки бир кыйла жогорку бааны сунуштаган кийинки катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
Бул катышуучу 3 жумуш күндүн ичинде өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги үчүн өзү сунуштаган, кепилденген төгүмдүн 10 пайызы эсептен чыгарылган, онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген бааны төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн убакыт ичинде төлөнбөсө, онлайн-аукцион болгон жок деп таанылат. Бул учурда ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын аныктайт.
Онлайн-аукциондо жеңүүчү болуп таанылбаган катышуучуларга төлөнгөн кепилдик төгүмү онлайн-аукцион аяктагандан кийин 6 жумуш күндүн ичинде кайтарылат.
17. Сатылган номердик белги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
18. Онлайн-аукциондун жыйынтыгы жөнүндө отчет онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнүн кагаз жүзүндөгү сертификатты жана/же электрондук түрдөгү сертификатты алуу укугун ырастоочу документ болуп эсептелет, анда төмөнкү маалымдар камтылат:
– жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жашаган жери;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги сатып алынган дата;
– электрондук сертификаттын номери;
– электрондук сертификат үчүн электрондук санариптик колтамга;
– электрондук сертификаттын аныктыгын текшерүү үчүн QR-код.
19. Онлайн-аукцион төмөнкү учурларда болгон жок деп таанылат:
– эгерде онлайн-аукцион башталгандан тартып 30 мүнөттүн ичинде онлайн-аукциондун катталган катышуучуларынын ичинен бири да баштапкы бааны ырастабаса;
– эгерде бир гана катышуучу катталса.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар болсо ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын жарыялайт.
Онлайн-аукционду өткөрүүгө тоскоолдук кылган системадагы, электр берүүдөгү бузулуулар жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурларда ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын, бирок 3 жумуш күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукциондун катышуучусу тарабынан интернетке туташуудагы бузулуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар
менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди
онлайн-аукционду өткөрбөстөн сатуу
20. 1-тизмектин 5–7-пункттарында көрсөтүлгөн номердик белгилер ыйгарым укуктуу орган тарабынан онлайн-аукцион өткөрбөстөн сатылат.
21. 1-тизмектин 5–7-пункттарында көрсөтүлгөн номердик белгини сатып алууну каалаган жаран ага кошумча 2-тизмекке ылайык өзгөчө айкалыштагы тамгаларды көрсөтүшү мүмкүн.
22. Кайрылуу учурунда өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен каалаган номердик белги болсо, ошондой эле ал 2-тизмектин талаптарына шайкеш келген учурда, жаран:
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен каалаган номердик белгини көрсөткөн арызды берет;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен каалаган номердик белгинин жыйынды наркын төлөйт;
– паспорттун (ID-картасынын) көчүрмөсүн жана акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документти берет.
Ыйгарым укуктуу орган жаранга өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу сертификатты берет.
Жаран электрондук сертификатты да алууга укуктуу, мындай учурларда жаран:
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен каалаган номердик белгини тандайт;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен каалаган номердик белгини тандоонун жыйынтыгы боюнча система көрсөтүлгөн номердик белги үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт;
– жаран алынган акы төлөө кодунун негизинде өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгинин наркын төлөйт;
– акы төлөөнү аяктоонун жыйынтыгы боюнча жарандын жеке кабинетинде сатып алынган өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгиге электрондук түрдөгү сертификат автоматтык түрдө түзүлөт.
23. Эгерде 1-тизмектин 1–4-пункттарында көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгилер 3 айдын ичинде кайрадан өткөрүлгөн онлайн-аукциондордун жыйынтыктары боюнча сатылбаган учурда, алар онлайн-аукционду өткөрбөстөн, алардын баасын 1-тизмекте белгиленген баштапкы баадан 20 пайызга азайтуу менен сатылат.
Эгерде 1-тизмектин 5–7-пункттарында көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгилер сатууга чыгарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде 1-тизмекте белгиленген баа боюнча сатылбаган учурда, аларды сатып алуу наркы 20 пайызга азайтылат.
24. Эгерде ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар менен номердик белгилер наркы 20 пайызга төмөндөтүлгөн күндөн тартып алты айлык мөөнөттө калдык баасы боюнча сатылбаган учурда, аларды сатып алуу наркы кошумча 30 пайызга азайтылат.
23-пунктта жана ушул пункттун биринчи абзацында каралган наркты төмөндөтүү 2-тизмекте көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерге карата да колдонулат.
5. Өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен
мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү жана кагаз
жүзүндөгү сертификатка/электрондук түрдөгү сертификатка жеке
менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү тартиби
25. Жаран төмөнкүлөргө укуктуу:
– сертификат алгандан кийин сертификатта көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
– өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу электрондук сертификатты кагазга басып чыгарууга жана аны электрондук сертификатта көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө;
– электрондук сертификатта көрсөтүлгөн өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини алуу үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнү, ИЖН) билдирүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
“Транспорт каражаттарынын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системасында сатып алынган өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белги жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
26. Ыйгарым укуктуу орган үч жумуш күндүн ичинде кагаз жүзүндөгү сертификатты жана/же электрондук түрдөгү сертификатты берген адамга номердик белгини берет. Жаран өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен номердик белгини алгандан кийин аны каттоого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органда каттоого турууга милдеттүү.
27. Жаран кагаз жүзүндөгү сертификатка жана/же электрондук түрдөгү сертификатка болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүүгө укуктуу.
Кагаз жүзүндөгү сертификатты башка адамга тариздөө үчүн тараптар төмөнкү документтерди берүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат:
– тараптардын паспортун (ID-картасын);
– тараптардын сертификатты өткөрүп берүү жөнүндө биргелешкен арызын;
– сертификатты кайра тариздөө наркын төлөө жөнүндө квитанцияны.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кызматкери сертификатты токтоосуз жаңы ээсине берет.
Электрондук сертификатты башка адамга тариздөө үчүн:
– сатып алуучу онлайн-аукцион системасынын “Сертификаттарды кайра тариздөө” кошумча барагына электрондук сертификаттын номерин жана сатуучунун паспорттук маалыматтарын киргизет жана ырастоо үчүн сатуучуга суроо-талапты жиберет;
– сатуучу онлайн-аукцион системасындагы жеке кабинетинде булут электрондук санариптик колтамга аркылуу сатып алуучудан кайра тариздөөгө суроо-талапты ырастайт;
– электрондук сертификатты кайра тариздөөгө суроо-талап ырасталгандан кийин онлайн-аукцион системасы электрондук сертификатты кайра тариздөө үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт жана акы төлөө үчүн сатып алуучуга жиберет;
– сатып алуучу акы төлөгөндөн кийин сатып алуучунун жеке кабинетинде өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен кайра таризделген номердик белгиге электрондук сертификат түзүлөт.
| Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобого1-тиркеме |
Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар
менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин тизмеги
жана наркы
№ | Цифралардын айкалышы | Мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин наркы (даярдоого жана жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды эсепке албастан, сом менен) |
1 | 001, 777, 888, 999 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баа 50000 |
2 | 111, 222, 333, 444, 555, 666 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баа 30000 |
3 | 007, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баа 20000 |
4 | 002, 003, 004, 005, 006, 008, 009, 010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 460, 470, 570 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баа 10000 |
5 | 015, 055, 077, 088, 101, 110, 202, 211, 221, 250, 330, 350, 505, 550, 707, 740, 750, 770, 808, 880, 909, 990 | 4500 |
6 | 011, 012, 013, 022, 033, 044, 066, 099, 102, 103, 220, 303, 312, 404, 440, 606, 660 | 3000 |
7 | 121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 450, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 787, 797, 767, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989 | 1500 |
Эскертүү. Мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин наркы салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. | ||
| Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы тамгалар
менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилердин тизмеги
жана наркы
№ | Тамгалардын айкалышы | Наркы (сом менен) |
1 | Бирдей айкалыштагы тамгалар, мисалы: AAA, BBB, DDD, XXX, RRR ж.б. | 30000 |
2 | Ар түрдүү айкалыштагы тамгалар, мисалы: NEO, MMA ж.б. | 12000 |
Төмөнкүлөргө жол берилбейт: 1) мамлекеттик органдардын же мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларын билдирген тамгалардын айкалыштарын көрсөтүүгө; 2) адепсиз, уят же эки мааниге ээ болгон тамгалардын айкалыштарын көрсөтүүгө; 3) интеллектуалдык менчик объекти болуп саналган товардык белгилердин жана/же фирмалык аталыштардын аббревиатураларын билдирген тамгалардын айкалыштарын көрсөтүүгө. | ||